Суперстан: Курбуну тандоодо айымдарга кенеш! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Курбуну тандоодо айымдарга кенеш! Курбуну тандоодо айымдарга кенеш!

#1 Пользователь офлайн   Nariste...12   15 Январь 2015 - 15:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

КУРБУНУ ТАНДООДО АЙЫМДАРГА КЕНЕШ!!!
Курбу. Бул беш тамгадан турган сөз аялзатынын жашоосунда чоң роль ойнойт. Бирок мындай жакын адамың атаандашка айланып кетиши мүмкүн. Эмне үчүн? Келиңиз, бул суроону бирге иликтеп көрөлү.

Курбусуна күйөөсүн же жигитин тарттырып жиберүү – азыркы учурда модага айланууда. Ошондуктан курбулукта да айрым эрежелерди колдоно жүрүү керек.

Жакын курбуңуздан көп нерсени жашырбайсыз. Бирок өзүңүздүн жеке турмушуңуз тууралуу ийне-жибине чейин айтып берүүнүн да кереги жок.

Ар бир адамдын өзүнө гана тиешелүү сырлары, иштери болушу керек. Тактап айтканда, канчалык жакын болбосун, курбуңуз экөөңөрдүн ортоңордо да чек болууга тийиш.

Айымдардын эң биринчи жаңылыштыгы – курбусунун кеңешин эч ойлонбой кабыл алганы. Курбуңуздун кеңешин угуңуз, бирок чечимди өзүңүз кабыл алганыңыз оң.

Жигитиңиз же күйөөңүздүн жакшы сапаттары тууралуу курбуңузга көп айта бербеңиз. Өзүңүз байкабай кызыктырып коюшуңуз мүмкүн.

КУРБУНУН ТҮРЛӨРҮ

Адатта аялдардын достугу көпкө созулбайт дешет. Оюңду көзүң­дөн түшүнүп, ишеничке ээ болгон, кыйын кезде ийинин тоскон курбулар да бар. Андай курбу тагдырдын белеги. А бирок курбунун атына жамынган да айымдар болот. Курбуңуздун сизге кылган мамилесинен анын кайсы түргө киришин баамдап алсаңыз болот.

Курбу – атаандаш .

Курбуңуздан “бул кийимиң сага жарашпайт экен.Чачың бетиңдин түзүлүшүнө жарашпайт" деген сыяктуу сөздөрдү көп угасызбы? Демек, ал айымдын сизге курбулуктан да атаандаштыгы күчтүү. Жагымсыз абалда калсаңыз башыңыздан сылап, жашыңызды сүрткөнү менен, оюнда “бул ушундай, жарыбайт. Менде баары жакшы” деп ойлойт. Мындай курбудан өтө сак болуу керек.

Курбу – бир тууган .

“Сен каякта жүрөсүң? Бүгүн бошмун, балаңды бакчадан алып коюуга убактым бар...” Сиз курбуңуздан ушул сыяктуу сөздөрдү көп угасыз. Ооруп калсаңыз биринчи чуркап келет. Демек, курбуңуз сизге бир туугандай. Достукта сиз курбуңуздан көбүрөөк мээрим аласыз. Жашоодо курбуңузга сиңдинин ролун аткарып эле жүрө бербестен, ага да убагы келгенде жөлөк болгонду унутпаңыз.

Чыныгы курбу.

“Менин оюмча сен ушул нерсени туура эмес кылып койдуң. Тезирээк катаңды оңдо. Деги эле сен өтө кызуу кандуусуң же жоошсуң...” Өзүңүздүн дарегиңизге айтылган калетсиз сөздү курбуңуздан көп угасызбы? Демек, ал сизге чыныгы дос. Ошондуктан терс жоругуңузду бетке айтып оңолууну талап кылат. Мындай мамилени эки тараптуу тең салмактуулукта турган чыныгы достук деп айтууга болот. Мындай курбу сыймыктанууга арзыйт.

Жылмайып коюңуз!


Үйүнө түнөбөгөн аял күйөөсүнө “курбумдун үйүндө түнөдүм” дейт. Күйөөсү курбусуна чалат.
– Аялым кечээ сеникинде түнөдүбү?
– Жок, ай, мен аны көрбөгөнүмө бир айдан ашып кетти.

Эки-үч күндөн кийин күйөөсү үйгө түнөбөй калат да, аялына келип досунукунда болгонун айтат. Аялы дароо текшерип, досуна чалат. Анда досу:
– Ооба, ооба, меникинде түнөгөн. Мына азыр деле жанымда отурат,- дептир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Ayperi94   15 Январь 2015 - 19:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Январь 14
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 18:55
  • Жынысы:Аялзаты

Досундун достору да сенин досторун,жаны дос тапканында да эскидосторундан кол узбо, мыкты дос адамга чоон доолот демекчи чыныгы досун болсо жанында ар дайым кандай жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   15 Январь 2015 - 21:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Ушу менин курбум жок да. Эч кимге ишенбейт окшойм анда :crazy-girl:
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   suiuktuujar   15 Январь 2015 - 21:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 973
  • Катталган: 05 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 18 Ноя 2019 16:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Сонун кенештер экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Oceana   17 Январь 2015 - 01:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Д- айым
О- ойлойм
С- ени
У- нутпа
М- мени.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   rumaika5544   17 Январь 2015 - 01:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Эн жакшы сырымдын баарын айткан досум жок... Дос болуудан корком,сырымды Кудайдан башка эч ким билуусун деле каалабайм...
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   jasi   17 Январь 2015 - 14:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 432
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 23:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Жакшы кенештер экен, билгенкем чыныгы курбум бироо эле экенин )
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   TAYNAYA   17 Январь 2015 - 14:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

Жашоодо жарытып дос деле болбодум эч ким менен, мен да автор берген кенештердин кээ бирлерин оз оюмда ойлоп калчымун балким чындыктыр. Кыздар менен дос болуудан корком, дос болгум келбейт. Дос болгон убакта да жарылып ачылып сырымды айтпаймын.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Begai_kg   17 Январь 2015 - 20:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

Башталгыч класста окуган убакта, бир кызды жакын досум деп журчум, корсо атаандаш досум экен,мага жакшы мамиле кылып ,башкаларга жамандачу экен... Негизинен мындай нерсе коп эле болгон менде ,ошон учун ишенген 2,3 эле курбум бар...
Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Giza   17 Январь 2015 - 20:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Кыздардын достугуна ишенбейм деп көп айтышат. Бирок андай эмес экен. Мен жашоомдо татаал учурларда курбу кыздарымдын баары жанымда болуп колунан келген жардамын аяшкан жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Nurmatova   17 Январь 2015 - 20:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

менин да эки жакын досум бар.......
экооно тен ишенем.......бирок сырларымды айткым келбейт....
ойлоп корсом бири атаандаш курбудай экен.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Kalem.kash   18 Август 2016 - 09:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 372
  • Катталган: 07 Май 16
  • Соңку аракети: 16 Июл 2018 07:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:)

Жакынымдай,бир тууганымдай коргон алтыным бар. Мен ага озумо ишенгендей ишенем... Анын менден жашырган сыры барбы ,жокпу биле албадымго. Бирок менин андан жашырган кыпындай да сырым жок. Мен ага толугу менен ишенем...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   beintehaa.   18 Август 2016 - 09:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 249
  • Катталган: 10 Апрель 16
  • Соңку аракети: 26 Дек 2016 18:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Туулган жерим алтын бешигим Джалал -Абад.

Жакшы кенештер экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Leti   19 Август 2016 - 01:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 447
  • Катталган: 03 Август 13
  • Соңку аракети: 28 Дек 2020 01:04
  • Жынысы:Белгисиз

.

Билдирүүнү түзөткөн: Leti: 19 Август 2016 - 01:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   jai   20 Август 2016 - 16:43

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 517
  • Катталган: 18 Май 16
  • Соңку аракети: Бүгүн, 01:22

Бир курбум мени"уктатып" кеткен,"контрагыма акча жетпей атат,окуудан чыгып калам"-деп. Бешмин бергем да,бир айда бермек,куйругун туйуп кетти. Канча издедим,жок шумшук ошол бойдон
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   jurogumdosun   21 Август 2016 - 07:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

мен мектептеги кезде бир досум бар кийин башка мектепте окууган,бирок студент кезде бир уйдо жашадык, аябай жакшы кором бирок коз караштарыбыз дуйного башка да ошого сыр айта албачумун,уялчумун.
ал Эми студент кезде бир курбу куттум группалашыман, эх кандай сонун жан эле, Эми турмуш деген турмуш экен да, тагдырларыбыз ар жакта болуп калды,башында сырдашып даны уйбулоолорубуз жонундо айтып турчубуз,анын куйоосу кызганчаак, колокосунон деле кызгана берет экен,номерин тез-тез алмаштырта берет экен, ошого мейличи,бактылуу анан тынч болсун дер жайына койдум, бирок экообуз тен Бишкеке барганда бир жолугуп тан аткыча суйлошуп чер жазышкым келет, кээде отуруп аябай сагынам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Musulmanka.   21 Август 2016 - 11:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 958
  • Катталган: 24 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 23:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучит каждое утро Азан.

2-3ишенген досум бар, бирок ийне-жибине чейин айтпайм эч нерсе. Форумдан да бир психолог дос таптым, сонун кыз)))
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Musulmanka.   21 Август 2016 - 11:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 958
  • Катталган: 24 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 23:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучит каждое утро Азан.

Достон дагы жакын бир жээним, бир бөлөм бар)
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   s9zen098   21 Август 2016 - 23:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Өмүрүмдө бир гана адам менен дос болдум. Тууган болгонубуз учун бутубуз баскандан эле бир ойноп чонойдук. Мектепте да бир класска бардык, бир күн сабакка келбей калса жетим козудай эле эч кимге кошула албай четтеп калчумун. Өзүмүн бир тууганымдан да жакшы көрүп, эч нерсени жашырчу эмесмин. Бир нерсенин айынан уруша кетсек сыртыман мурдун көтөргөн адам болгонум менен ичимден өзүмдү жемелеп, бүт араздашууларга өзүмдү күнөөлөчүмүн. Кептин кыскасы көзүмө перидей эле көрүнүп, эч кемчилиги жоктой сезилчү. Ал жөнүндө жаман ой мээме келе калса өзүмдү жаман сезип, алдында уялып кетчүмүн. А азыр болсо мен үчүн ал адам жок.
Ушунча жек көрүүнү ал кайдан чогултуп жүргөн башым ман. Адам ачууланганда жакшылап тынша, ар бир сөзүндө таза чындык деп туура айтышкан экен. Анын оозунан чыккан сөздөргө ишенбей да кеттим. Алдыма кадимки башка адамды алып келип койгондой тааныбай да калдым. Эки-үч күн орустар айткандай "шок" абалда жүрдүм. Бир нерсе болсо дароо ага айтып женилдеп алчу жаным, кимге арманымды айтаарды билбей эле отуруп калдым го. Өзүмдү ансыз эч элестете алчу эмесмин. Дайыма жанымда болгонуна көнүп алганга жалгызсырап, өзүмдү эч кимге керексиздей сеип, көпкө кыйналдым. Эки-үч айдан кийин жолукканда эч нерсе болбогондой, мурункудай эле мамиле кылып, канчалык жакындаганы менен менин ичим жылыбай койду. Мурун сүйлөп бүтө албаган жаным, тилимди күрмөөгө келтирип, дурустап ден соолугун сураганга да жарабадым го. Андан кийин башка курбу деле күткөн жокмун. Эч кимге ишене албайм. Айтчумду апама, синдиме айтам. Айтылбачу нерселерди эч кимге...


Ошого курбу күткөндө биротоло аны кудайынардай көрүп албагылаа, кыздаар... Курбунду жоготуу деле жигитти жоготкондогудай жүрөгүндү оорутат экен. Жакшы сүйлөп, көз жашынды аарчыганы менен ичинен төбөсү көккө жете кубанган достор да толтура экен да...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   hanisa   25 Август 2016 - 17:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 222
  • Катталган: 08 Апрель 12
  • Соңку аракети: 04 Дек 2018 18:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Astana

Жакшы курбу кыздарым бар эле азыр жок:( алыста болгонго суйлошпой кеттик
Негизи ото эле ишенип,бардык нерсени айта бербеш керек деп ойлойм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 03:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: