Суперстан: 2015-жылдын ааламдагы эң бай адамдардын тизмеси - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

2015-жылдын ааламдагы эң бай адамдардын тизмеси Миллионерлер

#1 Пользователь офлайн   Adilet94   04 Март 2015 - 19:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Кандайсынар форумчулар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Adilet94   04 Март 2015 - 19:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

1. Билл Гейтс.
Байлыгы: $ 79,3 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$3,2 млрд
Өлкө: АКШ
Forbesтин жыйынтыгы боюнча Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс дүйнөдөгү эң бай адамдардын сап башын ээледи. Ал 21 жылдын ичиндеги жыйынтыкта 16-жолу ушул тизмеден четтебей келет. Гейтс мексикалык магнат Карлос Слим Элу 4 жыл катары менен биринчиликти алгандан кийин 2014-жылы лидерликти өзүнө кайтарган.


2. Карлос Слим Элу жана үй-бүлөсү.
Байлыгы: $ 76,4 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$5,1 млрд
Өлкө: Мексика
Карлос Слим Элу оор конъюнктурага карабастан эң бай адам наамынын артынан куугандардын бири. Мексиканын бийлиги Слимге байлык алып келген телекоммуникация тармагында монополияга каршы мыйзамдарды акырындык менен катуулаштырууда. 2014-жылдын июнь айында ишкер America Movil панамерикалык уюлдук оператордо AT&T корпорациясынан үлүш сатып алууга $5,6 млрд сарптаган. Бул Слимдин бизнес-империясындагы эң ири активи болуп саналат.


3. Уоррен Баффетт.
Байлыгы: $ 72,7 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$14,5 млрд
Өлкө: АКШ
Уоррен Баффетт 2015-жылы мурдагыга караганда байыраак. Бирок Forbes глобалдык рейтингинде "күмүштү" кайтаруу үчүн бул жетишсиз. Баффетт тарабынан көзөмөлдөнгөн ондогон ишканалар темир жол, страза, энергетика жана башка тармактарда иш алып барат. 2014-жылдын ноябрь айында компания Procter & Gambleдан батареяларды чыгаруучу Duracellди $4,7 млрд сатып алды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Adilet94   04 Март 2015 - 19:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

4. Амансио Ортега.
Байлыгы: $ 64,5 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$0,5 млрд
Өлкө: Испания
Амансио Ортега жөнөкөй испан жумушчусунун үйүндө төрөлгөн. Ал 1975-жылы Zara фирмасын түзүп, ал биринчи аялы менен ич кийимдерди жана мончо халаттарын тигүү менен алектенген. 1980-жылы Zara Испанияны толугу менен каптап, чет өлкөлөрдү багындыра баштаган.


5. Ларри Эллисон.
Байлыгы: $ 54,3 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$6,3 млрд
Өлкө: США
Ларри Эллисон софтту иштеп чыккан талант. Ал 1977-жылы Oracleды түзгөн. Миллиардер АКШнын тармактык мелдештеринин ири демөөрчүлөрүнүн бири жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуудан рахат алат.


6. Чарльз Кох.
Байлыгы: $ 42,9 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$2,9 млрд
Өлкө: АКШ
Чарльз Кох бир тууганы Дэвид менен Американын бизнес, кайрымдуулук, саясат тармагындагы эң таасирдүү адамдардын бири. Алардын үй-бүлөлүк Koch Industries холдинги 2014-жылы $5 млрд ашуун келишим түзгөн. Чарльз директорлор кеңешинин төрагасы, 1967-жылдан бери бизнестин интенсивдүү өсүшүн башкарат. Koch Industries Cargillден кийинки АКШдагы эң ири компания. Алардын кызыкчылыктары суу түтүктөрүн куруудан мунайды кайра иштетип, курулуш материалдарын жана кагаз жүз аарчыларды даярдоого чейинки тармактарды камтыйт.


7. Дэвид Кох.
Байлыгы: $ 42,9 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$2,9 млрд
Өлкө: АКШ
Нью-Йорктун ири салык төлөөчүсү Дэвид Кох бир тууганы Чарльз менен бирге $115 млрд кирешеси бар көп тармактуу Koch Industries холдингине ээ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Adilet94   04 Март 2015 - 19:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

8. Кристи Уолтон жана үй-бүлөсү.
Байлыгы: $ 41,7 млрд
Жыл ичинде өзгөрүү: +$5 млрд
Өлкө: АКШ
Кристи Уолтон акыркы 6 жыл ичинде 5-жолу дүйнөдөгү эң бай аял наамын багындырууда. Анын байлыгы көзү өтүп кеткен жолдошу, дүйнөдөгү эң бай үй-бүлөнүн мүчөсү Джон Уолтондон мураска калган. Отставкадагы аскер дарыгери 2005-жылы авиакырсыкта көз жумган. Ал First Solar күн батареяларына инвестиция жумшоо менен жубайына байлык камсыз кылган. Кристинин байлыгынын негизин мурдагыдай эле кайнатасы Сэм Уолтон жана агасы Джеймс 1962-жылы түзгөн Wal-Mart ири соода түйүнүндөгү үлүшү түзөт.


9. Джим Уолтон.
Байлыгы: $ 40,6 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$5,9 млрд
Өлкө: АКШ
Wal-Martтын директорлор кеңешинин мүчөсү Джим Уолтон ири дүйнөлүк ритейлерди түзгөн Сэм Уолтондун кичүү уулу. 2014-жылы компаниянын кирешеси $473 млрд түзгөн, Wal-Mart тармагы 27 өлкөдө 11000 дүкөнгө ээ.


10. Лилиан Беттанкур жана үй-бүлөсү.
Байлыгы: $ 40,1 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$5,6 млрд
Өлкө: Франция
L’Oreal косметика империясынын ээси жана Европадагы эң бай айым. Жаш курагына жана мураскорлору менен болгон жаңжалдарга карабастан бул жылы былтыркыга караганда дагы байый түшкөн. Ал Nestlé компаниясынын 8%ын сатып алып, үй-бүлөлүк пакетин 33%га жеткирди.


11. Элис Уолтон.
Байлыгы: $ 39,4 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$5 млрд
Өлкө: АКШ
Элис Уолтон Wal-Mart бизнес-империясынын үчүнчү мураскору. 1962-жылы компанияны түзгөн Сэм Уолтондун кызы ишкердүүлүктөн өтө алыс. Ал коллекциялоо менен алектенип, искусство адамдарын сыйлайт. Ошондой эле, ал Республикалык партиянын эң жоомарт демөөрчүсү катары таанымал.


12. Робсон Уолтон.
Байлыгы: $ 39,1 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$4,9 млрд
Өлкө: АКШ
Американын эң бай династиясынын эң акыркы өкүлү, атасы Сэм Уолтон түзгөн Wal-Mart түйүнүн башкарууга катышкан жападан жалгыз адам. Робсон директорлор кеңешинин төрагасы болуп, үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын профсоюздардын, атаандаштардын, жана ЖМКнын асылууларынан коргойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Adilet94   04 Март 2015 - 19:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

13. Бернар Арно.
Байлыгы: $ 37,2 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$3,7 млрд
Өлкө: Франция
Louis Vuitton Moet Hennessy (LVMH) франциялык магнатынын империясында 60 култьттук бренд бириккен. Ага Dom Perignon, Bulgari, Louis Vuitton, Fendi жана башкалар кирет. Арно 1989-жылдан бери корпарациянын башкы директору кызматын аркалайт.


14. Майкл Блумберг.
Байлыгы: $ 35,5 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$2,5 млрд
Өлкө: АКШ
Майкл Блумберг 2013-жылы Нью-Йорктун мэри кызматын таштап, калган өмүрүн кайрымдуулукка арнарына бир нече ирет убада берсе да, 2015-жылы бизнеске кайтып келди. Учурда өзү негиздеген Bloomberg LP каржылык маалымат агенттигинин башкы директору (кирешеси 2014-жылы $9 млрд болду).


15. Джефф Безос.
Байлыгы: $ 34,8 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$2,8 млрд
Өлкө: АКШ
Amazon.com үчүн жыл өтө ийгиликтүү болбосо да, дүйнөлүк онлайн-дүкөндүн негиздөөчүсү Forbes рейтингинде өз позициясын бекемдеп келет. Amazon смартфондорун чыгарганы менен ал колдонуучуларга керексиз болуп табылган. Ошол эле учурда, «Анык» сериалдарын чыгаруудагы алгачкы тажрыйбасы бир нече жогорку деңгээлдеги сыйлыктарга ээ болуп, эң мыкты сыналгы драмасы наамы үчүн «Алтын глобусту» жеңип алды.


16. Марк Цукерберг.
Байлыгы: $ 33,4 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$4,9 млрд
Өлкө: АКШ
Facebookтун негиздөөчүсү жана башкы директору. Facebookтун аудиториясы бүгүнкү күндө 1,4 млрд адамды түзөт. Ошондой эле ага тиешелүү Instagramга 300 млн адам кирсе, 2014-жылы рекоддук баа $19 млрд сатылып алынган WhatsApp мессенджерин 700 млн адам колдонот.


17. Ли Ка-шин.
Байлыгы: $ 33,3 млрд
Жыл ичиндеги киреше: +$2,3 млрд
Өлкө: Гонконг
Азиянын эң бай адамдарынын бири 2015-жылы январда биржага 2 жаңы компанияны алып чыгуу мүдөөсүн билдирди. Алардын бири CKH Holdings мүлктүк эмес активдер менен алектенсе, CK Property компаниясына мүлктүк активдер кирет. Анын фирмалары ритейл, логистика, технология, мунай алуу жана башка тармактарда иш алып барып, 52 өлкөдө 270 миң адамды иш менен камсыз кылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Adilet94   04 Март 2015 - 19:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

18. Шелдон Адельсон.
Байлыгы: $ 31,4 млрд
Жыл ичиндеги киреше: -$6,6 млрд
Өлкө: АКШ
Адельсондун негизги бизнеси дүйнөдөгү эң инри казино түйүнү болгон Las Vegas Sandsды башкаруу. Учурда башкы директор кызматын жеке өзү аркалап, Las Vegas Sands China деп аталган азиялык бөлүмүн да жеке көзөмөлүнө алды.


19. Ларри Пейдж.
Байлыгы: $29,7 млрд
Жыл ичиндеги киреше: -$2,6 млрд
Өлкө: АКШ
Google компаниясын кошо түзгөн адам жана аталган компаниянын башкы директору Ларри Пейдж интернет рыногунан сырткары Android системасынын жардамы менен уюлдук түзүлүштөрдүн рыногун да багындырды. Жер жүзүндөгү ар бир жетинчи жашоочунун гаджетинде бул система орнотулган.


20. Сергей Брин.
Байлыгы: $29,2 млрд
Жыл ичиндеги киреше: -$2,6 млрд
Өлкө: АКШ
Google компаниясынын экинчи кошо түзүүчүсү. Учурда жашыруун Google X бөлүмүнүн ишин башкарат. Алардын кармагында келечектүү иштеп чыгуулар камтылып, алардын негизинде корпарация жаңы рынокту багындырууну көздөөдө. Алардын катарында «акылдуу» көз айнектер жана линзалар, пилотсуз унаалар жана глобалдык интернет-жабдуу, джетпактар жана башка инновациялык учуучу аппараттар жана башкалар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Jentelman   07 Март 2015 - 18:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 367
  • Катталган: 25 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 20 Окт 2017 20:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтуу Ысык-кол,Тон р/н

Жалан эле америкалыктарго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Nurmatova   07 Март 2015 - 19:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

Мени да жазып койгула 21-орунга%)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   bossmos7   07 Март 2015 - 19:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 991
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Июн 2015 21:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Moscow

Просмотр сообщения Jentelman (07 Март 2015 - 15:38) жазган:

<br />Жалан эле америкалыктарго< br />
<br /><br /><br />

Даагы 5 Казак жараны кирген быйылкы тизмеге!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   KARL-MARKS   07 Март 2015 - 19:16

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 861
  • Катталган: 24 Июль 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2015 21:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Nurmatova (07 Март 2015 - 19:10) жазган:

Мени да жазып койгула 21-орунга%)

145 сомуң мененби...%)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Nurmatova   07 Март 2015 - 20:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

Просмотр сообщения KARL-MARKS (07 Март 2015 - 19:16) жазган:

145 сомуң мененби...%)

Ййййааааееей жонсон уят кыласында ушунтип....%)


Макул сен 21-бол 200сомун менен!:)
Мен 22-орун болом%) жарайбы?:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Nurmatova   07 Март 2015 - 20:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

:11: :11: :11: :77:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   KARL-MARKS   07 Март 2015 - 22:48

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 861
  • Катталган: 24 Июль 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2015 21:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ошентип айтсаң анан, аз эле акчаң менен менден мурун туруп албай...%)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Angel92   07 Март 2015 - 22:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Просмотр сообщения Nurmatova (07 Март 2015 - 19:10) жазган:

Мени да жазып койгула 21-орунга%)

Менде 2150 болчу,ошондо менмин 21 инчи ))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Allax.jalgyz   07 Март 2015 - 22:56

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 379
  • Катталган: 23 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Мар 2015 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек _ош_ситу

Не кереги бар эми бунун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   KARL-MARKS   07 Март 2015 - 22:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 861
  • Катталган: 24 Июль 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2015 21:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Сиздики рубль болчу, Кыргызстанда рубль түшүп кеткен так что девеле...:11:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Allax.jalgyz   07 Март 2015 - 22:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 379
  • Катталган: 23 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Мар 2015 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек _ош_ситу

Просмотр сообщения KARL-MARKS (07 Март 2015 - 22:56) жазган:

Сиздики рубль болчу, Кыргызстанда рубль түшүп кеткен так что девеле...:11:


Хах которулгон 1.3 болгон

Билдирүүнү түзөткөн: Allax.jalgyz: 07 Март 2015 - 22:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Aikoo2014   08 Март 2015 - 17:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Просмотр сообщения KARL-MARKS (07 Март 2015 - 22:56) жазган:

Сиздики рубль болчу, Кыргызстанда рубль түшүп кеткен так что девеле...:11:


Сүрөт
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Adilet94   06 Апрель 2015 - 21:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Дуйнодогу эн саран миллионерлер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Adilet94   06 Апрель 2015 - 21:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Кээ бир байлар үчүн акча тапкан оңой-олтоң иш болгондуктан, күнүмдүк жашоосунда каражатты үнөмдөгөндү жакшы биле беришпейт. Бирок, тапканынын бирин эки кылып, сарамжалдоону билген үчүн бат эле миллионер, миллиардер болуп чыга келишкендерин да айтып жүрүшөт. Мындайлар көбүнчө Африка, Америкада көп кездешет. Маселен, АКШнын ар бир төртүнчү миллионери баасы 100 доллардан кымбат эмес бут кийим кийишет экен. Ал эми ар бир онунчу миллионери 200 доллардан ашык костюм алышпайт. Миллионерлердин дээрлик тең жарымы 240 долларлык саат тагынышат. Ар бир үчүнчү миллионер эски делген үч жылдык машинени минишет. Ал тургай, ошол миллионерлердин арасында өзүнүн байлыгына чиренбей көпчүлүк кийген арзан кийимдерди кийип, арзан тамактарды ичкендери да бар. Буларды Азияда жашаган байлар “чокнутая” дешсе, карапайымдар “апенди” дешет тура. Айтор, биз бул жолу дүйнө жүзүндөгү өздөрүнүн баскан турганынан, жада калса тамак-ашынан да каражатын үнөмдөгөн миллиарддардын ээлери болгон бай адамдар туурасында сөз кылууну туура көрдүк.
Энесинин зыкымдыгынан баласы бутунан айрылат
Генриетта Хоуленд Грин Африкада XX кылымда атактуу финансист болуп иштеп, байлык топтогон аял. Байлыгынын баасы миллиондорду чапчыган. Бирок, аны дүйнөдөгү эң сараң миллионерлердин катарына кошушкан. Анткени, бул аял өлгөндөн кийин (1916-жылы) артында 20 миллиард доллары калган экен. Тарыхта, ал тууралуу көп нерселер айтылат. Айтсак, ал өзүнүн акчасын үнөмдөш үчүн таруу боткосун батареяга жылытып жечү экен. Себеби, ал ошол кездеги заманбап мештерди өтө кымбат деп эсептеген. Анан да өмүр бою эң арзан үйдө жашаган экен. А чынында, өзү ошол кездеги Чикагодогу бир кварталдын кожоюну болчу тура. Бир жолу анын өтө сараңдыгынын, зыкымдыгынын зыянын баласы тартат. Уулу бутун оорутуп, ириңдетип алганда, бекер оорукана издеп, үч күн өтүп кеткендигиктен, уулу гангрена оорусуна чалдыгып, натыйжада, буту кесилген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Авг 2025 15:18

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: