Кайсы облустун элдери билимдүү, акылдуу?
Кайсы областын элдери билимдүү?
#3 22 April 2018 - 16:47
Ооба, туура айтасын жалпысынан караганда Чүйлүктөр билими, аң сезими жагынан күчтүүрөк, түштүк жактагылар ыйманы, динге берилгендиги жагынан басымдуулук кылат, бирок ар жердин өзүнүн жаман-жакшы,
билимдүү, зээндүү-зээнсиз адамдары болот эмеспи. Ошондуктан билими жагынан мындай салыштыруу бираз туура эместей.
#4 22 April 2018 - 17:58
Менимче Чүйлүктөрдүн кругозу өйдө келишет чем Оштуктарга караганда.
Эмнеге именно Чуй мн Ошту салыштырасын башка облустарды эмес? Ош облусунун алыскы райондорун билбеймго, Ош шаары өзү, жана айланасындагы жашаган элдер Бишкектен эч кандай айырмаланбайт. Кругозор өсүүсүнө эмне таасир берет? Окуу жана окууга шарттар түзүлгөнү, интернет, телевидение жана радио жеткиликтүү болгону, ушулар негизги жагдайлар. Бул нерселер Ошто деле бар. Же эмне Чүйлүктөр түз Америка Москва Европа менен байланышып кругозорун өстүрүп жатышабы? Негизги айырмасы орус тили Чүйдө кеңири жайылганында. Анын себеби Чүйдө 1990жылга чейин Орустар 70%калкын түзчү, башка улуттар да орус тилинде баарлашат. Азыр деле Чүйдө башка улуттар басымдуу. А бирок орус тилинде сүйлөгөндөрдүн гана кругозору кең дегенге кошулбайм. Андай болсо Россиянын баардык калкы кругозорлуу болуп кетмек. Өтө түшүнүгү тар орустар деле толтура Россияда.
Жашоо керемет!
#5 23 April 2018 - 02:17
Укам ушул теман окшобой калды
Түнт мүнөздүү түркөй болушпай
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
#6 23 April 2018 - 11:03
Сасык адамдан сасык тема го. Трайбализм жыттанып кетиптир, фуу. Тоодо жалгыз койлору менен журо берип, кой болуп кеткен адам эле ушундай ойлорду ойлонбосо. Бир аз мээси бар адам билет баардык жерде акылдуу да, акылсыз да адамдар бар экенин. Он чакты кой добуш дагы берип коюптур го
#7 23 April 2018 - 11:14
Провокация жаратып, колдонуулар арасында түшүнбөстүктөрдү жаратуусуна түрткү болгон, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги темаларды ачууга салынган. Тема жабык!

Супер-Инфо
super.kg
видео













