Үй ремонттоо
#1 13 January 2016 - 01:17
Саламатсыздарбы форумчулар.
Менин бул теманы ачуумдун себеби,жакында уй ремонт кылдык.Уй эски, биз корпус деп койобуз,СССР Убагында салынган.Экинчи этаж.3-4 жыл мурун алынган болчу,общий площадь 87м2 плюс балкону бар.Туалет эшикте.Ремонтко он мин долларга жакын акча кетти.Ремонт буткондон кийин элдин баары ушунча акча [media]жалко,андан коро жер алып уй салбайсынарбы деп атышат,ото эле коп кетирип койупсун дешип Менин маанайымы тушурушту
.Сиздерден сурайын дегеним ким канчага ремонт кылган?Мен короткон акча нормалеби?Кааласаныздар суротторун илип койом.
#2 13 January 2016 - 01:22
Эми силер кандай? эмне? ремонт кылдынар ошого жарашада кеттида, ар ким ар кандай айта бербейби.алардын айтканына маани бербеш керек,мумкун кээбирлер коралбай айтып коюшу мумкун,ошончо сумма кетсе демек ошого жараша ремонт кылгандырсынар.
#3 13 January 2016 - 01:25
Элдин сөзүнө кирип маанайды түшүргөн болбойт,чынында эле ошончо расход кеет андан деле көп кетиши мүмкүн. Ойлонбой жашай бериңиз мен деле ага окшогон сөздөрү көп укканмын үйдү ремонт кылып жүргөндө
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#4 13 January 2016 - 01:36
Мен да ремонт жасаттым айнектер гана пластик болбоду башкасына 2500 $ кетти ошону кооп деп аткам анан он мин $
мебелдери менен болсо кетип калат. Иши кылса акча суудай кететкенда
#5 13 January 2016 - 01:39
Уйду ремот кылганда билинбей эле коп акча кетип калат. Кылган жумушунуз (ремонтунуз) озунузго жакса болду да. Ал уйдо кошуналарыныз эмес сиз жашайссыз.
#6 13 January 2016 - 02:40
Илиниз фото. Уйдун кандай экени кандай ремонт кылганынызга карап сон баа бере алабызго дейм.
#7 13 January 2016 - 03:35
Оң миң долларга азыр жер берет бекен, кеңири үй түшө турган?
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#8 13 January 2016 - 09:23
#9 13 January 2016 - 09:32
Ремонтко 10 мин доллар кетсе кетип деле калат.
Балким керек материалдарды кымбат жерден алып алгандан кымбат тушуп калышы мумкун.
Балким керек материалдарды кымбат жерден алып алгандан кымбат тушуп калышы мумкун.
#10 13 January 2016 - 11:39
Мебельдерден кухонный гарнитур жасаттык плиткасы вытяжкиси менен мин доллардай кетти.Башка мебель жок.Отопление койдурдук,анан кичине ванна жасатымыш болдук.Ваннага эле алтымыш миндей кетип калды,бирок мага такыр жакпады.Жасатпай эле койбопмун деп калдым.Бизде бир нерсе алсан эле доллар менен эсептешет экен.Суротторун жуктой алсам жуктоп койомго.
#13 13 January 2016 - 11:44
Жакшы билбей жатам кантип жуктошту,комптон аракет кылып коройунчу бошогонумда.
#14 13 January 2016 - 12:41
Сиз кенеш сурабай озунуз эле эсептеп чыгып салыштырып коюнда. Жаны уй салуу учун канча комната, канча кирпич канча сомдон, жыгач, черепица , таш, шагыл, кум, цемент, уста акы, айнек, терезе, эшик, пол, потолок, ооуууу санай берсен 4-5комнат уйдун дубалын тургузуп жаап алганга эле миллиондоп акча кетет. Жасалгалары ичи тышын бутуруп кируу учун акча жакшы эле кетет.
#17 13 January 2016 - 13:50
Жакшы, абдан сонун. Эми сизге суроо: Ремонт кылгы чейин уйунуз кандай абалда эле? Дубалга шпатлевка тартылыптыр обои жабыштырылыптыр,
полу кандай эле башта? Потолок краскаланыптыр агартылып, козго корунуктуусу эле гарнитур м.н ванна экен. Демек ошол экооно акча коп кетиптир калганына эгер эшик терезе жанылаган болбосонуз 2500$ кетпейт болчу.
#19 13 January 2016 - 13:57
Айтмакчы отопление койдурдум дединиз, материалдардан сырткары Усталарга да тузук эле акча кеткендир. Евро ремонтун эле кеминде 20-30 минге жасагандыр.
Менимче норма эле кетиптир акчаныз. Кымбат эмес деп ойлойм. Азыр акчанын кучу жок кымбатчылык заманда
#20 13 January 2016 - 13:57
Жакшы, абдан сонун. Эми сизге суроо: Ремонт кылгы чейин уйунуз кандай абалда эле? Дубалга шпатлевка тартылыптыр обои жабыштырылыптыр,
полу кандай эле башта? Потолок краскаланыптыр агартылып, козго корунуктуусу эле гарнитур м.н ванна экен. Демек ошол экооно акча коп кетиптир калганына эгер эшик терезе жанылаган болбосонуз 2500$ кетпейт болчу.
Уй эски болчу.Полу бетон дубулдары кочойун деген,ошого дубалдарын кээ бир жерлерин кочуруп гипсокартон койдук.Айнектери эшиктер баары алмашты.Потолоко дагы бут баарына гипсокартон тартылды.
.

Супер-Инфо
super.kg
видео














