Суперстан: Апрель баатырлары тууралуу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Апрель баатырлары тууралуу

#21 Пользователь офлайн   nurchik05   14 Февраль 2016 - 22:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 686
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 05 Дек 2024 22:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

элди акча берип куулоп койуп бийликке келгендер кыйраткан жок азыркы бийлик мурункалардын кейпин кийип алыштыго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   edu.kg.   15 Февраль 2016 - 19:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 233
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 20 Фев 2019 14:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Мен ушундай эле болсокерек деп ойлогомун Мээрбекти.Мынакей чыныгы апрелский баатырдын жузу. Кантип эле кочодо журуп депутат болуп алды десе,корсо атайын бийликтин уйуштурулган шоусунан келип чыккан коом,популардуу коомдун жасалма баатыр атанган жетекчиси ушул тура. Шашпагыла али былыгынар былтыйып чыкчу кун алдыда алты жылдан бери жаап жашырып,кол кезеп зекип журдунор. Мына ушундай адамдар топтолгон ал коомго.

Билдирүүнү түзөткөн: edu.kg.: 15 Февраль 2016 - 19:41

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Alpengold.   16 Февраль 2016 - 02:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 262
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Авг 2023 01:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:суперстан

Бийлик баарыбир басымдуулук кылат,жалганды чынга чындыкты жалган депда айтып кол койо берет. Качан гана Акаев же Бакиев сыяктуу болгондо анан акырындык менен чыга баштайт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Shorobashat   29 Февраль 2016 - 20:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Кыскасы бу бийлик кеткендё анан булардын кылыктары ачыка ашкереленет да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Ruslan_d   01 Март 2016 - 12:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 24 Июнь 14
  • Соңку аракети: 17 Дек 2020 13:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россия-сити

Просмотр сообщения Shorobashat (29 Февраль 2016 - 20:20) жазган:

Кыскасы бу бийлик кеткендё анан булардын кылыктары ачыка ашкереленет да.
Туура айтасын ошондо билинет кимдин ким экендиги!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Zahovic   07 Март 2016 - 21:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 57
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 01:15

Апрель баатырлары деле баш которо баштаптыр. Значеть АША нын деле куну бутуп баратат окшойт!

Апрель ыңкылабынын баатыры, 2010-жылы Таластагы көтөрүлүштү уюштуруучулардын бири Дуулат Турдуналиев президентке мүрзөдө туруп кайрылуу жасады.
“Ата Мекен” партиясынын активисти, 2010-жылы 6-апрелде Таластагы облустук бийликти басып алууну уюштургандардын бири, партиянын төрага орун басары Болот Шердин жардамчысы Дуулат Турдуналиевдин президентке жолдогон видео кайрылуусу интернетке тарады.

Ал Таластын Манас айылындагы мүрзөнүн арасында туруп, президент Алмазбек Атамбаевге 7-апрелде аянтта каза тапкандардын бейитинде берген антын эске салды. Тасмада Дуулат Турдуналиев 2010-жылы ондогон адамдардын каны менен келген Атамбаевдин бийлиги элдин үмүтүн актаган жок деп тыянак чыгарды.

Ыңкылапчы Дуулат Турдуналиев азыркы бийлик Бакиев режиминен ашып түшкөнүн айтып, сын айтканы үчүн куугунтукка кабылганын билдирди:

- Мен 22-февралда өкмөткө электр энергиясынын баасы, Соцфонддун кошумча төлөмү, "Мегаком" , Жерүй жана Кумтөр алтын кендеринин тагдыры боюнча болгону төрт талап койгон элем. Ошондон бери артымдан аңдып, керек болсо өлтүрөбүз деп коркутушууда. Бирок мен өлүмдөн коркпогон үчүн Бакиев бийлигине каршы чыгып, Таласта революцияны баштап, аны оодарып түшкөнбүз. Эми силер мени өлтүрөм десеңер, өлүмгө даярмын. Азыр жай каздырып, даярдап койдум. Коррупционерлер, жеп-ичкитер бийликке толуп алды. Бул кылыгыңарды токтотпосоңор аягы жакшылык менен бүтпөйт.

“Ата Мекен” партиялашынын көз карашын колдобойт

Ыңкылапчы Дуулат Турдуналиев 2010-жылы 6-мартта “Болот Шерди бийлик камап салды” деп жар салып, элди ага каршы көтөрүүгө түрткү болгону менен белгилүү. Бирок Болот Шер өзүнүн мурдагы жардамчысынын бул билдирүүсү тууралуу өз оюн айтуудан баш тартты. Анын мурдагы жардамчысы менен азыр кандай мамиледе экени да белгисиз. Бакиев бийлигинин тушунда улам эле коррупциялык көрүнүштөр тууралуу кайрылуу жасап келген Болот Шер соңку мезгилде эмнегедир саясаттан алыстап кетти.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев ар бир партия мүчөсү өз оюн айтууга укугу бар экенин айтып, бирок анын учурдагы көз карашын тең бөлүшпөй турганын белгиледи:

- Биздин партияда да болуп өткөн жана азыр болуп жаткан окуяларга карата ар кандай көз карашта баа берген адамдар бар. Дуулат учурдагы кырдаалга баа бериптир. Муну мен анын жеке ою катары кабыл алдым. Көйгөй жок деп айтууга болбойт. Бар. Бирок ошол маселелер тез чечилсе болот эле деп, ыңкылаптан кийин жомоктогудай тез өзгөрүүлөрдү күткөн жана үмүтү акталбай калгандар ошентип пикирин айтканы табигый эле көрүнүш. Аны түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек.

"Өзгөрүүлөрдү да көргүлөчү"

Социал-демократтар партиясынан депутат Азамат Арапбаев ыңкылапчынын айткандарын бийликке негизсиз коюлган доомат деп сыпаттады. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан бери өлкөдө бир топ жакшы өзгөрүүлөр болуп, мурдагы авторитардык башкаруунун табияты өзгөргөнүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев өлкөдөгү соңку жетишкендиктерди тааныгысы келбегендер деги эле эч кандай жакшылыкты көрө албай турганын белгиледи:

- Коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында жогорку бийлик сересиндеги президенттик аппараттын жетекчиси Нарымбаевден бери камалып отурат. Тоо-кен тармагы тартипке келип, учурда миллиарддаган сом ошол жактан эле казынага түшө баштады. Президенттин уулдары же жакындары мурдагыдай болуп кайсы бир тармакты ээлеп алып, кожоюндук кылып жаткан жок. Өкмөттүн курамы да бир гана партиянын эмес, ар түрдүү партиянын өкүлдөрүнөн турат. Өзгөрүүлөр аябай эле чоң. Мына ошонун бардыгын көрбөсө, анда бул ал адамдын өзүнүн проблемасы.

Ошол эле кезде оппозиция 14-марттан баштап жер-жерлерде бийликке каршы митингдер башталарын жар салды. Аксы райондук кеңешинин төрага орун басары Жанарбек Надырбеков Дуулат Турдуналиевдин билдирүүсүнө үндөш эле 24-мартта Ошто бириккен оппозициянын курултайы боло турганын жарыялады:

- Азыркы бийликтин тагдырын ошол күнү чечебиз. Бийликке буга чейин эчен жолу кайрылдык. Ал дүлөй экен. Укпай койду. Бул бийликти кетирүүдөн башка жолубуз калбай калды. Бул бийлик Бакиевден өткөн жүзү каралыкка барып жатканын бешиктеги баладан бери билип калды. Биз муну менен аягына чейин күрөшөбүз деген чечим кабыл алдык. Ошондуктан бул бийликти кетирүү үчүн үчүнчү революцияга даяр болуп калдык.

Соңку мезгилде коомчулукта нааразылык күчөп, кризис тереңдеген сайын түрдүү саясий күчтөр бийликке каршы бирдиктүү кыймылга бириккенин жарыялаган болчу. Ошол эле кезде Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Суваналиев, Ахмат Келдибеков жана Адахан Мадумаровдон турган оппозициялык кыймылды бул бийлик кызматка жетпей калгандардын уюшмасы катары сыпаттаган болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   barsbegKG   16 Март 2016 - 20:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 17 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 06 Янв 2022 19:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Тарыхты азыркы бийлик бурмалагысы скелет. Бирок убакыт отуп баардык чындык ачыкка чыгат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 20:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: