Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана ЭлТР телеканалы уюштурган сынакка келген дил баяндар (Ош облусу) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана ЭлТР телеканалы уюштурган сынакка келген дил баяндар (Ош облусу) КРнын Малайзиядагы элчилиги жана ЭлТР телеканалы уюштурган сынакка кел

#1 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Январь 2016 - 13:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG


Ош облусу боюнча Малайзияга жолдомону 8-класстын окуучусу Абдыжапар уулу Медербек утту

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Ош облусу боюнча жеңүүчүсү болуп 8-класстын окуучусу Абдыжапар уулу Медербек табылды.

Медербек 2001-жылдын 6-октябрында туулган. Учурда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кожоке айылындагы Кожоке орто мектебинде билим алат. Сынакты Ош облусу боюнча ЭлТР телеканалы жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.

Жеңүүчүнүн дил баянын сунуштайбыз:

"Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм!"

Биздин айыл жайы-кышы кар кетпеген, кооздугу көздүн жоосун алган Алтын-Казык, Үтөр тоолорунун этегинде жайгашкан. Айыл эли жер бети жашылданып, байчечекей жаңы ачыла баштагандан, дарактар саргайып, жаратылыш калың тонун жамына баштаган мезгилге чейин жайлоодо болот. Биз да эл катары мал кармап, курут-май кылып, кымыз, сүт, айранды тамшана ичип, ат үстүндө шамал менен жарыша, бир аз болсо да ызы-чуудан алыстап, жайлоодо эс алууну адат кылып алганбыз.

Күнүгө күндүн көзү көрүнө баштаган учурда табияттын обонун чертип жаткансып шар аккан Кошчан дарыясын жээктей мектепке карай жол алам. Таза абадан кере-кере дем алып, кичинемде уккан жомоктордогу сүрөттөлгөн кооздук көз алдыман өтүп жаткандай кете берем. “Кыргыз жери - жер бетиндеги бейиш” деп бекеринен айтылбаса керек.
Эжейимдин бир аңгемеси мекен, эл-жер жөнүндө терең ойлонуума түрткү болду.
Бир урууда бойго жеткен бир бала жашаптыр. Ал жан дүйнө, боор оору, сүйүү сыяктуу сезимдерден алыс, бой көтөргөн, менменсинген мүнөздөргө ээ экен. Бир күнү атын айтуудан баш тарткандыгы үчүн бир кызды мыкаачылык менен өлтүрүп салат. Аны көргөн айыл тургундары кандай жаза колдонуу керектигин ойлонушат, бирок жадакалса өлүм жазасына да татыксыздай сезиле берет. Ошондо бир аксакал: “Адам баласы үчүн өз мекенинен куулуп, жалгыздыкта күн кечирүүдөн өткөн азап жок”,- дейт. Ошентип, ал баланы өз мекенинен айдап чыгышып, эч ким аны менен сүйлөшпөөгө сөз беришет... Чындыгында эле адам өз мекенинде гана бактылуу боло алат, буга эзелтен сакталып келе жаткан аңгеме-жомоктор, жазуучулар калтырып кеткен чыгармалар далил болуп бере алат.


Мен өз мекенимди абдан сүйөм. Кыргызстан - мен үчүн дем алып жаткан абам, ичип жаткан мөлтүр таза суум, ата-энем, бир туугандарым, эли-жерим, киндик каным тамып, жашоомдогу биринчи кадамдарым ташталган жер. "Мекен" деген сөздү укканымда сүрөтчүнүн барагына тартылган пейзаждай асман тиреп, ак кар баскан Ала-Тоо, ал эми ошол тоонун ары жагында тириликтин жүрүп жатканын көргөзгөнсүп үйлөрдүн төбөсүнөн түтүн асманга көтөрүлүп жатканы көз алдыма келе түшөт.

Менин кыялымдагы Кыргызстан - элдери бардар турмушта күн кечирген, гүлдөп-өнүккөн өлкө. Кыялдан бир аз алыстап, чыныгы көз караш менен карасак, өлкөбүз бир аз аксап, эки жүздүүлүк, алдоо жана күнөөнү айланадан издөө деген чуңкурга түшүп бараткандай сезилет. Эл бийликти, бийлик элди күнөөлөгөнү
ачык-айкын эмеспи. Саясат деген оору менен баары ооруп калгандай. Жадакалса шайлоо болор алдында мектепте, сабакта, көчөдө теңтуш-дос балдар менен партиялар жөнүндө терең маек курабыз. Ар ким үйүнөн угуп чыккан ата-энесинин сөзүн айтып, бир партияны колдоп талаша да кетебиз, футболдогу ар бир командага жан тарткандай партияларга жан тартып, ар ким өз партиясын жеңет деп мелдеше да кетебиз.


Элдин жашоо шартынын начардыгына бийликти күнөөлөгөндөргө кошулбайм. Менин оюмча, ар бир жаран үчүн шартты түзүп берүү мүмкүн эмес. Элибиздин жашоо-турмушу жакшыруу үчүн ар бирибиз өзүбүз аракет кылышыбыз керек. "Улуу адам майда иштен да чоң ишти кыла алат, ал эми майда адам чоң ишти да майдалап салат" деп бекеринен айтылбаса керек...

Эгер ар бирибиз бийлик-мансапка эмес, "Канткенде менин адамдарга көбүрөөк пайдам тиет?" деп жашаганыбызда, өмүр жолубузда ырахаттуу, пайдалуу издерди көргөн болор элек. Кандай гана мамлекет болбосун, анын келечеги жаштардын колунда делет эмеспи. Ата-бабаларыбыз бизге мурас кылып калтырып кеткен жерди коргоо, сактоо, гүлдөтүп-өстүрүү келечектеги муундардын милдети, сыймыгы, жоопкерчилиги деп билем.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Январь 2016 - 13:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Нуриза Абдыжапарова

Аскасы асман тиреген Ала-Тоо, ыйык Сулайман-Тоо, берметтей чалкыган Ыссык-Көл, Токтогул ГЭСи, канчалаган кендер.
Бул жер глобуста тырмактай жерди ээлесе да ичине баардык байлык, кооздукту камтыган биздин мекенибиз ыйык КЫРГЫЗСТАН! Кыргызстандын бүт кооздугун сүрөтчү түшүрө албагандай мен да айтып бүтө албайм.ЖАРАТКАН АЛЛАНЫН ыйык китебинде "бактарынан дарыялар аккан деп" баяндалган бейишти элестеткен жерге биз ээлик кылып калганыбызга ой жүгүртүп, тарых беттерине кайрылсак, ата-бабаларыбыз согушпаган бир да доор болбогонун байкайбыз.Ата- бабаларыбыз бейиштей болгон жер үчүн кан кечип согушуп, өмүрүн арнап касиеттүү Ала -Тоону сактап келишкен.Дзотко көкүрөгүн тосуп же жоо киргенде күрөшкөн.
Ата бабаларыбыз биз үчүн калтырган жердин кемибей гүлдөп өсүүсүн каалайм.Ал үчүн мекенге болгон сүйүүбүз түбөлүктүү болуу керек. Биз өз алыбызга жараша чоң кичине дебей кызмат кылуугу киришсек.Ар ким,мейли ал даарыгер,көчө шыпыргыч болсун,же жоокер болсун өз ишин мекенине болгон сүйүү менен аткарсак Кыргызстан гүлдөп өсөт..
Келечекти ойлогон билим алып такшалат демекчи мен да билим алып кыргыз медицинасын өнүктүргөн, жаратылыштагы кооз жерлерге пансионат салып,Кыргызстанга туристердин санын көбөйтүп,экономикасын чыңдап,ар бир жерге шарт түзүп ,бизде көк бээнин сүтү канча дартка дабаа болот.Бирок аны ичкенге шарт жок биздин Сервин жайлообузда да ошондой шарт жок .жайлоодогу саман жабылган үйүбүздү пансионатка айлантып, кыйгач кеткен чаң жолду таш жол кылып . Кыргызстанды дүйнөгө тааныткым келет. Нобель сыйлыгына татыган врач болсом.Албетте кыйынчылыктар да болбой койбойт. Кантсе да "Кыйынчылык тооруса да жаш чакта,кылчактабай жетүү керек максатка" деп алга умтулам.
Дени сак муун - коомдун тиреги! Жана да туруктуу өнүгүү билимден башталат окумуштуу Абовян айткан : "Ганнибал, Александр Македонский, Петр ,Наполеондор улуу адамдардан болушкан,бирок алар улуу болуп жаралышкан эмес ,аларды улуу кылган мезгил жашоо шарт болгон .Алар ошол учур да жаралышып,ошондой мүмкүнчүлүккө ээ болушпаса,эч качан мындай улуу даражага жетишпес эле ... Токойдон дардайган эмен жыгачын көрүүгө болот,бирок аны дардайткан берекелүү жер болуп саналат,эмнеге дегенде ошол эле эмен жыгачынташтак же кумдуу жарамсыз жерге тиксе ал анчалык дүгдүйбөс эле" - деп. Мына ошол сыңарындай жаштарга да бардык жактан шарттар түзүлсө Касиеттү Кыргызстандан улуу адамдар чыгат.Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө чоң салым кошушат. (Кылычбек Султанов сидин да бизге шарт түзүп жатканыңызга рахмат!)
Мына ошондо биз да Кыргызстанды өнүктүрүп ата-бабаларыбыздын ак эмгегин актаган болобуз.
Бул менин 14-15 жаштагы балалык кыялым мен дагы чоңоюп көп жерди көрүп мындан да чоң максаттар пайда болот деп ойлойм.
Келгиле достор!
КЫРГЫЗСТАНДЫН гүлдөп өсүшү үчүн баарыбыз чын дилден сүйүп,Оштукмун, Көлдүкмүн,Чүйлүкмүн дебей Кыргызстандыкмын деп жашап бирге өнүктүрөлү! !!!!!
Өзгөн району В.И.Ленин атындагы 39 орто метебинин 9-классынын окуучусу Абдыжапарова Нуриза.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Январь 2016 - 13:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Талантбек кызы Айкөкүл

«Кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм»

Кыргызстан –менин мекеним.Кен байлыктарга мол, табиятынын кооздугун суроттоп берууго соз жетпеген,бийик тоолуу,чокулары аппак, миндеген жылдар бою кыргыз элин, баарынан кымбат болгон суу менен камсыз кылып келген монгулорго бай.Алардан ээрип тушкон суунун тунуктугуна, тазалыгына,тамшанткан даамына суктанган туристтер канча!Таза абасы жан эргитип, конулду ачат.Кышы-жайы жапжашыл туско боелуп,коз уялткан аппак тоолорго корк кошуп турган кыргыздын арчалуу токойлору.

Кыргызстандын туштугундо, дуйнонун баардык эле жеринде осо бербеген,Баткендеги тан калычтуу ,озунчо бир сыйкырдуу кооздугу менен, жаздын бир гана айында гулдогон Айгул гулу осот. Азыркы учурда жай айларында чет элдик миндеген туристтерди тейлеген Кыргызстандын бермети-Ысык- Кол, суусунун тунуктугу менен айырмаланган- Сары-Челек ,колдун айланасы турдуу жан-жаныбарлардын жашоосуна шартталган, ал аймактарда Сары-Челек жалгыз кол эмес озуно чейин жети майда колмолорду камтыган –менин олком кандай кана байлыктарга бай. Оштун так ортосунан орун алган Сулайман-Тоо эч бир адамды тан калтырбай койбойт,Ош шаары тарыхы боюнча,Италиянын Рим шаарынан да,байыркы экени элибизди кубандырат. Откон кылымдарда башка улуттун элдери кыргыздарды ,ой жугуртуусу жок ,жапайы адамдар деп эсептешкен, бирок бул абдан чон катачылык.Илгертен кыргыздар кудалашып жаткан кезде бири-биринин ата-тегин сурашат ,мен бул созду укканымда оз элимдин акылмандуулугуна чындыгында тан калганмын,адам баласынын кулк-мунозу, сын-сыпаты атадан балага отуусуно акылы жетип ,анын жети атасын сурап,ата-теги жакшы адамдар болсо анда анын зээнинде бар деп, кыздын ата-энеси макулдугун берген,бул нерсе али Европа олколорунун окумуштуулары тарабынан далилдене элек болчу.

Биздин элде балага тарбия беруу уй-булодо чон маанини ойнойт деп эсептелет.Балага:

Чынчыл,туз,адилеттин жолун жолдо,

Кыйшык,жалган алпарбайт жакшы жолго ,-деген макалдары

саанат-насыят, тарбия-таалимдери урп-адаттары менен балдарды

туура жолго,адеп-ахлакка, маданияттуулукка, ыймандуулукка уйротуп

келген улуу кыргыз элимдин кызы болгонума сыймыктанам. Орто

Азиядагы турк элдеринин эн байыркысы ,тарыхына нечендеген улуу

адамдарды камтыган ,Манас баатырыбыздын жолун жолдогон ,эли учун

жан аябай,канынын акыркы каны денесинен чыкканга чейин курошкон

канчалаган баатырларга бай,башынан бир топ кыйынчылыктарды

откоруп,а бирок ушул кунго чейин оз атын жоготпой ,коз

карандысыздыгына жеткенине 24 жыл толгон –менин суйуктуу

мекеним.Биринчиден, Манас баатырыбыз жонундо айта кетсек

анын патриоттук сезимдери оз эли,оз жери учун жан аябай

курошкону кыргыз элинин журогундо дайыма жашап

келет.Кыргызстанды, Талас облусунун Шекер айылын дуйного

тааныткан элимдин чыгаан адамы,туболук унутулгус, кайталангыс, залкар

жазуучу-Чынгыз Айтматов.Анын чыгармаларын

окуган кезде тим эле каармандары китептин бул жак бетинен экинчисин

коздой оз ролун аткарып, улам коз алдымда корунушчу

.Курманжан Датка-кайраттуу, айтканынан кайтпаган ,чечкиндуу,кадыр

барктуу,намыской мунозго ээ, Алай ханышасы оз доорунда,кыргызымдын

мыкты башкаруучусу болуп келген.

«Кайраты бар кишинин,

Берекеси бар ишинин»,-демекчи ал оз элинде гана таанылбастан,

кайраты менен орус падышачылыгынын алдында да ,комускодо калган

эмес.

Ал эми жер-жемиштин тор бейиши болгон Толойкон жеринде

туулган,журтумдун тунгуч суротчусу жонундо жазган Аалы Токомбаевдин

« Мезгил учат» чыгармасын окуй берип эч тажабайм.Ошол мезгилдеги бай

манаптардын кесепетинен Гапар атасы менен далай тагдырдын

сыноолорунан откондугу,иттер менен кан талашкандыгы, эн тан

калыштуусу Гапар борбор калаа Пишпекке аттанарда, «Туулган жердин топурагы –алтын»,-деп бир

туйунчокко туулган жери Толойкондун топурагын салып бергендиги

жонундо «Маркумдар уну» чыгармасында да кенири

баяндалган. Биз ушундай улуу адамдардын

неберелерибиз. Ушундай бир жомоктогудай ,дуйнону жети айланып таба

алгыс ,суйуктуу,менин сыймыктанган олком-Кыргызстан.

А,мен болсо оз дил баянымда мекенимдин социалдык экономикалык

абалын жакшыртуу максатында , «Элдин элчиси –тондун топчусу»,- деп

келечекте элчи болууну каалайм . Биздин мамлекет онугуу жолунда,онуктуруу жаштардын

колунда.Эгерде азыркы учурда онуккон мамлекеттердин онугуу тарыхын

карай турган болсок алар жаштарын билим алууга онуккон,чет

мамлекеттерге жонотот .Анткени , олко билимдуу жаштар менен гана

онугот эмеспи.

Балбандары башка олколордон кем эмес

болгондуктан, Кыргызстандын жигиттери да,кыздары

да,оздорунун кучторун чет олколуктор менен сынашып,кыргыздын

желегин желбиретип, оз гимнинди чет олкодо угуп туруушат бул кандай

гана соз менен айтып бере алгыс сезим.Спорттун турлору жаны эле онугуп

келе жатканына карабастан, бул тармак кескин турдо осуудо. Бул да чон

жетишкендик .

Табигый ресусртарга бай,тустуу, сейрек кездешуучу асыл металлдар республиканын бардык облустарында кездешет.Сурьма жана сымап ондуруу

боюнча Кыргызстан дуйнодогу алдынкы олколорунун бири болушуна

толук мумкунчулук бар.Аларды иштетип ондурууго мамлекет тарабынан

коптогон завод- фабрикалар курулууда .Ошондой эле Кыргызстан сууга мол куностуу олколордун бири болгондуктан, калктын калын катмары дыйканчылык жана мал чарбасы менен алектенет.Эгерде эт ондуруу тармагын

ондурууну чечсек бизде коп мумкунчулуктор бар.Уйдун сутунон балдарга пайдалуу болгон тамактарды даярдоого,муйузунон кыргыздын улуттук буюмдарынын сувенирлерин жасоого,ал эми ичегилерин чет мамлекетке арзан баага эскпорттоонун ордуна оз жерибизде эле миндеген жылдар бою кыргызымдын колунан тушпой чертилип келген комуздун кылдарын жасоого болот.Ошондой эле дан эгиндеринин аянттарын кобойтуп ,аны жергиликтуу тегирмендерге берип,андан сон ун азыктарын чыгарса болот.Момо-жемиштерден жасалынуучу кыямдарды,суусундуктарды даярдоочу завод -фабрикалар ачылса,алар менен бир гана дыйкандарга пайда алып келбей,жумушсузсуз элди да жумуш менен камсыздоого болот.Ойлонуп корсок,анан кантип ушундай мумкунчулукторго толуп турган олкону онуктурууго болбосун.Албетте, болот.Мен оз мекенимдин, оз олкомдун жана оз Ата Журтумдун онуккон олколордун катарында болуп, табияты,жаратылышы, айлана –чойросу туболук сакталып калуусун каалайм!

Талантбек кызы Айкөкүл. 9-в класс. Ош ш. Ош облустук У.Салиева атындагы таланттуу балдардын лицей мектеп-интернаты.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Январь 2016 - 14:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Омад Абжалиев


Для того чтобы страна процветала каждый гражданин должен начать с себя, то есть он должен развиваться, учиться и помогать близким. Хорошо окончив школу и получить знания в той сфере, где тебе интересно, этим ты тоже делаешь вклад в будущее своей страны. Потому что ты будешь работать и использовать свои полученные знания, получать удовольствие от своей работы. А когда работаешь с интересом, то всегда есть хороший результат от твоей работы. Если бы каждый гражданин работал так, то я было бы большим плюсом для нашей страны. Я хочу этим сказать, что каждый должен отвечать за себя. Что бы страна процветала сначала надо ее любить. А любовь к родине начинается с семьи. Очень важно чтобы в каждой семье любили и уважали друг друга. Мы так же должны любить и беречь природу, беречь редких животных. Все это немаловажно для развития страны. КЫРГЫЗСТАН - это очень великая страна. В ней живут люди разных национальностей. Мы должны с уважением относиться к ним, уважать их традиции и обычаи .Я очень счастлив, что я родился в этой красивой и прекрасной стране. Каждый житель этой страны, несмотря ни на что старается, чтобы его страна процветала. В жизни каждого человека происходят события, которые влияют на его судьбу и определяют его жизнь на оставшиеся годы. Мне посчастливилось родиться в этой прекрасной стране, где меня окружают добрые, отзывчивые люди, мои родные, мои друзья.
Мы хотим страну, где все будут счастливы и дружелюбны. И для этого все должны вместе трудиться. Все в своих руках, если помогать друг другу и тогда наш КЫРГЫЗСТАН будет процветать. Все выборы и прочее должны проходить чисто и честно, каждый должен выбирать своего кандидата по своему мнению, а не продавать свой голос за деньги и тогда страна будет процветать. Все должны делать свою работу точно и ясно. Мы должны бережно относиться к природе и ухаживать за ним. Мы должны быть едиными, патриотами, дружными и мы должны поддерживать друг друга.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Январь 2016 - 14:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Алымжан кызы Айгерим

Мен мекенимдин гүлдөп осушун каалайм
Менин мекеним ынтымактын, ырыстын, берекенин жери жана бейиштин төрү. Ал эми, анда жашаган кыргыз калкым кылымдап кыйыр кезген, нечендеген улуу тарыхты башынан откоргон ары улуу, ары күчтүү, ары намысчыл калк. Тээ Манас бабабыздан баштап «Курама жытып, журт кылган, кулаалы жактан куш кылган» күндөн тарта, өз эгемендүүлүгүнө ээ болгон мезгил аралыгында кандай гана күндөр өтпөсүн, өз күчүнөн тайбай гүлдөп өнүгүп өсүп келүүдө. Элибиз «Жетинин бири кызыр» деп бекеринен айтпаса керек. Анткени мекеним жети кереметтүү областтан куралат. Кызыр даарыган кымбат жер. Нечен улуттарды кучагына батырган, мейман достук менен өз жерине чакырган Чүй керегеси улуттардын ордосу, андагы Бишкек шаары кыргыз элинин борбору, улут уюткусу орногон төр.
Ооматка толгон, ырыскы, бакыт ыроологон ордолуу Ош жери оргуштаган таланттардын өрөөнү. Касиеттүү «Сулайман-Тоо» улут, сыймыгы , ыйыктардын айтып бүткүс ыйыгы.
Жаштардын үнү жаңырган Жалал-Абад жергеси. Жалпы журтка малым токой Арсланбек менен атагы алыска кеткен, ажарлуу аймак. Хан Бакай, Манас баш болгон кыраандардын асылы менен байланышкан Талас жери баатырлар байырлаган, барктуу жер.
Намыска бек, ата-салтын аздектеген нарктуу Нарын жери. Не деген керемет жер.
Ыйык көлүм, Ысык-Көлүм,
Улутумдун сыймыгы.
Мурас кылып, кудайымдын,
Бизге берген сыйлыгы.
Көл жери мекенимдин жүзүнө тутаар күзгүсү, тазалыктын үлгүсү.
Ааламда аз кезиккен Айгүл гүлү, тамшантып, таңдайында ээриген өрүгү менен мактанчу Баткен жери, берекелик башааты. Тээ койчу айта берсе сөз жеткени менен Мекеним улуулардын улусу да, талардын тазасы.
Мен мекенимдин мындан да өнүгүп өсүшүн каалайм. Ал үчүн ак сакал аталарыбыз ар дайым алкап, ак элечек энелерибиз Каныкей апабыздан акыл кебин камдап, кымча бел кыздарыбыз улутубуздун уугун улап, эр жигиттерибиз Манас атабызды үлгү тутуп, умтулуу менен урусун курап журуусу керек. Албетте жергебиздин гүлдөшүнө ишенебиз. Али да керээзи улут күзгүсү болгон Чыңгыздардын, кайраттуулугу, акылмандуулугу менен эл башкарган Курманжандардын чыгышын каалайм жана ишенем. Мекенимдин өсүп гүлдөшүнө андагы элдин саламаттыгынын сактыгы, ден соолугун бекемдүүлүгү болуусу тийиш. Мен келечекте даарыгер болуп, элимдин дени сак жашоо кечиришин камсыздагым келет. Кылымдар бою жергемдин ден соолукта өнүгүп өсүшүн каалайм 6 миллион кыргыз эли аалам алкагында кылымдар жашап 60 миллионго жетүүсүн тилек кылам.
Мекеним деп Сибирден качып келген, Токтогул атабыз өз элинин алдында комузун колго алып адамдын мукамын жазган ырларын ырдап келген. Ал эми эллине ак эмгегин өтөп элибиздин жүрөгүндө түбөлүк сакталып калган биздин алп акын-жазуучубуз Алыкул Осмонов болгон. Анын быйыл 100-жылдыгы болуп жатат. Өзгөчө кыргыз элинин жаркыраган Чолпон болгон Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары көп элдин, көптөгөн башка улуттардын колунан түшпөс китепке айландырды. Чыңгыздын чыгармалары аркылуу, элибиздинжаркыраган келечеги үчүн тынымсыз күрөшкөн каармандардын элеси бизге калды.
Алгалайбер ажарлуу кыргыз жери
Өркүндөйбер өрнөктүү кыргыз эли
Эми бизкыргызстандын келечегин колго алып аны урпактарга жаркыратып жеткирүү биздин милдет!!!
Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Папан айылынын №88 орто мектебинин 9»а» классынын окуучусу Алымжан к. Айгерим.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Январь 2016 - 14:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Айдана

Кыргыз жеримдин осуп- онугушун каалайм.

План:
1)Кыргызстан мен учун ыйык олко
2)Кыргыз жеримдин жаратылышы керемет
3)Кыргызстандын гулдоп осушун каалайм.
Ар бир эле адамдын мекени болот эмеспи.Менин мекеним – Кыргызстан . Кыргызстан мен учун айтып буткус ыйык олко. Себеби, мен бул жерде торолдум. Бул тушунук мен Кыргызстандын атуулу экендигимди билдирет. Кыргызстан башка мамлекеттерге караганда кичинекей болгону менен кыргыздар учун чон мамлекет болуп эсептелет.
Айланасына коз жугуртуп королучу. Кыргыз жеримдин жаратылышы кандай гана керемет.Кыргызстанда бар нерсе башка олколордо жок. Асман тиреген тоолору, жайы – кышы жапжашыл болуп турган арчалар, дуйнодо эки гана жерде оскон Баткен областындагы айгул гулу-жаратылыштын бизге берген кооздугу.Каракол лыжа тебуу жайы,жангак токо юу Арстанбап жана айтпай кетсе болбогус колубуз Ысык-кол биздин мекенибизге туристтерди тартып турат.Мындай жаратылышка кантип суктанууга болбойт.Мекенибиздин мындай жаратылышы менен сыймыктанабыз. Азыркы кезде жаратылыш бузулуп жатат.Бугунку кун техниканын заманы болуп калбадыбы. Алар жаратылышка терс таасирин тийгизуудо. Биз келечекте жаратылышка зыян келтирбеген техникаларды ойлоп табышыбыз керек.
Кыргызстанда жашаган элдердин баары оз жеринин онугуусун каалайт эмеспи. Биринчиден ,мен оз мекенимдин онугуусу учун кандай салым кошо алам? Окуучулардын мекени учун кошкон салымынын эн негизгиси жакшы окуу болуп эсептелет .Экинчиден ,кызыккан нерсебизге баш багып,туура кесип тандап,ага жан дили менен берилип иштоо Кыргызстандын онугуусу учун чон оболго болот .Менин ата-энем келечекте врач кесибин аркала дешет. Бирок мен врачтык кесипке эч кызыкпайм.Мен бой жеткенде экономист болгум келет.Олконун онугуусу учун экономикага конул болушубуз керек.Экономикасы онукпой жатып кантип эле мамлекет онугуп кетсин.Ошондой эле ата-бабаларыбыз бизге калтырып кеткен мурастарын сакташыбыз керек.
Мекенибиздин гулдошу учун коррупция абдан чон зыян келтируудо. Коррупционерлерди, анткорлорду, жатып ичерлерди жок кылсак Кыргызстан кыйла онугот.Мына ушулардын баарын аткарсак Кыргызстан бир нече жылдан кийин башка онуккон мамлекеттердей болуп гулдоп-осот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Январь 2016 - 14:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Байыш кызы Нурзада

Кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм

Бул темага дил баян жазууда ар бир Кыргызстандын келечеги болгон дал озум сындуу жаштарга Кыргызстанымды кантип онуктуктуром деген сан туркун ойлор жаралат десем жанылышпайм. Анткени дени сак жана руху таза жаштар-коодум жана Кыргызстанымдын келечеги.Таза коомдон кучтуу олко тузулот.Ошол сынары келечек адептуу жаштардын колунда эмеспи.
Туура маалымат-келечекке шам чырак.Маалымат- ар бир олкодо коомдун бакыт таалайдын эн ишенимдуу негизи.Дал ушул статистикалык маалыматтарга таянсак Кыргызстандын калкынын 48 пайызынын 14 жаштан 35 жашка чейин жаш муундун окулдору тузот.Кыргызстанды онуктуро турган ушл муундун окулдору болгондуктан ар бири максат кое билишизарыл болуп эсептелет.Максаты жок адам эч качан ийгиликтерге жетише албайт.Себеби, максаты жок адам дал манкурт сыяктуу. Ошон учун жумушсуз болсон да,максатсыз болбо дейт эмеспи.Максат- бул алга умтулуунун эн бир ишенимдуу тиреги.Негизинен коомубузда ишкер,жумушка дилгир, коомдун локамативи боло турган жаштар коп.Бирок ошол жаштардын аздыр коптур болугу оз кызыкчылыгын ойлогондор.
«Эл камын ойлогон коктойт, оз камын ойлогон оспойт» деген накыл кептер элибизде жашап келет эмеспи. Кыргызстандын келечеги учун жан уроп,талыкпастан эмгектенсем азда болсо тыянак чыгаар эле.
«Ааламга кеткен жол айылдан башталат» дегендей башка онуккон мамлекеттердеги мыкты окуу жайларга барып окуп,билимимди андан ары терендетип, андан сон оз мекениме келип жан дилим менен берилип кызмат кылсам, ошондо гана Кыргызстандын гулдоп онугуусуно аз да болсо салымымды кошкон болор элем.Натыйжада баарыбыз эл учун мекен учун кызмат кылсак так ошондо Олкобуз эч кимге коз каранды болуп жашабайт.
Негизинен мамлекет кучтонгондо, элдин кадыры томондойт,эл кучтонгондо мамлекеттин зоболосу артат. «Мекен» деген алп создун куттушкон очок сыяктуу алакандай борброу болот.Бейиштей болгон Кыргызстанымдын гулдоп онугушу ар бир инсандын ой мудосун ээлеп алат.Адамдын акылын жана журогун эмне бийлеп алса, жашоосуна ошол нерсенин таасири кучтуу болот эмеспи.Дал ошол сынары сан туркун турдуу ойлор менин да жан дуйномду ээлеп алды.Бирок азыркы учурда кор тиричиликтин айынан дени соо Кыргызстандын келечеги олгон жаштар чет жакаларда мигрант болуп иштеп журушот.Кайсыл жерде журушпосун, канткен кундо да туулган жердин топурагы алтын.Кыргызстандын молтур таза кашка суулары,ТОО таштары уктаса тушунон, ойгонсо онунон кетпестир.
Мекним менин турагым,
Алтындай болгон чырагым.
Тендеше албас эч бир жан ,
Барктуулугун сынагын.
Дал ушул таасирдуу ыр саптарында айтылгандай, берекелуулугуно эч бир куч тен келе албайт.Жада калса дуйнонун жети дубанындагы мен-мен деген кооз,коз жоосун алган жерлери да,мекенимдин сулуулугуна ,баа жеткис байлыгына, ал тургай кыпындай топурагынада тендеше албайт.Бирок ушундай сонун кооз жерден алыстаган жердештерибизге ботон эл, ботон жерде бироонун короосун шыпыргандан ашык азап барбы? Ушул жагымсыз жагдайлар ар бир адамдын, ар бир тируу жандын зээнин кейитуучу корунуш.Дал ушундай жагдайлардан кутулуу учун коптогон эмгек керек.Оной оокат орго жетелейт эмеспи.Андыктан мээнетин катуу болсо,тапканын да таттуу болот.Негизинен адамды жашатууга маани бер,ошондо гана мамлекетда жашайт.
Премъер-министир Темир Сариевдин жарлыгы боюнча бир жылдын ичинде ар бир райондо ондон ашуун завод болсун деп жарыялаган. Андыктан эн мыкты чон аянтагы заводдорду куру учун башка мамлекеттин мыкты окулдору менен келишим тузуп,адистер менен биргелешип иштесек дал ойдогудай эн зор завод,фабриба, иш каналар курулмак.Ошондо гана мигрант болуп иштеп кеткен жердештерибиз Кыргызстанга кайтып келип,кызмат кылып оз мекенинде тынч окум сурмок.
Ренальд Рейкан айтып кеткендей Окмоттун эн биринчи милдети-элдин коопсудугун камсыз кылуу,жашоолорун башкаруу эмес-деген.Чындыгында, ушул нерселер толуккандуу канаттандыраарлык аткарылса эн мыкты онуккон олколордун катарына кошулмакю
Кандай болбосун ар бир атуулга оз мекени киндик канн тамган жери баалуу.
Ноокат району
«Ноокат билимканасы»
Байыш кызы Нурзада
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Январь 2016 - 14:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Ботояр Абылгазыев

Мен кыргыз жеримдин гулдоп осуушун каалайм

Менин атым Ботояр. Биздин мекенибиз Кыргызстан . Кыргыз элибиз илгертен айкол, намысчыл,батыр, берешен , боорукер, айтканынан кайтпаган тайманбас калк . Озубузду мактагандай болбойлу, муну тарых тастыктап турат. Манас атабыз, Ата-Мекендик согушта кокурогун окко тоскон , Чолпонбай Тулобердиев агабыз жана башка атактуу инсандарыбыз жуздоп , миндеп саналат . Мен Кыргызстандын тоолу районунда аябай кооз , тоолору асман мелжиген , жаратылышы жан-жаныбары, арча-адалдары, молтур кашка булактары шылдыраган, жаз, жай мезгилинде агарып аткан танды, булбулдары туркун ундуу сайрап тоскон, киши суктанаарлык, Алымбек датка атабыз, Курманжан датка энебиздин баскан издери калган жерде жашайм. Балалык бае кыйалым менен мекеибиз Кыргызстан гулдоп осуп, онуккон мамлекетке айланышына салымымы кошкум келет. Кыргызстан Орто Азия республикаларынын ичинде азыркы Бишкек шаарыбыз , Фурунзе шары аталып жашыл шаар деп аталчу экен. Мен мектепти жакшы баалар менен бутуп , жогорку окуу жайларынан билим алып , кыргыз элиме, жериме пайда келтирген инсан болгум келет. Кыргызстандын экономикасын которууго жардам берем деген балалык ниетим бар.Кыргызстандын турдуу Кен- байлыктар, суулар,кооз жерлерди кездештиребиз. Берметтиби болгон Ысык-Колубуз бар. Токойлорубузду жалпы элибиз,туро кыдыоып сактасак, мал чарбачылыгыбызды жакшы иштеп ондурсок , пахта тамекилерибизди, дыйкандарга конул болуп, аларды да жакшы оздоштуруп , талаадагы жерлерибизге конул болсок гана. Кыргызстан озубуздун элди озубуз камсыз кылабыз деген ишеничим бар. Пахта жундорубузду иштетип, женил онор жайын ондуруп, башка мамлекеттерге товарларыбызды экспорттосок. кыз келиндерибизди иш менен камсыздасак жакшы болоор эле. Азыр илим билим техника онуккон заман. Жаш мундарыбызга жакшы билим тарбия берсек келечегибиз алдыды, кыргызстаныбызды гулдоп осуушуно салымыбызды кошкон болобуз. Илгерки ата-бабаларыбыз кудай жолундо ак эмгеги менен нан таап жеп ,башка бироонун акысын жебей . уурулук кылбай ак эмгеги менен жашашкан. Кыргыздар эч убакта ата-энесин , баласын таштаган эмес. Оор учурда да багып келген. Азыркы учурда кээ бир жарандарыбыз оз ата-энесинен баштартып,карылар уйуно таштап жатканы зээн кейитип, Журок ушун алат. ОЗ канынан жаралган наристелерин балдар уйуно.кочого таштаган акылы тайкы энелерибиздин кылыгы Журок сыздатат.Билегинде кучу бар жигиттерибиз уурулук менен алектенип, тооноочулукту кесип кылып жашагандары албетте айбандык иш деп эсептейм. Ислам Динин жамынып , мечиттерибизге барып бешу бак намаз окуп,оздору ыплас иштерге барган адамдарыбыз да жок эмес. Ыймандуу болуп, ибадат келтирип, кудай жолунда ак эмгегибиз менен жашасак албетте кыргызстанды жоното алабыз.Кыргыз жерибиздин териториясы кичине болгону менен аябай кооз суулары кенири,дыйканчылыкты мал-чарбачылыкты ондурсок жакшы-жакшы жетишкендиктер болот эле деп умуттоном. Озбекстанга кетип жаткан сууларыбызды, какыраган талааларыбызга насос менен чыгарып , бак-дарактарды эгип корктондурсок жакшы болот эле. Бийлик башында тургандарга нысап берип. Элдин койгойлорун чечип турса ,табийгаттын кырсык ,апааттардан кул\дай сактаса, жаш-кары дебей,ыйман- ынсап берсе, билимдуу болсок Кыргызстаныбыз тез эле онуугу жолуно тушот деген ойдомун. Жашасын Кыргызстан! !!
Мен Абылгазыев Ботояр Абылгазыевич 2002-жылы Ош областынын Алай районунун Кабылан-кол айылында туулгам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Январь 2016 - 15:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Гузель Мойдунова

Кыргызстандын гулдоп онугушун каалайм.

Кыргызстан мен учун – киндик кан тамган жерим, алтын уям, алтын торум. Кыргызстан мен учун – ата-энем, табылгыс байлыгым. Ата-энемди кандай сыйлап, кандай элестетсем, Кыргызстан мен учун ошондой таянычым, арка белим, куч кубатым дуйнөгө жар салуучу менин ким экендигимди билдируучу сыймыгым. Мен кыргыз болуп торолгонумо суйуном, сыймыктанам. Биз кичинекей олко болгон менен бизди дуйно элдери таанып биле баштады жана таанып билишет. Биздин спортсмендерибиз дуйнолук чемпионатта байгелуу орундарды алып, биздин желек желбиреп, гимнибиз ырдалып жатса, кимдин денеси дурулдоп, толкунданып суйунот.
Салижан Шариповтой агабыз желегибизди айга желбиретип отурса бул мен учун, Кыргызстаным учун сыймык эмей эмне?
Чынгыз агабыздын китеби дуйнонун канчалаган тилине которулуп, канча эл бизди таанып жатса бул сыймык эмей эмне?
Озубуздун Кара жорго бийибизчи? Манас эпособуз, Ысык-Колубуз, кен байлыктарыбыз, таза аба жана таза суубуз биздин сыймыгыбыз эмей эмне?
Суйунчу! Кечээ жакында калкыбыздын саны (6000000) алты миллионго жетти. Мен да апамдын бырыш тушо баштаган жузуно тигилип. Ошол куну апмады куттуктадым. Апа сиздин да салымыныз бар дедим. Анткени, апам 40 жашында бешинчи баласын, иним Рамазанды беш ай мурун рамазан айында жарык дуйного алып келди.
Биздин озубуздун салымыбыз, гимнибиз, гербибиз, желегибиз бар деп бала бакчадан уйротуп келе жатабыз. Ушулардын баарын барктап алалы.
Асман тиреген ак монгулорубуз биздин козго суртчу байлык мурасыбыз. Аны абайлап, сактап калыш биздин озубуздун колубузда.
3000 жылды карыткан Ош шаарыбыздагы Сулайман тообуз, Чатыр-Кол, Сон-кол, Сары – Челек, Ысык – Кол, Арстанбап ж.б. кооз жерлерибиз биздин сыймык.
Келечекте туризмди эн жогорку денгээлде онуктурсок, биздин экономикага да пайда тушот.
Ар бир инсан журогунун жуздон бир болугун эле (жок дегенде) уйум, балам, ата-энем ж.б. дебестен, Кыргызстаным, мекеним учун деп таза тилек кылып, кунуно бир маал тилеп ойлосок биздин олко албетте онугот.
Жаратылыштын торт мезгили тен боло турган жерибизге кимдер гана суктанбайт. Кышында ак тон кийип, жазында гулдор жайнап туркун туско бойолуп адамды кубантат. Ал эми жайында момолору быша баштап витаминге бай нерселер алма, орук, алча, гиларс, карагат ж.б. шилекейди агызат.Кузундо барыбыз эгин-тегиндерибизди жыйнаштырып кыштын камын коробуз.
Биздин олкодо пахта, буудай, тамеки, буурчак, дарбыз-коон ж.б. баары осот. Суубуз таза. Булактарыбыз жонундо айтсак, соз жок. Бизде жети областыбыз бар. Баткен областынын Айгул тоосундагы гулубуз дуйного белгилуу. Озгон гуручун, Баткен оругун чет олкого жайылтуу керек. Пахтабыз айтор жомоктогудай деп абайлашыбыз керек.
Биз Кыргызстаныбызды козубуздун карегиндей сакташыбыз керек.Кыргызстанда жашаган доскурбуларыма жакшы окуп жар салалы демекчимин. Алыкул Осмонов агабыз айткандай – “ Сен ооруба мен ооруйун Ата – Журт!”. Шахмат, бокс ж.б. спорт турлору менен кудайга шугур эле тааныла баштадык. Эми менин жеке оюм кыргыз улуттук оюндарын дуйно таанып билсе дейт элем.А биз жаштар билимибиз менен сабактардан таанылсак деген ойдомун. Медицинабыз онуксо, эн кучтуу апараттарды озубуздун жаштар ойлоп тапсак, изилдесек кучтуу-кучтуу операцияларды озубуздо жасасак бул да – онугуу. Комузубуз, ооз комузубуз, чопо комузубуз, чоорлорубуз, кыл кыягыбыз озунчо эле керемет. Буларды дуйноого таанытып жаткан агай-эжелерибизге рахмат!
Демек, бизди дуйно элдери билип, коруп жатат. ЭЛТР телевидениесине да рахмат. Менин келечекке болгон коз карашым озгорду. Кыргызстандын онугушуно созсуз салым кошушум керек деген максатты алдыма койдум.
Кок тиреген бийик имараттар курулууда. Жакында Ош копуросу бутту. Канчалаган ГЭСтерибиз бар. Туристтер дуйнодон келип биздин боз уйубузду коруп суктанып кетип жатышат. Боз уйубуз да озунчо сыймыгыбыз. Улуттук суусундук, тамак аштарыбыз жонундо соз жок. Беш бармак, боорсок, кымыз, жарма, бозо, каттама, сары май, курут, шоро ж.б. Озубуздон чыккан минерал суусундуктарыбызчы? ... Булардын баарын дуйно, кошуна мамлекеттерге таанытышыбыз керек. Кой союп, жиликтоонун озу бир том. Жылкы союп, чучук салуу озунчо бир том. КТРКдан уйротулуп жаткан сабактарга таазим. Ошолор онугуп жатканыбыз эмей эмне?
Манасты Кытайда хор ырдап, комуз менен айтып жатышканычы? Бул бизге чон сыймык, эл билип, таанып жатат биздин олкону.
Маданият жагын онуктуруш керек. Атай Омурзаков деген жигитибиз Белоруссия, Россияны суктандырып келди. Айта берсек соз жок дегендей Кыргызстанымды ар тараптан онуктуруу биздин колубузда. Бейиштин тору болгон Кыргызстаным! Сен жонундо ойлонуп, сен жонундо толгоном. Кок тиреп желбиресин желегин, Оно бер Кыргызстаным! -дегеним.
Жараткан озу колдоп мекенимди,
Тынч болсун, Аман болсун, элим-жерим!
Пейилибиз бузулбасын ар дайым,
Эй досторум, жаман жолго барбагын!
Онуксун деп, Кыргызстанды – олкомду,
Билиминди, Жондомунду, Оз суйуунду Мекенине арнагын!!!
Жаман коздон жаратканым сактасын.
Оз мекеним ар бир инсан барктасын.
Онуксун деп оз эмгегин аябай,
Кел досторум, эч бир досум качпагын!
Колубузда мекенимдин онуктуруу ачкычы.
Кимдин келбейт илим издеп ачкысы!
Адам болуп, кыргыз бойдон калалы,
Жылдыз болуп, дуйно билсин жаналы!
Жарыктыкка жакшы тилек айталы
Келечектин умут шамын жагалы
Келечекте дуйно эли суктанган
Кыргыз болуп, кыргыз бойдон калалы!
Ар бир инсан онугууго ундосун
Мекенибиз онсун! Оссун! Гулдосун!
Салымынды аябагын досторум
Онугобуз! !! Эч ким умут узбосун!
Кыргызстан экинчи Швецария дебей. Башка олколорду экинчи Кыргызстан, Кыргызстанга окшош экен деген даражада онуголу! Жараткан озу колдоп, кызыр жолдоп, жаман коздон, суук создон мекенимди сактасын. Бай олко бололу, коз тийбесин. Душманыбыз жок болсун. Онугуулор коп болсун.
Урматтуу президентибиз! Сизге да ырахмат. Олкобуздун онугуусуно кошкон салымыныз айтып буткус. Евразия биримдигине киргенибиз озу бир баскычка которулуу.Онугуу учун алга достор!!!
Ош областы, Кара-Суу району, Жаны-Арык айылы №70 И. Кулбаев мектебинин 9 А классынын окуучусу Мойдунова Гузель Пармаматовна.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Январь 2016 - 15:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Айдай Раманова

Мен Кара-Суу районуна караштуу К.Жакыпов мектебинин окуучусумун.
Айлананы карап корсок Кыргызстан ушунчалык кооз, айланасы курчалган Ала-Тоо, ак берметтей Ысык-Колу, таза аба, таза суусу бар бай олко. Мен кыргыз жеринде туулганыма жаратканыма мир мертебе ыраазычылыгымды билдирем. Мекеним мен учун бейиштин тору. Тээ илгерки тарыхты барактап корсок канчалаган баатырлар кыргыз жерин, элин коргоп, бакубат кыргызстанды туптоп келишкен. Биз да келечекте Кыргызстанга салым кошкон патриот уул-кыздардан болобуз. Аны учун биз жакшы билим алып, баарыбыз куч биримдикте олконун онугушуно аракеттенип, "Манас" эпосун, маданиятыбызды сактап Кыргызстанды дуйнолук аренадагы олко кылышыбыз керек.
Искак Раззаков: "Сен таза болсон, мен таза болсом анда коом да таза болот "- дегендей ар бирибиз таза болуп, таза коомду тузсок , онуккон мамлекетти тузобуз.
Кыргызстан гул сыяктуу. Эгерде гулду суугарып, курап калган жалбырактарын алып, ага кам корсо анда ал гул осот жана гулдойт. Биз да мекенибизге гулго карагандай карасак ал сынбаган, гулдогон мамлекетке айланат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Январь 2016 - 17:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Ариет Абдрахманов

Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм!

Мен география сабагым аябай кызыгуу менен окуймун. Ал жонундо оюндарды ойноймун, суротторду коромун, баяндамаларды окуймун. Ар кандай мамлекеттердин кооздугуна суктанам, имараттарга чон баа берем. Бирок, Кыргызстаныбыздын жаратылышы, тоолору, кен-байлыктары алмаштыргыс экенине козум жетти. Ыссык-кол берметибиз, кандай гана дениздерге тен келе алат.
Кыргызстаныбыздын онугушуно ой пикирлерим коп. Биринчи орунга экологияны коюш керек деп ойлойм. Орточо бир дарак бир кундо 3 адамга керектуу кычкылтек чыгарат. Ар бир адам жашоосунда 10 кочот отургузууга аракет кылса абдан жакшы болот эле. Кочот отургузуу боюнча кампаниялардын жана акциялардын коп болуусун каалайм. Бир кочот отургузулса, бир дарак болот, демек, кочоттордун кобойуусуно мумкунчулук тузулушу керек. Уруксатсыз дарак-кесуучулорду катуу жазалоо керек.
Экинчиден, технологиянын онугушуно аракет кылуу керек. Технология мамлекеттин онугушуно зор салымын кошот. Озубуз жаны технология ойлоп таап албасак да, башка мамлекеттерде алып келиш керек, же болбосо, биргеликте иштешуу, жана ушул жаатты онуктуруу керек.
Технология - медицинага да чон таасир берет.
Медицинабыз жакшы болсо, башка мамлекеттерден адамдар дарылоого келип биздин экономикабызды онуктурот. Мен ойлойм, бизде дарыгерле жана врачтар кучтуу деп эсептелет, технологияны жакшыртсак, мумкун европалык айыктыруучу мекемелерден кем калышпай калабыз.
Мамлекетти завод-фабрикалар байытат. Заводдорду ачып башка мамлекеттерге экспорт кылуу зарыл.
Кыргызстаныбыз анчалык бай мамлекет болбогонуна карабай, келегечи кен деп ишенем. Биз, жаштар жакшы окуп, коп жетишкендиктерге жетишсек, мамлекеттин келечегине чон таасир тийгизет.
Абдрахманов Ариет, Ош шаарынын, «Олимп» орто мектебинин, 7 гамма классынын окуучусу.
Жашаган жери: Ош шаары, Молдониязов кочосу, 37.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Январь 2016 - 17:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сардалова Жазгүл

Мекенимдин гүлдөп өсүшүн каалаймын!

Мен Сардалова Жазгүл Төлөгөновна Кыргыз Республикасынын, Ош областынын, Араван районунун Төө-Моюн айыл округуна караштуу Жеке-Мисте айылында 2001-жылы 21-мартта туулганмын. Менин киндик каным кыргыз жергесине тамган. Менин мекеним – Кыргызстан.
Азыр Кыргызстан калктын сүт продукцияларына болгон муктаждыгын канаттандыра албайт. Илим жактан караганда сүттү ташуу алыскы 50 км ден ашпоосу керек. Бирок сүттү комбинатка алып баруу үчүн Кыргызстанда 70-80 км ге чейин алыстыкка ташылат. Ошондуктан Кыргызстанда иштелип чыккан сүт азыктарынын сапаты анча эмес. Базар экономикасында сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды айыл – кыштактарда өнүктүрүү керек деп ойлойм. Биз үй-бүлөбүз менен айылыбыздагылардын сүттөрүн сатып алып, каймак, сары май, айран сүзмө кылып сатабыз. Ар бир үй-бүлөдөгү ар бир адам мамлекет берет деп отура бербестен үй-бүлөлүк бюджетти көтөрүүгө аракеттенүүсү шарт.
Кыргызстан 1975-жылга чейин дүйнө боюнча тамекини сапаттуу өндүрүүдө алдынкы орунду ээлеп турган. Азыр тамеки өндүрүү төмөндөдү. Кээде айылыбыздагылар тамекини эгип, сатууга даярдап алып, сата албай калышат. «Бул тамекиден пайда жок, мээнетиңди актабайт», - деп эгишпей да коюшту. Мамлекет өзү инвесторлорду алып келип, бул тармакты да өнүктүрүү керек.
Дүйнөдөгү нефт өндүрүүдөн кийинки, кирешеге бай тармактардын арасында экинчи орунда туризм тармагы турат. Туризм-франсуз тилинен которгондо «бир жакка баруу, эс алуу». Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн ресурстар жетиштүү. Ошондой болсо да Республикадагы туризм тармагынан кирген кирешеси 0,2% ды гана түзөт. Эң өнүккөн мамлекеттердин мамлекеттик кирешенин тен жарымы туризм тармагына тиешелүү. Туризмди өнүктүрүү менен элдин аң сезимин, дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтип, жаратылышты көрктөндүрүп, аны коргойбуз.
Орус тамсилчиси Иван Андреевич Крыловдун «Мартышка и очки» тамсилинде маймыл картайып көзү көрбөй калып, адамдардын кеңеши боюнча көз айнек сатып алып, аны куйругуна, бутуна тагып көрүп «Адамдар мени алдаптыр», - деп ыргытып жиберет. Билимсиз элге жаңы үлгүдөгү техникаларды берип койсок, бая эле бузуп коюшат. Япония мамлекетти алдыга алып чыгуу үчүн жаштарды АКШ га окууга мамлекеттик бюджеттен жаш кадырларды даярдоого жөнөткөн. Азыр жаңы техникаларды ойлоп табуу, аларды иштеп чыгуу боюнча алдыңкы орунда турат. Биз да жаштарды өнүккөн мамлекеттерге окууга жөнөтүп, алган билимини киндик каныбыз тамган мекенибиз Кыргызстанды өнүктүрүүгө жумшоого шарт түзүшүбүз керек.
Азыр дүйнөдө 72 агым (фырка) бар. Алардын бири гана Мухаммед (С.А.В.) дын агымы. Ислам динин жамынып алып, «Аллоху акбар» деп адамзатын аёосуз өлтүрүү менен дүйнөнү дүрбөлөңгө салып турган террористтик топтордон коргонуу үчүн куралдуу күчтөрүбүздү алдыга алып чыгып, Сириядан кайтып келгендерге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй эле аларды өлүм жазасына тартуу керек. Сирияда ата-энесин, бала-чакасын таштап, өзү өлүмгө ыраазы болуп кеткен соң оңолбойт.
6-класста окуп жүргөнүмдө чет элдин филмдерин көргөндө «Мен эмнеге ошол мамлекетте туулбадым экен», - деп ойлочумун. Азыр мен 9-класста окуймун. Кыргызстандын тарыхын, кандай эл экенин таанып, кыргыздын кызы болуп Кыргызстанда туулганыма сыймыктанам. Кыргызча патриоттулукка чакырган ырларды укканда андан да көбүрөөк кубанамын, сыймыктанып кетемин. Мен терең билим алып Кыргызстанды өңүктүрүүгө салым кошуу менин улуу максатым.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Январь 2016 - 17:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Талантбек кызы Сымбаткан

Мен Кыргызстандын ѳсүп –ѳнүгүшүн каалайм.

Менин атым Сымбаткан.
14-декабрда 12 жашка чыктым.Мен бул күндү чыдамсыздык
менен күттүм.Себеби бул дилбаян жазуу сынагына катышуу үчүн
12 жашка толгон балдар катышышы шарт турбайбы.Эмесе,
кийинки сѳз Кыргызстаныбыздын гүлдѳп - ѳсүшүнѳ кандай ой
пикирде экендигим жѳнүндѳ болсун.Албетте ,дүйнѳ элине
«кыргыз»деген аттын күн санап белгилүү болуп баратканы
баарыбызга маалым.Кытайда кѳптѳгѳн мамлекеттердин улуттук
баалуулуктары сакталган чон музей-дүкѳн бар экенин теледен
кѳргѳмүн .Анан «Кыргызстан дүйнѳлүк базарга кийиз
буюмдарын бренд кылса болот экен» деп ойлоп калганмын. Ал
үчүн айыл –апада сокур тыйынга арзыбай ай талаада ыргытылып
жаткан кой жүндѳрүн иштетүүчү чакан ишканаларды ачуу
зарылго деп ойлойм.Кыргызстан –не бир ажайып сулуулукка ,баа
менен ѳлчѳй алгыс кен байлыкка бай ѳлкѳ.Болгону
депутаттарыбыз жен ичинен ѳз пайдасы үчүн иштебей ,элдин ,
бизге окшогон жаш муундардын келечеги ,кызыкчылыгы үчүн
аракет кылуусу керек.Ким каалабасын бай тынч,бакубат
бийлик,чындык менен башкарылган мамлекетте
жашоону. Албетте ,баарыбыз каалайбыз ,демек каалоо
мүмкүнчүлүктү ,мүмкүнчүлүк ийгиликтерди жаратат
эмеспи.Ийгилик болсо ѳсүп –ѳнүгүү деп биллем.
.Келгиле, ийгиликке чогуу жетели , достор!
Ош облусу,Ноокат районуна караштуу А.Осмонов атындагы орто
мектебинин 5-б классынын окуучусу Талантбек кызы
Сымбаткан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Январь 2016 - 17:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Ариет Абдрахманов

Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм!

Мен география сабагым аябай кызыгуу менен окуймун. Ал жонундо оюндарды ойноймун, суротторду коромун, баяндамаларды окуймун. Ар кандай мамлекеттердин кооздугуна суктанам, имараттарга чон баа берем. Бирок, Кыргызстаныбыздын жаратылышы, тоолору, кен-байлыктары алмаштыргыс экенине козум жетти. Ыссык-кол берметибиз, кандай гана дениздерге тен келе алат.
Кыргызстаныбыздын онугушуно ой пикирлерим коп. Биринчи орунга экологияны коюш керек деп ойлойм. Орточо бир дарак бир кундо 3 адамга керектуу кычкылтек чыгарат. Ар бир адам жашоосунда 10 кочот отургузууга аракет кылса абдан жакшы болот эле. Кочот отургузуу боюнча кампаниялардын жана акциялардын коп болуусун каалайм. Бир кочот отургузулса, бир дарак болот, демек, кочоттордун кобойуусуно мумкунчулук тузулушу керек. Уруксатсыз дарак-кесуучулорду катуу жазалоо керек.
Экинчиден, технологиянын онугушуно аракет кылуу керек. Технология мамлекеттин онугушуно зор салымын кошот. Озубуз жаны технология ойлоп таап албасак да, башка мамлекеттерде алып келиш керек, же болбосо, биргеликте иштешуу, жана ушул жаатты онуктуруу керек.
Технология - медицинага да чон таасир берет.
Медицинабыз жакшы болсо, башка мамлекеттерден адамдар дарылоого келип биздин экономикабызды онуктурот. Мен ойлойм, бизде дарыгерле жана врачтар кучтуу деп эсептелет, технологияны жакшыртсак, мумкун европалык айыктыруучу мекемелерден кем калышпай калабыз.
Мамлекетти завод-фабрикалар байытат. Заводдорду ачып башка мамлекеттерге экспорт кылуу зарыл.
Кыргызстаныбыз анчалык бай мамлекет болбогонуна карабай, келегечи кен деп ишенем. Биз, жаштар жакшы окуп, коп жетишкендиктерге жетишсек, мамлекеттин келечегине чон таасир тийгизет.
Абдрахманов Ариет, Ош шаарынын, «Олимп» орто мектебинин, 7 гамма классынын окуучусу.
Жашаган жери: Ош шаары, Молдониязов кочосу, 37.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 14:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Абдытайыр кызы Элнура 
Мен Кыргызстандын  гүлдѳп ѳнүгүүсүн каалайм.
       Кыргызстан –бул менин мекеним.Ар бир адам ѳз ата –мекенинде гана бактылуу жашайт.Мекен деген сѳздү ар бир адам укканда жүрѳгү токтобой согуп,кабынан чыгып кетчүдѳй болсо керек.Аткени, ал эч нерсеге алмаштыргыс, эч нерсеге тен келгис нерсе.Мурунтан эле мекендин тынчтыгы үчүн ар бир адам кан-жанын сайып жоо менен жоолашып келген.Алсак Манас атабыз ,Барсбек каган,Тайлак батыр.2-дүйнѳлүк согушта да канчалаган адамдар курман болду.М:Ч .Түлѳбердиев, Д. Шопоков,Д.Асанов, Таранчиев жана башкалар.Өзүнүн мекенинин куттуулугу ,кѳз карандысыздыгы үчүн душман менен жан аябай салгылашып ,тарыхта даназаланып ,манасчылар тарабынан кайра-кайра  айтылып жаткандыгы жѳн жайынан  эмес экен деген ойго келесин.Элде жакшы сѳз бар эмесби «булбул үнүн,жигит журтун сагынат»-деген бул сѳздү чечмелейм десен Азамат Алтайдын окуясы жетиштүү .Башка жерде жүргѳндѳ мекенимдин бир ууч топурагы тоодой байлыкка да арзыбай калары баарыбызга белгилүү.Кудайга шүгүр мен ѳз мекенимде жашайм .Мекен-мен үчүн кудай берген белек .Ал белекти кандай кабыл алабыз ал ар адамдын ѳз эркинде.
   Мекен болгондон кийин аны гүлдѳп ѳнүктүрүүнүн ар кандай жолдору бар.Мисалга: Кээ бирлери реформаларды жүргүзсѳ ,кээ бири коншулаш ѳлкѳлѳр менен ар жаатта (экономика,туризм ж.б ) биргеликте иш алып барып ѳнүктүрүп келишкен. Мен Кыргызстанды ѳнүктүрүү үчүн эн биринчи бала бакчадан баштамак элем.Анткени ар бир бала –ѳлкѳнүн эртенки келечеги.Алардын ан сезимине мекен деген түшүнүктү эч нерсеге алмаштыргыс нерсе деп түшүндүрүп үйрѳтсѳк, бала тез эле кабыл алып,аны сактоого бүгүнтѳн баштап киришет.Ал үчүн тарбиячылардын атайын сабактарды ѳтүп ,айтышыбыз керек.Оюбуздун  ишке ашышы  үчүн эн күчтүү ѳтѳ билимдүү адамдарга муктажбыз,анан билим берүүгѳ (орто окуу жайларга ЖОЖдорго болсун )кѳнүл буру зарыл.Күчтүү кадрлар-ѳлкѳнүн эртенки тиреги.Кадр болгондон кийин сѳзсүз түрдѳ шарттар жана ишканалар болуусу абдан зарыл.Айта кетүүчү нерсе,эн башында  мамиле болушу керек .Иш каналар менен ишканалар,мамлекеттер менен мамилешкенде гана иштер онунан чыгып,анан алдыга жылат.
   Мен  Кыргызстан  учун  бир  чети  суктанып намыстанып кетем.Суктангандын себеби:ѳлкѳ табигый русурстарга бай ,тоо десе ак мѳнгү баскан тоосу,суу десе мѳлтүр тунук суусу,жашылча –жемиштердин табигый экенин айтпай эле койойун ,мунун баарысын айтканга сѳз жетпейт.Ал  эми намыстанганым болсо:табигый продукциянын баарысы бизде болгону менен аларды кайра иштетүү жаатында биз ѳзүбүздү камсыз кыла албайбыз.
     Менин оюм боюнча ѳнѳр жай тармагында ѳтѳ кѳп кѳнүл бурушубуз керек.Женил ѳнѳр жай кыйла ѳнүгүп калган ,бирок ѳлкѳнү толук камсыз кыла албайт.Эгер биз жетишерлик ѳлчѳмдѳ фабрика завод фирмаларды курсак  элге пайдасы кѳп болмок .Элди жумуш менен камсыз кылып-миграцияга бираз болсода бѳгѳт коюлмак .Акча ѳз наркын жоготпой тынымсыз кыймылда болмок .Өлкѳда ѳзүн-ѳзү тейлеп сырттан импорт кылам деп кѳп түйшѳлмѳк эмес.Ал үчүн сѳзсүз иштин башында талбаган эмгек талап кылынат.Эгер башында чыдап фабрика -заводдорду куруп, анан кадрларды   жумушка тартып алсак кийин үзүрүн кѳрүп жатмакбыз.Сѳзсүз ал үчүн бычака сап болгон ишке чыгыш керек.Айтмакчы, маданиятка кѳнүл буру ѳтѳ зарыл.Маданият Кыргызстанда бир кыйла ѳнүгүп ,ѳз нугунда бара жатат.Эгерде мынданда ѳнүктүрсѳк бизден дагы атактуу жазуучулар, акындар,сүрѳтчүлѳр, актëрлор ,ырчы бийчи ,спортчулар чыкмак эле.
  Дагы бир жак  туризмди ѳнүктүрүү мен үчүн жер бетинде Ысык-Кѳлгѳ,Сары- Челекке тендешкис бир дагы кѳл жок.Булардын четине кѳптѳгѳн иш каналарды ачып ,туристерди татыктуу тейлеш керек.
       Кыргызстандын ѳнүгүшү,эн оболу,элдердин достугунан кѳз кранды болот.Ошон үчүн ѳлкѳнү ѳнүктүрѳм десен,эн алгач ниетинден,анан аракетинден башташын керек.Мен Кыргызстан келечекте гүлдѳп – ѳнүккѳн эн алдынкы ѳлкѳ болоруна ишенем!

Мекен сага кереги эмне мүрѳктүн
Бир ѳзүндѳн менда таптым түнѳктү
Керек болсо бир ѳзүнѳ денимден
Сууруп берем согуп жаткан жүрѳктү.


Мекенидин ѳнүгүшүн каалаймын
Жакшылыкты сага гана арнаймын.
Мекен !Мекен! Өзүн сѳздүн баалусу
Өмүрүмү мекениме байлайын.

Мактоо керек мекенимди ардактап
Сен ѳстүрдүн мени дагы кубаттап
Алаканга салып менда карайын
Ата-эненин мээриминдей аярлап.


Ош облусу.Ноокат району,Н.Исанов айыл ѳкмѳтү.Чеч-Дѳбѳ айылы
А.Осмонов мектеби.Абдытайыр кызы Элнура. 9-класс .


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 14:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Токтобаева Земфира
Кыргыз жеримдин гулдӨп Өсушун каалайм.
« Кыргыз жерим гүлдөгүн,
Гүлүң төгүп көбөйгүн » - демекчи. Мен Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм. Анткени Кырыгызстан улуу Манас бабабыз баштаган көптөгөн улуу инсандар мекендеген өлкө.
Кыргызстан мен үчүн аябай ыйык ,кымбат, эчнерсеге алмаштыргыс нерсе. Ар бир адам өз мекенин гүлдөп өсүшүнө ак батасын айтат. Менин мекеним-менин сыймыгым! Кыргызтандын туусун ,желегин мисалга алсак жөнөкөй желек менен бүт дуйнөгө таанытсак болот. Ысык-Көлдүн кереметинен ,ырахатынан дары алыш үчүн менин өмүрүм аздык кылат. Мекенимдин гүлдөп өсүшүнө баардыгыбыз бирдей сууну кечип өтүшүбүз керек. Көп улуттарда тазалык маселе козголот.Ошол сыңары тазалыкты сактоо өз алаканыбызда! Тазалыкка ,маданиятка , соз баалулуугуна жана эн кымбат билимге таянсак мындан ары бакыт биздин колубузда. « Ааламга жол айылдан башталат » - дегендей биринчи орунда айылдын тартибине жана сөзсуз билимге баш ийсек айылдын наамы ,аты , данкы чыгат. Андан кийин шаарга кадам шилтейбиз. Ар бир адамдын жүрөгүндө мекенди сүйүү сезими болушу керек. Илгери ата-бабаларыбыз ынтымакта болушкан ,бири- биринин созүн угушкан. Бир жерди бары иштетип ,эмгектенип бөлүшүп бала – чакасын багып келишкен. Азыркы заманда бары ынтымаксыз! Бул Кыргыз жеринин гүлдөшүнө аябагандай терс таасирин тийгизет. Эгерде чон адамдар ынтымаксыз болсо ,анда кичинекей балдар чондордон терс үлгүнү алып чоноюшат. Кыргызстандын келечеги ушул кичинекей бөбөктөр! Ар бир ата-эне өзбалдарынын ой-пикирлерин угушу керек. Аларга көбурөөк элдик жомокторду окуп бериши керек.Кичинекей бөбөктөр баардык нерселерге ишене берет. Алар ишенген убакта аларга жакшы нерселерди айтып эл жерине керектүү уулдардан бол деп , чонойгонунда армияга барып мекенинди коргой турган балдардан эстуу , намыстуу , жоопкерчиликтуу болгун деп айтса . Ал балага жакшы жактан үлгү болот. Менин ой пикирим : Мен он үч жаштамын( 13 ) , мен кыргыз элине болгон көз карашым аябагандай башкача. Себеби кыргыз эли ушундай татаал жашоону тандапалган. Эмнеге ? Кыргыз эли башка мамлекетерге карап кетип жатышат .Анткени алар жумуш издеп жүрүшөт. Мен аны жакшы түшүнөм . Азыр атаандашуу күчтүү жүрүп жатат. Мисалы бир үй – бүлөө эки кабат үй салса ,кошуналары аны көрө албай мен дагы ошондой үй сала алам деп насыя алып , үйүн жарым жартылай бүтүрүп , акчасы жетпей чет жакка аргасыздан кетип бара жатышат. Насыя албай эле атаандашпай үй салсын .Мейли атаандашсын бирок башка тармактан атаандашсын: «сабак , билим ден атаадашсын» . Чет мамлекеттерге барып иштегенден эмне пайда? Бирөөнун элинде жүрүү кандай башкача .Алар дайыма кел , чай ичип кет дебейт. Алар кыргы зэлиндей меймандос эмес. Кыргыз эли меймандос калк болуп келишет. Конок келсе үйүнө дайыма жүзү жарык , май күйүп , кой союп , конокторду дайыма сылык мамиледе тосуп алышат.
Бул дагы кыргыз жеринин гүлдөшүнө алы келет.Кыргыздар жерди өркүндөтүү үчүн мал-чарбачылыгын, завод-фабрикаларды ачып иштетиши керек. Аларды ачсак дагы аларга керектүү нерселер өзүбүздө бар. Айтышатго адамдын колунан келбеген жумуш жок. Болбогон жумушту болтурганга уста деп .Көрсө адамдын колунан баары келет экен. «Жайыттын корккүн мал берет ,жыйыктын коркүн тал берет»-деген дей алдагы, талдагы өзүбүздө. Мисалы: жаңгактын жыгачынан эмерек мебельдерди чыгарып, малдан сүт –азыктарын алсак болот. Анан дагы пахта өзүбүздө өсөт. Пахтаны өндүрүп иштетсек, ал нерседен кездеме, жибек жиптер, чигитинен май, малдарга жем чыгарсак болот. Кыргыз эли ак алтын пахтаны жакшыиштетитип, өндүргөндү билишет. «Уйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?» -дегендей үйрөнүп билген нерсени жасай берсек. Пайдасын көрө берсек Кыргызстанга биз эн жакшы пайдасын көрсөткөн болобуз. Кыргызстан өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин бири. Менин оюмча бизде бир нерсе көйгөй кылат. Ал нерсе Жогорку Кенеш. Жогорку Кенеште (ЖК) депутаттар абдан ынтымаксыз болу пжатышат. Алар бир маеселени так чече алышпай , биринин сөзун бири укпай жатышат. Эгерде ошентте беришсе Кыргызстандын адепсиз экенин көрсөтүп коюшат.Күч бирдикте дейт.Алар чогуу , бирглелешип масалелерди талкууласа. Алар Кыргызстанга жакшы нерселерди салып бере алышат. Мисалы : балдар ойной турган аянтча, бийик-бийик мектептерди , мечиттерди салып бере алышат. Кыргызстанда бир ажо башчы, бир жуз жыйырма депутат бар. Мен ажо башчыбызга абдан ыраазымын. Себеби Ош шаарына көптөн күткон көпүрөнү куруп салып берди, чечилбеген маселелерди чечип берди. Мен ажо башчыбызга калоорум узун өмур, денсоолук, иштериийгиликтүү болушун каалайм. Жана да кыргыз элине , кыргыз жерине ынтымакты, достукту, сабырдуулукту каалайм. Мендагы СДПК партиясынын депутаты Даминов Дыйканбай Ысабаевичке ыраазымын. Алайылыбызды шаардан кем кылбай электр чырагын бирден бир коюп берди. Бул даг ыкыргызстандын жетишкендиги. Биздин мекенбиздин Кыргызстаныбыз чындыгында бейиштин төрундо экен. Суусу десе суусу, тоосу десе тоосу, токойлору десе токойлору бар. Кыргызстандын суусу эн таза суу деп эсептелет . Мындай таза суу эч жерде жок. Мисалы: Башка малкеттерде мындай табигый суусу жок. Алардын суусунун составында хлор бар.Ошон үчүн алар атайын тазаланган сууну ичишет.Бизде тоолор көп , тоодон аппак , аппак болгон карлар себелеп түшүп, мөңгү пайда кылат. Мөңгү эрип барып суу болот. Кыргызстандын суусу абдан даамдуу суу!
Кыргызстан кичинекей өлкө болсо дагы кен байлыктарга , дары - чөптөргө , дары – булактарга өтө бай өлкө. Кыргызстандын дагы бир кен байлыктары ГЭС ,КУМТӨР жана жаратылыш ресурстары. Бирок биз Кумтөрдү иштете албай , чет мамлекеттерге сатып берип жатабыз.Эгер биз аны сатпай , завод , фабрикаларды ачсаканда биз анданда көп киреше тапмакбыз . Бирок иштете албай Кыргызстанга кичине болсо дагы зыян жагын алып келип жатабыз .Биз аны сөзсүз жоюшубу зкерек . Биздин кереметтүү көлдөрүбүздүн бири Ысык-Көл , бул көлдүн керемети баарыбызга белгилүү . Ысык –Көл турризмдердин өлкөсу деп аташат. Анткени бул жерге туристтер көп келип , эс алып кетишет.
Белгилүү кыргыз эл акыны А.Осмонов Ысык – Көлдү аябай жакшы көрөт эле. Эң жакын досу Ысык–Көл эле. Алыкулдун оорусу күчөгөндө ,көлдүн жээгине басып ,келип өз дабасын таап турчу. Ал гана эмес Ош шаарыбыздын төрүн ээлеген убагында Жибек Жолу болгон Сулайман Пайгамбарыбыз жашап өткөн эн ыйык Сулайман Тообуз бар. Миң дартка даба болгон Жалал-Абад суубуз бар. Кыргызстан өтө кооз жаратылыш байлыктарга бай өлкө. Аларды таза бойдон сактап Кыргызстанды өнуккөн мамлекет катары биз кийинки келечек муундарга өткөрүп берүү ыйык милдетибиз! Ээ койчу деги айта берсең айтып бүткүс. Кыргызстаным өркүндөй бер өсө бер , жүрөгүм сен деп согот дайыма…
Созумдун аягында Манас атабыздын жети осуятын кошкум келди:
1. Эл журттун бүтүндүгү
2. Улуттар арасындагы ынтымак
3. Улуттук ар-намыс
4. Алдыңкы өнөр –билим
5. Адамды, ата-бабаны урматтоо
6. Табият менен таттуу мамиледе болуу
7. Мамлекетти чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.
Ош пирим Манас атабыз өзу колдосун..! Оомийн…
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн мен чындилимден , чын жүрөгүмдөн каалаймын! !!
Ата- энем чет өлкөго чыгыша каршы эмес жана жарандык паспорт алып берүүгө даяр.
Дил баянды ез колум менен жаздым.
Токтобаева Земфира Гуламжановна 8 «в» класстын окуучусу
Ош облусу Кара –Суу району Мөнөк айылы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 14:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жаныбек кызы Турсунай
«Мен кыргыз жеримдин гулдоп – осушун каалайм!»


Менин атым турсунай. Мен борбор-Азиядагы кереметтуу мамлекеттердин бири,буткул дуйно жузундо озуно тендеши жок, Гомердин «иллиада менен Одесеясын» чанында калтырган , «Улуу Манас» эпосу менен буткул дуйного таанылган Манас бабам жердеген Кыргызстанда жашайм.Арийне, Кыргызстан деген созду уккан ар бир кыргыз жарааны коз алдына : жети кабат жер устундо озуно тендеши жок эпос «Манасты»,атагы ааламды жарган залкар жазуучубуз Айтматовду, 500553 сап манасты токтолбой айткан манасчыбыз Саякбай Каралаевди кышы -жайы тонбогон берметибиз Ыссык-колду, коп жерде кезикпеген улуттук суусундугубуз кымызды ,айкол Каныкей энебизди, ордолу Ошубузга корк берип турган Сулайман-тообузду ,элинин тынчтыгы амандыгы учун озунун канынан буткон баласынын омурун саадака чапкан батыр датка энебиз Курманжанды, нечен кылым карыткан тарыхыбызды ,айтор деги койчу ак калпакчан аталарыбызды, ак элечекчен энелерибизди, эли мейм ан дос, жери кооз жерди элестетери турган кеп.
Тарых беттерин барактасак уюткулуу элим кандай гана кундорду баштан кечирбеди, ким гана болуп журбоду?Улуу Ата-Мекендик Согуш жылдарында нечендеген аталарыбыз ,агаларыбыз эл-жеринин эртенкиси учу нок алдына оз журокторун эч жалтанбай туруп тосушту!1916 –жылкы уркун мезгили нде Кытайга качып барып ал жерден адам чыдагыс кордуктарды корушподу! Бир узум нан , бир чойчок талкан учун куну кечке иштегенге аргасыз болушканычы? Он гулунун бири ачыла элек жаш кыргыз кыздарынын аталарынан улуу бай-манаптарга сатылганы ар бир кыргыз мырзасынын дегеле буткул кыргыз элинин журогуно канжар болуп сайылат! Бирок ал кундор отту , кетти! Биз эгемен оз алдынча Кыргызстанда бул дуйного келдик. Кыргызстан бул биздин киндик кан тамган жерибиз.Өлкөбүздүн топурагы ар бирибиз учун алтын! Биз асман тиреген,ак кар баскан зоолорубуздан, кок кашка молтур тунук
Сууларыбыздан, таза абабыздан эргүү алабыз.Жаратылышыбыздын кооздугуна суктанып,ага жан дүйнөбүздөгү сырларыбызды төгөбүз.Биз мына ушундай кооз жаратылыш койнундагы Кыргызстандын кулунубуз.Кыргызстан бул биздин өткөн тарыхыбыз,бүгүнкү жаркын күнүбүз жана дагы эртеңки келечегибиз. Бул жер биздин ата-бабаларыбыздын мурасы жана дагы биздин келечектеги урпактарыбыздын мекени.Ошондуктан биз үчүн кыргыз жерибиздин гүлдөп өсүшү эң биринчи орунда.Өлкөбүздү дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекеттердин тизмегинен табуу үчүн,албетте мен, сиз ,ал баарыбыз мекенибиздин гүлдөп өсүшүнө өз салымыбызды кошушубуз шарт.Анткени биз өз өлкөбүз үчүн күйбөсөк ким келип эле ме ал деп оозубузга нан салып бермек эле.
Ооба өлкөбүз учурда өнүгөп келе жаткан мамлкеттердин катарын толуктап келе жатат.Биз канткенде өнүгөбүз.Же учурдагы кайсы көйгөйлөр өлкөбүздүн өнүгүүсүнө тоскоол болууда.Албетте, коррупция же жемкорлук.Бул дартка мекенибиз белчесинен баткан экен, учурда андан чыгуу да тоодой түйшүктү талап кылууда.Коррупция эң эле таза,бейкүнөө наристе жарыкка келчү төрөт үйүнөн тартып,тээ ак үйдүн 7-кабатында өз кулачын кеңири жайып отурат.Өзүмчүлдүк, кайдигерлик азыр мен байысам,менде гана болсо айтор өзүнөн башка эч кимди ойлобогон өзүмчүл адамдардын көптүгүндө. Мекенибизидин өнүгүүсүнө кайдигер карообуздан .Жазалардын женилдити.Озубуздо бар байлыктарды туура колдоно албагандыгыбыз. Кылым карыткан кыргыз элибиздин кымча бел сулуу кыздары эзели ата-бабабыз укпаган жоруктарды жасап жаткандыгы, мырзаларыбызда болсо байыркы бабаларыбыздай күчтүү намыс менен баатырдыктын жоктугу .Эне тилибизге болгон сумсак мамиле.Жергебиздин гүлдөп өсүшүнө тоскоол болуп жаткандыгын четке кага албайбыз.Бирок бизде мүмкүнчүлөктөр толтура.Биз ушинтип артта калдык,өнүкпөдүк, байбадык деп чүнчөп отура берсек эч качан өнүкшөшүбүздү билелик.Андан көрө келгиле замандаштар биз алдыга умтулайлы,изденейли, аракет жасайлы.Кел мекендеш сен да чете карап турба !Тур!Жок эле дегенде эле таза өлкөдө жашагың келеби.Анда колуңдагы таштандыны көчөгө эмес чекедеги таштанды челекке салып кой!Башкаларга үлгү бол!Кайдыгер караба.Бул абдан жеңил жана баарыбыздын колубуздан келет. Эмне үчүн башка мамлекеттер таза деп ойлойсуздар, анткени алар өз олкосуно кайдыгер мамиле жасашпайт.Же бизидн олкого асмандан таштанды жаап жатабы.Эмнеге башка мамлекеттер бай деп ойлойсуздар. Анткени алар элдик казынага кол салышпайт.Мындай жумуштар биздин да колубуздан келет.Элестетсеңиздер, биз башка элдер суктангыдай кооз жербиз башка элдерге мактана ала турган маданиятыбыз, салт-санабыз тарыхыбыз бар.Ар элдин онугуп осушу ошол элдин маданият жана онор коронгосуно байланыштуу болот дешет.дуйнонун торт бурчуна илим жана искусство жаатындагы чыгармалары сунган эл,ошол чыгармалары менен «мына мен да бармын»деп жар салып турат.Карачы мекендешим !Ата-бабаларыбыз бизге калтырган маданий мурастарын, Ак калпак,ак элечек,боз уйубуз дуйного таанылып келе жаткан оймо-шырдактарыбыз, уч кыл комузубуз манасыбыз,Чынгызыбыз кок бору салбурун сыяктуу ЮНЕСКОго кирген маданий баалулуктарыбыз!
Мен олкомдун гулдоп онугушун каалайм булл учун элдин бары бир максатта болсо дейм.Бири туура коргон ишти башкасы четке кагып турса,ал эл кантип онуксун.Элдин онугуп осушу учун ал элдин ой-пикир жана ан-сезим жактан тарбияланышына байланыштуу. Ан-сезими оспогон элдин онугушу мумукунбу,Алэми ан-сезимдин осушуно илим-билимдин таасири зор.Бирок билимдуу жаштар батыштын тарбиясы менен эмес,элдик маданият менен тарбияланышса керектуу натыйжага жетуу оной болоор беле.Мен олкомдун элимдин билимдуу болусуун тилеп кетээр элем.Себеби менин кыргызстанымдын баардык мучолору толук бышып жетиле элек.Демек бардык мучолору толук бышып жетиле элек мамлекетти башкаруу иши мамлекет ичиндеги эн билимдуу,иш билги адамдарга биригиши керек.
Мен элимдин осуп онугушун каалайм.Жана ыймандуу кыргызстанда жашагым келет.Азыркы учурда коптогон адамдар саясатчылар, «дуйно саясий экономикалык каатчылдыкта»капталды дешуудо.Ооба булл каатчылдыктар бар бирок андан да окунучтуусу, ан-сезимдуу адамдарды ойлонто турган каатчылык булл жан дуйно каатчылыгы ыйман,адеп-ахлах каатчылдыгы каптаган учурда башка каатчылдыктар эч нерсеге татыбай калат.Анткени экономиканы которуучу саясатты башкаруучу адамдар да ыйман болбосо,паракордук ,адилетсиздик сыяктуу жаман адаттарга белчесинен батып турушса,онолуу болушу мумкунбу.Башкаруучулар кандай мыйзам жазбасын аларды аткаруучу адамдар да ыйман болбосо онолуу болушу мумкунбу.Карачы досум!Бизде баары бар.Шаркырап аккан булактар,жайнаган эгин талаалар,ак монгулуу аска –зоолор ,кен байлык ,чытыман токойлор! Жетиштуу эле эмес ашыгы менен.Бирок бугун биз эл журтуна куйуп бышкан оз кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын ойдо коргон азаматтарды таппай баратабыз.Бироонун акысынан коркпой,бироонун мал-мулкун басып алуудан кайтпай калдык.Пайгамбарыбыздын доорунда адамдар бироонун акысын алуунун ойлонуудан да калтырак басып коркушчу экен.Коомдогу ыймандуулардын азайуусу эн коркунучтуу оору.
Биз кыргыз деген улуу элден экенибизди эч качан унутпашыбыз керек.Бизге билинбегени менен улуу эл экенибизди далилдоочу салттарыбыз, урп-адаттарыбыз бар.Биз наристе ыноолоп бул жарыкка келгенде башка элдерге окшоп дароо эле башка адамдарга бактырбайбыз. Биздин бобоктор энесинин алдей ырын,атасынын акыл-насаатын, тарбиясын коруп чоноюшат.Биз мына ушундай бобок торолгондон тартып той откоргондугубуздон да мыйман дос калк келсек керек.Биз онугобуз! Кун сайын мекенибиздин, Кыргызстаныбыздын онугуп келе жаткандыгын элибиздин санын осушу,жакында эле жарыкка келген 6-миллионунчу жараныбыз Айлин буга далил.Келечекте кыргызстандын желеги дуйнодогу эн алдынкы мамлекеттердин, эн алдынкысы болуп туруусун ар куну кудайдан суранам.Менин журогумдо бир гана эл, бир гана жер бар.Ал «кыргыз элим» «кыргыз жерим».Мен оз мекенимди абдан суйом.Мен кыргыз болуп торолгонумо, каным кыргыз экендигиме бактылуумун! Мен жопжонокой кыргызмын.Кыргыз болгондон кийин кыргызымдын, гулдоп осушун каалайм.
Ар кандай журоктон чыккан соз, журокко жетет менин томондогу дил баянным булл менин журогумдо болуп жаткан жана дагы чыныгы журоктон чыккан создор.Менин создорумдон кимдир бироо таасирленсе же жон гана ишенсе мен чексиз бактылуу болом.




Эгер мен жонундо билгиниз келсе мен Жаныбек кызы Турсунай 2000-жылы Ош облусунун Алай районундагы Кабылан-Көл айылында торолгонмун. Учурда № 25 Э.Мурзаев атындагы орто мектепте 9-класста окуйм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 15:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Анарбаева Айданек
Касиеттүү кагылайын кыргыз жерим,
Көрктөнө бер , өркүндөй бер мекеним. Кылымдарда сан миң жылга аты калган. Гүлдөй бергин өсө бергин менин жерим.

Кыргыз жери- бул кандай гана кооз, кандай ган асыл жер, төрт мезгили
төп келген туулуп өскөн жерибиз, андагы бир боор тууган элибиз. Кыргыз жерин укканда көз алдыбызга эмнелер гана келет. Кандай сезимдер менен коштолот? Айтор, сөз менен жеткире албастырбыз. 《 Туулган жердин топурагы алтын 》-демекчи, кыргыз жеринин бир ууч топурагы биз
андан да баалуу нерселерге тете. Жаратылышы суктанаарлык, айрыкча аны ар бир мезгилде көргөн адамдын көзү тойбос, ушунчалык кооз жер деп айтсак болот. Бийик-бийик асман тиреген тоолору, шаркырап таштан-ташка урунган таптаза суулары, туптунунук мөлтүр булагы, жапжашыл көйнөк кийген сымал айланасы, кимди эле таң калтыра койбойт. Байыртадан кыргыз эли мал чарбачылык менен алектенип келишкен. Колунда кармаган төрт түлүк малы, эт-сүттөн жасаган нукура кыргыз тамагы, элинин мейман достугу менен кыргыз жерине ушундай калк бар экенин айнигелеп турат.
Арийне, байыркы убактан бери касиеттүү кыргыз жеринде жашаган калктар өзгөчө биздин ата-бабаларыбыз жаратылышка аяр мамиле жасап келишкен. Бак- дарактарды, арча-карагайларды отургузушкан. Аларга ар дайым баласындай жакшы мамиледе болуп келишти. Сууга айрыкча аяр мамиледе болушкан. Суу-баардык жандууларга керек болгон, ансыз өмүр жок дешип, сууга ыплас нерселерди таштоодон алыс болушкан. Суу -биздин жүзүбүз, аны канчалык таза сактасак ошончолук жүзүбүз ак болот деп эсептешкен. Айтор, байыркы биздин ата- бабаларыбыз кыргыз жерин таза сактап, кийинки муунга өткөрүп беришкен.
Биздин заман. Азыр баарыбызга белгилүү техника-технологиянын заманы. Учурдагы заман адамдары : интернет,facebook, whatsapp сыяктуу социалдык тармактарды колдонуп келип жатат. Күн сайын деги эле саат сайын замандын талабына ылайык нерселер чыгып келе жатат. Албетте,булар химия жолу менен реакцияга кирип андан пайда болгон заттар. Мисалга алсак, биз колдонуп жүргөн эле каучукту алалы . Андан кандай гана нерселер жасалбасын. Аны ар бир үй пайдаланат. Бирок, эригенден кийин узак жылдарга түзүлүшүн бузган абалда эмнеде эрисе , ошого жабышып катып калат жана сакталат. Ал эрип жатканда канчалаган зыяндуу газдар абага чыгышат. Күн сайын ушуга окшогон процесстер болуп жатат. Анын таасири астында жандуулардын баарына залакасы тийип жатат. Андан сырткары синтеткалык кийимдерди айта кетсек, алар мурда ата- бабаларыбыз кийген тондор, булгаары өтүкөрдөн абдан айырмаланып турат. Анткени алар жылуулугу жок, аба өткөрбөйт , аз келгенсип жарактан чыккандан кийин пахта сымал күйүп жок болбойт. Эрип, карайып, бири-бириее илешкен затты пайда кылат. Бул жок болот,бирок, бир канча убаккыттан кийин гана... Мунун айтканымдын себеби азыркы иштетилип чыккан продукциянын баары химия жолу менен биздмн тамак-ашыбыздан баштап, кийе турган кийимибизге, жашай турган үйүбүзгө, ал тургай эгин эккен жерибизге чейин пайдаланылып келе жатат. Албетте, мен каршы эмесмин дүйнө өнүксүн, заман өнүксүн,элдер өнүксүн, замандын талабы деген ушул да , биз колдонолу. Бирок, аларды жок кылуу маселесин дагы да иштеп чыгышыбыз керек. Абаны тазалоочу, завод фабрикалардан , ири ишканалардан чыгуучу түтүндөрдү тазалоочу түтүктөрдү орнотушубуз абзел.
Ошондой эле, суу ресурсуна бир кылчайып карап коёлу. Себеби, азыркы учурда суунун жарым пайызы акыр-чикирлерге, таштандыларга толгон. Кыргызстан сууга мол мамлекет болсо , ал да таза эмес болсо, анда деги эле суу бар деп айтуу чындыкка дал келээр бекен. Ошондуктан, урматтуу Кыргызстан жарандары сууларды таштандылардан тазалайлы, мумкун болсо таштандыны да таштабайлы, ал үчүн атайын урналар бар го, ошолорго таштайлы. Чындыгында биздин сууга таштанды таштоого укугубуз жок.
биздин өмүрүбүз, суу жок болсо, эмне кылабыз? Кандай арга табабыз? Башка мамлекеттердей сууну сатып алабызбы же өлүмгө өз колубуз менен барабызбы? Бул абдан коркунучтуу абал болот. Андайды кайсы адам гана элестетпесин. Сууга зар болгон нечендеген адамдар бар. Суу- сыйласан зор болосун, суу- кордосон кор болосун. Урматтуу! Кыргызстан жарандары сууну сыйлайлы , аздектейли. Ошондо жогорудагы макал айтылгандай , биз адамдар зор болорбуз.
Кыргыз жери кантип гүлдөп өсөт. Бейиштей болгон жаратылышы менен . Биз жаратылыштагы кендерди казабыз, нефть, газ
өндүрөбүз деп айтарбыз. Биринчи орунга чыгып дүйнөнү өзүбүзгө багындырарбыз, карыз албай ,карыз беребиз деп ойлоноорбуз. А бирок, азыр нефть менен дүйнө өнүгө алса, андан кийин суу боюнча өнүгөттүр. Себеби, бара-бара нефтинин саны көбөйүп, сапатын жоголотору шексиз. Ошондо, таза сууга болгон талап көбөйөттүр. Мен тилектешмин бир күн келип бул ой ишке ашат. Анткени, адам баласынын ою эч качан :бул жакшы, тигил жаман деп ылгабайт, болгону аны ишке ашырат.
Кыргыз жеринде илим билимдүү адамдар көбөйгөндө мамлекет гүлдөп
өсөт. Илимдүү адамдар качан биргелешип иштегенде, биримдикте болгондо гана мамлекеттин гүлдөшү шексиз. Мамлекетте качан сапаттуу билим болсо, талап катуу болсо, окуучулар, студенттер ушунчалык чымырканып окушат. 《Аракет кылса -берекеттин көрөсүн》- деп айтышат.Эгерде бизде токсон тогуз пайыз аракет бир пайыз талант болсо, биз максатыбызга жетебиз. Байлык, мурас бир күндө жок болор, ал эми билим болсо эч качан жоголбойт. Билим алуу- ийне менен кудук казгандай. Ушундай татаал жол менен кыйналып-кысталып билим алуу абзел. Ийгиликке жетүү үчүн, ар дайым кыйынчылыкта такшалып, тажрыйба топтошу керек. А ийгиликтүү адамдар гана мамлекеттинин гүлдөп өсүшүнө абдан көп салымын кошо алат. Бизди алаксыткан нерселер: уйкучулук, жалкоолук, кенебестик жана кайдыгерлик. Бир кумалак бир карын майды чириткендей , жогорудагылар жакшы адамды чиритет. Эгер ал бул сапаттарын таштабаса. Ошондуктан биз эч качан кайдыгер болбой мекенибизди гүлдөттүшүбүз керек. Бул биздин милдеттибиз. Демек, биз ийгиликтүү адарды устат тутуп, тажрыйба топтоп, көп тил билип , чет жактарга барып, тажрыйба алмашып, мамлекетибизди өркүндөтөйлү жана да келечек муундарын татыктуу тарбиялап, аларга мекенибизди мурас кылып татыктку тапшыралы.
Корутунду:
Мен Анарбаева Айданек бул дилбаянды жазып олтуруп, жеке өзүмдө ой-пикирлер, максаттар пайда болду. Мен ыраазымын ушул конкурска катышып жатканыма жана да уюштуруучуларга ыраазылык билдирем. Ар дайым ишиниздер ийгиликтүү болсун. Албан-албан ийгиликтерди каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 15:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сайипжанова Шахризода
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.
Кыргызстан менин өлкөм, менин жерим. Мен өз жеримди абдан жакшы көрөмүн. Кыргызстан кооз өлкөлөрдүн бири. Кыргызстан – тоолуу өлкө. Кыргыз тоолору бийик жана токойлуу. Кыргызстан мен үчүн дүйнөдөгү эң сүрдүү, кооз өлкөлөрдүн бири. Кыргызстанда кен байлыктар көп. Мисалы кооз таштар, курулуш металлдары, суулары же башкалар. Биз кыргызстанды бардыгыбыз коргошубуз керек. Аны ардакташыбыз, сүйүшүбүз керек. Кыргыз жерибиздин кен байлыктарын, анын сулуулугун биз ар дайым коргошубуз керек. Анткени биз Кыргызстандын келечегибиз. Кыргыз жерибиздин гүлдөп өсүшү үчүн биз баарыбыз салым кошуубуз керек. Биздин жерибиз абдан кооз, анда кыргыз бийлери, оюндары, кийимдери, таттуу кымыздары менен биздин өлкө бардык өлкөлөрдөн ажырап турат.
Айылда көп мөмө жемиштер өстүрүлөт. Алар абдан таттуу жана бизде картошка, сабиз, пияз көп жашылчалар абдан жакшы өстүрүлөт. Суу дагы абдан таттуу. Абасы таза.
Кыргызстанда көп таланттуу адамдар бар. Жазуучулар, акындар жерибиздин гүлдөп өсүшүнө алар дагы көп салым кошушкан. Алардын чыгармалары ырлары, поэмалары менен кыргызстандын гүлдөп өсүшүн айтышкан. Мисалы Манастын 7 осуятында жазылган Табият менен таттуу мамиледе болуу. Мен ушул осуятты түшүнүп, аны чечмелеп, кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүнө салым кошкум келет.
Кыргызстанда бардык адамдар тазалыкты, тынчтыкты сактаса гана ошондо жерибиз гүлдөп өскөн жер болот.
Мен өзүмдүн жериме көп салым кошкум келет. гүлдөп өсүшүн дагы каалайм. Ал үчүн мен Кыргызстанда врач болгум келет. мен врач болуп бардык элимди дарылап, алардын ден соолугун чыңдоого аракет кылам.
Ошондо гана менин элим бардык өлкөлөргө караганда абдан күчтүү адам болушат.
Сайипжанова Шахризода
8-Б класс
Р.Хужамов атындагы орто мектеби


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   admin_superstan   12 Январь 2016 - 15:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сагынбаева Элина
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.


Мөңгү кетпей чокулары жылтырап,
Тоңгон муздар шөкүлөдөй жаркырап.
Ар жагынан бер жагына куш эмес,
Араң гана бороон өтөт калтырап.
А. Осмонов.


Кыргыз жери бийик тоолуу өлкө. Кайсы гана облусту, аймакты албайлы туш тарабы тоолор менен курчалган. Биздин ата-бабаларыбыз кылымдарды карытып, көчүп- конуп токтогон жери ак карлуу Ала-Тоо, мелмилдеген Ысык-Көл, кең Чүй, ордолуу Ош, Жалал-Абад аймактары болгон бейм. Башка мамлекеттер биздин өлкөнү күнөстүү, тоолуу Кыргызстан деп урматтоо менен мамиле кылышат. Тоолордун пайдалуу жактары көп. Төрт түлүк малга жайлуу, жайында көк шибер жайлоосу көз уялтып, кимди гана болбосун суктандырат. Тоо бар жерде кен байлыктардын түрлөрү да бар. Кыргыз жеринде көмүр, алтын, күмүш, сурма, сымап, уран сыяктуу стратегиялык кен байлыктар жетишээрлик. Эгемендүүлүк жылдарынан бери ар бир райондо көмүр кендери колдон келишинче казылып алынып, элибизге пайдасы тийүүдө. Ал эми Кум-Төр алтын кени - Орто Азия аймагындагы эң ири киреше берген ишканалардын бири. Статистикалык маалыматтарды окусам, ушунчалык кен байлыктары, иштетүүгө ыңгайлуу жерлери, суулары бар туруп, Кыргызстан Орто Азияда жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет экен. Эмне үчүн мындай? Эгемендүү өлкө аталганыбызга 25 жыл толуптур. Чейрек кылымдык убакыт. 1990-жылы төрөлгөн бала 25 жашка чыгыптыр.
Мен мектеп окуучусу катары ушул кезге чейин терең ойлонбой келген экенмин. Дил баян жазууга материал даярдап, изденип жатып, көп нерселерди окудум. Экономика, өндүрүш тармагында окумуштуулардын, серепчилердин ой-пикирлери менен тааныштым. Көп фактыларды анализдеп, кыргыз жеримдин гүлдөп өспөй эле жакырланганына ичим ачышты. Эмне үчүн ушул акыбалга келдик? Эмне үчүн Казакстан, Түркмөнстан өңдүү коңшулаш өлкөлөр гүлдөп өсүп жатат? Эмне үчүн алар менен тең ата боло албайбыз? … Айтор ушул сыяктуу суроолор биринен сала бири оюмду ээлеп алды.
Окуучулук көз карашым менен менин өлкөмдүн экономикалык абалы боюнча өз оюмду аз да болсо билдирүүнү туура таптым. Биринчиден, 25 жылдан бери элибиз “башкаруусуз” калгандай сезилди. Бул мезгилде чет өлкөлүк «акылдуулар» сунуш кылган демократияга баш-отубуз менен кирип, улуу муундагылар кашыктап чогулткан байлыкты түгөткүчө шашып, ишканаларды, завод-фабрикаларды таш-талканын чыгарып талкалаппыз. Жыйынтыгында, мамлекетте массалык жумушсуздук пайда болуптур. Биз ишенген, эл ишенген мамлекеттик деңгээлдеги атка минерлер элдин байлыгын тоноп, алдарынын жетишинче байышыптыр. Бир ууч эл башкаргандар байыганы менен карапайым эл жакырчылыктын сазына батыптыр.
Экинчиден, жакырчылыктын сазына баткан элибиз кара жанын багыш үчүн туш тарапка чилдей тараптыр. Илимий тил менен айтканда миграция күчөптүр. Миграция демекчи, өлкөбүз эгемендүүлүккө жеткени ички жана тышкы миграциянын агымы күч алды. СССР дин ыдырашы менен союздук республикалардын ортосундагы ар тараптуу байланыш үзүлүп, көптөгөн ири ишканалар токтоп, өндүрүш кыйрап , экономиканын начарлап кетишин шарттаган. Натыйжада жумушсуздук күч алып, массалык түрдө жер которуу башталган.
Коңшулаш Россия, Казакстан мамлекеттеринин экономикасынын өсүшү менен жумушчу күчү талап кылынып, мекендештерибиз эмгек мигранттарына айланышты. Алардын көбү курулуш иштеринде жана тейлөө тармактарында эмгектенишет. Акыркы күндөрү утурумдук миграция көнүмүшкө айланып, башка өлкөнү байырлагандар көпчүлүк учурда ошол өлкөнүн жарандыгын алышууда.2010- жылкы апрель, июнь айларындагы каргашалуу окуялардан кийин да мигранттардын жаңы толкуну жаралгандыгын адистер айтышууда. Өз келечегин бул жерде элестете албагандар, үй-жайсыз калгандардын айрымдары Кыргызстандан көчүп кетүүгө мажбур болууда. Миграция экономикабызга гана таасирин тийгизбестен, биздин үй-бүлөбүздүн бүтүндүгүнө да коркунуч туудурууда. Жумуш издеп кеткендердин көпчүлүгү эркектер экендиги эч кимге жаңылык эмес. Чет өлкөдө жүрүп, экинчи үй-бүлө күтүп алгандар да арбын кездешет. Карыган ата-энелерине балдарын таштап коюп, канчалаган жаш жубайлар чет жактарда жүрүшөт. Эмгекке жарамдуу жаштар өз бактысын башка мамлекеттен издеп жүрсө, үй тиричилиги, чарба түйшүгү карылардын моюнуна түшүүдө. Байыртадан келе жаткан «жазылбаган мыйзамдарыбыздын» жарактан чыгып баратышы мени ойлондурбай койбойт. Калкынын саны аз, экономикасы начар мамлекетке миграция терс таасирин тийгизет. Анысы аз келгенсип, телчигип араң басып келе жаткан мамлекетибизге ыксыз ырым-жырымдар, шаан-шөкөттөрдүн көп болуусу да белге тээп турган чагы. Көпчүлүк элдер артын ойлобостон, куру намыска алдырып, болгон оокаттарын сарптап, дүнгүрөтүп той берүүдө. «Каргага теңелип, каздын буту сыныптыр» деген сыяктуу тойдон кийин балдарын карыздарын төлөө үчүн, топуратып чет жакка айдашат.
Менин түшүнүгүмдө, экономикабызды жөнгө салуу үчүн, биринчиден, бизнес жана өнөр жай тармагын, ички рынокту өнүктүрүүгө багытталган жаңы саясатты иштеп чыгуу зарыл. Экинчиден, эл арасында орун алган башка жердеги жыргал жашоо жөнүндөгү ойлорго чекит коюп, чыныгы көрүнүш кандай экенин ачык айтуу абзел. /чүнчүдөн, өсүп келе жаткан муундардын Мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, келечегин өз эл-жерине байланыштырып элестеткен, мектепти же башка окуу-жайларды аяктаары менен эле чет жакка кетем деп ээликпеген жаштарды тарбиялоо керек. Төртүнчүдөн, «Эл бай болсо-мамлекет да бай болот» демекчи, ыксыз ырым-жырымдарды, ашыкча чыгымдарды, той-топурларды тескөөчү мыйзам кабыл алынуусу керек. Бешинчиден, түшүнүп-түшүнбөй ар түрдүү банктардан кредит алган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл деп ойлойм. Анткени пайыздык үстөгүн жакшы түшүнбөй, кийин соңунда үй-жайынан ажырагандар да жок эмес. Алтынчыдан, Кыргызстандын ар бир облус, райондорунда чакан ишканалар көбөйсө, жаштарга аздыр-көптүр жумушчу орундары түзүлмөк. Натыйжада бөтөн жерден бакыт издегендер азаймак. “Бирөөнүн жеринде хан болгучакты, өз жеринде кул бол”, деген макал бекер жеринен айтылбаса керек.
Замандаштарыма айтар элем, Меке менен Мисирдин бакыт кушун колуңа кондуруп, алтын тагына отургузам десе да, Ата Мекениңди таштап кетпе! Анан да өз эли-жериңде жашап туруп, бирөөгө күнкор болуп калба! Анткени өз Ата Мекениңде жашаган бакыттан ашкан бакыт жок деп ишенимдүү айта алам.
Менин жогорудагы айтылган ойлорум, сунуштарым гезит-журналдарды окуп, таасирленип жазылды. Эгерде ушул айтылгандардын 50-60 пайызы эле аткарылса, кыргыз мамлекети гүлдөп-өнүгө баштайт деген ишеничим бар. Эң негизгиси ишеним, аракет болсо алдыга жылабыз.
Мен да мектепти аяктап, татыктуу билим алып Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү үчүн өз салымымды кошсом экен деп тилек кылам. Кандай болбосун «Көч бара-бара түзөлөт» демекчи, Кыргызстандын экономикасы өнүгөт, мигранттар кайтып келет. Мекенибиз оң жакка оңолот. /мүтсүз калбоо керек. Ушудай күнөстүү, жашыл, бейиштин төрүндөй жерди мекендеген эл жакыр жашоого акысы жок! Мен Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө ишенем! Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!


Сагынбаева Элина Кылымбековна,
Т.Отунчиев атындагы №2 мектеп-гиназиясынын 8вклассынын окуучусу
Ош облусу, Алай району, Гүлчө айылы, Ленин көчөсү, үй № 55


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 01:17

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: