Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган сынакка келген дил баяндар (Жалал-Абад облусу) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган сынакка келген дил баяндар (Жалал-Абад облусу) КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган с

#21 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 13:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Абылкасымова Ыквал
Мен өлкөмдүн гүлдөп өсүүсүн каалайм!
Кыргыздар- түрк элдеринин эӊ байыркысы. Нечендеген кылымдарды башынан өткөргөн калк. Кыргыз деп аталышынын себебин төмөнкүчө айтып калышат: канчалаган жоо келсе да, түгөнбөгөнү үчүн деп. Мен кыргыз болуп жаралганыма сыймыктанам. Кыргыз жериндегидей кооздукту эч жерден табалбасмын деп ойлойм. Кок тиреген зоолору, бийик-бийик тоолору көргөн адамдын көөнун кандырат. Тоо десе тоо бар, суу десе суу бар, жерибиз өтө кенен болбосода, элибиз бейпилдикте жашап жатат. Сууга жетпей жүргөндөр канча? ушунча жерим болгончо ушунча суум болсо- деп. Жаратылышы аябай кооз, андагы мөлтүрөп аккан булактар, канаттуулардын моокум кандыра сайраганы, жапжашыл шибер чөптөру килем төшөп койгондой тептегиз. Анда өскөн чөптөр да касиеттүү дары чөптөр. Булактарычы? жер түбүнөн чыгып, дарылыгы өтө күчтүү. Жаратылышынын кооздугун айтып бүто албасмын. Бир эле сөз менен айтып кое турган нерсе эмес. «Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө» дегендей мен учун кыргыз жери айдан деле кымбат. Эч нерсеге алмашкыс. Табышмактуу көрүнүштөрү көргөндүн көз жоосун алат. Ошондуктан чет мамлекеттен келгендер дем алып, таза абага каныгып, бейиштин төрүндөй көрүшөт. Мына ошол үчүн табият менен таттуу мамиледе бололу.
Менин көз карашым боюнча мекен - мен жашаган үйдөн,көчөдөн, мектебимден, айылымдан, шаарымдан башталат. Мен өз күчүмдү, мүмкүнчүлүгүмдү элимдин жыргалчылыгына арнагым келет. Мен жасап жаткан иштер аз да болсо мекениме кошкон салымым деп ойлойм.
Ар бир эл, ар бир адам өзүнүн чөйрөсү менен эле чектелсе «өз казанында өзү кайнай берсе» анда өсүү деген болбойт. Ар дайым аракет кылсаӊ, ошондо гана ийгиликке жетишесин. «Келечек жаштардын колунда» демекчи - жаштар да окуса, аракет кылса, өзүнүн мекенине салым кошо алат. Көп тил билсен ошончо жакшы, бирок кыргыз тилин унутпашыбыз керек. Тилиӊ менен улутсун, тилиӊ менен улуксун деп айтылатго. Оз эне тилинде эркин сүйлөө менен башка чет тилдеринде да өз оюн жеткире билүүдөн өткөн жыргал нерсе болбостур.
«Булбул гул зарын, адам Мекенин сүйөт» демекчи ар бир адам өз Мекенин сүйүүгө укуктуу. Сен салымыӊды кошсон, Мен салымымды кошсом, анда өлкөбүз өсөт, өнүгөт, гүлдөйт. Ошондуктан Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүүсүн каалайм!
Эне тил
Кыргыз тилин мурас кылган бабалар,
Кыргыз тилде сүйлөгөн биздин аталар.
Азыр болсо баары сүйлөйт орусча,
Окшойбуз деп кайдагы бир оруска.


Баары азыр орусчаны билишет,
Башка тилди да келиштирип сүйлөшөт.
Өзгө тилди үйрөнсөн да а бирок,
Кыргыз тилин мага окшогондор сүйүшөт.
Абылкасымова Ыквал Нурланбековна
Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Жергетал айылынын Мария Орозалиева атындагы №11 орто мектебинин 8-класстын окуучусу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 13:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Адылжан уулу Дастан
“Кыргыз жеримдин гулдөп өсүшүн каалайм”
Кыргызстан кооз өлкөлөрдүн бири. Кыргызстанда түркүн түстүү гүлдөр, жап-жашыл токойлор бар.Тунук булактарынын пайдасы ден соолукка пайда. Ошондой эле жайлоолор, жан- жаныбарлар, шаркыратмасы абдан кооз. Ысык-Көлгө көптөгөн туристтер келип кетишет.
Биздин Кыргызстанда нефть, көмүр, алтын,газ,жез, күмүш дегендей көп нерселерге бай. Кыргызстандын улуттук кийимдери,тамактары, салттары,оюндары абдан кызыктуу жана кооз. Кыргызстанда көптөгөн баатыр,сүрөтчүлөр, окумуштуулар, жазуучулар чыккан. Алардын бири Чынгыз Айтматов. Чынгыз Айтматов дүйнөгө таанылган улуу акын жана анын көп чыгармалары бар.Мен азыркы күндөн тарта жакшы окуп өзүмдүн салымымды кошкум келет. Мен келкчекте ырчы болгум келет, анткени көптөгөн өлкөлөргө барып Кыргызстандын атын даңазалагым келет.
Кыргызстан.
Мекеним менин Кыргызстан.
Биздин тунук булактар,
Тоолору бийик аска-зоо.
Айланасы чырайлуу,
Бермети болсо Ысык-Көл,
Элиме байлык чачкандай
Өнугуп гүлдоп өсө бер.
Дүйнөгө нурун чачкандай!
Эгерде биз жакшы иштеп, жакшы окусак,анда биз өнүгүп өсөбүз.Биздин айыл,шаарларыбызга үйлөрдү,мектептерди, ишканаларды куруп жана ошондой эле муктаждарды аткарып бүтүрсөк анда Кыргызстан өнүгөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 13:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Айбек уулу Өмүрбек
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.


Мен Айбек уулу Өмүрбек азырынча жаш эле баламын,а бирок менде алдыда канчалаган максат,ой –тилектерим турат.Мен өзүмдүн кыргыз жеримдин өсүп өнүгүшүнө аз гана болсо да салым кошууга милдеттүүмүн деп эсептейм.Кудай буйруса Кыргызстандын өнүгүшүнө келечекте чоң салымымды кошом деп аракеттенип келе жатам.Аракеттене берем.Мен ар күнү Кудайдан Кыргызстанга тынчтык,биримдик, кеңиричилик, адеп-ахлак тилеп келем.Жогоруда айтылган нерселер бизде сөзсүз болушу керек.Белгилеп айта кетчү нерсе Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө, а бирок Кыргызстандын өнүгүшүнө кам санабай эле койсок болот деп ойлойм.Себеби Кыргызстанга күйүмдүү адамдар көп жана жаратылыш байлыктары, мал жайыттары,эгин талаалары,жүздөгөн көлдөрү,ГЭСтери, бак-дарактары, дарыялары ,таза суулары,таза абасы ушул сыяктуу көптөгөн байлыктарыбыз турганда Кыргызстандын өнүгүшү эч нерсе эмес.Мисалга алсак, мындан элүү жыл мурунку жашообузга карганда азыркы Кыргызстан бир топ эле өнүккөн.Аны баары эле билсе керек.Кыргызстандын өнүгүшүнө ушул да бир жакшы мисал болуп бере алат.Ошондуктан Кыргызстанга канчалык күйсөк жана аз гана болсо да ар бир жараан Кырыстандын өнүгүшүнө салым кошсок биримдикте болсок Кыргызстан сөзсүз өнүгөт жана келечекте эч бир мамлекеттке көз каранды болбой өзүбүздүн жараандарыбызды жумуш менен камсыздап, көз каранды болбой жашап каларыбызга ишенем жана бизде андай шарт болооруна 100% кепилдик берем.Келгиле анда ошол жашоого жетүүгө баарыбыз биргеликте аракет жасайлы.
Айбек уулу Өмүрбек
Жалал-Абад областы
Базар-Коргон району
Акман айыл аймагы
Кош-Коргон участкасы
Токторалиев Жакып көчөсү 15-үй
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 13:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Тилебалдыева Айдай
Тема: Мен Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүн каалайм.


Кыргызстан менин сүйүктүү өлкөм. Кыргызстандай кооз өлкөнү көргөн эмесмин. Абасы таза, кооз өлкө. Кыргызстандын өнүгүшүн кааалайм, гүлдөшүн каалайм. Кайсы кыргыз жараны каалабасын. Албетте, Кыргызстанда жашап, Кыргызстанда өмүрүңдү өткөрүп, Кыргызстандын жараны болгон соң өлкөмдүн гүлдөп, өнүгүшүн каалайм. Ар дайым Кыргызстан өнүгүп, өссө дейм. Бул үчүн болгон күч аракетимди жумшаймын. Кыргызстанды кантип өнүктүрүүгө болот деген суроону өзүмө берип абдан терең ойлонуп мындай чечимге келдим. Мен Кыргызстандын жаранымын. Кыргызстанда жашап, Кыргызстандын жараны болуп, кыргыз болуп жаралганыма абдан сыймыктанам. Эгерде сыйкырчыга жолугуп калсам, үч тилегимди аткаруусун сурамакмын.
Биринчи тилегим Кыргызстанда ар дайым тынчтык болсо демекмин. Себеби, тынчтык жок болсо өнүгүү болбойт.
Экинчи тилегим Кыргызстанда ынтымак, биримдик болсо дейм. Себеби, биримдик, ынтымак жок болсо, эч кандай өнүгүү, жакшыруу болбойт. Ынтымак болсо, биримдик болсо кандай жакшы, биргелешип, ынтымакташып бүтүргөн иш жемиштүү, берекелүү болот.
/чүнчү тилегим: Кыргызстан өнүгүп келе жаткан эмес, өнүккөн, индустриялуу өлкөлөрдүн катарында болушун сурамакмын. Кыргызстан- Орто Азиядагы эң кооз, эң көрктүү, бийик тоолуу, жаратылыш ресурстарына бай өлкө. Ошондой болсо дагы учурда Кыргызстандын экономикалык абалы начар, бул жагдай мени өтө капаландырат. Экономиканы жакшыртуу биринчи орунда турат. Ойлонуп көрсөм учурда Кыргызстанда көптөгөн кен байлыктарыбыз жок эмес, ал кен байлыктарды ишке киргизсек, мен ойлойм биздин мамлекетибиз социялдык жактан өнүгөт. Биринчиден көмүр, нефть, алтын жана башка ушул сыяктуу кен байлыктарды ар кандай технологиялардын жардамы менен казып алып башка мамлекеттерге сатуу аркылуу экономикалык абалыбызды оңдоп алууга болот. Өзүбүздүн мамлекетибизден чыккан кен байлыктарга өзүбүз ээ боло албай жатабыз. Кытай мамлекети өздөрүнүн технологияларынын жардамында биздин кен байлыктарыбызды казып алып жатышат. Биздин Кыргызстандын алтыны дүйнөдөгү эн баалуу, курамы боюнча да «эн таза» деген баа коюлуп, «Дүйнөлүк эталон» деген наамга татыктуу болгон. Ошондуктан башка мамлекет биздин алтындарга кызыгат. Эгер биз жаштар күчтүү, билимдүү, илимдүү инсандардан болуп, ошол кен байлыктарды казып алуунун технологиясын ойлоп таап, ошол кен байлыктарды башка мамлекеттерге сатып, ошол түшкөн каражатка ар кандай таштандыларды кайра иштеп чыгаруучу заводдорду курсак, биздин мамлекетибизге абдан чон пайда алып келет. Биринчиден: ар кандай суусундуктардын бөтөлкөлөрүн эритип, кайрадан ар түрдүү буюмдарды иштеп чыксак, экинчиден: таштандылар азаймак, үчүнчүдөн: экологияга эч кандай таштандылар ыргытылбай, зыяны тиймек эмес, төртүнчүдөн: жумушсуз адамдарга да пайда болуп, жумуш орундары түзүлмөк. Жумуш орундар түзүлгөндөн кийин элдин жашоо шарты жакшырмак. Таштандылардын такыр жараксыз болуп, буюмдарды жасоого болбой калгандарынан асфалть жолдорду куруунун технологиясын иштеп чыгып, өзүбүз жолдорду куруп алсак эмнеге болбосун, учурда асфалть жолго абдан муктажбыз. Көчөлөргө, окуучулар жүрүүчү тратуарларга асфалть төшөлүп, басууга абдан ынгайлуу болот эле. Көчөлөргө бак-дарактарды отургузуп, гүл өстүрүүчү цемент карапаларды жасасак болот. Учурда унаа жүрүүчү жолдордо автотыгындар өтө көп болуп жатпайбы, аны жоюу үчүн өзүмдүн жеке идеям бар. Эгер биз эки кабаттуу, астынан да үстүнөн да машина жүрүүчү, көпүрө сыяктуу жолдорду курсак, жол тыгындар азаймак деп ойлойм. Жол жээктеп бак-дарактарды отургузсак абдан мыкты болот. Бак-дарактарды отургузуунун беш пайдасы бар, биринчиси: учурда ар кандай жаман, зыяндуу, уулуу газдар чыгып жатпайбы ошол чыккан уулуу газдарды өзүнө сиңирип алып кычкылтекти бөлүп чыгарат, башкача айтканда дем алып жаткан абабызды тазалап турат, озон катмарынын жукарышынын да алдын алат эмеспи. Экинчиси: адамдардын ден-соолугуна өтө пайдалуу, үчүнчүсү: кооздук берип, көрктүү көрүнүп, мамлекетибизди кооз кылып көрсөтөт. Төртүнчүсү: өспөй, жооноюп эмерек жасоого мүмкүн болгон бак-дарактардан ар кандай эмеректерди жасап, ошол эмеректерди экспорттоп, же өзүбүз колдонсок кандай чон пайда, бешинчиси: көп жааган жамгырдан ар кандай бөөдө кырсыктар пайда болуп, сел, суу ташкыны, жер көчкү сыяктуу кырсыктар болот, алардын болбошуна бак-дарактар себепчи, тамыры менен сууну синирип алып, кырсыктын болушунун алдын алат. Бак-дарактардын биздин өлкө үчүн мааниси ушундай. Бул. иш аракеттердин баары өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү үчүн гана. Ошондой эле өлкөдөгү тазалык, тартип башка мамлекеттер сыяктуу катуу болсо деп кыялданам. Азыр Кыргызстан Парламенттик башкаруу системасында эмеспи, Парламенттин депутаттары тартип, тазалыкты катуу кармоо жөнүндө эн мыкты мыйзам кабыл аларына үмүтүм бар. Өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүшү үчүн дагы бир жол бар. Ал башка мамлекеттерден келген туристтердин көп санда болушу. Туристтерди биздин өлкөгө келип, кызыгып, суктанып кетиши да малекет үчүн пайда деп ойлойм. Туристтерди кызыктыруу үчүн, мисал келтирели кооз имараттарды, башкача айтканда Кыргызстандын улуттук баалуулуктары түшүрүлгөн имараттарды куруп, ичине кыргыздын улуттук кийимдерин, колдонгон буюмдарын, улуттук тамак-аштарын, салт-санаа, үрп-адаттарын, жашоо-шарттарын, кыргыздан чыккан атактуу адамдардын кылган эмгектерин, кыргыздын жалпы маданиятын, кызыктуу сүрөттөрүн чагылдырган ар кандай көргөзмөлөрдү, музейлерди жасоо туристтердин келүүсүнө, биздин мамлекетке суктанып, кызыгышына жол ачат. Бүгүнкү күндө мындай имараттар, музейлер биздин мамлекетте бар ошондой болсо да санын көбөйтсөк эч кандай зыяны жок. Ошондой эле кыргыздын улуттук желеги, боз үйү башкача айтканда кыргыздын улуттук баалуулуктары түшүрүлгөн жол чырактардын орнотулушу да мамлекетти кооз, көрктүү көрсөтөт. Бул менин өзүмдүн жеке идеям. Сулайман-Тоо, Манастын күмбөзү, Ысык-Көл, Бурана мунарасы, Таш-Рабат, Тарых музейи жана башка ушул сыяктуу белгилүү жерлерге туристтер көп келишет. Демек, мындай жерлердин санын көбөйтүү керек. Кыргызстанда жер-жемиштер, жашылчалар арбын өсөт, аларды экспорттосок мамлекет үчүн пайда. Казакстан буудайга, Өзбекстан пахтага адистешкен сыяктуу эле Кыргызстан мал чарбачылыгына адистешкен муну да эске алалы. Демек, жүндөн токулган ар кандай кийимдерди токуучу цехтерди куруп, башка малекеттерге жүндөн токулган кийимдерди сатып, эки мамлекет ортосунда соода байланыштарын жүргүзсөк абдан пайдалуу. Ал гана эмес сүт жана сүттөн жасалган азыктарды экспорттосок да экономикада эн чон өнүгүү болот. Өзүбүздүн мамлекеттин байлыгын эмне үчүн өзүбүз колдоно албайбыз? Кыргызстанга эмне керек, эмнеге муктаж? Кандай иш аракеттерди кылсак мамлекетибиз өнүгөт? Бул суроого ойлонуп көрсөм, биз өзүбүздүн кендерибизди өзүбүз колдоно албаганыбыздын себеби бизде кен-байлыктарды иштетүүчү технология жок, такыр жок дебейм бирок аз санда. Кыргызстанга жаны технология керек, жаны план керек. Өнөр жай иш каналарынын иштерин карап алдын- ала план түзүп, максат коюп ошол максатка жетүү керек. Жана башка өнүккөн индустриялуу мамлекеттердин технологиялары менен таанышып, ошол мамлекеттердеги технологияны да биздин мамлекетке алып келүү керек. Ушул иш аракеттерден кийин Кыргызстандын өнүгүшүнө жүз пайыз ишеним бар. Кыргызстан өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарында, бул дагы биз үчүн өтө чон сыймык. Буйруса, Кыргызстанды өнүгүп келе жаткан малекеттердин катарында эмес өнүккөн, индустриялуу, экономикасы боюнча эн мыкты өлкөлөрдүн катарында көргүм келет. Өнүккөн өлкөлөрдүн тез өнүгүп кетишинде кандай сыр бар деп да ойлоп көрдүм. Алардын мамлекетинде тартип, тазалык, экономика өнүккөн, алар башка мамлекетке чыгым болбой өз мамлекеттерине киреше киргизүүнүн гана жолдорун издешет. Алар өз мамлекеттеринде кандай байлык, кандай кен-байлык, кандай жаратылыш ресурстары бар ошол байлыктарды ишке киргизүүнүн кандай жолдору, кандай технологиясы бар экенин издешет, алар алдын ала план түзүшөт. Ошол түзүлгөн планды ишке ашырууга болгон аракетин жумшашат. Биз эмнеге мындай кылсак болбосун, албетте аракет кылса берекет болот эмеспи. Кандай иштерди жүргүзсө болот, мисал келтирели: жети областта тен ар түрдүү жемиштер өсөт эмеспи ошол жемиштерди, жашылчаларды экспорттоп, сүт жана сүт азыктарын өндүрүүчү заводдорду, кийим тигүүчү жана тери иштетүүчү, цемент өндүрүүчү заводдорду курсак ийгилик бизден кача албасына ишенем. Келечекте Кыргызстандын жаштары Кыргызстанга көп пайда алып келүүчү долбоорлорду түзүп, ошол долбоордогу иш аракеттерди ишке ашырсак, келечекте Кыргызстан гүлдөгөн, өнүккөн, индустриялуу өлкө болот, мен ишенем. Жана ошондой эле бирөөгө ачуу угулушу мүмкүн, бирөөгө жагымдуу угулушу мүмкүн мамлекеттин эсебинен чөнтөгүбүздү калындабашыбыз керек, мамлекеттин акчасын тонобошубуз керек. Мамлекеттин, элдин ырыскысын уурдабашыбыз керек. Бул мамлекеттин экономикалык абалынын начарлашынын бирден бир себеби. Кыргызстанда мындай окуялар такыр болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Болот, мындайга жол бербей тескерисинче өлкөгө салым кошолу, өнүктүрөлү, болгон аракетибизди жумшайлы, ошондо гана биз гүлдөгөн Кыргызстанды кура алабыз, ошондо гана биздин мамлекет өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Менин жүз пайыз ишенимим бар. Кыргызстандын тоолору, дарыялары, көлдөрү, жаратылышы, жайлоолору Кыргызстанды ушунчалык кооз, ушунчалык көрктүү, бай, берекелүү экенинен кабар берет. Эли-меймандос, жери-касиеттүү, таштары-алтын, суусу-дары деп бекеринен айтып коюшпаса керек. Гүлдөй бер, өнүгө бер мекеним-Кыргызстан. Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн билимдүү, акылдуу, эл-жер камын ойлогон адам болуу керек. Келечекте мен Кыргызстанды кантип өнүктүрүүнүн жолдорун таап мен Кыргызстанды өнүктүрүп, гүдөтүп, байытып, көптөгөн салымдарды кошуп, келечекте кыялымдагы Кыргызстанды курамын! Мен Кыргызстандын өнүгүп кетишине ишенем!! !!Мен Кыргызстандын гүлдөп, өнүгүшүн каалайм!
Жазган:
Ош облусунун Чон-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин 9-б классынын окуучусу Тилебалдыева Айдай Асадбековна.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Айзирек Доронбекова
«Кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм»
Мекен... Кандай гана керемет соз! Мекен дегенде кыялыбызга, элесибизге, ак кар баскан тоолор, молтур булак суулар, ак элечек кийген Ала-Тоо, кок суусу мелтиреген Ысык-Кол, суйкайган сулуу кыздай болгон Сары-Челегибиз, сан кылымдык тажрыйбаларын макал-лакаптарына сыйдырып келген, сансыз кылымдарды карыткан кыргыз элибизди эсибизге тушуробуз. Кайсы бир нерсени туболуктуу деп атасак да, убакыттын отушу менен ал нерсе бир гана тарых булактарына жазылып калат. Коп алыска кетпей, откон кылымга баш баксак, туболуктуу СССРди тарых китептеринен гана коро алабыз. Бирок кандай кундо болсо да, бизди кубанткан нерсе, адамзат тарыхындагы оор тагдыр сыноолоруна карабастан кыргыз жери ыйык мекенибиз, сакталып калды.
Бир ууч топурактын эмне деген касиети, кучу бар! Чабалекей кен ааламдан кунуго таруудай топуракты мээнет менен ташып келип, мекенин жат коздон коргоп, балапан чыгарып, анысын кайдадыр алыска учуруп кетет. Акыры ааламды кыдырып, тоолордун, талаалардын, булуттардын устунон учуп журуп, келерки жылы да жыт синген уясын таап, аны жат коздон коргойт. Ал эми ошол эле уяны Кыргызстан катары элестетип королучу. Ал эми анын балапандары — биз. Мекенибиз да бизди жат коздон коргоп, окутуп, чонойтот. Убагы жеткенде чет олколорго барып, ал жерден да эн мыкты билим алып, кайра Кыргызстанга келип, окуучуларга башка улуттун тилин, маданиятын, урп-адатын уйроткон кандай гана сонун! Тилекке каршы, биздин кундо андай нерселер аз учурайт. Арийне, ошондой болгондо, бугунку кундо Кыргызстан онугуп, биринчи орунга чыгып кетмек беле? Ошол жакта окуп, ошол жакта иштеп, ошол жакта уй-було курушат. А бирок, экинчи жагынан карасак, алар Кыргызстанга келуусунун каалабашы, анын иш айлыгынан болушу мумкун. Баардык маселени депутаттарга айыптап, алар бюджетти жеп жатышат деген оюбуз болор. Эмне учун Жогорку Кенешке жаштар келбейт? Эгер жаштар келгенде, Кыргызстанда башка турмуш болуп озгорот беле? Жаны мектеп программалар тузулуп, мектеп окуучулардын билим-сапаты оркундойт беле? Балким... Балким...
Кыргыз мамлекети эгемендуулукко жеткенден бери республикада коп озгоруулор болду: тоталитардык системанын эн жогорку катмары бийликтен ажырап, демократиялык нуктагы Президент шайланып, мамлекеттик Туу, Гимн, Герб, улуттук валюта кабыл алынды. Андан тышкары ар кандай уюмдарга да мучо болуп кирди. Кыргызстан ичинде Президент шайлоонун негизинде кандуу 7-апрелде эки улуттун арасында келишпестик келип чыкты. Бир уядан чыккан балапандар, бири-бирин чокушуп турса, экинчиси «Мени кызыктырбайт, менин ансыз деле жумуштарым толтура» деп айта албайбыз. Татынакай уясын куюп жатканын корсок, буга кайдыгер карай албайбыз. Анткени анын кесепети баарыбызга тиет.
Кыргызстан дарак болсо, тамыры президент, сонгогу премьер-министр, бутактары депутаттар, жалбырагы эл, момосу — ЖАШТАР! Элдин бийи элдин башына туруп, элдин оозундагы нанын эч качан жулуп жебейт. Элдин бийи элдин ишеничине кирип, ар кандай куруу убадалары менен курсактарын тойгузбаган, элге кун-тун дебей кызмат кылган адам болушу керек. Бул адам — куйуп калаарын билбей отко карай учкан кополокторду от боюнан алыстатканга аракет кылган мээримдуу жан. Кополокторду оттон алыстатып жатып, озу отко куйорун билсе да, оттон алыс кетпеген, башкалардын саламаттыгы учун оз кызыкчылыктарынан баш тарткан адам. Элге, жерге кызмат кылуу бийлик башына келгенде гана жасала турган иш эмес экендигин, анын башка жолдору да бар экенин билген адам. Демек, президентти туура тандоо да, Кыргызстан учун маанилуу.
Колубуздагы эн чон байлыктардын бири — сулуулугу менен суктандырган кыргыз жергеси. «Колдо бар алтындын баркы жок», – деп айткандай, биздин эн кыйын маселелерибиздин бири — Кумтор алтын кени. Эмне учун башкаларга оозубуздагы нанды алдырып, озубуздун колубузду куру калтырдык? Эмне учун кайдыгер карап отурабыз? Буга куйуноор эч ким жокпу?
Экинчи маселебиз, коомубуздун эн койгойлуу, курч проблемасы — паракорлук. Паракорлук — озуно расмий же ишенип берилген кызмат абалына кыянаттык менен пайдалануу. Алл эми ушул паракорлук — коррупциянын башаты. Мисалы, жонокой эле студенттерди ала турган болсок, созсуз эки вариант сунуш кылынат. Эмнеге? Жаштар — Кыргызстандын келечектеги момосу. Момодон мурда жалбыракты карайлы. Бардык башка нерселердей эле, коррупция, паракорлук сыяктуу оор кылмыштардын башаты да, кичинекей кезден, ото жонокой таалим-тарбиялык иштерден башталат. Ата-энелер да балдарын эмне менен алек болуп жатканын козомолдошу керек, ар турдуу китептерди алып берип, рухий дуйносун байытууга жардам бериши керек.
Байкасак, бардык жаман нерселердин озогу бекерчиликтен башталат. Анын натыйжасында уурулукка да барышы мумкун. Бир адам бешене тери менен акча таап, уй-булосун багам деп, кичине нан сатып алып, уйуно алып кете жатса, аны ууру алып качат. Уйго куру кол менен барат. Аялы байкуш карызга алат. Акыр тубу эч нерсеге жеткире албай, карызга батышып, куйоосу ичиндегилерди бир култум арактан чыгарат. Уй-булодо уруш-жанжал кучоп, бейпилдик кетип, береке жоголот, уй-було ажырашышат. Ал эми, эч кандай айыбы жок, алардын балдары эмне болот? Кандай кундо жашашат? Бактылуу балалык балдардын баарында барбы? Эх, адам, адам?! Аттин, напсинин айынан адам пендеси жан кадырын сезе бербейт. Бугун бироонун буюмун уурдаса, эртен эле озунун буюму уурдалат. Акырында да Кыргызстанды туготуп бутурот го... Биз да бекерчиликтен качышыбыз керек. Демек, Кыргызстандын мыкты келечегин курууда бизге, эн оболу, талыкпас кайрат, куч-аракет керек.
Кыргыз эли укумдан тукумга улам-улам отуп келаткан, кылымдан туптолуп, тузулуп, калыптанып, оркундоп журуп отурган мурастык касиетке ээ болгон тарыхый, туруктуу салттары коп, байыркы элдердин бири. Кыргыз эли оз тили менен кыргыз. Эне тил! Дал ушул соз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат. Ушул тилде бешикте жатып, энебиздин алдей ырын укканбыз, «апа» деген биринчи созубузду айтып, мектеп босогосун аттап, «А» тамгасын уйронгонбуз. Бирок, ушул эне тилибизди барктай албай, аны дат баскан ийнедей кылып, кээ бир кыргыз адамдары унутуп бараткансыйт:
Басмырланып башка тилге,
Жыйындарда суйлонбосо,
Аймагында жашаган эл
Аздап-аздап уйронбосо,
Кочо тилин денгээлинен
Которулбойт тилибиз.
Мына ушундан улам мени коп ойлонткон нерсе — кыргыз тилинин эртени, тагдыры. Дуйнодо ондогон, жуздогон улуттардын тилдери дуушар болгону турат. Канчалаган тилди уйрон, бирок оз тилин унутуу — манкурттук. Мындан откон кыйын, айыптуу, оор куноо жок. Эмне себептен озубуздун аттарыбызды озгортуп, Бегимайды — Бема, Айчурокту — Аня, Аселди — Ася дейбиз? Эмне, эне тилибизди суйлоодон уялабызбы? Жоок, биз бул нерсеге жон карап тура албайбыз, тескерисинче, ага каршы курошуп, кемчилигибизди жоюшубуз керек! Антпесек, кыргыз деген атыбыз очпойбу? Мамлекетибиз да шарт тузуп, кыргыз тилин онуктурууго карата ар турдуу семинарларды, конкурстарды, конференцияларды кучотуусу зарыл. Анткени, тил болбосо, улут болбос, руху жок калк болуп калуу коркунучу биздин босогобузда турушунун чон ыктымалы бар.
Жыл сайын Кыргызстанга келген туристтердин саны артууда. Алар учун ар турдуу концерттерди уюштуруп, мумкунчулук бар кезде, биздин меймандос калк экенибизди корсотуп, кылымдарды карыткан кыргыз комузунда куу ойнотуп, маданиятыбызды танытышыбыз керек:
Кылымдан кылым санап коксой-коксой
Кыйналып биздин ушул кунду коздой.
Бул комуз коп сууларды кечип келген,
Эли да комузундай жопжонокой, — демекчи, комуз — уч кылдуу, жыгачтан атайын жасалган, кыргыздын эн байыркы музыкалык аспаптарынын бири. Азыркы кундо, бизде комузчулардан тузулгон ар турдуу топтор бар. Бугунку кунго чейин, Атай Огонбаев, Токтогул Сатылганов да «Чон Кербез» куулору менен таанымал болгон. Демек, биздин да ар бирибиздин каныбызда комуз ойноо шыгыбыз бар. Башка дагы кайсы эл, ушундай комузда куу ойното алат? Биз озгочо, уникалдуу калкбыз. Ушул талантыбызды дагы да оркундотуп, фольклордук жактан башка мамлекеттерге таанытуу биздин милдет. Ошондой эле, убакыт откон сайын салттарыбызга коп конул бурулбай жатат. Ата-бабаларыбыздан калган жамандык-жакшылыкта элибиздин бири-бирине корсоткон жардамы, урмат-сыйы болгон кошумча салты, жаны конуштун эшиктерин коруу болгон орулук салты, башына кун тушуп, аза кутуп, кан жутуп турган адамдын конулун жубатуу болгон кайрат айтуу салтын уланткандардын саны барган сайын азайууда. Озубуздун маданиятыбызды онуктурушубуз учун, салттарды унутпашыбыз керек.
Жаштарга ата-бабаларыбыздан сакталып келген жупка, жоргом, ак серке, бешбармак, карын май жана башка улуттук тамак-аштарды таанытуу учун, бир кун «Улуттук тамак-аш» майрамы жарыяланса эн мыкты иш болоор эле.
Кол бир тамчы суудан толот. Куу болсо бир кайрыктан чертилет. Токой бир талдан курулат. Кылым бир кундон тузулот. Мекен деп аталган туулуп-оскон жердин тирилик тартиби, салт-санаасы, ыр-жомогу, жаратылышы, абасы, буткул турпаты адамдын адам болуп калыптанышында жана оз тагдырына ээ болуусуна зор таасири бар экендигине бекем ишенемин. Ар бир атуулдун мекенге болгон суйуусу арта берсин! Кыргызстанда жашаганыма кубанычтамын жана мекеним менен сыймыктанамын!
Айзирек Доронбекова, Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Арал айылы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Акбермет Жусупбекова
Ар бир адамдын өз Мекени бар. "Мекен" деген сөз кыргызда ата-бабанын жери,балалыктын балдай таттуу учурларын башынан өткөргөн жерди,өнүп-өсүп, өз бутуна турган жерди билдирет.
Менин да өз Мекеним бар. Менин Мекеним-күнөстүү Кыргызстан. Тарыхый Жибек жолунда жайгашкан Борбордук Азиядагы Кыргызстан тоолуу өлкө болуп саналат. Ата-Журтубузду эн назик сөздөр менен даңазалоого татыктуу. Ар бир элдин жугумдуу насаат-сөзү, каада-салты, эмгеги,сулуулугу, эрдиги,тарыхы болот эмеспи. Кыргызстандын эң баалуу мурасы-бабалардан калган касиеттүү Ала-Тоо жергеси болуп саналат. Биздин ата-бабаларыбыз урпактарына аскасы булут жамынган кооз тоолорду,дүйнөдө теңдеши жок табияттын бермети-Ысык- Көлдү,түшүм берекеси мол төгүлгөн кулпурган өрөөндөрдү, мөлтүр тоо булактары менен дарыяларды асырап жана нукура кооздукта мурас калтырышты.
Менин Мекеним асман тиреген тоолордун,шаркырап аккан өзөндөрдүн, кең мөңгүлөрдүн, көз жоосун алган жайыттардын, токойлордун, тунук жана кооз көлдөрдүн мекени. Мына ушундай жерде сыйчыл,токтоо жана эмгекти сүйгөн карапайым адамдар жашайт.
Кыргыздар өзүнүн бай тарыхы,кооз жаратылышы, улуттук кийимдери,каада- салты,музыкалык аспаптары,жада калса ичимдиги менен башка өлкөлөрдөн айырмаланат. Кыргызстанда канчалаган ойчул,улуу жазуучулар, тайманбас баатырлар,кайраттуу энелер жашап өтүшкөн.
Ушундай бейиштегидей жерибизде дүйнө жүзүнө белгилүү адамдар эмгектенип, өмүр сүрөт. Мен Кыргызстанда төрөлгөнүм үчүн сыймыктанамын! Күн сайын эмес,саат сайын өлкөбүздүн гүлдөшүн,экономикабыз өнүгүшүн каалайм. Мекендештер, Кыргызстанды сүйөлү жана даңазалайлы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Акимжан кызы Нилюфар
“Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүүсүн каалайм!”
Мекен деген эмне? Мекен бул бүткүл адамдардын, жан-жаныбарлардын, киндик каны төгүлгөн жер. Ошондой эле, менин Мекеним Кыргызстан! Кыргыз Республикасы түндүк жарым шардын, Евразия материгинин, Азия дүйнө бөлүгүндө жайгашкан. Кыргызстан керемет өлкө. Себеби Кыргызстанды сүрөттөөгө эч бир адамдын күчү жетпейт. Бул деген ак мөнгүлүү аска зоолор, шылдырап аккан тунук булак, жайлоосуна чыксаң , тим эле атыр жел бетти аймалайт,жайында булбулдун таңшып сайраганын айтпаса да болот. Булардын баары бизде Кыргызстанда. Кыргызстан жаратылыш ресурстарына да бай. Буларга жандуу жаратылыш, минералдык жана токой ресурстары, ошондой эле биз дем алып жаткан аба, ичип жаткан суубуз кирет. Кыргыз эли нечен кылымдардын катаал сыноолорунан өтүп, бизге эң башкы байлыгыбыз Мамлекеттүүлүктү мурас кылып калтырган. Ошондуктан биз бул Мамлекеттүүлүгүбүздү ыйык тутуп, жаман адамдардан асырашыбыз керек. Азыркы мезгиле Кыргызстанда гана эмес, көптөгөн мамлекеттерде акчага алдануулар көп кездешип жатат. Кара-пайым эл террористтердин ниетин билбей, акчаны көздөй жөнөп жатат. Бул деген туура эмес.
Туулган жердин топурагы алтын. Биз топурагы алтын Мекенибизди, эч качан эч кимге бербейбиз! Мекенге өтөөчү кызмат али алдыда. Биз келечекте Кыргыз Республикасынын ар бир жараны, улутуна, диний ишенимине карабай, сүйүктүү Кыргызстаныбызды өз Мекени деп патриоттук сезимди тутунган адилеттүү, стабилдүү өлкөнү курушубуз абзел. Эртенкиге ишенимдин жоктугу жумушка жарандуу жаштардын, алардын арасында жогорку билимдүү кадрлардын өлкөдөн агылып чыгуусун шарттап турган учур. Кыргызстандын ар бир аймагында мекендин чыгаан уулдары кошумча жумушчу орун түзүү мүмкүн болгон ири иш каналарды ачышса, күнүмдүк тиричилик үчүн кара жумушка жалданган жарандардын саны азаймак. Идеялогиялык вакуумдун айынан, диний билимдин денгээлин төмөндүгүн кесепетинен ар кандай туура эмес диний агымдар, секталарга берилген жаштардын аягы азайаар эле. Билимдүү кадрлар болгон акыл-дареметин сүйүктүү Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги үчүн жумшаар эле деп ойлойм. Албетте, андай күндүн келиши да алыс эмес экендигине ишенебиз. Ал эми муну ишке ашырууда эң башкысы Мамлекеттик жана укук коргоо органдарындагы жетекчилер темирдей каттуу тартипти бийик жоопкерчиликти, патриоттулукту, чынчылдыкты эң ириде өздөрүнөн баштоосу абзел. Тактап айтканда, аткаминерлерге мыйзам түрүндө максималдуу жоопкерчиликтеги талаптар коюлушу керек. Ошодо гана ар бир мамлекеттик кызматкер мыйзамды бийик тутунат. Андан кийин гана жөнөкөй жарандардан талап кылуу максатка ылайык деп ойлойм.
Жогоруда айтылгандай биздин Кыргызстаныбыз керемет өлкө. Себеби бийик тоолу, таза абалуу, тунук булактуу, кең жайлоолуу өлкө. Жаратылышы кооз, айланада түрдүү мөмө-жемиштер, гүлдөр менен кооздолгон, тизилип, жайылып ар жерде өскөн жашыл түсү төрт мезгилде тең өзгөрбөгөн арчалар. Жазында жайлоого чыксан жаратылыштын кооздугун көрүп ырахаттанасын, анан дагы да көбүрөөк жашоого аракет кыласын. Ал эми биз болсо өзүбүздүн мекенибизди гүлдөтпөй Россия Мамлекетине качканыбыз эмнеси? Карагылачы кандай кооз жерлерибиз бар. Келгиле террорист жаман адамдардын алдоосуна алданбай Кыргызстанды өнүктүрөлү. Эгер биз бирдикте, ынтымакта болсок Кыргызстанга эч ким кол сала албайт. Кыргызстаныбыз эч качан, эч убакта жамандар колуна тийбейт деп үмүт кылам. Мен Кыргызстаныма врач болуп өз салымымды кошом. Кыргызстаныбыз Ата-Мекенибиз ар дайым алдыда болушуна Өлкөбүздүн туусу көк асманда желбирешине биз жаштар аракет кылабыз, өнүгүп-өсүүсүн башка адамдарга таанытабыз. Мен Кыргыз жерим, кооз жайлоом, бийик аска-зоом, мыкты акын-жазуучуларым, Манас бабам менен сыймыктанам. Келечекте буларды бүткүл эл таануусуна аракет кылам. Эч качан башка мамлекетке баш ийүүсүнө жол бербейм. Ар дайым Манас атамдын осуяттарын ыйык тутуп Кыргызстанды гүлдөп өсүүсүнө салымымды кошом. Кыргызстан ар дайым алдыда, алга Ата-Мекеним! Кыргызстаным! Дагы бир сөз ушул бизге таалим тарбия берген мугалимдерибизге, туура жолду көрсөткөн акындарыбызга чон рахмат. Мен бардыгы менен сыймыктанам. Кыргызстаным менен да сыймыктанам, мактанам, суктандырам!
Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Момбеков айыл округу, Момбеков айылы, № 17 Кыла орто мектебинин 9-“б” классынын окуучусу Акимжан кызы Нилюфар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Акылбек кызы Фатима
Кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм
Биз жашаган мамлекет Евразия материгинин Азия болугундо жайгашкан, Кыргыз Республикасы. Биз кыргыз эли, кыргыз жери канткенде онугобуз? Биринчи кезекте «тундук-туштук» деген болунуп жарылууну журогубуздон чыгарып, унутуу керек. Мамлекетибизде жети гана облуст бар. Аны да экиге болуп алышат. Баткен, Ош, Жалал-Абад туштук, Нарын, Талас, Ысык-Кол, Чуй областтарын тундук деп. Болунбой тундук жана туштук биригип, олкобузду чындап, онуктуруп, желегин мындан ары да желбиретип алга жылалы.
Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз жана кен байлыктарга бай. Суулары, таза абалуу жайлоолору бар. Ушунча кен байлыктары менен озу колдонуп ондуруп оз керегине жаратып онуксо болот. Бизде ошол сууларды, жерлерди жана кен байлыктарыбызды ботон эл, ботон жерге сатып жатышат. Чондорубуз гана узурун коруп жатат ушул нерселердин. Анткени Кыргызстанда корупция онугуп алган. Азыркы башкармаларыбыз талыкпай окуп, билим алып, оз мээнети мене ниш ордуна барса болмок. Тескерисинче акча , паракорлук менен жургондору баарына белгилуу.
Мамлекетибиздин онугуп осушуно туризм тармагынын таасири чон. Корктуу колдорубуз Ысык-Кол, Сон-Кол, Чатыр-Кор, Сары-Челек. Коптогон туристтер келип турса, киреше болмок. Озубуздун сууларыбызды сатпасак элге элект энергиясы арзан жана жетиштуу болмок.Алтын кени Кумтор да башка эл Канадалыктар иштетет. Озубуз иштетууго чамабыз жетпейт дешет. Каркыра жайлоосун баш кылып жерлерибизди сатып оз кызыктарына жумшап жатышат. Бул бойдон журо берсек мамлекетибизде эч нерсе калчуудай эмес.
Эмне кылуу керек? Ыймандуу, билимдуу жаштарыбыз кобойсо. Элибиз бириксе, болунуп жарылууу болбосо. Чыныгы патриот жарандарыбыз кобойсо. Озубуздун кен байлыктарыбызды озубуз иштетсек. Бир топ адамдар иш менен камсыз болмок. Мамлекетибиз онугуп осмок. Башка жактарга , сыртка чыгып кетишмек эмес.
Ар бир кызматкер мыйзам мене ниш алып барса. Милиция, врач, юристтер, мугалимдер баары таза иштесе. Паракорлуктан арылса. Ыймандуу, чынчыл жаштар кобойсо. Албетте кыргыз эли-жери гулдоп онугуп осмок.
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Кок-Арт айыл окмоту
Жалгыз-Жангак айылы
№10 Кокарт гимназия мектеби
7-класс Акылбек кызы Фатима
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Акылбекова Айтурган
Мен кыргыз жеримди гулдоп-осушун каалайм
Я хочу чтобы наш Кыргызстан процветало. Чтобы не было никаких революций,войны как в Сирий.
Если бы у меня было бы возможность я сделала бы так чтобы всех учереждениях, во всех школах во всех общественных местах была дисциплина а то последняя время Кыргызстанцы стали эгоистами.
И еще я сделала так чтобы избавились от мусора.А то в нашей жизни много мусора чем людей.И иза этого воздух,климат нашего Кыргызстана так изменяется, летом не выносимо жарко, а зимой пусть и снега нету все равно дует ветер и холодно. Я бы смотрела бы проблему с мусором.
А это мое детская мечта чтобы избавить наш Кыргызстан от долгов а то если подумать сколько же долгов у нашего страны. Так как не каждый же президент будет от своих сбережений отдавать долгов. Я хотела чтобы каждая семья дала хотябы по 5сомов за долги нашего Кыргызстана. Да это глупо но подумайте мы же можем так отдать долги хотябы половину.Просто я хочу чтобы наши соотечественики жили в прекрасном Кыргызстане некуда не уезжая за зароботки в другие страны,потому что ихние дети становятся невоспитанными и не послушными. Потому что в нашей жизни сейчас все решает только деньги ...и...деньги
Над сочинением работала ученица 9в класса Акылбекова Айтурган город Токтогул школа имени Токтогул
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Алмазбек к Айбийке
МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ГҮЛДӨП ӨСҮШҮН КААЛАЙМ


1.Жаратылышы
2.Кыргыздар
3.Манас
4.Ч.Айтматов, А.Осмонов.
5.Азыркы абалы
6.Кыргызстандын келечеги
7.Максаты.
1.Кыргыз жери кандай кооз керемет.Анын сулуулугуна эч бир нерсе,эч бир жер тен келе албайт. Канча кооздосун ,канча мактасын бирок эч бир жан аны өз көзү менен көргөндөй кубулуштарын кооздоп айтып бере албайт. Анын кереметин көргөн ар бир адам дүйнө жүзүндө эң бактылуу адам,Кыргызстандын сулуулугун көргөн ар бир адам,өз өмүрүндө,бир жолу болсо да кайра көрүүнү самайт. Сулуулугу кереметтүү кубулуштары жүрөгүңдү эзип,ойлонтуп: -деги бул жер кандай болгон,кантип пайда болгон-деген суроолорго жооп алгың келет. Кээ бир кубулуштарынан кантип пайда болгонун билсек,кээ бири биз үчүн табышмак. Ар бир жерди өзүнүн кызыктырган уламыштары. жомоктору көп.аларды уккан ар бир адамдын ал жер жөнүндө кызыгуусу өркүндөп өсөт,келечекте ал дагы айтылбаган. жазылбаган,кереметтүү кубулуштары жонунда кызыгуусу өркүндөп өсөт, келечекте ал дагы айтылбаган, жазылбаган, кереметүү кубулуштары жөнүндө окуп үйрөнүп, дагы кызыктуу кубулуштары жөнүндө айтып берүүнү самайт. Кыргыз жери аябай кооз аябай көркөм,же болбосо, эч бир бир адам бир канча сөз менен авйтып бере албай турган нерсе,же болбосо Кыргызстандын жаратылышына эч биржер жетпейт.Кыргызстандын байлыгы,сыймыгынын бири бул жайлоолору.
Жайлоолору өзүнчө эле керемет. Абасы таза ,айлана тетереги жапжашылжана да көптөгөн дары чөптөргө бай, аны толуктап турган тоолору көз уялтат.Дары чөптөрдөн көп ооруларга каршы дарыларды жасашат.Өзүнүн кереметүү кубулуштары жайлооонун коооздугуна кооздук кошуп турат, ар бир эс алдырып, кубандырат жана да жайллонун жашоосун сезүүгө мүмкүнчүлүк берет.Ар бир жайлоонун өзүнүн уламыштары, жомоктору,кубулуштары бар.Ак- башат жайлолосун алсак эч бир,жерден таба алгыс кубулуштары бар, анын бири сайдан чыккан булагы болуп эсептелет, көп жерлердин чо ң- чоң курулуштары да, жаратылыштын кубулушуна жетпейт. Жайлоодо көптөгөн түркүн түстүү гүлдөрдү, дары чөптөрдү башкача өсүмдүктөрдү таба алабыз, даамдуу суусу, таза абасы бүткүл ыргызстандын кооздугуна кооздук кошуп турат.ган,ак барс,Айгүл гүлү да кызыл китебине кирген.Кыргызстандын чоң коруктарынын бири Сары- челек коругу,анын рельефи өзгөчө,түздүктөр, тоолор,сайлардын арасында түзүлгөн.Көптөгөн жан жаныбарлар, бак дарактар бар,бак дарактардын жашы 200-250 дөн ашкан.эгерде жакшылап карасаң алардын узундугу эвкалипт дарагына барабар,аларды кыргыздардын эвкалипт дарагы десек болот.
Керемет сиң кыргыз жери,
Кооздугуңа сөз жеткиз.
Сулуулугу кубанырат,
Жүрөгү дү эс алдырат.
Кубанычта гүлдөтүп,
Кайгы,капа, болгондо
Колдойт сени ар дайым.
Дүйнө жүзүн кыдырып,
Тапайсың сен эч качан,
Кереметин кыргыздын.
Кыргыздар илгертеден бери кичипеил, боорукер,ынтымактуу урмат сыйлуу болушкан. Ар бир келген адамды урматап сыйлап,жылуу тосуп жылуу узатышкан. АР БИР АДАМ КЫРЫЗДАРДЫН САПАТЫН БААЛАШКАН,СЕБЕБИ АЛАР СӨЗГӨ БЕКЕМ,ДОСТУКА ЧЫҢ БОЛУШКАН, АЛАР КӨП УРМАТ СЫЙГА ЖЕТИШКЕН. Кыргыз элинин кандай гана түрдүү, дамдуу,суусундуктары, тамактары бар.
Кымыз кыргыз элинни даамдуу улуттук суусундугу. Байыртадан эле кыргыз эли кымызды суусундук,дары катары колдонушкан. Кымызды ичкен адам эч оорубайт жана күчү толот. Ар бири кымызды тамшанып ичишет жана дагы кыргыздын кымызы башка улуттун элдерин кызыктырат.
Кыргыз элинин улуттук тамагы беш бармак болуп эсептелет. Беш бармак деген аты беш бармак менен жеш керек дегенди түшүндүрөт, ал камырдан жана эттен жасалат.аны канча жесең да жегиң келип тура. Ошондуктан дагы кыргыз элинин тамак – ашына ,маданиятына көп кызыгышат.
Жылкы кыргыздын эң керектүү,пайдалуу жаныбары. Ал бир жерден бир жерге көчүүгө жардам берген жана да,жылкы эң керектүү тамагы болгон. Жылкынын сүтү көп ооруларга пайдалуу болгон: ошондой эле андан кымыз жасашкан. Кыргыз эли сүттөн көп тамак аштарды,даамдуу нерселерди жасашкан.Кыргыздарда сүттөн көп азыктарын алышкандыгыжөнүндө улуттук тамактардан биле алабыз.
Кыргыз эли сыймактанган, барктаган тарыхында манастай улуу баатыр бар.манас кыргыз элин душмандардан сактаган. Манас жашынан кыйын чыгып,элин жерин көзкарандыктан бошотко,жана күчтүү жаныбарларга салыштырылган. Азыркы убакта «Манас» эпосундай эпос,эч жакта жок,эч бир элдин эпосу көлөмү жана мааниси менен кыргыздын Манасына жетпейт. Манас эпосунда манастын мекени Талас брлуп жазылган,ошондуктан талас областында да Манастын күмбөзү коюлган.манас Кыргызстандын символу болуп эсептелет,ошондуктан Кыргызстанда Манастын жети осуяты тузулгөн.
1.гумандуулук, айкөлдүк,кечиримдүүлүк.
2.эл-журттун биримдиги,бирдиги.
3.Кыргыз мамлекеттин чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо
4 Улуттук ар- намыс жана атуулдук ариет
5 Жаратылышты коргоо
6 Билимге мээнетке умтулуу
7 Улуттар аралык достук ынтымак жана кызматташтык
Кыргыз элинин улуу жазуучусу ч.Айтматов өз мекени десе жанын бергени даяр болгон жазууучу болгон.анын ар бир чыгармасы кыргыз элинин турмушун чагылдырып, ар бир каармандын кайгыларын өзү сезип өз өмүрүнөн алып жазган. Ч. Айтматовду көптөгөн мамлекеттер талашышат., бирок анын чыгармалары кыргыз эли ,кыргыз жерижөнүндө жазылган,жана да анын жүрөгү кыргыз деп соккон
Мекен десе жанын берген акын А.Осмонов да кыргызстанда төрөлгөн.анын р бир ырында мекената –Журт ыр саптары бар.Ал элим жерим деген адамдардан болгон.Ал оор турмушту башынан өткөргөн,ошондуктан ар бир адамдын, мекенинин кайгысын сезе билген.Ал Ата –Журтуна күйүнүп Ата- журт деген ыр жазган.
Ата- Журт
Жылуу кийин жолуң кыйы үшүрсүң
Кыш да каттуу боррон уруп ,кар уруп
Бүт дартыңды өз иойнума алайын,
Жол карайын токтой турчу ата-Журт
Жаз да башка жел тийбесин абайла
Көпкө турбас мобул турган суур булут
бүт дартыңды өз мойнумма алайынЖол карайын токтой турчу Ата- журт деп Мекенине күйнгөн.
Кыргызстан көп тараптан өркөндхп өсуп бара жаткан мамлекет.кыргызстандын азыркы абалы аябай жакшы,эгерде ушул жол м-н улантып кетсекелечекте чоң ,күчтүү мамлекет боло алат.Кыргызстанда билим боюнчаокуучулар арасында көптөгөн олимпиаалар, конкурстар өткөрүлүп жатат.бул биринчиден билимге умтулуусу,жана даэкинчиденеокучулардын билимге болгон умтулуусун кеңейтүүдө.
Андан тышкары ар бир окуучунун мекенине болгон мамилесин,сезимин текшерүү үчүн Мекени жхнүндө да сочинение , сүрөт тартуу конкурстары токтобой өткөрүлүп жатат,жана да бир жактан бул оккучулардын мекенинин тарыхын окууга үгүттөйт.
Кыргызстан туризм тарабынан башка хлкөлөрдөн калышпастан өнүгүүдө,ошондой эле кыргызстанда башка жакта жок , тарыхка бай жерлер да өнүгүүдө.Туризмдин өнүгүүсү туристерди көптөгөн кыргыздын кооз жерлерине кызыктырып жатышат, аны менен кошо көптөгөн окумуштууларды дагы. Окумуштуулар Кыргызстандын көп жерлерин изилдеп жатышат.Туризм тарабынан Кыргызстанда көптөгөн ачылыштар болуп жатат,бул Кыргызстанды да бир жактан тааанытып жатат,ошондрй эле Кыргызстанды башка өлкөлөр м-н байланыштырып турат.кыргызстандын келечеги эч ким ойлобогондой өнүгүп өсөт деп ойлойм.Ошондой эле Кыргызстанда көптөгөн завод фабрикаларкурулса жакшы болмок,себеби көп кыргыздар,жумуш жок болуп ,башка өлкөлөргө кетип жатышат,ал эми курулуштар өз мекенинде иштегени мүмкүнчүлк берет
Мен келечекте жакшы окуп,Кыргызстандын керегине тийген адамдардан болгум келет,жана да Кыргызстанды спорт тарабынан өнгүктүргүм келет.ар бир жерге спорттун көп түрү м-н машйгууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү каалайм.ж-а да олимпиадалык оюндарда Кыргызстандын желеги э ң бийик болуп көтөрүлүп туруусун каалайм.мен Кыргызстанды маданият тарабынан өнүгүүсүнө да салымымды кошкум келет.Менин милдетим кыргызстан үчүн жанымды аябай ,кашык каным калгынча коргоо жана сүйүү,барктоо. себеби кыргызстандын келечеги биздин колубузда биз кыргыз эли эмне болбосун мекеним деп турушубуз керек.ошондо гана эч ким кол тийгизкиз күчтүү мамлекет болобуз,жана биз Манастын жети осуятын жакшы билип ошол м-н иш алып барышыбыз керек
Алмазбек к Айбийке
7 класс
«Билимкана- Кербен» мектеби
Жалал-Абадская область г. Кербен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Апсатарова Аида
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.
Мен кыргызмын кыргыз болгонума сыймыктанам. Элимдин мейман достугу пейли аска зоодой кенендиги жүрөгү мөлүрөп аккан булактай тазалыгы акылы океандай тунуктугу бир гана мен эмес ар бир кыргызды кыргыз болуп бул ааламга келгенине сыймыктандырбай койбойт Кыргыз эли кылымдан кылымды басып өткөн улуу эл.
Кыргыздын улуулугу анын кылым карыткан эне тилинде. Кыргыздын улуулугу анын Айкөл Манастай баатырларында. Кыргыздын улуулугу анын Курманжан даткадай акылман энелеринде. Кыргыздын улуулугу анын бейиштин төрүндөй болгон жеринде. Кыргыздын улуулугу кыргыз деп соккон ар бир жүрөктө.
Ушундай керемет кыргыз элинен дүйнөнү калеми менен дүнгүрөткөн улуу жазуучу Чынгыз Айтматов, кыргыз элин топтоп ынтымака биримдике чакырган акылман эне “Алай ханышасы” деген наамга ээ болгон Курманжан датка өз учурунда мырзалардын ролун эң мыкты ойногон Сүймөнкул Чокморов, акуудай мойну созулган бут мүчөсү келишкен балет дүйнөсүнүн ханышасы Бүбүсара Бейшеналиева, кыргыз эли үчүн кыргыз жери үчүн эмгектенген коомдук ишмер Исхак Раззаков, сулуулугу таш жарган акуу сымал актриса Таттыбүбү Турсунбаева, мекен үчүн жан берип дзотко тошун тоскон эр жүрөк Чолпонбай Тулебердиев ж.б көптөгөн уул кыздарыбыз Кырызстан үчүн эмгектенген, кыргыздын кыргыз болуп калышына кыргыз элинин эртенки күну ачык болушуна өз салымдарын кошуп кетишкен.
Кыргыз эли деп кыргыз жери деп жашаган инсандарыбыз абдан көп алардын атын таң аткандан күн батканга чейин айтсак да түгөнбөт. Алар кыргыз элинин баатырлары. Кыргыз деп жашаган жүрөгү кыргыз деп соккон , кыргыз үчүн күйгөн ар бир инсан бул кыргыз элинин баатырлары. Кереметтүү кыргыз эли кереметтүү кыргыз жерин байырлап калганын кара!
Кыргыз жери аябай кооз жер. Жаратылышы адамды суктандырып көз жоосун алат. Бийик тоолор, аска зоолор , тоолордон шаркырап аккан шаркыратмалар , мөлтүрөп аккан булактар , тунук таза суулар , көргөн көздөрдү кулпуртуп ирген колдор , жап жашыл токойлор деги койчу айта берсең сөз жеткис.
Жаратылышы Кыргызстандыкына тең келе алган жерди таба албайсың. Төрт мезгили төп келген Кыргызстандын жаратылышына баа бербей койсо болбойт.
Жаратылышы кооз жердин абасы таза турбайбы. Эрте менен тандын атышын коруу озунчо бир керемет. Таза абадан дем алуу, шарылдап аккан суунун боюнда олтуруп танды тосуп алуу бул ден соолука да пайдалуу. Мээни сергитет, журоктуу тазалаайт.
Кыргызстан бул биздин мекенибиз, ичээрге суубуз , жутарга абабыз, жашаганга жерибиз, ушугондо тонубуз , зерикенде сырдашыбыз кубанганда курдашыбыз. Кыргызстан бул биздин баардык нерсебиз .
Туулуп оскон жерим Кыргызстан
Балдан ширин балалыкты откозгон жерим Кыргызстан
Ак караны ажыратып уйронгон жерим Кыргызстан
Ата-энемдин кучагына болонгон жерим Кыргызстан
Дос-чарды тапкан жерим Кыргызстан
Бир –туугандын мээримин алган жерим Кыргызстан
Кыргызстан онуккон олколордун катарына жете элек. Онугуп келе жаткан олколордун катарын толуктайт. Кыргызстанда бийик-бийик имараттар , дуйнолук стандартка жооп бере турган коп кабаттуу уйлор жокко эсе. Завод –фабрикаларда аз санда .
Бирок , бийик-бийик имараттар коп кабаттуу уйлордун ордуна , табийгый табият тартуулаган бийик-бийик тоолор андагы аска зоолор бар.
Баардык нерсенин он жана терс жагы болот эмеспи. Завод –фабрикалар ар турдуу абаны булгайтурган ишканалардын жоктугу дагв\ы абанын тазалыгын сактоодо.
Заман озгоруп, доор алмашкан сайын илим техника да онугот экен да. Азыркы учурда дуйно жузуу илим техника туу чокусуна жетейин деп эле калышты окшойт.Же жеттиби деп да ойлоп каласын.
Кундон кунго адам баласынын турмушуна жаны нерселер озгоруулор кирип келуудо. илим техниканын онугушуу адамдын турмушун женилдетет. Бирок жаратылышты озубуз учун гана пайдалануубуз туура эмес да. Эртенки жаны муундун тагдыры эмне болот? Жаратылыш ресурстары жылдан жылга азайып кетуудоо.
Экалогияны сактап калуу , жаратылышка сарамжал, мээримдуу мамиле кылуу-бул эртенки муундун жашоосун камсыз кылуу деп алсак болот.
Кыргызстандын онугуусу эч бир жанга , эч бир жандыкка жаратылышка терс таасиррин тийгизбоосу абзел. Замандын талабы 21 кылым деп эле озум билердик коп нерсени баалабоо , козго илбоо туура эмес жорук.Зулумдук , ач коздук менен бироонун жанын орутуу же озун бактылуу болушун учун кимдир бироону бактысыз кылуу бул-адамдык сапатка жатпайт.Адам адамга гана эмес, жаратылышка да зыянын тийгизбеши керек. Бир саамга элестетип королуу жер бетинде жаратылыш жоксуз, аба жок , суу жок, айлана-чойро жок, ооба ал учурда адам да жок болуп кете. Жаратылыш адамсыз жашай бериши мумкун бирок адам жаратылышсыз жашай албайт. Мен жогоруудагы атап откон оюм менен кыргызстандын онугуусу жаратылышка терс таасирин тийгизбей онуксо ошондо Кыргызстан туболук онугууго жетет.
Экалогиянын бизулуп бара жаткан маселелери Кыргызстанда да арбын.Кумторду эле алсак анын пайдасынан зыйаны артып жатпайбы. Кумтордон чыккан уулу заттар коптогон адамдарды ууландырып монгулордун тплкаланып кетуусуно себепкер болуп жатат.Кургакчылыктын пайда болуусуна себепкер болуп жатат.
Кыргызстандын онугуп кетуусу учун андагы жашап жаткан ар бир инсан оз салымын кошуш керек. Кылым карыткан эне тилибиз, Манас ата баштаган тарыхыбыз бар. Окунучтуусу болсо ошол тарыхты билбей эне тилибизде суйлобой жаткандыгыбызда.
Кыргызстандын онугуусу учун уй булоонун да орду чон. Уй-булоонун бекемдиги , ынтымагы маммлекетке да он таасрин тийгизет.
Баарынан да карынгыга жарык берген билим эбегейсиз роль ойнойт. Билим алып созсуз турдо эле акадимик, профессор ,философ болуп кетуубуз шарт эмес.Болгону бир нерсени билишибиз керек : билим алып гана адам боло аларыбызды. Билим жашоодогу ак караны адилет ажыратууга уйротот.
Мен, биз, дегеле ар бир олконун ар бир жараны оз олкосунун гулдоп осушун каалайт. Бирок жашоодогу кыйалдарды ишке ашыруу учун каалоо жетишээрлик болбойт. Аракет да керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Талантбек кызы Арзыгүл
тема: Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.


Салам достор, менин атым Арзыгүл. Мен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Кызыл-Ата айылында жашайм. Мен дагы бардык кыргызстандыктар сыяктуу эле кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.
Урматтуу менин досторум! Биз канткенде кыргыз жерин өнүктүрүп, өстүрүп кете алабыз. Алгач өзүбүз мектептен сапаттуу билим алышыбыз керек. Гезит-журналдардан “Тиги райондогу мектептин окуучуларды окутууга шарты жок, ошондуктан окуучулар жакшы окушпайт.” деген макалаларды окуп калам. Албетте бардык шарты бар мектептер курулса бизге, агай-эжейлерге жакшы шарттар түзүлүп билимибиздин жогорулашына түрткү болмок. Бирок, кээ бир райондордо кадимки чатырларда окушуп деле республикалык олимпиядада биринчи орундарды ээлешкен окуучуларды угуп жүрөбүз. Ошондуктан биринчиден билимдүү, тажрыйбалуу агай эжейлердин сабак берүүсү, өзүбүздүн билимге болгон кызыгуубуз жана күчтүү аракетибиз менен алдыга чыга алабыз. Мектептен жакшы билим алып, жогорку окуу жайларды ийгиликтүү аяктасак, мамлекетибизде ар кайсы кесиптеги билимдүү адистер көбөйсө;
Элибизде ыймандуулук күч алса жакшы болмок, анткени улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, ата-энеге боор ооруу, уурулук кылбоо, адам өлтүрбөө сыяктуу көрүнүштөр барган сайын. көбөйүп бара жатат. Мен Сиздердин “Супер Инфо” гезитиңиздерди дайыма окуйм жана андагы адамдардын ыймансыз көрүнүштөрүн окуп “Мен кандай өлкөдө жашап жатам” деп көп ойлоном. Өлкөбүздөгү милиция кызматкерлери гезиттеги ыймансыз адамдарга катуу чара колдонушса;
Депутаттар, акимдер ж.б. чоң кызматта иштеген жетекчилердин мамлекеттин акчасын уурдагандары, врачтардын адамдар өлүм алдында жатса дагы акча сурап жатышын туура эмес деп түшүнөм. Ошондой адамдардын айынан Кыргызстан өнүкпөй жатат. Өзүм көргөн бир окуяны айткым келип турат. Менин чоң энем айыкпас (рак) оорусу менен ооруп калды. Чоң энемди атамдар Бишкекке алып барышып көрсөтпөгөн жерлери калышпаптыр, акырында бир врач “Мен бул оорууну айыктырам аны үчүн 3500 доллар жана жол киреме 500 сом төлөйсүңөр” дейт. Атамдар ал сураган акчаны беришет, бирок чоң энем айыккан жок. Ал... Врачтар жумушка киргенде кандай гана адам болбосун алардын өмүрүн сактап калууга ант беришет экен. Ал тургай депутаттар, министрлер да ант беришип ишке киришип жатышат. Эмне үчүн чоң адамдар калп сүйлөшөт. Мен чоң энемдин оорусунан кийин чоңойсом врач болуп оорукчан адамдарды болгон билимин менен бекер дарылайм деп чечтим. Балким менин бул тилегим орундалса, кыргыз элимдин өнүгүшүнө кошкон салымым болсо керек.
Биздин мамлекет жаратылышы кооз, кен байлыктары көп, Ысык-Көл, Сары-Челек, Соң-Көл сыяктуу кереметтүү көлдөрү бар өлкө. Биз жаратылышыбызды кен байлыктарыбызды туура пайдалансак, келечекте өнүп-өсүшүбүзгө толук ишенем. Ошондой эле Кыргызстандагы ар улуттун адамдары улуттарга бөлүнбөй, биз кыргыздар уруу-уруу бөлүнбөй ынтымакта жашасак, президенттерибиз качып кетпей өлкөбүздөгү мамлекеттин акчасына кол салгандарды токтотуп, ант бергендердин антын так аткаруусун талап кылса, менимче биздин өлкө тез өнүп өсөт.
Дүйнө эли бизди, Кыргызстандыктарды Манас атабыз менен, Чыңгыз атабыз менен таанышат. Мен ошол аталарыбыздын арбактары колдоп кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм. Бул менин гана эмес бардык окуучулардын тилеги деп билиңиздер.
Искак Разаков атабыз “Мен таза болсом, сен таза болсоң коом таза болот” дегендей алгач тазалыкты, ыймандуу болууну, жакшы билим алууну өзүбүздөн баштасак, коом таза болуп, өлкөбүз өнүгөт деп ойлойм.
Кыргыз жергесине тазалыкты, аруулукту жана өнүгүүнү кудайдан тилейм. Ишиңиздерге ийгилик каалайм.
Талантбек кызы Арзыгүл
дареги: Ала-Бука району Кызыл-Ата айылы.
мектеби: Ы.Чаңгылов атындагы орто мектеби.
классы:7- б класс.
туулган жылы: 2003-жыл 1-июль
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Арстаналиев Исламбек
Конкурска.


Тема: “Мен кыргыз жеримдин гүлдөп- өсүшүн каалайм.”
План:
Киришүү
1. Кыргыз жерим, кыргыз элиме табияттан берилген кооз сулуулуктун керемети.
2. Жаштын тилегин берет.
3. Жакшы тилек- жарым ырыс.
4. Бизге жеткен бабалардын мурасын, ыйык сактап, урпактарга берели.


Корутунду


Кыргыз баласы энеден төрөлүп, жарык дүйнөгө келери менен дүйнөдөгү табияттын кайталангыс бөлүгү болгон кыргыз жеримдин кучагында торолот.
Биз муну мээрим төгүп, жаркыраган ак мектептин босогосун аттагандан баштап, Мекен таануу сабагынан окуп, үйрөнүп биле баштадык.
Айлананы курчап турган, ак калпагын төбөсүнөн түшүрбөгөн кыргыз элим сыяктуу ак мөңгүлүү, кербенчинин төөсүндөй чубашкан бийик тоолор- ошол тоолор койнунда жашаган ак пейил кыргыз элиме жараткандын берген улуу керемети. Бул керемет кыргыз жеримдин, элимдин жашоосунун эң негизги өзөгү жана булагы. Тоолор арасынан жана этектеринен орун алган – данга бай, кантка бай Сары-Өзөн- Чүй өрөөнү, бейиш сымал Ош менен Жалал-Абад, мал киндиктүү Нарын менен Талас, өрүктүн мекени- Баткен, Ысык-Көл ойдуңу жана башка өрөөндөр кыргыз жеримдин негизги байлыгы. Ал эми жашоонун башкы өзөгү болгон таза суунун мол запасы- мөңгүлөр да, улуу керемет бийик тоолордун чокусунда жайгашкан, ал тургай гүл бакчага айланган өрөөндөрдү гүлдөткөн кыргыз жеримдин кан- тамыры болгон дарыялар да, асман мелжиген, көк тиреген тоолордон башталат. Дарыялар тууралуу сөз кеткенде үйүбүздү жарык кылып, жылуулук берген электр кубаттуулугу да, тоолор берген дарыялардан алынары бышык. Тоонун суусу болбосо, Баткен өрүкзарга, Аксым кайналызарга, Ысык-Көл алмазарга айланмак эмес, Чүйдө кант кызылчасы, Таласта төө буурчак бышпайт болчу.
“Мал киндиктүү – Ала-Тоо” деп аташат, анткени кыргыз жерим төрттүлүккө толгон. Суусамыр, Арпа, Ак-Сай, Алай, Алайку, Ысык-Көл сырты, Каркыра, Чаткал жайлоолору кандай гана керемет- башкы байлык.
Ал эми тоолор арасынан казып алынган кен-байлыктарыбызды санап бүткүс. Чуулгандуу Кумтөр алтын кени, Макмал, Жер үй жана башка алтын кендери, Терек-Сай, Бозумчак, Хайдаркен, Кадамжай түстүү металл кендери, Кара-Кече, Таш-Көмүр, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Көк-Жаңгак көмүр кендери, Кочкор-Ата нефти, газ кени жана башка кен-байлыктары элимдин сыймыгы.
Кыргыз жеримдин бермети болгон – Ысык-Көл табияттын бизге берген экинчи керемети. Ал деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашкан. Узундугу- 198км, туурасынын кенен жери- 65км.
Ысык-Көлдүн Күнгөй жана Тескей тарабынан орун алган кооз токойлуу капчыгайлар- көргөндүн көз жоосун алат.
Кыргыз жеримдин дагы бир байлыгы- ал токойлору Арстанбап, Кара-Алма, Аксы жаңгак токойлору баргандын эсинен кеткис. Бул токой байлыгы болгон өсүмдүктөр дүйнөсүн жана жапайы жаныбарлар дүйнөсүн сактоо үчүн ар бир жерде коруктар, токой чарбалары, жаратылыш парктары уюштурулган.
Кыргыз жерине табияттын берген кайталангыс кооз сулуулугу, баа жеткис жаратылышынын кооздугу, санап бүткүс табигый байлыгы аркылуу бүткүл он сегиз миң ааламдын жаратуучусу кыргыз элиме дагы беш керемет берген. Алар төмөнкүлөр деп эсептеймин.
- Боз үй- кыргыз жеримдин, элимдин куту, терең ою. Ал жер шаарынын түндүк жарымын элестетүү менен, түндүгү – глобустагы түндүк уюлду, ууктары- меридиандарды, байлоо жиптери- параллельдерди түшүндүргөнсүйт.
- “Манас” эпосу – дүйнөдөгү эң көлөмдүү жарым миллиондон ашуун ыр сабын өзүнө камтыган, муундан-муунга оозеки манасчылар аркылуу миңдеген жылдар жашап келген колөмдүү чыгарма.
Ал эми Манас бабабыз эпосто сүрөттөлгөндөй:
“Кулалы таптап, куш кылган
Курама жыйнап, журт кылган...
Үзүлгөндү улаган,
Чачылганды жыйнаган.”
Ала-тоо- кыргыз жеримде мамлекеттүүлүктү түптөгөн инсан. Бекеринен заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматов: “ “Манас” эпосу кыргыз рухунун туу чокусу” – деп атаган эмес чыгар.
- Ак калпак, улуттуктун баш кийимибиз өзгөчө суктанарлык, бөтөн жерде кийип журсөң баарысын таңдантат жана Ала-Тоонун эң бийик туу чокусу сыяктанат.
- Улуттук музыкалык аспабыбыз-комуз. Комуз сыртынан эң жөнөкөй, бирок анда терең сыр, ой жатат. Бабалар мурасы катары бизге жеткен комуз күүлөрү, кыргыз жеринин жана элинин айтып бүткүс тарыхынын мухити. Бекеринен комуз менен коштолгон кыргыз элинин төкмө акындык өнөрү ЮНЕСКО тарабынан дүйнө элдеринин кайталангыс фольклордук 17 өнөрүнүн бири катары табылган эми чыгар. Бул 17 өнөр катарына кыргыз элинин манасчылык өнөрү да кирет.
Табияттын жараткан аркылуу кыргызга берилген бешинчи керемети – анын мал жандуулугу, өзгөчө жылкы баласын аздектеп сүйгөндүгү. Элибизде: “Күлүк ат менен сулуу кыз – элдин энчи”-деп айтылат. Байгеден оозгон күлүктүн ээси айтылбай, жери айтылат. Ал эми легендага айланган тарыхый инсан Акмөөр сулуу эжебиз атасы Адылдын кызы деп айтылбай, “Соң- Көл сулуусу”, “Сөң-Көл чүрөгү”, - деп эл оозунда айтылып жүрөт. Демек кыргыз жерим – сүйүктүү мекеним гүлдөп өсүүгө толук шарты бар өлкө.
Урматтуу замандаштар!
Мен жогоруда баян берген кыргыз жеримдин табигый байлык кереметтери, элимдин жашап жаткан тарыхый жана руханий байлыктары кыргыз жеримдин өнүп-өсүшүнө шарт түзөт жана ак жол көрсөткөндөй. “Жаштын тилегин берет”, - демекчи , баарыбыз жакшы тилек кылалы. Жакшы тилек- жарым ырыс. Ата-бабалар: “Жараткан тилегиңди берсин”-деп бата беришет.
Баарыбыздын ой-тилек, максаттарыбыз кыргыз жеримдин өнүп-өсүшү болсун!
Бирок ойлоо, тилек кылуу менен максатыбызга, көздөгөнүбүзгө жетүү кыйын.
Элибизде айтылат: “Акыл ойго жеткирет”-деп. Акылдуу болуу үчүн терең билим, тарбия алышыбыз керек. Жашоодо аларды пайдалануу менен бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, мекенибиз болгон кыргыз жеримдин өнүп-өсүшүнө шарт түзөлү! Себеби, биздин акыл, билим жана тарбия казынабыз жашоодон алган турмуштук тажрыйба дареметибиз кыргыз жеримдин өнүп-өсүшүнө өбөлгө.
Азыркы кездеги социалдык-экономикалык өнүгүүсү жайбаракат болгон кыргыз жеримдин өнүп-өсүшү мени жана менин замандаштарымды канааттандырбайт, бирок, олкөнү жетектеген саясатчыларыбыз арасында убада, куру сөздөр азайып, алга илгерилөө көзгө көрүнгөнсүйт. Канткен менен кыргыз жеримдин гүлдөп- өсүшү зарыл, себеби, бизге жеткен бабалардын мурасын ыйык сактап, өнүктүрүп, келечек муунга өткөрүп берүү ар бирибиздин моюнубуздагы карыз жана парз.
Ар бирибиз терең билим алуу менен илимге, ондүрүшкө жаңылыктарды, алдыңкы тажрыйбаларды, жаңы технологияларды киргизип, олкөбүздүн социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошуу, мекенибизди көздүн карегиндей сактоо, ички-тышкы душмандардан коргоо ар бирибиздин Ата-Мекендин алдындагы ыйык милдетибиз.
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп -өсүшүн каалайм, себеби, кыргыз жеримдин патриот кулуну, уулу катары анын гүлдөп өсүшүнө шарт, өбөлгө болуу менен, гүлдөп-өскөн жеримде сыймыктануу менен жашоом абзел!.
Жалал-Абад областы.
Аксы району, Кашка-Суу айыл округу,
№ 26 Үчкемпир Турдубаев атындагы жалпы орто билим
берүүчү мектептин 7-классынын окуучусу
Арстаналиев Исламбек Абдирасулович.






  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Арстанбек кызы Жылдыз
Жалал- Абад облусунун,Тогуз- Торо районуна караштуу Казарман айылынын,#1 Макмал жалпы билим беруучу орто мектебинин 8 классынын окуучусу Арстанбек кызы Жылдыздын " Кыргызстандын гулдоп осуушун каалайм! " деген аталыштагы дил баяны.
Тема: "Кыргызстандын гулдоп осушун каалайм!"
Мен кыргыз жеримди коз алдыма элестеткенде, Кыргыз журогу,кол чурогу Ыссык-Кол менен Сон-Колду,курулдоп агып жаткан Нарын дарыясы,аскасы кок мелжиген Ала-Тоо коз алдыма тартылат. Кыргыздарда " Оз элинин тарыхын билбеген эл-наристе балага окшош" деген экен. Мурда Дуйнонун торт бурчунан ажо башчылар, соодагерлер, байлар агылып келип турчу экен. Алар биздин эл менен достошуп,маек курчушчу. Андан сон Ыссык-Кол,Чатыр- Кол,Суусамыр, Арсланбап, Энесай, Сарычелек,Алтай жерлерибизди коруп "Бейиштин жери тура!" - деп суктанышчу. Ал эми азыркы кыргыз жерим, Кыргызстаным кандай керемет деп ойлойсунар? Азыркы кезде Кыргызстанды "Бейиштин жерине окшоштурбаган бир да саякатчы-мейманды жолуктура элекпиз. Тоолорубуздун койну арча,алтын,сурма деген сыяктуу кен байлыктарга бай экендигин биз толкундануу, сыймыктануу менен билдирээрибизди кантип жашырабыз! Абасынын тазалыгы,суусунун молдугу,жеринин кенендиги,элинин меймандостугу менен азыр атагы алыска угулганын танабызбы?Меймандар бул жерди экинчи Швейцария -деп аташып,менин жерим болуп калсачы! - деп суктангандар да аз эмес. "Баатырдын атын алыстан ук,жанына келсен бир киши" дегендей,атагы алыска кеткен Кыргызстандын мен да бир атуулумун. Демек оз олком менен сыймыктануум керек . Мен мекенимдин гулдоп-онугушуно, оркундошуно оз салымымды кошсом,тиги да оз салымын кошсо,сен да оз салымынды кошсон,демек биздин мекен осуп-онугуусу ,жашараары нак. Биз бул жерден кыргыз элимдин атагын атака чыгарган "Манас" эпосун айтпай коё алабызбы? Ар бир атуул "Мына менин кыргыз элим! Мына менин кыргыз жерим!" - деп дуйного жар салууга даяр ткрушу керек. Ал эми Кыргызстандын гулдоосуно- онугуусуно атайын жумуш орду менен камсыз кылууга завод,фабрикаларды курушубуз керек,анткени канчалаган жердештерибиз оз элинен башка ботон элде,ботон жерде жумуш издеп журот. Ошол жердештерибизди жумуш менен камсыз кылып,биздин олкодо,озубуздун мекенибизди биргеликте онуктуруу керек. Ал эми тескеринче 7- апрель куну оз жерине,оз элине куйуп жанган агаларыбызга кырчындай омур карызбыз. Кыргыз жергеси учун ичкен ашын жерге коё турган,ата мекен дегенде тик турган, бизге окшогон жаштар коп болуусуна тилектешмин.
Мекеним менин тапкан алтын энем
Мекеним мени остургон алтын атам
Кубатым, кубанычым сен дегенде
Жашарып, жаныланып алга басам,
Жаным бир,журогум бир Мекен менен!


"Мекенсиз адам уйсуз калган,кангыган иттен жаман"-деген экен биздин ата-бабаларыбыз. Мекендин баркын билген баатырларды остурушкон, демек,ар бир атуулда патриоттук дух,сезим болуш керек. "Патриоттуулук" дегенибиз бул ички купуя сезим,аны эч кимге корсотууго болбойт,ал кокурокко ыйык сакталат. Патриоттуулук- бул табиятты суйуу деп тушуном. Себеби мени курчап турган табият бул менин дуйном,Мекенимдин бир узуму. Ал эми Мекен тууралуу маалымат бере кетсем: Кыргызстан- эгемендуу,эркин олко. Олкобуздо жаны гана 6-миллионунчу жаш наристе жарыкка келди. Кыргызстанда 80ге жакын башка улуттун окулдору жашайт. Биз Кыргызстандыктар пейли кенен,меймандос келебиз. Аймагыбыз жети облуска болунгон. Алар : Чуй,Талас,Жалал- Абад, Ош, Ыссык-Кол,Нарын жана Баткен облустары. Ал эми борбор шаарыбыз- Бишкек шаары. Ал илим менен билимдин ,маданияттын да борбору, бак-дарактуу, жашыл,кооз шаар. Республикабыздын башкалардан озгочолонтуп турган мамлекеттиу символикалык белгилери бар. Ал эми ак монгулуу Ала-Тообуз,коз мончоктой Ыссык-Колубуз дуйно жузуно таанымал. Ошондуктан ,алар Гербке белги катарында киргизилген. Бугунку кундо улуу МАНАС атабыздын урпактары-биз ,ушундай символикаларыбызды ыйык тутуп,сыймыктана турганга акыбыз бар! А мен болсо кыргыз элимдин,кыргыз жеримдин осуп онугуусуно азыртадан кам корууну ойлойм. Оюмда мектепти эн жакшы ,"5" деген баалар менен бутуруп,жогорку окуу жайга кен байлыктарга толтура жерлерибизди, келечектин муундарына онуккон олко катары откоруп берууго тийиштуубуз. Мекендештерибизге "Олком учун мен эмне кылдым?"-деген суроо беруу менен,олкобуздун осуп-онугуусуно оз салымдарын кошсо деп ойлойм. Кыялымда оз олкомду онуккон олколордун катарында коргум келет.,келечекте врач болууну каалайм. Кыргыздан дени сак улут,дени сак олко болушу учун оз салымымды кошконго аракет кылам. Кыргызстан азыркы учурда онугуп жатканда олколордун катарында. Мекенибиздин келечеги , учурдагы мамлекетти башкарып иштеп жаткан агаларыбыздын, аталарыбызды жана осуп келе жаткан жаштардын колунда. Анткени,улуу муундар кийинки муундарга жана Кыргызстандын келчекте осуп-онугуусуно ар тараптуу шарттарды тузуп беруусу милдеттуу деп ойлойм. Жогоруда белгиленгендей, биз азыркы кыргыздар! Илгерки ата-бабаларыбыз мураска калтырып кеткен кооз жаратылышыбызды, кен байлыктарга толтура жерлерибизди, келечектин муундарына онуккон олко катары откоруп берууго тийиштуубуз. Мекендештерибизге "Олком учун мен эмне кылдым?"-деген суроо беруу менен,олкобуздун осуп-онугуусуно оз салымдарын кошсо деп ойлойм. Кыялымда оз олкомду онуккон олколордун катарында коргум келет.
Меймандар бул жерди экинчи Швейцария -деп аташып,менин жерим болуп калсачы! - деп суктангандар да аз эмес. "Баатырдын атын алыстан ук,жанына келсен бир киши" дегендей,атагы алыска кеткен Кыргызстандын мен да бир атуулумун. Демек оз олком менен сыймыктануум керек . Мен мекенимдин гулдоп-онугушуно, оркундошуно оз салымымды кошсом,тиги да оз салымын кошсо,сен да оз салымынды кошсон,демек биздин мекен осуп-онугуусу ,жашараары нак. Биз бул жерден кыргыз элимдин атагын атака чыгарган "Манас" эпосун айтпай коё алабызбы? Ар бир атуул "Мына менин кыргыз элим! Мына менин кыргыз жерим!" - деп дуйного жар салууга даяр ткрушу керек. Ал эми Кыргызстандын гулдоосуно- онугуусуно атайын жумуш орду менен камсыз кылууга завод,фабрикаларды курушубуз керек,анткени канчалаган жердештерибиз оз элинен башка ботон элде,ботон жерде жумуш издеп журот. Ошол жердештерибизди жумуш менен камсыз кылып,биздин олкодо,озубуздун мекенибизди биргеликте онуктуруу керек. Ал эми тескеринче 7- апрель куну оз жерине,оз элине куйуп жанган агаларыбызга кырчындай омур карызбыз. Кыргыз жергеси учун ичкен ашын жерге коё турган,ата мекен дегенде тик турган, бизге окшогон жаштар коп болуусуна тилектешмин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Арстанбек кызы Зирек
Мен Кыргызстандын өсүп өнүгүүсүн каалайм…

Кыргызым бүтпөс ырымсың,
Кыярбас кызыл туумсуң.
Сан жагың чакан болсо да,
Сапатың менен улуусун.
Б. Сарногоев.
Кыргыздар- Орто-Азия чөлкөмүндөгү эн байыркы эл. Биз менен тең ата жашаган элдердин көбү улут катары да, уруу катары да биротоло аты өчүп, жер жүзүнөн жок болуп кеткендигин бизге тарых мугалимибиз айтып берген. Элибиз карт тарыхтын бүктөмдөрүндө кайып болуп кетпестен, бирде булак суусундай жылжып акса, бирде кирген дайрадай күргүштөп албууттанып агып келгенин акыл элегимден өткөрүп олтуруп, кадимкидей сыймыктанып кетем.
Мен ошондой улуу элдин кызы экенимди ойлогонумда патриоттук маанайым кадыресе көтөрүлө түшөт. Ошол уюткулуу журтубуз азыр эгемендүү эл болуп, дүйнөнүн дөө-шаа өлкөлөрү тааныган өнүгүү жолундагы өлкөгө айланды. Калк кадырлаган каада-салтыбызды кастарлап, улуу бабаларыбыз урпактарына калтырган улуттук тилибизди унутпай келдик. Өз тагдырыбызды өзүбүз чечип, саясий стратегиябызды жана социалдык өнүгүү багыттарыбызды өзүбүз аныктап калдык. Ар ким өз аракетине жараша турмуш кечире турган мезгил келди.
Ошол эле мезгилде арабабызды артка тартчу айрым бир терс жагдайларды да айта кеткеним жөндүү. Азыркы адамдардын психологиясы «базар экономикасы» деп аталган татаал шарттарга биротоло ынгайлашып кетти. Натыйжада, акча табуу принциби биринчи планга чыгып, улуттук баалуулуктар экинчи планга сүрүлүп калды. Былтыр сыналгыдан уккан төрт сап ыр биротоло эсимде сакталып калыптыр:
Ала кушту атынан аташ керек,
Адамсыңбы адамча жашаш керек.
Жакшы заман өзү эле келбейт тура,
Жан дүйнөгө өзгөрүш жасаш керек.

Ооба, жан дүнөбүзгө жаңыча өзгөрүш жасамайын өлкөбүз өнүкпөйт окшойт. Бул катардагы адамдан тартып, ак үйдүн жетинчи кабатына чейин тиешелуу.
Акыркы мезгилдерде болгон саясаттагы кээбир өзгөрүүлөр, кылмыштуулук өлкөбүзгө өз кедергесин тийгизип келе жатат. Жанагы атың өчкүр коррупция болуп көрбөгөндөй кулач жайды. Жаратылышты болсо жан кейиткидей жабырланттык. Улуу Манас атанын урпактары чын эле ушунчалык майдаланып кеттикпи? Антсе болбойбу, минтсе болбойбу деп балалык сезимимде кайгыра берем. Бирок үнүмдү эч ким укпас алсыздыгымды сезип маанайым сууй түшөт. Ошентсе да жакшы иш жасоо колуңдан келбесе, жакшы ой менен жашаган да жакшы деп өзүмдү сооротуп коём. Мындан эки күн эле мурда «Манас жаңырыгы» телеканалынан абройлуу эле бир киши сөзүнүн арасында: «Кыргызстандын келечеги бүдөмүк»,- деп айтты. Өз элибиздин эртеңине ишенбей, ушундай көңүл чөгөрлүк ойлор менен жашасак, өлкөбүз өсмөк беле?
Япония менен Кытайдын ар бир жараны элине пайда келтирерлик, же кандайдыр бир жаңыча иштерди жасоо менен гана алек болот экен. Биз эмне үчүн анте албайбыз? Көрсө, бизде каныбызга сиңген кайдыгерлик деген нерсе кайнап жаткан турбайбы.

Өткөн кылымда жашаган СССР деген мамлекеттеги кененчилик, молчулук, жыргалчылык жөнүндөгү маалыматтарды улуулардан угуп олтуруп, жомоктогудай жашоону элестете берем. Биз дагы жолду тосуп митинкке чыкпаган, бирөөнү бирөө атып өлтүрүп кетти деген сөздү укпаган, балдардын бактылуу күлкүсү гана жаңырган, гүлдөгөн Кыргызстанда жашайт бекенбиз деп кыялданам.
Мумкун чоңдорчо ой жүгүртө албай, көп нерселерге акылым жетпей жаткандыр, бирок бир нерсеге анык көзүм жетип турат. Биздин Кыргызстанды туристтердин өлкөсүнө айландырууга толук болот. Анткени, кол менен жасап койгондой көз жоосун алган кооз жерлерибиз, дүйнө эли суктанган кереметтүү жайларыбыз көп. Ал эми туристтердин көп келиши өлкөбүздүн өнүгүшүн шарттайт.
Мен жана менин муунум гүлдөп өскөн Кыргызстанда жашагыбыз келет.
Кыргызстандын эртеңин, анын келечегин кандай элестетеримди мен өзүмдүн жан дүйнөмдүн жаңырыгынан жаралган төмөнкү ыр саптарым менен берүүнү чечтим:

Көп ойлор бар көөдөнүмдү чымчыган,
Сезбейт аны көргөн адам сыртыман.
Ай ааламда аба жетпей жаткансып,
Албан түрдүү ойго батып тумчугам.

Тилек кылам Ала-Тоолуу Мекендин,
Мыкты болуп алга жылып кетерин.
Бардык жактан алга өнүгүп кетсе деп,
Кыялданам Мекенимдин эртеңин.

Ырын ырдап жогуу жалпы хор менен,
Туу көтөрүп келдик туура жол менен.
Жомок өңдүү ойдогудай турмушту,
Жасап алат кыргыз элим кол менен.
Жалал-Абад областы
Базар-Коргон району
Б. Осмонов атындагы
№6 гимназия мектебинин
10-классынын окуучусу
Арстанбек кызы Зирек.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Арстанова Мадина
«Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм»


Дүйнө жүзүндө көптөгөн мамлекеттер бар. Ошол эле мамлекеттердин бири менин мекеним Кыргызстан. Ар бир адам жан-жаныбарлар өз мекенин жакшы көрүшөт. Мекеним Кыргызстанды 130 мамлекет тааныды. Мунун себеби жөнөкөй эле. Кыргызстан өзүнүн жери, эли, тоолору ырчысы, акын-жазуучулары менен белгилүү. Кыргыз Республикасы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин бири. Кыргызтандын келечеги алдыда. Кыргызстандын өнүгүүсү, гүдөп өсүүсү айыл жерден башталат. Менин айылым Момбеков айылы. Кыргызстан бизге мектептерди, бакчаларды куруп берди. Ошол мектептердин ичинен менин мектебим № 17 Кыла орто мектеби. Азыркы учурда мен 9 класстын окуучусумун. Келечекте мугалим болуп Кыргызстандын жаштарын талаттуу кылып, тарбиялоо жана мекенимдин гүлдөп өсүүсүнө өз салымымды кошуу.
Кыргызстандын XXI кылымга жетип келүүсүнүн себеби Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери. Эгер ушул чон аталарыбыз болбогондо биз азыр душманды колунда кул болуп, жашап ит көрбөгөн азапты көрүп дүйнөдөн көз жумат элек. Кыргызстан деген наам өчөп, өлкөбүз гүлдөп өспөй өмүрүбүз тозокко айланат болчу. Бактыбызга аталарыбыз, мекен коргоочуларыбыз бар. Алар эч качан утутулбайт. Согуштун ардагерлери дайыма Кыргызстандын гүлдөп өсүүсүнө өз салымын кошкон жана жанын берген деген наам жүрөгүбүздө жашайт.
Кыргызстандын өнүгүп, гүлдөп өсүүсүнө ишенебиз. Бирок техника өнүккөн сайын заман, жаштар өзгөрүп жатат. Токойлорубуз кырылып жаныбарлар жок болуп кетүүдө. Мунун себеби заводдор курулуп, темир жолдор. Муну биз жаштар кантип токтотсок болот? Атайын корукканаларды ачыш керек. Эгер биз жаштар азыртан баштап жакшы окуп, жакшы билим алсак Кыргызстанды сактоого болот. Бизде кадр маселеси чечип, кендерди өзүбүз иштетсек, албетте биз өнүгөбүз.
Дагы бир жаштарга терс заянын тийгизүүчү нерселер көп. Алардын бири наркомандар. Булар чет өлкөлөрдөн келип бизди ушундай иштерди жасоого жаштарын мажбурлоодо. Кыргызстанда иш жок адамдар бирөөлөрдүн сөзүнө ишенип, динге киришип, алданып, чет өлкөгө чыгып кетүүдө. Алар биздин адамдарды барып Сирияга сатууда.
Эгер биз жакшы билим алсак, ушундай иштерди токтотууга күчүбүз жетет. Азыркы учурда Кыргызстандыктардын 700 миңи чет өлкөдө иштөөдө.
Кыргызстандын калкы 6 миллионго жетти. Бул көрсөткүч мекен үчүн чоң ийгилик. Ушул жаштар Кыргыз жеримди өркүндөтөт. Мекенибиздин жерлери көп, бирок балдарды спортко чакыруучу спорт мектеп, залдары аз. Ушуну көбүрөөк куруп койсо бизден да атактуу Месси менен Роналдодой футбол оюнчулары чыгышы мүмкүн. Бирок бул иштер келечекте болоору күтүүдөбүз. Мекенибиз үчүн чоң бакыт алып келебиз. Келечекте мындан да көп, акылдуу балдар чыкса, Кыргызстан гүлдөп өсүүсү дагы да жогорулап, дүйнөгө атагы чыккан мамлекет болушуна ишенем жана өз салымымды кошом. Кыргыз жеримдин гүдөп өсүүсүн чын жүрөктөн каалайм. Дагы мекенимди бүт дүйнөгө таанытам. Мен ушул Кыргыз жеринде төрөлгөнүмө сыймыктанам!
Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Момбеков айыл округу, Момбеков айылы, № 17 Кыла орто мектебинин 9-“б” классынын окуучусу Арстанова Мадина
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Арууке Улан кызы
Кыргызым тоон бийик,абан таза,
Жылдызын жанып турат асмандарда.
Кыргыздын кызы болуп жаралган сон,
Жеримдин гулдоп-осушун каалаймында!
...Албетте, ар бир адам оз мекенин гулдоп-осушун, онугушун,кооздолушун, коомдолушун, байышын каалайт эмеспи.Мына ошондой эле мен дагы,атагы чыккан кыргызымдын кызы болгон сон,элимдин, жеримдин калкымдын данкталышын каалаймын! Ошондой эле кыргыздарды шыктандыруучу, данктоочу бизди курчап турган табиятыбыз, бийик-бийик тоолорубуз, сыймыктануучу биздин туубуз,кыргыз экенибизди билдирген урааныбыз бар эмеспи!Бул деген кандай керемет!
Биздин мамалекеттибиздин онугушуно оз салымдарын кошкон канчалаган чыгаан баатырларыбыз, тайманбастан оз жанын,канын аябаган биздин энелерибиз бар.Биз алар менен сыймыктанышыбыз керек!
Дагы бир эскеруучу нерсе бул кыргыз элинин онугушуно оз салымдарын кошкон аялдарыбыздан атасак,алар Алай ханышасы Курманжан Датка,Уркуя Салиева,ССРинин колхоз корунуктуу ишмери Зууракан Кайназарова, Кыргыз эл артискасы Сабира Кумушалиева, Раида Бегелдинова, биздин экс-президентибиз Роза Отунбаева,медицина илиминин кандидаты Салтанат Назаралиева болгон.Ал эми кун дебей же тун дебей иштеп,оз чыгармалары менен кыргызды кыргыз экенин тааныткан аталарыбыздан атасак,алар Атаке баатыр,Шабдан баатыр,жазуучубуз Чынгыз Айтматов,Кыргыз Республикасынын баатыры Тургунбай Садыков,Исхак Раззаков,Торобай Кулатов жана дагы башка коптогон бизди данктаган,биз сыймыктанчуу адамдар бар.
Кыргыздын эн карлыгач инсандарынын эмгегин эскерип,аларга таазим кылып туруу ар бирибиздин парзыбыз.
Эр Манастан келе жаткан улуу салт,
Жакшы адамдар эн биринчи эл багат.
Кандай гана кыйынчылык болсо да,
Калкы учун жанын сабап,жол табат.
Менин коз карашым боюнча онугуу,осуу, мекен—мен жашаган уйдон,мектебимден, шаарымдан башталат.Мен жасап жаткан иштер аз да болсо Кыргызстанга кошкон салымым деп ойлойм.
Андан сон,биз дагы-дагы онугушубуз, гулдоп-осушубуз учун экологиялык жактан да пайызыбызды жогорулатышыбыз керек.Улуу ойчулубуз Альберт Эйнштейн айтмакчы:" Адам адам болуу учун бир гана атактылуук эмес,акылдуулук абзел."-деп айткан экен.
Калкындын ойлоп жыргалын,
Кайратын жумшап тынбадын.
Ала-Тоого желпинтип,
Адилет туусун ыргадын.

Дагы бир эскеруучу нерсе биз дагы онугушубузго жардам беруучу нерселер алар томонкулор:
—Озубуздун олкобуздо ашыкча чыгарылган товарларды тышаы олколорго чыгарууну;
—Ар турдуу улуттардын адамдык асыл сапаттарын озубузго кабыл алууну;
—Озубуздон жетишпеген жок нерселерди чет мамалекеттерден алып келууну;
—Коп тилдуулукко уйронуунун зарылдыгы жонундо биле алабыз;
Мына ушул беш-алты соз болсо да,кандайдыр бир нерсени жазалдым деп ойлойм.Себеби Кыргызстандын келечеги—бизге окшогон оспурумдордун колунда!
Жазган:Арууке Улан кызы Кочкор-Ата шаары
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Асан кызы Айданек
“Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм”
Адам дүйнөгө бир келет. Ошол саналуу гана күндөрдө адам өз алдына маанилүү максат коюп, жакшы ниет кылып алдыга карай умтулуусу керек деп ойлойм. Мен жаш кезимден эле жакшы окуп, ата-энемдин айканынан чыкпай, үй жумуштарын аткарганым өз үйүмдүн келечегин алдыга карай сүргөнүм деп ойлойм. Баары эле биринчи кичинекей үмүт менен бир ишти баштайт. Ошол иши орундуу ишке ашып, жакшы пайда алып келсе үй-бүлөнүн бюджетине өз салымын кошсо, ал мамлекеттин да бюджетине сөзсүз түрдө, аз болсо да салымын кошот. Мен ишенем: Себеби ал кыргыз жаны да, каны да кыргыз, жүрөгү кыргыз деп соккон патриот инсан. Биздин сүйүктүү өлкөбүздө патриот инсандардын болгону жакшы, бирк ошол инсандардын ичинен да жаман адамдар жок десем чоң ката кетирген болом. Мисалга алсам биздин бийликтеги адамдардын кээ бироолору өзунун гана камын ойлоп, мамлекеттин өнүгүшүн ойлоп да койбойт.Озунун чөнтөгүнө акча түшсө болду,уй-жай кылса,кафе, банк, аптекаларды куруп өзүнүн өздүк бюджетин толтурса эле болду. Андан көрө мамлекеттин негизги көйгөйү болгон миграцияны жакшылап карашса эл учун абдан жакшы болмок. Азыркы учурда жаштар,жаңы уй-бүлө курган жубайлар жана ошондой эле орточо жаштагы аял эркектер чет өлкөгө иштегени кетип жатышат.Ал жакта баары бир өзунун туулуп өскөн жериндей эмес тили, салты, менталитети башка.Баары эле биринчи барганда чүнчүп, элин, жерин сагынып кыйналат. Ал жака ойногону кеткен жокта, акча издеп туулуп өскөн жерин таштап кетип жатышат .Ошондуктан биздин бийликтегилер фабрика, завод жана ушул сыяктуу иш каналарды курушса ар бир ата-уул өз мекенинде кызмат кылып өлкөнүн экономикасын көтөрүшмөк. Биз дагы бир жол менен өлкөнүн экономикасын көтөрсөк болот. Мен ар дайым бир нерсени ойлойм. Биз Россия мамлекетинен өрнөк алып алар менен мындан да жакшы карым-катнашта болсок, кен байлыктарыбызды, суу, нефть жана башка ушул сыяктуу кен байлыктарыбызды ошол мамлекет менен кеңешип биргеликте өлкөбүздү өнүктүрүүго киришсек болот. АКШ өлкөлөрү азыркы учурда кумтөрдү иштетип жатышат. Бирок алар алтындын 65% ын өздөрүнө ашып калганын бизге берип жатышат. Ал кылгандары туура эмес экендигин баары билет. Ошол маселени бийликтеги адамдар жакшылап кенешип чечишсе болмок. Ал эми Россия болсо биздин белгилүү бир жерде алтынды иштетип көп бөлугун бизге берип жатышат. Ошондуктан келгиле мекендештер сиздер да өз өлкөңөргө кичине болсо да салым кошкула.
Кыргыз элимдин, жеримдин гүлдөп өсушун, өнуккөн өлкөлөрдүн катарын толуктасын десенер биздин катарга кошулгула! Биздин сүйүктүү өлкөнү биргеликте гүлдөтуп, өнүктүрөбүз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Базарбекова Айсулуу
Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм


Мен адаттагыдай эле кыл калемимди алып дилбаян жазганга кириштим. Анткени, жаза турган дилбаянымды, дилбаяндар сынагына жонотуунун алдында турам. Бугун мен кыргыз эли-жеримдин кооз, ыйык жерлерин, таштан-ташка урунуп аккан сууларын, ак монгулуу тоолорун, таланты таш жарган таланттуу элибизди жана олкобуздун онугуп келе жатканы жонундо толкундануу менен жазып олтурам.


Кыргызстан Орто Азиядагы онугуп-осуп келе жаткан ажайып кооз олколордун бири. Мен Кыргызстанда торолгонумо сыймыктанам. Анткени, Кыргызстан тоолуу өлкө болуп саналат, асман тиреген чокулары, шокулодой болгон бийик тоолору, көгүлтүр көлдөрү, ак илбирстери ж.б. жаратылыш байлыгы менен даңкталып, адамды өзүнө суктандырып турат. Ошондой эле кыргыз эли башка элдерден баа жеткис эпостору, урп-адаттары, каада-салттары, мейман достугу, улуттук кийимдери, улуттук аспаптары жана оюндары, кара жорго бийи менен айырмаланат.


Кыргыз баласы учун Ала-Тоосу, Эне тили, Улуу Манасы, Ак калпагы, Ак боз уйу, Ак элечеги ыйык эмеспи?
Адамда бир гана Ата-Мекени бар! Аны коздун карегиндей ыйык сактап, суйуп, даназалоо-ар бирибиздин атуулдук парзыбыз.
Бейпил тундо, койнунда уктап кайберен,
Аскаларын коз ирмешип Ай менен.
Суктандырат, Ата-Журт, сенин ажарын,
Сулуулукка ушунчалык бай белен. Сенде ажайып, сенде башка дуйно ону,
Жайда жашыл тоолорундун кийгени.
Тоондогу аркар, теке муйузу,
Аз-аз жерден Айга турат тийгени.


Азыркы мезгилде коптогон уул-кыздарыбыз жумушсуздуктун айынан чет олкодо, ботон жерде ботон элде Ата-Журттун бир ууч топурагына, уй-булосун корууго зар болуп журушот. Чет олколук бизнесмен-ишкерлер менен бутум тузуп олкобузго фабрика-завод, женил онор жайларды курууга болот. Ошондой эле жаштарыбыз чет жакада билим алып окуп журушот. Алар алган билимдерин оз жерине келип элибиз учун кызмат кылып жатышат жана кызмат кылат деген ишеничтемин.

Элибиздин ырыс-кешиктуу, келечектуу, доолоттуу, жашоосу учун биринчи кезекте ынтымак керектигин унутпашыбыз керек. Айтып коюшат эмеспи: «Ынтымак бар жерде-ырыс бар»- деп, биримдикте болуп оз келечегибизди озубуз курушубуз зарыл. Алдыга койгон максаттарыбызга жетуу учун жакшы окуп, чет олкого кыргыз элинин атын чыгарып, мекенчил жаштардан болушубуз абзел.


Исхак Раззаков атабыз, коом менен адамдын жан дуйносу бир экенин зирек баамдап: Мен таза болсом, Сен таза болсон, Биз таза болсок, Коом да таза болот!-деп абийир ар-намыска, рухий тазалыкка чакырган эмеспи? Ал эми дуйного аттын кашкасындай таанымал улуу жазуучубуз «Ааламдын Айтматову» аталган Чынгыз атабыз: Ичкен ашына семирип, Кийген кийимине мактанып,
Жеткен кызматына манчыркап, Тоюп калды, тынып калды дегенче, адамдын адамдык сапатынан кеткени- деп, жазгандай. «Адамзатка эн кыйын нерсе-кун сайын адам болуу. Кун сайын адам бойдон калуу!»- деп, адамдык сапатты бийик тутуп, жоготпоого чакырган.


Азыркы учурда олкобуз бара-бара коптогон жетишкендиктерге жетишип, онугуп-осуп бара жатат. Мисалы: 2014-жылы сентябрь айында Дуйнолук кочмондор оюну откорулду. Кыргыз элинин туу чокусу болгон Манас эпосун декабрь айында ЮНЕСКОнун тизмесине киргизген Карганбек Самаков жана ортопед врач хирург Сабырбек Жумабеков, спорт тармагындагы Каныбек Сагынбаевдай агаларыбыз жана комузчу Самара Токтакунова , тынчтыкты сактоого чон салымын кошуп келе жаткан экс президентибиз Отунбаева Роза эжелерибиз менен сыймыктанып келем. Ал эми быйыл 2015-жылы 25-ноябрда Кыргызстандын 6 млнчу жараны торолуп, бутундой калкыбызды кубандырды.


Биз ,жаштар, олкобуздун онугуп-осушун кааласак , анда эн мыкты денгээлде билим алып, бир кесиптин ээси болуп, мекенибизге чон салым кошолу. Эгерде билим албай жалкоо болсок, тундук-туштук болуп болунсок, анда олкобуз эч кандай ийгиликтерге жетишпейт жана онукпойт. Ошондуктан Манастай айкол, Жаныл Мырзадай эр журок, Каныкейдей акылдуу, ууз чебер жана Курманжандай адилеттуу, намыстуу бололу демекчимин.


Мен дагы мектебимде эн мыкты окуган, улгулуу журуш турушум менен мектеп парламентинде билим министринин милдетин аткарып, озумдун М.Темирбаев атындагы №11 орто мектебине чон салымын кошкон окуучулардын катарын толуктап келем. Ошондой эле мындан ары да мекенимдин гулдоп онугушун каалайм жана дагы да чон салымымды кошо берем!
Базарбекова Айсулуу Раимбековна, Жалал-Абад облусунун Таш-Комур шаарындагы №11 орто мектебинин 9-классынын окуучусу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 14:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Байгазы Замирбек
Мен кыргызстандын келечгин өнүгүп кетишин каалайм . Ал үчүн биздин манас завод-фабрикалар жана ар тармактуу иш каналарды көбөйтсөк .
Айыл-чарбасында түрдүү жер-жемиштерди, дан-азыктарды өстүрүшүбүз керек . Бак дарактарга, токойлорго аларды кыйроого жол бербестен,кайра аны өстүрүнү билсек . Фермерлерге мал-чарбасын өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берүү керек анын ичинде ири мүйүздүү бодо малдарды,уян жүндүү кой эчки лерди,жылкыларды жана канаттуулар фабиркасын өнүктүрүү керек . Жогорудагы мен айтып кеткендердин баары ишке аша турган болсо азыркыдай биздин жараандарыбыз көпчүлүгү ата-энелер сыяктуу ар кайсы чет мамлекеттерге жумуш издеп кетпейт эле . Өзүбүздүн мамлекетибизде толук жумуш менен камсыз болуп өз балдарын чоң-ата,чоң- эне, тайене ,таята жана ар кайсы туугадарына таштап кетишмек эмес . Ар бир наристелер жана өспүрүм балдар өз ата-энесинин койнунда бактылуу балалыктын доорун сүрүшмөк! .
Мен кыргызстандын жарааны болуп жана туулуп өскөнүмө сыймыктанамын, мен өзүмдү бактылуумун деп эсептеймин ,анткени биздин мамлекетке, чет өлкөлүктөрдүн суктанганы аябай көп . Анткени туш тарабы мелтиреген аска тоосу жана абасыда суусуда таза азыгы да таза жаратылышбыздын берген ар түркүн кеендерге суктанарлык кооз жерлерге бай!
Биздин мамлекет өркүндөп өсүп кетиши үчүн биз Норкамания Тероризим менен тынымсыз күрөшүүбүз керек бул ар бир атуулдун милдети деп ойлоймун
Алакандай болгон мекенибиздин экологиясын сактай билсек,жана ошондой эле ар бир жараан бири-бирине кайдыгер карашпаса ,алдуулар алсыздарга жардам берсе,мүмкүнчүлүкгү чектелген майыптарга кайрымдуулук көп болсо жакшы болмок .
Бизнесмендерибиз өтө өзүмчүл болушпаса өз капчыгын ойлой бербей мектептерге, бала-бакчаларга ,жетим балдар үйлөрүнө спонсор болуп турушса өнүгүп кетмек белек .
Бийликтегилерда байлыкка,мансапка көп умтулбастан мамлекетибиздин, эли журтун өнүгүп кетүүсүн терең ойлошсо !
Кыргызстанда таштанды терген балдар аз болсо,ар бир эне өз баласын төрөрдөн мурда ошол баланын кийинки тагдырын жакшылап ойлошсо"балалуу үй базар,баласыз үй мазар"дегендей балдар үйү чектүү болмок эле . Ал эми балдар болсо өз ата-эне син карыялар үйлөрүнө таштабаса" карысы бардын ырысы бар"болмок!
Мен азыркы заманда жашап жатканыма аябай сыймыктанамын анткени мындан канчалаган кылымдарда биздин ата-бабаларыбыз жакырчылыкта жашап жана күнүмдүк оокаттын таап жашашкан . Аларга аябай кыйынчылык болгон себеби дайыма эле согуш жүрүп турган жана биздин жерибизди коргоп турган,биз буга аябай сыймыктанышыбыз керек анткени ушулардын салымы чоң,бизди ушул заманга алып келген ошол ата-бабаларыбыз . Эгер ошол баатырларыбыз жок болгондо кыргыз мамлекетида жок болмок. Мен аларга алкыш айтам жана,миң мертебе таазим этем .
Азыр деле кыйынчылык болуп жаткан мамлекеттер бар көбүнчө түштүк региондордо . Алар не себептен кыйналышат. Алар көбүнчө таза суудан,тамак- аштан кыйналышат алар таза сууну кор кылбайт . А биз болсо суубуз көп болсо да кор кылабыз . Жок андай эмес, биз башка мамлекеттерден суубуз,таза абабыз менен айырмаланабыз ошон үчүн биз жаратылышбызды коргошубуз керек ошондо кыргыстан өнүгөт! Мен ишенем кыргызстан өнүгөт!
Аты-жөнү. Байгазы Замирбек уулу Базар-коргон району Б. Осмонов мектеби
Туулган жылы.2001.фев. 04
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 00:00

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: