Суперстан: Ким билет? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Бизнес
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ким билет?

#1 Пользователь офлайн   Gamze90   30 Январь 2016 - 12:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 26 Июль 13
  • Соңку аракети: 25 Фев 2018 19:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара-Балта

Чеснок айдаса, чыгымы кандай болот и кандай кылып караш керек? Билгендер барбы? И малинаны да багып башынан откоргондор барбы? Кенеш кутом айтып койгулачы... рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   AKCAHAT   30 Январь 2016 - 13:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 519
  • Катталган: 30 Июнь 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 22:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу - Ош

Чеснок чем кулпунайга караганда женил болот. Ноябрда эгесин жайда жыйнап аласын эки жолу эшек мн айдайсын эки жолу боткосун жуласын отойсун. Дагы эстесем башынан жазып кетем. Кулпунайды отой бересин отой бересин без конца отойсун
Озунду эр ойлосон , бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Janyla   30 Январь 2016 - 13:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

ЧЕСНОК ОСТУРУУ.

ЧЫГАША

20 сотыхка 300 килограмм үрөн кетет (1 гектар жерге 1200 килограмм). Үрөндүн килограммы – 100-120 сом. 300х120 = 36 000 сом.
Жерди айдатып-малалатканга болжолдуу 50 литрдей (литри 35-37 сом) солярка коройт. 50х37 = 1850 сом.
Жер ижарага айыл жергесинде 20 сотых – 2000 сомго, шаарда 4000-5000 сомго берилет (айыл жергесинде 1 гектар жер 10 000 сом, Бишкектин айланасында 15-20 000 сом).
36 000 (үрөн)+1850 (күйүүчү май)+4000 (шаардагы жер ижарасы) = 41 850 сом
(каарманыбыздыкы жер, үрөн өзүнүкү)

КИРЕШЕ

20 сотыхтан орточо эсеп менен 3 тонна сарымсак чыгат.
Килограммы дүӊүнөн сатылса 120-130 сом
3000х130 = 390 000
390 000-41 850 = 348 150 сом таза киреше
Чекене сатканда орточо эсеп менен килограммы 200 сом.
3000х200 = 600 000 сом
600 000-41 850 = 558 150 сом таза киреше.

«Экотеплица» компаниясынын агроному Саамыйбек Султанов сарымсакты өстүрүү боюнча кеӊеш берет:

Топурак
Сарымсак жерди арыктатып жиберет. Андыктан ал жерди 3-4 жылда бир которуп туруу зарыл. Август айында сарымсак толугу менен казылып алынгандан кийин топуракка малдын (тоок, уй, кой, жылкы) кыгын чачып коюу керек. Күзгө чейин кык топурак менен аралашып, жакшы жер семирткич болот.

Отургузуу
Сарымсакты топурак муздаган кезде, башкача айтканда, сентябрдын аягынан баштап октябрь ичи отургузуш керек. Солдордун арасын кетмен баткыдай 10-15 сантиметр, сарымсактын тишчелеринин араларын 10 сантиметрден кылып 5-7 сантиметр тереӊдикте отургузабыз.

Үрөн
Сапаттуу сарымсактын өӊү сыя көк түстө. Канчалык көп сакталып эскирген сайын өӊү агарып, кабыгы калыӊдай баштайт. Андан сырткары ГМО менен өстүрүлгөн, Кытайдан келген сарымсактардын өӊү апакай, чоӊ болот. Үрөндүк сатып аларда ГМОдон абайлаӊыз, анткени алар түп байлабайт. Жаӊы үрөн алганга аракет кылыӊыз, антпесе 2-3 жылдан ашкан үрөн эскирип, сарымсак майдаланып кетет.

Сугаруу
Аба ырайы ысык аймактарда 5-6 ирет, салкын жерлерде 2-3 жолу сугарылат. Жалбырагы бүрүшүп, куурап, сугаруу керек экенин өзү эле кабарлайт. Топурагы семиз, убагында отолуп, сугарылып турган сарымсакка курт түшпөйт, оорубайт. Эгер ашыкча сугарып жиберсе, ортолору карарып, чирип кетет.

Өзөк
Сарымсактын өзөгү май-июнь-июль айларында үзүлөт. Эгер өзөгүн албай койсо, сарымсак тишчелерге бөлүнбөй калат. Өзөктү эртеӊ менен эрте же кечке жуук жумшак кезинде кол менен үзүп же кайчы менен кыркып алуу керек. Сарымсактын бою узарып баратса, сабагын байлап коюу зарыл. Антпесе түбү азыктанчу заттардын баары сабагына кетип, сарымсак майдаланып же болбосо такыр эле түп байлабай калат.

Жыйноо-кургатуу
Август айында казылат. Казып алгандан кийин топурагын жакшылап күбүп, сабагынан өрүп, көлөкө, шамалдап турган жерге илип коюу керек. Же болбосо сабагынан 10 сантиметрдей калтырып кесип, көлөкө, шамалдап турган жерге кургатабыз. Бул өсүмдүк суукка чыдамдуу, андыктан кышкысын эшик-терезеси жабык сарайга төгүп, үстүнө таар жаап коюу керек. Сарымсакты муздаткычта сактаганга болбойт, чүрүшүп, сапатын жоготот.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Janyla   30 Январь 2016 - 13:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

МАЛИНА ОСТУРУУ.

Малина – көп жылдык бадал түркүмүнө кирген өсүмдүк. Көлөкөнү көп жактырбайт, жарыкты сүйөт. Кышкысын суукка чыдамдуу. Эгер үстүндө калың кар болсо, ал –30 градустан ашык суукка да туруштук бере алат. Күзүндө эки жылдык сабактары жашоосун аяктайт. Анын ордуна жаңы жаш сабактары чыгат. Ал эми бир жылдык жаңы жаш сабактары экинчи жылы түшүм берет. Эскисинин ордун жаңы сабактардын алмаштыруусу 10 жылга чейин уланат. Ал эми 13-15 жылдан соң түшүм бербей калат.

ЖЕР ТИЛКЕСИН ТАНДОО
Малинаны өстүрүүгө жарык жакшы тийген, нымдуулук жетиштүү болгон, борпоң топурактуу, отоо чөбү жок жер тилкеси ылайыктуу. Ал эми 1-1,2 метр тереңдиктен эле суу чыккан жерге тигүү сунушталбайт. Себеби ашыкча нымдуулук өсүмдүктү чиритип жиберет.

ОТУРГУЗУУ
Малинаны мүмкүнчүлүккө карап күзүндө деле, жазында деле отургуза берсе болот. Отургузууга көчөттүн бүчүрү чыкканча жетишүү керек. Бул негизги талап.
Түп кылып отургузууда көчөттөрдүн аралыгы 0,5-0,7 метр, ал эми удаа кеткен катардын ортосу 1,5-2 метр болууга тийиш.

Отургузуу эрежеси
Чуңкурдун диаметри 40-50 сантиметр, тереңдиги 30-40 сантиметр болот. Андан соң чуңкурдун жарымын жер семирткич менен (суперфосфат 10-16 грамм, күкүрт кычкылдуу калий 20-30 грамм же 2-3 килограмм кык – 1 чарчы метрге) толтурулат да, көчөт 2-3 сантиметр тереңдикте көмүлөт (1-сүрөт). Жаңы отургузулган ар бир көчөткө 5-6 литр суу куюлат.
Отургузгандан кийин ошол эле күнү көчөттүн жерден жогору карай 15-20 сантиметр бөлүгү калтырылып, калганы кыркылат (2-сүрөт).


Отургузуу мөөнөтү
Чүй, Талас облустарында – марттын соңу, апрелдин башы.
Ысык-Көл, Нарын облустарында – апрелден тарта.
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында – марттан тарта.

ӨСҮМДҮККӨ КАМ КӨРҮҮ
Семиртүү
Жазында жана күзүндө жер семирткичтер менен байытып туруу керек. 2-3 килограмм кык же 4-5 килограмм өсүмдүк чириндиси жетиштүү.

Жумшартуу
Жайкысын 4-5 ирет топурагын бошотуп, отоосунан арылтуу зарыл.

Сугаруу
Орто эсеп менен өсүмдүк 4-5 жолу сугарылат. Бирок аба ырайына жараша чара көрүү зарыл. Өтө ысык учурда эрежеге ылайык аптасына бир ирет сугаруу талап кылынат.

ЗЫЯНКЕЧТЕРДЕН ЖАНА ООРУДАН САКТОО
Оорулары
Малина көбүнчө нымдуулуктан пайда болгон дат, көк жана малина дидимелласы оорулары менен жабыркайт. Алар сабактарын, жалбырактарын жабыркатып, чиритет.

Зыянкечтер
Тля, күбө, коңуз – булар өсүмдүктүн негизги душмандары. Алар жаш бутакчаларын, сабагын, жалбырагын, гүлүн жешет.
Жогорудагы оорулардан жана зыянкечтерден кутулуу үчүн айыл чарбалык дүкөндөрдөн тийиштүү каражаттарды табууга болот. Ошондой эле сатуучу адистин кеңеши менен канча өлчөмдө колдонуу керектигин тактап алганыңыз оң.

ТҮШҮМ ЖЫЙНОО ЖАНА ТАШУУ
Малинанын мөмөсү эзилип калбашы үчүн өтө этияттык менен кургак маалда, күндүз же кечинде жыйноо керек. Шүүдүрүмдө болбойт. Көрүнүшү жакшы болуш үчүн мөмөсүн бир литрлик банкага же анча чоң эмес желим идишке чогулткан оң. Бул ташууга да жакшы.

КЕҢИРИ ЖАЙЫЛГАН СОРТТОР


Булардын ичинен патриция ремонтанттык сорт болуп саналса, калгандары бир жолу түшүм берүүчү сортторго кирет.

МАЛИНАНЫ КӨБӨЙТҮҮ
Көбөйтүүнүн жолдору – түптү ажыратуу жана тамырды кесип өстүрүү.

Тамыр
Жазга жакын малинанын өзөгүнөн 30 сантиметр алысыраак жайгашкан тамырларынан узундугу 8 сантиметрден чоң жана жоондугу 3-5 миллиметрден кем болбогон өлчөмдө кыркып алуу керек. Казылып алынган тамырлар кум салынган үкөккө көмүлүп, муздак жайда сакталууга тийиш. Аларды көчөт тиге турган маалда кошо жерге отургузуп, октябрь айында дайыма өсө турган тилкеге отургузуу зарыл.


Сабак
Бул эң жеңил жолу. Көп жылдык түптөрү казылып, андагы сабактары ажыратылып кайрадан тилкеге отургузулат.

КЫРКУУ
Бир жолу түшүм берүүчү кадимки сортторду кыркуу:

Бир жылдык сабактарын жайдын башында узундугу 1 метрге жеткенде үстүнөн ылдыйды көздөй 15-20 сантиметр кыркылат.
Эки жылдык сабактарын эрте жазда, бүчүр ала элек кезинде сабактары үстүнөн 5-12 сантиметр кыскартылат. Ал эми күзүндө эки жылдык сабактар түбүнөн жок кылынууга тийиш.
Ремонтанттык (бир нече жолу түшүм берүүчү) сортун кыркуу:

Бир жылдык сабактарын жайдын башында узундугу 1 метрге жеткенде үстүнөн ылдыйды көздөй 2-5 сантиметр кыркат.
Эки жылдык сабактарын эрте жазда жерден бийиктиги 18-20 сантиметр калтырып кесип салат.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Janyla   30 Январь 2016 - 13:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Сайттын башкы бетиндеги гезитке чыкчу макалалардын тиричилик,бизнес болумуно кирсениз,суроттору менен бар.Бул жакка суротторун кочуруп,киргизгенден эриндим.Ийгилик сизге!
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   gulkar   30 Январь 2016 - 15:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 870
  • Катталган: 12 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2019 01:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргыз жерим!

Жакшы бизнес го
Никогда не сдавайся.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Gamze90   03 Февраль 2016 - 12:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 26 Июль 13
  • Соңку аракети: 25 Фев 2018 19:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара-Балта

Чоон рахмат достор...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Gamze90   03 Февраль 2016 - 12:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 26 Июль 13
  • Соңку аракети: 25 Фев 2018 19:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара-Балта

Жаныл чоон рахмат... Бактылуу болунуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Janyla   03 Февраль 2016 - 12:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Просмотр сообщения Gamze90 (03 Февраль 2016 - 12:28) жазган:

Жаныл чоон рахмат... Бактылуу болунуз.


Эч нерсе эмес,айтканыныз болсун!Баса, дагы бир кенешти угуп калдым эле,чеснокту жыйнап-кургатарда орбой эле,жон гана озунчо кургатса,салмагын жоготпойт деп.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   jetinur90   03 Февраль 2016 - 13:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Малинаны билбейм бирок чесноктон ушунчалык конул калган. 10жылдан ашык алектенгем. Азыр жегилике эле. Жер болушунча семиз болсо бир жон. Биттеп кетесин,жоокту 35см кыласын,тубун тынымсыз жумшартпасан чонойбойт,фигурасы бузулуп,чанагы бош болуп чачылып кетет. Эн жакшысы теплица сатып ал,фундамент куюп устуно даяр каркас орнотосун 20жыл кызмат кылат. Комур менен жылытасын. 5 сотыхтан 1 Га жерге эккен чесноктун кирешесин аласын. Чыгаша аз,мээнети женил. Планы бар,иштегиси келген адам бизнес кылыш керек дебейт менимче.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   jetinur90   03 Февраль 2016 - 13:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Теплица боюнча суроолор-кызыгуулар болсо купуяга кайрыл. Суроту бар тилеке каршы жуктой албадым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   zhusubali   09 Февраль 2016 - 18:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 129
  • Катталган: 20 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 18 Ноя 2018 12:43

чеснокту жазда эксе болобу? уронду кайдан алсам болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   leili1   11 Февраль 2016 - 03:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 217
  • Катталган: 02 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 29 Дек 2020 12:57

Просмотр сообщения jetinur90 (03 Февраль 2016 - 13:14) жазган:

Теплица боюнча суроолор-кызыгуулар болсо купуяга кайрыл. Суроту бар тилеке каршы жуктой албадым.

Мындай ортоголе жазып кетсениз жакшы болмок кобуно эле кызык тема "теплица" . Расход приходдорун кошуп дегендей
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Гука   12 Февраль 2016 - 13:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 008
  • Катталган: 09 Апрель 08
  • Соңку аракети: 04 Мар 2018 02:35
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jetinur90 (03 Февраль 2016 - 13:14) жазган:

Теплица боюнча суроолор-кызыгуулар болсо купуяга кайрыл. Суроту бар тилеке каршы жуктой албадым.

Бул жакка эле жазып койчу,кызыккандар коп экен
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   aidinaernur   18 Февраль 2016 - 05:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 329
  • Катталган: 21 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 01:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Океандын ары жагы

Просмотр сообщения jetinur90 (03 Февраль 2016 - 09:14) жазган:

Теплица боюнча суроолор-кызыгуулар болсо купуяга кайрыл. Суроту бар тилеке каршы жуктой албадым.

Мен аябай кызыгам да
Кенири маалымат берсенер жакшы болмок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   13 Март 2016 - 19:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Просмотр сообщения zhusubali (09 Февраль 2016 - 18:59) жазган:

чеснокту жазда эксе болобу? уронду кайдан алсам болот


Жазда да эксе болот , бирок майда болуп калат.Негизинен куздо эгилет.Уроонду базардан аласыз же ишенимдуу адамдардан алыныз.Кытай чесногу менен озубуздун чеснокту айырмалай албай калышыныз мумкун.
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   13 Март 2016 - 19:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Теплицага мен да кызыгам.Ушул тармакты онуктуруп, колго алгандар болсо кененирээк болушо кетсенер ...
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   sekret94   21 Март 2016 - 20:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 558
  • Катталган: 24 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Май 2021 23:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Орхитектордун жардамы керек болуп жатат. Чтобы курулуп аткан курулуштун алдын ала планын кандай бутушун комптон жасагандар барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Janyla   22 Март 2016 - 09:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Просмотр сообщения sekret94 (21 Март 2016 - 20:10) жазган:

Орхитектордун жардамы керек болуп жатат. Чтобы курулуп аткан курулуштун алдын ала планын кандай бутушун комптон жасагандар барбы?


Туурасы архитектор болот!

Планы жок эле салынып жатабы же курама курулушпу?
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   A3A   30 Апрель 2016 - 21:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 03 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2017 22:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токтогулe

ТЕПЛИЦА КУРУУ ЖАНА АГА КЕРЕКТҮҮЛӨР
Теплицалардын түрлөрү көп. Алардын бири траншея түрүндөгү теплица. Бул ирет узундугу 13, туурасы 7 метр болгон 10 түп лимон өстүрүүгө ылайыктуу ушундай теплицаны куруу боюнча кеңеш бермекчибиз. Мунун эки башына дубал, ал эми 2 капталына дубал тургузулбай, арматуранын үстүнөн эле клеёнка жабылат.

Пайдубал үчүн
Пайдубалдын бийиктиги – 70 сантиметр, ал эми туурасы – 40 сантиметр
Цемент – 2,5 тонна (килограммы 7 сом) – 17 500 сом
Шагыл – 12 тонна (1 тоннасы 583 сом) – 7000 сом
Кум – 9,5 тонна (тоннасы 350 сом) – 3325 сом
Пайдубалга кеткен чыгым – 27 825 сом

Дубал үчүн
Кум – 2 тонна (1 тоннасы 350 сом) – 700 сом
Цемент – 200 килограмм (килограммы 7 сом) – 1400 сом
Пескоблок – 400 даана (даанасы 27 сом) – 10 800 сом
Дубалга кеткен чыгым – 12 900 сом

Үстүн жабуу үчүн
Арматура (темирден) – 500 метр (метри 15 сом) – 7500 сом
Электрод – 2 куту (1 кутусу 300 сом) – 600 сом
Клеёнка – 26 метр (1 метри 60 сом) – 1560 сом
Ширетүүчүнүн акысы – 6000 сом
Үстүн жабууга кеткен жалпы чыгым – 15 660 сом

Теплицанын жылуулугун сактоо үчүн
2 темир меш (1 меш 3000 сом) – 6000 сом
Көмүр 1,5 тонна (1 кыш үчүн 1 килограммы 7 сом) – 10 500 сом
Теплицанын жылуулугу үчүн кеткен чыгым – 16 500 сом

Лимон көчөтүн сатып алуу үчүн
10 түп (1 түп көчөт 300 сом) – 3000 сом
Жалпысынан чыгаша 75 885 сомду түздү

Теплица куруу
Теплицанын жалпы бийиктиги 3-3,5 метр болот.
1-кадам. Алгач теплица курула турган жер тандалып, белгиленет. Анан ал жердин ичи 1 метр тереңдикте казылып топурагы сыртка ташылат.
2-кадам. Теплицанын пайдубалы казылган жерден 1 метр алыстыкта тургузулат. Бул казылган жер көчүп, пайдубалга коркунуч келбеши үчүн керек.
3-кадам. Башы менен аягына пескоблоктон дубал тургузулат.
4-кадам. Дубал бүткөндөн кийин темирден жасалган арматуралар ийилип ширетилет. Дубалдын бир тарабына эшик курулат.
5-кадам. Мештер орнотулат.
6-кадам. Теплицанын үстүнөн клеёнка жабылат.
7-кадам. Лимон көчөтү отургузулуучу жерге топурак, кум, кык аралаштырылып чачылат. Мунун 20 пайызы кум , 30 пайызы кык, калган 50 пайызы топурак болушу керек.
8-кадам. Жер даяр болгон соң лимон көчөттөрү аралыгы 2,5 метрден отургузулат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Бизнес
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 09 Авг 2025 10:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: