Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган сынакка келген дил баяндар (Жалал-Абад облусу) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган сынакка келген дил баяндар (Жалал-Абад облусу) КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган с

#81 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 17:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Туратбек к Нурпери
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.


Кыргыз жери кандай гана керемет,
Кетсе керек ырыскыны себелеп.
Бейиштүү жерде биз өсөлү бешигинде термелип,
Аскасы бийик, жери кооз, абасы таза жеримде.
Мен бейиштин төрүндөй болгон кереметтүү кыргыз жерим менен сыймыктанам. Аскасы асман тиреген Ала-Тоосу, Ысык-Көлдөй бермети, кооз жайлоолору, абасынын тазалыгы менен айрымаланып турат. Элинин жөнөкөйлүгү, меймандостугу, чебер кепке жатык эл экенин да айта кетсем. Аалам чоң болсо кыргыз жери бир бурчунан орун алган, кооз жаратылышы, табигый байлыктары менен таанымал. Жерибиздин абасы таза, суулары тунук, асманы ачык. Ар бир жеринен ак мөңгүлүү тоолорду көрөсүң, шибери бар жайлоолор, биринен-бири кооз өрөөндөрү, шаркырап аккан суулары, карагайлуу токойлор биздин мекенибиз мына ушундай кереметтүү жер. Мен кыргыз жеримдин, элимдин өсүп өнүгүшүн каалайм. Себеби ушундай кооздукка бөлөнгөн бирок экономикалык жактан аксап жаткандайбыз. Себеби элибиздин көпчүлүгү башка өлкөлөрдө иштеп жатышат. Аларга өз жерибизден иштей турган мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришсе эң сонун болмок. Завод, фабрика ар кандай ишканалар ачылса, жаштар жумуш менен камсыз болсо алдыга жылат элек. “Келечек жаштардын колунда” – дешет го. Ошондуктан жаштардан баштап бардык атуулдарыбыз үчүн экономикалык өзгөрүүлөр болсо кыргыз жеримде, кыргыз элимде өнүгүү, өсүүлөр болот деп ойлойм.


Токтогул орто мектеби 6 д класынын окуучусу
Туратбек к Нурпери
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 17:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Уланбек кызы Гүлмира
"Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм"
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн калайм. Анткени, менин өлкөмдүн келечеги кең. Кыргызстандын сулуулугу ажайып кооз, көздү уялткан бир керемет. Аска-зоолорун, көл жана булактарын, талаа жайнаган гүлдөрүн өзунчө сөз кылсак арзыйт. Айта берсен сөз жеткис, үч миң жылдык тарыхы бар, калаанын как ортосун жарып өткөн Ак Буурадай дайрасы, Сулайман тоо менен Керме Тоодой тоолору бар Ош шаары, Кыргызстандын бермети болгон, канчалаган бай турусттерди өзүнө тарткан касиетүү Ысык-Көл, батыр Манас атабыз жердеген, Чыңгыз Айтматовдой жазуучу чыккан Талас өрөнү, Тоо менен талантка, суу менен ГЭСке бай көркөмү сонун Жалал-Абад. Өрук зарлуу Баткен аймагы. Койнуна баарын батырган, көп улутту чакырган керемет, кенен кең Чүй бар. Тоолору асман тиреген Наарынды айтпай койсок болбостур. Мамлекетин борбору болгон берекелүү Бишкек шаарым. Баарынан айланса болот...
Кыргызстан негизинен тарыхый-маданий мурастарга бай өлкө. Атап айтсак дүйнөлүк адабиятта көлөмү жана мааниси тарабынан алдына башка эпосторду салбаган Манас эпосу не деген керемет, не деген билим, акылмандык. Ал эми “Эр Төштүк”, “Эр Табылды”, “Жоодар Бешим” өңдүү эпостор Манас эпосуна салыштырмалуу гана майда эпос делинбеси булардын да өзүнчө орду бар. Бул бир гана мисал. Элибиздин талантуулугу жөнүндө андагы төкмө акындар, манасчылар, акын - жазуучуларыбыз жөнүндө көп сөз кылсак арзыйт жана сөз түгөнбөйт...
Ар-бир адамдын, туулган жери ыйык мекен болуп эсептелет эмеспи. Кыргызда накыл кеп бар "Туулган жердин топурагы алтын"- деген. Өзүңдүн туулуп өскөн айылыңдан же болбосо мекенинден алыс чыксан албетте сагынасың – деп көп айтышат улуулар. Бөтөн эл, бөтөн жер, бөтөн маданият дегендей...
Кыргыздын тарыхы бай жана тээ тереңде жатат. Илгери ата-бабаларыбыз үйүр-үйүр болуп жашап, коркунуч келсе баары тең бирдей каршылык көрсөтүшкөн. Кийинки кыргыздар уруу- уруу болуп, топ- топ бөлүнүп күн кечиришсе. Азыркы мезгилде баарыбыз ынтымакта, бир багытты көздөй умтулуубуз абзел. Ошондо биздин мамлекет гүлдөп өнүгөт деп ойлойм. негизи жашоо ушундай өз нугунда жүрө берет экен. Бирок баарыбыз бир жолду тандап,болгондо да туура жолду. "Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн" -деп коет эмеспи. Муну менен эмнени айткым келди? Албетте биз баарыбыз өлкө башчысын колдосок, ал да бизди колдойт. Кыргыз эли башынан кандай күндөрдү өткөрбөдү. Кандай кыйынчылык болбосун, башына кандай мүшкүл иш түшбөсүн бардыгын жеңди. Акыры келип ушул доорго, жыйырма биринчи кылымга келип жеттик. О, кыргыз жараны, өзүңдүн урп-адаттыңды, маданий мурастарыңды, тилиңди, дилиңди көкүрөгүңө тумар кылып илип жүр. Эч качан аларды эсиңден чыгарба." Убакыт учкан куш"деп коет эмеспи, убакыт өтөт башка нерселерди эсиңден чыгарат. Бирок убакыт менен кошо,көкүрөгүңдөгү тумарды, адамгерчилик менен атуулдукту кошо жулуп салба. Ата-бабабыз калтырган мурастарды, андан ары улантканга аракет кылалы...
Үй-бүлө бул мамлекеттин башатын түзөт. Ар бир үй-бүлө тынчтыкта, бейпилдикте жашаса мамлекетте да тынчтык өкүм сүрөт. Ар бир адам баласы өз жерине - мамлекеттине, салым кошууну максат кылат эмеспи. Максаттарыбызды ишке ашыруу үчүн татыктуу билим, жакшы тарбия- алуу абзел. Мен келечекте өз өлкөмдүн туризм тармагын өнүктүрүүнү каалайм. Биздин мамлекет негизинен тоолуу аймактардын катарын толуктайт. Сырттан келген элдерди өз мекенимдин эң кооз жерлерин көрсөтүп, башка мамлекеттер сыяктуу эле дүйнө жүзүнө тааныткым келет. Тарыхы бай,табияты кооз Кыргыз мамлекетинин келечеги кең. Жогорку кеңеш тарабынан чыгарылган мыйзамдарга баш ийип, аны так аткарууга, каада-салттарыбызды унутбоого аракет кылалы. Кыргызстан негизинен өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кирет эмеспи. Мен кыргыз жеримдин мындан ары да гүлдөп-өсүшүнө терең ишенем жана өз салымымды кошкум келет. Мен кыргыз жеримдин гүлдөп- өсүшүн каалайм.
Аксы району.
Авлетим айыл округу.
Итагар айылы.
№43 орто билим берүүчү Итагар орто мектеби
Уланбек кызы Гүлмира
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 17:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Усон Туратбек уулу
Мен мекенимди абдан жакшы кором. Ар бир адамга туулган жери кымбат жана озгочо эмесби. Кыргызстанымды эч нерсеге тенебей, Кыргызстанда туулгам, суусун ичп, абасын жутуп жатам,билим алып келем.Кыргызстан тоолуу, жаратылышы жашыл, абасы таза, эли кен-пейил, боорукер.Кыргызстанда 7 регион болсо ,алардын биринде, айылында мен Усон Туратбек уулу жашап келем. Жалал-Абадка караштуу Базар-Коргон районунун Чкалов айылында турамын. №28-Асан Шеркулов атындагы орто мектепте, 9-б класста окуйм.Биздин мектепте 310 окуучу окуйт. Мектепте активдуу окуучуларданмын. Ар кандай кароо сынактарга катышып келемин. Манас айтамын, ырдаймын, кара жорго бийин жакшы коруу,сыймыктануу менен бийлеймин. Себеби биздин озубуздун бийибиз. Предметтерден алгебра, русский язык, биология,химия предметтерин жактырамын. Биз уй-булодо 5 адамбыз. Апам Катыча, эжемдер Айбарчын, Айжаркын, эгизим Асан жана мен Усон. Атам 2009-жылы жол кырсыгынан каза болгон. Мен апамды аябай жакшы кором, апам биздин ийгиликтерибизди коруп кубанса, сыймыктанса. Апам коп аябай коп кыйын кундорду коргон, женген. Апам мен учун алмашкыс. Менин жетишкендиктеримди корсо экен деп тилейм. Апам мугалим, Айбарчын эжем окуусун буткон, Жалабадта иштейт, Айжаркын эжем окуусу (заочный) Бишкекте иштейт, Асан экообуз мектепте окуйбуз. Мен Кыргызстандын баардык жерлерин, жайлоосун, жаратылышын, 7 регионун коргум келет, телевизордон коргом, бирок козун менен коргон башка. Мен Жалабадты эле коргом. Буюрса чонойсом баарын коромун. Мен Франция, Германия, Японияга баргым келет. Ал жердин маданиятын коросун, элдери кандай, жаштары??? Дос тапсам, ал менен мамлекеттибиз жонундо, келечек жонундо суйлошсок.
Келечекте Кыргызстаныма жардамым тийсе деп тилейм.Келечекте врач болгум келет.Бул кесипти тандаганымдын себеби мумкунчулугу чектелгендер адамдар жана кээ бири финансы жактан кыйналып, операция жасатканы чет мамлекетке бара албай жатышат. Мен мындай адамдарга жардам бергим келет. Кыргызстанымда эле операция жасасак. Адамдын омурун сактап, ал адамга жылмаю тартууласам, анан рахматын уксам. Элиме жардам бергим келет. Жардам берем буюрса. Мамлекетке пайдабыз тийбесе, анан мамлекет онукпойт. Мамлекет онугушу учун элдери биримдикте, бирин-бири сыйласа, колдосо, чын журогунон иштесе . Анан ар бир адам аракет жасаса. Себеби кийинки жаштарга биз ордубузду бошотуп беребиз. Аларга уят болбошубуз керек. Кыргызстанга билим-беруу системасы начар, кучтуу эмес. Мугалимдер жетишсиз! Жогорку окуу жайдан канча педагог бутуруучу бутот, анан эртеси карасан баштыгын которуп Москвага сапар алып жатканын коросун,угасын .Кыргызстанымда эле иштесек, башка мамлекетке кул болбой, ыйлабай, сагынбай,оорубай! . Кыргызстанда “билим” начар,озгочо айыл жергесинде. Айылда спортзал, тил курстары, бала-бакча, электрондук китепканалар жок. Мамлекет онугушу учун жаштарына толук кандуу шарт тузуп, колдоосу керек.Айтышат эмесби: “Кайсыл мамлекеттин жаштары билимдуу болсо, ал мамлекет кучтуу, онуккон”-деп. Билимдуу- бул акылдуу, компьютерди билген, тил билген, келечеги чон инсан. Албетте элине жардамы тийсе. Анан тундук-туштук деп болунбосок деп айта бербейм, кыймыл менен элдин акылына жеткирсек. Мен оз оюмду жыйынтыктап жатып, жаштарга конул буруп акылдууларын колдоогула, ал адамдардан мамлекетти онуктуро турган инсан чыгат деп айтмакмын. Анан жакшы ой жугуртуу керек, биз максатка кандай ой менен кайрылсак ал ошондой жемишин берет. Кыргызстаным мекенимдин келе жаткан 2016-жыл Жаны жылы менен куттуктайм! Ар бир адамга жакшылыктарды, ийгиликтерди, жылмаю каалайм!
Урматым менен Усон Туратбек уулу.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 10:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Үсөнкул уулу Талант
КЫРГЫЗ ЖЕРИМДИН ГҮЛДӨП-ӨСҮШҮН КААЛАЙМ
...Эң биринчи эле Кыргызстан дегенде аска-зоолуу Ала-Тоо көзгө элестейт. Ар бирибиздин бүткул адамзат билгидей кызыккандай. суктангыдай айлыбыз.татыктуу кооз Ата-Журтубуз бар.Менимче ар кимибиздеги Ата-Журтту таануубуз.сүйүүбүз айылдан башталат.Ар бир адамдын айылы Ата-Журту эч бир элдикинен кем эмес.Айылды, анын адамдарын таанып ,сүйө албаган адамдын ата –журтту,улуу мекенди баалап ,сүйө алаарына шегим бар.Кыргызстаныбыз дүйнөгө эң назик сөз менен даңазалоого татыктуу.Көп эл болобу,аз эл болобу ар кимдин бөлөккө сабак болоор жугумдуу насаат сөзү,салты,сулуулугу, эмгеги,тарыхы болот эмеспи.Элдин казына байлыгын бир эле,кени менен суусу малы менен даны гана түзбөстөн,ошол элдин байыртан бери келаткан ички жан дүйнөсү анын улуу байлыгынын уюткусу эмеспи.АТА-ЖУРТТУН сулуулугу бир гана табиятында болбостон,ошол элдин ак дилинде ыр обонунда,комуз күүсүндө болот.Элдин колунан не деген боектор ,оюу –чийүүлөр жаралбайт.Тамчыдан көл куралгандай эле,ар бир инсандын иш- аракети ,кызматы менен бир бүтүндөй мамлекеттин жүзү ачылат жана тарыхы да жазылат.Ушул жерден эсимде калган бир икаяны мисал кылып кетким келет.Бир мамлекеттин падышасы элин чогултуп,терең бир кудукту көргөзүп,ал кудукту түндө сүт менен толтурууну буйрук кылат.Эрте менен келсе кудукта сүт эмес суу толо болот,көрсө ким көрмөк эле деп элдин баары суу куйган болот.Айтайын дегеним, мамлекеттин өнүгүүсү –башкаруу системасынан көз каранды эмес.Өнүгүү болуш үчүн ар бир адам азыраак сүйлөп көбүрөөк иштеш керек .Сүйлөгөндө- ар нерсени айта бербей,билген илиминен айтып иштегенде- ар ким өз ордунда иштеп,жумушун мыкты жана эң мыкты аткарышы керек.Өтүкчү- өтүктү мыкты оңдосун,шыбакчы –шыбакты мыкты шыбасын,мугалим –сабакты мыкты берсин,окумуштуу –илимди өздөштүрүп, аны турмушта колдонуунун жолун тапсын,депутат –элдин талабын мыкты аткарсын,президент- мамлекетти мыкты башкарсын.Антпесек, баары эле саясатчы,баары эле серепчи, баары эле депутат жана баары эле- президент.Негизи ар бир кесип керектүү жана пайдалуу.Бирок ошону адам баласы жакшы аткарышыбыз зарыл. Бул ойлордон кийин сөзүмдү Дуглас Малактын цитатасы менен баштагым келип турат:
Тоонун –башындагы бир арча болбосоң.талаадагы бир бадал бол.Бирок,ал жердеги эң мыкты бадал сен болушуң керек
Бадал боло албасаң бир чөп бол. Жолго сулуулук бер.Жыпар жыттуу чөп боло албасаң башкасы бол.Бирок эң жандуусу сен болушуң керек Баарыбыз капитан боло албайбыз,катардагы жоокер болууга мажбурбуз.Дүйнөдө баарыбызга жай бар,баарыбыз үчүн бир иш бар,чоң болсун ,кичине болсун.Жасай турган иш-бул бизге эң жакын болгон иш.Чоң болбосоң, кичине бол, күн болбосоң жылдыз бол.Жеңип алуу .же жеңилип калуу өлчөм эмес.Сен эмне болсоң,ошонун эң мыктысы болууң зарыл.Жалпы коомчулукту. досторумду ынтымакка чакыргым келет.Бирибизди –бирибиз колдоп,ак дилден мекенге кызмат кылып,руханий жана маданий байлыктарга өзгөчө көңүл буруу менен аларды көздүн карегиндей сактап.кийинкилерге өткөрүп берүү биздин атуулдук парзыбыз деп ойлойм.Кыргызга эч качан башка улуттун өкүлү келип жан оорута, боор оорута кызмат кылып бере албайт.Мындай болгон эмес,болбойт дагы.Кыргызды кыргыз гана колдоп,көтөрмөлөй алат.Эгер биз өзүбүз өз жерибизге аяр мамиле жасап,аны сүйүп,сактай албасак анан кантип чет элдиктерге, андай кылба, мындай кыл деп айта алабыз? Кантип? Бекеринен кыргыздар эшигин көрүп төрүнө өт дебегендир. Кээде,адамдар арасында аттиң акчам болгондо .андай кылмакмын мындай кылмакмын деген сөздөрүн угуп каламын.Анан мага мындай ой келет.Акчасыз деле ак менен кылынуучу иштер толтура го.туурабы? Мисалы Бирөөгө зыян келтирбе, жакшы сүйлөй албасаң жаман сүйлөгөнчө унчукпа, көчөдө элдер менен жылуу мамиледе бол.Таштандыны ар кайсы жерге таштаба.өсүп –гүлдөп турган гүлдү үзбө.ж.б .санай берсек,аябай эле көп ушуларга да акча керекпи ?
Дагы бир көйгөйлөлөрдүн бири Кыргызстанда туруп эле “киргизге” айланган кыргыздар.Эне тилибиздин жоголуу коркунучу келе жаткан жокпу.Мамлекеттин сакталып,андан ары өнүгүшү үчүн эне тилдин салымы аябай чоң.Изилдөөлөргө таянсак,тилдер көбүнчө эки тилдүү өлкөлөрдө жоголот экен.Үстөмдүк кылган тил мектептерде ,теле берүүлөрдө жана соодада экинчи тилди кысып акырындап сүрө баштайт.Кыргызстан да кош тилдүү мамлекеттердин арасына кирет.Мени менен шаарда өскөн балдардын көп бөлүгү кыргызча билишпейт.Мындай көйгөй абдан эле коркунучтуу. Кээ бир серепчилердин айтымында.эгерде 1млн сүйлөгөн калк болсо,ал тил эч качан жоголбойт деп айтышууда.А биздин өлкөдө 3-4млн киши кыргызча сүйлөшөт.Ошондуктан келгилечи баарыбыз биригип кыргыз тилин сактайлы.Кыргыз тилинин кадыр- баркын жогору деңгээлге көтөрөлү, ошондо гана кооз Кыргызстаныбыз өркүндөп өсөт.
Кыргыздар кытай, япондордой болуп иштегиси келбейт.Бирок ошондой жашагысы келет.Башкача айтканда чана тепкиси келет, бирок чана тарткысы келбейт .Мен Кыргызстандын келечеги кенендигине ишенем.Албетте, көптөгөн кемчилдиктер каталар болду.Бир топ ар күндөрдү башыбыздан өткөрдүк.Бирок биз бир өлкө,Кыргызстан деген атыбызды сактап кала алдык .Бул 20 жылдагы эң чоң жеңиш болду.Мындан ары урушпай достошолу,төгүлбөй куюулалы,түндүк –түштүккө бөлүнбөй,Кыргызстанга биригели.Мен терең ишенем, жакынкы арада да Кыргызстандын атын алыска чыгарчу билимдүү жаштар чыгаарына .Ким билет Суймөнкул Чокморовдой таланттуу актер чыгаар, Чыңгыз атабыздай дүйнөнү дүңгүрөткөн жазуучу чыгаар,мыкты адистер чыгаар,жакшы тилек –жарым ырыс демекчи жакшы тилеектерди тилейли.Кыргызстан мародерлордон эмес.билимдүүлөрдүн өлкөсүнө айланат.
Чынгыз хандын айтканы бар;”коркосуңбу –баштаба,баштадыңбы коркпо”.Биз өзүбүз үчүн демократия деген жолду тандадык,эми коркпой алдыга карай кадам таштообуз туура болот.Анткени келечек биздики, Кыргызстандыкы ишенем жана эмгектенем .Бир колунда тарых жарыгы, экинчи колунда келечек сүйүүсү болгон улуттар гана дайыма өнүгүүгө татыктуу талапкер.Биз ата-бабабыз басып өткөн өлкөбүздүн тарыхын,салт- санаасын унутбашыбыз зарыл.Ошону менен келечекке болгон ишенимибиз артат. Ошондуктан келгиле Кыргызстандын келечеги үчүн ар бирибиз терең билим алып,талыкпай эмгектенели. Ошондо гана мамлекетибиз патриоттор менен акылдуулардын өлкөсүнө айланат.Алга Кыргызстан! Өз жолуңдан кайтпай жашара бер.
Үсөнкул уулу Талант
Жалал-Абад шаары
Курманбек баатыр лице 8-б классы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 10:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

ХАНКЕЛДИЕВ Абулфайзхон
«Мен Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн каалайм»
Конкурс үчүн
«Тынчтык, достук жана өнүгүү»
Мен абдан сонун жана кайтарылгыс жаратылышка ээ Кыргызыстанда жашаймын. Мемлекет борбору гүлдөргө бай Бишкек шаары. Мекеним кооз жаратылышка ээ, абасы таза, ичимдик суулары жагымдуу, бийик тоолору, кайталангыз жаңактуу жана мөмө-жемиштүү токой чарбаларга бай өлкө. Жөн гана өтө сулуу табияты бар. Өлкөбүзгө башка мамлекеттерден коноктор, туристтер келишет. Алар биздин бай тарихий маданиятыбыз менен танышуу жана ыйык жерлерди зыярат кылууга келишет. Анткени, менин өлкөм Кыргызстан кайталаңыз маданий, тарихий кымбатка ээ өлкө. Ошондй эле Кыргызстаным чоң мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Бул байлыктар бардык Кыргызстандыктарга таандык.
Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Ал жерде 80ден ашуу улуттар жашайт. Жакында элибиздин сани 6 миллионго жетти. Аларга Кыргызстан өзүнүн ата журту. Алар өз өлкөсүн сүйүшөт. Кантип алар өз үйүн жакшыртса, ошондой эле алар Кыргызстанды да өнүктүрүүсү үчүн ак тилек жана ак эмгектери менен салым кошуулары зарыл. Өлкө өнүгүсү үчүн стабилдуулук керек болот. Өлкө жана Өкмөт жетекчилери бардык улуттарды тең корүүсү, тилин, динин, када-салтын эркин өсүшүнө шарт түзүсү зарыл. Ошондо гана улуттар арасында тынчтык жана достук болот! Тынчтык, достук өлкөнүн өнүгүсүнө шарт түзөт. Мамлекетте достук жана тынчтык болсо, ал мамлекет өнүгүүнү баштайт.
Кыргызстанда жашайтурган бардык улуттар,бири- бирин урматтосу, када-салтын сыйлоосу Өкмөт жетекчилеринен башталышын чиновниктерибиз унутпашы керек. Ошондо биздин республика өнүгүшү мүмкүн.
Мен 8-"Г" - класстын, орус тобунда окуйм. Мен өз эне тилимди сүйгөнүмдөй орус жана мамлекеттик тилди да өтө сүйөм. Өзбек классикалык акындары Алишер Наваи, Захриддин Мухаммед Бабур чыгармаларын сүйгөнүмдөй, орус жана кыргыз акындары Алыкул Осмонов, Александр Сергеевич Пушкиндин чыгармаларын өтө жакшы көрөм. Манас айтууду дагы сүйөм.


Мен чоңойгонумда, Чингиз Айтматов сыяктуу жаазуучу болгум келет. Ал акын, жазуучу, литературовед жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү атайын элчиси болгон. Бул үчүн мага жакшы окуу , жана көп чет элдик тилдерин билишим керек. Ошондуктан мен мектепте артыкчылык менен окуп жатам. Манас айтууну билем. Ошондой эле мен диний окууларды үйрөнүп жатам. Эки жылдан бери облус казыяты жана “Адеп башаты прогресс” коомдук бирикмеси үюштүрүп жаткан "Мавлюд күнү" иш-чарасына катышып жатам. Мындан тышкары, бул жылы 2 дин жөнүндөгү конкурска катыштым. КР жана РФ муфтияттары уюштурган "Пайгамбарыбызды жакындан таныйлы!" жана "Пайгамбар" («Пророк») атту конкурстарда катыштым.
Мен өз эне тилимди сүйгөнүмдөй, кыргыз жана орус тилдерин так билем. Мектепте, район жана облус боюнча маданий иш-чараларда активдуу катышам. 1-класстан баштап эле “Кыгыз тилин сүйөм” аттуу иш-чараларда катышып келем. Мен Кыргызстандагы бардык улуттар мамлекеттик тилди жакшы билүүсүна, урматташына салым кошкум келет. Ошондуктан досторума үлгү болууну милдетим, деп билем. Дүйнө тил болгон орус тилини жакши билүү үчүн мектепте орус тили бөлүмүндө окуп жатам. Азыргы маалда англис тилин үйрөнүп жатам. Сабактан кийин мен райондук китепканага, маданият үйүнө жана жаштар борборуна барам. Бул жерде менин ар түрдү улуттагы досторум бар. Бизге Америкадан келген Рейн аттуу волонтер англис тилин үйрөтөт. Компьютер курстарына катышам. Компьютер ыкмаларын жакшы билем.
Сабактан сырткары маалда чыгармачылык менен алектенем. Мен кыргыз эл жомокторун өзбек тилине котордум жана аны китеп кылып чыгаруу үчүн компьютерде терип, басмага даярдадым. Жалал-Абаддагы атактуу ишкер Абдыжапар Тагаев жана Ырыс айыл аймагы жетекчиси Кадырали Имановлор жардамы менен "Киргиз халк эртаклари" ("Кыргыз жомоктор" ) аттуу биринчи китебим жарык көрдү. 100 данадан болсо дагы чыккан китепимди “Буткул дүйнөлүк китеп күнү”, “27 Май – Китепкана күнү” жана “Акыргы коңуроо” азеемдеринде мектеп жана китепканаларга белек кылып тартуладык. Менин ак ниет жана ак эмгегим өлкөмдөгү улуттар ортосундагы достукту чындоого салым болуп кошулушуна ишенем. Ишкерлерибизди улутуна коңул бурбай, мен сыяктуу чыгармачыл жаштарды колдогонун келечек муундарга үлгүү болот, деп эсептеймын. Биз жаштар руханый жаан дүйнөсү бай, адамкерчиликти, боорукеердикти бардык нерседен бийик койгон инсандардан үлгүү алып өссөк, албетте чоң ийгиликтерге жетишебиз жана Кыргызыстаныбызды гүлдөп-өсүшүнө салым кошотурган мекенчил жарандар болуп жетишебиз. Ошондой замандаштарыбыздан үлгүү алып, ийгиликтерди коштойбуз. Жаш муундарга үлгүү болотурган инсандар барлыгы – бизди кубантырат. Аларды изинен барабыз жана тынчтык, достук менен мекенибизди өнүктүрөбүз. Максатка жетүү үчүн биз жакшы окушубуз, өзүбүз жактырган кесипти тандообуз керек. Улуу Британиялык чыгармачыл инсан Джоан Роулинг айтмакчы: “Окмуштуулар, профессорлор өз убагында окучу болгон жана алар ошол деңгелге жеткен. Демек, биз дагы жетебиз”.
Биз Кыргызстаныбызды эң өнүккөн өлкө болушуна ишенебиз. Анткени, биздин республика – бейиштсымал өлкө. Кайталангыс биийик тоолору, таза ичимдик суулары, даамдуу жана кымбаттуу мөмө-жаңак токойлору, чыбык эксең чоң тал болотурган топурактарыбыз, тоо-кен байлыктарыбыз, эмгекчил элибиз бар. Бирок, ошол байлыктардан кантип пайдалануу ыкмаларын билбей жатабыз. Мисалы: мөмө-жаңак токойлордогу продукция гана өнүгүгө шарт түзүүсү мүмкүн. Бизди үй-бүлөө мен 5-класска өткүнчө шаарда, этаждуу домдо жашаганбыз. Кошнуларыбыз бардыгы жаңак чакып, тирикчилик кылышат эле. Эрте менен жаңак чагуучуларды “ток-ток” үнү менен ойгонуп, ошол үн менен уктаганымды унутпайм. Опам дагы 2-3 жолу жаңак келгенде чагуу үчүн алып чаккан, бирок жаңак “чукма” болсо, маңызы аз чыгат дагы жаңак ээлерине бекер иштеп берүүгө аргасыз болгон соң албай койгон. Айылга кочүп келсек, бул жерде дагы жаңак сезону - сентябрь-март айына чейин жаңак чагуучулар үйлөрүндө жаңак чагуу менен алектенишкенине гүбөө болдум. Интернеттен жаңактарыбызды экспорттосуна кызыктым. Маалыматтарда кыргыз жаңагын маңызы Турция, Иран, Ирак экспорт кылынат экен. Япония, Кытай, Германия, Голландия жана башка мамлекеттерде дагы суроо-талабы жогору болуда. Бирок, азаркы учурда кыргыз жаңагы туруктуу өнүгүсү үчүн шарт түзүлбөй жатат экенин билдим. Кыргыз жаңагы токойлордо өскөн жеринен, акыргы сатып алуучуна чейин абдан татал жана узак жолду басып өтөт, деп айтылат. Токой пайдалануучулар сезондордо жаңактарды чогултушат жана аларды алып-сатарларга сатышат. Майда алып-сатарлар базарлардан, жол бойлорунан жана токойдон жаңакты сатып алышат. Алар эми жаңакты ири алып-сатарларга сунушташат. Ири алып-сатарлар күнүнө 3 тоннага чейин жаңак кабыл алышат дагы жаңак чагуучуларга таратышат. Карапайым эл үй-бүлөсү менен күнүнө 10 килограммдан 1 капка чейин жаңак чагышат жана күнүнө 60-70 сомдон 400-500 сомго чейин акчага иштешет. Жаңак жаман чыгып маңызы килосына жетпей калса, меенетиге күйгөндөр дагы болот. Элди айтымында 10 килограмм жаңактан 4 килограмм маңыз чыгуусу зарыл. Ири алып-сатарлар маңыздарды цехтердегы кыз-келиндерге тазалатып, сортторго ажратышат. Сортторго ажратылган жаңактар кургатылат жана кутуларга жайгаштырылып, экспорттоого даярдалат. Сатуучу компаниялар маңыздарды башка мамлекеттерге сатышат. Бардык иштер неформал, жеке ишкерлер тарабынан маңыз сырё катары сортуна ылайык 350 сомдон 550 сомго чейин наркта чыгып кетет. Чет мамлекеттер жаңактарыбызды кайра иштетип, ар түрдү шириндиктер даярдап, кымбатка өзүбүзгү сатышат. Ошондуктан, окмот бул ишти көзөмөлгө алуусу, чет мемлекеттен шериктер табуусу жана өнөктөш (совместный) ишканаларды ачуусу зарыл. Ошондо адамдар иш менен камсыз болот. Өкмөт казнасына өз убагында салыктар түшүп Кыргызстан өнүгүнү баштайт.
Жогоруда айтылган иштер бир гана жаңакка эмес, коозукарын, гавар сыяктуу заттарга дагы тыйыштуу. Кыргызыстан элин 60 пайызы айылдарда жашайт. Айыл чарба продукцияларын кайра иштететурган мини цехтер ишке тушсо, элет жаргесиндеги элдер дагы иш менен камсыз болот. Элет элине жерлер үлүш кылып. Узак мөнөткө бөлүп берилген. Алар жерди тилин билишет. Бирок акчасы жоктугуна байланыштуу теплицалар кылышка мүмкүнчүлүктөрү жок. Исламда, шариатта процент арам болгондуктан, элибиз банктардан кредит алууну жеек көрүшөт. Бул иште аларга Өкмөт жардам берүүсү, процентсиз насиялар берүүдү жолго коюсуу өлкөнү өнүгүсүнө шарт түзөт. Мени койлорум бар. Жылда 2 жолу жүнүн кыркып алабыз. Бирок, шерст кабыл алуучу жай жоктугунан, өрттөп жиберебиз. Айылдаштарым дагы ошондой жол тутканын ойлосом жыл сайы миллиондогон акча өрттөнүп, жок болуп жатканына өкүнөм. Текистиль, трикотаж цехтер жана фабрикаларды куруу дыйкан жана фермерлер жетиштирген продукцияларды кайра иштеп чыгарат жана өлкөдө арзанчылык болот.
Өкмөт жеткечилери, Жогорку Кенештин депутаттары жалаң эле Кумтордогу алтын жана күмүштөр туралуу ой жүгүртүрбөй, мына шул сыяктуу меселелерге коңул бурса, тамчыдан даря пайда болгонудай, көйгөйлөрдөн арылабыз жана өнүгүү жолуна өтөбүз. Ошондо гана мигранттар иш издеп чет өлкөлөргө барбайт. Алар өз үй-бүлөсү, балдары менен бирге жашап, өлкөбүздү өнүгүсүнө салым кошушат. Эл өнүксө, мамлекет өнүгөт, паракордук айыгат.
Кооз жаратылышка ээ, өнүккөн, тынчтык, достук бар өлкөгө чет өлкө жарандары кызыгышат. Анткени, алар туристтер катарын толуктап, өздөрү эле коңулду болуп, мамлекетибизге келишет. Бул туризмды өнүгүсүнө шарт түзөт.
Мына, Малайзияны алайлы. Өнүккөн өлкө болгондуктан, КР Малайзиядагы элчилиги тарабынан өспүрүндөр ортосунда сынак жарыялады. 9 жеңүчү кышкы каникулда Малайзияда эс алып кайтат. Бул кабарды "Азаттык" радиосунан уккач, түшүмдө дагы Малайзияны көрүп жатам. Интернеттен Малайзия туралуу маалыматтар менен таныштым, сүрөттөрүн бир папкага жүктөп алдым. Бул өлкө географик жактан, кичинекей аралдарда жайгашкан болсо дагы социалдык-экономикалык өнүккөн өлкөлөр катарында турат. Мамлекеттик тил – малай тили болсо дагы элдери көп тилдүү элдерден түзүлгөн. Абдан кооз шаарлары бар экен.
Мен чыгармачыл касиетимди толугу менен дилбаян жазууга жумшадым. Жазгандарым “Азаттык” радиосундагы дилбаяндарды текшируу комиссиясы мүчөлөрүнө жакышына ишенем. Малайзияга саякатка барып, өз көзүм менен ошол өлкөнү көрүүнү калаймын. Калоолорумго ата-энем урмат менен карайт жана “Жолуң шыдыр, жолдошуң Кудай болсун”, деп уруксат беришет. Саякаттан кайткач, бул туралуу досторума сүйлөп берем жана чыгарма китеп жазам.
ХАНКЕЛДИЕВ Абулфайзхон,
Жалал-Абад облусу, Сузак району, Мубарак Юсупова атындагы орт мектепти 8-"Г" класс окучусу.




Для конкурса
«Я хочу, чтобы мой Кыргызстан процветал»
Девиз: «Мир, дружба и развитие! »
Я живу в очень необычной, прекрасной стране Кыргызстан, где каждый день светло и весело. Столица Кыргызстана замечательный цветущий город Бишкек. Богат мой Кыргызстан природой и чистым воздухом, ореховыми лесами, которые даже на мировой рынке имеют свою ценность. Просто изумительная природа у нас. К нам в Кыргызстан приходят даже гости со всех стран, чтобы увидеть нашу богатую культуру и республику. Моя родина Кыргызстан дорогая, важная, драгоценная горячо любимая страна. Кыргызстан страна больших возможностей. Моя родина Кыргызстан это для меня честь. Не только мне и всех других Кыргызстанцев.
Кыргызстан многонациональный страна. Там живут более 80 национальностей, 6 миллион людей. Они считают Кыргызстан свой родной страной. И в правда так! Они любят свой родной край! Как бы они улучшает свои дома, и так они должны развивать свои родной страну Кыргызстан. А что бы его развивать, нам надо быть мирным и дружным! Уважать друг друга! Все нации, которые живут в этом стране, должны быть дружным, с чисто-сердичным. И тогда наша республика может развиваться. И только этим можно прекратить не понятий среди нации ситуации как 2010 года. Это история должно быть примером всей нации.
Я учусь 8-«Г» класса, на русском группе. Я люблю свой родной язык и также в русский и государственный язык. Узбекский классический поэты Алишера Наваи, Захриддин Мухаммед Бабур как люблю их, и также люблю русский и киргизский поэты Алыкула Осмонова, Александр Сергеевич Пушкина и т.д.
Когда я вырасту, буду писателем как Чингиз Айтматов. Он был писатель, литературовед и чрезвычайный посол Киргизский Республики. Я тоже постараюсь как этот. Для этого мне надо хорошо учиться и знать много иностранный языки. Поэтому я учусь с отличием в школе. Я часто участвую в многих культурных мероприятии. Умею петь Манас. Я стараюсь учиться в религиозных учений. Уже 2 года участвую мероприятию «Мавлюд» день рождение пророка Мухаммед саллолоху аллайхи вассаллама. Кроме этого в этом году участвовал 2 конкурса про религии, Муфтията КР и РФ, «Пайгамбаримизни якиндан танийлик» и «Пророк».
Как я знаю свой родной язык, и также знаю киргизский и русский языки. Данной время я изучаю англиский язык. После урока я пойду районную библиотеку, дом культуру и центр молодежи. Здесь много друзей другие нации.
Я тоже добавил свою услугу в Кыргызстан. Я переводил киргизские сказки на узбекский язык. И у меня в прошлом году вышло первое книга «Киргиз халк эртаклари» («Кыргызские сказки»). Я надеюсь, что я заслужил моей стране. Мы будущее нашей любимой страны Кыргызстан. Вот какой мой Кыргызстан мирный, свободный многонациональный. Разве можно не любить такую страну? Его развитие в наших руках. Мы юноши для развития Кыргызстана надо хорошо учиться и должны выбирать свою любимую профессию. «Мы знаем, что великие профессора, и ученые когда то свое время были учениками, если у них получилось и у нас тоже получится» (Джоан Роулинг).
Мы должны верить, что Кыргызстан будет самым развивающим страной в мире. Потому что наша республика – райская страна. Оно известно величайшими горами, пресной водой, бесконечными фруктовыми и ореховыми лесами, святыням. Драгоценными камнями и плодородная почва. Самый главный трудолюбивый народ. Мы должны увеличит промышленность. Например: данное время наших орехов в качестве сырья частное предприниматели экспортируют за рубежом. Они обратно продают к нам в виде сладости. Если это сделаем сами, тоисть обрабатываем, то тогда людям создаются рабочие место. Развивается экономика. Наши граждане не будут покинуть свою страну искав работы за рубежом.
Я живу в деревне. Сельские люди работает в огороде. Но не хватает денежная средства. В религии говорят процент – грех. Поэтому большинство людей не возьмет процентный кредит. Если государство даст людям без процентный кредит или ссуда они сделают теплицы. Вот тогда целый год люди деревни обеспечиться рабочие место и начнётся развития.
Нашу страну можно развивать под туризму.
Я слышав объявление радио «Азаттык» и узнав, что победившие конкурсантов пойедит в Малайзию. Я заинтересовался страной Малайзии. Страна Малайзии самый развивающейся экономикой, богатых и развитых стран среди развивающихся — к Новым Индустриальным Странам. Очень красивый страна в мире. Я узнав что Малайзия очень такая страна богатая. После этого я очень хочу увидеть Малайзию своими глазами. И надеюсь что вы даёте мне путёвку на Малайзию. После путешествие когда я вернусь расскажу и буду писать об этом.
ХАНКЕЛДИЕВ Абулфайзхон,
Жалал-Абадский область, Сузакский район, сш. им. Мубарак Юсупова. 8-«Г» класса.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 10:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Шаакеримова Сымбат
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.
Мен кайсыл жерде төрөлдүм? Кимдин элинде жашап, кимдин эшигинде, кимдин колунда өсүп тарбияланып жатам?
Мен ушундай суроолорду өзүмө берип, өзүм кайра жооп издедим. Ал жоопторду оңой эле таптым. бирок, бул суроолордун жообу узунураак экен.
Мен табиятты кооз, асманды ачык, абасы таза, кыргыз мамлекети – кыргызстанда, өз ата – энемдин эшигинде, алдейлеген бешигинде термелип, тарбияланып келе жатам. Ушундай жакшы тагдырды мага буйруган Кудайга ыраазымын. Анткени , мен өзүмдү башка жактан, бөлөк элдин , бөтөн жерден бактылуу кылып көрө албайм.
Мен Үркүн окуясын элестеттим. Каргашалуу окуяга быйыл 100 жыл болду деп , мектепте ар кандай иш – чараларды өткөрүп жатабыз. Кыргыздар өз жерин таштап, үркүп Кытайга качып барышканын тарыхтан билебиз . Тирүү калыштын аргасын кылып, Кытай жеринде 3 жашар чачы саксайган небересин бир ууч талканга сатып олтурган чал жөнүндө окуянын кыскача сүрөттөлгөн жерин 6-класста кыргыз тили сабагында көнүгүү катары иштегенбиз.
Ошондой өлбөстөн күнүн көрүп бөтөн жер бөтөн элде кор болушкан чоң ата менен неберенин элеси көпкө чейин көз алдыма тартылып жүрдү. Бири карыганда ушундай оор тагдырга кабылса, экинчиси жашабай жатып, кыйын турмуштун ачуу даамын тартыла турган кези. Бул сүрөттөлүш ошондогу миңдеген кыргыздардын картинасы. Ушуларды элестетип, азыркы күнүбүз үчүн дагы бир ирет жаратканга миң мертебе ыраазы экендигимди айткым келет.
Ата – энемдин жанында, курсагым ток, досторум менен ойноп күлүп, мектепке барып, билим алып, жашап жатам. Кыргыз мамлекетим, Ата – Мекеним мага , ден – соолугумду чың болушуна, акысыз билим алышыма, ошондой эле укуктарымды корголушуна кам көрөт. Мындан артык дагы мага жана мага окшогон балдарга эмне керек? Ошондуктан өз мекенимди чексиз сүйөм. Кыргыз жеримдин сулуулугу , жылуулугу мени эртеңки күндө мекенимдин гүлдөп өсүшүнө салым кошууга үндөйт.
Жерибиз айыл – шаарларыбыз кооз, татынакай экендигине карабай, өз колубуздан таштандыга толуп , желим бөтөлкө, баштыкчаларга көмүлүп калганы мени тынчсыздандырат.
Буюрса келечекте , мен дал ушул көйгөйдү чечүү үчүн, мекенимде айлана – тегеректин тазалыгы үчүн баардык күчүмдү жумшайм деп тилек кылам. Андай ишке аракетти азыртадан баштасам дейм. Досторумду , коңшуларды балмуздактын, семичкенин кагаздарын, жана айткан желим бөтөлкөлөрдү көрүнгөн жерге таштабагыла деп айтам, түшүндүрөм деп максат койдум. Айтканымды бири укпаса, дагы бири угаар деген үмүттөмүн. Бул аракетим жеримдин тазалыгына аз да болсо, салымым болоор дап ишенем.
Кийинчерээк айылдарда деле кадам сайын таштанды челектерди орнотконго жетишип калаарбыз. Алдыда Кыргызстанымдын тазалыгы үчүн көп иштерди аткарам деп ишенем. Көз алдыма эртеңки келечекте гүлдөп өскөн, эртеңкиси ишенимдүү , кооз , сулуу, эли маданияттуу жана билимдүү Кыргызстаным турат.
Ала – Бука району Жапа- Салды айылы № 6 Малик Эргешов атындагы орто мектебинин 8- классынын окуучусу Шаакеримова Сымбат Каныбековна.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 10:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Эльмар БАТЫРОВ
КЫРГЫЗ ЖЕРИМДИН ГҮЛДӨП ӨСҮШҮН КААЛАЙМ
Ар кимдин туулган жери – Алтын делет. Киндик каның тамган жериң. Алсыңары, Кыргыз жери кооз. Көркөмүнө көз күйөт. Шыңгыр булак суулары, жашыл жыттанган тоолору, ак кар баскан зоолору жана булбул куштар сайраган бактары адамдын жан дүйнөсүн аруулап, жашоого болгон сүйүүсүн арттырат.
Карачы айланаңды Ала-Тоонун жаратылышы эмне деген ажайып керемет не деген сулуулук! Ушундай керемет жерде төрөлүү, жашоо кандай бакыт!
Тоолор демекчи, тоолорубуз түрдүү кен байлыктарга да бай келет. Сурьма, сымап, алтын, калай сыяктуу кымбат металлдар, таш көмүр, мрамор жана башка кен байлыктарга толтура жерибиз көп. Көркөмдүү, ыйык касиеттүү жерлерге да бай келебиз. Манас атабыздын күмбөзү баш болгон, Сары – Челек, Арстанбап, Аркыт өңдөнгөн табигый корук жерибиз бар. Чычкан, Боом капчыгайлары, Абшыр- Сай шаркыратмасы, ыйык Сулайман тоосу, Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл деген көлдөрү, Манжылы мазары, Шамшыкал туз тоосу, Бурана, Өзгөн тарыхый мунаралары элибиздин көп жылдык тарыхынын, маданиятынын күбөсү. Дастандарга, уламыш жана санжыраларга да бай келебиз. Жарым миллион ыр сабы бар «Манас» үчилтиги баш болгон эпостор дастандардын өзү эле рухий байлык боло алат.
Карачы, мына, менин жерим ушундай кереметке бай жер. Жанымды садага чаап, мекениме кызмат өтөгүм келет.
Эгер сүрөтчү болсом, бүтпөс пейзаж жаратмакмын, а эгер обончу болсом, кылымдарга кыйыры жеткен обон чыгармакмын, ырчы болсом мекенимди даңктаган ырларды күнү- түнү ырдамакмын. Скульптор болсом атагы алыска чыккан айкел тургузмакмын, эгерде жазуучу болсом окуса да окуй бере турган чыгарма жаратмакмын- Мекеним жөнүндө. Аттиң, азырынча жашмын. Бой жетсем кыпындай болсо да салым кошо алсам керек.
Бирок, колдо бар алтындын баркы жок дегендей, көптөгөн ыйык баалуу нерселерибиз баркталбай жана сакталбай келе жатат. Ал үчүн жүрөгүм өйкөйт. Ата журттун көз каранды эместиги үчүн улуу күрөштүн өрнөгүн бизге «Манас» эпосу көрсөтүп турат. «Атадан калган конушту алдырсаң кудай урбайбы, ажалың жетип өлгүчө туу түбүндө турамын!» - дейт Манас атабыз. Кылымдарды аралап Манаста айтылгандай, белес белден бороондон , беш удургуп өтүп, улутту сактап келген улуу идеялардын бири-биримдик. «Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу» - деген уюткулуу ой. «Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет» - деген идея бири Алтайга, бири Кангайга, бири Эренге, бири тереңге тентип чачылган элдин тарыхый тажрыйбасынан чыккан корутунду. Биримдик аба менен суудай азыркы учурда керек.
Ак калпак журт, көрөңгөлүү журт! Улуу Манас атабыздын, Бакай, Кошой бабаларыбыздын эрдигин уланткан, Курманбек баатырдын, Курманжан датканын акыл кептери, өрнөктөрү- биздин жол көрсөткүчүбүз. Айкөл Манас “Калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин” десе, Кошой “Үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы, жоголгон жокту табалы” деп турат. Манас, Бакай, Кошой, Каныкей, Чубак, Сыргак, Жаңыл Мырза, Курманбек, Тайлак баатыр, Курманжан датка – булар карууну казык, башты токмок кылып, өз эл журтуна ак кызмат кылуунун өрнөгү. Улутту Манас руху сактаган жана сактап келе жатат. Манас атабыз дал ушул Ата Журт эркиндиги үчүн кара башын сайып, өрт кечип, күрөшкө чыккан. Журт боштондугу жөнүндөгү улуу идеяны Манас ата сага жана мага мураска калтырган.
Кандай таамай айтылган сөздөр, чиркин! Ата Журтум бассам турсам оюмдун бир четинде турат. Замандаштар, кайда жүрбөйлү, кайда барбайлы Ата Журтубузду сагынабыз, куса болобуз. Пенде болгондон кийин анын кайрылып келээр, кадам таштаар жери болгону жакшы. ошондуктан, сенин, менин жүрөгүмдө оргуп турган эң кымбат сезим – Ата Мекенди сүйүү болушу абзел. Биз ким болбойлу, кайда жүрбөйлү, тагдыр бизди кай жакка алып барбасын, сасыган сазы бар, миң чиркейлүү токоюнабы, мейли, чокусунан кар кетпеген аска тоосунабы, эрме чөлүнөбү, айтор, сен сөзсүз АтаЖурт деп аталган жерге айланып келериң бышык. анткени туулган жердин топурагы алтын дешет. Ата Журт гана сагынуудан саргайып кеткен дилиңди тазартат, рух дөөлөтүңдү өнүктүрөт, чаңкооңду кандырат, кокустуктан сактап, жашооңо дем берет.
Төрүндө куштар сайраган, багында мөмө төгүлгөн, бейиштин төрү- Мекеним. Мен Мекеним менен сыймыктана алам, анткени мен дайыма ошол жердемин. Мамлекетибиздин өнүп-өсүшү, келечеги али алдыда. Андыктан биз сыяктуу эл үчүн, жер үчүн кызмат кылсам, өз салымымды кошсом деген патриот жаштарыбыз өсүп келе жатат. Мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүн каалайм.
Эльмар БАТЫРОВ,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 10:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Эмилбек уулу Нурислам
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм!


Мен Эмилбек уулу Нурислам кыргыз жеринде, кыргыз элинде жашап, кыргыздын инсаны болгондугумдан сыймыктанам. Кыргыз жерин жер кылып жашап келген кыргыз калкым дүйнө элдеринен өзгөчөлөнүп, түптүү, кылым каарыткан, ата-бабаларыбыз өз жери, өз эли үчүн кам көрүп, сактап, ар дайым жери менен сыймыктанып келген. Жылдын төрт мезгили, үч айдан бөлүнүп, ар бир мезгил өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланган кыргыз жерим менен тирүүчүлуктөгү бейиш өлкөм кыргыз элимдин, жеримдин кадыр-баркы, салт-санаасы башка улуттардан айырмаланган баа жеткис өзгөчөлүгу бар. Кыргыз жерим чер токойлуу, таза суусу менен дем алган ата-бабаларыбыз өз жерибизди сыйлап жана барктай билишибиз керек.
Кыргыз жеримдин алтын кени менен капталган адам баласына керектүү болгон бардык байлыгы менен кыргыз элимдин жашашы бул бактылуулук деп эсептеймин. ма сезе билип, чоңойгондо элим деп күйгөн, өз жеримди сүйгөн патриоттуу жигиттен болгум келет.
Азыркы бизидни жетекчилерибиз “келечекте балдар биздин келечегибиз” – деп балдар учүн кам көрүүдө. Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет демекчи кыргыз жерин , элин барктап, сактап, эл үчүн көп жакшы иштерди жасаган атуулдарынан боломун. Бую нас атанын урпагы болуп, Саякбай Каралаев кыргыз элинин баатырлык тарыхын айтып дуйнөнун бардык элине даңазалабадыбы?
Кыргыздын, ал тургай дүйнө элине белгилүү жазуучу Ч. Айтматов дүйнөгө дүңк эткен чыгармалары кыргыз жерин, кыргыз элинин каада-салты, үрп адаты, мекенин сактоо патриоттуулугу өзгөчө белгиленген. Кыргыз эли илимдүү, билимдүү ар тараптан жөндөмдүү калк экендиги менен сыймыктанам.
Келечекте мен жеримдин кооздугун, элимдин ыймандуулугун, чындыкты көрө билген, жүрөгүн сезе билген элибиздин келечеги кең, таалайы алдыда көрүнө билген өлкөбүз.
Малайзия мамлекетинин элчилиги менен Супер-Инфо гезитинин ушундай дилбаянды уюштурганынан өтө ыраазымын жана бул камкордуугу үчүн сыймыктанам. Биз үчүн камкордук жасаган биздин оюбузду билгиси келген Малазия элчилигине, Супер-Инфо гезитинин жамаатына чексиз ыраазычылыгымды билдирүү менен кыргыз элинин суусундай өмүр, жериндей кеңдик, абасындай жүрөгүнүн таза болушун каалаймын.
Ала-Бука району Айры-Там айылы №39 Айры-Там мектеп-гимназиясы 7-класс окуучусу Эмилбек уулу Нурислам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 10:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Эрмаматов Элдос
Дил баян
Кыргыздар- байыртадан келе жаткан улуу эл.Элибизден нечендеген баатырлар чыгып, элибизди,жерибизди душмандардан сактап,бизге кооз кыргыз жерин жана улуу кыргыз тилин мураска калтырышты. Ушундай кооз жерибизди мындан ары коздун карегиндей сактап,оркундотуу биздин ыйык милдетибиз! Мен Кыргызстанда жашап жатып,эне-тилиме жакшы конул бурулбаганына окуном.Эне тили онукмойунчо -мамлекет онукпойт-деп мугалимдерим дайыма айтышат.Ошондуктан бала-бакчадан тартып,жогорку окуу жайларда,жана башка бардык жерлерде кыргыз тилине конул бурулса жакшы болот эле.Ошондо гана кыргыз тили олкобуздо оз ордун таап,башка улуттар да кыргыз тилин сыйлашмак.Олкобуздун онугушу билимдуу жаштардын колунда! Мекенимдин онугушуно дагы бир себеп окуу жайлардагы паракорчулукту жок кылуу зарыл. Билимге умтулган жаштар акча тартыштыгынан билим ала албай ,озу каалаган кесип ээси боло албай жатышат. Аларга жакшы шарттарды тузуп берип, билим алуусун жакшыртсак, ошол студент мамлекетибизге пайдалуу салым кошмок. Бизде коптогон завод-фабрикалар, онор-жайлар иштебей,курулуштар салынбай жатат. Ошондуктан жаштар аргасыздан чет олкого жумушка кетишуудо. Окунучтуу. ... Бирок бул маселени жоюуга болот. Келечекте озубуздун олкобуздо ишканалар иштеп, сапаттуу ондурулгон «Made in Kyrgyzstan»деген жазуусу товарлар дуйно жузунун базарларында сатылышын каалайт элем.Ал эми туризмди онуктуруу учун абасы таза бийик тоолорубуз ,тунук колдорубуз, таза сууларыбыз, арча кайын жана жангак токойлорубуз, жайлоолорубуз жана башка кооз жерлерибиз коп .Келген чет элдик туристтерге маданияттуу, сапаттуу меймандостугубуз менен кызмат корсотсок олкобузго пайда болуп жана элибиз да байыйт эле. Мамлекетибизде спортко чон конул буруп,улуттук оюундарыбыз дуйнолук Олимпиада оюндарына кирсе,биздин спортсмендерибиз дуйно жузуно Кыргызстанды таанытып кызыл байрагын желбиретишмек! Мен Эрмаматов Элдос,Кыргыз жерин туптогон Улуу Манас атам,дуйно жузун оз чыгармалары менен дунгуроткон Чынгыз абам жашап откон Касиетуу Кыргызстанда торолгонумо сыймыктанамын! Келечекте Кыргызстан Япония,Кытай, Туштук Корея,Сингапур, Малайзия ж.б онуккон мамлекеттердин катарына кошулат деп ишенем.Ал учун биз патриот жаштар татыктуу билим алып,Мекенибиздин гулдоп осушуно талыкпай эмгек кылышыбыз керек.Келгиле достор,бардыгыбыз ынтымакта болуп ,бакубат онуккон Кыргызстанды куралы!Буйруса биз созсуз максатыбызга жетебиз! Гулдой бер,Кыргызстаным!
Эрмаматов Элдос
Жалал-Абад облусу,Ноокен району,№17 «Кыла» орто мектеби 9-а кл
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 10:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Эрмекбаева Айданек
“Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм”.
Ак дилден кызмат кылып элге жок,
Кара мүртөз зулумдукту четке как.
Элге арнасаң, кайра аласың аны сен,
Артыңдан кууйт, абийир жана атак-даңк.
Кыргызстан –эгемендүү өлкө!
“Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсе бир киши”, дегендей Кыргызстандын Эрмекбаева Айданек деген бир атуулумун. Ар бир кыргыз жеринин жарааны мына менин кыргыз жерим мына менин кыргыз элим-деп сыймыктануусун каалайм. Мен өз мекенимдин келечегин ойлошум керек, мекеним менен сыймыктанышым керек. Өз мекенимдин өнүгүшүнө, өркүндөшүнө өз салымымды кошууга аракет кылышым зарыл. Ар бирибиз азда болсо мекенибизге салым кошсок, бак-дарактарды, түркүн түстүү, гүлдөрдү эгип окуучуларда өз салымыбызды кошсок болот.
Кыргызстанды бейиштин жери –деп бекеринен айтылбаса керек, себеби жеримдин суусу дары, таштары алтын деп айткандай эле кыргыз жерибиз өтө кооз. Тоолорубуздун көптүгү, дарактардан жаңгак, бадам, алма,кайың жана да алтын, сымап, сурма кен байлыктарга бай экендиги белгилүү.
Ал гана эмес, абанын тазалыгы, суунун тунуктугу, жерибиздин кооздугу, элибиздтн меймандостугу менен да сыймыктана алабыз. Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүнө экономиканы жогорулатууга аракет кылуубуз керек. Дүйнөдө кыргыз жериндей жер, ажырагыс биримдигиндей жер жок дегендей Өз элинин тарыхын билбеген наристе балага окшош деп айткан. “Ата мекеним –алтын бешигим”!
Эр жигит сыймыктанат эли менен.
Эң кымбат ата журттун деми менен,
Эркелетип өстүрдү сени энең.
Кыргыз жерибиз биздин ата-бабаларыбыздан калган, муундан-муунга өтүп келе жаткан, көздүн карегиндей ыйык сактай турган, ата мекенибиз кооз суйкүмдүү жерибиз бар. Жаратылышыбыздын кооздугун көрүп, өзүңдү Меккеде жүргөндөй сезесин. Ал көлдөрүбүз, сыйынуу жерлерине сөз жок, ажайып кооз.
Ата журтка өз салымыбызды кошолу кыргыз жерине болгон сүйүүбүздү айтайлы,
Жерибизди кадырлайлы барктайлы
Мекенибизге кеңешибизди айтайлы.
Ата мекенибиздин кооздугун көрүп, мекенибизди коргоо, кам көрүү экендигин түшүнсөк, анда жерибизди элибиз коргоого Ата мекен үчүн дайым даяр болооруна көзүм жетет.
Мен кыргыздын атуулумун, ошондуктан мен жеримдин гүлдөп өсүшүнө өз салымымды, өз калкыма гана кошомун. “Өз элин сыйлаган адам өзгө элден сый көрөт”.
Кыргызстандын аянты 198,5 миң чарча километр, ал эми калкынын саны 6 миллионго жетет. Кыргызстанда жети область бар алар; Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Баткен борборубуз Бишкек шаары.
“Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт”.
“Өз элин сыйлаган адам, өзгө элден сый көрөт.”
Мекеним менин тапкан алтын энем.
Энеме керек болсо жаным берем,
Мекеним мени өстүргөн улуу атам.
Кубатым, кубанычым сен уулум деген,
Жашарып жаңыланып алга басам.
Жаным бир, журөгүм бир кыргыз жери менен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 10:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Майрамбек уулу Кутман


Дилимден чыгып ыр жазам. Ыр менен жаздым дил баян.

Кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм!
Туйлап аккан тунук таза мөл булак,
Улар үнү УЛУУ тоодо кубулжунат.
Кызгалдактар, жоогазын тоо бетинде,
Көркү чыгып, бийик тоолор асылданат.

Булактары айланган дайраларга,
Суктанасын алма, өрүк, алчаларга.
Карагайлар көркүн берген тоо бетине 
Аркар, кийик, кулжалары - аскаларда.

Жиреп чыккан жер бетине көк шибер
Дүйнө эли Кыргызстанды бүт билээр.
Сууларыбыз кан тамыры болуп жердин 
Мөлтүр суубуз дүйнө элин багып кетээр.

Эн керектүү өмүрдө суу адамга,
Өлкөлөр бар акча берген суу алганга 
Дүйнөдө бир гана кыргыз калкы,
Мекенин калтырган суу алдына.

Өлкөлөр бар басым койгон байлыктарга,
Байлыктарын сактаган банктарында 
Дүйнөдө бир гана кыргыз эли,
Байлыгын көмүп койгон жер алдында.

Байлыктары жер алдында деп айтканым 
Алтын, күмүш казып жаткан кең байлыгың.
Асманда жаркыраган жымыңдашып
Жылдыздарга бир аз калды жетип калдың.

Ай- жылдыздар түндүн ачып көркөмүн,
Булут жаап, ак кептердин көздөрүн.
Акылмандар кеңеш айтса эл-журтка,
Күүгө салган булбул анын сөздөрүн. 

Себелеп назик жааган ак жамгырлар, 
Жамгырдында бара турган багыты бар. 
Жылтылдап күн да чыгат булуттардан,  
Бактылуулук илебинен нурун чачаар.

Ак булут улам жылат алыстарга,
Булут жетип багыт алган маарасына. 
Сезим арбап эт жүрөгүм багындырып,  
Таштагансыйт бейиштеги махабатка.

Булбулу сайрайт бакта чырылдап, 
Чабалакей учуп жүрөт сызылдап. 
Бакыттын илеби бул - Кыргызстан,  
Айланаңда алтын жатат жаркырап.

Суусу агат таштан ташка секирип 
Балыктары ак толкунга бекинип.
Ак илбирси, аска зоону башкарып, 
Табияты сырын айтат чечилип.

Шуудураган теректердин үндөрү,
Жайнап чыккан тоо бетинде гүлдөрү.
Кечээ гана, жаңы гана төрөлгөн,
Мына бугун наристени күлгөнү.

Айлуу түндө, ак чөлмөктү ойношуп,
Сүйүшкөндөр ак сүйүүсүн козгошуп.
Жолук таштап, сыр чечишип курбулар,
Кыялданып, келечекти ойлошуп.

Кеңеш берем уккун жаштар кулак сал! 
Кыйын күндө адам болгун табылаар,
Адам болгун, адам болгун адамзат 
Ар бир адам туулган жерин сагынаар.
Кыйын күндө болгун элге жан сакчы, 
Өз намысын карегиңдей сактачы
Кыргызстаным гүлдөп өссүн өркүндөп, 
Өлкөбүздүн касиетин барктачы.
Мекен деген алтын-күмүш жалтырак, 
Кыйын күндө сактоо керек батырак.
Кетип калбай көзүн жумуп алыстарга, 
Жандырган өчүп калган шам чырак!
Алыкул, Мукай менен Жоомарт акын, 
Сүрөттөп бүтө албаган кыргыз калкым. 
Өзүңдөн касиеттүү суусу агып,
Дүйнөнү сууга айланып туура актың.
Чыңгыз менен Аалы жана Темиркулдар,  
Үчөөлөп чече албаган табышмактар.
Ушундай тулпарларды таптап чыккан, 
Шуурулардай тизилишкен алтын таштар.
1.     Жан үрөгөн лирика тынчыбаган,
Оргуп чыгып сезимдерди тазалаган.
Бул таланттын билинбеген бийиктигин,
Алыкулдай акыныбыз тастыктаган.
2.    Падышасы кара сөздө агабыз, 
Чынгызды биз дайым эстеп калабыз. 
Жамиля, Саманчынын жолу татаал 
Делбирим деп, Аселим деп ырдайбыз.
3.     Эч кемибез улуу талант Токтогул, 
Жүрөгүмө кирген бабам өзү бул.
Жылдыздарды ырга салган күүлөрү, 
Булбул менен бөлүнбөгөн Токтогул.
Бул үч дөөлөт туу тутушса адам бала
Келечекке алга койгон асыл даба.
Күн чыгып, күн батышка батаар кезде, 
Адам үчүн жол көрсөтөт ыйык айга.
Дүйнөдөгү тарыхтардын жыйындысы,
Кимдер билбейт сака бойлуу Саякбайды. 
Айкөл Манас баатырлыгы батып кеткен, 
Баа жеткис Саякбайдын алтын башы.
Манас биздин тарыхый мурасыбыз, 
Эпосубуз бул биздин тарыхыбыз. 
Табигый жаратылыш мурастарга Таш Рабат, Сулайман тоо, Ала-Арчабыз.
Кыргызстан мага келген асыл кенчим, 
Өз жериңди таза сакта муну билгин. 
Айлананын бузулушун айтам уккун 
Таштандыдан кейип барат асыл жерим.
Бүт байлыкты жер энеден аласың, 
Билсен адам жер энеге баласың.
Барктай албай айлананы, чөйрөнү,
Бир күнү сен убалына каласын.
Токто, наадан, колуңдагы бөтөлкө, 
Ыргытам деп, колуңду сен көтөрбө. 
Демин кысып, муундуруп кыйнаба, 
Чалдыктырба жер энени жөтөлгө.
Шише сынып кирет, адам бутуна
Шек келтирбе жер эненин кутуна.
Таза сакта, айлананы көктөндүр, 
Ырахаттан, жаратылыш жытына.
Жаратылыш кыйналдым деп ойлоого, 
Алы келбейт таштандыны жыйноого. 
Үйрөт адам, бала-чака кызыңды. Ата-энедей жер энени сыйлоого.
Койчулар кыркып койлорун,
Жайлоого жүнүн өрттөшөт.
Шар сууңа мусор ыргытып,
Ага чоң кордук көрсөтөт.
Жайлоодо эгер тил болсо,
Буркурап ал да ыйламак.
Адамзат неге залимсиң,
Адатың, бар кыйнамак.
Аны кимдер жаратат?
Акылдуусунган адамдар.
Ыргытып аны таратат 
Ыргытпай койсо не болот,
Шаарыбыз кирдеп баратат.
Кайда барсаң таштанды,
Адамдан акыл качканбы.
Карысы дебей, жашы дебей Кайдыгерликке батканбы.
Ал учурда эң кичине чагым эле,
Жети жашка жаңы чыккан маалым эле. 
Апакемди ээрчип алып жолго чыктым 
Сапарыбыз барчу жерим Бишкек эле.
Жолго чыктык машиналар зуулдайт,
Бир машина экинчини кубалайт. 
Кулагыма адамдарча шыбырап,
Бир адамдын ыйлаганы туюлат.
Түшүнбөпмүн сүйлөгөнүм мен анын,
Ал учурда жаш экенмин, баламын. 
Түшүндүм, эр жетип ал учурду,
Айтканын мага ыйлап жол арманын.
Кулагыма айткан эле мындай деп:
Жол үстүндө эч ойлонбой тебелейт. 
Буркураган жол арманы эмне учун? 
Адамдарга кандайынча сезилбейт.
Жолдор дагы тазалыкты кундо эңсейт 
А адамдар эмне учун кебелишпейт: ? 
Таштандысын ыргытып жол боюна 
Күн сайын менин үстүм тебелешет.
Ошол менен жеттим борбор шаарыбызга,  
Ал жакта да демим кыскан бакалашка. 
Желимден чыгып түтүн жер үстүнүне,
Эң азаптуу күндү берди адамдарга.
Мен жазган дил баяндын идеясы,
Асыл сапат, тазалык адамдагы. 
Кыргызстаным өркүндөп, өссүн десең, 
Булгаба, таза сакта айланаңды.
Кыргызстаным өсүш үчүн алдыга, 
Каршылыкты көрсөт адам таштандыга.  
Жүрөгүңөн кабыл алып бул нерсени, 
Өнүктүргүн мекениңди сен ааламга.
Бул нерсени жүрөгүңөн кабыл алган.

Уюштурду акцияны бул жаштардан. 
Момуналиев Сардарбек уюштуруп,
Үлгү алдым мекенчил бул агамдан.
Экология, проблема табиятта, 
Дүнүйөнү каптап кирген таштанды да. 
Таштандыдан арылуу аракетин
Жүргүзүүдө өнүккөн Франция да.
Туризм деп күйүп бышкан адамдары, 
Мекен үчүн алга койгон максаттары.  
Мекенимдин өнүгүшүн каалап жатсаң,
Үйрөт адам уул, кызга тарбияңды.
Таштандыны туура жайга ташта дегин, 
Ушул нерсе алып жаткан аба дегин. 
Алгын бийик нуруң, менен ширелген,
Мекен деген алтындан да улуу дегин.
Таштандыны салып жаткан урналарды, 
Көбөйтүүгө аракет кыл, сен буларды.
Бул үчүн сен көп окугун, талыкпастан,
Кыргызстанды өнүктүрсүн уулдары.
Кыргызстанда эң азаптуу ушул көйгөй,
Жер энебиз таштандыдан жөтөлгөндөй.
Мына биз эс тартканда, бой жетип, 
Өстүрөбүз, өнүктүрүп кызыл гүлдөй.
Байыркы кыргызбыз деп мактанабыз,  
Кемчиликти моюнга албай актанабыз. 
Жаратылыш жабыркап каарын алса, 
Кырсыктан канткенде биз сактанабыз.
Жакшы кызды тартып албайт эч ким бизден, 
Жакшылар бар арабызда көп изденген 
Бирок да түшүнбөстөн андан да көп,
Бетке айтса да кемчилигин түшүнбөгөн.
Мен киммин, мен бир бала ыр жазчу,
Үлгү тутуп Алыкулдун жолдору. 
Уйкаштыгын себелеткен оюма,
Апакемдин жумшак назик колдору.
Мен киммин, мен уулумун кыргыздын, 
Эргүү алган көктө жанган жылдыздын. 
Уйкаштырып эки сап ыр жаза коём,
Жетким келет эң түбүнө бул сырдын.
Мен киммин, мен бир бала жөнөкөй,
Энекебай, мен деп жашап бөпөлөй. 
Көйнөгүңдүн этегинен кармап алчым, 
Келечекке алга баскан жөжөдөй.
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 11:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Ташманбетова Тахмина

Менин атым Тахмина. Мен Кыргыз Республикасынын жаранымын. Кыргызстан менин мекеним. Азыркы учурла биздин олко онугуп осуу жолунда . Бирок менин оюмча биздин олко онугуп осу, оз элибиздин тарыхын билишибиз керек. Ар бир жаранда патриоттук сезим болуш керек. Эгерде ар бир жаран озум учун эмес, элим учун десе, биз ошондо гана онугуп- осо алабыз. Кыргыз эли байыркы элдердин бири. Азыркы эгемендуулукко жеткичекти биздин эл ар кандай кыйынчылыктарды корду. Бирок канча кыйынчылыкты башынан откозсо да эч качан озунун кыргыз деген атын, тилин, дилин унуткан эмес жана оз элинин онугуп осушу учун, эгемендуулукко жетиши учун биздин канча деген баатыр ага-бабаларыбыз коз жумган. Биз муну эч качан унутпашыбыз керек. Эгер тарых беттерине кайрылсак акыркы жуз жылдыкта эле элибиз коп нерсени корду. Кокон хандыгына баш ийди, андан кийин Орус империянын козомолундо болду. Орус империясынын козомолундо болгон учурда кыргыз эли коп азап тартты. Орус империясы Kыргызстанды оз колониясына айлантты. Кыргыз эли коп кыйынчылыктарды тартты.
1917- жылдагы революциядан кийин Кыргызстанда , болок коншу олколор сыяктуу эле Советтер доору орноду. Кыргызстан Советтер Союзунун мучосу болду. Советтер союзу учурунда Кыргызстанда коптогон озгоруулор болду. Алардын бири элибизге жакшы гтаасирин тийгизди. бири жаман. Советтер Союзу тарагандан кийин Кыргыз Республикасынын элинин жашоо шарты ото оор болду. Жумушчулардын айлыктары. пенсия, пособия берилбей. элдерде ачкачылык окум сурду. Ошентип 1991-жылы бизлин олко )гсмснлуулукту алды. г)гемендуулукту алгандан кийин бизлин Биринчи тунгуч президентибиз болуп Аскар Акаев 1991-жылы 12-октябрда шайланды. Аскар Акаев президент болуп шайланган учурда олкобуздун экономикасы ото оор акыбалда болчу . Аскар Акаевдин эн жакшы иштеринин бири - олкобуздун экономикасын кризистен чыгарып туруктуу акыбалга алып келгени. Ал биздин улуттук валютабыз кылып сомду киргизди. Бул анын эн жакшы кылган иши. Чындыгында ал биринчи бeш жылдыкта жакшы иштеди. Бирок акырындык менен президенттик башкаруу уй- булолук башкарууга отуп кетти. Ошентип мамлекетти Аскар Акаев башкарбай эле анын туугандары башкарып башташты. Элдин нааразычылыгы кобойуп. акыры 2005-жылы революция болду. Революциядан кийин олкобуздун жаны президенти болуп Курманбек Бакиев шайланды. Ал Камбар - ата 2 Г'ЭСин курду. Мугалимдердин, доктурлардын айлыгын которду. Бирок анын учурунда да уй-булолук башкаруу орноду. Ошентип 2010-жылы 7-апрельде революция болду. Бул революцияда 88 адам коз жумду . Алар олкобуздун онугуп осушу учун курошушту жана биз муну унутпашыбыз керек. 7-апрельден кийин убактылуу OKMOТ шайланды. Убактылуу окмоттун башчысы жана убактылуу президент Роза Отунбаева болду. Азыркы учурда биздин олкобуздун президенти Алмазбек Атамбаев. Ал коптогон иштерди кылып жатат алардын бири «Тундук- Туштук Альтернативдик» жолу. Бул жол мамлекетибиздин экономикасынын осушуно чон оболго болот. Азыр экономикасында мекенибиздин онугуп осушуно ар бир жаран оз салымын кошо алат. Кыргыз Рсспубликасынын онугуп осушуно оз салымыбызды кошуш учун биз бул эгемендуулукко кантип жеткенибизди, кандай кыйынчылыктарды баштан откозгонубузду унутпашыбыз керек. Азыр болсо Кыргызстандын онугуп осушу учун коптогон жолдор бар. Бирок мамлекет онугуп осуш учун элдин биримдиги жана ар бир жаранда патриоттук сезим керек . Биз урукту эмес, улутту ойлошубуз керек. Азыр экономиканы которуш учун болок жактан инвесторлорду тартышыбыз керек. Мамлекет онугуш учун коррупцияны жоюу зарыл . Жеке ишкерлер учун жакшы абал тузуп бериш керек. Мугалимдердин айлыгын которуп эле койбостон окуучулардын билим сапатын которуу зарыл. Кыргыз тилин ар бир жаран билууго тийиш. Экономикабызды которуу учун кен байлыктарды колдонсок болот. Кыргызстаныбыз онугуш учун бизге оз ишин билген, жакшы адистер керек. Бийликте болсо озу учун эмес эл учун иштегендер иштеши керек. Жолдорубузду ондоп, айыл чарбасын которсок болот. Жана бизде мыйзам иштеши керек. Элдерге мыйзамга баш ийуусу зарыл.
Менин кыялымдагы Кыргызстан: элдер мыйзамга баш ийип, жакырчылык жок, жолдорубуз жакшы окуучулар сапаттуу билим алып, жумушчулар оз ишин билишсе, коррупция жок болсо жана калкыбызда тынчтык, биримдик болсо. Ушул менин кыялымдагы Кыргызстан. Келечек жаштардын колунда дегендей, биз кыялыбыздагы Кыргызстанда жашагыбыз келсе азыртадан аракет кылышыбыз керек.
Мен Кыргызстандын онугуп осушун каалайм!
Жалал-Абад областы Тогуз-Торо району №1 Макмал мектеби 9 -б класс Ташманбетова Тахмина

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 11:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Турсуналиева Жаннат
Менин мекеним Кыргызстан. .. Айланасы бийик тоолорго оронгон, ажайып жаратылышы менен башка элдерди суктандырган, пейли кенен меймандос элим.
Кудайдын кулагы суйунсун, уйубуздон жылан чыкса, ак чачып чыгарып койгон ак пейлибизденби, мына озунче олко, эгемендуу эл, коз карандысыз мамлекетпиз.
«Манас» эпосун эле алалычы, кыргыз элинин баштан кечирип келген тарыхын, кылымдардан бери, ата - бабалардан мураска калган эл -жерди коргоого, сактоого ундоп ар бирибизди мекенчилдикке ундойт. Ал эми андагы урп адат, каада -салт, улуттук тилибиздеги сонун создор озунчо эле кенч эмеспи.
Биз адабият, тарых сабактарынан уркун, Улуу Ата Мекендик согушка байланышкан темалар менен таанышканбыз. Андан элибиздин башынан откон кайгылуу мезгилдер болгонун, куноосуз жаш балдардын, энелердин, кыргыз элинин жапа чеккенин билебиз.
«Эл таянган жер таянбайт» дегендей кыргыз калкым бири-бирине жардам берип адамгерчиликтуу жана намыстуу болсо, элибиз бири-бирине билим-илим жагынан жардамдашса, жумушсуздук да аз болуп кароосуз балдар. багылбаган ата-эне, жок болмок. Ошондуктан мен биринчиден кыргыз жеринде тынчтык болуп Кыргызстан башка олколорго оз маданияты, илими менен улуу алп жазуучу Чынгыздай дуйнону суктандырган адабияты менен тан калтырып тааныла беришин каалайм. Мен оз олкомдун онугуп гулдоосун томондогудей элестетем.
Ишкана, мекемелерде иштебесе да, уйунон компьютер менен иштеп иш менен камсыз болмок. Ошондо Кыргызстанда аз да болсо онугуу болмок. Жаштарыбыз дагы тил уйронуу, башка жерлерде иштеп алардын жакшы жактарын озубузго кабыл алууга жардам деп ойлойм. Мен кийин мектепти аяктаганда Германия же Япон олкосуно барып билимимди дагы терендетип жаштарга билим беруу менен Кыргызстанымдып гулдошуно аз да болсо салымымды кошкум келет.
Мен Мекенимдин зор ийгиликтерге жетишип гулдоп онугушуно ишенем, жана келечекте оз салымымды кошмокчумун.
№ 1 Макмал жалпы билим беруучу орто мектебинин 6-1 классынын окуучусу Турсуналиева Жаннат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 11:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кабылбек уулу Камилбек
«Кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм».
Мекен айылдан башталат демекчи, биз оз айылыбызды таза тыкан кармап айылыбыз учун ийгиликтуу жакшы иштерди жасасак мекенибиз албетте, онугот, осот жана созсуз гулдойт. Мен Кыргызстандын онугушун каалайм. Анткени менин тулуп оскон жерим суйуктуу сыймыктанар мекеним, Биз Кыргызстан да жашайбыз ошол учун сыймыктанышыбыз керек, анткени дуйно жузун кыдырсак да Кыргызстандай кооз, сулуу жерди эч качан, эч жерден табуу мумкун эмес го деп ойлойм. Кыргызстан бул дуйно жузун до эн кичине олко болсо да онугуп келуудо, дагы да онугушу учун аракет кылып колдон келген жардамыбызды беришибиз керек,
Биздин мекенибиз кичинекей, сулуу, кооз олко табияты тим эле коз уялтат. Жапжашыл болгон айлана чойросу, шаркырап аккан таза тунук суулары, бийик-бийик асман мелжиген тоолору, тоодон- тоого секирип ойногон кайберендери жана коптогон жаныбарларга бай олко. Кышы бою жапжашыл бойдон турган арчалары жана коптогон сонун жерлерди Кыргызстандан кездештирууго болот. Биз кыргыз болгон кийин эли, жерибиз учун куйуп таза иштеп жана мыйзамдарын так аткарышыбыз керек, ошондо гана биздин кичинекей, кооз мекенибизи созсуз онугот. Биз мекенибизде кандай гана кыйынчылыктар болбосун баарын женип отуп алдыга гана умтулуп биргеликте сабырдуу болуп жашоого умтулуудабыз. Кыргыз эли тарыхы кен эл.
Биз Манас эпосу менен сыймыктанабыз, Манас атабыз бир гана элим деп абдан кыйын кундорду башынан откоргон. Бизди бул кунго
жыргалыкка Манас атабыз алып келди, ошол учун Манас атабыздын элесин унутпай ал учун дуба кылып журолу.
Биздин мекенибиз онугуунун жолунда бара жатат. Биз президетибизге ыраазыбыз. Кыргызстанды гулдотуп, остуруп ушул жашоого алып келип койду. Аллага шугур президентибиз биз учун, эли жери учун жаштардын келечегин ойлоп куну- туну тынбастан, Кыргызстан учун аябай чон иштерди жасады. Кыргызстан ушул жол менен кетсе созсуз онугот, осот, гулдойт жана онуккон мамлекеттердин катарына созсуз кошулат. Кыргызстан бул кен байлыктарга бай олко. Алтын сымап, жез, калай, комур жана башка кен байльжтарга толтура. Биз аларды туура жана татыктуу иштетип алышыбыз керек. Оо, кыргыз элим, келгиле бир бололу, ынтымакта жашайлы, мекенибизди алдыга умутулушуна жардам берип, биргеликте ынтымакта жашайлы. Биз созсуз онугобуз кыргыз элим! Кыргыз элим учун жан дуйномдон журогумдон чыккан ыр саптарым.


Мен кыргызмын, кыргызымды мактаймын,
Кыргызымды эч убакта сатпаймын.
Кыргыз болуп жаралганмын бул дуйного,
Кыргызым деп кетемин мен бул дуйнодон.


Кыргызстаным оносун, сен ососун,
Кыргызстаным оркундойсун, гулдойсун.
Кыргызстаным сен бар учун мен бар,
Сен жок болсон, мен да жокмун кыргызым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 11:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жумашова Айдана
Кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалаим
Менин олком - Кыргызстан. Менин олком - ажайып керемет. Кок челген аска-зоолор, башынан ак кар,кок муз кетпеген тоолор, шынгыр ундуу тоо суулары, шынаарлаша бой керген карагайлар, тебелоого коз кыйбаган жашыл шибер, туркун гулдуу адыр,талаалар, деги койчу бейиштин тору сымал жергеме козум тойбойт. Дал ушул керемет жергемди ааламдашуу шартында кантип ажарын бузбай сактап, кантип туризмдин агымын буруп,гулдогон, онугуп- оскон мамлекетке айландыра алабыз деген ой акыл-эсимди аласалдырат.
Эгер менин кучум жетсе, балалык аруу тилек,ой- максаттарым ишке ашса,олкомду туризм тармагы менен гулдогон,бай, бакубат олкого айландырат элем.
Кантип? Албетте, бул учун эн ириде кучтуу билимге каныккан мыкты адистер керек. "Илим кокко жеткирет" демекчи, илимди,билимди оз олкобуздун онугуусу учун жумшаган жаштар кобойсо,женишке жетерибиз анык. "Бодонону сойсо да, касапчы сойсун дегендей, ар бир тармакка татыктуу билими бар,мекенчил адистер келсе,ар бир тармак мамлекеттин кучтуу рычагдарына айланмак. Келечекте мен дагы озум жактырган адистикке ээ болуп,туризм багытын жандандыргым жана аны олкобуз учун кирешелуу тармакка айландыргым келет.
Мен эмне учун туризм тармагын тандап алдым? Бейиштин тору сымал жергемдин суусу,ташы,чобуно чейин суктанган конокторду коп эле угуп журобуз. Демек,кыргыз жери ар бир келген турист учун жаны ачылыш,зор табылга. Болгону биз аларга дуйнолук дентээлдеги тейлоочу жайларды ачышыбыз керек. Кылымдык тарыхы бар Сулайман Too, Таш Рабат,Бурана мунарасы,Озгон
мунарасы сыяктуу тарыхый жайларыбыз да бир топ туристтерди тартууга дараметтуу жайлардан. Деги эле,Кыргыз жеринин табияты кандай адам болбосун журогунон тунок таап,озуно тартарын ушул жылы жайында келип, жергебиз менен таанышып,суктанып бутпой кеткен Малайзия олкосунун журналисттеринен деле байкасак болот.
Ал эми,коздун тамчысындай болгон Ысык- Колубузчу? Ысыктан качып,уч кунго шапшынып,кол жээгин таштандыга толтурган мекендештирибиз учун "колдо бар алтындын баркы жокм дегендей, анчейин ыйык сезилбесе, далай чет элдик конокторду бир коргондо ашык кылып,айланып даты бир келууго зар кылган, жан дуйного жагымдуу коз ирмемдерди калтырган ыйык кудуретке ээ экенин кантип танабыз.
Ал эми элибиздин меймандос пейилинен жаралган салт-
санаалары, урп-адат,каада- жоролголору - изилденип,айтылып буткус тема.
Ошондой эле, кадырман карыларыбыздын кулук таптаган саяпкерлиги, куш ундогон саятчылыгы, ит агытып,куш салган тарыхый онорлору да кызыктуу десем жанылышпайм. Тордун куту болгон уз энелерибиздин колунан жаралган , бутундой улуттун ан- сезиминен сызылып чыккан оюулардын чечмелениши эле - озунчо тарых. Дуйно эли танданып, бир кирип чыгууга куштар болгон -боз уйубуз, ой-кыялдын шандуу чабыттары тушурулгон шырдактар туристтерди тандандырып, олкобузго келууго суусата турган баалулуктар деп ойлойм.
Мына ушул сыяктуу улуттук баалулуктарыбызды, табигый кооз жайларыбызды, керилген корком
жаратылышыбызды, маданий жана тарыхый мурастарыбызды ширелишкен бир бутундукко айландырып, тейлоонун денгээлин которо алсак анда туризм бирден -бир кирешелуу тармакка айланары шексиз. Ошону менен бирге,жумушсуздуктун чечилишине да зор оболго болмок.
Ар бир келген чет элдик конокту олкобуздун онугушунун салым кошуучусу катары карасак. Муну айтканым,чет элдик десе эле чонтогу калын катары коруп,тоноого аракет кылып,туристтердин конулун айланткан корунуштор да бар экенин тана албайбыз. Ошондой эле, жогоруда мактанып оозум жыйылбай отурган ажайып сулуу жергемдин айрым учурда эс алуучулардын таштандысына толгон абалын коргондо ыйлагым келет. Мен муну жыл сайын эле айтылуу Чычкан капчыгайынан коруп, журогум ооруп, эрдимди кесе тиштеп, ”ээх" деп жургонум чындык.
Акырында айтарым,келгиле, кадырман кыргыз калкым! Ан-сезимдеги,
айланабыздагы, табияттагы,журум- турум,кылык-
жоругубуздагы "таштандылардан" арылалы, улуттук аруулуктарыбызга кайталы. Калкыбыз учун,мамлекетибиз учун аруу иштерди жасайлы. Кучтуу улут-кучтуу мамлекет. Кучтуу мамлекет учун колубуздан келген иштерди жасайлы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 15:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Тыныбекова Айгерим


Сүрөт

Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 15:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Kanatbekova Baktygul



Сүрөт
Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 15:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кутубек кызы Айдай

Сүрөт
Сүрөт

Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 15:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Медетбекова Мадина


Сүрөт

Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Январь 2016 - 15:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Бактыбекова Нуркыз


Сүрөт

Сүрөт
Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 23:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: