Достор келгиле чон ата-чон энелерибиздин жылмайткан жоруктарын же создорун жазабыз албетте аларды шылдындоо эмес
Мисалы : менин чон атам (93 жашта) телевизор коюп алат анан коруп буткондон кийин очурушту билбейт, жалпы уйдун автоматын очуруп койот))) анан да президентибизди дагы деле Бакиев деп ойлоп журо берет жарыктык , газета окуп калсак эле сурай берет "Бакыйып"
(Бакиев) эмне жумуш аткарып жатыптыр деп)) силер да жаза кетсениздер
Мындай тема болсо кошуп койосуздар деген ишеничтемин
Чоӊ ата, чоӊ энелерибиздин күлкүлүү жоруктары
#2 16 October 2016 - 18:59
Чон ата чон энеси бар кандай бакыт.Оз атам 78чыктыкудайга шугур акылы тетик эле .Ал эми кайненем 76да корком дей берет балдарым кулот ,адашып суйлоп алат аттарын алмашыптырып ,ырдап берет кээде ,анан балдарым тез -тез келбейт дей беретда. бара бара бала кыял болуп калат экен .А кошуна эне 90до. менин кайненемди ии жаш эле туруп ийилип калган десе кулкум келет озу кузгуго каранып туз бассатта .Мен да акылым менен каарысам деп тилеп калдым кудайдан.
#3 16 October 2016 - 19:15
Чон эне, чон атамды корбой калдым. Эрте эле каза болушкан. Таенемди айтып берейин. Козум жакшы корбойт деп калчу. Анан бир небереси Грецияга кеткен болчу. Сабактан келсем карта жайып алып грецияны издеп жатыптыр. Анан мен каникулга барганда сандыгын толтуруп койгон болчу. Конфеттин туру, момонун туру кыскасы баары бар. Анан улуу улуу таежелеримди жумшачу, бул окуудан чарчап келген, силер олобо, быжы жасап бергиле деп. Жакшы корот деп. Кулагым укпай деп алып,кээ бир секреттерди угуп алчу. Анан ыраматылык жаш баладай болуп калган. Аркы болмодо отурган келиндерин жамандай берчу. Мага бироо эле бираз эле начар суйлоп койсо жаш баладай таарынып ошо адам мн копко суйлошпой койчу. Мен да жаш экенмин. Телефондон ушак айтчумун да таенеме. Минтип койду антип койду деп.
#4 16 October 2016 - 19:36
Менин тайнем менен чогуу отуруп кино корууго мумкун эмес болот кээде... 
"Артыны кара, келатат. Бол! Болбойсунбу! Айтпайсынбы эми?! " деп суйлонуп, жерди ура берет)) Ыйлай турган кино болсо шолоктоп ыйлап алат " байкуш иий, бечара" деп.
Анан кино коруп атканда отурган боюнча уктай берет. Тагамдар урушат "апа ордунузга барып жатыныз, отуруп уктап кыйналбай" деп. "Жок, коруп атам деп уктай берет.

Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#5 16 October 2016 - 21:38
Тайнемдин колунда 6 жашыма чейин болдум .
Бир сандыгы бар эле, ошону эртен менен ачып кечке оодарат элек . бир нерсе бекитсе 99 кабат ороп ошол сандыкка сала берет эле.. Анан ошолорду ачып коруп нарака коюп , ачып коргонун унутуп калып кайрадан ача берет эле..

#6 16 October 2016 - 22:27
Менин таенем Бишкеке келсе Лейлеке жонойт, Лейлеке жетсе Бишкеке жонойт. Бир жылда бир топ барып келет, анан апама тийишип калам сиз каарыганда Москва Бишкек болбойсузбу деп
Жүрөгүмсүң
#7 17 October 2016 - 00:15
иииии чон ата чон энемди сагынып кеттим. бала чагыбызда коп барчубуз. бош болгон мезгилде жазам го дагы
#8 17 October 2016 - 01:42
Чоң апам:"Жолдон кантип өтүп жүрөсүң,окууңа да чоң жолдон өтүп барасыңбы,машина көп,силерди эле ойлой берем" деп тынчсыздана берет.Келгенде,
ойлонбоңуз светофор деген бар деп түшүндүрөм,
бирок кайра эле ошол көрүнүш..
Дагы,кичинекей болуп алып бүт дүйнөнү көрсөтөт экен деп
Дагы,кичинекей болуп алып бүт дүйнөнү көрсөтөт экен деп
<
#9 17 October 2016 - 01:44
Чоң апам:"Жолдон кантип өтүп жүрөсүң,окууңа да чоң жолдон өтүп барасыңбы,машина көп,силерди эле ойлой берем" деп тынчсыздана берет.Келгенде,
ойлонбоңуз светофор деген бар деп түшүндүрөм,
бирок кайра эле ошол көрүнүш..
Телефон кармап калсаң эле,кичинекей болуп алып бүт дүйнөнү көрсөтөт экен деп,тытмалап эле отурасың деп,телефонго таң калып бүтө албайт.Сагынып кеттим чоң апамды..
Телефон кармап калсаң эле,кичинекей болуп алып бүт дүйнөнү көрсөтөт экен деп,тытмалап эле отурасың деп,телефонго таң калып бүтө албайт.Сагынып кеттим чоң апамды..
<
#10 17 October 2016 - 02:15
Чон-ата, чон-энемдин колунда 7-8 жыл жашап калдым, чон атам 1 жылдай тошокто жатып калды каралдым, 7 уулу болсо да эч кимин тааныбай калганы аябай окундурду, ошол балдарынын арасынан бир гана мени таанычу, туну-куну Султан, Султа а а н деп турчу, менден айланып, кетчу каралдым. Оз уулдары кантип бизди тааныбай калсын деп араздап калчу кээде. Авамдардын,
чон атамдын батасын Кудайыма шугур алдым, колумдан келишинче жардам берчумун. Чон атамдыр коз жумганы мен учун тоодон кулагандай эле болгом, ооруп, кыйналгам коп кун озумо келе албай. Эххх азыр козу тируу болгондо кана, башкача болмок.
А Чон энемсиз жашоомду элестете албайм, кээде эсиме тушуп кеткенде тун уйкуман ойгоном. Кудайым узак омур берсе экен дейм, анткени биздин тойлорго кубо болсун, неберелеринин жытын искесин деп озуно да коп айтам......

#11 17 October 2016 - 02:37
Эххх ((( энемди сагындымгоо
энооо сизди сагындым ( Аллахым омурунузду узун узууун кылсын!!
Эрте менен бир Жака жоносон ысык чай демдеп "ал ичип кет, ач карын жолго чыкпайт", "ме мнону оозуна салып ал " деп набат же барбарис канттын берет эле.. Энем озу барбарис канттын жакшы корот. Дайым базарга барсак сатып алабыз.
Эх узаак жолго чыкканда ак батасын берип, эки бетинден ооп
..
Энем менен суйлошуп отурганды сагындым..
Башынан откоргон кооп окуяларды айтып берип, кээде ыйлапда алат эле..
"Менин барымда, байлыгымда селерсинер, селерден башка эч кимим жок "деп .
Кооп акыл насаатарын айтып , кулагыма куюп койгонго, бир омурго жете тургандай кылып..
Энооо ар дайым аман болунуз !!! ак батанызды алыш кооооп насип кылсын..

#12 17 October 2016 - 04:29
Чон энем окуунан кууп келем чай ичип кет,деп завтрак кылмайынча чыгарбайт эле. Ошентип журуп завтрак кылбасам журо албай турганга конгом. Анан да уйго келип алып сени элдерге мактап койдум,кызым баардык нерсени кылат деп,каякта кыласын эч нерсе кылбайсын деп урушуп калчу. Сени озум торогом,чон атан гул алып барган деп да айтчу. Анан да дайым чон атам келээрде кел уктамыш болуп калабыз дейт эле,ошого дайым уктамыш болуп калат элек. Энем экообуз бирде дисктен кино коруп атып, уйларыбыз келип калыптыр. Келип огородко кирип,огороддогу нерселерди жеп койгон экен,чон атабыздан уруш угуп,дискибизден айрылып калганбыз.
Salam baaryna
#13 17 October 2016 - 10:59
Раматылык энен менен тайнем бишкеке келишкен болчу, анан эшике чыгабыз дегенинен лифт мн алып тушойн дегем. Анан лифти чакырып биссимила деп киришти кийин биринчи кабатка тушуп лифтен чыгып голошторубуз кана деп ызычуу салса болобу, корсо биссимила деп энем голошун чечип кирсе таенемда ии мен деле чече берейн деп чечип кирген экен. Мен аны байкабаптырмын коруп алып жыргап калгам
Л
#14 17 October 2016 - 11:02
Дагы бир окуясы колго алып барган элек, анан элдер баары эле купальникчен журсо ии жыланачтар деп козун бекитет. Ошентип койногу мн сууга тушкон.
Л
#15 17 October 2016 - 11:31
Чоң атамын бир макоораак досу бар экен анан Акаевдин убагындабы КДК (Кыргызстан демократтар кыймылы) түзүлгөн жылдары ошого мүчө болуп алып көрүнгөн жерде мактана бериптир. Анан да бир күнү достору менен жолугуп ошентип "Мен КДК мын" деп мактана баштаган экен чоң атам сен КДК эмес БЗК сың десе. БЗК сы эмне дептир.
Чоң атам БУЗУКУ десе аябай күлүптүр өзү да достору да.
Чоң атам БУЗУКУ десе аябай күлүптүр өзү да достору да.
#16 17 October 2016 - 20:24
Кары чон энебиз бар эле 80 ден ашып калган.Бир куну аркалык келиним жаныма отурчу деп калды.Энкейип калгандыктан жанына мен да барып чок тушуп отуруп калдым.Секин кулагыма
-Ай аркалык келиним,шаардын эмнесине кызыгып жашап журосун деп калды.Устунон сийе берет экен,астынан тозуп иче берет экенсинер десе...
Бул окуя 75- жылдары болгон.
-Ай аркалык келиним,шаардын эмнесине кызыгып жашап журосун деп калды.Устунон сийе берет экен,астынан тозуп иче берет экенсинер десе...
Бул окуя 75- жылдары болгон.
#17 17 October 2016 - 23:22
Эх чон энелер тай энелер баарына бактылуу карылык насип кылсын. Раматылык тай энемдин кенже келини коп суйлойт анан женемдин жасагандары конулуно толо бербейт эле, мен иш кылсам ай Гулу тез-тез кыймылда андай эмес мындай кыл деп катуу айтып койчу кийин сен капа болбо женене тиешелуу сага айтсам женен да угат тушуноор деп калчу.
тамактанып отурсак энем нары карап калса корбой калса чон атам чайына тамагына калемпир салып койчу энем ачууну жебейт биз дагы унчукпай отурчубуз кулкубуз келип,атам чууш деп коёт эле, сахарды да чайга кошуп анча ичпейбиз баарыбыз энем да, атам сахарды да энемдин чайына салып коёт эле, энем иии ичип койчу мынаны дагы атанбы деп суйлонуп журо берет. А энем кино коруп отуруп уктап калат ай эне турун кинону корун деп отуруп кино бутот. Хюремди калтырбай корот эле башыны корсо ортосунда уктап калат,не болду Хюрем деп сурасак озум Хюрем болуп калыпмын башыны кордум ойгонсом бутуптур деп журо берет.

#18 18 October 2016 - 02:13
Менин кошунам бар жаши чоон эле чочуп кетсе ма чочок поток деп бир сыра согунуп чыгат
Эенен деп кетип калам менда
Эенен деп кетип калам менда
#19 18 October 2016 - 20:51
"Карысы бардын, ырысы бар" Мен да сыймыктанып жүрчүмүн менде төртө тең бар деп..
Азыр үчөө эле калды.... Аллахым чоң атамдын жанын жаннаттан кылсын. Чоң энем, тай ата, тай энемдердин өмүрүн берсин.
Азыр үчөө эле калды.... Аллахым чоң атамдын жанын жаннаттан кылсын. Чоң энем, тай ата, тай энемдердин өмүрүн берсин.
#20 24 October 2016 - 00:31
Бул окуя көп жыл мурун болгон.
Менин таятам лагманды жакшы көрчү.Бир күнү Өзгөндөн уйгур лагманын жегиси келип ашканага кирет."Чубалжытып лагманын алып келди эле,элдерди карасам буурап-буурап ооздорун салып аткан экен,мен да алардай кылып буурап туруп оозума салдым эле тишим жок,бир учу тарелкада бир учу ашказанымда калды"-деп күлдүргөн эле.Дагы келинине айтып коёт "сен ал лагман менен торпогуңду байласаң да үзүлбөйт" деп.
Негизи элдерди күлгүзгөндү жакшы көрчү.

Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.

Супер-Инфо
super.kg
видео