Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган сынакка келген дил баяндар (Жалал-Абад облусу) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган сынакка келген дил баяндар (Жалал-Абад облусу) КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган с

#41 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Батма
Бул жарык дуйного жаралган инсандардын оз ата-энеси,бир туугандары, тили,эли-жери, оз мекени болот.Мекен демекчи ,мекен деп ар бир адамдын киндик канн тамган боз топурагы,бозортуп ,чанытып чонойгон жерди айтабыз.Биздин мекенибиз баардык жактан жашоого ынгайлуу,суусу, абасы таза.Айтышатко биз адам болуп торолобуз инсан болуп калыптанабыз деп.Ошол процессте ар бир адам ,инсан озу учун жашоого болгон коз карашына жараша канчалаган максаттарды ,тилектерди ишке ашырсак деген аруу ниеттер менен коёт.Адамдын алдыга койгон максаты канчалык жете алгыс тоодой бийик болсо ал адамдын жащоосу ошончолук кызык,ошончолук сонун отот.Муну баарыбыз билебиз.Ар бир мамлекеттин жараны катары ар бирибиз оз эли-жерибиздин, мекенибиздин осуп-онугуусун каалайбыз.Мен да кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм.Мекенибиздин Озгон мунарасы ,Тащ-Рабат,Сулайман –Тоо,Жети-Огуз, Бурана мунарасы ,Манас кумбозу сыяктуу тарыхый эстеликтерибиз ,жерлерибиз чет жактан келген адамдардын коз жолун алып,дагы бир ирет келип кетуусуно себеп болушат.Бул болсо кыргыз жерибиздин кооздугун айгиленеп турат.Азырку убакта билимибиз эч нерсе болбой калды.Билим гана адамдын карангылыктан жарыктыкка алып келет.Биз билимдуу болуп гана кыргыз-жерибиздин гулдоп –осушуно оз салымыбызды эч коркпостон кошо алабыз. Демек билим беру системасына кандайдыр озгортуулорду жасап же окуучулардын билимге илимге кызыгуусуна башкача коз=караш менен аракет кылуубуз абзел.Кыргыз жерибиздин гулдоп-осушун кааласак анда кыргызстандын экономикасына жакшы мани беруу керек.Туштук Корея,Туркия, Кытай сыяктуу мамлекеттердин осуп-онугуу жолуна коз салып ,ал мамлекеттерден атайын экономикалык саясий эксперттерди алып келуу деп ойлойм.Ал система менен жакшы таанышып абдан гана изилденсек ошондо гана онугобуз.Ойдодо айтып кеткендей билимге жакшы конул бурушубуз керек.Туркиянын президенти Кемал Ататурк 1915-1926- жылдары озунун Туркия мамлекетинен жарандарды тандап-тандап аларды окмот менен келищим туздуруп билим алууга Европага жонотуп ал жакта 5-6 жыл окуп ,ал жактан билим алып келгендер менен ошого карата оз мамлекетине кызмат кылып жана ар кандай реформаларды тузушуп байып кетишкен.Биз Кыргызстан да ошондой окуучуларды башка мамлекетке окууга жонотуп биз да ошондой жол менен онуксок болот.Мамлекеттин онугушуно биздей жонокой жарандардын ушундай нукта кетсе мамлекет чындап онугот.Кыргыз элибизде бир гана ишеним болуш керек.Бир куну биздин мамлекет да катардагы мамлекеттердей болуп байып,озун корсото алат.Биз ушундай Кыргызстандын гулдоп-онуккон кундору келет деп чын журогубуздн ишенебиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Асель
Кыргызстандын гулдоп осушун каалайм.

Менин атым- Асель. Мен кооз Кыргызстандын куностуу Туштук тарабында жашаган айылдык окуучу кызмын. Мен эгемен Кыргыз жеринде торолгонумо абдан кубанам жана сыймыктануу менен айта алам. Себеби, Кыргызстан мактай тургандай кооз, сулуу мамлекет. Ким келип менин олком жонундо сураса да сыймыктануу, кубануу менен даназалай алам.
Кыргыз жери – кооз жаратылышы, табигый булактары, тунук суулары менен дуйного таанымал. Жерибизде бардык нерсе табигыйлыгы менен баалуу. Ошондуктан жерибизди экинчи Щвейцария деп атап коюшкан. Кооз жаратылышыбыз окшосо да, экономикалык жактан арттабыз.
Ошондой болсо да Кыргызстан таланттуларды, билимдуулорду оз кучагына алган онугуу жолундагы эн жаш мамлекет. Андыктан Кыргызстандын келечеги болгон биз жаштар, осуп-онугуп келе жаткан жаш олкобуздун онугуусун жогорку денгээлге алып чыгып, онуккон мамлекеттердин катарына кошулуусуна тынымсыз аракеттенебиз. Биз жаштардын аракети Кыргызстандын келечеги.

Олкобуздун онугуушу учун жекече максатту пландар иштелип чыгып, тынымсыз аткаруулуда. Андыктан мен келечектеги Кыргызстанымды томондогучо элестетем :
- келечекте билими жогорку Ата – Мекен деген патриоттордун
кобоюшу;
- билимдуу кадрлардын кобоюшу жана аларга билимин андан ары оркундотуусуно колдоо корсотуу;
- бийликти башкарууда жаштардын орду зор экенин корсотуу;
- ал эми айыл жергесинде бала бакчалар курулуп, ар бир бала бала бакчага милдеттуу турдо барып тарбияланса, медицина тармагы айыл- кыштактарда, тоолуу региондордо кенири иш алып барып, саны жана сапаты жактан жогоруласа, келечек учун ташталган жаны бир кадам болмок.

Кыргызстанда Туризм – Кыргыз Республиканын экономикалык жана социалдык жактан тез өнүгүшүнө зор салым кошууга көп мүмкүнчүлүктөрү бар реалдык сектордун келечектүү тармагы. Кыргызстандын жери туризмди жана эс алууну эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн табигый, тарыхый жа маданий жактан кыйла потенциалга ээ.
Кыргызстандын аймагында Сары-Челек, Кара-Шоро, Кыргыз-Ата, Жети-Огүз, Аларча сыяктуу ажайып кооз жерлер, шаркыратмалар, табият эстеликтери да арбын. Жогоруда айтылган табияты кооз жерлерди коргоо максатында Кыргызстан жаратылыш улуттук парктарына жана коруктарына ээ. Ал аймактардагы жапайы жаныбарларды, канаттууларды, өсүмдүктөрдү жана жалпы эле кооздукту табигый түрүндө сактоо менен, аларда туристтер, айрыкча чет өлкөлүк бай туристтер үчүн экологиялык, элиталык таза экскурсияларды уюштурууга ыңгайлуу шарт түзүлүүдө. Кыргызстан Улуу жибек жолунда жайгашкан тарыхый архитектуралык эстеликтерге да бай: Сулайман-Тоо археологиялык музейи, Бурана мунарасы, Өзгөн архитектуралык комплекси, Шахфазил күмбөзү, Ташрабат кербен сарайы, Саймалуу-Таш капчыгайындагы аскадагы сүрөттөр, Манас күмбөзү.
Туризм тармагы өнөр жайды, транспортту, курулушту, мейманканалык тейлөөнү, башка кызматтарды өнүктүрүүгө көмөк берет. Туризм алыскы айыл региондорун көрктөндүрүлүшүнө, экологиялык чөйрөнү коргоого, жергиликтүү калктын экономикалык жашоо-турмуштук ыңгайынын жогорулашына таасир этет.

Менин олкомдо эн башкысы эркиндик жана ачык айкындуулук.
Мекенибизде жашаган ар бир жараныбызды укугу толугу менен корголгон.Олкобуздун стабилдуу мамлекет болуусуна андагы мыйзамдардын так сакталуусу жана туура аткарылышы зарыл.
Инфраструктуранын жакшыруусу менен олкобуздун
Биздин жерибиз кен-байлыктарга бай эмеспи. Бул байлыктарыбызды туура иштетип бир канча чыгымдарды азайтууга болот. Биз сырттан инвесторлорду издебей озубуздун жаштарыбыз менен иштешуубуз керек. Кен-байлыктарды иштетуудо жаратылышты бузуп албоо учун да чараларды колдонуу зарыл. Учурдагы олкобуздогу болуп жаткан терс корунушторду ( сут корлук, талап-тоноочулук ) ушул сыяктуу мыйзамга баш ийбеген жарандарыбыздын аракеттерин толугу менен жойсок стабилдуу олкону кура алабыз.
Мен кыргыз кызы болгонума жана Кыргызстанда жашаганыма сыймыктанам!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Гулзат Мамбетова
Чокусунан кар кетпеген,ак монгулуу Ала-Тоонун боорунда, Боз уй тигип,душманына багынбаган ,чыдамкай ,салт-санаалуу эр журок калктын тукуму - кыргыз кызы мен болом.Моюнга алам кыргыз жери бардык жактан шайкеш келген мамлекет.Талаасы кызыл данга бай,жайлоосунда торт тулук мал семирген ,жер астын тешип чыккан булак суулары ,кыргызстандын бермети болгон Ысык-Колу,айтоор бул укмушту баяндап берууго болбойт .жада калса кыргызстанга татыктуу соз табыла элек. Кыргызстандын жери алтын.Канчалаган кендерге бай.Жердин усту жашыл жайлоо кок кашка суу болуп жердин асты алтын болсо бул мамлекетти эмнеге тендештирууго болот? Оз жериндин алтындарын озго элдин жараандары казып жатса аябай окундурот экен. Бул корунушту коруп ичтен бир сызып коюудан башка айла жок.Себеби бийликтегилер ушуну каалап жатышат.Бирок анткен менен Кыргызстан кенсизда бай мамлекет болушуна ишенем.Чымчык да оз уясын салып жатып шамалда кулабасын ,жылуу,бекем болсун дейт экен .Ага караганда акыл-ээс анча орчугон.Мен ишенем кыргызстандын ар бир жарааны олконун осуп онугушун каалайт.Ааламга кеткен жол айылдан башталат демекчи олко тынчтыгын уй булодон баштоо керек.Себеби мамлекет уй булодон куралат.Ошондуктан уй булодо тынчтыкта ,бейпилчиликте ,ынтымакта жашасак мамлекетибизда тынч болот.Эгерде биз оз короо жайыбызды таза кармак, бак-дарак эгип ,улам жаны иштер баштап ,жаны имараттарды салсак бул да мекенге кошкон салым.Ата-эне оз баласын сабактарын текшерип ,убагында тамактандырып ,ОЗУ кызыккан ийримине катыштырса жана жардам берсе дейм.Анткени ошол бала келечектеги кыргызстандын президенти же мыкты дизайнер болуп жетишиши мумкун.Биз азыр жашбыз олкобузго эч кандай салым кошо албайбыз,бирок жаш кезден жакшы окуп,жакшы журсок бул келечектеги кыргызстанга кошкон салым .Себеби алган билимибиздин пайдасы кыргызстандын келечегине жумшалат.Шолохов: кыргызстан дуйнолук масштабтагы таланттуу мамлекет деп айткан.Чындыгында кыргызстандан не деген залкарлар чыккан.Биз аларга окшоп обон созуп кыргызстан жонундо ырдай албасак да,биздин кыргызстанга арнап жазган торт сам ыр мекенге болгон суйуубузду билдирет.Жаштын тилегин берет дешет менин да оз олкомо арнаган тилектерим бар .Кыргызстан башка мамлекеттерге окшоп бай жашап озуно тын болсо дейм.Эгер Кыргызстанда мекен учун бардык аракетин жумшаган мекенчилдер коп болсо ,олко албетте онугот.Мен кыргыз болгонума сыймыктанам ,мактанам.Келгиле жакшы тилек кылып,тамырда аккан кыргыз канынан,озогубуздо от алган кыргыз атынан кубат алып мекенибиздин осушуно малым кошолу.Мен кыргызмын ,кыргыз жеримдин гулдоп осушун бутун жан дуйном ,журогум менен каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Данияр кызы Гүлдастан.
«Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм»
Кыргыз элим кадыр-барктуу ыймандуу,
Тең келбестир эч бир калктын ыйманы.
Кичинекей жаратылыш багындай,
Кооз сымал жомоктогу дастандай.
Кыргызстан- асман тиреген тоолордун, шаркырап аккан өзөндөрдүн, кең мөңгүлөрдүн, көз жоосун алган жайлоолордун, токойлордун, тунук жана таза булактардын мекени.Кыргызстандын жаратылышы кандай сонун, кандай кооз! Жолдо кетип баратып сүрөтчүнүн кыл калеминен жаралгандай ажайып жайларга көз моокумуң канбайт. Акындардын ырларында, обончулардын обонунда биздин кереметтүү жерибиз орун алган.
Кыргыз жергеси кооз жаратылышы, табигый булактары менен дүйнөгө таанымал.Кыргызстандын эң башкы байлыгы – таза суунун башаты ак мөңгүлөр! Биздин элдин жетишкендиги – кереметүү мекенибиздин суусу. Азырынча жетишээрлик жакшы деңгээлде иштете албай жатсак да, уучубуз куру эмес. Алтынданда асыл мөлтүр кашка суу маселеси курч турганын карасак кудай бизге мээрин төккөн экен.
Ушундай бейиштегидей бай жеримде дүйнө жүзүнө белгилүү кыргыздын уул-кыздары эмгектенип, өмүр сүрөт. Күн санап эмес, саат сайын жерин, мекеним гүлдөп, өсүп- өнүгүүдө.
«Туулган жердин топурагы алтын» - дегендей, ар бир кыргызстандык потриоттук сезимдер менен жашап, өзүбүздүн билгичтигибиз, демилгелүүлүгүбүз, эпчилдигибиз, чыныгы маданиятыбыз менен аракеттерибизди бириктирүүбүз аркылуу гана дүйнөдө татыктуу ордубузду ээлей алабыз. Өзүбүздөн башка эч ким бизге татыктуу жашоону камсыз кылып бербейт.
Кыргызстан! Бул ар бир кыргыз жараны үчүн ыйык сөз. Бардык кыргыз жарандары өз эмгеги менен Кыргызстанды ажайып, сонун, гүлдөп – өскөн, бүткүл элинин жогорку деңгээли боюнча эч теңдеши жок өлкөгө айландырууга умтулуп жатат. Биринчиден, экономиканы ар тараптан өнүктүрүү жана маданиятты ар тараптан өнүктүрүшүбүз зарыл.
Кыргызстан – таң каларлык тоолуу өлкө. Анын аймагында ар түркүн кооз жерлери толтура.
Кутман жерибиздин Ала-Тоосун аралап аккан өзөн суулары, Ысык-Көлдөй тоо бермети, көк жашыл тукаба жамынган жайлоолору, кокту-колоттору, тоо боорун каптап өскөн карагай-арча токойлору, ак мөңгүлүү чокулары элибиздин энчисине туура келген баалуу байлык.
Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун ,
Толкуса, толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу мындай жолдош күткөн жокмун.
Ысык-көлдүн кооздугу көз жоосун алып унутулгус элес калтырат. Ал асмандай көпкөк, же сыя көк. Ал эми сиз көл жээгинде аны карап олтурган болсоңуз көл түсүнө жараша маанайың өзгөрткөн сыяктуу сиздин маанайыңыз да нечен түркүн өзгөрүп, не бир кыялдарга туш болосуз. Ысык-Көл тунуктугу боюнча Байкалдан кийинки экинчи орунда турат.
Кыргыз жери сопсонун ,
Кыйласынан Ош сонун.
Чай ичиңиз – деп турат,
Ала топу – досторум – деп тээ илгертеден айтылып келет. Ош Кыргызстандын экинчи борбор шаары деп эсептелет. Оштогу эң ыйык, дүйнө жүзүнө таанылган Сулайман-Тоо. Сулайман-Тоо – батыштан чыгышка карай суналып жаткан беш урчуктуу уютулган чулу таштай болгон касиетүү тоо. Бул тоону байыртан эле «касиеттүү ыйык тоо» деп эсептеп келишкен .
Арсланбаб – бул табияттын уникалдуу туундусу. Арсланбаб – бул кыргызстанда жайгашкан эң кооз курорттордун бири. Ал дүйнөгө жаңгагы менен белгилүү.
Кыргызстандын дүйнө жүзүнө таанылган эң сонун архитектуралык эстелиги бул – Таш- Рабат.
Сары-Челек көлү бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Көлдүн түндүк жээктери койкойгон карагайлар менен пихталардын калың токоюна курчалган. Эгер сиз бул жерге келип калсаныз, Сибирдин чытырман токойлоруна туш келгендей эле болосуз. Көз мелжиген карагайлар жаркыраган көл суусунда күзгүгө карангандай, чагылышып турат. Бул табийгый күзгүдөн көлдү курчаган кызыл аскалар менен жашыл ыраң тоолорду да көрүп, сиз өзүнчө эле бир жомоктор дүйнөсүнө туш келгендей болосуз.
Иштерман, жаратман жана акылман инсандарыбыз жылдан-жылга саны өсүүдө. Ар бир жарандын ийгилиги жана жетишкендиги Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Качан ийгиликтүү адамдар басымдуу көпчүлүктүү түзгөндө биз өнүккөн өлкө деп аталабыз. Кыргыз элинин эң улуу баатыры Манас. Кыргыз урууларын бир хандыкка бириктирген баатыры Манас. Бир мезгилде Манас бүтүндөй элдин башында туруп, өзүнүн баатырлыгын көрсөтүп, элди жоодон сактап бириктирсе, бүгүнкү күндө болсо Чыңгыз Айтматов бүтүндөй ааламга кыргыздын ким экенин таанытып, улуттун башка улуттан айырмасы бар экенин, Кыргыз улутунун касиеттүүлүгүн жеткирди.
Айтматовдун улуулугу ушундай баалуу. Эң биринчиден, Айтматов кыргыз улутун, кыргыз элин бүтүндөй ааламга даңазалап “Ала- Тоонун боорунда кичинекей ушундай улут бар, уңгулуу уюткусу бар, “ бул кыргыз улуту” – деп таанытты. Манас жана Чыңгызды кыргыздын эки канаты болгондой кабылдаса да болот.
Кыргыз элинин эң сүйүктүү жана кеңири тараган музыкалык аспабы –комуз. Биринчи жолу комузду жасаган жана аны күүгө салган инсан бул – Камбаркан. Элибизден Токтогул, Ниязаалы жана Карамолдо деген залкар комузчулар чыккан. Ал эми азыркы учурда Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан залкар комузчу Самара Токтакунова.
Дагы бир кыргыз элин дүйнөгө тааныткан инсаны бул – Бүбүсара Бейшеналиева. Ал кыргыз элинин эң мыкты бийчи балеринасы.
Кыргызстан ажайып, кооз көздүн жоосун алган керемет жерлери, ал гана эмес шаркырап аккан суусунан тартып топурагына чейин алтын эмеспи.
Кыргызстан спорттук туризмге ыңгайлуу. Ошондуктан туристтер көп келишет. Мекенибиз учурда спорт сүйүүчүлөрүн өзүнө тартууда. Кыргызстандын дээрлик ар бир облусу туристтик борборго айланчу көркөм жайларга бай.
Кандай мезгил болбосун “Жалал-Абад курорту өзүнүн ажайып кооздугу, жылуу суусу, дарылык касиети күчтүү баткагы менен өзгөчөлөнөт”. Кезинде Кыргызстандын гана эмес, жалпы союздук республикалардын дарылоо курортторунун эң алдыңкы сабында турган Жалал-Абат курорту бүгүн да иштеп келүүдө.
Кыргызстан- биздин Ата мекенибиз, бабаларыбыздын ыйык журту, калайык-калктын орток үйү. Аны ак эмгек жана аракетчилдигибиз менен гүлдөтүп-өнүктүрүү жана жүрөгүбүздөгү атуулдук сүйүү сезими менен кастарлап, сактоо - ар бир кыргыз жаранынын парзы.
“Кыргыз жери кылымдарды карыткан, өчүрө албайт эч ким аны тарыхтан”. Кыргызстан жана кыргыз эли жер бетинде экинчи кылымдан бери жашап келет. Эки миң жылдын ичинде дүйнө жүзүндө эмнелер гана болбоду. Бирок кыргыздар өз атын өчүрбөй , Кыргызстанды коргоп, сактап жана кастарлап келе жатат. Кыргыз элинин ушундай уул-кыздары бар экен, дагы да кыргыз жери гүлдөп, өсүп-өнүгө берет.
Жалал-Абад облусу, Ноокен району Масы айылы №1 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 9-в классынын окуучусу Данияр кызы Гүлдастан.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Камбарали уулу Сыймык
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.
Кайсыл эле Мекендин эли өзүнүн туулган жерин гүлдөп өсүшүн каалабайт экен. Менимче бардык эле жердин эли бул нерсенин каалайт.
Биз өзүбүздөн мекенибиз Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн кааласак анда биринчиден өз ара ынтымак- ташуу, бири - бири бизге колдоо көрсөтүү.
Экинчиден завод ишканаларды ачуу; унаа чыгаруучу, оюнчук чыгаруучу заводтор. Үчүнчүдөн фабрика салуу; Мисалы: Бут кийим, баш кийим, көйнөк чыгаруучу. Төртүнчүдөн жетишсиз жерлерге бала бакча ачуу. Бишинчиден ферма; жаныбарлар үчүн, канаттуулар үчүн. Анан дагы жаш бизнесмендерге колдоо көрсөтүү, жардам берүү.
Кыргызстандын кен байлыктарын туура пайдалануу. Өлкөбүзгө туристерди тартуу. Мисалы: Ысык-Көлгө, жайлоого, Ала - Арчага көп кооз жерлерге. Мунун баарынан биринчи коррупциянын атынан бери жок кылуу. Булардын баарынан чыккан каражаттарга жол салуу, мейманканаларды ачуу, көп кабаттуу үйлөрдү салуу, жолдорго светофор койуу, камера орнотуу. Ошондо гана Кыргызстандын ажайып кооз жерлери андан да сонун болор эле.
Жалал-Абад областы
Майлуу-Суу шаары
№3 жалпы орто мектебинин
8- а классынын окуучусу
Камбарали уулу Сыймык
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жокуева Табийгат
Жалал – Абад облусу. Кара-Көл шаары. №2 инновациялык жалпы билим беруу мектебинин 9В-классынын окуучусу Жокуева Табийгат Алтынбековнанын
Дил баяны.
Тема: Кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм.
План:
1. Кыргыз жери жонундо ой толгоо.
2. Кыргыз жеримдин гулдоп осушу.
3. Кыргызстандын келечеги.
Ооба, биздин Кыргыз жери абдан кооз, биологиялык жана географиялык жактан топ келген кереметтуу жер. Менин сыймыктанаар, мактанаар жерим бул Кыргыз жери. Кыргыз жери адамдын коз жоосун ала тургандай кооз, кереметтуу, касиеттуу олко.
Кыргызстандын чебиндей болгон, кок мелжиген бийик бийик тоолору, шаркырап аккан суулары, кызыл-тазыл гулдору, жыттуу арчалары, курч муйуздуу, курч тиштуу жаныбарлары, деги эле койчу, сулуулуктун, байлыктын баары бизде. Кыргыз жеримде коптогон кен-байлыктары бар, аларды санап кетсем: алтын, комур, нефть, уран, сурьма, мрамор, гранит, туз жана ар кандай минералдык суулары. Ар бир облустун озундо, адамды тамшандырган кооз жерлери жана тарыхый мурастары бар.
Кыргыз жерибиздин тоолоруна жаратылышына суктанып, коптогон мамлекеттерден туристтер, чет элдик меймандар келип эс алып кетишет. Чыныгы эн кооз эс алуучу жайлардын бири бул Ыссык- Кол. Бул кол - атайын эс алууга жаралгандай, жайы кышы жылуу. Кыргыз жерине келген чет элдик меймандар, туристтер жакшы ойлорун айтып суктанышат.
Кыргызстан озу чакан мамлекет болсо да, озунун тоолору, суу сактагычтары, жаратылышы менен бут дуйного таанылган.
Ээй адамдар, силер ак монгу жамынган бийик тоолору, ак кийиз менен оролгон боз уйу, музыкадай кубулжуган суулары, кооз кооз бажырайган талаа гулдору, тоодон тоого секирген кайберени бар олкону кордунор беле? Албетте, биздин жерибиздеги сулуулук, эч жерде жок. Кыргыз жери мен учун кереметтуу.
“Кыргыз жеримдин оркундоп, осуп онугуусуно, ар бир атуул оз салымын жигердуу турдо кошуусу керек”.
Кыргыз жерим дуйнонун кооз жери,
Ак калпактуу, меймандос Кыргыз эли.
Оо, адамдар оз салымын кошкулачы,
Оркундоп осо берсин Кыргыз жери.
Азыркы учурда дуйнонун 30дан ашуун олколордо кыргызстандын элчилиги иштеп жатат. 130 дан ашуун мамлекеттер Кыргыз Республикасын тааныды. 96 мамлекет менен дипломатиялык мамиле тузулду. 1992-жылдан баштап Кыргызстан эл аралык уюмдарга мучо боло баштаган. Социалдык, экономикалык чойросундо кайра куруулар журду. 1992-жылдын 24-августунан баштап 1-сентябрына чейин, Бишкекте Кыргыздардын буткул дуйнолук биринчи курултайы болуп откон. Ага дуйнонун ар тарабында жашаган кыргыз элдери келип катышкан. Ал эми 1995-жылы УЛУУ хан МАНАСТЫН туулган жери Таласта, МАНАСтын 1000-жылдыгы чон маараке менен белгиленген. 2000-жылы Кыргыз Мамлекеттуулугунун 2200-жылдыгы болуп откон. Андан кийин ЮНЕСКОнун колдоосу менен Ош шаарынын 3000жылдыгы белгиленген.
Мына ошентип, осуп онугуп, туптонуп дуйнолук аренада оз ордун таап келе жатат. Бирок, канча деген Кыргызстандын келечегине керек болгон атуулдар, кыз –келиндер чет олкодо иштеп журушот. Оз Мекенине кайтып келип, колдорунан келген салымын кошсо, Кыргыз жери онугот беле? Албетте, онугот,жаны бийликтегилер жакшы болсо, коп деген ишканаларды ачса, азыркы кезде иштебей жаткан завод-фабрикаларды, Камбар-Ата ГЭСтери курулуп иштесе, адамдар оз жеринде, оз элинде, уй-булоосунун жанында иштеп Мамлекетке да пайда болмок.
Кыргыз жерибиздин табиятты кооз жерлерине курулуш тушуруп, туристерди озубузго тартсак, экономикалык онугуу болот эле.
Мен дагы Кыргызстан сыймыктана тургандай инсан болууга жана оз милдетимди так аткарууга аракеттенем. Кудай буйруса, мен кийин оз эмгегимден тапкан пайдама, эл учун кызмат кыла турган мекеме же ишкана ачам. Кыргыз жеримдин бир кооз жерине курулуш тушуруп, туристтер, чет элдик меймандар, озубуздун элибиз эс ала турган эс алуучу жай курам.
Мен эле эмес, Кыргыз элим, келгиле, баарыбыз ошол Кыргыздын намысын коргогон атуул бололу! Кыргызстандын кооздугун сактай билели! Эс алуучу жайларга, таштанды таштабай, кооздугун сактап, баркын билели! Дайыма алдыга умтулуп, ынтымакта, бейпилдикте омур суролу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Досанов Суйунтбек


мен Досанов Суйунтбек мен Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.Ал учун мен чонойгондо бизнесмен болом.Озум жеке бизнес ачып кыргызстанга салымымы кошкум келет.Мен чонойгондо таза иштеп кыргыз жеримди гулдотом.Мен патриоттук сезим менен иштейм,мен кыргызстанды азыртан баштап гулдотсом болот,мисалы: жолдо баратсам таштанды жатса аны алып койсом бул менин пайдам.Азыр чон иште иштегендер(депутат, мер,министр, губернатор,президент ж.б.)пара алып жатыса кыргызстан оноло беле.Менин максатым башка олколор менен келишим тузуп кыргызстандын атын чыгарам.Ушундай радиолордон коюлган сынактар болсо жаш балдар озунун максатын айтып бере алат,жаш бала тилесе тилегине жетет деген соз бекеринен айтылбаса керек.Кыргызстан жаш олко!Дагы баары алдыда келечек жаштардын колунда дегендей эле,кыргызстан америкадай жадагалса Дубайдай болот мен бул созго ишенем.Кырызстан ансыз деле толуу,абасы таза,шаркырап аккан суусу бар,Американы карасн чон-чон имаараттары менен кооз бирок ошол имаараттар аяба зыян алып келет.Биздин Кыргызстан тоолуу болгону менен абасы таза,суусу мол тушум мол.Баса,эн эн башкысы биз тилди унутпайлы кыргыз тили эне тил биз аны баркташыбыз керек,орус тилин мода деп жаштар орусча суйлойт,антсе Кыргызыстан кантип гулдойт.Биздин кыраан куч десе кучу бар кыргыз жигиттери бар,Кореяда жигиттери чач остуруп кызга окшош,биздин кыргыз сулуу кыздарыбыз бар башка олкодо кыздары боёнуп журот алар сулуу эмес.Кыргызстанды онуктуруу учун завод фабрикаларды иштетуу керек,мал чарбачылык, дыйканчылык, жаш окуучуларды чет олкого окууга жонотушубуз керек,ар бир айылда мектеп болуу керек себеби коп балдар окубай калтат алар билимсиз болуп баратат аларга шарт тузуп беруу керек,кобуроок осумдук эгишибиз керек алар Кыргызстанымды жашылдандырат абаны тазалайт.Биз мамлекетти онуктуруш учун ар бирибиз озубуздон башташыбыз керек,мисалы: мен мамлекетке эмне кыла алам деген суроону озубузго берип,озундо болгон жондомун,тажырыйбасын, куч аракетин жумшап,чынчыл, ак ниет,таза,акылмандык менен озум учун эмес мамлекет учун деген ураан менен жашап аракеттенишибиз керек.Бизде азыр жетекчилерибиз депутаттарыбыз бийлигибиз оздорунун бизнесин байлыгын коргоо учун гана аракеттенгендей сезилет.Ошондуктан биз келечек муундар бар кучубузду Искак Разаковдой патриот болуп бут омурубузду билимибизди эмгегибиздиой тилегибизди максатыбызды мамлекетибиздин гулдошу учун арнашыбыз керек! Мен кыргызмын кымыз ичип чонойгон,
Мен кыргызмын, кыргыз жерден ойгонгон.
Манас баатыр биз учун жоо кууганда,
Мен кыргызмын, эл тагдырын ойлогон. ушул ырды айтылгандай кыргыздын тилин Манастын баатырдыгын даназалоо менен англис тилин,орус тилин,кытай тилин оздоштуруп Кыргызстан деген мамлекеттин гулдошу учун болгон куч аракетимди жумшаймын!
Досанов Суйунтбек 6а класс
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жоробекова Бурулкан
«Кыргыз жеримдин гулдоп-осушун кааалайм»


Кыргыз жери бейиштин торундой деп бекеринен айтылбаса керек. Ооба чындыгында Кыргызстан бейиштин торундой, таза аба, тунук суулары, жаратылыштын кооздугу ар бир адамдын коз жоосун алат.
Кыргыз эли улуу эл.Мыны ушул улуу элдин коюнунда коонорбос улуу мурас бар. Ал кааада-салты, урп-адаты, мыймандостугу, салт-санаасы деги койчу айта берсе сан миндеген кичи пейилдиги. Мына ушунун баарын жараткан бизге, кыргыз жерине бекеринен ыроолоп бербеген чыгаар.
Ушундай улуу доолоттордун артында Кыргыз эли нечендеген жылдардан бери жергебиздин оркундоп онугуусуно салым кошуп келишет.
Мамлекеттин онугуусу эмнеде?
Ал албете эн биринчи тилинде,дилинде, каада-салтында. Мына ушулар болмоюнча олко эч качан онукпойт,оспойт. Тилин канчалык майдалап талкалаган сайын,сен тируулой манкуртка айланасын.Бекеринен улуу инсандарыбыз ”Улут болсом тилим мене улутмун”-деп, айтпаган чыгар.
Ушул кундо Кыргызстаныбыз онугуп-осуудо, дуйнодогу алдынкы олколордон катарына кошулуунун алдында турат.Коомубуздагы ар бир кыймыл гулдоп осууго албетте оз кээдергисин тийгизет.Олкобуздун онугуусу эмнеден башталат?Ал албетте менден жана сенден башталат деп айткым келет.Ар бир инсан бой жеткенден баштап кайсы бир кесипти аркалагысы келет.Аны жузого ашырып,оз олкосуно салым кошууну коксойт.Мына ушулар сыяктуу менин да тилегим,ой-максатым, кыялдарым,алдыга койгон умут-тилектерим бар.
Мен окуумду ийгиликтуу аяктап,олкобуздун саламаттыгына оз салымымды кошкум келет.Мен дарыгер болууну каалайм.Айтат эмеспи”Элдин саламаттыгы- олконун алдыга умтулуусу”- деп.Анын сынары бул тармакта оз ордумду таап олкобуздун ар бир жаранына жардам берип,олкобузду дагы да болсо алдыга суроп,кыргыз жерин дуйно элине саламаттык тармагынан корсотууну каалар элем.Жана да албетте “Мен Кыргызстанымдын гулдоп-осушун каалайм”.
Жалал-Абад облусу,Жалал- Абад шаары
№4 мектеп-гимназиясынын 8-б классынын
окуучусу Жоробекова Бурулкан Ташболотовна.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жумалиева Кызжибек
“МЕН КЫРГЫЗ ЖЕРИМДИН ГҮЛДӨП-ӨСҮШҮН КААЛАЙМ”


Мен эң эле биринчиден- өнүгүү деген сөз эмнени түшүндүрөт жана Кыргызстан кантип өнүгөт?–мына ушул сөздү талкуулап кетким келет. Кыргызстандын өнүгүшү ар бир адамдын өз колунда. Мындай айтканымдын себеби, ар бир кыргыз жараны, мамлекеттик кызматкерлер өз ишине берилип, таза, мамлекеттин жана бирөөнүн акысына көз артпай, көңүл коюп иштесе, анда Кыргызстан өнүгөт, өсөт деген ойдомун. Көпчүлүк адамдар, мунун баары мамлекет, облус жана мамлекеттик жетекчилердин колунда деп ой жүгүртүшөт, бирок мен мындай сөздөргө кошулбайм.
“Мамлекет үй-бүлөдөн куралат” – дегендей ар бир адам өзүнүн үй-бүлөсүнүн жакшы жашоосу үчүн күрөшсө, анда мамлекет –Кыргызстан оңолот. Туура, мен мындай иштерди талдоого али жашмын. Бирок, эми гана бутуна туруп бараткан өлкөбүздү улам эле митинг, пикеттер менен кыйратып, экономикабызды артка тартып, элибизди жабыркатып, сызга отургузганы мага жакпайт. 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалды, митингдерди жасагандарды, жетим калган мен курактуу балдарды эстесем, жан-дүйнөм кейип, көзүмө жаш алам. Кантип ушундай болсун!
Кантип кыргыз эли бири-бири менен урушсун, эки элдин ынтымагына доо кетиргендерге наалат. Алардын кесепетинен өлкөбүздүн өнүгүшү артка кетти. Бир гана мыкаачы адам мындайга көз жумуп кете берет. Мен да чоңойсом кыргыз элине, жерине жардам берген, анын өсүп-өнүгүшүнө салымын кошуп келе жаткан инсандардын катарын толуктайм!
Кыргызстан тоо-токойлорго, кен байлыктарга, минералдык сууларга, касиеттүү жерлерге дегеле койчу, айтсаң түгөнгүс байлыктарга ээ десем да болот. Мына ушул байлыктарды кемирип жок кылып жаткан адамдарга наалат. Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнүн бир эле жолун айтсам, туризмди өнүктүрүү менен ишке ашырса болот. Жерибиздин бермети, күзгүсү болгон Ысык-Көл, Соң-Көл, Сары-Челек, Манас атабыздын ордосу, касиеттүү Сулайман тоо, Арстанбап, Жалал-Абаддагы, Жети-Өгүздөгү, Чолпон-Атадагы жана башка дарылык касиети жогору болгон курорт, санаторийлер, ыйык жерлерибизден тышкары Кыргызстандын ар кайсыл жерлеринде өзгөчө кереметтүү ыйык жана эс алуучу кооз жерлерибиз жүздөп асналат.
Мен өзүм туулуп-өскөн жер Тоскоол-Ата токой чарбасын эле алалы. Кыргызстанга белгилүү болгон Олжобай менен Кишимжандын тереги, “Тоскоол-Ата булагы”, “Бешик таш”, “Алчалуу-Майдан” жана башка касиеттүү, ыйык жерлер бар. Мисалы “Көлкупан-Ата” деген ыйык көлдүн айланасында жети көл бар. Алар Айнек-Көл, Сүт-Көл, Кутман-Көл жана башка болуп аталып, ар биринин өзүнчө касиети бар экендигин илгертен эле чоң-ата, чоң-энелерибиз айтып келишет. Бала тилеген, байлык тилеген, тынчтык, ынтымак тилегендер ар бирине өзүнчө сыйынышат. Анын тегереги аска-зоодон орун алган Сере, Кыз-Коргон жана башка жайлоолордон турат. Бул жерлердин жаратылышы өтө кооз жана токойлордон орун алган. “Тоскоол-Ата булагы” менин чоң атамдын үйүнүн жанында. Ага көбүнчө ашказаны ооругандар, жара чыгып айыкпай жаткандар, “Бешик ташка” бала тилегендер барып, сыйынып балалуу болуп, алардын көкүлүн алдырганын көрүп бакытка бөлөнөм. Олжобай менен Кишимжандын тереги өзүнчө эле ак сүйүүнүн легендасына айланган. Бул терекке көбүнчө сүйүшкөндөр келип сыйынышат. “Тоскоол-Ата булагында” “Камыр таш” аттуу таш бар. Ал ташта, адамдын колунун беш манжасынын изи бар. Мен мындай кооз жерде жашаганыма кубанам. Ар бир адам жаратылышты, мекенди коргоого укуктуу жана милдеттүү! Ушундай кооз жана ыйык жерлерди туризмдин булагына айландыруу биринчи кезекте айыл өкмөттөрдүн, жергиликтүү бийликтердин милдети деп эсептейм.
Мына ушундай ыйык жана кооз жерлерди мамлекеттик деңгээлде колдоого алып, жергиликтүү жетекчилерге милдеттендирип, адамдар эс алууга шарт түзүп, өлкөбүздүн, жергиликтүү бюджеттин казынасына киреше түшүрсө экономикабыз өнүгөт.
Чет өлкөлүктөр Ысык-Көлдү эле билишет, башка кооз жайларга да туристтерди тартуу менен гүлдөгөн өлкөнү кура алаарыбызга ишенем.
Жумалиева Кызжибек Кумарбековна,
Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылынын №1-Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 8 “б”-классынын окуучусу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Илиьясов Нурислам
Кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм.
Мен Илиьясов Нурислам Жалалабад шаарындагы номер 14 инновациялык мектеп лицейинин 6- классынын окуучусумун. Мен бул дил баянды Азаттык беруусунон угуп жазып корууну туура кордум. Анкени ар бир бала Малазияга барып ойноп келууну каалайт. Ошол себептен мен бул дил баянымды баштадым!

Мен оз олкомду суйом. Мен кыргыз болуп жаралганыма сыймыктанам, себеби биздин олко озунчо эле суйкумдуу, бийик- бийик тоолорубуз, бийик- бийик аска- зоолорубуз, кооз карагайлуу жайлоолорубуз, токойлорубуз, таштан ташка урунган сууларыбыз абасы таза озунчо эле керемет олко.
Кыргызстабызда 6 миллион эл жашайт. Анын ичинде 80 ге жакын башка улуттардын окулдору бар. Элибиздин пейли кенен жана мейман дос.
Кыргыз жерибиздин онугуп осушу учун томонкудой аракеттер жасалышы керек:
Олкобузго бекем тартипти орнотуу, маданият жана туризимди онуктуруу, элибиздин жашоо турмушун жогорку дээнгелге жеткируу, мал, кой чарбасын онуктуруу, осуп келе жаткан жаш муундарга сапаттуу билим алышы учун, заманбап бала бакчалар, мектептер, жогорку окуу жайларды куруу ошондой эле окуучулар учун керектуу болгон окуу куралдар менен камсыз кылуу.
Жерибиздин кооз жаратылышы мекебиздин ажары, Арсланбап, Ыссык- Кол, Сары- Челек, Сулайман-Тоо, Падыша-Ата жана башкалар.
Кыргыз жерибиздин гулдоп осушу учун: Олкого турмуштун жалпы турпатын озгортуу аркылуу уй- булодо бакубатттулукту орнотуу, балдарга, жаштарга бактылуу келечегин тузуу, мекенибизге азыртадан салым кошуу менен кыргызстандын жарандарынын жакшы жашоосу учун жакшы аракеттер тандалыш керек. Олкого мамлекеттик тартипти камсыз кылууга тийиш болгон мыйзамдардын озгочо артыкчылыгы менен бутундой алганда ар биринин конституциялык укуктары сакталыш керек. Элибиздин турмушу жогорку дээнгелге жетишиш учун: Олкобуздо осуп бараткан экономика, ар бир уй- булодо озунун турак жайы болушу керек. Баардык балдар жакшы окуп билим алса Кыргызстаныбыз онугуп осот. Кереметтуу жерибиз болгон Ыссык- Колго эс алуучу жайлар коп курулуп, колубуздун айлана тегерегине гулдор , бак дарактарды эгип кооз кылып койсо туристерибиз коп келип олкобуз онугуп осмок. Ошондой эле бизде Сары-Челек деген колубуз бар. Сары-Челек колубузго да эс алуучу жайларды ынгайлаштырып куруп койсо шаарыбыздын тургундары, чет олколордон келген конокторубуз да эс алышмак .Кыргызстаныбызда шаарларда эле эмес райондорубузда айыл жерлеринде да окуучулар учун спорт залдар курулуп окуучуларыбыз спортко катышып, ошондо жаштарыбыз кыргызстабызбы дуйного таанытып, суйуктуу олкобузду онуктурмок. Депутаттарыбыз олкобуздо жумушу жок жургон жаштарыбызга завод фабрикаларды куруп берсе, бизди окутуп билим берип тарбиялаган мугалимдерибиздин айлык- акысын которуп берсе, жана башка мекемелердин айлык акысын кобойтсо биздин ата- энелерибиз ага эжелерибиз башка чет олкого кете бербей Кыргызстаныбызда иштешин каалайт элем . Кыргызстабызда патриот адамдар коп болушун каалайм. Мен да келечекте патриот жигит болуп кыргызстабызга оз салымымды кошууга даярмын. Башка мамлекеттин элчилери да Малазиянын элчилигине окшоп ушундай сынактарды жарыяласа биздин билим дээнгелибиз кучоп, кызыгуубуз артмак. Мен Малазиянын элчилигине раазычылыгым менен дил баянымды жыйынтыктаймын. Мен оз олкомду суйомун!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кайсарбаев Байэл


Темасы:Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм

Кыргызстан- эгемендуу мамлекет.Мамлекетибиздин эгемендиги учун ата-бабаларыбыздын каны тогулгон. Келечектин ээси болгон биз учун чон эмгектерди жасашкан.Демек, биз дагы ата-бабаларыбыздын ак эмгектерин актаган инсан болушубуз керек.Уламышка караганда Манас бабабыз ушул кереметтуу Ала-Тоого кыргыз элин кочуруп келген дешет.Кыргыз болуп жаралганыма абдан сыймыктанам. Менин кыргыз жергемдин бийик-бийик тоолору, кооз жаратылышы коргонадамды суктандырып турат. Биздин кереметтуу жергебизде ыйык жерлер, колдор, эс алуучу жайлар коп. Атап кетсем:Ыссык- Кол,Сары-Челек, Чычкан,Арсланбап, Сулайман-Тоо дагы -дагы коптогон жерлер бар.Башка олкодон биздин олкого туристтер коп келип турушат. Алар биздин жерге абдан кызыгышатдешет. Себеби биздин мекенибиз абдан кооз эмеспи.

Келечекте мен дагы жакшы окуп билималып жакшы бир элдин керегине жараган кесипке ээ болсом деп тилейм.Жергебиздиндагы- дагы гулдоп- осушуно салымымды кошом.

Бийик-бийик тоолорубузга коптогон эс алуучу жайларды курсак сонун болмок. Кыргызстанга келген туристтердин саны дагыкобоймок. Элибиз бай жашаса,жерибиз мындан дагы кооздугу артып турса кандайжакшы. Бизден кийинки муундардагы кыргыз жерибиз учун сыймыктанып турушмак.Бизмындай нерсеге созсуз жетебиз деп ойлойм.

Жергебиздин дагы гулдоп-осушу учун

Бирди билген-тирик,

Минди билген-билик -деп эл макалындаайтылгандай коп окуп,копту билсен элин учун аябагандай чон эмгек жаратса болот.

Менмекенимдин гулдоп- осушун каалайм.

Кыргыз Республикасынын билим беруу жана илим министрлиги
Токтогул районуна караштуу Озгорушайылындагы
К.Чодошев атындагы орто мектеби

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кайсарбаев Даниэль
Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм
Жазда башка...жел тийбесин абайла,
Копко турбас, мобул турган сур булут.
Бут дартынды оз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт.

Залкар акыныбыз А.Осмоновдун бул ыр саптары ар бир кыргыз баласынын сезимин ойготот эмеспи.
Ата-Журтум Озгоруш айылы, Мекеним-Кыргызстан. Мен ушул олкодо жаралганыма абдан сыймыктанам. Кыргыз элибизден недеген укмуш баатырлар, улуу жазуучулар, суротчулор, илимпоздор, чыгаан инсандар чыккан.Акылман, чыгаан аталарыбыздын эмгеги менен биз эгемендуу мамлекет болдук.Мамлекеттик тилибиз,улуттук символикаларыбыз (гимн,туу,герб) бар.Келечек ээлери болгон биз учун бул чон сыймык эмеспи.
Гулдуу,кучтуу тендеши жок мекеним!..
Канатына калкаладын неченин,
О, мекеним-энем багым кубатым!
Керек десен,мен садага кетемин!
А.Токомбаевдин мындай ырларын окуп отуруп мекенди суйбой коюуга мумкун да эмес!
Ар бир кыргыз баласы мекенчил, патриот болууга тийиш.Ааламды багандырган Ч.Айтматовдун: "Акылман,чыгаан, акылы тунук,баатыр инсандар тоо тубундо жашаган, айыл жергесиндеги адамдардан чыгат,"- деген созу мага абдан абдан таасир берди.Демек, биз тоолукпуз, билимдуулор шаардыктардан гана чыгат дебестен окуп билим алып, агай-эжейлердин таалим тарбиясын угуп келечекте чыгаан инсандардан болууга умтулуу керек дедим.
Илим кушу озу конбойт колуна,
Тушуп бербейт, жатып алсан торуна.
Эмгек керек, окуш керек талыкпай,
Мына ошондо гул тошолот жолуна.

Оз элинин патриоту болуп, эли -жерин суйуп, элине ак кызмат кылууга эмне жетсин." Атанын уулу болуу-урмат, элдин уулу болуу-бардыгынан кымбат",-дешет эмеспи улуулар.Эзелтеден бери эле ата-бабаларыбыз оз эли-жери учун жан албай, баштарын канжыгага сайып коюшкан.Ата- Журттун ар-намысын баарынан бийик тутушкан "Жоого намыс бергиче, ата ажалым жетсе олойун, калкым кыргыз сен учун курман болуп кетейин,"- деп "Манас" эпосунда айтылгандай, ар бир адам оз мекенинин патриоту болсо гана, мамлекет гулдойт, осот,онугот, куч-кубаттуу олко болот.
Жаны гана бутуна туруп келечекке умуттуу карап турган жаш мамлекетибизди коздун карегиндей сактап,эрезеге жеткируу ар бирибиздин ыйык парзыбыз.Манас атабыздан калган жети осуятты журогубуздо алдейлеп,бийик кармансак, келеченибиз кен болот деп ойлойм. Айколунон айрылган Каныкей энебиз: "Оксугон оксуп тим болор, отуп кеттин дуйнодон,сенин орногундун ээси ким болор,"- деп ыйлаган экен.Биз, азыркынын урпактары, айкол атабыз Манастын артында калган орногун улантуучуларбыз, анын ээсибиз.Манас атабыздын ыйык арбагы колдоп, элибизден ынтымак, жерибизден тынчтык кетпесе деп тилейм. Талыбаган эмгегибиз менен жергебиздин гулдоп- осушу учун аракеттенели демекчимин.
Дайралар толкуп ташпайт сел болбосо,
Аргымак ат арыбайт бел болбосо.
Дыйканга тушум кайда, жер болбосо
Ала-Тоо коркко келбейт эл болбосо,-деп ак тандай акыныбыз айткандай бар бол элим, аман бол, Ата-Журтум!
Мен кыргыз жеримдин гулдоп-олсушун каалайм, ал учун оз салымымды кошом деп тилек кылам.Кыргыз Республикасынын билим беруу жана илим министрлиги
Токтогул районуна караштуу Озгоруш айылындагы №36
А.Ибраимов атындагы орто мектеби


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Караева Баяна
‘’Кыргызтандын гулдоп осушун каалайм’’

Ак кептер койнун ээлеген,
Апамдай суйкум кен Мекен,
Ар дайым атап атынд,
Ар дайым толкуйм сен десем,
Атагын уккан дегдешет,
Алыстан коруп эл келет,
Ааламда сонун жайлар коп,
Кайсысы сага тендешет,

Кыргызтан - менин Мекеним, Ата-Журтум, туулган жерим, менин алтын уям, менин келечегим.Мен мекенимдин эн кооз, жаштардын шаары болгон Жалал-Абад шаарында жарык дуйного келгем.Мен- Кыргызстанда, кыргыз болуп торолгонумо аябай ырааздымын жана сыймыктанам. Анткени,мен дуйнодогу баа жеткис жаратылышы бай кооз олколордун биринде жашап келем.
Биздин табиятыбыз- бай.Жуз жылдап койнуна камтыган монгулору,бийик- бийик асман тирегин аска-зоолору, коз жетпеген талаалары,булактай тунук кол озон-суулары, арча-карагайлуу жана жангак токойлору, туркун-тустуу атыр жыттуу гулдору, сайрап жаткан куштары, жан-жаныбарлар жана тугонгус кен-байлыктары бар.Ак булуттардын арасынан нурун токкон кун, согуп турган жел,асман-булардын бары суктандырбай койбойт..Олконун суудай таза абасы бизди алдыга умтулууга дем,куч берип турат.
Кыргызстандын бермети болгон - Ысык-Кол менен сыймыктанам жана данктанам.Ысык- Колдун толкуп турган толкундары, алтын-саргыч кумдары коздун жоосун алат. Ысык-Колумдун туздуу суусу да, абасы да,жадакалса кумдары да ден соолукка эн пайдайлуу.Бул кереметтуу жерге тогороктун торт бурчунун элдери келип,эс алып,дарыланып, сулуулугуна суктанып кетишет.Коптогон туристтердин кызыгуусун артырган Сон-Кол,Чатыр- Кол,Сары-Челек деген колдорубуз, тынбай агып турган шаркыратмалар жана бир кече дарыяларыбыз да бар.
Токой-тугонбогон кенч.Ал биздин жашоо-тиричилигибиз менен ото тыгыз байланыштуу. Токой-биринчиден элибиздин эс алуучу, суйуктуу жайы.Экинчиден, токой-байыркыдан сакталып калган жаратылыш музейи.Аны коруу учун миндеген туристтер келишет.Учунчудон, токойдо адамдын ден соолугуна пайдалуу,ар турдуу момо-жемиштер ото коп осот.Токойлордо турдуу куштар,айбанаттар кездешет.Алар Кызыл китепке кирген жан-жаныбарлар жана осумдуктор. Ак илбирс-биздин эн ыйык байлыгыбыз деп эсептейм.Дагы да кийиктер,эликтер, маралдар,аюулар, асман тиреп учкан буркуттор ж.б. Жуз жылдап жашаган арча-карагайдын турлору бар.Дуйно жузундо бир да жерде оспогон,чон тарыхты камтыган ‘’Айгул гулу’’ биздин тоолуу Баткен жерибизде осот.
‘’Жер байлыгы-эл байлыгы’’ дегендей мин жылдап уктап жаткан кен байлыктарыбыз толтура.Алар- Нарындагы Кумтор алтын кени; Сулукту, Кок-Жангак,Кара- Кече жерлерде казылган комур кендери,Кочкор- Атадагы нефть жана газ ж.б
Ушундай кооз жаратылыш менен туристтик базаларыбызды онуктурсок канчалаган чет олкорого таанымал болобуз.Азыркы дуйнолук талапка жооп бере турган заманбап мейманканаларды, кафе-ресторандарды, эс алуучу жайлары,интернет- клубдарды куруу керек.Аларды мыкты тейлоого жаштарды окутуп,уйротуу керек.Ак карлуу тоолорубузда лыжа тебуу базасын кобойтуу керек.Ысык-Колдон тышкары,башка кооз аймактарга жакшы шарттарды тузуу абзел.Биз туризм менен да Кыргызстанды онуктуро алабыз.
‘’Айгул гулу’’ оскон Баткен жергебизди да туристтик аймактардын бири кылууга болот.3000 жыл жашаган ордолуу Оштун Сулайман-Тоосун; шаркырап аккан Абшыр-Ата шаркыратмасын осуп-онуктуруу керек.Туристтерди чакырып,ошол жерлердин тарыхын айтуу менен даназалаш керек деп ойлойм.
Оз жергебиздин кен-байлыктарын сатпай,Кыргызстандын келечеги учун иштетуу шарт.
Тээ атам-замандан баштап байыркы кыргыз эли ото акылман,билимдуу калк болушкан.Алар оз жашоо-тиричилигин таштарда жазуу иретинде тартышкан.Канча кылым отсо дагы да,ал суроттор дагы да сакталып келуудо.Ошолордун бири кыргызымдын нечен кылымдарды камтыган чыгармачылыгынын туу чокусу,байыркы искусствонун уникалдуу илим-эстелиги- Саймалуу Таш.
Кыргыздардын агартуу жаатына салыш кошкон инсандар:Касым Тыныстанов, Исхак Раззаков,Жусуп Баласагын,Ишеналы Арабаев ж.б. Алар калктын билим алуусуна курошушкон. К.Тыныстанов- кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таануучу баштоочулардын бири болгон.И.Раззаков- кыргыз элинин келечегине, онугушуно эн чон салым кошкон улуу инсан.И.Арабаев болсо,кыргыз тилинин алфавитин,башталгыч класстардын окуучуларына ‘’Алиппе’’ китебин тузгон.Ошол максаттарга жетууго тил туртку болгон.
‘’Эне-бул Мекендин башталышы,эне- бул эне тил,эне-бул эне суту менен кошо синген абийир,’’- деп биздин залкар жазуучубуз Ч.Айтматов бекеринен айтпаса керек.
Улуттун улуттугун сактаган эне тили.Улуу акын Р.Гамзатов:’’Эгер эртен авар тилим жок болсо,анда жакшы бугун олуп калганым’’, -деп жазган экен.Анын сынарындай, кыргыз эли да,оз эне тилин суйуп жана аны кылымдардан кылымдарга кастарлап сактап келуудо.Анткени, анда улуттун баардык асыл нарктары сакталган:рухий байлыгы,каада- салты,урп-адаты айкол пейили ж.б.
Чынын айтканда кыргыз тили кыргыз элинин-коонорбос рухий байлыгы.Ошон учун эне суту менен берилген мындай улуу нерсенин сыйкырдуу кучун жан-дуйнобузго терен синирип,эне тилибизди урматтоо,аны уйронуу ар бир атуулдун адамдык парзы болууга тийиш.
Мен ойлойм,Кыргызстанда койгойлуу маселе-бул элдин оз эне тилинде суйлобогону. Анткени,кыргыз болуп туруп башка тилде суйлого абдан уят деп эсептейм Бирок бир жагынан да жакшы.Себеби, канча тил билсен-ошончо дил билесин.Бирок, бул нерсенин мага окунткону кыргыз эли оз тилинде так суйлобой,башка тилди оз эне тилиндей эсептеп,ошого басым кылып жатканы.
Орус тилиндеги создор эне тилибизге которулуп жатканы абдан кубандырат. Мисалы,светофор- жол чырак,бульваргулбак, реклама-жарнак, отпуск-оргуу.
Мына бара-бара кыргыз тилимдин соз казынасы байып жатат.Дагы да бир мисалга алсак,кыргыз ажобуз баш болгон бийлик окулдору да ар кандай иш-кагаздарын, кайрылууларын, жоболорун эне тилибизде жазылышы талап кылынууда.
Кыргызстандын онугуусуно тил да чон ролду ойнойт.Илгертен биздин ата-бабаларыбыз ушул тилде,ушул заманга чейин соз онорун жогору баалап келишкен.Биздин максат-кийинки урпактарыбызга тилибизди сактап,аларга мурас катары калтыруу.Менин чон максатым-кыргыз тилин дуйнолук аренага чыгарып,Эл Аралык тилдердин катарына кошуу.Тил менен кошо билим тарабына коз чаптырсам.Олкону билим жагынан жогорулатууда эн керектуу ой.Билим системасы кучтуу болсо,бизге чет олконун жаштары келип,дуйнодогу эн мыкты билим беруучулордун катарын толуктайт ден ишенээр элем.
Биздин жаш-муунубуз да чет олколордо билимин терендетип, тажрыйба топтоп,ал олкого эмес,биздин чакан мамлекетибизге салым кошоор эле.
Барктай алсак оз тилибиз улуу тил,
Башка тилден коркому артык сулуу тил.
Манасындай зор сепилди тургузган,
Мандайына нурун чачкан жылуу тил.


Байыркы кыргыз эли миндеген жылдар бою оз маданиятын, тилин,урп-адатын, каадасалтын, ырым-жырымдарын, адеп-ыйманын, сый-урматын ж.б. толтура эн мыкты касиеттерин сактап келуудо.

Манас-Мурас кандай уйкаш,угулат,
Манас-Кыргыз ичкен тунук мол булак.
Муундарга,кылымдарга калтырып,
Айтып келген созмор элим ырга ынак.

Оз кезегинде кыргыз эли дагы колому жана мазмунунун байлыгы жагынан ааламда эн тендеши жок керемет чыгарма- ‘’Манас’’ эпосун жаратып,ошол дуйнолук маданий казынаны байыткан, ‘’Манас’’ эпосу-кыргыз элинин ата-бабаларыбыздан калган ата мурасы,улуттук сыймыгы,руханий маданиятынын туу чокусу.Ал кылымдар бою муундан-муунга, оозеки турундо отуп сакталып келген ыр турундогу улуу чыгарма,Адатта аны океан-эпос деп аташат.Ал Азербайджандагы Баку шаарында 2013 жылдын 4-декабрында ЮНЕСКОнун тизмегине кирген.1995-жылы ‘’Манас’’ эпосубуздун 1000 жылдыгын дуйного дунгурото белгиледик. Ошондон тартып, ‘’Манас’’ дегенде ‘’Кыргыз улутун’’ , ‘’Кыргыз’’ дегенде ‘’Манас’’ эпосун таанып биле башташкан.
Кыргыз элимдин башка улуттардан айырмачылыгыбыз- бир да элде жок айтыш онору бир гана бизде жана боордош бир тууган казак элинде бар.Анын бир озгочолугу ошол убакта болуп жаткан окуяны даярдыксыз эле комуз менен тогуп чачып айтып беруу (импровизация) болуп саналат.
Чынгызхан-кылычы менен дуйнону багындырса, Чынгыз-калеми менен дуйнону багындырган. Ч.Айтматов-дуйнонун атактуу,белгилуу, улуу залкар жазуучусу Быйыл мына,12-декабрда 87 жашка толмок.
Ата журтун озунун омурунон да артык коргон улуу акын-Алыкул Осмоновду айтып кетпесем болбостур.Анын жазган ырлары,поэмалары конулго жагымдуу сезим калтырат.

Жазда башка,жел тийбесин абайла,
Копко турбас мобул турган сур булут.
Бут дартынды оз мойнума алайын,
Сен ооруба,мен ооруюн, Ата Журт!

Биздин улуттук кийимдерибиз уникалдуу формага айланды.Азыркы учурда кыргыз дизайнлери мода тарабына ылайыктуу кийизден жасалган улуттук кийимдерди жаны улгудо ойлоп табып жана пропогандалап жатышат.Бул мени абдан кубандырат. Канчалаган туристтер мындай кооз улуттук кийимдерибизди жогору баалап,сатып алып жатышат.Кол онорчулук онорунун дагы да онуктурсок, мамлекетке зор салым кошот элек.
Кыргыз эли озунун меймандостугу менен белгилуу.Келген конокторду кучагын жая тосуп алып,мейманды торуно отургузуп,мал союп,дастарконун кенен жайып сыйлашат.

Кыргызстандын гулдошуно спорт да салым кошо алат.Спортчулардан да уучубуз кур эмес.Анткени, алар Кыргызстандын желегин коп жерлерге желбиретип ,алдынкы орундарга ээ болуп келе жатышат.Менин оюмча, биздин мурас катары калган улуттук оюндарыбыз Олимпиадалык оюндарынын тизмегине кирсе жакшы болмок.


Мекендин айыккыз дарты-Коррупция. Буга чейинки президенттерибиз ‘’Коррупция менен курошобуз!’’ деп айтып келишкен.Бирок, эч кандай натыйжа болгон эмес.
Азыркы ажобуздун жургузгон саясаты коррупция менен курошуу ишке ашырылууда. ’’Колун менен кылганды, оз мойнун менен менен тартасын’’, - демекчи, коптогон бийлик башчылар оз жазасын алууда.Эгерде элим бул дарттан айрылса,Кыргызстанда адилеттуулук орноп,тынч омур суруу жана осуп-онугуу да болор эле.
24 жылдан бери Кыргызстан эгемендуулукко ээ болгон.Ушул жылдар арасында Кыргызстандын экономикасы онугуп келе жатат Эгемендуулуктун баркына дагы эле жете албай,улуттук коз каранды экономика кура албай жатабыз.”Эмне себептен?” бул суроо ар бир кыргызда жаралса керек.Баардык саясатчылар мамлекеттин экономикасын онуктуруу керектигин айтышат.Экономиканы онуктуруу деген эмне? Эгерде жонокой тил менен айтсак,элдин жашоо денгээлинин жогорулашы- бул экономикасы осушу болуп эсептелет.Эл бай болсо,мамлекет дагы бай болот.Демек, элди байытууга аракет жасап жана аларга акча табуусуна шарт тузуп бериши абзел.Кыргызстандык саясатчылар эски методдорду колдонуп,коншулаш мамлекеттерден программаларды кочуруп алып иштеп жатышат.Бул туура эмес.Кыргызстандын келечеги учун бизге жаны идеяларга бай, олконун онугуусуно чон салымын кошо алган инсандар иштеши шарт.Ошондо гана мекенибиздин экономикасы онугуп,бай болуп,алдынкы олколордун бири боло алат,элиндин пейили салымын кошо алган инсандар иштеши шарт элимдин пейли озгорсо-Кыргызстан да онугуу жолуна тушот.
Улуттар аралык ынтымак,достук, жана кызматташтык. Кыргызстан канчалаган олколор менен кызматташып келе жатат.Кыргыз эли достукту суйгон,ынтымак- туу калк.
Мен озумду келечекте Кыргызстан менен чет олколордун ортосундагы элчи катары кором.Менин жаш кезимен энсеп келе жаткан тилегим-Ата Мекенимди коп мамлекеттер менен кызматташтыруу, танытуу.Коптогон инвесторлорду чакырып,аларга шарт тузуп,бизнестерин онуктуруу керек деп ойлойм.Алар- экономикабыздын онугушуно жана жумушчу орундарды тузууго шарт тузуп бермек.
Мен кыргыздын нукура кызымын Кыргызстанды коп олколорго таанытып,данктап, желегин асманга желбиретким келет.Кыргызстандын жаркын келечеги учун талыкпай эмгектенип, курошууго даярмын.Олкомо оз салымымды кошууга милдеттуумун. Элим сыймыктана турган инсан болорума ишенээр элем.
Эртенки келечек мына-биздин колубузда.Андыктан жалкоолонбой, талыкпай эмгектенели! Кыргызстанды коздун карегиндей сактоо жана чындоо ар бир атуулдун парзы.Олкобуздун гулдоп оркундошуно кайдыгер карабайлы! Кийинки муунга татыктуу жашоо тартуулайлы!
Жалал-Абад областы.
Жалал-Абад шаарындагы
№13 орто мектебини
8-в классынын окуучусу Караева Баяна

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Карашова Гульнара
“Мен Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүн каалайм”
Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүн кимдер гана каалабасын? ! Ар бир өзүн кыргыз деп эсептегендер каалайт. Мен да өзүмдү ошолордун катарына кошом, анткени, мен да кыргызмын. Эгерде мага сыйкырчы келип, “сенин үч каалооң бар, айтсаң үчөөнү тең аткарам” десе, мен, биринчиден, кыргыз элине ден соолук, экинчиден, жерибизде тынчтык, үчүнчүдөн, Кыргызстанды дүйнөдөгү эң бай, өнүккөн өлкө кылчы демекмин. Бирок, сыйкырчы жок да, биз өзүбүз сыйкырчыбыз. Мунун баарын сыйкырдын күчү менен эмес, өзүбүздүн мээнетибиз менен кылсак болот. Мен ишенем, кайсы бир күнү менин Кыргызстаным гүлдөп өсөт.
Мен өз өлкөмдү, Кыргызстанымды өзүмдүн кичинекей мамлекетиме – өз үй бүлөмдүн жашоосуна окшоштурам. Биз көп жылдан бери квартираларда көчүп жашап келебиз. Бирок мен, апам жана үкөмдөн турган кичинекей мамлекетибиздин алдында көптөгөн чоң максаттар бар. Мен дүйнөгө белгилүү модель, а үкөм болсо банкир болгубуз келет. Биз жаңыдан өзүнчө бөлүнүп жашай баштаганыбызда таенем бизге алты кашык, алты вилка, кичинекей казан, айтор бизге зарыл болгон нерселерди алып берип, дасторкон алганды унутуп калыптырбыз. Ошондо биз кичинекей, суук бөлмөдө алдыбызга кичинекей майлык салып алып чай ичтик. Бирок, биз бактылуубуз, анткени дүйнөдөгү менин эң жакшы көргөн апам жаныбызда. Анан тилектерибиз болсо чоң: мен чоңоюп, модель болуп апам экөөбүз Парижге барабыз, үкөм болсо кыйын банкир анан дагы эң көп балалуу болот деп тилек кылганбыз. Азыр биздин үйүбүз жок, бирок биз кийин Ысык-Көлдүн жээгине, Сары-Челекке там салабыз. Апам жайында ал үйлөргө жашап эс алат.
Мына ушундай, менин өлкөмдүн жашоосу да ушундай болуп өзгөрөт. Дүйнөгө белгилүү уул-кыздары чыгат, чоң-чоң банктар салынып экономикасы өнүгөт, кыргыз элинин саны көп болот жана ата-энелерибиз карыганда тынч эс алышат. Азыр биз кээ бир заңгыраган тамы бар тааныштарыбыздын үйүнө барсак, үйүнүн ичи чачылган, анан мен ойлой берем, ушундай заңгыраган тамдын ичин неге жыйнап коюшпайт деп. Биз үкөм экөөбүз чоң там салабыз, биздин үй ар дайым таза жана жыйынтыктуу болот. Менин өлкөм да өнүккөндө чоң-чоң шаарларында эч качан майда-майда базар-камоктор болбойт, шаарларынын ичи таза, көчөлөрү кенен болот. Бул менин каалоом, менин тилегим. Элибизде бир сөз бар эмеспи, “Жаштын тилегин берет” деген. Биз ушинтип чоң тилектерди тилек кылып, анан көп максаттарга жетүү үчүн көп аракеттерди жасасак, келечекте Кыргызстан мен элестеткендей гүлдөгөн өлкөгө айланат деп терең ишенем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Каримбай кызы Бермет
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм
Биздин Кыргызстаныбыздын азыркы убактагы социалдык абалы жаман деп айта албайм. Анткени өлкөбүз жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн бири. Азыркы убакта өлкөбүздүн көптөгөн жерлери оңолуп, жаңыланып жатат. Мисалга келтирсем; жолдор, мектептер, бала бакчалар, оору каналар, чоң окуу жайлар. Кыргызстаныбыз эң кооз өлкөлөрдүн бири. Тоолорубуз, көлдөрүбүз, токойлорубуз, шаркыратмаларыбыз да бар. Анандагы эң эле биз сыймыктанган белгилүү атак-даңктуу акындарыбыз. Жазуучуларыбыз, манасчыларыбыз, комузчуларыбызды жана ырчыларыбызды сөздөп бергенде жайлоодо сайраган булбулдардын үнүндөй болуп, кулагына жагымдуу угулат. Башка өлкөлөрдөн келгендер биздин улуттук тамактарыбызды, жегенде аябай суктанып жешет. Биздин өлкөгө келген туристтер биринчиден биздин жаратылышыбыздын кооздугуна, бийик- бийик тоолоруна жана дагы улуттук тамагыбызга суктанышат. Ушундай ийгиликтерге жетишибизге өлкөбүздүн жакшырышына президентибиз Алмазбек Атамбаев да өз салымын кошуп келе жатат. Көптөгөн жерлердин оңдолушу, жаңыдан курулушу да президентибиздин салымы деп ойлойм. Бизге азыркы убакта билим алууга эң жакшы шарттар түзүлгөн. Эми биз Кыргызстаныбыздын гүлдөп өсүшүнө өз салымыбызды кошубуз керек. Сабакты эң жакшы жана китептерди көп-көп окушубуз керек. Ошондо гана өлкөбүздүн билими терең ойлонуусу жогорулайт. Биз билимге умтулсак, келечекте бизден жакшы адистер чыгышына күмөнүм жок. Андыктан балдар – кыздар Кыргызстаныбыздын гүлдөшү үчүн билимге умтулгула.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кожаинбердиева Гүлнара
Мен кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм
мен оз олкомдун бир болугунун бир болугундо жашайм. Кыргыз жерим дуйно жузу боюнча эн кооз олко. туган жеримдин топурагы алтын демекчи, Кыргызстанга кичине да болсо, салым кошуу ар бирибиздин максатыбыз. Биздин олко кооз, бирок дагын коздоо учун биз келечек ээлери жаштар камданышыбыз керек. Арбир кыргызстандык оз уй тилкесине же болбосо жер тирлкесине жок дегенде жылына бир туп дарак эксе кыргыз жерим ото онугуп, жапжашыл жаш кыргызстан курулмак. Коптогон койгойлордун ичинен мен бутундой кыргызстанга оз жериме кичине болсода салим кошууну чечтим. Мен азыр жалал Абад областындагы сузак районунда жайгашкан Жоомат Боконбаев атындагы балдар уйундо тарбияланып жатам мен бул жакка окуу учун келгем. Ал эми озум болсо, Кара-Колдукмун. Эмне учун ал жакта окуп жатасын деген суроолоду коп угам. Себеби атам Аксылык. Ал айылда ток жарыгы жок. Ошону менен бирге эле мектеп аттуу дегенди укпайсын. Окуу учун мектеп жоктугунан ушул жакка келип окуп калгам. мен ошол айылга жардам берууну жаштайымдан пландаштырып келем. Мен койгон максатыма жетишиме бир- эки этап гана калды анткени буга чейин "Ийгиликтин паспорту" программасын, "SiDOK" доолборунда окуудан оттум. Ошол эле учурда «финансылык»тараптан да маалымат алдым.Эми болгону окууну бутуу жана мугалимдик кесипти аяктоо.Озум 10 бир тууганмын .Мен окууну аяктаганча бир туугандарым бутка туруп калса,мен алардын жардамы астында айылга ток жарыгын алып кируу менен бирге мектеп курдуруп алсам,деген оюм бар.Бул да болсо кыргыз элимдин билимин жогорулатууга ,элди башка олкодогу жана озубуздун жетишкен шаарларыбызды коздой агылтууга,анын жерлерин онуктурууго угут коюуунун бир жолу
Келечектеги муунга билим берип,ата-бабаларыбыздай баатыр,эли-жерин коргоого,улуттук тил,каада-салт жана урп-адаттарды бек сактоого тарбиялоо кыргыз элинин туболуктуу жашоосун улантууга комок тузууго кирет.Жок дегенде бир айыл сабатсыз калса,бутундой кыргыз эли сабатсыздай элестетет.Кооз жерлерибиз кереметтүү көгүлтүр Ыссык-Көл, ажайып кооз Сары –Челек, жыш токой Арсланбаб, бийик тоосу Сулайман –Тоо, кылым карыткан Ош шаарыбыз бар.Бир эле айылдан эмес ар бир айылдан бирден ыктыярчы чыкса Кыргыз жерим гулдөп өнүгүшүнө көзүм жетет Ар бирибиз Ооба менин колумдан келет деген ураанды колдосок Кыргыз эли да Япония элиндей эч кандай тоскоолдуксуз жана көйгөйсүз жашоодо жашамакпыз Ар бирибиздин жүрөгүбүз Кыргызстан Кыргыз деп соксо жерибиз өнүгүп-өсөт Кыргызстандын өнүгүшү жаштардын аракетине байланыштуу Кыргыз жеримди өнүк
Мен Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм
А сенчи? Урматтуу мекендеш эгер кааласаңар биздин катарга кошулгула!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кочкорова Дилдора
“Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм”!
Мен өз мекенимдин өсүп-өнүгүүсүн каалайм. Менин мекеним бар экендигине чексиз сыймыктанам. Мекенимдин тоолору,тоолордун артында асман тиреген мөңгүлүү зоолору бар. Сыйкырдап эле керемет түскө боеп койгондой токойлору жап-жашыл. Адырлардын, зоолордун артынан жылмайып, жаркырап айланага нур жана күлкү тартуулап, күн чыгып жылуулугу менен зоолордогу мөңгүлөрдү эритип, жайлоолорго шаркыратып тунук жана муздак болгон сууларды жиберет. Шаркыраган үнү менен аккан суунун үнүнө,жайлоодо бири-биринен калышпай булбулдар сайрашат. Алардын үнүн укканда көңүлүң зоодой бийик! Суудай таза! Кундөй жаркырап ачылат!
Токойдогу бак-дарактар кышында да,жайында да жап-жашыл болуп турган арчалардын арасында түркүн канаттуулар топ-топ болушуп бийлеген сымал асман менен жердин ортосунда бийлеген сымал учушат. Кыргызстандын бул таң калыштуу табиятын жаза берсең бул ак барак жетпей калат. Бизге кудайым бейиштен орун берген. Жакшы адамдардын баары бейишке кирет. Кыргыз эли ыймандуу, ынсаптуу,ынтымактуу, боорукер болгондуктан Кудайымда бизге бейиштен орун берген жана кыргыз элиме Кудайым кереметтүү табиятты берген.
“Туулган жердин топурагы алтын” дегендей өз туулган жеримден алыстасам, мен чоң бир капаска түшүп калгандай боломун. Дегеле үстүмөн чоң таш түшпөй калгандай болот. Капаланганыман көзүмөн түшкөн көз жашым бир чоң деңизди ээлейт. Мекенимдин таза абасын, тоолорун, зоолорун таштан-ташка урулуп тунук шаркырап аккан суусун чыдамсыздык менен күтөм. Эң эле кубанычтуусу мекениме төрт мезгил тең ирети менен келип,ар бир мезгил айланага көрк берип турат. Кыргызстан мурда суктанарлуу өлкө болсо,азыр таң калыштуу, керемет өлкө.
Чет өлкөдөн мейман болуп келген элдер таң калбай коюшпайт дегеле Кыргызстандан кайрылып кетишпейт. Жайлоого барганыңда жылкылар биринен бири ашып, чуркашып жүргөндөрүн көрөсүң. Эң кызыгы таң атканда зоолордун жана тоолордун артынан күндүн чыгып келе жатканын көрөсүн. Ошол күндү жайлоодогу булбулдар бири-биринен калышпай сайрап тосуп алышат. Таттуу уйкудан туруп боз үйдөн чыгып, шаркырап агып жаткан сууга жүзүңдү жуусаң жаз мезгили келип табият уйкусунан ойгонгондой болот. Эр жүрөктүү, жети кабат асмандын оордугунанда оор күчү бар биздин Манас атабыз мактоолорго ылайык. Мекнимдин жети областы баары кереметтей болуп жана өзүнө жараша мисалга алганда: Ысык-Көл дүйнөгө таанымал, жарым аймагын касиеттүү суу ээлеген. Ысык-Көл өлкөбүздүн бермети!
Ысык-Көлүм сулуулуктун келбетисин,
Бейиштен орун алган жер бетисин.
Кыргызстанды дүйнөгө көркүн көтөргөн,
Ысык-Көоүм мекенимдин берметисин.
Нарын областында болсо канчалаган керемет табияттуу жерлери абдан көп. Кыш мезгилинде болсо көркү ушунчалык сонун болот. Кышында айлана аппак, шамал шамалдан болгон ышкырыктын үнүн угуп жүрөгүң, көңүлүң, ойго баткан санааларың тазаланат.
Ош областы болсо өзүнчө эле ажайып, улуу жерлери абдан көп. Кудайым бизге бейиштен орун тартуулап жатканда, Ош жергебизге биринчи иретте берген деп ойлодум.
Күнөөсү жок ар бир жерде акталат,
Күбө болот өсүп жаткан бак дарак.
Кереметтүү Ош областтын музейинде,
Кылым карыткан жаныбарлар башталат.
Талас областында болсо мунаралар бар. Көптөгөн акындар Талас областынан чыккан ал област мактоого ылыйык. Талас областы жөнүндө биздин ырчыбыз Мирбек Атабеков даңазалап мындай деп ырдап чыккан.
Токойум бойлоп баратсам,
Суктантып мени караткан.
Алыстан келген адамдын,
Кеткиси келбейт Таластан.
Чүй өрөөнүндө да, өзүнө жараша кереметтүүлүгү, кооздугу бар экендигине эч качан шек санабайм.
Баткен областында болсо мөмө-жемиштин түрү бар. Кызыл өрүгү тамшандырат.
Жалал-Абад областы болсо менин төрөлгөн жерим, мен төрөлгөн киндик каным таңган жерим.
Төрөлгөндө ак бешикке бөлөндүм,
Кыйынчылыкта бир гана ага жөлөндүм.
Кудайыма чексиз шүгүр келтирем,
Жалал-Абад жергесинде төрөлдүм.
Кыргызстан болгон өлкөмдүн согу турган жүрөгү бул, Бишкек шаары. Гүлдөй ачылган, тоодой бийик, жаздай керемет жер.
Кыргызстан мактоого ылыйык өлкө экендигин баарыбыз билебиз. Кыргызстандан канчалаган баатырлар, манасчылар, жазуучулар тактап айтканда көптөгөн таланттуулар чыккан. Ошолордун артынан биз ушундай сыйга, урматка жетип жүрөбүз.
Кыргызстан мекеним!
Кыргыз элинин салттары жакшынакай,
Тоодо ачылган гүл сымал кызгалдактай.
Кыргызстан деген жерге эч нерсе жетпейт,
Кыргызстан койнунан береке кетпейт.
Кыргызстан күн чыкканда жаркырайсын,
Кыргызстан теңдешсиз баа алтындайсын.
Ар бир жериң табияттуу керемет,
Кудайдын бейишинин атындайсың.
Комузуң чертилгенде дүңгүрөйсүн,
Бейиштин керемет гүлүндөйсүн.
Эх чиркин комузуң чертилгенде,
Сайраган булбулдун үнүндөйсүң.
Кыргызстан бейиштен орун алгансын,
Алоолонуп сен, оттой жангансын.
Кыргызстандын баатыр эрлери,
Утутпа сен, таза кандансын.
Мен бул ырды кыргызстан өлкөм үчүн чын дилимен, чын көңүлүмөн жана чын журөгүмқн түздүм.!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кочкорова Элнара
Кыргыз жеринин гулдоп осушун каалайм.
Кыргызстан! Абдан кооз жер!кыргызстандын аймагында чокусун кар жана монгу каптаган бийик тоолор,тоодон ылдый аккан молтур суулар,колдор, ар кыл токойлор,талаалар, табигый жайыттар жана ар турдуу кен байлыктар жайгашкан.Аны оз орду менен колдонуп иштетуу адам баласынын иш-аракетине байланыштуу. Ошондуктан дагы адам баласы,осуп келе жаткан жаш муундар мекенди суйуусу,жаратылышын коргоосу жана дагы анын оркундоосуно чон салымын кошуусу зарыл.Ал учун биз эмне кылуубуз керек?Кандай иш жасасак Кыргызстан онугот?Азыркы кезде Кыргызстан онугуп келе жаткан олколордун катарыны киреби же жокпу?мындай суроолор баарыбыздын журогубузду кагып кирип,ойго салса керек.Кыргызстандын жаратылышы, кен-байлыктары, экономикасы, онор-жайы,маданияты, чыгаан инсандары мамлекетти онуктуруучу кучтор.Негизинен алганда эле кыргыз жери туркун-турдуу кен-байлыктарга толгон.Алтын дейсинби,кумушбу, кара алтынбы бизде баары бар.Жон гана буларды туура иштетууну билуу керек.Кен-байлык дегенде эле алтын эмес, алардын арасына дары чоптор,туркун тустуу гулдор да бар.Жаратылышын коруп эле ал элдин кандай экенин билип алууга болот.Биз кыргыз эли меймандос калк келебиз.Эшик каккан адамды торго откоруп сыйлайбыз.Кыргыз жеринде 80 ден ашуун улут жашайт.Башка олколор менен болгон достук мамилелер да жакшы.Бул дагы болсо экономиканын онугушуно чон туртку берет.Экономика жактан алганда бир кыйла артта болсок да, бара-бара ал дагы онугуп жатат.Онуккон олко бут нерсе менен камсыз болот демекчи эле олко башчылары элдерди бут нерселер менен камсыз кылуу максатында болгон куч-аракетин жумшоодо.Иштеп жаткан завод, фабрика,онор- жайлар дагы онолуп,тузолуудо. Бул дагы болсо биздин онугуп жаткандыгыбызга далил боло алат."Сен таза болсон,мен таза болсом,коом да таза болот." -деп И.Разаков айткандай тазалык,кенпейилдик баарыбызды гулдотот.Чыгаан инсандардын баатырлардын коптугу кыргыз элинин кучтуулугун, эрктуулугун, айколдугун далилдейт.Кыргыз элинде айкол деп аталган бир инсан бар.Ал Манас.Ал бизге жакшы осуяттарын калтырып кеткен.Анын кобундо эле "билимдуу болууга умтул"," эмгекчил бол"- деп айткан.Билим тууралуу соз баштасак Кыргызстанда билим сапаты анча онуккон эмес.Бирок салыштырмалуу турдо окуучу,студенттердин коп болугу билимге карай умтулуп,окууну биринчи орунга коюусу бизди суйундурбой койбойт.Бирок окунучтуусу алардын чет олколорго чыгып кетуусу болуп жатат.Озубуздо элди толук жумуш менен камсыз кыла албагандыктан, алар чет олкого мигрант болуп чыгып кетуудо.Кайсыл жаран оз мекенинде жашоону каалабайт.Алар деле ушулар сыяктуу оз мекенинде жашагысы келет.Айла жок,уй-булону, жанды сакташ керек.Бала-чаканы тууган-урукка таштап оздору чет олколорго акча табуу максатында кетишет.Ал эми жаш бала болсо ата-энесинин кучагында чонойбогондуктан моралдык жактан кыйналат.Жаш муундар болсо олкону оркундотуучу инсандар.Аларды чонойтуп,окутуп, эрезеге жеткируу ата-энелердин милдети.Эгер бала жакшы окуп,эмгекти суйгон,элге пайдасы тийген адам болуп чонойсо олкобуз оркундомок. "Аракет кылсан берекет" демекчи эле канчалык аракет кылып,алга умтулсак ошончо оркундойбуз, особуз.Ал учун жогорку даражадагы билим,талыкпас эмгек жана дагы бири-бирибизге болгон урмат-сый керек.Бири-бирибизди сыйлабасак кантип онугобуз.Ар бир адам озун-озу туура жолго салып,жан-дуйносун жаман ойлордон тазаласа бири-бирибизге болгон урмат-сый,кадыр- барк жогорулап,биз гулдомокпуз. Кыргыз жерине суктанган олколор канча,канча боордошторубуз Кытайда жашап жатышат.Алар омур бою мекенине болгон кусалык менен омур сурушот. «Мекенимди бир коруп,абасынан терен-терен дем алып алсам»-деп самашат.Ал эми биз болсо оз мекенибизде туруп булардын кадырын билбейбиз.Качан гана бул нерсе башыбыздан откондо гана сезебиз.Ошондуктан баарыбыз кучубуз барында мекен учун жаныбызды аябай кызмат кылалы.Эл арасында Айкол Манастай кучтуу,эрктуу. эч нерседен тайманбас баатырлар,И. Разаковдой чын дили менен элге ак кызмат кылган,Ч.Айтматовдой таланттуу инсандар коп болуп,мекенибиз гулдоп оссун.
Кочкорова Элнара
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 15:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Курманбеков Ырыскелди
Я хочу, чтобы мой Кыргызстан процветал.
В жизни каждого человека , неважно кто он по нации или к какой расе он принадлежит , существует такое место, куда он привязан невидимой нитью, которую никто не сможет оборвать. Это место – родина. Где бы человек не находился, он всегда будет любить свою родину, потому что никакая другая страна не сможет заменить ее.
Кыргызстан – наша маленькая родина. Как же она прекрасна, сколько же ярких воспоминаний, впечатлений и любви она хранит в себе. Это место, где я родился, где вдохнул жизнь, где вырос и сделал свой первый шаг. Она подарила нам свободу, подарила жизнь. Здесь я впервые увидел смех своей мамы, заботу отца, почувствовал их любовь. Здесь я пошел в школу и получил право на образование. С ней связаны самые яркие моменты моей жизни. Как и каждый кыргызстанец ,я безумно счастлив , что являюсь гражданином Кыргызской Республики .
Меня зовут Ырыскелди. Мне 13 лет. Моё имя означает «приход блага, достатка и мира». Мой отец говорит, что дал мне такое имя, потому что с самого моего рождения знает и верит в то, что в будущем я стану великим человеком и принесу благо и мир нашей стране. В будущем я хочу оставить след в истории и стать полезным для общества и страны человеком. Я знаю, это очень сложно, не всем это удается и не всех можно назвать настоящими людьми, потому что многие стараются ради личного благосостояния. В такие моменты я вспоминаю высказывание нашего легендарного писателя Чингиза Айтматова: «Самое трудное в жизни – это каждодневно оставаться человеком». В ней кроется глубокий смысл.
Я хочу, чтобы мой Кыргызстан процветал, но этого недостаточно. Одного желания мало. Каждый кыргызстанец хочет, чтобы наша маленькая родина процвела, но не каждый вкладывает в это усилие. Желание так и останется желанием или превратится в недосягаемую мечту, если мы не предпримем какие-либо меры для ее осуществления. Только тогда, она превратится в цель.
В жизни у меня есть одна цель: я хочу вывести Кыргызстан на мировую арену в качестве одной из развитых во всех отраслях страны. Возможно , это звучит банально , но я хочу внести вклад в развитие нашей страны . Наверное , вам интересно почему у меня только одна цель, или почему я не упомянул про своих родителей, а все потому, что для них самое главное жить в свободном , светлом Кыргызстане и видеть как я служу своей родине. Вот только тогда они смогут гордиться мною. Сейчас я шаг за шагом иду к своей цели, получаю достойное образование, а это очень важно.
Многие мои сверстники мечтают о дорогих машинах, об элитных особняках и т.д. Меня это мало интересует, потому что это лишь временная забава и со временем все будет. Меня удивляет то, что никто из них не упоминает в своих мечтах о Кыргызстане, о своем долге перед родиной, а наоборот говорят о том, что в будущем хотят покинуть ее и жить за границей. Какой толк жизни за границей, если ты даже не сможешь, когда захочешь вдохнуть чистый , горный воздух, услышать знакомый кыргызский язык. Как можно довольствоваться жизнью, когда твоя страна идёт на дно. Дорогие мои братья и сестры, давайте развивать нашу родину. Наши возможности безграничны , нет ничего невозможного. Вы можете подумать, что это всего лишь детские мечты, но это не так. Это не мечта, потому что мечты могут и не сбыться. Это цель, которой я обязательно добьюсь. Я принципиальный и упорный человек, поэтому всегда добиваюсь всего, чего хочу.
Кыргызстан – еще молодая страна. Нельзя допустить ее исчезновения с карты мира. Мы – потомки великого Манаса. Наши предки отдали свою жизнь ради свободы, ради независимости нашего государства. Давайте ценить это.
Наша страна очень богата. В ней много различных полезных ископаемых , ее природа- прекрасна, она расположена на благоприятных климатических поясах, и так можно продолжать до бесконечности. Бог нас одарил всеми ресурсами, которыми мы превосходим другие страны. Чем они лучше нас? Ничем. Самое важное то, что мы должны сплотиться в трудные минуты. А когда мы дружны и сплочены, у нас появятся крылья, которыми мы сможем взлететь на недосягаемые высоты. Я знаю, каждый кыргызстанец ,как и я , безумно желает, чтобы наш Кыргызстан процветал. Так давайте осуществим нашу общую мечту. Будущее и настоящее Кыргызстана в наших руках. А для того, чтобы изменить будущее, нужно начать с настоящего.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Курманжан

Менин атым Курманжан Мен 15 жаштамын жана мен мектеп окуучусумун .
Азыркы учурда мен Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөконбаев атындагы
гимназия- жатак мектебинин окуучусумун . Мага Малазияга кышкы лагаерге баруу мүмкүнчүлүгу бар экенин кабарлашты . Аны үчүн “Кыргызстандын гүлдөп – өсүшүн калайм ” деген темада дилбаян жазуу керектелет экен. Мен мына ушул лагерге баруу максатында дилбаян жазып жатам. Менин Малазияга барууну калаганымдын себеби , мен ал жерде көптөгөн нерселерди билип, үйрөнгүм келет жана адамдар менен танышып алар менен достошууну калайм. Малазиянын тарыхы, маданияты, кооздуктары жана башка нерселер менен аз болсо да билүүнү калайм.
“Кыргызстандын гүлдөп – өнүгүшүн калайм ” Ар бир адамдын өз мекени бар, менин мекеним Кыргызстан. Кыргызстан менин туулуп - өскөн жерим. Мен ушул туулуп өскөн жеримдин гүлдөп - өсүшүн каалайм. Бир гана мен эмес кыргызмын деген ар бир атуул , Кыргызстандын гүлдөп - өсүшүн калайт эмеспи. Кыргызстанды бир гана адам өнүктүрө албайт. Албетте ар бир адам өз салымын кошуп, кайдигер карабаса . Бардык адам биригип биримдикте иштөөнүн натыйжасында кыргызстан өнүгөт.
Келечек жаштарга таандык демекчи , Кыргызстандын келечеги биз жаштардын колунда. Биз азыркы жаштар, келечекти жакшы куруу үчүн азыртап жакшы билим алышыбыз , өз алдынчалыкка үйрөнүшүбүз, тарыхты, ата-бабаларыбыз басып өткөн жолду, укуктарыбызды жана милдеттерибизди, даана так билишибиз керек. Себеби, биздин эле арабыздан мамлекетти, облуст, район, айылдарды башкарган адам чыгат эмеспи. Эгерде, биз азыр буларды үйрөнүп, биле албасак кийин жогорку бийликте албетте билимсиз адамдар орун алат жана ал адамдар мамлекетти кантип башкарат? Жебилимдүү бирөө келип, бизди башкарып бермек беле? Уруриктердин династиясында орустар өздөрүн башкара албай, Скаидинавия аралындагы билимдүү , тажрыйбалуу адамдарды чакырып, башкарып берүүсүн сураган.
Жо-жок, биздин мамлекет андай болушун таптакыр калабайм. Мындай болушуда мүмкүн эмес. Биз эч качан мындай болшуна жол бербейбиз.
Ошондуктан, айлана-чөйрөдө болуп жаткан жакшы-жаман иштерге саресеп салып, азыркы туура эмес , акыйкатсыз , каррупциялуу, жалаа жабуу деген иштерди жок кылып , адилеттүү, акыйкаттуу, таза бийлик жүргүзүү керек. Азырда биздин арабызда адилеттүү, акыйкаттуу, чынчыл жаштар бар. Биз, албетте, жаратылышы кооз Кыргызстанды мындан ары да өнүктүрүп гүлдөтүүнү калайбыз. Ал үчун бүгүндөн баштап аракеттенүү зарыл. Себеби мектепти бүтүрүп , чоң окуу жайын босогосун аттоо үчүн саналуу күндөр калды .
Мамалекетибизди өнүктүрүү бугункү күндөнда жакшы шарттарды түзүү, улуу муундарга тынч жана бактылуу өмүр сүрүүнү тартуулоо , үзүлгөндү улап, чагылганды жыйнап , (Манас эпосунан) жана башка жакшы иштерди кылуу жаштарга таандык жана келечек жаштардын колунда.
Азыркы кезде тоо кендерин иштетүү, соода агенттиктери, тейлоочү кызматкер, мугалимдер, сатуучулар, менеджерлер , электриктер, айдоочулар, ашпозчулар, сантехниктер, үй куруучулар, усталар ж/б кызмат көрсөтүүчү адистер керектелүүдө. Көпчүлүгү экономист, юрист же башкаруу тармагы, докторлук боюнча билим алып жатышат. Мына ошол жетишпеген адистиктер боюнча адамдар окуп иштешсе кыргызыстандын эканомикасы дагыда алдыга жылып өнүкмөк, бюджет да көбөймөк. Жаштарды ушул жетишпеген адистиктер боюнча окууга, иштөөгө кызыктырышыбыз керек.
Кыргыз жериндей кооз, байлыгы мол, абсы менен суусу таза, жайы жайдай ысык, кышы ак кар, көк музу бар, жазы гүлгө күзү жемишке маргыган керемет жер дүйнөдө аз. Кыргызыстан кооз мамлекет аны адам колу менен жараткан эмес, аны табыйгаттын өзү жараткан. Кыргызыстан кооз мамлекет экенин туюндуруучу Ысык-Көл , Сары-Челек көлдөрүбүз, Арстанбаб жемиш токою, бийик Кең-Теңир тоосун, ГЭСтер, Нарын дарясы эмеспи, бул жерлер дүйнө элин суктандырат.
Биз бул керемет байлыктарыбызды ата-бабаларыбыз кандай сүйүп ардактаса, биз ошондой ардактап коргошубуз керек. Биз кыргызыстанды мындан ары да өнүктүрөбүз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 23:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: