Азамат кызы Алтынай
Кыргыз жерим гулдоп осушун калайм.
Мен кыргызстанда туулгам. Менин олком осушу учун оз кучумду жумшайм. Эгер биз олкобуз осушун каласак биз ынтамактуу иш жургузубуш керек. Дагы биз озубузго эле ишенбей бизден кийинки келечектеги балдарыбызга ишенуу керек.
Азыртан эле биз мекенди жакшы уйротсок келечекте биздин балдар кыргызстанды чон-чон иштерди жургузуп кыргыз жерибиз гулдотуп остурушот. Кээ бир адамдар жол эрежесин бузуп канчалаган адамдар каза болуп жатат. Мен кыргыз жерим осушун калайм: себеби мен ушул жерде торолуп, киндик каным тамган жерим. Бул мекендин гулдошуно салымымды кошкум келет. Бул мекенде адамдар оздорун жакшы, адептуу алып журсо, тазалыкты сактаса, ынтымактуу жана бирдиктуу иш кылса, кыргыз жерибиз гулдоп осот. Мен келечекте кыргыз жерим, шаарымдын гудоп калайм. Ошондуктан мен азыртан эле жакшы окуп, билимдуу болсом, ата-энеме жардам берсем бул да салым кошуу. Бирок кыргыз жерибиз гулдоп осушу учун биринчиден ынтымактуу болуу керек. Ынтымак болсо кыргыз жерим шаарым осот. Мен кыргыз жеримди аябай жакшы кором.
Ош шаары «Керме-Тоо» мектеби 7в-класс. Азамат кызы Алтынай
КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "7-канал" телеканалы уюштурган сынакка келген дил баяндар (Баткен облусу) КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "7-канал" телеканалы уюштурга
#42 21 January 2016 - 17:21
Турдали кызы Фатима
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалаймын.
Ассалому алейкум, Малазиядагы кыргыз элчилиги жана 7- каналдын жалпы чыгармачыл жамааты. Сиздердин ушул жаш муундар үчүн көтөргөн бул темаңыздар мага шыгыма-шык, демиме- дем берип, кагаз- калем кармап өз оюмду кагаз бетине түшүрүүгө аракеттендим. Тема айтып тургандай эле биздин өлкө көп улуттуу болгондуктан, кайсы улуттан болгондугубузга карабай ынтымактуу болушубуз керек. Ошондой эле үй бүлө кичинекей мамлекет болгондуктан, ата- энелерибиз ынтымактуу, ыймандуу, билимдүү болгондо гана бизге татыктуу тарбия бере алат деп ойлоймун. Чоңдорубуз да куруу убадаларды бере бербестен бала- бакчаларды, мектептерди, спорт залдарды ж.б. калкка зарыл болгон ишканаларды куруп берсе, ата- энелерибиз Россия, Казакстан ж.б. чет өлкөлөргө кетпестен Кыргызстанда эле эмгектенишсе анда мамлекетибиз гүлдөп өсүшүнө өз салымдарын кошоор эле.
Россиядан келген акчаны да сарамжалдуу пайдаланышпастан көп бөлүгүн кафе, ресторан, аш –тойдогу бири –бирине арзыбаган кайдагы керексиз белектерге сарпташып жатышат. Ошентип керексиз нерселерди белекке берип отуруп айланабыз эч кимге керексиз, пайдасыз таштандыга толуп олтурат.
- Келгиле достор!
Мекенибиз ушундай баш аламан турган мезгилде, өлкөбүздүн жеңилин жерден, оорун колдон алалы. Илимдүү, билимдүү жаштардан болуп Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө өз салымыбызды кошуу менен Курманжан датка энебиздей мээримдүүчечкиндүү, Абдыкадыр Орозбеков атабыздай талыкпаган, Апсамат Масалиев атабыздай ыймандуу, чындыкты туу туткан, таза, Чыңгыз Айтматов атабыздай дүйнөнү дүңгүрөткөн жаштардан болуп, Кыргыз жеримди гүлдөтөлү. Аталарыбыздай тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калууга чакырып кетем.
Кучагын жайып кирип келе жаткан жаңы жыл жаңылануунун, тынчтыктын, билимдүүлүктүн, ийгиликтин жылы болсун!
Дагы бир жолу жаңы жылыңыздар менен!
Сиздерди терең урматоо менен
Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Майдан айылындагы №11 “Исфайрам” орто мектебинин 7-б классынын окуучусу Турдали кызы Фатима

#43 21 January 2016 - 17:21
Алишеров Арсен
«Мен Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүн каалаймын»
Кыргызстан көп улуттуу мамлекет. Кыргызстанда жүздөн ашык улуттун өкулдөрү жашайт. Быйыл Кыргыз Республикасы өзүнүн Эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгын белгиледи. Кыргызстан администрациялык- аймактык жактан 7 облустан турат. Алардын ар бири өзүнчө өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Алсак, Талас облусу төө буурчак, Нарын облусу мал чарбачылыгы, Ысык-Көл облусу касиеттүү көлү, Ош облусу Сулайман тоосу менен айырмаланат. Ал эми «Жетинин бири кыдыр» демекчи, менин сүйүктүү мекеним жетинчи болуп түзүлгөн Баткен облусу дүйнөгө өзүнүн касиеттүү Айгүл гүлү, даамдуу өрүгү жана күрүчү менен даңазаланып келет.
Алмустактан бери эле кыргыздар өз жерин Ата мекен, Ата журт, Ата конуш, деп атап, ата деген сүздү баалап-барктап келишкени бекеринен эместир. Дүйнөдө кыргыз жериндей кооз ажайып жер бар болду бекен?! Жок. Анткени, Кыргызстан ажайып кооз жаратылышы, аскалуу Ала-Тоосу мөлтүр кашка суулары, меймандос, берешен калкы менен башка өлкөлөрдөн айырмаланат. Мындан сырткары, кыргыз эли комуз, калпак, боз үй, жылкы, «Манас» эпосу, Ала-Тоосу, Ысык-Көлү сыяктуу ыйык туткан улуттук касиеттери, каада-салттары, улуттук кийимдери менен өзгөчөлөнөт. Ар кимдин туулган жери өзүнө Мисир деп койот. Мен кыргызмын деген ар бир инсан бөлөнгөн бешигин, төрөлгөн үйүн, киндик каны тамган жерин өтө ыйык көрүп жана ал үчүн кара жанын да аябашы керек деп ойлоймун.
Мен Кыргызстанды сүйөм. Анткени, ал менин Мекеним. Кыргызстан Президентибиз Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин жетекчилигинде күндөн-күнгө өсүп өнүгүүдө. Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин шайланганына 1-декабрда 4 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта анын демилгеси менен өлкөбүздүн аймагында республикалык бюджеттин эсебинен көптөгөн мектептер, бала бакчалар, турак үйлөр, ооруканалар, чек ара заставалары ж.б социалдык объектилер курулуп пайдаланууга берилди. Ал эми жолдор асфальттанып, ГЭСтер курулуп калкыбыздын бир катар социалдык маселелери чечилип, жашоого жакшы шарттар түзүлө баштады. Ошентип, өнүгүү жолуна түшкөн Кыргызстанымдын калкы 26-ноябрда 6 миллионго жетти. Өлкөбүздүн келечеги али алдыда. Республикабыздын аймагы тоо кендерине бай өлкө. Биздин жетекчилерибиз ошол тоо кендерин казып, ишке киргизип, өзүбүздө өстүрүлгөн айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларды ачса, коррупцияны жойсо, элибиздин жашоосу оңолуп, өлкөбүз өнүгүп, социалдык-экономикалык жактан өсүштөр болот деп ишенем.
Биздин Баткен облусундагы дагы бир көйгөйлүү маселелерибиздин бири бул чек ара. Жыл сайын биздин аймакта тажик, өзбек туугандар менен чыр-чатактар болуп келет. Биз тынчтыкта жашагыбыз келет. Ал үчүн мен, бардык Кыргызстандыктарды ырыс-ынтымакка, биримдикке, сабырдуулукка, өз Мекенин сүйүүгө чакыраар элем. Анткени, «Кошунаң тынч, өзүң тынч» демекчи качан гана элибизде тынчтык, биримдик болсо, өнүгүү болот деп ойлоймун. Ошондо гана Кыргызстан өнүгүүнүн өр жолуна түшүшүнө терең ишенем. Мен Кыргызстандын өнүгүшүн каалаймын. Буюрса, Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин алдыдагы максаттары ишке ашса, биз сөзсүз өнүгөбүз. Анткени, Президентибиз жаңы жылга карата дагы көптөгөн жаңы мектептерди куруп, бала бакчаларды ачып, келечектеги бизге окшогон жаш муундардын татыктуу жашоосуна кам көрүп жаткандыгы бизди кубандырат.
Мен Баткен шаардык № 3-Айтпай Имаров Кызыл Топу атындагы орто мектебинин 7-в-классынын окуучусу болгонума абдан сыймыктанам. Анткени, шаардын борборунда курулган бул 3 кабаттуу мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, Президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ачылган.
Алишеров Арсен, Баткен шаардык № 3 Айтпай Имаров Кызыл Топу атындагы орто мектебинин 7-в-классынын окуучусу.

#44 21 January 2016 - 17:23
Мавлянбек кызы Айжамал
Мен Кыргызстандын осуп-онугушун каалайм!
Менин мекеним Кыргызстан, мен ал жерде торолгонмун, осуп-чонойгонмун. Ар бир адам озунун олкосун онугушун каалайт. Кыргызстан жаны онугуп келе жаткан мамлекет. Биздин борборубуз Бишкек, ал Кыргызстанда онуккон шаарлардын бири. Биздин шаарларыбызда бийик-бийик имараттар, ар кандай эстеликтер, кооз фантандар,турдуу экологиялык парктар курулган. Бир нече жылдан кийин Кыргызстан Дубай шаарындай болуп онугот-деп ишенем. Кыргызстан ансыз деле онугуп келе жатат, ар турдуу туризм жайлары курулуп, бийик пансионаттар курулуп жатат.Биздин олкобуз кооз, эс алууга ылайыктуу, абасы таза ошондуктан ар кайсы жерден туристер келип эс алышат.
Чалкып жаткан жеримдин
Озондору кен болот
Кыргыздын Ала-Тоолору,
Кызыл алтын кен болот.
Ошондой эле Кыргызстан баалуу таштарга, кендерге да бай. Ал эми мен Кыргызстандын осуп онугушун каалаймын. Менин кыялым; Кыргызстанда эн бийик имараттар курулуп,кооз бак-дарактар отургузулуп, ар кандай аква парк,эс алуу парктары,кызыктуу атраксиондор, эн кооз,бийик мейманканалар, коптогон техникалык буюмдарды чыгарган завод- фабрикалары, турдуу фантандар, музейлер, косманавтардын универститети, копчулук адамдардын тилеги болгон, кичинекей бобоктордун кыялы ошондуктан Орландо шаарындагыдай Дисней Ленд паркы жана турдуу жомоктогудай болгон кочолорду,туристерди кызыктырган ар кандай туристик жайлардын курулушун каалайт элем. Бул ар бир эле жарандын тилеги.Кыргызстандын келечеги-биз болобуз.Себеби, биз Исхак Раззаковдой болсок ак иштеп, мекен учун кызмат кылышыбыз керек.Ар бир облуста ар кандай бирине-бири окшобогон уйлор, кооз жапжашыл гулдуу бакчалар,бийик- бийик уйлор,бийик мунаралар,цирктер, метролор, кызыктуу аква парктар, ал аква парктарда денизден, океандан алып келинген ар турдуу суу жаныбарлары, зоо парктарда ар кандай экзотикалык жаныбырлар болсо адамдар башка мамлекетке барбай эле оз мекенин аларды корсо болот.Себеби, бул жаныбыарларды кору ар бир адамдын колунан келбейт, ошондуктан ушундай шарттар ар бир шаарларда болушун каалайм. Ошондой эле экзотикалык ,Сингапур шаарындагыдай Аватар киносунан алынган кооз парктар ,эс алуу жайлары курулса деп ойлоймун.Ал жерлерде элибиз ырахат алып,ар бир обулустун элдери озунун облусунда цирктерге, атраксиондорго, парктарга барып конул ачышын каалайм. Эн негизги тилегим бул Кыргызстанда медицина тармагы онуксо, оор ооруларды айыктырууга шарт тузулсо,озубуздун калкыбыз оз мекенинде даарыланса бул да мекенибиздин онугушуно салымын кошот жана Кыргызстанда офистер, иштоочу жайлар болушун каалайт элем себеби,башка мамлекетке жумуш издеп кеткен кыргыз элдеринин аз болушун каалайт элем ,алар оз жеринде иштесе, олкобуздун онугуусуно бир аз болсо да салымын кошот.Мен ишенем Кыргызстан созсуз техника жагынан Япония жана Кытайга окшоп,имараттары, уйлору Нью-Йорк,Дубай, Сингапур шаарындагыдай болушун каалайм. Дубай десе адамдардын коз алдында онуккон шаар элестетилет, мен да Кыргызстан адамдар элестетсе коз алдында онуккон мамлекет болот деп ишенем . Кыргызстан келечекте бир гана тоолору менен даназаланбай кооз бийик имараттары менен да даназаланат. Мен чонойгонумда Кыргызстандын онугуусуно салымым кошкум келет. МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ОСУП-ОНУГУШУН КААЛАЙМ СЕБЕБИ,МЕН МЕКЕНИМДИ СУЙОМ.
Баткен облусу Лейлек району Исфана шары А.Навои атындагы орто мектебинин 8а-классынын окуучусумун

#45 21 January 2016 - 17:24
Таабалды кызы Айсырга
Мен кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм.
Ар бир адам озунун тулуп оскон мекенин осуп- онушун каалайт. Мен да Кыргызстанымдын башка олколордой болуп, экономикасы онугуп, таза олко, таза кыргызстан болуп жетишсе дейм! Бирок оз элибиздин олкобузго жасап жаткан кайдыгер мамилеси мекенибиздин онугушуно, гулдоп осушуно тоскоол болуп жатат. Эгер адам оз олкосун суйсо гана, мунун озу эле чон чалым кошкондук. Салым кошуу, аны онуктуруу жана коздун карегиндей коргоо менин милдетим деп биллем. Кыргызстан онугуп келе жаткан олколордун катарына кирет. Бирок, качандыр бир кун онуккон олколордун да катарына кирет деп ишенем. Бул нерсени башкалар жасабаса да, биз жасайбыз. Кыргызстан тоолуу олколордон, колдору да коп. Тоолордо коптогон кен байлыктар бар, колдору болсо, оз – озунчо кереметке ээ. Алардын бардыгы кыргызстанга корк берип турат. Биз ошолорду туура пайдалана билсек гана олкобуз онугоьт. Кыргызстанда Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чуй, Ысык-Кол деген жерлер бар. Алардын ар бири, ар кандай кооздукка ээ. Мен Кыргызстандын мындай кооздугуна суктанам жана бир жагынан сыймыктанам! Кыргызстан менин уйум, менин туулуп оскон жерим, таза суусун ичирип, таза абасын берип чонойткон экинчи энем. Качан гана оз мекенин суйо билген адам оз олкосун онуктуро алат. Мен Кыргызстанды онуктуром!
Менин олком Кыргызстан!
Осуп-онот дайыма,
Болот дайым алдыда,
Биз айтабыз муну да!
Убадага турабыз,
Айткан созду кылабыз!
Дил баян
8акласс

#46 21 January 2016 - 17:25
Талантбек кызы Айданек
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүүсүн каалайм
Кыргызстан- биздин ата- бабаларыбыздан калган, муундан- муунга мурастап, көздүн карегиндей ыйык сактай турган Ата Мекенибиз. Аны коргоо, душманга аяк бастырбоо, керек болсо кан- жанын аябай курмандыкка баруу – ар бир атуулдун мойнундагы милдети.
Арийне, биз жашап жаткан Мекенибиздин түгөнгүс берекеси- ак кар жамынган тоолору, көк майсаң жылга- жыбыт өрөөн - өрүштөрү, көк кашка тунук көлдөрү, ар түрдүү жапайы жаныбарлары менен канаттуулары, арча- карагайлуу, жаңгактуу токойлору жана табигый кен - байлыктары, жана дагы, эң башкы байлыгы - анын койнунда өсүп, чоңойуп жаткан жаштары. Ал эми ошол жаштар өнүгүп, өсүп келе жаткан Кыргызстанда бактылуу балалыкты кечирип жатышат. Келечектеги Кыргызстанды өнүктүрүү, коргоо анын койнунда өсүп келе жаткан жаштарга таандык. Мен да ошол жаштардын катарын толуктайт эмесминби? Ошондуктан мен да өлкөмдүн өнүгүшүнө салым кошуум зарыл.
“ Жаштын тилегин берет “,- дегендей, азыркы учурда менин келечектеги
Кыргызстанды өнүктүрүүдөгү жекече оюм бар. Аны менен бөлүшө кет-
сем: “ Ааламга кеткен жол , айылдан башталат”,- деп коюшат. Ошондук-
тан , биринчиден эле өнүктүрүүнү айыл жергесинен баштаса дейм.
Анткени, алыскы айыл- кыштактарга чейин мыкты жолдор салынып, те-
мир жолдор курулса, эл - чарбасын өнүктүрүүдө керектүү жүктөр ташылаар .
эле. Кыргызстандын жаратылыш шартында суусуз айыл- чарбасы, айрыкча, дый-
канчылыктын өнүгүшү кыйын. Бирок, азыркы кезде Республиканын бардык
өрөөндөрүнүн аймактарында эски каналдардын нугу, изи азыр да кездешет.
Ошол өрөөндөргө туташ жаткан анча бийик эмес, тоолордун капталдары ме-
нен алып өткөн арыктар аркылуу тектирчилердеги аянтты суугарып,
айыл- чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнү азыр да байкаса болот.
Мекенибизде, Ала- Тоону аралап аккан, сан жеткис көлдөр, дарыялар бар.
Тилекке каршы, азыркы убакта, алардын көпчүлүгү өлкөдөн тышка чыгып
кетет. Албетте, бул жанды кейитет. Белгилүү Нарын дарыясына эле отуздан
ашуун ГЭС курса болот. Көңүлдү кубантпаганы, аны эч ким жүзөгө ашыра
элек. Бирок, келечектеги жаштар, башкача айтканда, биз сөзсүз электр энер-
гиясына өлкөнү байытат деп ойлойм. Белгилей кетүүчү сөз, электр энергия-
сынын пайдасы чоң, тактап айтканда, зыяны жокко эсе. Мисалы, электр
энергиясын алуу үчүн , жаман, жагымсыз жыт да чыкпайт, адам баласына
жана жаратылышка да зыян келтирбейт.
Эң маанилүүсү , көптөгөн өлкөлөрдүн көңүлүн бурган , өлкөбүздөгү
кен - байлыктар. Элибизде айтат эмеспи: “бутуң менен баскан жердин
астында - алтын бар”,- деп. Ким билет , асман менен тирешкен тоолордун ичинде, алтындын түгөнгүс запасы бардыр. Бирок, азыркы күндө, аны казып алуу үчүн техника керек жана өлкөбүздөгү фабрика - заводдордун баары эле чет элдиктердин колуна өтүп кеткен. Анын себеби, убагында иштетүү үчүн каражат жок болгондуктан, өлкө сатууга аргасыз болгон . Аны кайтарып алуу үчүн жетиштүү каражат жок. Жана дагы, өлкөгө эң көп киреше алып келген , туризм тармагы да өнүгүүнүн жолунда. Кыргызстандын өтө кооз жаратылышындагы белгилүү көлдөрү, карагай-черлүү жана табигый жаңгак- мөмө- жемиш токойлору, килемдей жайкалган тулаңга бай жайлоолору, түбөлүк кар- мөңгүлүү бийик чокулары, тоо сууларынын ак тасмадай созулган шаркыратмалары, кыргыз элинин этнографиялык үрп- адаттары, каада-салттары, байыркы жана азыркы тарыхы, Улуу Манас эпосуна байланыштуу окуялар жана башкалары чет элдик туристтердин кызыгуусун арттырат. Ошондуктан, келечекте тоо туризмин, тоо лыжасын, суу туризмин, курорт- санаторий туризмин кеңири өнүктүрүүгө болот. Ошентип, биз турмуш- тиричилик өткөрүп, жашап жаткан мекенибиз- Ала- Тоонун жаратылышы бай жана ар түрдүү.
Демек, кыргыз калкы сандаган кылымдарды карыткан тарыхый жолунда, эчен ирет кыргындуу согуштарды башынан кечирип, кырылып жоголду, эчен ирет ырайымсыз баскынчылардын талоонуна түшүп, байлыгынан да, бийлигинен да ажыраган. Бирок, ошол машакаттуу турмуш сапарында, ак калпагынын төбөсүн дайыма көрсөтүп, өзүнүн эң кымбат байлыгы- тили менен бейиштин төрүндөй болгон кооз жерин жоготкон эмес. Аны байытып , өнүктүрүп, өстүрүп, муундан – муунга өткөзүп келди. Эми аны андан да гүлдөтүү биздин колубузда. Ылайым, кыргыз жерибиздин келечеги кең болсун! Тактап айтканда, “ эң башкысы жеңүү эмес, катышуу маанилүү “,- демекчи , мага эң маанилүүсү Кыргыз жеримдин өнүгүп , кубаттуу өлкөгө айланышы.
Баткен областтык гимназия- мектеп- интернатынын 9”а” классынын окуучусу Талантбек кызы Айданек

#47 21 January 2016 - 17:26
Казыева Гулшайыр
Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарына караштуу Голбо айылынын Казыев Кожояр атындагы орто мектебини 6-классынын окуучусу Казыева Гулшайырдын дил баяны.
Тема:Кыргыз жерибиздин гулдоп осушун каалайм.
"Кыргыз жери"- дегенде эле коз алдыбызга таза табият ,кенен жайлоо асман тиреген аска-тоолор коз жоосун алган туптунук кузгу сымал колу жер алдынан кайнап агып чыккан дартка дабаа булактары жапжашыл талааларында секирген кой-эчкилери деги эле жаратылыштын жайнаган ырыскысынын баары элестелет. Кыргыз жеринде торолуп жаратылыш койнунда чоноймок-бакыт. Бул бакытты биз сезип кадырлай билишибиз керек .Сиз жайлоодо тан эрте кун эртелеп уясынан ойгонуп жерге жылмайып алгачкы нурун чачканын кордунузбу? Апандын "балам тура гой " - дегенде
уйкунуздан козунузду аран ачып жылуу суттун жытын эч сезип кордунузбу? Боз уйдун эшигин ачып танкы жойлоонун кооздугуна коз чаптырып. таза абасынан кере-кере дем алып кордунузбу? Булардын баары кыргыз жерибиздин байлыгы кенчи . Бирок сиздер билесиздерби? биз олкобуз жонундо суйлогондо жалан жаратылыштын кооздуктарын анын тазалыгын .байлыгын суйлойбуз. Рассия сыяктуу экспортторубуз ,Германия сыяктуу техникаларыбыз , Турция сыяктуу туристтик жайларыбыз , АКШ сыяктуу асман тиреген имараттарыбыз ,жокпу? Ооба жок. Четтен Караганда аракет
кылып эле жатабыз ,кылып эле жатабыз бирок ушунча жылдан бери жерге сингенсип аракеттен пайда жок жалгыз эле кудай берген жаратылышыбызды эрмектеп эле олтурабыз . Мен ойлоном эмне учун андай ? эмне учун элдин баарынын донголоктордун баары жылат ,а биздики баткактан чыга албайт эмне учун кун баарына бирдей нур чачып кыргызга келгенде туйунчогуно катып алганбы? эмне учун? эмне учун?! ..........Себеби биз "жалкоо" элбиз, Кун нурун алуу учун ал нур чачкан жерге туруу керек. А бизчи? Биз келечекте бир сыйкырчы келип баарын берип салчу кунду кутуп
жашайбыз. Же болбосо даяр нерсени издейбиз. Мисалы ага-эжелерибиз ини-синдилерибиз , алар оз олкобуздо иштебестен онуккон олколорго суудай агып жатышат. Алардын айтымында биздин олкобуздун келечеги-коррупция. Бул баткак олкобуз белчесинен батып окууга жумушка киришуунун да баасы бар экенин айтып калат.
Кыскысы биздин олко бир болмо болсо дубалында бир жаратылыштын, бир таштандынын бир бийликтин бир топ кирлеген акчалардын потреттери илинип турат . Бирок менин темам бул." канчалык калемим ал жонундо жазганча тартып турса да кетти манызы" "менин каалоом , кыргыз жерибиздин осуп онушун каалайм"
Кыргыз жерибиздин гулдоп осушун каалабаган кыргыз жоктур кыргыз болгон сон. Башка олкодо иштеп жатса да , сол колу менен кир акчаны алып жатса да журогундо кыргызымдын которулуп осушун тилейт. Алардын катарында албетте мен да олкобуздун жылышын каалайм. Ал учун мен да кийинчерек чоноюп , максатыма жетип врач болсом элибизди даарылап , улутубуздун дени сак болушуна салымымды кошом деген ойдомун жана да менин бул дилимде катылган ойлорум оз максатыма жетип , мен Малазияны коруп "эмне учун?" деген суроомо жооп ала алам деген ойдомун. Аягына
чейин окуганыңызга чон рахмат.

#57 20 June 2018 - 18:16
Байышбек кызы Шайыргул
Дил баяндын темасы:
Мен кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм.
Суйом сени, суйгондугум суттон ак,
Сени суйгон тагдырыма ыракмат.
Олсом дагы сенин таттуу жытынды,
Кокурокко жаткым келет кучактап.
А.Осмонов «Ата Журт»
Ар бир адамдын ыйык туткан уч доолоту болот эмеспи. Алар: ата-энеси, туулган жери жана эне тили. Башкалар сыяктуу эле мен да кут конгон касиеттуу кыргыз жерим-Кыргызстаным менен сыймыктанам. Анткени бул жер менин ата-бабам оскон жер. Бул жерде мен ата-энемдин камкордугунда жашап жатам. Ата-бабам суйлогон эне тилим болгон кыргыз тилинде окуп, билим алып жатам.
Байыркы ата-бабаларыбыздан калган кыргыз жерин Манас атабыз баш болгон баатырлар, эр-азаматтар душмандардан кан-жанын аябай коргогон. Аларды эл-журт колдогон. Кыргыз жерин сактап калууда кыргыз эли ынтымактуу болуп, бир жакадан баш, бир женден кол чыгарган. Бакай карыядай аксакалдарыбыз: «Болунбо, кыргыз, болунбо, болунсон бору жеп кетет,»-деп элди биримдикке чакырган. Натыйжада менин ыйык Мекеним болгон кыргыз жерин ата-бабаларыбыз бизге мураска калтырган. Ошондуктан биз, азыркы учурда Кыргызстанда жашап жаткан жаштар, кыргыз жерин аздектеп,коздун карегиндей сактап, гулдотуп остурууго милдеттуубуз.
Мен кыргыз жерин ак элечекчен кен пейил энеге окшотом. Ал эне озундо эмне болсо, анын баарын озунун уул-кыздары, неберелеринен тышкары кошуна-колондорунан, болок-ботондордон, азган-тозгондордон да аябайт. Асан Кайгыга окшоп аларга боору ооруйт. Ошентип, жылдар отуп, эне ооруга чалдыгып, олбостун кунун коруудо. Ал эми эненин жакшылыгын коргондор турмуш шартка байланыштуу ар кайсы жактарда жашап жатышат. Алар кез-кезде энени эскеришет. Анын жакшылыгын унутпай алкашат. Бирок, энеге барып жолугуп, ал-акыбалын сураганга, убактысын болуп жардам кылганга колдору тийбей келет…
Ата-бабаларыбыздан калган таберик жер Кыргызстанымды, бейиштей болгон кыргыз жеримди мен ошол оорукчан, жалгыз бой, ак чач энеге окшото берем. Окшотом да, аны келечекте болуучу табияттын ар кыл кырсыктарынан, ниети бузук адамдардын суук коздорунон, ач коз пенделердин кан таламай аракеттеринен сактагым келет…
Кээде акылман карыялардын «кундон кунго кун бетер, жылдан жылга жыл бетер» дегени чын окшойт деп ойлой берем. Анткени барган сайын жайлоолорубуз такырайып, бак-дарактарыбыз куурап, эгинзарлуу жерлерибиздин куту кетуудо. Касиеттуу Ысык-Колубуз барган сайын тартылып баратат. Тоолорубуздагы арча, кайын,карагайларыбыз кыйылып,жаныбарлар дуйносу азайууда.
Жакында Франциянын борбору Парижде жер бетиндеги экологиялык апааттын алдын алуу учун коптогон мамлекет жетекчилери жолугушту. Бул жыйында биздин президентибиз Алмазбек Атамбаев да соз суйлоп, Кыргызстандын тоолорундагы монгулордун жыл сайын азайып, эрип бара жаткандыгы тууралуу соз козгоду. Мунун зыяны буткул Орто Азияга тиерин эскертти. Демек, кыргыз жеринин экологиясын сактоо-бул Кыргызстанды сактоо, байыркы кыргыз мамлекетин сактоо, кыргыз элин сактоо!
Мен озумду кыргыз элинин патриот жарандарынын биримин деп эсептеймин. Алардын бири катары кыргыз жеринин-Кыргызстандын гулдоп осуусун каалайм. Бул учун эмне кылуубуз керек?
Жакында ушул темада, ушул суроонун негизинде биздин класс жогорку класстын алдынкы окуучулардын жардамы менен диспут откордук. Бир сааттан ашык убакытка созулган талкуудан сон томонкудой жыйынтыкка келдик:
-келечекте мамлекеттик чек арабызды так аныктап, аны бекемдоо;
-айыл-чарба жерлерибизди туура пайдаланып, которуштуруп айдоо жана бак-дарактарыбызды тамчылатып сугаруу;
-мал чарбасына озгочо конул буруп, сут жана эт азыктарын экспортко чыгаруу;
-кичи жана чакан ишканаларды кобойтуп, жаштарды жумуш менен камсыз кылуу ж.б. у.с.
Жыйынтыктап айтканда, эн башкысы-биз заманбап билим, татыктуу тарбия алуу менен ар кыл кесиптерди оздоштуруубуз зарыл. Эн негизгиси-Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын жаштары ынтымактуу болуп, достук байланыштарыбызды чындашыбыз керек. Анан кайсы бир улуу адам айткандай, биз «мамлекет мага эмне кылып берди дебестен, мен мамлекетке кандай пайда келтирдим?»- деген максатты туу тутсак, менин Кыргызстаным, коп улуттуу кыргыз жерим гулдоп осот. Мен келечекте ар тараптан гулдоп оскон, онуккон кыргыз жерин коргум келет. Ал учун мен колумдан келген салымымды кошом. Кыргызстандын алдынкы олколордун катарына кошулушун каалайм!
Дил баянды жазган:
Баткен районундагы Газ орто мектебинин 9-классынын окуучусу Байышбек кызы Шайыргул.
Туулган жылым: 2000-жыл, 24-август.

Вый)
Менин отпой калган дил баяным бул жакта эмне кылып журот?)))

Супер-Инфо
super.kg
видео