Суперстан: Учурга анализ... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Учурга анализ... Сиздин оюнуз?

#1 Пользователь офлайн   Арина   20 Январь 2010 - 15:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 488
  • Катталган: 07 Октябрь 09
  • Соңку аракети: 30 Июл 2018 16:35
  • Жынысы:Аялзаты

Саламатсыздарбы, форумчулар!

Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга баам салып, андан анализ чыгаруу максатында жаны тема ачылып турат. Сиз да четте калбай, ага карата оз ой-пикириниз менен болушунуз...

Урматым менен Арина
Эбак эле боштук ээлеп, баары күйгөн...
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Арина   20 Январь 2010 - 15:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 488
  • Катталган: 07 Октябрь 09
  • Соңку аракети: 30 Июл 2018 16:35
  • Жынысы:Аялзаты

1-АНАЛИЗ
Кыргызстандын жаны картасы

Советтер Союзу кулагандан кийин анын курамындагы ар бир мамлекет эгемендикке жетип, чек арасы аныкталып, олконун жери анын менчигине айланган. Бирок андан бери жыйырма жылга жакын убакыт отуп, Кыргызстан ар кимисине жерин таркатмай адат таап алды. Бул кетиш менен дагы жыйырма жылдан кийин Кыргызстандык окуучулар география сабагында Кыргызстандын башка картасы менен сабак отуп калышы толук ыктымал.

«Чу» дегенде эле, Озбекстанга Сох менен Шахимарданды карматтык. Андан бери Россияга Ысык-Колдон ракеталарын сыноочу жайды жана Кант авиабазасы учун жерди ижарага бердик. Ошондой эле Ганси авиабазасы да бир канча гектарды ээлеп жатат. Былтыркы жылы Тажикстан жана Озбекстанга Кыргызстандын жайыттарын топучандардын кызыл пулуна кызыгып, убактылуу бердик. Ал эми Кытай менен Казакстандын окуясы коомчулукта чон талаш-тартыш туудурганы бугунку кунго чейин белгилуу.

Кезекте дагы жерди карматуу кагазы турат. Ал Казакстандын Ысык-Колдо жайгашкан 4 пансионатынын 50 гектар жерди ээлеген аймагы. Болбогон 24 мин сом аренда акысы, бул казаксар учун 500 доллар, же бир отуруп жеп койгон пулу. Ал эми берилуу мооноту 49 жыл, ал мезгилде ким бар, ким жок, бул деген «кайтарылгыс» дегенге эле барабар.

Учурда озбек коншубуз да даярданып жатыптыр, «биздин эмнебиз кем» дегендей, алардын да 4 пансионаты бар экен.

Тарыхка кайрылсак, гунндардын Моде шануй деген каны болгон. Мына ушул гунндарга коншу юэчжилер алар менен согушуу шылтоосун таппай, биринчи жолу элчисинен Моде шануйдун аргымагын суратат. Моде шануй биринчи аксакалдары менен кенешкенде, акылдуулар бир ооздон «кандай акылары бар, аргымакты алганга» дегенине карабастан, кан элчиге атты карматат. Экинчи жолу аялын суратат, бул учурда баягы эле аксакал атанган соройлор юэчжилерди урушат, бирок хан аялын бере салат. Учунчусундо болсо, юэчжилер гунндардын такыр талаасын беруусун талап кылат, бул жолу да Моде шануй аксакалдары менен кенешкенде, алар «бул жерде эч нерсе оспойт, берип эле салганыбыз он» дешет. Ошондо хан «Жерди эч качан жана эч кимге бербейм, анткени жер мамлекеттин негизин тузот» деп, аксакалдардын баарын башын алып салат. Андан ары кылычын которуп, юэчжилерге согуш ачып, аларды талкалайт.

Демек, мекендештер, биз тарыхтан дале сабак чыгарган эмеспиз. Окмот башындагы адамдар арак ичкенди, же манты жегенди эле билишет. Анан бир кезде бир ууч топурак учун миндеген ата-бабаларыбыздын каны тогулгон жерди бироого пулдап жибергенди билишет.

Эгерде колунузда олкобуздун картасы бар болсо, буга чейин уккан кайсы бир олкого берилген жерди чийип отурсаныз, Кыргызстан бир топ тешиктерге толгон. Эми ошол чийилген жерлерди кайчы менен кыркып корунуз, колубузда Кыргызстандын жаны картасы пайда болот.

Оюнчукка айланган Кыргызстандын картасы дагы канчага кичирейет ага мезгил тараза…

Билдирүүнү түзөткөн: Арина: 20 Январь 2010 - 16:17

Эбак эле боштук ээлеп, баары күйгөн...
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Кыргыз Happy   20 Январь 2010 - 16:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 26 Февраль 09
  • Соңку аракети: 22 Фев 2020 12:34
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

мунун баарын билем бирок азыркы мезгилде колумдан эчтеке келбейт саясатка баруунун бир жолун билем азыр акча жыйып алайын анан скейин ошо болбогон "тварь" чиновниктерден тазалап мамлекеттик армияны кучоттуп ошондо анан кошуна мамлекеттер менен суйлошобуз
Не с первого взгляда, но до последнего вздоха,
Верю в любовь, в нас, в себя, верю в бога. (KREC)

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   azalove   21 Январь 2010 - 03:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 321
  • Катталган: 30 Январь 07
  • Соңку аракети: 24 Фев 2021 20:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Азаматсыз Арина!
Эн олутуу маселе которуп чыккансыз. Эн окунучтуусу биз ишенип шайлап алган аткаминерлерибиздин корсо да кормоксон, билсе да билмексен болушуп, оз капчыгын гана ойлогону. Карапайым элдин колунан эмне келмек э. " Каркыра кетти", "Узонгу-Кууш кетти" деп ичи орттонуп, тыбырчылап гана кала беришет тура чиркин. Кудайдан суранганым эле Кыргызыма куйуп-жанган адамдардын гана атыбызга минуу укугун алуусу эле.
Эн мыкты сот-абийирибиз! (Н.И.Гнедич)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Арина   21 Январь 2010 - 16:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 488
  • Катталган: 07 Октябрь 09
  • Соңку аракети: 30 Июл 2018 16:35
  • Жынысы:Аялзаты

2-Анализ
Кимдин баласы болосун?

Откон аптада «Кыргызпатенттин» деректири Улан Мелисбек Жогорку Кенешке кагазы менен бара калам деп, кагуу жеп кайтты. Бул тууралуу бир топ жалпыга маалымдоо каражаттары жазып, кыргыздын намысына шек келтирген дагы бир маселени которуп чыгышты. Чындап эле «кыргыздардын фамилиясы кандай болуш керек» деген суроонун тегерегинде дискуссиялар жаралды. «Талаштан тактык жаралат» демекчи, биз да тартышып королучу…

Тарыхый булактарды барактасак, элибиздин чыгаан инсандары томонкудой эсте калган: «Эрен Улук» (Улук – уруунун, же титулдун аталышы), «Асан Кайгы» (Кайгы – адамдык сапаты жана ырларынан улам лакап ат кошулган), «Толубай Сынчы» (Сынчы - кесиби), «Доолос Баатыр», «Манап Бий», «Эшим Хан», же «Курманжан датка»ж.б. Озунуз кубо болгондой эле, мурун кыргыз эли ар турдуу сапаттарын эске алган.

Анан эле советтер бийлиги орногондон кийин баарыбыз эле, «-ов,-ович», же «-ев,-евна» болуп кеттик. Козубуз ачылып, эгемендик колго тийгенден кийин, ушунчалык боштондукту сезгиси келдиби, иши кылып Аскар атабыз баарыбызды «уулу, кызы» кылып койду. Кудай билет, эми Курманбек атабыз кимди курмандыкка чалат экен?..

Заман-шартка жараша, Аскар атабыз озу да Маскоодо журот, угуп-коруп жаткандыр, орустар биздин «уулу, кызыбызды» тоотпой жаткан экен, паспорт столдо турган катар дагы катарга кошулду. Жогоруда айтылып откондой, Улан Мелисбекке окшоп «овун» алып салгандар, же «тегинин» кошуп алгандар кандайдыр бир денгээлде улуттук ан-сезимди ойготуу менен убара. Анан Жогорку Кенештеги акылдуу корунгондору «Улан Мелисбекпи», же «Мелисбек Уланбы» деген сыяктуу анкоо суроолорду узатышты. Андайда жон турбаган биздин Улан Мелисбек «Барак Обаманы» мисал кыла койду. «Ким анын аты менен фамилиясын алмаштырып жатыптыр» деп суроону капталынан койду.

Эми мындай да, мекендештер, айылга барып калганда аксакалдар бизден «Кимдин баласы болосун» деп сурашат. Оз учурунда биз «Паланчанын баласыбыз» деп жооп беребиз. Мына жооп. «Корбогондор кор болсун» демекчи, бешенебизде турган «тоону», «бээ» дегендей болуп жатабыз. Мисалы, аксакалга «Паланчоев Паланча Паланчовичтин баласымын» деп жооп берсек, «Атандын кору» деп жооп угарыбыз анык.


Ошондуктан, атыбыз жана фамилиябызды деле, «Максим Курманбек», же «Бермет Аскар» деп атаган эн ынгайлуу. «Уулу, кызын» кошкудай, биз эмне козубуз кор беле, эки жынысты айырмалай албаган. Анын устуно кудай сактасын, азыр баягы жынысын алмаштырган акыр замандын адамдары кыргыздарда дээрлик жок. Кептин баары анда деле эмес, озу…


Муну менен Улан Мелисбектин жанын тарткан деле жерим жок. Болгону колдогу алтындын да баркына жетсек деген соз.

Кандай болгон кундо да, бул маселе бийлик тарабынан каралмай сайын, бир тарапка чечилбейт. Анын устуно азыркы президентибиздин дагы кандай фокус чыгарып жиберери – табышмак, ага эми мезгил озу тараза…[/color]

Билдирүүнү түзөткөн: Арина: 21 Январь 2010 - 16:25

Эбак эле боштук ээлеп, баары күйгөн...
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   22 Январь 2010 - 16:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Цитата

1-АНАЛИЗ
Кыргызстандын жаны картасы

Советтер Союзу кулагандан кийин анын курамындагы ар бир мамлекет эгемендикке жетип, чек арасы аныкталып, олконун жери анын менчигине айланган. Бирок андан бери жыйырма жылга жакын убакыт отуп, Кыргызстан ар кимисине жерин таркатмай адат таап алды. Бул кетиш менен дагы жыйырма жылдан кийин Кыргызстандык окуучулар география сабагында Кыргызстандын башка картасы менен сабак отуп калышы толук ыктымал.
....................
...........
.....
Оюнчукка айланган Кыргызстандын картасы дагы канчага кичирейет ага мезгил тараза…


Туура анализ жасаптырсыз, бийликке татыктуу адам келбесе мындай тешиктер кобойо берет.
Эмнегедир мага, бийликке келгендер "случайно" келип калган адамдардай сезиле берет. Президентибиз баш болуп.
Мурдунан алыс коро албайт деп коюшат эмеспи элибизде,5-10 жылдан кийин, 50 жылдан кийин биздин мамлекетибиз кандай абалда болот эч кимдин иши жок

Цитата

Парламент Ысык-Көлдө жер участокторун ижарага берүүнү жактырды
Бүгүн Жогорку Кенеш тарабынан «Кыргыз өкмөтү менен казак өкмөтү нүн ортосундагы Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору кабыл алынды.Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовдун маалыматына караганда, 2008-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимге ылайык, Ысык-Көл аймагында жайгашкан 4 эс алуу жайы Казакстандын менчиги катары таанылган.Эс алуу жайларынын жалпы аянты – 58,8 гектар. Ал жер ижарага 49 жыл мөөнө т менен берилген. Буга чейин ижара акысы мыйзамдуу түрдө төлөнбө й келген. Эми мыйзам алкагына киргизилип, азыр ижара акысы 1 коэффициенти менен белгиленип, башкача айтканда 1 гектар жерге жылына 24 миң сомдон ижара акысы төлөнө т. Ал жерге эки жыл аралыгында 3 жана 4 жылдыздуу мейманканалар салынууга тийиш. Эки тараптуу келишимге ылайык, жергиликтү ү калк эс алуу жайларына эркин кирип-чыгышат. Анткени, мыйзам боюнча парк-пляж тилкеси жалпы пайдаланылуучу жер болуп саналат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. (AJ)

азаттык сайты

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Sagy   26 Январь 2010 - 20:56

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 751
  • Катталган: 15 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 31 Янв 2017 11:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:г.Бишкек

Качан митингге чыгабыз???
Киргиз, суйлоп корчу таза кыргызча,

Ким билет, балким кылбас ашыкча.

Киндик канын тамса Кыргызда,

Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Kirgizjigit   09 Апрель 2010 - 20:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 486
  • Катталган: 26 Май 09
  • Соңку аракети: 13 Янв 2016 05:54
  • Жынысы:Эркек

Цитата

мунун баарын билем бирок азыркы мезгилде колумдан эчтеке келбейт саясатка баруунун бир жолун билем азыр акча жыйып алайын анан скейин ошо болбогон "тварь" чиновниктерден тазалап мамлекеттик армияны кучоттуп ошондо анан кошуна мамлекеттер менен суйлошобуз



MEN SENIN MAMLEKETTIK ARMIYANI KU4OTUU DEGENINE TOLUK KOWULAM.
SEBEBI ARMIYA KU4TUU BOLBOSO OLKONUN SOZU DA OTPOYT E4 KIM DA KORKPOYT. ANAN JERLERIBIZGE KOZ ARTIP TARTIP ALA BERET.
KU4TUU ARMIYA SANI AZ BOLSO DA SAPATTUU BOLUWU KEREK.
MAMLEKETTIN AK4ASIN JEP JOGOTKONDORDUN KUNOOSUN MOYNUNA KOYUP ANAN PLOWATKA ALIP 4IGIP EL DUWMANI DEP ASIP JE ATIP SALIW KEREK.
KOP BOLSO 1 JE 2 ELE KIWI OLOT ANAN KALGANI MEN MURDA MIN4A ALDIM ELE DEPOZDORU ALIP KELIP BERIWET.
OLKOSUNUN AK4ASIN UURDAGAN KIWI AL OLKONUN DUWMANI. TESKERISIN4E BAWKA OLKODON UURDAP KELBEYBI KIYIN BOLUWSA.
Сырыңды айтпа досуна, досундун да досу бар айтат досуна !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   karyshkyr   09 Апрель 2010 - 21:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 20 Август 08
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек

men 7siden kiyinki okuyalar jonundo ukkum kelet, osholorgo analiz jurguzunuzdorchu.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Ак куу   13 Апрель 2010 - 12:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 667
  • Катталган: 16 Февраль 09
  • Соңку аракети: 13 Июн 2012 18:21

С. Бакиев Россияга баш ийбей койгондуктан ушундай болду деп ойлойм, буга кандай десинер?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   elif   13 Апрель 2010 - 13:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 021
  • Катталган: 01 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 21 Янв 2019 03:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Туркия

Цитата

С. Бакиев Россияга баш ийбей койгондуктан ушундай болду деп ойлойм, буга кандай десинер?

meniin oyum da oshondoy,bul jashiruun jurguzulgon politikalik sir bolso kerek jana bunun bashinda bashtagan adamdar da kirgizdin satilip ketken 'oyunbuzarlari' ,bashka karap oturup kee birkisinin da (Bakievdin dushmandarinin)onoyu
na kelip koshulup ketti.Karap okup korgulo kirgizdar emes duyno da bundan shek sanap jatat.Komentariylerd
i okusam Orustar kirgizdardi onoy ele satip alip kaalaganinday oynotup jatat deshiptir:
КЫРГЫЗСТАН. Бакиев имел в виду путинских киллеров?
Время публикации: 12 апреля 2010 г., 14:18

Президент Кыргызстана Курманбек Бакиев пригрозил ответными мерами, в случае, если будет предпринята попытка его убить, сообщает Reuters.
«Я бы хотел предупредить тех, кто охотится за мной: не будьте наемными киллерами, поскольку это лишь принесет огромную трагедию этой стране», — сказал он.
«Если они прибегнут к силе, то те, кто меня окружают, этого не допустят, что приведет к кровопролитию», — заявил Бакиев.

Andan kiyin baska bir temadan uzundu:

Сегодня мы разговариваем с нашими коллегами, убеждаем их, что должны прекратить митинг. Уже сейчас мы должны сказать спасибо народу, который нас поддержал, и уговорить их разойтись», — сказал на пресс-конференции один из руководителей оппозиционного движения «За реформы» Азимбек Бекназаров.
Напомним, что киргизская оппозиция начала бессрочный митинг на центральной площади Бишкека после того, как президент Курманбек Бакиев не внес в парламент поправки в конституцию, которые предусматривают ограничение президентской власти в стране.

Также в этом разделе


ИНОПРЕССА. Запад считает, что за переворотом в Кыргызстане стоит Россия
Время публикации: 9 апреля 2010 г., 22:44
Обсуждая последние события в Кыргызстане, иностранные СМИ делают предположения, что, по всей видимости, не обошлось без вмешательства России в организации государственного переворота в этой стране.
По мнению британской газеты The Guardian, несмотря на заверения премьер-министра РФ Путина, что Москва не имеет отношения к происходящему в Бишкеке, «макиавеллиевские» манипуляции России в Киргизии и других среднеазиатских республиках СНГ в эпоху правления Путина вошли в норму. По мнению газеты, заинтересованность России в возвращении влияния в Кыргызстане очевидна — в вопросах контроля над стратегическими запасами энергоносителей и транзитными коридорами Москве приходится конкурировать с Китаем и США, также имеющими своими интересы в регионе, пишет InoPressa.

Как считает британская газета, Путин не забыл Бакиеву двойную игру, которую он вел при решении судьбы военной базы «Манас». Пообещав России закрыть американскую базу и получив от Москвы безвозмездный грант на 150 млн долларов и льготный кредит на 300 млн долларов, Бакиев неожиданно отказался от своих обязательств. Правительство Кыргызстана в июне 2009 года приняло решение сохранить военную авиабазу США, переименовав ее в Центр транзитных перевозок. В 2010 году стало известно об открытии еще одного военного объекта США на территории Кыргызстана — учебного центра в Баткенской области.
все что ни делается все к лучшему :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   aijana.osh   15 Апрель 2010 - 09:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 262
  • Катталган: 02 Февраль 07
  • Соңку аракети: 02 Май 2017 10:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кечээ РФ нын президенти Медведев теледен суйлоду (Барак Обама Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларга коз карашыныз кандай) эгерде азыр биз болуп жаткан кырдаалда элге жардам берип токтотуп калбасак анда,Кыргыстанда граждандык согуш болоору алдында турат,экинчи Афганистан болот деп суйлоду.Биро андан кудайым сактасын,чондор бир ымалага келишсе экен,карапайым калкка эле жаман.
Лучше сделать и жалеть, чем не сделать и
жалеть.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Debi   17 Апрель 2010 - 22:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Окуяны тушунуш учун аналитик болуунун деле кереги жок, баары айкын болду" деп айтылгандай эле болду менимче. Иши кылып кандай баа менен болсо да бийликти колдон чыгарбоо учун болгон айоосуз күрөш. Элдин дүрт эте алоолоп кете турган оттой чыңалып калган нааразылыгы. ..
Учурга анализ, мммм.... Убактылуу өкмөттү н сөз менен ур-соккуга алынып жатышы жаман эле көрүнү ш, элибизге жакшы ат бербейт. Бүтүндө й бир элдин тагдырына тиешелүү суроолорду чечүүнү н өзү оңой-олтоң иш эмес да. Он кундун ичинде эмне деген гана создор айтылган жок. Эмне булар бийликке келип алышты... Карышкырлар, мансапкорлор, өлүмгө себепкерлер. .. деги койчу. Жеке мен мындай создорго жуйолуу себеп деле коро алган жокмун. Дагы канчалаган создорго каршы турууга туура келет. Россия менен Американы кийлигиштирбей чече алышпайбы деп да жатышат. Россиянын башкаруусу менен кылып жатышат дегендер да бар. Ак уй алынган жагынан лидерлердин тиешеси жок делип жатат. Каза болгондор жагынан лидерлер куноолуу болуп жатат. Бийликти эл озу алды дешет дагы, Россиянын кийлигишү үсү болду дешет. Ар бир созубуз учун Кудайдын алдында жооптуу экенибизди билсек, чындык басымдуулук кылмак.
Бакиевдин кеткенине кубангандар бир топ эле басымдуулук кылып жатат. Бирок убактылуу өкмөткө деле ишеним көрсөтпө й жаткандар басымдуу болгону айоо сезим ойготот. Ишеничке кирүүчү тарапта айып барбы, же ишеним көрсөтү үчү тараптабы, дегеле ишенбестик өзү өлкөнү н өсүшү үчүн терс көрүнү ш да. Элдин ушундай бардыгын жаман жакка жоруганга ык алып калган абалы аянычтуу. Ооба, адамга таянуунун өзү акылсыздык болмок. Эгерде анын "ангел" эмес экенин тушунуп анан умутту ага артпай жатышса макулмун. А эгерде андан кынтыксыз жеткилең дикти талап кылып жатышса, адамдын колунан келбеген нерсени талап кылып жатышкан болмок да, албетте, талаптары орундалбай, акыры көңү л калуу, өкүнү ч болмок. Адам Кудайга арта турган үмүттү адамга артып алышып, жанылышышат. Ушул тууралуу сүйлөшү п отуруп курбум экообуз, ал айтып калды: "Убактылуу өкмөттө гүлөр такыр ушуну айтпай жатышат. Кайрылууларында бир айтышса болмок, биз деле жаңылышыбыз мүмкүн, каталык кетпей койбойт да деш керек эле. Элдер буларга эле ишенип албас үчүн" . Эл азыр мындайды такыр уккулары келбесе керек деп ойлодум мен. Өзгөчө буларга ишеним артып, үмүтү тоодой болуп жаткандар. Алар заматта олкону гулдоп, жыргалчылык орношун каалап жатышса керек. Анан ошентет деп жаткан адамдары эле "бизге ишенбегиле" десе. Шаабайлары сууй түшмөк деп ойлойм. Бирок бул талашсыз чындык да, алар жаңылбай койо албайт. Ошондуктан бир гана Кудайга үмүт артыш керек, эмгектенип, эмгегине Кудайдан бата тилеш керек ар бир адам.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 17 Апрель 2010 - 23:01

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Таллас   17 Апрель 2010 - 23:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Бизде, мин МВД сабоо салтка айланып калды бейм? Бүгүн Жалал-Абаддан Б.Шерниязовду сабашыптыр го? 24.кг дан окудум

Цитата:
Успокоить разбушевавшихся милиционеров прибыл сам министр ВД. Однако речь Болота Шерниязова получилась короткой. Его вытащили в толпу и стали избивать. Только вмешательство начальника милиции города Джалал-Абада спасло «революционного» силовика от неминуемых увечий. Добежав до машин сопровождения, Болот Шерниязов сел в одну из них. Недовольные милиционеры отъезжающий кортеж стали закидывать баклажками и камнями.

"http:/ /24.kg/communi...my-zaxvaty. html"
Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   vais   18 Апрель 2010 - 21:57

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Цитата(Taллаc @ 17.4.2010, 23:47) <{POST_SNAPBACK}>Бизде, мин МВД сабоо салтка айланып калды бейм? Бүгүн Жалал-Абаддан Б.Шерниязовду сабашыптыр го? 24.кг дан окудум

Цитата:
Успокоить разбушевавшихся милиционеров прибыл сам министр ВД. Однако речь Болота Шерниязова получилась короткой. Его вытащили в толпу и стали избивать. Только вмешательство начальника милиции города Джалал-Абада спасло «революционного» силовика от неминуемых увечий. Добежав до машин сопровождения, Болот Шерниязов сел в одну из них. Недовольные милиционеры отъезжающий кортеж стали закидывать баклажками и камнями.

"http:/ /24.kg/communi...my-zaxvaty. html"[/quote]
Буга тан калуунун кереги жок.Ньютондун 3-законунун негизинде ар кандай кучко каршы куч табылат. Ошондуктан саясий маселелерди чечкенде парасат менен, акыл менен иш кылуу керек. Шерниязов Таласка барып куч колдонуу жолу менен мыйзамдуу бийликке каршы акцияларды уюштурган. Ал жерде милициялар сабалган. Ал эми Конгантиев тууралуу ОРТдан корсотулгон кадрлар бут дуйнону тан калдырды. Негизи Шерниязовдун МВДны жетектегенге моралдык укугу барбы деген суроо туулат. Анткени, кадровый офицерлердин айтымында ал сугубо гражданский адам, акыркы убактарда органда иштеген эмес.

Билдирүүнү түзөткөн: vais: 18 Апрель 2010 - 22:01

Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   adalsvards   19 Апрель 2010 - 13:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Учурга "философский" анализ...

Кол чатыр…

Жаздын жарымын жашап койсок да, кыйратып кундун козун жакшылап корбодук. Эртен менен кун жылмайып чыккансыйт, бирок туштон кийин эле булут каптап, кечке жуук суук шамал менен коштогон жамгыр тогот.

Мына ушундай эле кундордун биринде, аркырап соккон шамал жана чакалап жамгыр откон мезгилде алыскы айылдан келген автобус шаардагы бекетине токтойт. Ичинен «ичикий» деп тушкон жургунчулор менен картан абышка акырын автобустан чыгат. Карарган асманды карап, ак калпагын ондоно абышка базарды коздой жоноду. Кубуроно «жамгырдын куйганын кара» деп, кол чатыр сатылуучу жай издей баштады. Коктон издегени жерден табылып, «кашайган чал картайыпсын, алдында турганды корбой» дей, кол чатыр саткан кызга жакындады.

- Айланайын кызым, бул кол чатырларын канча сомдон деги?

Абышканын суроосун андабай уккан кыз алгач чалдын кебетесине бир карады. Анан конулу жок:

- Сизге кандайы керек эле, турдуусу бар да, ата?,-деп жооп берди.

- Ии, ошондой дечи, бир кезде кол чатырдын бир эле туру болор эле, корсото бер, айланайын, мен деле коптон бери базар кыдырган адам эмесмин,-деди абышка.

Ансыз да соодасы жок отурган кыз жуздогон кол чатырдын ичинен таягы менен турткулоп, тушундуро баштады:

- Мына бул жаш балдардыкы, бул сизге болбойт. Бул аялдардыкы, бул да жарашпайт. Мына, мына булар туура келет. Бул кытайдыкы – эн арзаны. А, ата, сизге канча сомдугу керек?

- Ии, кызым, пенсия аз болсо, арзаныраагы эле керек, эми бул кол чатырынды деле дайыма эле пайдаланбайбыз. Анан арзан десе, таптакыр эртен тамтыгы чыгып кала турганын бербе, илгеркидей сапаттуусун бер!

- Аа, анда сизге «российский » берейинби? Бирок, мунун баасы кымбат да!

- Илгери арзан эле!

- Ата, ал мезгил отту-кетти. Туркияныкы бар? Мунун деле сапаты жакшы, бирок баасы орто.

- Алардыкын албапмын , ошон учун мага таанышын эле корсот.

- Ата, ал десем болбойсуз, бул десем болбойсуз, сиз албайт окшойсуз?

- Кызым сен мага жакшысын , бирок баасы ото кымбат эмесин корсотпойсунбу?

- Андай кол чатыр жок менде! Ары жылыныз, ата.


Кыздын корс суйлогонуно ачууланган абышка базардан куулоно кантип чыкканын билбей калды. Чиркин, жамгыр дале тогуп жатыптыр. Ичинен какыс-кокус создорду суйлоп алган аксакал башы оогон жакка басып бара жатты. Он муноттун ичинде ич кийимине чейин суу болгон абышка аялдамага жетип келгенде, анда турган океандын ар жагынан келгенби, же бер жагынан келгенби, иши кылып, бир чет олколук, озунун чоон кол чатырына абышканы жамгырдан жашырып алмак болду. Абышка анын жоругун туура тушунсо да, «кереги жок» деп, жамгырдын алдына туруп берди.


- Атан кору, таш жаап жатыптырбы, тим эле чатырын тосот. Эч нерсе болбойт. Бул кундор да отот! Биз дагы бир кун оз пулубузга сеникиндей кол чатыр сатып алып, жамгыр эмес, таш жааса, тосо турган бекем жана сапаттуусун алган кун келер…


Абышка созун аяктабай жатып, жамгыр тып басыла, коптон куткон кун жылмая корунду…

Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 19 Апрель 2010 - 13:24

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Атасынын баласы   19 Апрель 2010 - 13:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 472
  • Катталган: 25 Март 08
  • Соңку аракети: 16 Июн 2021 09:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кайда барбайын Мамайдын кору болуп калыптыр. Башым МАН...
Хорошо когда собака - друг,
Но очень плохо когда друг - собака!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Атасынын баласы   19 Апрель 2010 - 13:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 472
  • Катталган: 25 Март 08
  • Соңку аракети: 16 Июн 2021 09:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цитата

Учурга "философский" анализ...

Кол чатыр…

Жаздын жарымын жашап койсок да, кыйратып кундун козун жакшылап корбодук. Эртен менен кун жылмайып чыккансыйт, бирок туштон кийин эле булут каптап, кечке жуук суук шамал менен коштогон жамгыр тогот.

Мына ушундай эле кундордун биринде, аркырап соккон шамал жана чакалап жамгыр откон мезгилде алыскы айылдан келген автобус шаардагы бекетине токтойт. Ичинен «ичикий» деп тушкон жургунчулор менен картан абышка акырын автобустан чыгат. Карарган асманды карап, ак калпагын ондоно абышка базарды коздой жоноду. Кубуроно «жамгырдын куйганын кара» деп, кол чатыр сатылуучу жай издей баштады. Коктон издегени жерден табылып, «кашайган чал картайыпсын, алдында турганды корбой» дей, кол чатыр саткан кызга жакындады.

- Айланайын кызым, бул кол чатырларын канча сомдон деги?

Абышканын суроосун андабай уккан кыз алгач чалдын кебетесине бир карады. Анан конулу жок:

- Сизге кандайы керек эле, турдуусу бар да, ата?,-деп жооп берди.

- Ии, ошондой дечи, бир кезде кол чатырдын бир эле туру болор эле, корсото бер, айланайын, мен деле коптон бери базар кыдырган адам эмесмин,-деди абышка.

Ансыз да соодасы жок отурган кыз жуздогон кол чатырдын ичинен таягы менен турткулоп, тушундуро баштады:

- Мына бул жаш балдардыкы, бул сизге болбойт. Бул аялдардыкы, бул да жарашпайт. Мына, мына булар туура келет. Бул кытайдыкы – эн арзаны. А, ата, сизге канча сомдугу керек?

- Ии, кызым, пенсия аз болсо, арзаныраагы эле керек, эми бул кол чатырынды деле дайыма эле пайдаланбайбыз. Анан арзан десе, таптакыр эртен тамтыгы чыгып кала турганын бербе, илгеркидей сапаттуусун бер!

- Аа, анда сизге «российский » берейинби? Бирок, мунун баасы кымбат да!

- Илгери арзан эле!

- Ата, ал мезгил отту-кетти. Туркияныкы бар? Мунун деле сапаты жакшы, бирок баасы орто.

- Алардыкын албапмын , ошон учун мага таанышын эле корсот.

- Ата, ал десем болбойсуз, бул десем болбойсуз, сиз албайт окшойсуз?

- Кызым сен мага жакшысын , бирок баасы ото кымбат эмесин корсотпойсунбу?

- Андай кол чатыр жок менде! Ары жылыныз, ата.


Кыздын корс суйлогонуно ачууланган абышка базардан куулоно кантип чыкканын билбей калды. Чиркин, жамгыр дале тогуп жатыптыр. Ичинен какыс-кокус создорду суйлоп алган аксакал башы оогон жакка басып бара жатты. Он муноттун ичинде ич кийимине чейин суу болгон абышка аялдамага жетип келгенде, анда турган океандын ар жагынан келгенби, же бер жагынан келгенби, иши кылып, бир чет олколук, озунун чоон кол чатырына абышканы жамгырдан жашырып алмак болду. Абышка анын жоругун туура тушунсо да, «кереги жок» деп, жамгырдын алдына туруп берди.


- Атан кору, таш жаап жатыптырбы, тим эле чатырын тосот. Эч нерсе болбойт. Бул кундор да отот! Биз дагы бир кун оз пулубузга сеникиндей кол чатыр сатып алып, жамгыр эмес, таш жааса, тосо турган бекем жана сапаттуусун алган кун келер…


Абышка созун аяктабай жатып, жамгыр тып басыла, коптон куткон кун жылмая корунду…




Эн жакшы жазылган... Философиялык мааниси кучтуу экен.
Хорошо когда собака - друг,
Но очень плохо когда друг - собака!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   LIFE   19 Апрель 2010 - 13:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Абышка созун аяктабай жатып, жамгыр тып басыла, коптон куткон кун жылмая корунду…


Адалс, жазуучулук шыгыңа таң бердим! Азыматсың ! Аябай кейиштүү ... абалыбыздын ошондой болгонуна. Балким, биз окуган аңгемедеги жонун күнгө кактап эс алгысы келген абышканын чыныгы жашы 2200 жыл болуп жүрбөсү н... Же, мен жаңылып жатамбы?!....
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   aijana.osh   20 Апрель 2010 - 05:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 262
  • Катталган: 02 Февраль 07
  • Соңку аракети: 02 Май 2017 10:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Дагы эмне болуп жатышат,кечээ Бишкекте дагы которулуш башталыптыр. Теледен тынбай корсотуп жатат.Эмне эле болуп жатабыз.Дагы адамдар олуптур.Орустардын журналисттери айтып жатышат:Оздорунун жергиликтуу телевидениелери конуп деле калышыптыр деп.Бул эмне деген шумдук,эмне деген корунуш!
Лучше сделать и жалеть, чем не сделать и
жалеть.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 23:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: