Суперстан: Элжернонго арналган гүлдөр - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Элжернонго арналган гүлдөр Америкалык жазуучу Дэниел Киздин атактуу чыгармасы кыргыз тилинде

#1 Пользователь офлайн   kadyrtegin   08 Январь 2016 - 21:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 07 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 20 Апр 2018 15:52


ЭЛЖЕРНОНГОАРНАЛГАН ГҮЛДӨР (Flowers for Algernon)– Дэниел Кизге таандык илимий-фантастикалык чыгарма. Алгач 1959-жылы “Fantasy & Science Fiction”(Фэнтезижана илимий-фантастика) журналынын апрель айындагы басылмасында жарык көргөн.1960-жылы эң мыкты илимий-фантастикалык аңгеме болуп табылып, “Хьюго” сыйлыгынататыган. Кийинчерээк Дэниел Киз аңгемени ошол эле аталыш менен роман түрүндөжарыялап, эң мыкты роман катары 1966-жылы “Небьюла” сыйлыгын алган.

Аннотация
Аңгеме акылы кем, жашы кырктарга таяпкалган Чарли Гордондун жашоо-турмушун, туш болгон тагдырын сүрөттөйт. Ошондойэле, чыгарманын кээ бир бөлүмдөрү атайын орфографиялык каталар! менен жазылган.Бул табышмак аңгеменин ичинде катылган. Чыгарма англис тилинен которулду.


Билдирүүнү түзөткөн: kadyrtegin: 08 Январь 2016 - 21:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   happy02   08 Январь 2016 - 21:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Абдан кызыгып калдым.. Куттурбой жазасыз деген ойдомун..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Bermet_Kasymova   13 Март 2016 - 03:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 269
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2019 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Кызыктуу окшойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   saltanat.   14 Март 2016 - 00:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Кана автор?
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Disappear   14 Март 2016 - 18:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кадырыныз жан болсун, берки сайтка толук бойдон жуктопсуз да бул жактагы форумчуларга кол шилтегенсип, теманы ачып анан таштап коюпсуз.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   saltanat.   15 Март 2016 - 16:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Просмотр сообщения Disappear (14 Март 2016 - 18:22) жазган:

Кадырыныз жан болсун, берки сайтка толук бойдон жуктопсуз да бул жактагы форумчуларга кол шилтегенсип, теманы ачып анан таштап коюпсуз.

Сиз ошонусун апкелип жүктөп коюңузчу. Автор баштагандан кийин бүтүрбөйсүңбү? Жоопкерчилик деген барбы?
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2016 - 17:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Просмотр сообщения saltanat. (15 Март 2016 - 16:22) жазган:

Сиз ошонусун апкелип жүктөп коюңузчу. Автор баштагандан кийин бүтүрбөйсүңбү? Жоопкерчилик деген барбы?


Ошондой кылсам болобу? Эгер бироонун темасына кийлигишуу менен кочуруп алып келууго уруксат болсо, 3-4 сааттан кийин толуктап коймокмун.





Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   saltanat.   15 Март 2016 - 19:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Просмотр сообщения Disappear (15 Март 2016 - 17:21) жазган:

Ошондой кылсам болобу? Эгер бироонун темасына кийлигишуу менен кочуруп алып келууго уруксат болсо, 3-4 сааттан кийин толуктап коймокмун.

Бул 1 жыл жазбаса деле күтмөк белек. Жазчу киши эчак жазмак. Уланта бериңиз.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2016 - 20:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ЭЛЖЕРНОНГО АРНАЛГАН ГҮЛДӨР (Аңгеме)

1959-жыл

Дэниэл КИЗ

Которгон: Азат Жапарбек

гүндөлүк малымдама-1 5-март, 1965 Др. Штраус бүгүнтөн мага нени ойлонуп айланамда нелер болуп атканын бардыгын жазып тур деди. негекенин билвейм бирок бул аявай маанилү дейт. балким алар мени тандап алышат. гим билет бирок мени тандап алышса аявай сонун болмок. Мисс Кинниан балким алар мени акылдуу кылып гоюшу мүмкүн деди. мен акылдуу болгум гелет. менин атым Чарли Гордон. мен 37 жаштамын. эки жума мурун туулган гүнүм болчу. бүгүнчөлүк болду го дейм, башыма башка эштеке деле гелбей галды.

гүндөлүк малымдама-2 6-март бүгүн тест болду. өтпөй галдым окшойт. эми аларга герегим тийбей галды го. ал мындайча болду. атайын бөлмөгө гирип барсам колунда сыя төгүлгөн ак барактарды гармап бир жаш гиши отурган экен. Ал Чарли не көрүп турасың айтчы дегенде чочуп геттим. Чөнтөгүмдө жүргөн тумарды кармалап отуруп галдым. Мен гичинекей гезимде мектепте дайыма эле сынактарды жакшы жаза албай калчумун.

Кагазга сыя төгүлүп калган го дедим акырын. Ова дегенинде бираз да болсо жеңилдей түштүм. Бүттү го деп ордуман туруп баратсам токтотуп калды. Жок Чарли сынак бүтө элек ордуңа отура тур деди. Андан гийин не болгонун деле анча эстей алвайтам бирок жанагы сыя төгүлгөн баракта дагы не гөрүп турасың деп атса герек эле. Карап эштеке гөрө албай гойдум. Ошондо ал мага гээ бирөөлөр ушул сыядан ар гандай элестерди гөрүшөт девайтты. Бирок мен гөрө албай гойдум. Аявай аракет гылдым. Тигил баракты жакын кармап бир карап, алыс кармап да карап гөрдүм. Гөз айнегимди эстей галып издей баштадым. Негизи гөз айнекти киного барганда же телевизор гөрүп жатканда эле тагынам. Чөнтөгүмдөкен. Тагына галып кана берсеңз баракты, мына азыр не сүрөткенин таап берем дедим.

Канча аракет гылсам да сыядан башка эштеке гөралбай гойдум. Балким гөз айнегим эскирип калган го. Муну угуп тиги жаш жигит өзүнүн дептерине бир нерселерди жаза баштады. Сынактан өтө албай галдым окшойт деп коркуп гетип сыя баракка аявай кооз болуп төгүлүп калыптыр дей салдым. Жок жооп дагыле туурамес болуп галды. Өкүнгөнсүп башын чайкады. Кайра гарап гөрөйүнчү деп жалына баштадым айлам геткенде. Балким дагы бираз уакыт берсеңер таап алармын мен негизи башкаларга караганда бираз жайыраакмын. Мисс Кинниандын классында да жай окугандардын арасындалем. Бирок мен аявай аракет кылам.

Мейли деп башкача тартылган экинчи баракты берди. Анда эки түрдүү сыя бар болчу бирөө кызыл бирөө гөк.

Жаш жигит жакшы гиши экен. Мисс Киннианга окшоп жай сүйлөп жатты. Колундагы сыя төгүлгөн баракты көргөзүп бул толук эмес элестерди берген сүрөттөр. Ар гим ар гандай сүрөттөрдү гөрөт деп түшүндүрүп берди. Роршахтын тести дейт го некенин түшүнгөн жокмун. Кана гайагында деп сурадым айлам гетип. Ойлонуп гөрчү деди. Ойлонуп отуруп сыянын издери десем да андаймескен. Дагы жакшыраак ойлончу балким бир нерсенин элеси гөрүнүп калар. Гөзүмдү жуумп бир топко чейин элестетип гөргөнгө аракет жасадым. Эштеке дей албай гойдум. Тиги өйдө туруп чыгып кетти. Роршахтын тестинен өтпөй галдым окшойт.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2016 - 20:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

гүндөлүк малымдама-3 7-март Др. Штраус менен Др.Немур гечеги тесттен эштеке деле болбойт дешти. Тиги сыяны мен төккөнүмдө балким не гөрүнүп турганын айтып бермекмин да. Алар балким сени тандап алабыз деватышат. Негизи Мисс Кинниан бизге окуу жана тамга үйрөнүү гитептерин эле берчү. Ал бизден бир да жолу тест алганмес дедим. Мисс Кинниан аларга мен класста жакшы окуучу кенимди айтыптыр. Аявай аракет гылат гөп нерсени үйрөнгүсү гелет дептир. Алар менден чоңдордун кечки мектебине кантип гелип калдың Кантип таптың деп сурашты. Элдерден сурагам сүйлөгөндү окуганды кайдан үрөнсөм болот десем бирөө каяка барышымды айтып берди деп жооп бердим. А үйрөнүп алып не гыласың деп сурашканда көптөн бери акылдуу болгум гелип жүрөм. Караңгы болгум келбейт. Бирок окуу аявай кыйын экен десем алар мага азырынча кыйыныраак болот. Кийинчерек жеңил болуп калат дешти. Мен барына макулмун. Мисс Кинниан мага түшүндүрүп берген. Бир жерим ооруйт деп коркпойм.

Андан гийин гечеги тесттен да жаман тесттер болду. Жакшынакай бир эже гирип гелип түшүндүрө баштады. Гүндөлүгүмө жазып алайынчы деп тамгалатып кайра сурап жазып алдым. ТЕМАТИКАЛЫК АППЕРЦЕПТИКАЛЫК ТЕСТ экен. Биринчи эки сөздүн маанисин билбесем да тест деген сөз мага таныш. Аны өтпөй галсаң жаман баа алып каласың. Сүрөттөр болгончүн мага оңой сыяктуу гөрүндү. Бирок не гөрүп турганымды айтып гирсем эле токтотуп салды. Адашып геттим. Гечеги жигит сыя төгүлгөн баракта не гөрсөн ошону айтып бер деген десем андай эмес дейт. Сүрөттөгү гишилерди гарап туруп окуяларды айтып бер дейт. Тааныбаган гишилер жөнүндө гантип айтып берем. гантип калп айтам. Мен калп айткым гелбейт. Калп айтсам эле кармалып гала берем дедим айлам гетип.

Ал болсо тиги Роршахтын тести менен бул тест адамдын мүнөзүн аныктоого жардам берет дейт. Аявай гүлгүм гелди. Ууртумду араң жыйып кантип эле кагазга төгүлгөн сыядан жана ушу сүрөттөн адамды аныктай каласыңар деп сурадым. Гөңүлү түшкөнсүп отуруп калды. Сүрөттөрдү болсо нары алып салды. Тажап геттим. Ушу да тестпи. Мунусунан да өтпөй галдым окшойт.

Андан гийин ак халат кийген кишилер гелип оорукананын башка жагына алпарышты. Ал жакта ойноочу жер бар эле. Чычкан менен жарышуучу жайга окшоп гетти. Чычкандын аты Элжернон экен. Апакай Элжернон ошол жердеги гөп бурулушу менен бурчтары бар кутунун ичинде болчу. Ак халатчандар мага калем менен толтура каршы-терши чийиндери бар баракты кармата салышты. Бир жагында СТАРТ а башка жагында ФИНИШ деп жазылып туруптур. Гөрсө муну лабиринт деп аташат экен. Элжернон экөөбүздүкү окшош дешти. Бирок кантип эле андай болсун. Меники барака чийилген а Элжернондуку болсо баары жука тактайдан ар жагы тосулуп жасалып турган болчу. Бирок мен аларга эчтеке деген жокмун. Аныс деле сураганга увакыт деле жок болчу. Жарыш башталып калды.

Ары жакта бир гиши колундагы саатын гарап турган эле. Аны гарап алып менин кыжырым гелип кетти. Карабаганга аракет гылдым.

Он чакты жолу лабиринттин кевир жерлерин өзгөртүп жарыштырып гөрүштү. Тигил тесттерден да жаман болду. Аявай жаман болуп геттим. Элжернонду бир да жолу ута албай гойдум. Чычкан да акылдуу болот деп ойлогонмесмин. Балким Элжернон аппак болгонунан го. Ак чычкандар башкаларга караганда акылдуурак болот окшойт.

гүндөлүк малымдама-4 8-март Мени тандап алышты!! ! Аявай толкунданып турам. Др Немур менен Др. Штраус башында талаша гетишкен болчу. Др Штраус менен Др Немурдун бөлмөсүнө гирип бардык. Др Немур мени тандап алышканына дагыле кабатыр болуп турган экен. Др Штраус болсо Мисс Кинниан мени класстагы эң алдыңкы окуучу гатары сунуштаганын айтты. Мисс Киннианды жакшы гөрөм ал өтө акылдуу мугалим. Ал мага аявай жакшы мүмкүнчүлүк гелип атканын айтты. Экспериментке катышуу үчүн аявай окушум гереккен. Өмүрүмдүн аягына чейин акылдуу боюнча каламбы ал да белгисиз кен бирок мындай мүмкүнчүлүк ар кимгеле тие бербейт. Ошончүн Мисс Кинниан аператсийа кылышат дегенде корксом да макул болдум. Коркпо Чарли сен аявай аракетчилсиң ошончүн баарынан мурун сен гана татыктуусуң деп айтты Мисс Кинниан.

Ошончүн др Штраус менен Др Немур бири-бири менен талашып атканда коркуп кеттим. Анан Др штраус тигиге бир нерсе айтты. Менин мативатсийам бар экен. Муну билчүмесмин. Угувалып сүйүнүп калдым. Ай кюсу 68 болгондордо андай нерсе боло бербейткен. Некенин да гайдан алганымды да билвейм. Элжернондун да мативатсийасы бар экен. лабиринттин аягына жегенге сыр коюп коюшаткен. бирок мен сырды анча деле жактыра бервейм да. Ошончүн чын эле менде мативатсия бар болду бекен деп жооп тавалбай кыйналдым.

Тигилер сүйлөшүп атканда кебир сөздөрүн түшүнгөн жокмун. Ошончүн кебир жерин дептериме жазывалдым.

Др штраус Др немурга Чарли сиз ойлогон сиз күтүп жүргөн интелект**(не деген сөз экенин жакшы угалбай галдым) супермендерден эмес экенин билип турам деп сүйлөй баштады. Бирок мынчалык төмөнкү интелек** деңгелдеги гишилердин гөвүнчөсү башкалардан чоочурк** түнт болушат. Алар гөвүнчө айлана чөйрөгө кайдыг** болуп көв учурда сүйлөшө албайсың. Чарлинин кулк мүнөзү жайында биз не десек каршылык гөрсөтпөй кызыгуу менен кабыл алыватат.

Др немур анда бул экспримент биз үчүн дүйнөдө эң алгачкы жолу адам баласын хирургийалык жол менен акылын оңдоого болорун тастыктайт муну эсивизден чыгарбашывыз герек деп айтты.

Др штраусс оа айтканыңызда калет жок деди. Карасаңызчы мына башкалардан акыл деңгели канчалык төмөн болуп туруп окуганды жазганды үйрөнүп алганын. Бул аявай чоң жетишк** да тууравы. Бул экөвүз эч кимден жардам суравай туруп Эйнштейндин теориясын үйрөнгөндөй эле оор девойлойм.

Алардын сөздөрүн толугу менен түшүнгөн жокмун аявай бат сүйлөшүп жатышкан. Др немур мага каршы болуп др штраус болсо мени колдоватты окшойт.

Анан Др немур башын ийкеп мейли сиздики туура чыгып галар деп койду. Мейли Чарлини колдонуп гөрөлү. Мен ошондо аявай толкунданып геттим. Ордуман тура галып колун кармай галдым. Сиз мага ушундай мүмкүнчүлүктү бериватканыңыз үчүн рахмат аявай чоң рахмат девайттым. Чын жүрөктөн. Аператсийадан кийин акылдуу болууга аявай аракет кылам. Көрөсүз го...




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2016 - 20:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

гүндөлүк малымдама-5 10-март Коркуватам. Биякта иштеген эжелер жана менден ар гандай сынактарды алгандар мага таттуу паттуу ала келишиптир. мага ийгилик каалашты. Буйурса бары жакшы болот.

Др штраустан аператсийадан гийин Элжернонду жеңе аламбы деп сурасам гөрө жатарбыз деп койду. Буйурса аператсийа жакшы өтсө ушу чычкандын акесин таанытам го. Мен да акылдуу боло алам. Балким андан да акылдуу болуп калармын ким билет. Жакшы окуп сөздөрдү туура жазганды үйрөнөм. Анан дагы башка толтура нерселерди үйрөнүп тиги гишилердей болуп калам. Мен башкалардай эле акылдуу болгум гелет. Буйурса бул аператсийа жакшы бүтүп ушу бойдон калса тигилер дүйнөдөгү башка гишилерди да акылдуу кылып койушар.

Күндөлүк маалымдама- 6 15-март Эш жерим деле оруган жок. Балким мен уктап жатканда оругандыр. Бүгүн менин башым менен гөздөрүмө оролгон бинтти алып салышты. Эми мен болгон нерселерди күндөлүгүмө жаза берсем болот. Др Немур менин мурунку жазгандарымды окуп чыкканкен. Күндөлүк жана маалымдама деген сөздөрдү туура мес жазыпсың деп мага туура жазылышын гөрсөтүп берди. Гөрсө айтылышы менен жазылышы башкача болот турбайбы. Эми буларды мен эстеп калышым герек.

Гөп нерсени эстеп кала алвайтам. Др Штраусс айланада болуваткандарды айтыперүү оңой эле дейт. Бирок сен ошол болуп жаткан нерселер жөнүндө ойлоруңду көбүрөөк жазышың герек деди. Кантип ойлойм десем аракет жаса деп койду. Гөзүмө бинт оролуп жатканымда көп нерсени ойлонгонго аракет жасаган болчум. Эштеке болгон жок. Нени ойлонорумду билвейтам. Балким да бир жолу кантип ойлонуш герек деп сурасам жакшырак түшүндүрүп берер. Мен эми акылдуу боло башташым герек да. Акылдуулар не жөнүндө ойлонушат болду кен. Же алар жөнле бир нерсе ойлоп таап айтып коюшавы. Жок дегенде ошенте алсам деле жакшы болмок.

Күндөлүк маалымдама- 7 19-март Эч кандай өзгөрүү деле жок. Толтура сынактарды да берип гөрдүм, Элжернон менен жарышып да гөрдүм. Элжернонду жаман гөрө баштадым. Дайыма эле утула беремби. Др Штраус болсо дайыма ойноп турушуң герек дейт. Бул тесттерди гайра-гайра алып турушу герек экен. Жанагы сыя тести дагы кызыктай. Бала менен кыздын сүрөтүн го тартканды жакшы көрөм бирок алар жөнүндө калп айта алвайм да...

Гөп ойлоно галам деп башым ооруп кетти. Мен Др.Штраусту жардам берет го деп жүрсөм анткен жок. Андан дагы нени ойлонуш герек экенин да же болбосо гачан акылдуу болуп кетеримди да айтпай атат. Мисс Кинниан да гелбей гойду. Мынтип күндөлүк жазгандан да тажай баштадым. Гөкмээлик...

Күндөлүк маалымдама- 8 23-март Мурун иштеп жүргөн завотко гайра бардым. Тигилер жумушуңа кайта бергениң туура болот го деп айтышты. Бирок аператсияны неге жасатканымды эч кимге айтпашым герек. Анан ооруканага ар гүнү гечке маал жумуштан бошогондо бир саатка барып турушум герек экен. акылдуу болууга кылган аракетим үчүн айлык төлөп турушмай болду.

Жумушту жана ал жактагы достор менен өткөргөн гүндөрдү аявай сагынган экенмин. Ошончүн жумушка баратканыма сүйүнүп турдум.

Др Штраус жазууну токтотпо деп айтты. Бирок гүнүгө эмес бир нерсени ойлонгондо же болбосо өтө маанилүү бир нерсени эстегенде гана жазып тур дейт. Үмүтүңдү үзбө баардыгына убакыт керек бат эле боло галбайт деп айтты. Элжернон деле акылы үч эсе көбөйгүчө арадан көп убакыт өткөн болчу. Гөрсө элжернон мени ошончүн ута берчү тура. Ал дагы аператсийа болгон экен да. Жеңилдеп калбадымбы аз да болсо. Буйурса лабиринтти чычкандан үч эсе бат аягына чыгара алам деп ойлойм. Бир гүнү Элжернонду утам го. Жыргайм да ошондо. Бирок азырынча Элжернон гөпкө чейин акылдуу бойдон галчудай болуп турат.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2016 - 20:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

25-март (Мындан кийин Күндөлүк маалымдама деп жазуулардын башына жазбай деле гойсом болот экен. Др Немурга ар бир жумада окусун деп тапшырып атканда башына жазылган гүнүн белгилеп сыртына гана Күндөлүк маалымдама деп гойсом жетет экен. убакыт текке кетпейт эми)

Жумуш аявай сонун болду. Эй балдар карагылачы Чарлинин башын тешип ичине мээ салып коюшкан го ыя деди Джо Карп каткырып. Мен аларга баарын айтып салайын деп барып Др Немурдун жок айтпа дегенин эстеп кеттим. Френк Рейли болсо Кана Чарли аракет кылып эстеп гөрбөйсүңбү балким не болгонун эстей кетерсиң деди. Мен да каткырывийдим. Алар мени жакшы гөрүшөт мына менин чыныгы досторум.

Гээде бирөөлөр эй карагылачы Джо менен Френк же болбосо Джорж Чарлини мазактап атышат го деп калышат. Неге антишерин түшүнбөйм бирок алар дайыма каткыра беришет. Бүгүн эртең менен биздин жумушта иштеген Эмос Борг деген гиши мен жөнүндө бир нерсе деди. Ал гиши биздин чыгаргандарыбызды элге жеткирип иштеген Эрни деген балага тийишти окшойт. Эрни бир баштыкты жоготуп алыптыр. Ошондо Эмос тигиге ой кокуй ай сен да Чарлиге окшоп калгансың го деп гечке каткырды. Неге минтип айтканын түшүнгөн жокмун. Тиги мага окшошуп калгыдай мурда мен баштык жоготуп көргөнмесмин да...

28-март Гечке маал Др штраусс гелип неге гелбей тасың деп сурады. Гелип турушуң герек ко дейт. Мен болсо Элжернон менен жарышкым гелбей калды дедим. Ал болсо жарышкың гелбесе да гелип турушуң герек деди. Ал мага телевизорго окшош бир нерсе ала гелиптир. бирок аны белекке эмес убактылуу гана мага бериваткан экен. Уктаарда гүйгүзүп кой дейт. Тамашалап аткан жоксузбу неге аны уктаган атканда гүйгүзүп коюшум герек деп сурадым. Ушундай да болмок беле. Тиги болсо эгер сен чындап акылдуу болгуң гелсе анда мен айтканды так аткарышың герек деди. Эх мен эми акылдуу боло албай галдым го десем колун ийниме гойуп Чарли сага акыл гире баштады бирок сен аны азырынча байкай элексиң деп айтты. Сен муну бир убакка чейин байкабашың мүмкүн. Жөн эле менин гөңүлүмдү калтырбайын деп атты окшойт. Анткени мага акыл киргендей деле болгон жок. Гантип сезбей калайын.

Ии баса унтуп калган турбаймбы. Мисс Кинниандын сабагына гачан барсам болот деп сурадым. Ал болсо мындан гийин аяака барбайсың дейт. Жакында Мисс Кинниан өзү атайын мени окутканы ооруканага гелип турат экен. мен аператсияга кирерде келбей койгонуна таарынып калгам. Бирок мен аны жакшы гөрөм балким кайра достошуп гетербиз аны менен.

29-март Тиги жинди телевизор уктатпай гойду мени. Кулагыма түнү бою ар гайсыны каңкылдап атса гантип уктамак элем. Андан дагы жиндидей болгон сүрөттөрүчү. Өххх. Ойгоо туруп не айтып жатканын түшүнбөгөндөн гийин уктап атканда гантип түшүнөм дейм да.

Др Штраус баары жайында дейт. Сенин мээң акырындап гее бир нерселерди үйрөнүп атат дейт. Гийинчереек Мисс Кинниандан сабак алганы ооруканага барганда аявай жардам берет деди(ии баса ал оорукана эмес эле лабараторийа экен). мага баары табышмактай сезилип атат. Уктап атып акылдуу болуп гетсең анда мектепке барып не азап дейм да. Бул фантастика го. Мен мурун телевизордон гечки анан түнкү гөрсөтүүлөрдү калтырбай көрчүмүн бирок андан билимдүү боло калганмесмин. Же аларды гөрүп атканда уктап гөрүш герекпи билбейм.

Күндөлүк маалымдама- 9 3-апрель Др Штраус тиги жинди телевизордун үнүн азайтууну үйрөттү эми уйкум бузулбай уктаватам. Баягы какшанган үн жок. Не деп атканын дагы деле түшүнө элекмин. Бир ганча жолу эртең менен кечиндегилерди уктап атканда нелерди үйрөндүм экен деп кайталап угуп гөрдүм бирок эштеке өзгөргөн жок. Мисс Кинниан болсо башка тилде го деп койду. Бирок өз тилиме эле окшоп тургансыйт. 6-класста окуп жүргөндө Голд деген бир эже бар болчу аявай бат сүйлөйт эле. Анын айткандарын түшүнчү эмесмин. А телевизор болсо андан да бат сүйлөйт экен.

Др штрауска уктап атканда акылдуу болгондун эмнеси жакшы. Мен ойгоо жүргөндө акылдуу болгум келет деп айттым чыдамым кетип. Ал болсо айрымасы жок жана менде эки түрдүү аң-сезим бар дейт. Бирөө жөнөкөй экинчиси болсо көмүскө аң-сезим экен. Алар бири бирине не болуп атканын айтышпайт имиш (Кызык!). алар бири бири менен сүйлөшпөйт экен. ошончүн мен түш көрөт турбаймбы. Кандай түштөр гирип атканын айтпай эле койойун. Оххх.

Мындай эки түрдүү аң-сезим менделе барбы же башкаларда да ушундайбы деп сурайын деп унтуп калыпмын.

Сөздүктө дагы көп нерселер жазылыптыр бирок түшүнгөн жокмун не экенин. Мендей жиндилерге мындай сөздүк жардам бералбайт го.

Бирок башым кечөө майрамдаганга ооруп аткан болчу. Жумушта чоогу иштеген Джо Карп менен Френк Рейли бир нерсе ичебиз деп МагСи деген барга чакырышкан. Ичкенди анча деле жактыра бербейм го бирок тигилер эс алып келебиз дегенден баргам. Аявай жыргадык.

Джо Карп кыздарга жумушта даараткананы кантип тазалаганыңды гөрсөтүп койчу деп чүпүрөк таап келиптир. Гөрсөттүм. Мен өз жумушумду жакшы гөрөм. Майын чыгара жасайм. Жумушка эч качан кечиккен эмесмин. Аператсия болгондо гана геле албай галдым. Ошончүн Мситер Доннигендин эң жакшы жумушчусумун десем баары каткырып ийишти.

Мисс Кинниан да жумушту так аткарат экенсиң азаматсың деп дайыма мактайт болчу дедим.

Баары каткырып жатып калышты. Сонун болду. Анан алар мага ичимдик беришти да “крышасы тайып” калса дагы боорубуз эзилет го деди Джо. Не дегенин түшүнгөн жокмун бирок баары мени жакшы көрүшөт, алар менен убакыттын өткөнүн билбей каласың да. Эххх батыраак ушул жакын досторум Джо Карп менен Френк Рейлидей акылдуу боло калсам жакшы болмок.

Майрам не болуп бүткөнү эсимде жок. Мен Джо менен Френкке кофе алып келгени сыртка чыгып кетип кайра келсем тигилер тарап кеткен болуш керек эле. Аларды кеч киргенче издеп жүрсөм керек. Башым ооруп уйкум келип турганын гана билем андан ары эстей албай койдум. Мен турган батирдин ээси Мисс Флинн сени үйгө бир милиция жеткирип келди деп айтты.

Башым ооруп, чекем томпойуп чыгыптыр. Бети башым да көгөрүп калыптыр. Жыгылган окшойм бирок Джо сени тиги милицийа аявай тепкилеген окшойт деди. Негизи алар мастарды сабашат дейт го. Билбейм ай кантип эле ушундай болсун. Мисс Кинниан алар тескерисинче элге жардам бере деп айткан болчу. Ал го ал бирок башым аявай ооруп өзүмдү жаман сезип турам. Мындан гийин ичпес болдум го.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2016 - 20:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

6-апрель Элжернонду уттум!!! Жеңип салганымды билген эмесмин да тиги тестти алып аткан Барт деген жигит айтып атпайбы. Экинчи жолу болсо аявай толкунданып кеткен экем отургучтан жыгылып кетип утулуп калдым. Бирок андан кийин кайра 8 жолу утуп алдым. Элжернондой акылдуу чычканды утуп алганыма караганда мага акыл кире баштаган окшойт. Бирок мен аны сезген жокмун.

Элжернон менен дагы бир топко чейин жарышып отура бергим келген бирок Барт бүгүнчөлүк ушул жетет деп койду. Алар Элжернонду кармап көрсөң болот деп колума берип коюшту. Кебездей жумшак чычкан экен. Анын гөздөрү кара а көзүнүн чекелери кызыл тартып турат экен.

Утуп коюп кайра боорум ооруп кетип тигилерден Элжернонго тамак берсем болобу деп сурадым. Алар болсо Элжернон биз үчүн аявай маанилүү жандык ал да сендей аператсия болгон башка жаныбарлардын арасынан да мынчалык көп убакка чейин акылдуу бойдон калган жалгыз жандык деп айтышты. Ал акылдуу болгон үчүн өз тамагын ар кандай тесттерден өтүп өзү таап жейт экен. ошондуктан ага жөн эле тамак бере бергенге болбойт дешти. Ага болушкум келип кетти анткени ал тесттен өтпөй калса тамак жебей калат да.

Менимче тамак жеш үчүн ар кандай тесттерди тапшыруу туура эмес го. Др Немурду деле элестетип көргүлөчү тамак жегиси келгенде тесттин жообун табам деп жүргөнүн. Буюрса Элжернон менин досум болот.

9-апрель Кечинде жумуштан кийин лабараторияга барсам Мисс Кинниан да бар экен. Мени көрүп сүйүнүп да коркуп да тургандай болду. Мисс Кинниан коркпой эле коюңуз мен дагыле акылдуу боло элекмин десем күлүп ийди. Ал болсо мен сага ишенем Чарли анткени сен аявай тырышчааксың жана окуу менен жазганга башкаларга караганда көвүрөөк аракет кыласың деди. Увактылуу болсо да акылдуу боло аласың. Эң маанилүүсү сен илимге салым кошуп жатасың деди.

Жаман оор китеп окуп баштадык. Мынчалык оор китеп окуп көргөн эмесмин. Ал болсо Робинзон Крузо деген эч ким жашабаган аралга жалгыз түшүп калган киши жөнүндө экен. Ал акылдуу киши. Өзү жалгыз эле бир үй куруп алды анан ал сүзгөндү жакшы билет. Өзү жалгыз жана достору жок болгону үчүн ага боорум ооруду. Бирок тиги китептеги сүрөткө караганда ал жакта андан башка да бирөө жашайт окшойт. Робинзон болсо кол чатырын көтөрүп алып кумдун устүндөгү издерди карап жүрөт. Кызык экен. Буйурса бирөөнү таап достошуп алар жалгыз жүрбөй.

10-апрель Мисс Кинниан мага жаңы сөздөрдү (айтылышы жана жазылышы) үйрөтүп атат. Сөздү бир карап алып көзүңдү жаап туруп аны жаттап калгыча кайра кайра кайтала деди. Мен билген көз, келүү, көрүү деген сыяктуу сөздөр “г” менен жазылбайт экен. Мен кандай айтсам ошондой жазып жүрө берчүмүн. Бирок кээ бир сөздөр андай эмес тура. Башым айланып калды.

14-апрель Робинзон Крузону окуп бүттүм. Мындан ары дагы кандай болот билгим келип атат бирок Мисс Кинниан ушуну менен эле бүтөт дейт го. Эмнеге???




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2016 - 20:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

15-апрель Мисс Кинниан бат үйрөнүп атасың дейт. Ал менин жазган күндөлүктөрүмдү окуп алып жылмая карады. Ал мага буюрса баарына акесин таанытасың го дейт бир күнү. Эмнеге деп сурасам көп ойлоно бербе, бир күнү кээ бир адамдар оюңдагыдай эмес болуп калса көңүлүңө алба дегеним дейт. Сен кээ бир акыл-эстүү кишилерге караганда кудайдын сага аз бергенине карабай көп нерсеге жетишип атасың дейт. Мен болсо ага айланамдагылар, досторум баары жакшы, алар мени жакшы көрүшөт жана алар эч кандай жаман нерсе жасашкан жок дедим. Ошондо ал көзү жашарып ылдый карап бөлмөдөн чыгып кетти.

16-апрель Мен, бүгүн, үтүр, деген нерсени, үйрөндүм, мына үтүр (,) куйругу бар чекит, экен. Кээ бирөөлөр, үтүрдү туура эмес коюп алып, толтура акчасын, жоготуп алышы мүмкүн, ошондуктан үтүр, аябай маанилүү дейт, Мисс Кинниан. Негизи менин, анча деле, көп акчам жок, бирок үтүр кантип, акчаны сактаганга, жардам берет болду экен, түшүнбөй турам. Үтүрдү, баары эле, колдонушат экен, ошондуктан, мен да, колдонуп койойунчу.

17-апрель Үтүрдү туура эмес колдонуп атыптырмын. Аны тыныш белгиси деп коёт экен. Мисс Кинниан мага сөздүктөн кыйыныраак сөздөрдү карап жазылышын жаттап чык деди. Мен ага окуганды билгенден кийин алардын жазылышын жаттап чыгуунун эмне кереги бар дедим. Бул сенин окуу программаңдын бир бөлүгү деп койду ошондуктан бүгүнтөн баштап мен сөздүктөн жазылышын так билбеген бардык сөздөрдү карап чыгышым керек. Жазып жаттап чыгууга көп убактым короп атса да жаттап атам. Бир жолу эле караганда сөздүн кандай жазыларын эстеп калып жатам. Тыныш белгиси (сөздүктө ушундай экен) дегендин жазылышын эстеп калганым да ошондон. Мисс Кинниан жанагы чекит да тыныш белгиси дейт жана ошондой эле ага окшогон дагы бир топ тыныш белгилери бар экен.

Сен алардын баарын, колдонушуң? Керек” дейт. Анан алардын! баарын (кантип колдонууну, . мага көрсөтүп; берди. мына мен аларды! ар жерде колдоно алам” жана ошондой эле толтура эрежелер, бар экен! мен аларды? Эстеп; калганга аракет” жасап атам.

Урматтуу Кинниан: эженин? (Расмий кагаздарда ушундай жазылат экен) мага, баарын шашпай” түшүндүрүп бергени – жагат да. Ал мен, билген! эң акылдуу киши. Мен да” ага окшоп; акылдуу болгум келет:

(Тыныш белгилери, деген; кызык, нерсе экен!)

18-апрель Жинди экенмин! Анын айткандарынан кымындайын да түшүнбөпмүн. Мен кечээ түнү граматика китебин окуп чыктым. Мына ошол жерде баары бар экен. Карасам баары Мисс Кинниан айтып түшүндүрүп бергениндей тура. Бирок мен түшүнбөпүн, жиндидей болуп. Түндө ойгонуп кеттим, баары көз алдыман өтүп ошондо гана түшүнбөдүмбү.

Мисс Киннианга айтсам баягы түн уйкумду бузуп жүргөн телевизор жардам берсе керек дейт. Анан мен тыныш белгилерин түшүнгөндөн кийин мурдагы жазган жазууларымды карап чыктым. Кокуууй элдер көрбөсүн деги аларды. Баарын оңдоп чыгайын десем, Мисс Кинниан ага убактыңды короткондон көрө, жаңы нерселерди үйрөн деди. Күндөн-күнгө батыраак үйрөнө баштадың дейт. Жеңилдеп калдым. Сабактан кийин Элджернонго барып келдим. Биз аны менен мурдагыдай жарышпай калганбыз.

20-апрель Ооругансып турам. Доктур мага жардам бере албайт го дейм, анткени, ичимдеги органдарды алып салгансып көкүрөгүм бош сыяктуу сезилип жатат. Зарына да болуп калыптырмын.

Бул жөнүндө жазбай эле коёюн дегем, бирок маанилүү болгону үчүн жазып коюшум керек. Бүгүн биринчи жолу эч жакка чыкпай үйдө жаттым. Жумушка барган жокмун.

Кечээ кечинде Джо Карп менен Фрэнк Рейли мени көңул ачып келели деп бир жерге чакырышкан эле. Барсам толтура кыздар анан биздин жумушта иштеген кээ бир жумушчулар жүрүптүр. Баягында ичип алып иттей жаман болгонумду эстеп кетип Джого эч нерсе ичпейм деп койдум. Арактын ордуна ал мага Кока-коланы карматты. Бир кызык даамданса да оозум даамданып жатат го деп согуп жибердим.

Башында баары эле ойдогудай болуп жаткан. Джо мага Эллен менен бийлеп көрбөйсүңбү, ал сага кандай бийлешти үйрөтөт деп калды бир кезде. Бийлеп жатып бир топ жолу жыгылып кеттим. Эмнеге өзүм да түшүнбөй калдым. Карасам Эллен экөөбүз эле бийлеп жаткан экенбиз. Көрсө, ошол жердегилерден бирөө улам эле буту менен чалып коюп жыргап жатыптыр.

Жыгылган жеримен туруп баратып карасам, Джо ары жакта мени карап турган экен, аны көрүп мен бир кызыктай болуп кеттим. Ошол жердеги бир кыз “Ой, мунуңар жеткен жинди турбайбы?! ” – дегенде, баары каткырып жиберишти.

Ары жактан Фрэнк болсо “Ой, боорум ай! Тиги билесиңерби, кофе менен гезит таап кел деп жибербедик беле, ошондон бери мынчалык күлө элек элем!” – деп, каткырды.

– “Карасаңар, тимеле кызарып кетти го!”

– “Эй, Эллен, биздин Чарлиге эмне кылдың, ыя?! Мынчалык кызарчу эмес эле, аха-ха-ха! ”

Эмне кылаарымды билбей туруп калдым, каякка кетмек элем? Баары мага карап күлүп жатканынан, өзүмдү жылаңач тургандай сезип уялып кеттим. Эптеп бир жакка качыш керек болчу. Сыртка атып чыктым да кусуп жибердим. Үйгө бардым. Карасаң эми, тиги Фрэнк менен Джо сыяктуулар эптеп мени менен шакаба тээп, мени шылдыңдаш үчүн эле ээрчитип келишчү турбайбы...

Көрсө, баарына уят болуп жүрчү экенмин да...




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2016 - 20:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Күндөлүк маалымдама- 10 21-апрель Дагы деле бара элекмин жумушка. Мен жашаган үйдүн ээси Мисс Флиннге “Доннигенге чалып, ооруп жатат деп айтып коюңузчу?” – дедим. Кийинки убактарда Мисс Флинн менден эмнегедир коркуп тургансыйт.

Балким, баары мени шылдыңдап, шакаба тепкенин билип калганым ырас эле болгондур. Көп ойлондум. Ушунчалык жинди болгонум үчүн, эмне жасаганымды өзүм билбегеним үчүн ошентип жатышкандыр. Балким, жиндилер өзүлөрүнө окшобогону, жүрүм-туруму башкача болгону үчүн аларды шылдыңдап көңүл ачкылары келеттир.

Мейличи, ушуга да башымды оорутуп отурамбы? Эми мага күндөн-күнгө акыл кире баштаганын сезип турам. Мага ушул эле керек. Тыныш белгилерин үйрөнүп, сөздөрдүн кандай жазыларын билип калдым. Кыйын жана узун болгон сөздөрдү сөздүктөн издегенден ырахат алам, анан да аларды бат эле жадымда сактап кала алам. Көп окуй баштадым, Мисс Кинниан болсо мага “Бат окуп калыпсың” – деди. Окугандарымды түшүнүп да, кээ бир жерлерин эсимде да сактап кала алам. Кээде жатып алып көзүмдү жумуп, окугандарымды бир-бирден кино көрүп жаткансып көз алдыман өткөрүп турам.

Мисс Кинниан мага тарых, география жана арифметика менен бирге, бир канча чет тилди үйрөнүүнү сунуштады. Др. Штраусс болсо, түндө коюп жатканга дагы бир канча кассета берди. Дагы эле жанагы аң-сезим жана көмүскө аң-сезим дегендерге акылым жетпей жүрөт, бирок Др. Штраусс “Аларга башыңды оорутпай эле кой” – дейт. Ал менден келээрки жума колледждеги сабактарга кире баштаганда, психология боюнча китептерди өзү уруксат бермейинче окубай турушумду өтүндү.

Бүгүн өзүмдү бираз болсо да жакшыраак сезип турам. Бирок баягы шакаба тээп, мени акылым кем болгондугу үчүн шылдыңдагандарга арданып жүрөм. Др. Штраусс айткандай акылым өсүп, IQ(интеллектуалдык коэффициент) боюнча алган 68 балл үч эсе көбөйсө, балким жанымдагылар мени өзүлөрүндөй көрүп, достошуп башташаар беле?

IQ деген эмне экенин азыр так билбейм. Др. Немур “IQ – жанагы дүкөндөрдөгү таразалардай эле, адамдын акылын ченейт” – деди. Бирок, Др.Шраусс “IQ – адамдын акылын ченей албайт” – деп, тигиге каршы пикир айтты. “IQ деген, акылды дагы канчалык өстүрсө болот экенин көрсөтөт. Жанагы атайын сыртында белгилери бар идиштерди көрдүң беле? Так эле ошол сыяктуу” – дейт.

Элджернонду машыктырып, менден ушул IQ тесттерин алган Барт деген жигиттен сурасам, “Экөөнүкү тең туура эмес!” – дейт (бирок бул жөнүндө тигилерге айтпай эле кой деп өтүндү). “IQ – негизи, көп нерсени аныктаганга жардам берет. Анын ичинде адам ушул убакка чейин эмнени үйрөнгөнү да бар. А бирок, IQ дайыма эле керекке жарай бербейт.”

Ошентип, менин IQ көрсөткүчүм жакында 200дөн ашып өтөөрүнөн башка, оңчулуктуу жооп ала албадым. Албетте, мен аларга эч нерсе деген жокмун. Бирок, анын эмне экенин жана кай жерде жайгашаарын билбей туруп, ар бир адамда канчалык өлчөмдө экенин кантип билишет дейм да. Түшүнүксүз!

Др. Немур “Эртең Роршах сынагын тапшырышың керек” – деп айтты. Кызык! Дагы эмне деген шумдугу болду экен?

22-апрель Роршах сынагы эмне экенин билдим. Көрсө, баягы операцияга чейин тапшырган сынактардын бирөө экен. Ар бир кагазда ар түрдүү түстөгү сыя менен тартылган сүрөттөр бар эмес беле – мына ошол экен. Сынакты алган киши да дал ошол экен.

Ошол төгүлүп калган сыяктуу сыялардан иттей коркуп жүрчүмүн. “Кагазда эмнени көрүп турасың?” – деп сурашын билип эле турдум. Эмне деп жооп бермек элем? Жок дегенде эптеп эмне тартылып турганын билип алган, кандайдыр бир белги болсочу... Балким ал жерде эч кандай сүрөт жоктур? Балким алар калп эле жиндиби же жинди эмеспи деп сынагысы келип, жок нерсени сурап жатышсачы? Ушул ойго батып, тиги жигитке да жиним келип кетти.

– Кана, Чарли. Эсиңдеби бул кагаздар, мурун көрдүк элек го?

– Ооба, эсимде.

Жообуман жиним келип турганын байкап, мага таң кала карады.

– Анда эмесе, эми мына мунусун карап көрчү. Эмне болушу мүмкүн? Эмнени көрүп турасың? Ар ким ар кандай элестерди көрөт бул кагаздардан. Эмне болушу мүмкүн, эмнени элестетип жатат, ошону айтчы?

Эмне дээримди билбей калдым. Минтип сурайт деп күткөн эмесмин:

– Эмне, бул жерде эч кандай сүрөт жок дегени турасызбы?

Көз айнегин чечти да, кабагы түйүлө:

– Эмне?

– Сүрөт дейм. Сыялардагы. Өткөндө аны ар ким көрө алат дебедиңиз беле, анан мага ал эмне экенин тап деп сурагансыз, эсиңиздеби?

Ал мага “Өткөндө да ушундай эле айткам!” – деп туруп алды. Ишене албай шек санап турам. Өткөндө мени тамашага салып, атайын башымды айлантып койсо керек. Эмне мурда мен ушунчалык жинди белем?...

Кагаздарды шашпай карап чыктык. Бирөөндө эки жарганат бир нерсени эки жагынан тиштеп, учуп баратышкандай бир элес бар болчу. А экинчиси болсо, эки киши кылыч менен согушуп жаткандай болуп көрүндү. Иши кылып, толтура нерсе оюма келе берди, элестей берди. Түш көрүп жаткан жокмунбу деп да ойлоп кеттим. Бирок дагы эле тигил жигитке ишене албай жаттым. Ошондуктан, кагаздарды капталынан да, астынан да карап көрдүм, балким дагы башка нерселерди байкап калармын деген ой менен.

Эми ушул сынактын эмне кереги бар эле дейм да. Бизге эч кандай деле пайдасы жок болушу керек. Көрбөгөнүн көрдүм деп, ар ким каалашынча калп айтып койсо деле болот да, туурабы? Мен алдап койсом кайдан билишмек эле? Таң... балким Др.Штраусс психологияны окуганга уруксат берсе түшүнөрмүн. ..




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2016 - 20:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

25-апрель Фабрикада убакытты үнөмдөө учүн станоктордун катарын өзгөртүп, кошумча ыкмаларды ойлоп таптым. Доннигенге айтсам “Жылына миң доллар үнөмдөйт экенбиз” - деп сүйүнүп, айлыгыма 25 доллар кошумчалап берди.

Джо Карп менен Фрэнк Рейлини кечинде тамакка алып барып келейин дегем, бирок Джо “Аялыма бир нерсе алмак элем” – деп, Фрэнк болсо “Бөлөм конокко чакырган болчу” – деп кетип калышты. Алар мага, мендеги өзгөрүүлөргө көнгүчөктү бираз убакыт керек окшойт. Менден баары коркуп калышкандай. Тиги Амос Бергду да далыдан таптап койсом, ары секире качты, жылан көргөнсүп.

Сүйлөшпөй дагы калышты, баары эле баягыдай эмес. Жалгызсырап турам.

27-апрель Кошумча 25 долларга эртең кечинде Мисс Киннианды тамактанууга чакырайын деп, жаман кыйналдым. Башында Мисс Кинниан арсар болуп турду. Анан Др.Штраусска барып уруксат алып келдим. Др.Штраусс менен Др.Немурдун мамилеси анча жакшы эместей. Алар дайыма бири-бири менен талашып-тартышып жатканын эле көрчү болдум. Бүгүн кечинде Мисс Кинниан менен кечки тамак маселеси боюнча келсем, Др. Немур тигиге “Менин экспериментим, менин табылгам болчу” – деп, кыйкырып жаткан экен. А Др. Штраусс болсо, “Тигини мен тапкам, Мисс Кинниандын жардамы менен жана операцияны мен ишке ашырдым. Эртеңки күнү эле, миңдеген нейрохирургдар ушул жолду, ушул кеңештерди сурап алдыбызга келишет, а эгер кичине бир кемчилик болуп калса күнөөнүн баарын мойнубузга илип коюшат”- деп, тигинден кем калбай ажылдап жаткан экен.

Көрсө, Др. Немур айдын аягында экперименттин жыйынтыктарын басылмаларга берейин деген экен. А Др. Штраусс болсо жыйынтыктар дагы бир канча жолу текшерүүдөн өтүп, такталганча коё турууну сунуштаптыр. “Сен эксперименттен мурун, жанагы Принстондогу психология бөлүмүн батыраак жетектеп ийгенге шашып жатат окшойсуң” деди Др. Штарусс жини келип. Тиги да жөн турбай “Өзүңчү, менин артым менен элге көрүнүп алайын деп эле жүрбөйсүңбү” – деп таштады.

Алардын мындайын угуп алып, ал жерден атып чыктым. Бир кезде карасам, бир нерседен аябай жүрөгүм түшүп калгансып титиреп чыгыптырмын. Балким, тигилердин чыныгы жүзүн эми көрүп жатканымабы, билбейм. Бир жолу Барттын айткандары эсиме түштү. Көрсө, Др. Немурдун кыялы чатак аялы, жыйынтыктарды эртерээк басылмаларга бер деп артынан сая түшүп, кыйнай берет тура. Албетте, ал дагы күйөөсүнүн арты менен элге таанылып калууну каалайт да...

Же чын эле Др. Штраусс тигини “пайдаланып алайын” деп жүргөнбү?

28-апрель Эмнеге мурун Мисс Кинниан мынчалык сулуу экенин байкаган эмесмин? Көздөрү карагаттай кара, а чачы болсо сары-кызыл аралаш, анан түймөк кылып артына түйүп коёт. Анан да 34 гана жашта экен. Балким мага ал дайыма эң акылдуу болгону үчүн, мектепте сабак берген кемпирлердей көрүнө берчү го. А азыр болсо, жолуккан сайын менин көзүмө улам жаш жана өтө сүйкүмдүү көрүнө берчү болду.

Кечки тамакка барып, көпкө сүйлөшүп олтурдук. “Окуудагыларды өтө бат үйрөнүп жатасың” – дейт. “Минтип отурсаң, мен бат эле сенин чаңыңда калам го...?” – дегенде күлүп жибердим.

– Чындап! Менден да бат окуп калдың го, тамашалап жаткан жерим жок, Чарли. Мен эки үч сапты окугуча, бир барак окуп салып жатасың го? Анан, окуганыңдын бирин калтырбай эстеп кала аласың. Мен болсо, бир гана негизги айтылган ойду, жалпы маанисин эстеп калсам, ошого сүйүнөм.

– Таң... өзүмдү эч качан акылдуумун деп эсептеген эмесмин. Дагы мен түшүнө элек, биле элек толтура нерсе бар.

Тамекисин алып чыкты, мен күйгүзүп бердим.

– Биразга чыдай турушуң керек. Сен элдер жарым өмүрүн короткон нерселерди бир канча күндө, бир канча жумада эле жутуп коюп жатпайсыңбы. Керемет деген ушул да. Сен азыр чоң сормо желим (губка) сыяктуусуң. Далилдерди, ар кандай сүрөттөрдү, бардык жалпы билимдерди өзүңө сиңирип алып жаткан учуруң. Бир канча убактан соң аларды бири-бири менен салыштырып, учтарын бириктире баштайсың. Ар кандай окуулардын баары бир учукка барып такалаарын көрөсүң. Билим деген даңгыр жолдо көптөгөн тепкичтер бар. Сен алар менен улам бийиктеген сайын көзүң ачылат, улам жаңы бийитиктерди көрө баштайсың.

Мен сендей эмесмин, Чарли. Мына азыркы ордуман бираз гана жыла алам, андан ары жагына бара албайм. Бирок, сен эч качан токтоп калбашың керек, улам-улам бийиктикке умтулушуң керек. Ошондо гана сен жаңы дүйнөнү, жаңы нерселерди ача аласың, – деп болуп, кабагы түйүлө түштү. Биразга жерди карап туруп, башын көтөрдү да:

– Кудай буюрса... кудай буюрса, Чарли! – деп акырын жылмайып койду.

– Түшүнбөй калдым, деги тынччылыкпы?

– Жөн эле... Сага ушул операцияны сунуштап коюп, жаңылып калган жокмунбу, дейм да...

Күлүп ийдим.

– Коюңузчу, ай! Элжернон деле жакшы жүрөт го, буюрса баары ойдогудай эле болот.

Бир саамга үн-сөз жок олтурдук, эмнени ойлонуп жатканын түшүнө алган жокмун. Бул ой мага карыган кишилердин өлүмдү эстегениндей эле жаман сезилди. Бардыгы эми гана башталып жатканын билип турдум. Тепкичтер менен эмнени айткысы келгенин деле түшүнүп турдум, анткени, ушуга чейин бир канча тепкичке көтөрүлүп калганым айдан ачык эле. Ал менден артта калаарын ойлоп алып жаман болуп кеттим.

Мисс Киннианды сүйүп калдым.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2016 - 20:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Күндөлүк маалымдама- 12 30-апрель Желим кутуларды жасап чыгарган Доннигендин фирмасынан чыгып кеттим. Донниген “Сенин кеткениң, баарыбыз үчүн эле туура болот го...” – дейт. Мени ушунчалык жаман көрүп калганчалык аларга эмне кылдым?

Жумушка барсам баары колун коюп, үстүмөн арыз жазып коюшуптур. 840 киши, бири да калбай. Баары ушинтип жатса, ал жерде кантип иштемек элем?

Уятыма чыдабай ыйлагым келип турат. Бир кездерде мени тааныган адамдар, мына ушул акылдуу боло калганым үчүн бат эле менден алыстап, качып калышты. Мурун алар мени шылдыңдап, акылым кем, жинди болгонум үчүн малдай көрүшчү. Эми акылым жетилип, бир нерселерди биле баштаганым үчүн да жаман көрүп, жерий башташты. Оо, Кудай, ай! Деги аларга эмне керек, ыя?

Алардын айынан жумуштан чыгып кеттим. Эми, мурдагыдан да беш-бетер жалгызсырап калдым.

15-май Эки жумадан бери бир дагы маалымдама жазбай койгонум үчүн Др. Штраусс аябай ачууланды. Аныкы да туура дечи, анткени лабаратория мага айлык-акы төлөп берип жаткан да. “Көп окуп, көп ойлонуп, убактым болгон жок” – деп кутулайын дедим. “Кол жазмам да анча эмес , жазуу иштери өтө жай болуп жатат” – десем, машинкада жазганды үйрөнүүнү сунуштады. Эми бираз жеңилдеп калдым, анткени машинкада жазуу оңой экен. Бир мүнөттө жетимиш беш сөз жазганга үлгүрөм. Др. Штраусс “Так жана элге түшүнүктүү тил менен жазганды унутпа, элдерге да түшүнүктүү болсун,” – деп, дайыма эскерте берчү болду.

Эки жума ичинде эмнелер болуп кеткенин кыскача айтып берейин. Элжернон экөөбүз өткөн шейшембиде, Америка Психология Ассоциациясынын чогулушунда элге көрсөтүлдүк. Элге аябай чоң жаңылык болдук окшойт. Штраусс менен Немур тимеле сыймыктанып отурушту.

Др. Немур алтымышка таяп калган киши. Штраусстан он жаштай улуу. Тигил аялы мээсин жей берип, азыртадан эле ушул эмгектин үзүрүн көрө берүү керек деген ойдо.

Мурун аны акылы өтө терең киши деп ойлочумун, бирок азыр тескерисинче. .. Албетте, көп нерсеге жөндөмдүү киши дечи, бирок өзүнө көп ишене бербейт, тартынчаак. Элге таанылгысы келет. Ошондуктан, ага жасаган эмгегинин дүйнөлүк деңгээлде кабыл алынышы өтө маанилүү. Бул ачылышты башка бирөө жасап ийип, мындай чоң мүмкүнчүлүктү колунан тарттырып жиберүүдөн коркуп, чыдамы кетип бизди эл алдына алып чыкканын эми билип олтурам.

Мына Др. Штрауссту акылы терең кишилерден десең болот. Бирок анын да билими чектелүү. Ал негизи мурунку салттык билим менен сугарылып калган киши.

Эски тилдерден латын, грек жана жөөт тилинде гана окуй аларын билип алып оозум ачылган. А математика боюнча, вариациялык эсептин босогосун да аттай элек экен. Мунусун билип алып, сурабай эле койбой деп да калдым. Мунун баары мени кичинекей баладай алдап жаткансыгандай болуп сезилди. Ушул убакка чейин чыныгы жүзүн мага көрсөткүсү келбей, мунун баарын жашырып жүргөн экен да. (Элдин баары эле ушундай болот окшойт...)

Др. Немур болсо, мен бар жерде оңтойсузданып жаткансып, жаа боюн ала качат. Сүйлөшөйүн десем, мага чоочун кишидей карап, ары басып кеткичекти шашат. Башында Др. Штраусс мага, Др. Немур мен бар жерде бир кызык болуп жатканын айтканда жиним келип кетти. Мени тамашага салып жатат го деп ойлодум. А андайды анча көтөрө албайм да.

Немур сыяктуу өтө таанымал, илим дүйнөсүндө жаңы нерселерди ачкан психолог хинди жана кытай тилин билбешин кайдан билейин. Билет го деп жүргөм. Бул багытта өтө оорчундуу ийгиликтерди жаратып келе жаткан Кытай менен Индиядагы изилдөөлөрдү эсепке ала турган болсок, Немурдун бул тилдерди билбегени өтө чоң кемчилик деп айтаар элем. Ушундай да болмок беле?

“Немурдун эмгектерин катуу сынга алган, индиялык Рахаджамати аттуу изилдөөчүгө Немур кантип жооп кайтарат? Анын сындарын окуй албагандан кийин, кантип четке кага алмак эле?” – деп Штраусстан сурадым. Ал болсо оозун кымтылап, мага кызыктай көз караш менен гана жооп берегенге кудурети жетти. Же Индияда эмне болуп жатканын Немурга айткысы келген жок, же болбосо мындан анын да кабары жок. Ушул кабары жок болуп калбаса экен деп коркуп турам. Эл менин жазууларымды окуганда түшүнбөй калбасын деп, көбүнчө жалпак тил менен жазганга аракет жасап жатам.

18-май Толкунданып турам. Мисс Киннианды бир жумадан бери көрө албай жүрүп, кечээ кечинде гана жолуктум. Ар кандай жогорку интеллектуалдык деңгээлдеги түшүнүктөрдөн кеп козгобой эле, күнүмдүк жашоо-турмуштагы маселелер жөнүндө сүйлөшөйүн деп өзүмдү кармап араң сүйлөп жатсам, мага суроолуу карап “Доберманндын Бешинчи концертинин математикалык теңдемеси дейсиңби? Аның эмне деги?” – деп аңкайды.

Мен ага баарын түшүндүргүчө каткырып жиберсе болобу. Жиним келди дечи, бирок экөөбүздүн ойлогон нерселерибиз эки башка болуп жатат окшойт. Эмнени гана сүйлөшпөйлү бири-бирибизди түшүнө албай жатабыз. Деги эле эл мени түшүнбөйт, мен да аларды. Китеп жана музыка сыяктуу нерселер болгону үчүн кудайга миң мертебе шүгүр. Мени жалгыз гана ушул нерселер түшүнөт. Миссис Флинндин үйүндө жалгыз, эч ким менен сүйлөшкүм келбей китептерге көмүлүп коюп олтурганым олтурган.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2016 - 20:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

20-май Дайыма кечинде мен тамактанып жүрчү жердеги окуя болбогондо, ошол жерге жаңы эле жумушка орношконон, идиш-аяк жууп иштеген жаш жигитти байкабай деле калмак экенмин.

Табактар тарактап, жерге тиери менен фарфордун талкаланган, майда-майда бөлүкчөлөрү ар-кай жакты көздөй чачырап кетти. Алаңдап эки жагын каранып, ордунан жыла албай, корккон бойдон бир паска катып калды. Ары жактан ышкырып ийип да, ушул эле жетишпей турду эле дегенсип ооз учунан мырыңдаган, “О, азамат! Ырас кылдың!”, “Мына ссага”, “Жаңы келген неме го...” – деп күбүрөнгөндөрдү угуп, жанагыдан беш-бетер уятынан кирерге жер таппай кайсалады.

Чаап жиберчүдө жалтаңдап, корунам деп колдору менен далдааланып, капталдап туруп калган жаш жигиттин алдына ашкананын ээси бир заматта жетип келди.

– Эй бол, бол дейм, акмак! – деп чаңырып жиберди. – Эмне турасың, союлдай болуп? Шыпыргыны алып кел, ашканада турат. Шыпыргыны дейм, акмак, шыпыргыны! Ашканада! Бир да сынык калбасын, энеңди гана...!

Тиги бала оңой кутулганына жеңилдеп, жанагы коркуп жалтаңдаганы жазылып, шыпыргы менен кайра жетип келди да, акырын жылмайып, басаң үн менен кандайдыр бир обондуу ырды кыңылдап коюп тазалап кирди. Ошол жерде тамактанып жаткан бирөө баланы кайра мазактагысы келип, тийише баштады:

  • Ай, балам! Көзүңдү чоңураак ачып карачы, тигине тээ тигил жакта да калып калды...
  • Эми, ары жакта.
  • Акмак деле эмес окшойсуң, ыя!? Жуугандан көрө, талкалап салган оңой дедиң да, ээ!?
Ушул сөздөргө беркилер ылжая күлүшүп, ырахат алып жаткандарын көрүп, бала тигинин айткандарын толук түшүнбөсө деле, айласыздан жылмайып койду.

Анын минтип жылмайып койгонун көрүп, бир кездерде баарына жагуу үчүн, аларга жакшы көрүнүү үчүн колунан келгенин жасаган бирөө эсиме кылт этип, жүрөгүм тыз этти. Ал эч нерсени түшүнбөй, акылы кем болгону үчүн баары күлүп, иттей жыргап жатышты. Аларга кошулуп, алгач мен да күлүп жаткан экенмин...

Ошол замат ачуум кайнап, ордуман атып турдум да бакырып жибердим:

– Болду, жетишет! Эмне ыкшыңдайсыңар? Акылы кем болуп жаралып калыптыр, муну өзгөртүү колунан келмек беле? Байкушта эмне күнөө, ыя?! Айланайындар, бул деле силердей адам го, акыры...

Баары тынчып, үн-сөз жок. Айтаарын айтып алып, өзүмдү кармай албай, бакырып алганыма кайра өкүнүп кеттим. Тамакты ооз тийбестен, акчамды төлөп, тигил баланын жүзүнө тик карай албай, ашканадан шаша-буша чыгып кеттим. Тигил баладан да, өзүмөн да уялып, бетим чымырап ысып чыкты.

Кызык! Ушундай акылы ордунда турган кишилер, колу-буту жок же болбосо сокур туулуп калган майыптарга сын тагып же шылдыңдаганга акылары жок экенин билип туруп, тубаса акылы же бир жери кем байкуштарга асылышат. Жакында эле, мен дагы ушундай акылы кем, башкалардын алдында куурчак болуп, шылдың болуп жүргөнүмдү эстеп алып, андан беш-бетер жиним кайнады. Карасаң эми, бат эле ошол күндөрдү унутуп койгонумду. Мурунку Чарли Гордонду тээ ичимдеги тереңдикке камап, катып салган турбаймынбы. Бүгүн тигил баланы көрүп эсиме келип олтурам. Так эле ошол жигиттей эмес белем!

Мурунку жазууларымды окуган сайын, сыртта жаркырап, көз жоосун алып турган жарыкка каалганын кенедей тешигинен жанталашып аңдып жаткан, ар кимге жолоочудай жалдыраган балалык аңкоолук жана сабатсыздык илеби урат. Канчалык аңкоо, кем акыл болуп турсам да ошол толук эмес, кем жаралып калганымды билип, тагдыр мени бир нерседен ажыратып, башкаларга берип койгонун сезип турчу элем. Тумандап турган акылым менен аңкоолугумдун жазуу жана окуй билүү менен кандайдыр бир байланышы болсо керек деп ойлочумун. Ошол жазуу жана окууну үйрөнсөм, ошол замат мээме акыл кирип, аңкоолугумду жеңем деп ойлочу элем.

Аңкоо-жиндилер да акылдуу болуп, эл катары жашагысы келет. Жаш бала өзүнүн курсагын кантип тойгузарын билбесе да, ачкалык деген эмне экенин билет да, туурабы?

Бул күн мен үчүн өтө жемиштүү күндөрдөн болду. Мурдагы күндөрдү бирден талдап чыккан соң, ушуга чейин ээ болгон билим жана жөндөмүмдү, адам баласынын интелектуалдык деңгээлин жогорулатуу боюнча изилдөөлөргө жумшайын деп чечтим. Буга баарынан мурун ким даяр? Ушуга чейин акылдуу да, акмак да болуп жашап көргөн ким? Мына мендей болгон кишилер да. Эми мага, кудайдын ушундай баалуу белегин, мендей болгондорго колдонууга уруксат бергиле.

Эртең буюрса Др. Штраусс менен кандай ыкма менен ишке киришеримди сүйлөшөм. Балким, мага колдонулаган операциянын кеңири түрдө колдонулуу маселесин чечүүгө жардамым да тийип калаар. Бул маселе тууралуу бир канча ой-пикирим бар.

Негизи, көп нерсени ишке ашырууга кудуретибиз жетмек. Менин акылымды түзөй алганга алы жетип жаткан соң, мендей болгондор канча, туурабы? Ал эми, акылы ордундагыларга да ушундай ыкманы колдонсо кандай болмок? А генийлерге карата да колдонсочу?

Ачыла турчу толтура каалга турат. Чыдамым кетип, араң турам.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2016 - 20:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Күндөлүк маалымдама- 13 23-апрель Бүгүн Элжернон мени тиштеп алды. Ага көптөн бери азыраак барып калгам, жаткан капасынан чыгарып колума ала калсам эле тишин колума матырып жиберди . Кайра капаска салып, бир саам карап турдум. Мурдагыдан айырмаланып ызырынып, бир нерседен кооптонуп тургандай.

24-май Эксперимент жасалган жаныбарларды караган Барт, “Элжернон өзгөрүп баратат” – дейт. Эч нерсеге кызыгы жок, лабиринтти да көргүсү келбей калыптыр. Тамакты болсо унутуп койгон окшойт. “Эмне болду экен” – деп, баары бири-бирин суроолуу карап отурушат.

25-май Лабиринт сыяктуу тапшырмаларды аткарбай калган Элжернонго, айла жок тапшырмасыз эле тамак берип калышыптыр. Мени ага окшоштуруп жатышат. Кантсе да ушуга чейин экөөбүз тең бир жолду басып өтпөдүкпү. Ошентсе да, эмнегедир баары тең Элжернондогу өзгөрүүнүн мага эч кандай тиешеси жок деп, менде да өзгөрүү болуп кетерин сокурдай эле четке кагышат. Экспериментке катышкан бардык жандыктарда кандайдыр бир өзгөрүү бар экенин байкадым.

Др. Штраусс менен Др. Немур, мага мындан кийин лабараторияга келбей деле койсоң болот дешти. Алардын эмнени ойлоп жатканын түшүнүп турсам да, кабыл алгым келбей турат. Алар менен биргеликте илимге колуман келген салымымды кошуудан баш тарткым келбейт. Албетте, бул көрүнүктүү эки изилдөөчүгө болгон сый-урматымда шек жок, бирок мага алардын мүмкүнчүлүктөрү кээ бир нерсеге жетпей каларын билем. Биздин маселе боюнча, кандайдыр бир жооп бар болсо, өзүм издеп, таап чыгышым керек. Убакыттын баалулугун эми түшүнүп олтурам, бир да мүнөттү текке кетирбешим керек.

29-май Лабараторияда каалашымча калганга, изилдөөнү улантууга уруксат беришти. Акырындап кээ бир нерселер ачыла баштады. Күндөп-түндөп иштей баштадым. Лабараторияга көчүп келгем. Изилдөө боюнча атайын бир дептер ачып алгам. Убактым көбүнчө ошонун үстүндө иштөө менен өтөт. Бирок, кез-кезде өзүмдүн сезим жана ойлорумду кагаз үстүнө түшүрүп коюу керектигин сезип, ага да убакыт бөлүп жатам. Көнүп калган окшоймун.

Адамдын акыл-эс эсеби, мен үчүн өтө кызыктуу изилдөө десем болот. Мурун жыйнаган бардык билимимди ушул багытта колдондум. Балким, мен ушуларды изилдөө үчүн жаралгандырмын деп да ойлоп кетем.

31-май Др. Штраусс мени тынбай иштеп жатат деп ойлойт. Др. Немур болсо, “Адам баласы өмүр бою изилдеп, таап чыкчу билим менен пикирди, бир-эки жумада бүтүргүң келип жатат” – дейт. Албетте, эс алсам жакшы болмок, бирок ичимдеги кандайдыр бир күч мага тыным алдырбай, тынчтык бербей келет. Элжернондун өзгөрүп кетишине эмне себеп болду, жооп табышым керек. Мен да ага окшоп кайра артка кетсемчи, а бул чындап болуп калса канча убактым бар? Ушуларга жооп табышым керек.

4-июнь Др. Штраусска кат (көчүрмөсү)

Кымбаттуу Др. Штраусс!

“Элжернон- Гордон Эффекти: Жасалма жол менен өстүрүлгөн акыл-эстин курамы жана аткарган кызматы тууралуу изилдөөлөр” деп аталган ишимди сизге көчүрмөсү менен кошуп жөнөтүп жатам. Сизден бул изилдөөнү окуп чыгып, басылмаларга берип коюуңузду өтүнөм.

Көрүп турганыңыздай изилдөөлөрүмдүн аягына чыктым. Бардык эрежелерди камтып, математикалык анализдерди тиркеп койдум. Албетте, буларды дагы бир жолу текшерип коюуңуздар керек.

Анткени, бул эмгек сизге да, Др. Немурга да керек (мага да десем жаңылышпасмын). Чыгарган жыйынтыктарымды кайра-кайра ичин аңтара, балким бир жеринен ката таап калсамчы деген ой менен текшерип чыктым. Ошондуктан, бул жыйынтыктар так экенин таамай айта алам. Адамдын мээсинин аткарган кызматы жана жасалма жол менен акыл-эсти өстүрүүнүн мыйзамдары тууралуу ушуга дейре жыйналган бардык изилдөөлөргө, тамчыдай болсо да өз салымымды кошуп жатканыма сүйүнүп турам.

Бир жолу эксперименттин ийгиликсиз аякташы же кандайдыр бир теориянын жараксыз деп табылышы, илим чөйрөсүнүн өнүгүшү үчүн, ийгиликке жеткендик болуп саналгандай эле, өтө маанилүү орунга ээ деп айтканыңар эсимде. Бул кептин чын-төгүнүнө эми гана акылым жетип олтурат. Бирок, бул багытта кылган бардык аракетим, мен өтө терең сыйлаган эки улуу инсандын жасаган тоодой эмгектерин жараксыз кылып, четке кагып салышын каалаган эмес болчумун. Туура түшүнүүңүздөрдү өтүнөм.

Терең урматтоо менен

Чарльз Гордон




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Disappear   15 Март 2016 - 20:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

5-июнь Өзүмдү кармаганга аракет кылып жатам, бирок... Таап чыккан аныктамалар жана эксперименттин жыйынтыктарында бир да ката жок деп так кесе айта алам. Жана азыркы убакта Др. Штраусс менен Др. Немурдун, аз колдонулуп же болбосо таптакыр эле колдонула элек деп айтсак туура болор, адам баласынын акыл-эсин жасалма жол аркылуу үч эсе өстүрүү ыкмасын, жаңы ачылыш катары каралышы керек деген ойдомун. Жана ошондой эле, менин бат эле акыл-эстүү болуп кетишим буга далил болуп бере алат.

Элжернонго жасалган бардык эксперименттер боюнча маалымдама жана башка жазууларды окуп чыгып, физикалык жактан дагы өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар турса да, акыл-эси төмөндөй баштаганын көрдүм. Кыймыл-аракети жайлап, ички секрециянын кыймылы төмөндөп, ар кандай чечимди кабыл алуу сезими өтө тез жоголуп баратканы байкалууда.

Амнезиянын (акыл-эсти жоготуу) өтө оорчундуу белгилери бар. Мен даярдаган илимий иште, физикалык абалдын жана акыл-эстин начарлашына байланышы бар жана ушуга окшогон белгилер статистикалык тактык жана эрежелер аркылуу көрсөтүлгөн.

Экөөбүздүн мээбизге хирургиялык жол менен жасалган операция, акыл-эс менен байланышкан бардык кыймылдарды ылдамдатып, күчөтүп жибериптир. Мен өзүм “Элжернон-Гордон Эффекти” деп атаган макаламда, күтүүсүздөн пайда болгон көрүнүштөр жасалма жол менен акыл-эсти ылдамдатуу иштерине барып такалат. Иштелип чыккан аныктаманын негизинде: жасалма жол менен күчөтүлгөн акыл-эс, кайра ошого жараша пропорционалдык түрдө төмөндөйт.

Менин оюмча бул өзү эле чоң ачылыш.

Болуп жаткан нерселерди колуман келишинче, жазууну унутуп калганга чейин жазып турганга аракет жасайм. Анткени, жазуу – ырахат алган нерселеримен бирөө. Көрсөткүчтөргө таяна турган болсок, менин акыл-эсим өтө ылдам төмөндөп кетчүдөй. Азыртадан эле сезимтал, унутчаак болуп баратканымды сезе баштадым.

10-июнь Барган сайын артка кете баштадым. Аябай унутчаак болуп баратам. Элжернон эки күн мурда өлүп калды. Ушундай болорун билгем. Өлгөндө аны союп көрүштү. Мээси муруңкудан жеңил болуп, мээ быткылы (мээ кыртышынын сыртындагы ийри-муйру кырлар) түзөлүп, кобулдары ((анат.) кобул; органдардын бетиндеги жылга) аңырайып, тереңдеп кеткен экен.

Жакында мени да ушундай нерсе күтүп турат. Эми Элжернон өлүп калгандан кийин мында шек жок, бирок... Өлгүм келбейт...

Элжернондун өлүгүн кичине кутучага салып, үйдүн артына көмдүм. Отуруп алып ыйладым.

15-июнь Др. Штраусс мага жолукканы келиптир. Эшикти ачпай, кете бериңизчи деп койдум. Жалгыз болгум келди. Бир нерсеге бат жинденип, кыжырым кайнап калыптыр. Чар-тарап караңгылыкка сиңип бараткансыйт. Ушундайда өзүңдү-өзүң өлтүрүп салгың келип, ушул ой эсиңен кетпей кыйнай берет экен. Бир гана ушул өзүмдү-өзүмө эстетип турган күндөлүгүм гана бул ойдон кайтарып, кармап калат.

Бир-эки ай мурун абдан кызыгуу менен окуган китепти колго алып, кайра окуп түшүнбөй калганда чындап эле жүрөгүң түшө баштайт экен. Милтон өтө жакшы жазуучу катары эсимде калыптыр, бирок анын “Кайып Бейиш” аттуу чыгармасын окуп көрүп, эч нерсе түшүнө албай койдум. Ачуум келип, бөлмөдөн ары ыргытып жибердим.

Жок дегенде, аз да болсо бир нерсени кармап калышым керек эле го. Буга чейин үйрөнгөндөрүмөн бираз да болсо. Оо, Кудай! Кайра баарын тартып аласыңбы менден?!

19-июнь Кээде түн жарымында эки жакты кыдырып келем. Кечээ түндө тышка чыгып жүрүп, кайда жашаганымды унутуп калыпмын. Үйгө милиция жеткирип койду. Мындай көрүнүшкө мурун качандыр бир убакта кабылгансып турам. Бирок мындай сезимди бир гана өзүм түшүнүп, жалгыз өзүм сүрөттөп бере алам.

21-июнь Эмнеге эстей албай жатам? Аракет жасашым керек. Канча күндөн бери төшөктө жаткан бойдон, бир топко шыпты карап ким экенимди, каякта жатканымды эстей албай кыйналам. Бир кезде жарк эткенсип баары эсиме түшө калат. Унутчаактыктын тамашасы. Кары-картаңдарга окшоп бала мүнөз болуп баратам. Мен жашоодогу көп нерсени өтө кыска убакыттын ичинде өзүмө сиңирип алганга жетиштим. Азыр болсо акыл-эсим кайра өтө тез арада артка карай кетип баратат. Албетте, буга каршы күрөшөм дечи. Баягы тамактанчу жердеги жигиттин аңкоо жылмайыңкы жүзү, ага маашырлана күлүп, шылдыңдаган элдердин элестерин унута албай толгоном. Оо, Кудай! Ушунуга да туш болот белем?! Андайга түшүрө көрбөчү...




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 05:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: