Жамгыр аралаш жааган кардын азырынча басылаар түрү жок. Кээде катуулап кайра басаңдап себелеп калат. Анча тоңдурчу суук жок болгон менен бир нече сааттан бери кыймылдабай жаткан "кайырчынын"
денеси абдан үшүгөндүктөн эсине келе баштады. Көздөрү ачылбай, башы, кабырга тарабы сыздап оорутуп жатты. Колдорун араң кыймылдатып,
чөнтөгүн сыйпалап бир нерсе издеген болот. Курткасынын ички чөнтөгүнөн кагазды кармалап "ии бар экен" деп ичинен күбүрөнүп алды. Ал кагаз Дүйшөнбектин жападан жалгыз деп эсептеген байлыгы эле.
Акырындан өзүнө келип, өйдө турайын деп баратып кайра жыгылды. "Оңбогурлар аябай эле сабашкан го, бутум сынганбы?"
бутун ушалап калды. Колу тийген жери гана сыздап ооруганы болбосо бутта жан жок эле. Колуна таяна өбөктөп туш келген жагына жылып жөнөдү. Эл уйкуга жаткан убак болгондуктан,
бийик кабаттуу үйдүн терезелеринен бирин-серин гана жарык байкалат. Алынын болушунча алдыга жөргөлөй берди. Кабат үйдүн жер төлөсүнөн күйүп турган терезени көрүп үмүтү жанды. Жарыкка жетип дагы эсин жоготту.
Бул жарык милициянын аймактык участкасынын иш жайы эле. Участкалык милициянын кызматкери Өмүр, шериги экөө эми гана иштерин бүтүрүп үйлөрүнө кайтмак болуп, жаңы гана сыртка чыгышкан. Каалганын сыртында жаткан Дүйшөнбекти көрүп чочуп кетишти. Чөнтөктөрүнөн кол чырактарын ала коюп, жаткан адамга үңүлүп калышты.
- Тирүү экен. Тез жардам чакыралыбы?
- Жолдош капитан, не кыласыз? Бул бомжду тааныдым мен. Биздин участкага жаңы пайда болду.
- Бул кадимки бомждарга окшобойт менимче.
- Жолдош капитан, ансыз да кеч болду, таштаныз кеттик. Мен машинаны от алдырып жылыта берейин.
Негедир шеригинин сөзүнө макул болуп кетмекчи болгон Өмүр тиги жаткан адамга жакшылык кылгысы келип турду. Акырын башын көтөрүп: - Байке, байке тура аласызбы? Кана келиңиз турабыз.
Аңгыча шериги машинанын терезесинен башын чыгарып:
- Жолдош капитан! Өмүр Дүйшөнбекович,
таштаңыз эми кеттик!
Өмүр шеригин укса да укмаксанга салып, "кайырчыны"
тургузуунун аракетинде.
- Кана байке, туруңуз эми, - деп колтуктап көтөрдү.
- Бутум... кайырчы онтоп алды. Бутуна тура албасына көзү жеткен Өмүр, кайырчыны жаш баладай таптак көтөрүп машинага келди.
- Жолдош капитан, муну кайда эми?
- Ач эшикти! Менин үйүмө жеткизебиз.
Көрбөй турасыңбы абалын? Айгүл канткен менен врач эмеспи, жардамын көрсөтөт. - деген Өмүр "кайырчыны"
арткы орунга жаткызды.
- Өмүр Дүйшөнбекович,
жеңем бу бомж экөөңдү кошуп кууп чыкпасын кайра... каткырып калды шериги.
- Кеттик. Айда үйгө!
ТУРМУШ ТУЗАГЫ. Автор: Алмазбек Акматов.
#1 04 December 2015 - 20:33
Красота - страшная сила...! Особенно в сочетании с хитрой мордой... )))))
#2 04 December 2015 - 22:27
Бул чыгармабы ошондо?
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#18 12 December 2015 - 00:05
Анан улантыныс
[font="
Comic Sans [font="Comic Sans MS"][/font]][/font][font="
Georgia"][/font]

Супер-Инфо
super.kg
видео



















