Сагындым.
Жүрөгүмдөн жашап калган экенсин.
Жүрөт жандап дайым сенин элесин.
Жок болсоң сен жанымда бул күндө.
Сагындырып дайым мени келесин.
Батып калган көз карашың кадалып.
Карегимде чынжырланып байланып.
Баратамын күндөн -күнгө сени ойлоп.
Көчө кезген, дербишке мен айланып.
Жалгыз гана бир өзүңдү сагындым .
Жаш кездеги бала күнгө кайрылдым.
Сен элең го ,мени күткөн ал күндөр.
Бул тапта, мен ошол күнгө кабылдым.
Кыдырбекова Макбурат .
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва.20.12.2015
- (2 )
-
- 1
- 2
Макбурат Кожош кызынын Ырлар жыйнагы.
#22 13 January 2016 - 20:21
Издейм сени.
Сени издедим ,адамдардын арасынан.
Чарчагансыйт, жүрөк сүйүү жарасынан..
Айыкпаган дартка айланып кете электе.
Берсең дегем ,махабаттын дабасынан.
Көргүм келди ,бул кечте жалгыз сени.
Жан дүйнөмдү ээлеген сыйкыр демди.
Жоодураган көздөрүң ,көз алдымдан.
Кетпестен сени издеп, кыйнай берди.
Жүрөгүмө кирип келдиң саламы жок.
Жүргөн кезде эч капарсыз көңүл ток.
Бүгүн турам жаш баладай ыйламсырап.
Жалгыз гана сезимимде өзүң ойноп.
Кыдырбекова Макбурат Кожошовна.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва. 20.12.2015
Сени издедим ,адамдардын арасынан.
Чарчагансыйт, жүрөк сүйүү жарасынан..
Айыкпаган дартка айланып кете электе.
Берсең дегем ,махабаттын дабасынан.
Көргүм келди ,бул кечте жалгыз сени.
Жан дүйнөмдү ээлеген сыйкыр демди.
Жоодураган көздөрүң ,көз алдымдан.
Кетпестен сени издеп, кыйнай берди.
Жүрөгүмө кирип келдиң саламы жок.
Жүргөн кезде эч капарсыз көңүл ток.
Бүгүн турам жаш баладай ыйламсырап.
Жалгыз гана сезимимде өзүң ойноп.
Кыдырбекова Макбурат Кожошовна.
Москва кайрыктар мүчөсү.
Москва. 20.12.2015
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео








