Саламатсыздарбы урматтуу форумчулар!
Мен да ушул жерге озумдун чыныгы жашоомдон откоруп келе жаткан окуямды жазгым келди. Катачылыктар учун алдын ала кечирим сурайм! Мен озум шаардык кыз болсом да, эч кандай кафе, клубтарга барганга кызыкчуу эмесмин. Студент болуп жургон кезимде да группалаштарым менен да чогу эс алууга,кечелерге барчуу эмесмин, эмнеге андай экенимди да тушунбойм, табияттан ушундай болсом керек. Ошентип мен 2-курста окуп жургон кезде кундогудой эрте менен сабака бара жатканмын.
- (2 )
-
- 1
- 2
Аялдын бактысы
#4 06 January 2016 - 22:55
Аялдамада турсам бир аял баласын которуп келип, баласын кармап турушумду суранды. Мен макул болуп кичинекей бобокту колума алдым, ал аял отургучка отуруп, башы айланып жатканын айтты. Кайсы маршруткага чыгасыз десем, жакын жерде жашаарын айтты. Ошентип мен ал эжени жетелеп, баласын которуп уйуно жеткирип коймок болдум. Уйуно жетип, эшигин каксам бир бала ачты, ал иниси экен. Инисине бобокту карматып, мен кетмекчи болсом тиги эже уйго кир деп суранып калды. Мен сабака барам деп болбой кетип калдым. Иниси да, тиги эже да рахмат айтып калышты. Ошентип сабака да кечигип бардым. Бир куну дагын ошол эле аялдамада турсам жаныма ошол эженин иниси келип туруп калды, мени кайра кайра карап койот, мен да карап койом анан акыры озум соз баштадым: - Кандайсыз? Эжениз жакшыбы? - Аа жакшы рахмат, мен жанатан бери карап эсинде калбасам керек деп ойлонуп жаткам. - Жоок эске тутуум жакшыле, деп кулуп койдум. Ошентип кыскасы бираз суйлошуп турдук. Ал да сабака баратканын айтты,кенири таанышалы деп номерими сурады, мен да макул болуп айттым, жазып алып бираз турган сон маршрутка келип, мен кеттим. Кечинде уйго барсам, чалды, аябай орду менен суйлогон, токтоо муноз бала экен, мен озум да токтоо муноз болгонум учун экообуздун маегибизден зеригип кететурган болдум.
#6 06 January 2016 - 23:27
Аты Аскат, менен 2 жаш улуу экен. Анча мынча суйлошуп койобуз, кээде капыстан жолугуп калабыз, ошентип арадан 6 ай отту.
#9 07 January 2016 - 03:08
Кичине жазып келип эле токтотуп коюшат,ылам бирин аралаштырып окуп атып мурункулар эстен деле чыгып кетет,баштагандан кийин бат-баттан жазып бутуруп койушса.
#11 07 January 2016 - 10:11
Бугун менин туулган кунум, эрте менен турсам эле ата-энем куттукташты,
андан кийин Аскат смс жазыптыр. Сабака барсам жакын курбу кыздарым да куттукташты анан бугун кафеде отуралы, эч биз менен кафеге барбайсын жок дегенде озундун туулган кунундо бир отуралы деп калышты. Аргасыздан макул болдум, кечинде апамдарга айтып, жасанып алып кафеге жонодум. Курбу кыздарым да келишти, тамак заказ берип олтурсак, Аскат чалып калды, сыртка чыктым, телефонду алдым: - Алоо, - Кандайсын- деди. -Жакшы озунуз кандайсыз? - Жакшы, туулган кун кандай отуп жатат? - Сонун )) кыздар менен кафеде олтурганбыз.
- Кыздар элеби, а жигиттер жокпу? - Жок деп кулуп койдум. - Анда досум экообуз барсак болобу, зеригип олтурганбыз?
-Макул. Ошентип досу экоо келди, бир букет гул менен. Кечебиз жакшы отту, бийледик. Кече буткон сон ал мени уйумо жеткирип койду. Эртеси эрте менен чалып копко суйлоштук, мурдагыдай зеригиштуу эмес бирок. Кыскасы бири бирибизге жакын болуп, акыры кыз жигит болуп журдук 2 жылдан ашык. Экообуз эки областтан болчубуз, ата энелерибиз каршы болсо да баш коштук. Башында жакшы жашадык, кийин боюмда болду, ачуум тез келип, эч нерсени жактырбай кыйналып журдум. Андай убакта кайын журтум да мени жактырышпай жаткандарын билип турдум. Аскат да мурдагыдай эмес тун жарымга чейин достору менен ичип журот. Уктай албай тундорум отту.
#12 07 January 2016 - 10:20
Тороюн деп калганда шаарга барып жашайбыз деди. Квартирада жашап журдук, ал иштеп жатты. Бир куну апамдарга барып келейин сен апандыкына барып тур деди. Мен апамдыкында журдум ошол бойдон келбей койду, чалсам албайт. Ай кунум жетип эгиз тородум эле бироосу учуп кетти. Каттуу стрессте журдум бирок балам менен алаксыдым. Торогондо кайненем менен кайнатам келди, бирок куйоом келбеди, кайненем апама экоо келише албаган окшойт, тагдыры бир эмес экенда деп коюптур.
#13 07 January 2016 - 10:23
Ушундай учурда эне жардамга кирсе ээ,баласын тыйып,келиндин ушул учурундагы акыбалын тушундуруп ортого копуро болуп койсо,уйундо тынчылы
к,бей кутчулук болуп,озу да тынч жашамак ээ.Бул созум кыздарымдын кулагына алтын сырга болор деп умут кылам...
к,бей кутчулук болуп,озу да тынч жашамак ээ.Бул созум кыздарымдын кулагына алтын сырга болор деп умут кылам...
#16 07 January 2016 - 12:21
Кана дагы жазасынбы?
Кутуп жатам,Рая эже айтмакчы кайненелер жардам берсе мумкун наристелер жетим болбойт беле.
Кутуп жатам,Рая эже айтмакчы кайненелер жардам берсе мумкун наристелер жетим болбойт беле.
#18 07 January 2016 - 13:10
эээх жашоо турмуш неге мынча татаалсын. чымчыктында уясы ажырабасын дешетко. автор Баары жакшы болот коп капаланбаныз.
Аллах жакшы коргон пендесине сыноо берет экен.
#19 07 January 2016 - 13:41
Кана дагы жазасынбы?
Кутуп жатам,Рая эже айтмакчы кайненелер жардам берсе мумкун наристелер жетим болбойт беле.
Кутуп жатам,Рая эже айтмакчы кайненелер жардам берсе мумкун наристелер жетим болбойт беле.
Эн туура айтылыптыр! Азыр жаштар кобу эрте уйлонуп жатышат коп тушунбостуктор болуп уруш талаштар коп чыгат ошондо кайнене кайнаталар акыл айтуунун ордуна туура эмес иштерди кылышат 1келинин кетирип экинчисин алып берсе эле баласынын жашоосу озгорулуп кетчудой ортодо байкуш наристелер эле кыйналып жатышат. Эмне дейбиз эми аягына чейин окуйлу анан ойубузду жазабыз
#20 07 January 2016 - 13:50
Кундорум кунго окшобой, уйкусуз тундор, балам ыйласа кошо ыйлам кыйла журогум сыгылып кыйналып журдум. Кун ото берет экен, убакыт даарылайт демекчи барган сайын озумо келе баштадым. Аскатча ошол бойдон чалбадым, мени алдап туруп таштап кеткенине аябай конулум калып кеткен. Балам да чонойду, садике берип озум жумушка орноштум. Иштеп бираз жашоом онолду, балама каалаган нерсесин алып, берем, озум кенири жеп -ичем, чогу иштеген кыздар менен эс алууларга барам. Бирок аял бактылуу болушу учун бул нерселер жетиштуу эмес экен. Куйоом уйлонуп, кыздуу болуптур деп уктум. Укканда жаман боло туштум, бир кун келип баарын тушундуруп,
кечирим сурайт деп умут менен жашайт элем. Эми умут да жок жашаш аябай оор болду. Аскат менен башка бироону элестетиш, мен жаткан жерде башкасы жатса, мен кылган жумушту башкасы кылса деп ичимен эзилип бирок балам учун кулуп койот элем. Балам уктаганда тан атканча ыйлайм, атасынын копиясы бирок атасы бир жолу да корбоду деп сыздайт элем.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео












