Суперстан: Кулагыңа күмүш сырга - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кулагыңа күмүш сырга Адептүүлүк ыймандан

#161 Пользователь офлайн   rnurzida   10 Февраль 2017 - 17:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

������������ *БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ*������������
������������ *КҮЙӨӨ ТАНДОО*


������ Аялдар да өзүнө чак-ылайык диндар, такыба, адеп-ахлактуу, колу ачык, эр жүрөк жана жоомарт күйөөнү ыхтыяр кылышсын, эч качан фасык (бузук) жана адепсиз кишиге турмушка чыкпасын.
Росулуллох (С.А.В);
☝ *"Кайсыл бир аял фасык (бузук) адамга турмушка чыгууга ыраазы болсо, Кыямат күнү кабырынан маңдайына "АЛЛАНЫН РАХМАТЫНАН ҮМҮТСҮЗ" деп жазылган абалда тургузулат. Эсиңерде болсун, менин шапаатымды каалаган аял фасык (бузук) кишини күйөө кылбасын" *, деп айткан.
������Кыздардын укуктарын сактап, аларды ылайыктуу жерге узатуу өтө милдеттүү иш.
Ыйык хадисте:
☝ *" Өзүнүн ызаттуу жана адептүү кызын фасык (бузук) кишиге узаткандын үстүнө ар күнү миң каргыш түшөт, кылган амалы асманга чыкпайт, дубалары кабыл болбойт..." *.
������Ошондой эле, киши өзүнүн жаш кызын улуу жаштагы, начар жана көрүмсүз кишиге бербесин, себеби мындан келишпөөчүлүк пайда болушу мүмкүн.
Хадите:
☝ *" Үч нерсе; намаз убагы киргенде, жаназа даяр болгондо жана кыз бала өзүнө ылайык бала табылганда кечиктирилбейт" *, деп айтылган.

������������������������������������������������

������ *НИКЕ ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨӨ*
������ *КМДБ МОСКВА*

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 12 Февраль 2017 - 18:09

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#162 Пользователь офлайн   rnurzida   17 Февраль 2017 - 03:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Бисмиллаахир Рахмаанир Рохиим!

Эй менин мусулман бир тууганым!
Бир жолу Муъаз( Алла андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбызга (Ага Алланын салам-салаваты болсун) келип:
- Эй Алланын элчиси, мени бейишке киргизип, тозоктон алыс кылуучу амалды айтып берчи - деп суранды. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) ага карап:
- "Чындыгында оор ишти сурадың бирок Аллах жеңил кылган адамга бул ѳтѳ жеңил"- деди да:
- "Аллага шерик кылбастан ибадат кыл, намаз оку, орозо карма, ажылык кыл- деп сѳзүн улады. Бир аздан соң:
- "Сага бардык жакшылыктардын эшигин айтып берейинби" - деп сурады да, Муъаздын жообун күтпѳстѳн эле:
- "Нафил орозо тозоктон тосуучу калканч болот, нафил саадака суу отту ѳчүргѳн сыяктуу күнѳѳнү кетирет жана түнкү намаз- деп, Алланын: "алардын капталдары тѳшѳктѳрүнѳн ажырап турат да, эгесине коркуу, үмүт менен жалынышат жана Биз аларга берген ырыскылардан садака беришет. Бир да жан алардын кылгандары үчүн бериле турган кѳздѳрүн кубантуучу жыргалдарды билбейт"- деген аятын окуду. Андан кийин:
- "Бардык иштин башын, түркүгүнүн жана мартабасын айтып берейинби" - деп сурады.
- Ооба, эй Алланын элчиси- деди Муъаз.
- "Иштин башы ислам, анын түркүгү намаз ал эми жогорку мартабасы жихад"- деди да:
- " Ушулардын баарын башкарып турган падышаны айтып берейинби" -деп сурады.
- Ооба- деди Муъаз кайрадан.
Пайгамбарыбыз тилин кармады да:
- "Мына ушуну бекем сакта"- деди.
Таң калган Муъаз:
- Эй Алланын элчиси, биз сүйлѳгѳн сѳзүбүзгѳ да жооп беребизби? - деп сурады.
- "Сакулатка уммука. Тилдин зыяны болбосо адамдар мурду менен тозокко түшмѳк беле"- деди Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун).
Эй менин мусулман бир тууганым!
Сага дагы бир жолу айтаар насаатым тилиңди сактай жур. Тилге тиешелүү: жалган сүйлѳѳдѳн кыйбаттан, ушактан, лаанат айтуудан, жалган анттан сѳгүнүүдѳн, уят сѳздѳрдү айтуудан, керексиз сѳздѳрдү сүйлѳѳдѳн сактан. Алланы эскерүүдѳн башка сѳздѳр жүрѳктү катырат. Алланын ырайымынан алыс болуучулар- жүрѳгү каттуу адамдар. Билип туруп же билбестен тилиң менен кунѳѳ кылып жүргѳн болсоң, Аллага тооба кыл. Андан кечирим тиле. Экинчи бул күнѳѳнү жасабоого убада бер да, Аллага берген убадаңды аткар. Алла тооба кылуучуларды ѳтѳ жакшы кѳрѳт.


Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#163 Пользователь офлайн   hanbiike.97   18 Февраль 2017 - 19:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 364
  • Катталган: 30 Январь 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2021 14:07
  • Калаасы:Jan duinosu

Sonun jurokko jetchu sozdor eken
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#164 Пользователь офлайн   rnurzida   08 Март 2017 - 10:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

КЕЧИРБООНУН ООРДУГУ


������ Ыйман сабагынан берген мугалим агай бир куну окуучуларына унутулгус сабак бергиси келди.Ал окуучуларына карап:
- Балдар, азыр мен силерге аябай сонун турмуш сабагын берейин деп ойлодум.Кана буга ким катыша алат?-деди.
- Мен катышам,деп жапырт кол которушту балдар.
- Андай болсо бугун бир нерсе айтам,ошону созсуз аткарам деп соз бергиле.Баса, соз бере албагандар, жана созуно турбагандар катышпай турганын эскертип коеюн,-деди кошумчалап.
Бул жолу да баары макулдугун билдирип,соз беришти.Ошондон кийин мугалим сабагын баштады.Ал эми сабактын аягында:
- Эртен сабакка бир баштыкка 5 килограммдан картошка ала келгиле.Калганын эртен улантабыз,-деди.
Эртеси окуучулар ар бири бештен килограмм картошка которуп келишти.Баарынын оюнда''Бул картошканы эмне кылабыз эми?''деген табышмактуу суроо турган болчу.
Мугалим сабагын баштаарда окуучуларга кайрылды да:
- Эми баштыгынардыгы картошкаларды алдынарга токкуло дагы,ичинерден таарынып,кек сактап кечирбей жургон адамдарынардын аттарын бир-бирден картошкаларга жазгыла.Жазганынарды башкаларга коргозбой койсонор деле болот.Тартынбай жаза бергиле,-деди.
Окуучулар алдыларына картошкаларды тогушту да,шашылбай отуруп, картошкаларга жаза башташты.Кээ бири уч-торт картошкага жазды,кээ бири 2-3 килограмм картошкага жазды.Баары жазып бутуп калганда агай кийинки тапшырма ж.до айтып:
- Баарынар жазып буткон болсонор анда,ошол жазган картошканарды баштыгынарга кайра салгыла,-деди.
Окуучулардын баары картошкаларын салып, агайды кутуп калышты.
-Эми мени угуп тургула балдар.Силер мени аягына чыгабыз деп убада бергенсинер. Демек аягына чейин чыгышынар керек.Мына ушул картошканы кайда барсанар да жанынардан чыгарбай алып жургуло.Мектепке да,ойногонго барганга да,алып жургуло.Кунуго озум текшерип турам,-деди мугалим.
Ошентип, балдар картошкаларын которуп журо башташты.Ал тургай жаткан болмосуно да ала кирип журушту.Арадан бир жума отуп-отпой балдар кынылдап-кынкыстап нааразычылыгын билдирууго отушту.
-Агай,картошкаларыбызды качан таштайбыз? Аябай тажата баштады.Анан калса ысыкта бузулуп,ичинен чирип сасып да кетишти.Жаныбызда жургондор жаман коруп жатышат,-деп нааразы болушту бир куну алар.
Ошондо агайы аларды карап кулуп туруп:
- Мына балдар,озунор коруп тургандай кимдир бироону кечирбоо ошол кечирилбеген адамга эмес,так озубузго жаман экен.Карагылачы, аларга кек сактап журо беруу мн озубуздун конулубузго так ушул бузулган картошкаларга окшогон керексиз жукторду салып журо берет экенбиз.Кимдир бироону кечируу,кечирим беруу ошол кишиге жакшылык кылгандай сезилгени мн, чындыгында башкаларды кечируу эн биринчиден озубузду оор жуктордон куткаруу болуп саналат,-деп эч качан унутулгус насаатын айтты.


������' 'ЭРГУУ ИКАЯЛАРЫ' ' китеби.
''������ЫЙМАН НУРУ медиа порталы.

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 08 Март 2017 - 10:46

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#165 Пользователь офлайн   Nurmuhammad-1   09 Март 2017 - 08:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 881
  • Катталган: 08 Август 15
  • Соңку аракети: 17 Май 2017 23:19
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения rnurzida (08 Март 2017 - 10:45) жазган:

КЕЧИРБООНУН ООРДУГУ


������ Ыйман сабагынан берген мугалим агай бир куну окуучуларына унутулгус сабак бергиси келди.Ал окуучуларына карап:
- Балдар, азыр мен силерге аябай сонун турмуш сабагын берейин деп ойлодум.Кана буга ким катыша алат?-деди.
- Мен катышам,деп жапырт кол которушту балдар.
- Андай болсо бугун бир нерсе айтам,ошону созсуз аткарам деп соз бергиле.Баса, соз бере албагандар, жана созуно турбагандар катышпай турганын эскертип коеюн,-деди кошумчалап.
Бул жолу да баары макулдугун билдирип,соз беришти.Ошондон кийин мугалим сабагын баштады.Ал эми сабактын аягында:
- Эртен сабакка бир баштыкка 5 килограммдан картошка ала келгиле.Калганын эртен улантабыз,-деди.
Эртеси окуучулар ар бири бештен килограмм картошка которуп келишти.Баарынын оюнда''Бул картошканы эмне кылабыз эми?''деген табышмактуу суроо турган болчу.
Мугалим сабагын баштаарда окуучуларга кайрылды да:
- Эми баштыгынардыгы картошкаларды алдынарга токкуло дагы,ичинерден таарынып,кек сактап кечирбей жургон адамдарынардын аттарын бир-бирден картошкаларга жазгыла.Жазганынарды башкаларга коргозбой койсонор деле болот.Тартынбай жаза бергиле,-деди.
Окуучулар алдыларына картошкаларды тогушту да,шашылбай отуруп, картошкаларга жаза башташты.Кээ бири уч-торт картошкага жазды,кээ бири 2-3 килограмм картошкага жазды.Баары жазып бутуп калганда агай кийинки тапшырма ж.до айтып:
- Баарынар жазып буткон болсонор анда,ошол жазган картошканарды баштыгынарга кайра салгыла,-деди.
Окуучулардын баары картошкаларын салып, агайды кутуп калышты.
-Эми мени угуп тургула балдар.Силер мени аягына чыгабыз деп убада бергенсинер. Демек аягына чейин чыгышынар керек.Мына ушул картошканы кайда барсанар да жанынардан чыгарбай алып жургуло.Мектепке да,ойногонго барганга да,алып жургуло.Кунуго озум текшерип турам,-деди мугалим.
Ошентип, балдар картошкаларын которуп журо башташты.Ал тургай жаткан болмосуно да ала кирип журушту.Арадан бир жума отуп-отпой балдар кынылдап-кынкыстап нааразычылыгын билдирууго отушту.
-Агай,картошкаларыбызды качан таштайбыз? Аябай тажата баштады.Анан калса ысыкта бузулуп,ичинен чирип сасып да кетишти.Жаныбызда жургондор жаман коруп жатышат,-деп нааразы болушту бир куну алар.
Ошондо агайы аларды карап кулуп туруп:
- Мына балдар,озунор коруп тургандай кимдир бироону кечирбоо ошол кечирилбеген адамга эмес,так озубузго жаман экен.Карагылачы, аларга кек сактап журо беруу мн озубуздун конулубузго так ушул бузулган картошкаларга окшогон керексиз жукторду салып журо берет экенбиз.Кимдир бироону кечируу,кечирим беруу ошол кишиге жакшылык кылгандай сезилгени мн, чындыгында башкаларды кечируу эн биринчиден озубузду оор жуктордон куткаруу болуп саналат,-деп эч качан унутулгус насаатын айтты.


������' 'ЭРГУУ ИКАЯЛАРЫ' ' китеби.
''������ЫЙМАН НУРУ медиа порталы.

Акимай кыз ыйлаттынго:(
Чынында аябай таасирлүү экен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#166 Пользователь офлайн   rnurzida   14 Март 2017 - 13:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

"ТYШYНДYМ"

Бир даанышман кишиден: "Өткөн өмүрдөн эмнени үйрөндүңүз? " - деп сурашат. Даанышман төмөнкүчө жооп берет: "Өмүр карызга берилип, күнү келгенде кайра алынаарын жана дүйнөнүн өтүп кетээрин түшүндүм."

Мазлум (укугу тепселген) адамга, кеч болсо да жардам берилерин түшүндүм.

Биз капылетте калган кезде, көз ирмемчелик убакыттын ичинде ажал келип, өмүр бүтүп калышы мүмкүн экендигин түшүндүм.

Жылуу сөз, жылмайып турган жүз - адеп-ахлактын эң жогорку даражасы экендигин түшүндүм.

Ден-соолугу чың, тынчтыкта жашаган адам - бул ааламдагы эң бай адам экендигин түшүндүм.

Сарымсак эккен адам, түшүм алган кезде райхан албастыгын түшүндүм.

Өмүр бүтсөдө да, жумуштун эч качан түгөнбөстүгүн түшүндүм.

Адамдарга сөзүнүн уккулуктуу болуусун каалаган адам, оболу өзү адамдардын сөзүн угуусу зарыл экендигин түшүндүм.

Адамдар менен сапарга чыгуу бул - микроскоп сыяктуу. Ал адамдардын ички дүйнөсүндө эмнелер бар экендигин көргөзүп берээрин билдим.

Кени алтындан болгон (жан дүйнөсү таза) адамдын, кени алтын (ички дүйнөсү таза) бойдон каларын, жана кени темирден болгон (ички дүйнөсү начар) адамдын темирин дат басарын түшүндүм.

Кабырда жаткан адамдардын бардыгы, тирүү кезинде иштешкен, аларда чоң-чоң максаттары болгон, бирок ал максаттарынын көбүнө жетпей калышкандыгын түшүндүм.

Кичинекей өлүмгө (уйкуга) даярданып жаткан кезибизде, тынч уктоо үчүн керебетти иретке келтиребиз, терезелерди ачып абаны тазалайбыз. Бирок чоң өлүмгө даярданып, амалдарыбызды иретке келтирип, кабырыбызды кенен, жарык кылуу үчүн эмнеге аракет кылбайбыз???

Адамдар ооруп калбаш үчүн ден-соолукка зыян алып келүүчү тамак-аштан сактанышат, бирок тозокко түшүп калбаш үчүн эмнеге күнөөлөрдөн сактанышпайт? ??

Абдишүкүр ажы Нарматов
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#167 Пользователь офлайн   Meruet84   14 Март 2017 - 20:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

✍️ *Улуу адамдардан улуу сөздөр:*

✍️Акыр замандын олуялары, беш убак намазын толук окугандар.

✍️Ыйманга кел. Көп кайгыра бербе. Аллах сени өзүңдөн да көбүрөөк ойлойт.

✍️Аллах насип кылбаган нерселерин кулуна кыялданттырбайт.

✍️Сүйүү ушунчалык жакшы болгон соң, сүйүүнү жараткан Зат кандай сонун болду экен.

✍️Чыныгы асыл адам шам сыяктуу, башкаларга жарыгын чачып өзүнүн күйүп жок болгонуна кайыл.

✍️Чыныгы достор жылдыздар сыяктуу, качан башыңа караңгылык түшкөндө, жарыгын чачып чыга келишет.

✍️ Баатыр баатыр эмес, багымдатка турган баатыр.

✍️ Жаңылыш жүрөк менен калганча, жалгыз калган жакшыраак.

✍️ Үйлөнсөң да өкүнөсүң, үйлөнбөсөң да өкүнөсүң.

✍️ Тарткан сүрөтчүгө таңгалбай, картинага эстери оогон адамдар бар.

✍️ Бир секунд эле бейишти көргөзүп койгондо, бардык адамдар өлүш үчүн арыз жазышмак.

✍️Башыңа келген кыйынчылык, эртеңки келе турган бакытыңдын сүйүнчүсү.



لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#168 Пользователь офлайн   Meruet84   21 Март 2017 - 11:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

*НООРУЗ БОЮНЧА КЕП...*

Айтайын дегеним, бул макала сымал сөзүм мусулмандарга гана багытталат. Акыйкатты туу тутунган, чыныгы такыба момундарга багышталат. Башка диндегилер, теңирчилер, коммунисттер же жөн эле дин менен иши жокторго тиешеси жок. Ошондой эле өзүн мусулманмын деп, бирок насилинде мусулман боло албаган чалакайымдар да окубай эле коюшса болот.
Бул айтайын деген сөзүм акыйкат, а бирок кеп-сөздөн коркуп, эл эмне дейт деген айыңдан чочуп, кашыктап араң жыйнаган аптарыйкатын чөмүчтөп чачып аламбы деп элтеңдеген молдокелерибиз негедир ушул маселени көтөрбөй келишет. А түгүл ушул жөнүндө шариатта кандай экенин айт десе жаа бою качкандарды да көрдүм. Бирок чындык баарынан улуу.
Канчалык алдамчы сезимге, жалган иллюзияга берилип албайлык, бул түш сыяктуу жалган жашоонун эсесин тартаар, эсебин берээр күн да келет. Ошол күнгө өзүмө азык катары, колумдан келген садакамды чачкан болуп сөзүмдү баштайын...

Нооруз майрамы жөнүндө сөз болгондо көпчүлүгүбүз мусулмандардын майрамы катарында кабылдап, эч эрөөн-төрөөнү жок эле майрамдап келебиз. Ал эле эмес Муфтийлик аманатта болгон учурумда жакынкы коңшу өлкөлөрүнүн Баш Муфтийинен Нооруз менен куттуктоосу келген. Иран Ислам республикасы Ноорузду мамлекеттик деңгээлде өткөрүп, жер-жерлердеги элчиликтери айт менен куттуктагандай эле куттукташып, бере турган белектерин таппай, алдастап калышат.
Деги эле мусулманчылыкта Нооруз туурасында эмне кеп айтылат?
Азирети Имам Насааий "Сунан суграа" (1557) жана Абу Дауд "Сунан" китебинде (1134) сахих иснад менен бул риваятты келтиришет. Анда, Азирети Анастан мындай айтылат:
"Пайгамбарыбыз алайхис салам Мадийнага хижрат кылып келген убакта, Мадийналыктардын бир жылда эки күнү бар эле. Мына ошол эки күндү алар оюн-күлкү менен өткөзүшөөр эле. Пайгамбарыбыз алайхис салам алардан сурады: "Бул эмне болгон эки күн?". Алар: "Нааданчылык (Исламга чейинки) доордон бери ушул эки күнү оюн ойноп, көңүл ачабыз!" , дешти. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтты: *"Аллах Таала бул эки майрамыңардын ордун, эки жакшы майрам менен алмаштырды. Алар Курман айт менен Орозо айт".*
Хадиске шарх бергенде, Мулла Алий Каары Ханафий Мишкаттын шархы "Миркаатта" (3\293), Мухаммад Идрис Кандехлавий Ханафий "Таьлик ас сабихте" (2\213), Имам Тиибий Шаафеьий "Каашифте" (3\242), Имам Халил Ахмад Сахааранфуурий Ханафий "Базлул мажхудта" (5\247) жалпысынан, дээрлик баары мындай айтышат:
• Пайгамбарыбыз алайхис салам Мадийнага келгендеги эки майрамдын алгачкысы "найрууз" (нооруз), экинчиси "михиржаан" майрамдары эле.
• Нооруз түпкүлүгүндө перс элдеринин тилинен алынганда *"нуу"* - жаңы, *"руз"* - күн деген маанилерди ичине камтып, жыйынтыгында жаңы күн дегенди туюнтат. Күн менен түн теңелген күнгө айтылып, күн календары боюнча жылдын биринчи күнү деп таанылат. Хижрий жыл эсеби мухаррам айынын биринен, Григорий (мийладий) жыл эсеби январдын биринен башталгандай эле мааниге ээ.
• Михиржаан болсо күздөгү күн менен түн теңелген учурга туш келген күндү белгилөө болуп саналган. Ошондой эле аба-ырайынын да орточо болгон, жыл арасындагы суук менен ысыктын так ортосуна туш келгендиги менен да өзгөчөлөнөт.
• Байыркы фалсафачылар жогоруда айтылган себептерден улам өздөрүнө майрам катары кабылдаган болуу керек деген божомолдор айтылат. Ошол учурдагы адамдар фалсафачыларынын акыл-эстерин жогору санагандыктан, бул эки күндү майрам катары таанышкан. Пайгамбарлар келгенден кийин фалсафачылардын алып келгендерин жокко чыгарышкан.
• Айтылган эки майрам жакшы эмес майрамдар. Чыныгы жакшы майрамдар Курман айт менен Орозо айт майрамы. Кудай Таалам эки жаман майрамдын ордуна эки жакшы майрамды алмаштыргандыгын Пайгамбарыбыз алайхис салам кабар берди.
• Нооруз, Михиржан жана башка мусулман эместердин майрамдарын, майрамдоого, аздектөөгө шариатыбыз тыюу салат.
Хаафиз Ибн Хажар Шаафеьий мындай дейт: "Мына ушундай кемчиликке мисирликтер да туш болуп олтурушат. Себеби көпчүлүк мисирликтер жөөттөр менен тарсалардын (христиан) майрамдарына шериктеш болушат, Алар майрамдарын кандай таазим кылышкан болсо, булар да ошентишет, ошол күндөрү жасанып кийинишет, жакшы даамдар менен дасторкондорун кооздошот, айтор (ыймансыздар) эмне нерсени аткарса ошол нерселерди аткарышат. (Базлул мажхууд 5\203). Башкалардын майрамдарын майрамдоонун туура эместигин Имам Ибнул Хааж Мааликий өзүнүн берекелүү эмгеги "Мадхалда" . (биринчи томдун аягы, экинчи томдун башында) кенен баяндаган.
Фыкых аалымдарынын сөзүнө кулак салсак:
• Фатаавал Баззаазияда (6\333-334) мындай айтылат:
*1.* Мажуустардын (отко сыйынгандардын) ноорузуна чыгуу, ошол күнү алар жасаган нерселерди кошо жасап аларга окшошуу, алардын кылык-жоруктарына ылайык болуу – (ыймандан чыгуу). Көбүнчө ошол динде болуп, андан кийин мусулманчылыкты кабыл алгандардан көп кездешет бул сыяктуу окуялар. Алар ошол күнү Нооруз майрамдагандар менен чогуу майрамдашып жүрө берип, (ыймандан чыгып кеткендерин) өздөрү да баамдабай калышат.
*2.* ...Ноорузда нооруз урматына бир жумуртканы белекке берсе (ыймандан чыгат). Ал эми нооруз майрамдаган мажуустар ошол күнгө даярдаган даамдарынан мансаптагыларга, тааныш-туунуштарына белекке бере турган болсо, алардын майрамын майрамдашкандай, аларга окшошкондой таризде кабыл алуу арам. А бирок аларга окшошпостон, жөн гана мурдатан алыш-бериш болгонун эстеп, ошол мааниде берген даамдарын алганга уруксат берилет. Ошого карабастан андан сактануу аманчылыкка, ыйман саламатчылыгына жакын.
Мааниси: Ким Нооруз урматына аларга белек берсе алардын майрамын колдогон, аларга көмөк көрсөткөндөй, адашуусуна жол ачып бергендей болот.
*3.* Мусулман пенде Нооруз күнү башка мусулманга белек берсе, ниетинде Ноорузду аздектөө эмес, жөн гана бир туугандык сезим менен, үрп-адатка айланган (мисалы ай сайын беришип жүргөн болсо) адаты менен берсе, аны менен (ыймандан чыгып кетпейт). А бирок ошол күнү белек беришпегени жакшыраак. (Ыймансыздарга) окшошуп калбоо максатында белек берүүнү андан мурда, же андан кийин ишке ашыргандыгы макул... (Маселе Татаархаанияда да айтылган (5\354).
*4.* Имам Абу Хафстан риваят: *"Ким Кудай Таалага элүү жыл ибаадат кылып, андан соң Нооруз күнү келип кээ бир мушриктерге, Нооруздун урматына белек берсе, акыйкатта (ыймандан чыкты)...* (Маселе Татаархаанияда да айтылган (5\354).
Фатаавал Базаазия жана анын автору жөнүндө маалымат:
Китептин толук аты "Ал Жаамиьул важииз", автордун толук аты "Имам Хафизуддин Мухаммад бин Мухаммад бин Шихааб ал Кардарий Ханафий, Ибн ал Баззааз деген ат менен белгилүү болгон. 827-хижрада акырет сапарына узаган. Аталган китепти Фатаава жана Ваакиьаат китептеринин каймактарын калпып алып, белгилүү китептерден терип жазган. Далили күчтүү маселеге таржих берип жан тартып, ынсаптуулук менен жазылган адеми көркөм китеп. Китепти 812-хижрий жылы жазып бүтүргөн. (Кудайым, менин китептеримди бүтүрүүмдү да насип эткейсиң). Аалымдар айтышат: Бул китеп, маселе таппай карайлаганда, жооп таппай алдастаганда төтөк болчу, кайрылып барчу китеп. Белгилүү Муфтий Абу Суьуудка, "Эмне үчүн зарыл маселелерди чогулпайсыз? Эмне үчүн китеп жазбайсыз?" , деп айтылганда, ал киши "Мен Баззаазиянын авторунан уяламын. Анын китеби турганда кантип китеп жазганга даап кирише алам. Анткени ал урматтуу жана шарапаттуу бир жыйнак китеп, зарыл болгондой маселелердин төрөлөрү камтылган. (Кашфуз зунуун). Китеп менин китепканамда бар, каалоочулар көрсө болот.
Имам Абу Хафс жөнүндө маалыматтар:
Ахмад бин Хафс, Абу Хафс Кабиир деген ысым менен белгилүү. Белгилүү имам. Азирети Имам Абу Ханифанын шакирити Имам Мухаммад бин Хасан Шейбаанийден илим алган. Имам Бухарий экөө замандаш болгон.
• Ал Фатаава ат Татаархаанияда (5\354) мындай деп айтылат:
*1.* "Ал Жаамиь ал Асгарда" айтылат: "Бир адам Нооруз күнү, мурда-кийин сатып албаган нерсесин , мушриктер Ноорузду урматтагандай эле урматтоо ниетинде сатып алса каапыр болот. А бирок жөн гана жегени, ичкени же жөн эле жандын ырахаты үчүн алган болсо эч нерсе эмес.
Ал Фатаава ат Татаархаания жана анын автору жөнүндө маалымат:
Татаархаания китеби "Мухиит Бурхаанийдин" , "Захийранын" , "Хааниянын" , Зохийриянын" маселелерин чогултуп, "Хидаянын" тартибинде жазылган үлкөн эмгек. Китептин негизги аты "Заадус сафар" кээ риваяттарда "Заадул мусаафир" деп наамдалып, кийинчерээк "Татаархаания" деген ат менен белгилүү болгон. Ошол убакта амир болуп Татаар хаан турган, бийликтин эки тизгин бир чылбырын колуна алып, андыктан анын урматына ошентип аталган. Автору Мавлаана Аалим бин Алааь Ал Индарпатий Ханафий. Хижранын 786-жылы акыретке сапар тарткан. (Кашфуз зунуун, Нузхатул хаваатир).Китеп менин китепканамда бар, каалоочулар көрсө болот.
• Хулаасатул фатаавада (4\387) мындай деп айтылат:
*1.* Нооруз күнү мажуусийлер чогулуп майрамдаганы жаткан жерге мусулман адам келип "Жакшы жорукту (сүннөттү) башташыптыр" деп айтса, каапыр болот. (Бул маселе Баззаазияда да айтылат 6\333).
Мааниси: Ар бир тандоо баш тартуу деген кеп бар эмеспи. Бул мусулман болгон адамдын тигилердин майрамын "жакшы жорук, жакшы сүннөт" деп айтып жаткандыгысы, Ислам майрамдарын "жаман жорук" деген маанини камтыйт. Андыктан ыймандан чыгат (Мулла Алий каары, Шарх алфаазил куфри 206).
Хулаасатул фатаава жана анын автору жөнүндө маалыматтар:
Автору Таахир бин Ахмад бин Абдурашиид Бухарий Ханафий, Имам, Имамдын уулу, көркөм кулк-мүнөздүү, жакшы адептүү үлкөн аалым. Бухарада хижранын 482-жылы туулуп, Сархаста хижранын 542-жылы Жумаадал уула айында Аллахтын мээримине көчкөн. "Хизаанатул ваакиьаат" жана "Нисааб" китептерин жазып, андан соң ушул эки китебин кыскартып "Хулаасатул фатаава" деген китебин жазган. (Табакаатул ханафийя). Китеп менин китепканамда бар, каалоочулар көрсө болот.
• Аллаама Бадр Ар Рашиид Ханафийдин "Алфаазул Куфр" аттуу китебине Аллаама Мулла Алий Каары Ханафийдин берген шархында (206-208) мындай айтылат:
*1.* Ким куфур ээлери чогулган жерге Нооруз күнү чогулган болсо, акыйкатта каапыр болду, анткени мына ошол каапырдыкты жарыя кылуу, аларга колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.
Мулла Алий Каары жана китеби жөнүндө маалыматтар:
Имам, Аллаама Абул Хасан Алий бин Султан Мухаммад Каары Харавий, андан соң Маккий Ханафий Нуруддиин. Имам Лакнавийдин айтуусунда хижранын 1014-жылы акырет сапарына Мекке шаарында узап, Маьлаа мазарына коюлган. Ал киши өткөндө Мисир аалымдары чогулуп, Азхар мечитинде жаназа намазын гоиб түрдө окушкан. Хадис жана фыкых илимдеринин тизгинин бирдей кармаган саналуу аалымдардын бири. Китеп Мулла Алий Каарынын акыйда жаатындагы кадыр-барктуу китептеринин бири. Китепти доктор Тоййиб бин Умар Хусейин Шанкийтий тахкик кылып, жарыкка чыгарган. Китеп менин китепканамда бар, каалоочулар көрсө болот.

Жыйынтык сөз:
"Платон менин досум, акыйкат андан жогору турат". Өзүм Ханафий мазхабын карманган болгондуктан, Ханафий аалымдарынын пикирлерин алардын китептеринен берүүнү туура деп таптым. Туура, кээ бирлер мени ушул себептен жаман көрүүсү мүмкүн, жок нерсени айта берет деп да ойлоосу мүмкүн. А балким башка агымдарга таандык деп да айтып жиберүүсү мүмкүн. Андайды көрүп да калбадыкпы? Сөз чынынан бузулбайт. Кудай Тааламдын алдындагы жоопкерчилигимди сезип, болгонун болгондой айттым. Ошого карбастан бир аз жумшагыраак болсун деген таризде уламалардын сөзүндөгү "каапыр болду" деген сөздөрдү "ыймандан четтеди" деген сөз менен түшүндүрүүнү туура деп таптым, жана ага далил катары бул сөздөрдү () кашанын ичине келтирдим.
Кээ бирлер айтуусу мүмкүн: Эмне зыяны бар Нооруздун? Арча түтөткөнү жаманбы? Же сүмөлөк кайнатканы жаманбы? Жөн эле жаз майрамы деп тосо берсек болбойбу?
Жооп: Арча түтөтүү шариатыбызда бар. Аны сүннөт деп билебиз. Арча түтөткөн жерден шайтан-шабыр качат, ар кандай оорулар тукум курут болот. Арча түтөтүүнү Ноорузга эле байлаган туура келбейт. Келин келгенде, журт которгондо, конок келгенде кыргыз дайыма эле арча түтөтүп келген. Ал эми сүмөлөк бышыруу түштүк кыргыздарынын, коңшулаш өзбек, тажиктердин, ал эми көжө кайнатуу түндүк кыргыздарынын, коңшулаш казактардын илгертен келе жаткан жазгы үзүмчүлүк тамагы. Андан кыйкым издөөнүн кереги жок. Мекке шаарында жашап жүргөнүбүздө коңшуларыбыз сүмөлөк кайнатчу эле, эч кандай ноорузу жок эле...
Андан сырткары кайсы бир күндү майрам тутунуу, шариатыбыздын бир өкүмүн аткаруу демек. Майрам деп белгилөө Кудай Таалама таандык жумуш. Аллах Таала Куранда *"Жакшы иштерде бири-бириңерге көмөкчү болгула! Жаман, күнөө иштерде бири-бириңерге жардамчы болбогула! "*, деп баса белгилейт. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: *"Ким кайсы коомго окшошсо, ал ошол коомдон болот!" *
Дагы бир жолу айтам, бул сөзүм мусулмандар үчүн айтылган кеп...

Урматым менен бир тууганыңар Чубак ажы Жалилов
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#169 Пользователь офлайн   rnurzida   07 Апрель 2017 - 10:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

“ЧАГЫМЧЫБЫ ЖЕ БУЗУКУБУ?”



Бир киши Имам Шафиге келип: “Баланча, сиз жөнүндө жаман сөздөрдү сүйлөп жатат”, - деди. Имам Шафи: "Эгер айтканың чын болсо, анда сен чагымчысың. Эгер айтканың жалган болсо, анда сен бузукусуң" – деп жооп кайтарды.
Адамдардын маданияттуусу - башкалар тууралуу аз сүйлөгөнү. Адамдардын тазасы - башкалар тууралуу жакшы пикирде болгону. Адамдардын такыбасы - башка адамдарга жардам берүү үчүн жан үрөп аракет кылганы.
Али (ага Алла ыраазы болсун) мындай деп айткан: "Төрт ишти аткарган адам, төрт нерседен куру калбайт:
1. Ким дуба кылса, дубасы кабыл болот;
2. Ким тообо кылса, тообосу кабыл болот;
3. Ким истигфар айтса, күнөөсү кечирилет;
4. Ким шүгүр кылса, ырыскысы мол болот.


Абдишүкүр ажы Нарматов.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#170 Пользователь офлайн   rnurzida   07 Апрель 2017 - 10:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

БИСМИЛЛАХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

*СЕН ТУУРАЛУУ АЙТЫЛГАН КЕҢЕШ-СӨЗГӨ КАПАЛАНБАЙ, ТУУРА КАБЫЛ АЛ*

"Андрей Моронун"сөзүндө: "Өз кызыкчылыгыбызга туура келген нерсе чын көрүнүп,андан башкасы ачуубузду келтирет" .
Мен да буга кошумчалап айтаар элем:Ошондой эле кеңеш-насааттар жана сын-пикирлер. Чындыгында өзүңдү мактаса жакшы көрүп,кубанып сүйүнөсүң.Ошол мактоо акыйкат эмес болсо да .Ошондой эле сага сын-пикирлерди ,айыптарды айтса жаман көрүп ,ачууланасың .Ошол нерсе акыйкат болсо да .Бул деген өтө чоң катачылык .

*"Эгер араларында (акыйкатка)өкүм кылуу үчүн Аллахка жана Пайгамбарына чакырылса,капыстан бир топтору тескери басып кетишет"*.
*"Эгер аларга бир тиешеси боло турган(олжо, зекет,садака алууга чакыруу сыяктуу нерселер)болсо, (дароо)ага шашылып келишет"*.
"Уилейм Жеймс" мындай дейт:"Бир ишти бүгүн аткара турган болуп ошого чечим чыгарсаң,ошондо сен ал иштин арты кандай болот деген тынчсыздануудан арыласың.Мындайча айтканда эгер бир пайдалуу жана учурга туура келген ишти аткаруу үчүн камынган болсоң,ага кетенчиктебей ,кандай болоор экен деп ойлонбой,дароо аткарганга аракет кыл,анткени канчалык кечиктирген сайын ошончолук шектенүү ойлор көбөйө берет".
Бир ишти аткарамын деп чечим чыгаруу бул эр жүрөктүк болуп,сыгылып, кысылуудан куткарат.
*"Маселе толук чечилген соң Аллахка чынчыл болсо,ал алардын өздөрү үчүн жакшы болмок"*.
Бир нерсеге ойлонуп кетенчиктей бербе.Бош убактыңды кетирбей аракет жаса ,амал кыл.
"Ойчу оюнун акырына жеткенче,тобоккелчи тойго жетиптир".

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 07 Апрель 2017 - 10:06

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#171 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Апрель 2017 - 01:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

БИСМИЛЛАХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

*СЕН ТУУРАЛУУ АЙТЫЛГАН КЕҢЕШ-СӨЗГӨ КАПАЛАНБАЙ, АНЫ ТУУРА КАБЫЛ АЛ*

.....УЛАНДЫСЫ

"Гарвард" университетинин мугалими доктор"Ричард Кабут" "Инсан эмне менен жашайт"деген китебинде :"Мен доктор болгонум үчүн ,шектенүү ,коркуунун натыйжасынан пайда болгон ооруулар бар,ошолорго бир иш менен алек болуп ,эр жүрөк болгула деп кеңеш айтаар элем.Анткени эр жүрөктүүлүк өз жаныңа таянып бир жумуш менен алек болууну үйрөтөт", -дейт.
*"Ал эми ,намаз бүткөндө(ар ким жумуш кылып )Аллахтын ырыскыларын издеп,жер бетине жайылгыла" *.
"Жорж Барнард шоу"өз сөзүндө мындай деген :"Бактысыздыктын сыры ,бош жатып алып,комфорт жыргалчылыкта жашоо тууралуу кыялдануудан келип чыгат.Ошондуктан ушинтип ой-пикир кылуудан узак болуп,бир иш менен алек бол.Ошондо гана каның жакшы айланып,акылың иштей баштайт.Акылыңдан бат эле тынчсыздануу чыгып кетет.Ошондуктан дайыма бир жумуш менен алек болгуң.Ушул сага жер бетинде жок эң арзан пайдалуу даары болот
*"Аларга айткын :ишиңерди жасагыла.Жакында ишиңерде Аллах,Пайгамбары жана момундар көрөт"*.
"Дазрайилий" деген илимдүү адам айткан экен:"Бул арзыбаган жашоо өтө кыска".
Араптардын кээ бир даанышмандары мындай дейт:
"Жаман нерселер менен жашообузду дагы да кыскартып алабыз".
*"Аллах: Силер жерде канча убакыт(жашадыңар)болдуңар ?-деп сурайт*.
*Алар :Биз бир күн ,же жарым күндөй эле болдук .Бирок эсептеп жүргөндөрдөн сурагыла ,-дешет.Ал айтат:Эгер билсеңер ,силер аз эле убакыт болдуңар" *.
♻♻♻♻♻♻♻♻♻

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#172 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Апрель 2017 - 01:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

БИСМИЛЛАХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

*КЫСКАЧА СӨЗ*

*Капаланба* :анткени капалануу өткөндү эстетип кайгыртат,келечекти эстетип коркутат жана бүгүнкү күнүңдү жок кылат.
*Капаланба* :анткени капалануу жүрөктү кысат ,маанайды чөктүрөт,ички дүйнөнү алсыздатып үмүтсүз кылат.
*Капаланба* :анткени капалануу душманды кубантат ,досту ачуулантат ,көралбастын моокумун кандырат жана чындыкты сага башкача кылып көрсөтөт.
*Капаланба* :анткени капалануу тагдыр менен талашып тартышуу,качып кутулгус нерсеге ызалануу ,инсандык сыпаттан чыгып берилген нээмат-жакшылыка нааразы болуу.
*Капаланба* :анткени капалануу жоголгонду таппайт,кеткенди кайтарбайт, өлгөндү тирилтпейт, тагдырды өзгөртпөйт жана эч пайда келтирбейт.
*Капаланба* :анткени шайтандын иши кайгы-капага батыруу,капалануу үмүтсүздүк ,кедейлик жана ар дайым үмүтсүз болууну алып келет.
*"Биз сенин көкүрөгүңдү ачпадыкпы ?Жана сенин үстүңдөгү оор жүктү алып салбадыкпы? Ошол жүк сенин жонуңду басып турган эле.Жана сенин атыңды көтөрбөдүкпү? Акыйкатта,кыйынчылыктын артынан жеңилдик (келет).Чындыгында ,кыйынчылык улай жеңилдик(келет). Эгерде (намаздан)бошосоң ,(дубага )кириш.Жараткан Эгеңе жалбар!" *.(Шарх сүрөсү)


*КАПАЛАНБА*
Бакытка умтулуу кайгы-муңдан арылуунун жолу.

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 15 Апрель 2017 - 01:48

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#173 Пользователь офлайн   MUHLISA   20 Апрель 2017 - 21:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

АБДИШУКУР АЖЫ НАРМАТОВ
УСТАЗДАН АЛТЫН СОЗДОР !
•••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••

Кайгылуу күндөр эсиңе түшсө, аларды болбогон деп бил жана жашооңду уланта бер!

Жийиркеничтүү, уят сөздөрдү угуп калсаң, кулагыңдын сыртынан кетирип, жолуңду улай бер!

Кимдир бирөө жамандык кылса, аны кечир жана эч нерсе болбогондой жашооңду уланта бер!

Бул дүйнөнүн кайсы бир жакшылыгына жетпей калсаң кайгырба, эч нерсе болбогондой өмүр сүрө бер. Анткени өмүр кыска. Бакытка жетпей туруп өзүн бактылуу сезген адам – чыныгы бактылуу.

Ар бир айтылган сөздү тактай бербе!

Сен жөнүндө айтылган сөздөрдү териштире бербе!

Сага жамандык кылган ар бир адам менен эсептеше бербе!

Сага кол салган ар бир адамга кол салууң шарт эмес!

Сага душмандык кылган адамдан өч алба!

Эгер сак болсоң, Алла Таала ден - соолугуңду чың кылат. Түнү тынч уктайсың, ырахаттанып жашайсың, көңүлүң тынч болот. 
Намазга турган кезде жүрөгүң Алла Таала менен гана байланышта болсун. Андан башка нерселерге алагды болуудан сакта.

Жыйында отурганда тилиңди сакта.
Бөтөн бирөөнүн үйүндө көзүңдү сакта.
Тамактанганда ашказаныңды сакта. 
Эки нерсени эч качан эстебе: Адамдардын сага кылган жамандыктарын; Өзүңдүн адамдарга кылган жакшылыктарыңды.

Эки нерсени эч качан унутпа: «Алла Тааланы», «Акыретти».
Эгер сага орой сүлөсө, ага ачууланба, жөн гана жылмайып кой. Анткени, ал өзүнүн ким экендигин сага көрсөтүп койду. Адамдын көркү - акыл, акылдуу адамдан гана акылдуу сөздөр чыгат. Ириген ооздон чириген сөз чыгат. Тентекке теңелип, терек бою секирбе!

Наадан адамдардын айткан сөздөрү жүрөгүңдү жаралабасын. "Чагылган чокуга түшөт" - деген сөздү эсиңе түй. Адамдар сагызганга тор салбайт, анткени андан эч кандай пайда жок. Бирок булбулга тор салышат, анткени анда мукам үнү бар. Эч ким терекке таш атпайт, анткени анда мөмөсү жок. Бирок алмага таш ыргытат, анткени анда мөмөсү бар.

Эгер бирөө сага тилинин канжарын сайып жараласа, сен да ошол канжар менен жооп берүүң шарт эмес. Тескерисинче, сен ага жылмаюунун кылычын сайып алсаң жакшыраак болот. 
Ниетиңди түздө, туура эмес оюңду адамдарга таңуулаба!

Автор: Абдишүкүр Нарматов
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#174 Пользователь офлайн   MUHLISA   21 Апрель 2017 - 10:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

ЖИБЕК
Бир аалым адамдан,сиз алдын алкаш болгон экенсиз кандай динге кирип мындай аалымдыкка жеттиңиз деп сурашат. Ошондо аалым силерге айтайын мен эстесем жүрөгүм ооруйт, азыр айтам бирок кийин сурабагыла деп - жооп берет.
Мен алдын ичип жаман жолдо жүрөт элем, аялым кыз төрөдү, аялым жоош момун эле, кызымды өтө жакшы көрөм, үйгө келсем алдыма отуруп ар нерсе сурап көңүлүмдү көтөрөт.
Ошондой күндөрдүн биринде кызым эки жашында учуп кетти. Мени кубанычка бөлөгөн кызымдан ажырагандан кийин биротоло бөтөлкөгө түшүп алдым.
ЮМен бир күн мас келип уктайын деп жаткам, бир убакта кыямат башталып кетти жер баардыгын от каптап мен кача баштадым, артымды карасам мени бир ажыдаар кууп келе жатат, ажыдаар ушунчалык коркунучтуу болгон күчүм менен качам артыман калбайт, Жолдо ак кийинген аксакал туруптур, мени куткарың ажыдаардан деп жалындым, аксакал болсо менин алым жетпейт да балам мен алсызмын деп жооп берди, андан нары кача баштадым тоону ашсам бак дарактуу жер көрүндү ошого жетсем кутулуп кетем деп ойлосом, бул кишиге орун жок деп кайтарышты. Айлам эми кетти кайра аксакал аксакалдан сурадым мени куткарың деп.
Ай балам менин күчүм жетпейт го , сага кеңеш берейин -мына кырды ашсаң мусульмандардын катылуу жакшылыктары бар дейт ошол жакка барып көрчү сени куткарар бир нерсе чыгып калаар деп жөнөтүп калды. Кырды ашсам күмүш үйлөрдө жаш балдар чуркап ойноп жүрүптұр, мына кишини куткарар ким бар деген добуш болду бирок эч ким чыкбады, ажыдаар мага жакын келип калды ошол убакта балдар арасынан бул менин атакем го дешен чыңырган өз кызымдын дообушун уктум, мени карай менин жоготкон кызым чуркап келип мойнумдан кучактап, артымда турган ажыдаарды бир түртүп койгондо ажыдаар артын карабай жоголду. Кызым менин алдыма отуруп атакем ай неге намаз окубайсыз, намаз окуп жакшы иштерди кылсаңыз ажыдаар жолобойт эле го дейт. Кызым ажыдаар эмне деп сурадым деп сурадым.
Кызым алдыма отуруп мага түшүндүрүп баштады - ажыдаар күнөө иштериңиз, ак сакал киши сооп ишиңиз сооп ишиңиз аз болгону үчүн ажыдаарга күчү жетпеди.
Силер эмне кылып отурасынар дедим? - Биз ата -энебизди күтөбүз кээ бири Нур ичинде келет кээ бир кара күйүк болуп келет, ошолорго биз шапаатчы болобуз. Кызым маға карап атаке сиз апам менен Нур ичинде келет деп мен досторума дайым мактанам, Нур ичинде келестер аа деп мени жалт карады. Ошол мезгил жооп бере албай мен ойгонуп кеттим. Туруп даарат алдым Аллахтан кечирим сурадым, илимдин аркасынан түшүп кызыма Нур ичинде барам деген үмүттөмүн- деп сөзүн бүтүрдү.

Аллах баарыбызды бейишке кирүүгө насип этсин.

Билдирүүнү түзөткөн: MUHLISA: 21 Апрель 2017 - 10:20

Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#175 Пользователь офлайн   MUHLISA   21 Апрель 2017 - 23:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

 Пайгамбарыбыз кандай аялга үйлөнүүнү сунуштаган?

1.Куйөөңүздүн сүйүүсүн улам жандыргыла. Кудуреттүү Аллах аялды көптөгөн таланттарга ээ кылган. Бул нарктарды колдоно билгиле. Тугөйүңүздүн көңүлү дайыма көтөрүнкү болуп, анын кубанычынын себеби сиз болушунуз керек. 
2.Түгөйүңүздү дайым тосуп чыккандай болгула. Күйөөңүз жумуштан болобу же дүкөндөн келе жаткан болобу, аны босогодон тосуп чыккыла. Эркекке көңүл абдан керектуу нерсе, ошондуктан ага жылуу мамиле кылуу абзел.
3. Хур аль-айн сапаттарын изилдеп чыгып, аларды кабыл алгыла. Ыйык Куран кандай аял бейишке барарын көрсөткөн. Күйөөңүз үчүн жибек кийип, боенуп, ырдап бергиле.

4. Ал үчүн кооз киймдерди кийгиле. Тилекке каршы, көп аялдар тышка үйдөгү кийими менен чыгууну норма кылып алышкан. Бул тура эмес көрүнүш. Аял дайыма жакшы кийинип, өзүн карашы керек. Биринчи ирет – күйөөсү үчүн.

5.Шайыр болуңуздар. Түгөйүңүз менен тамашалашып, ойноп, көңүлүн көтөргүлө. Эркек аялдын тамашакөйлүгүн жана жөнөкөйлүгүн жогору баалайт. Пайгамбарыбыз Джабирге үйлөнүү тууралуу кенеш беруудө, аны күлдүрө алган кыз менен баш кошууга үндөгөн.

6.Күйөөңүзгө ар бир жакшы мамилеси үчүн рахмат айтууну унутпаныз. Эркек кишиге мактоо, албетте, укмуш жарашат. Ар бир сизге арнаган кадамын баалап, алдыдагы чоң жетишкендиктерге дем бергиле. Бул алтын эрежени карманбаган айымдар тозокко барары анык.

7. Уруш чыгарып, чатак маселени козгобогула. Аялдар үчүн мазактоо жана бөйрөктөн шыйрак чыгаруу – бул көнүм адат. Чыр-чатактар үй-бүлө үчүн терс кызмат аткарат. Жанжал чыгаруунун ордуна күйөөңүздөн кечирим сурап койсоңор – бир олуттуу маселеден кутуласыз.

8. Күйөөңүздүн ыразычылыгына ээ болууга умтулгула, себеби бул Аллахтын ыраазычылыгына жетүү ачкычы. Мухаммад Пайгамбарыбыз айткан: «Эгер күйөөсү аялына нараазы болбобосо, жубайы бейишке чыгат». 9. Тилин угуп, баш ийинүү билгиле. Моюн сунуу ыйык буйруктардын бири.

10. Кудайдан үй-бүлөңүз үчүн бакыт тилеп, дуба кылыныз. Аллахтан тынчтык, гармония тартуулашын сураныңыз.
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#176 Пользователь офлайн   rnurzida   10 Июнь 2017 - 20:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

БИСМИЛЛАХИР РАХМААНИР РАХИИМ.


*Кечирим суроону унутпа!*

Кетирген кемчилигин сезип, ал үчүн кечирим суроо
мыкты жүрүм-турумдун дагы бир бутагы болуп эсептелет.


♻Ар дайым кечирим суроо жана кечиримдүү болуу, бейпил
жашоого алып келет. Адам эч качан шалаакылыктан кутула
албайт. Кимдир бирөөгө сөзсүз туура эмес мамиле кыласың.
Ошол убакта андан кечирим суроону унутпа.

♻ Эгер анын
даражасы жана жашы кичүү болсо да кечирим сурай бер.
Кечирим суроодон эч нерсе кемип калбайт. Тескерисинче,
кадыр-барк көтөрүлөт, кичипейилдик артат.


Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#177 Пользователь офлайн   KeHeBeC   14 Июнь 2017 - 12:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 14 Июнь 17
  • Соңку аракети: 21 Июл 2017 21:06

МЕН ҮЧҮН ЖАННАТТЫН ЭШИКТЕРИ ЖАБЫЛГАН !

Бул сөздү уккан Рапи аттуу жигиттин жан-дүйнөсү чарк айланып, жүрөгүнө ыссык дем келе түштү ..

Эмне үчүн дейсизби ??...

Окуяны башынан угуңуз анда...

Рапи жогорку окуу жайда окуп,
акылдуу, ишмер жигит эле..
Минген унаасы баалуу.
Бир күнү окуу жайда,
сынак жүргүзүлүп жалпы окуучулар сынак (экзамен, тест) тапшырмай болушат..
Бирок Рапи бул сынакка кирбейт.
Анткени сынак мурдагы сынактардан такыр айырмаланып, өттө оор болчу.
«Мындан өтө албай калам го?»-деп ойлонду да жакын досуна:
«Сынакта чогуу олтуралы,
жардам бер?»-деди.

Сынак болду, аяктады, жыйынтык чыгышына аз убакыт калды....

Сыртка чыгып, бактын салкын көлөкөсүндөгү олтургучка
барып олтурду.
Бирок эмнегедир жүрөгү тынч эмес .
Көңүлүндө бир деме кыйнап жаткандай,
эч ким менен сүйлөшкүсү келбей,
кабатырланып жатты...

Жанында жаш, өзү теңдүү бир
жигиттин олтурганын көрдү.
Ал телефон менен алек эле.

Рапи, окуум эмне болот,
жумушум, ж.б - деп ойлуу олтурган учурда, Рапинин телефонуна:
«Бактысыз Апам, Жаман!»-деп жазылган,
өзүнүн апасы сүйлөшүү
үчүн телефон чалды.

Рапи телефонду ачуулуу абалда көтөрүп:
«Апа !
Ишим көп, кийинчерээк чалыңыз!?. ...»
-деди да телефонду өчүрө салды...

Муну көрүп, жанында олтурган өзү теңдүү жигиттин көзүнө жаш келе түштү.
Рапи аны байкаган жок..

Аңгыча, досу телефон чалып калды.
Рапи телефонду алса:
«Сүйүнчү, сен экзаменден 4 алдың !»-
деп кабарлады.

Рапи бул сөздү угуп:
«Уууух !
Абдан жакшы болбодубу !
Сынактан төрт деген баа алдым,
жаман эмес, кандай бактылуу адаммын!! »-
деп жүзүнө жылмаюу келди.

Ошондо жанындагы жигиттин көзүнөн жашы агып жатканын байкады ..

Ал айтты :
Сен өзүңдү бактылуумун дейсиңби ..?

Сен бакыт эмне экенин билесиңби ?
Жана сага, энекең телефон чалды .
Бирок сен аны кагып-силкип, каттуу жооп бердиң да өчүрүүгө шаштың...

Сенин Эң Бактылуу учуруң
ошол кез эле..!
Энекең сага:
«Уулум ?? Жан балам менин!»-
деп сени менен сүйлөшкүсү келсе,
аны сен угууну каалабадың ..
Эң бактылуу учур ошол учур эле.
Анткени мага телефон чалып:
«Уулум менин!»-деп айтчуу Атам, Энекем деген инсандар бул дүйнөдөн
эчаак өтүп, Мен үчүн
Бейиштин эшиктери жабылган !

Сенин бул чоң окуу жайда окууңа,
акыл-эстүү болуп, ишмердүү болууңа да Энекеңдин, өз Атаңдын берген тарбиясы,
алардын сага кылган жакшылыктары!
Бейиштин эшиктерин кармап кал!
Анткени ал эшиктер убактылуу! »-
деди да ордунан туруп жөнөп кетти.

Рапи үчүн бул сөздөр жүрөгүнө
тийдиби, таасир алдыбы
эмнегедир ойлоно түштү..

Кол телефонун алды да,
“Бактысыз, жаман апа!”-дегенди,
«Эң жакшы АПА!»-деп өзгөртүп сактап,
Апасына телефон чалып,
жакшы мамиле кылып сүйлөшө баштады..

Муну айтканым себеби туугандар,
Ата Бейиштин эшиктеринен болгон Чооң бир эшик !
Эненин таманында Бейиш !
Бул экөө ыраазы болсо
Аллах ыраазы болот !!

Аллах Таалам Куранда:
«Ата Энеге "Ууф-ф!” дебе!»-деп
өкүм берет .

Уф-ф деген сөз Курандагы эң кыска сөз.
Аллах Таалам, Ата Энени нааразы кылып
керек болсо ошол эң кыска сөздү да айтпа !-деп өкүм берет.

Абу Хурайра родияллоху анху
риваят кылат:
Келип Пайгамбарыбыз алайхис саламдан
Кимди көбүрөөк урматтайын? ?-деп сураганда үч жолу: Апаңы, Апаңы, Апаңы !-деп төртүнчүсүндө Атаңы!-деген.

Эгер Ата менен Эне бирдей убакта бир жумуш айтса, анда биринчи Эненин айтканын кылуу керек !
Андан кийин Атанын айтканын кыл !

Ата Энеңе дуба кыл деп Куранда өкүм берет : Роббир-хамхумаа камаа Роббайании соґийро
Оо Роббим ?!
Ата Энем кичинемден Мага кандай Мээримин төккөн болсо,
Сен да аларга ошондой
Мээримдүүлүк кылгын !
Аллахуммагфирлии вали ваали-даййа
Аллахым Ата - Энемди кечиргин !

Сиз бизди ушундай деңгээлге,
тарбиялап,өстүрүп- чоңойтуп,
мээримин төккөн Ата-Энелерибиз
дүйнө-аакыретте аман болсун,
Бактылуу болушсун !)

Али Оши~
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#178 Пользователь офлайн   KeHeBeC   14 Июнь 2017 - 12:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 14 Июнь 17
  • Соңку аракети: 21 Июл 2017 21:06

Ыйык орозонун кунундо, кимдир-бироо ичинде таарынычы болсо, алыста журсо, эч болбосо телефон чалып, жакшы создорун айтып сурап койсун.Аллах СабаханАллах кечиримдуу зат. А силер кечирбей бир-биринерди текебер болгунар келеби мусулман бир тууганым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#179 Пользователь офлайн   Letchik-bolgum-kelchuu   14 Июнь 2017 - 12:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 639
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Июн 2020 17:40
  • Калаасы:Москва

Ой ыракмат мээбизге жакшы информацияны куюп койгонун учун. :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#180 Пользователь офлайн   gulsayra   14 Июнь 2017 - 12:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 94
  • Катталган: 06 Апрель 17
  • Соңку аракети: 21 Янв 2019 14:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кызыл кыя

аллах раазы болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 24 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 24, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 01:59

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: