Саламатсыздарбы урматтуу форумчулар!
Мен сиздерден кенеш сурайын дедим эле, мындан 4 жыл мурун китепканага китеп алганы кирип ал жерде бир татынакай жылдыздуу жонокой кашы козу кара кыз мн таанышып калдым аты Айпери эле, аны коргон кунумдон баштап тынчым жоголду эртеден кечке аны ойлой турган болдум аны дагы коруу учун эми китепканага китепке эмес аны издеп барчу болдум ошентип журуп бир куну дагы жолугуп калдым анан суйлошуп олтуруп номерин алып телефон аркылуу суйлошо баштадык. Ошол кундору менден откон бактылуу адам жок эле куундо чала турган болуп калдым унун укпасам жаным жай алчу эмес эле. Ошентип суйлошуп журуп дос болдук анан бир жылдай суйлошуп атып бара бара достугубуз суйууго айланып бири бирибизди катуу суйуп калдык. Куундо сабактан чыгып алып жолугуп жетелешип эле журот элек ал жанымда болсо баардык нерсени унутчу элем ошентип экообуз далай гана сонун кундорду откордук(бирок жаткан эмесбиз) ошентип журуп окуунуну да аяктап дипломда алдык эми мына турмуш курайлы деп жатсак анын апасы каршы болуп жатат айылга бербейм деп, айылда нан жабат уй саайт деп. Мен кызымы айылга берем деп остурбодум берсем шаарга бай колунда бар жерге берем деп, кудайга шугур мактанбайм бизда элден кем эмес ортосу болуп эле жашайбыз, бирок негедир апасы айылга бербейм деген принципти бекем кармап алган айылда кыйналасын жудойсун озуно карай албайсын дейт экен, апамы жиберсем да айылда жашай албайт кыйналат тандырга нан жаап уй саай албайт дептир, ошол создон кийин апам кыйлага чейин мага капа болду тапкан кызын ушулбу апасын кара деп бирок канткенде да эне экен мени коруп макул сен бактылуу болсон болду мага ошол жетет дейт кайра. Алып качып кетейин дейм бирок апасын нааразы кылып кантип бактылуу болом, эмне кылсам болот кандай кенеш бере аласыздар башым катып жашоонун кызыгы кетип баратат. Кенешиниздер учун алдын ала рахмат!
- (2 )
-
- 1
- 2
Кенешиниздерди кутом Эмне кылуу керек
#2 06 January 2016 - 21:01
Башка түшсө байтал жорго болот! Эгерде түбөлүктүү бирге болушуңуздарга көзүңүздөр жетсе алып кете бериң. Мына мен өмүрү бээнин жанына барган эмес элем, бээ саадым го))) .
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#3 06 January 2016 - 21:01
Кызыныз макул болсо, кийин кызынызга апасы, жакындары "айттым беле? Айылдыгын ушинтмек"
деген сөздү уга турган даражага алып барбайм десениз ала качып алыныз да. Эртен апан ушундай деген эле, тиги бу деп ал кыздын мээсине чай кайнатчу болсонуз жөөн эле башка апасы сизди жактырган кызга үйлөнө бериниз.
#4 06 January 2016 - 22:04
Жашоо сиз менен мен ойлогондой болгондо. Сиз Айпериге аа мен болсо 5 жыл суйлошкон кызыма жетмекмин.
Сиз биринчи Айпериден суран. 1- Мени кандай гана учур болбосун колдойсунбу деп?
2- Мени ата-энеме жана бир туугандарыма каршы кылып койбого макулсунбу ден? суран.
3- Сени жашоо тандабсын, сен жашоону танда деп айттын?
Ошондо гана ушул суроолорго макулдугун берсе сиз ата-энесине барып айтын. Жашоонун шартын биз курабыз ден болгону убакыт жана мумкунчулук беришин суран. Анан ал жагын Айпери менен кенешип иш алып барын. Себеби кызы бактылуу экенине энеси ишенсин.
#5 06 January 2016 - 22:09
Айылда жашайбы же шаарда жашайбы негизи эле бактылуу болсо болду го деп ойлойм. Шаарда жашап эч нерсе жумуш кылбай жыргап жашаганы мн куйоосу мн мамилеси начар болуп бактылуу болбосо ошол шаарда жашаганы да татыбай кетет. Андан коро айылда жашап, нан жаап, уй сааса да бактылуу болуп жашаса ошосу артык го. Негизи эле сага айтаарым озуно ишенсен, эгер Айперини айылда болсо деле шаарда жашагандан артык кылып карай алсан , бактылуу кыла алам деп озуно ишенсен, эч нерсеге карбай "уйлонуп ал " дейт элем. Убакыт отушу мн Айперинин апасы кызынын бактылуу жашап жатканын коруп кайрадан ыраазы болот. Кызын сендей балага бергенине окунбойт деп ойлойм. Себеби ар бир эле эне кызын же баласынын бактылуу болушун каалайт
#6 06 January 2016 - 22:16
Сен болмаса бошкасы
Бирок ошону суйосуз да э(
Суйсонуз суйуу учун курошун!
Ал кыз кондурсун,апасы конбой койбойт!
Баардык апалар окшош
Кичине урушат анан конот!
Кызынын бактылуу болушун кааласа керек!
Кызы эле айта бериш керек.
Апа мен ошого тийем деп!
#7 06 January 2016 - 22:49
Шаардык байга тийсе эле бактылуу болот деген апасына тан калдым,тескерисинче болуп кетсе корот элем,кыз айылга жашаганга ыраазы болсо болду да
#8 06 January 2016 - 22:52
Байлык адамды бактылуу кылса баары эле бактылуу болуп кетишпейби?
!
Эртен кызы козун жашын колдотуп келсе тушунот да ката кылганын апасы(
Эртен кызы козун жашын колдотуп келсе тушунот да ката кылганын апасы(
#9 07 January 2016 - 00:04
Кызыныз макул болсо, кийин кызынызга апасы, жакындары "айттым беле? Айылдыгын ушинтмек"
деген сөздү уга турган даражага алып барбайм десениз ала качып алыныз да. Эртен апан ушундай деген эле, тиги бу деп ал кыздын мээсине чай кайнатчу болсонуз жөөн эле башка апасы сизди жактырган кызга үйлөнө бериниз.
++
#10 07 January 2016 - 00:13
Эне байкушда кызынын эртенкисин ойлоп ушинтип когоротта.Кыйналып кысталып остургон кызын ким эле жамандыка кыйсын?Айылда жашоо жаман деп кесе айтпайм бирок ошол каршы болгон эне жаштайында айылдын жашоосунан кыйналгандыр ошого кызым мен тарткан азапты тартпасын деп когоротта.Байлылык бакыт болуп бербейт бирок ошол баай балага берем деп когоргон эне байкуш жаштайында жокчулуктун айынан кыйналгандыр?
#11 07 January 2016 - 00:16
Сен болмаса бошкасы
Бирок ошону суйосуз да э(
Суйсонуз суйуу учун курошун!
Ал кыз кондурсун,апасы конбой койбойт!
Баардык апалар окшош
Кичине урушат анан конот!
Кызынын бактылуу болушун кааласа керек!
Кызы эле айта бериш керек.
Апа мен ошого тийем деп!
Конбой койгон энелерда бар.
Кызынын эртенкисин ойлогону учун бир нерсени билгени учун каршы болотта.
#13 07 January 2016 - 10:12
Бул жерде энени куноолош болбойт жогоркудай аттып откондой турмуштан кыйналгандыр.
Кеп кыздын озундо.Энесин кондуруш,кондурбош.
Эгер озунун конулу болсо энесин кондурот болбосо башка жолун табат.Азыр кыз ала качуу кылмыш деп закон чыгып калган ошон учун от менен ойноп болбойт,айрыкча апасынын конулуу жок болсо.Чыдаган шаардык кыз кана айылга келин боло алат.Айылда жашоо шарт башка ал учун кайын журт жана куйоо келинди колдоп турса созсуз конуп кетет.Ортодо коп кыйынчылык болот келин учун бирок бир эки жыл котормолоп билбегенин акырындык менен уйротуп алса адам баласы болгондн кийин жасап кетет.Менин кызым да айылга тушкон.Жаш келин мешке от жакса тутогон го,шашып кетип эле мештин баардык тегеректерин ала баштаган го.Эй келин эмне кылып атасын десе,тутуну тезирек чыгып кетсин дептир.Отургандар каткырып кулуп жибериптир.
Мага звонок кылып ыйлаганча арызданып калды.Кызым аркана кайт да ошол тегеректерди тез жаап анан тутун мор менен кетип отун тез куйо баштайт,ыйлаштын эч кажети жок дедим.Бир жолуу апа мени цирктеги аюча жоксунбу,айю деле циркте адамча бийлеп атат деп мени урушуп атат деди.Эмне себептен десем.Мен орок оргонду билбей атам деп ыйлайт да.Ал созго эч капа болбо сен чындап кичинекей айылдын турмушуна жаны уйронуп келе аткан айучасын.Турмушту уйронуп кетсен айу эмес эртеге эле циркач болосун ошон учун кызым уйронушко аракет кыл.Сени кобра,тулку десе ыйласан болот.деп кызымды сооротком.Турмуш деген турмуш,турмушта баары болот ошон учун эне баарын ойлонуп,мин толгонуп кыйналат.Келечек экоондуку,туз отуруп,туз кенешип,баарын экоон эле чечсен болот...
#14 07 January 2016 - 10:49
Жашоо сиздердики .Экоонуздор тынч отуруп эле чечишип алыныздар.Жашай турган экоонуздор .
#15 07 January 2016 - 10:58
Суйлошкон кызыныздын оюу кандай? Сиз менен качып кетууго,бактылуу болууга козу жетет бекен.
Эгер ооба десе ойлонбостон баш кошунуздар. Сиз кыздын ата- энеси менен бирге жашабайсыз. А эгер кыз болсо тушунмокпуз кайын энеси кун корсотпойт, ыраазы болбой алып жатат деп.
Кайсы эне кызын бактылуу корууну каалабасын. Коз жашын агызбай туболуктуу бактылуу кыла алам десениз анда чамданыз...
Эгер ооба десе ойлонбостон баш кошунуздар. Сиз кыздын ата- энеси менен бирге жашабайсыз. А эгер кыз болсо тушунмокпуз кайын энеси кун корсотпойт, ыраазы болбой алып жатат деп.
Кайсы эне кызын бактылуу корууну каалабасын. Коз жашын агызбай туболуктуу бактылуу кыла алам десениз анда чамданыз...
#16 07 January 2016 - 17:40
оой джигит.уйундо кичине бала эмессинби?бир туугандардын.
Сенден кичуу инин болсо,дипломун бар экен шаардан иш таап,шаарда эле жашасанар болбойбу?Азыр жумуштун баары шаардаго.Уй алганга акча болбосо,убактылуу квартирада туруп дегендей.Балким тойду чаканыраак эле откоруп,эки жак ортодо уй алып береттир.
#17 07 January 2016 - 18:47
Кичуусу эмесмин менден кичуу иним бар бирок ал али жаш, болунгонго келсек ата энем мени ушул даражага жеткирди алар эми келиндин кызматын сый урматын коробуз деп олтурганда алардын тилеги таш жарышын каалабайм, бул беш кундук омурдо ата энемдин кызматын кылып алардын батасын алсам дейм алар деген аманат жандар, диплом бар бирок азырынча ишке кире албайм себеби " Ординатура"
отоп жатам.
#18 07 January 2016 - 19:05
Убакыттын эле иши калыптыр. Калганы тагдырдын иши...
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#19 08 January 2016 - 03:22
Жашоо сиз менен мен ойлогондой болгондо. Сиз Айпериге аа мен болсо 5 жыл суйлошкон кызыма жетмекмин.
Сиз биринчи Айпериден суран. 1- Мени кандай гана учур болбосун колдойсунбу деп?
2- Мени ата-энеме жана бир туугандарыма каршы кылып койбого макулсунбу ден? суран.
3- Сени жашоо тандабсын, сен жашоону танда деп айттын?
Ошондо гана ушул суроолорго макулдугун берсе сиз ата-энесине барып айтын. Жашоонун шартын биз курабыз ден болгону убакыт жана мумкунчулук беришин суран. Анан ал жагын Айпери менен кенешип иш алып барын. Себеби кызы бактылуу экенине энеси ишенсин.
Мен ушул акеге кошулам.Бирок бугун бири бириниздерге соз бергениниздер мн
эртен эмне болушун билбейстер. Суйом сени албасам олуп калам деп алган балдар да бир кун келип башкага кетип калып аялын кор кылгандар коп,апасы киришип кызын ажыратып алгандар коп,кайнэнеси 1 кун онорун коргоссо суйуп тийген куйоосу да козго корунбой ыйлап кетип калган келиндер коп.Жакшылап ойлонуп чечим чыгарыныздар. Бактылуу жашаганга козунуз жетсе уйлонунуздор. Сизда,кызда окунуп калбай турган болунуздар. .Аллах берерин унутпасын бир кун келип сизда шаарда бааай болуп жашап калаттырсыз. Убакыт корсотот сабыр кылып Аллахтан тилей берин.Бири бириниздерге жетсениздерда, жетпесениздерда баары жакшылыкка. .Бактылуу болунуздар!
#20 08 January 2016 - 05:22
Албетте Алла буюрса тагдырыбыз бир болуп калса аракет кылсан берекет дегендей болгон куч аракетимди жумшап аны бактылуу кылганга аракет кылмакмын аны мн чогуу тутун булатып бирге жашап кеткенге козум жетет ишенем, угушум боюнча апасы колунда бар жерде эч нерседен кем болбой осуп бирок турмушка чыкканда айылдык эле жигитке тийип бир топ кыйналган экен анан куйосун алып шаарга баса берген экен, ошол себептен кызым да айылда кыйналбасын андан коро шаарда эле жашасын дейт окшойт
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео
















