.
ЗЫЯНБЫ,ПАЙДАБЫ? ЗЫЯНБЫ,ПАЙДАБЫ?
#2 17 February 2016 - 23:24
Жалпыга кутман кеч. Урматтуу форумчулар,
аранардан тажрыйбалуу аялзатынын,
энелердин коптогон пайдалуу маалыматтарын окуп журом! Эми силерге келинчегимдин сунушу боюнча бир суроо менен кайрылып олтурам. Балага кийгизуучу памперстин зыяны канчалык? Ал озу сыртынан салафандын бир туру менен капталып,синтетиканын ичинде селитра сымал майда зат болот. Биз конул болбогон ушул арзыбас нерсе эртен баланын тукумсуздугуна же башка илдеттердин себепчиси болбойбу? Шартка байланыштуу биздин наристе кунуно 15 сааттан ашык ушул памперсте журот. Кыскасын айтканда ПАМПЕРС ЗЫЯНБЫ же ПАЙДАБЫ? Кенештер учун алдын ала рахмат!!
! (окшош тема корбодум жана туура жайга ачтым деп ойлойм.)
#4 18 February 2016 - 03:24
Албетте зыян .синтетика нерсе кечке жаап аба откорбойт.муну кыздар жакшы тушунот месячный келгенде прокладки коюшуп.а эми ошол баланын ордугда элестет кечке алмаштырбай журсон эмне болоор экенсин.пайдасы аялдарга женил болот кочодо ынгайлуу анан тундосу жакшы .анткени сийип уктап калса жалаяктан бойрогуно суук отушу ыктымал.
#5 18 February 2016 - 09:29
Памперстин сапаттуусун алып кийгизиниз.
Libero, Hugges дегендер жакшы. Сыртында памперс тууралуу толук маалымат жазылган. Бирок барыбир зыяндуу. Кундузу болушунча кийгизбегенге аракет кылыныз.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#6 18 February 2016 - 09:37
ПАМПЕРСТИН
ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?
Памперс – энелер үчүн ыңгайлуу
буюм. Түндө туруп баланын алдын
улам кургактабайсың, бир жакка
чыкканда да жалаяктарды додо
кылып алып жүрбөйсүң. Бирок
ошол оңой колдонулуучу буюмдун
зыяны жокпу? Ушул тууралуу сөз
козгойлу.
ПАМПЕРСТИ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Памперс – адамды кир жуугандан
жана үтүктөөдөн куткарчу буюм.
Андыктан ата-эне балага көбүрөөк
көңүл бура алат. Бирок бардык
учурда эле ата-эне цивилизациянын
бул жетишкендигин туура колдоно
бербейт.
Ымыркайга биринчи ирет памперс
кийгизгенден соң сөзсүз түрдө
терисинде кызаруу жокпу, текшерүү
кажет. Эгер кызаруу билинсе, анда
башка маркадагы памперске
алмаштыруу керек.
Памперс – сейилдөөдө, бейтапканага
каттоодо алмаштыргыс буюм.
Болгону, аны бир күндө 4-6 саат гана
кийгизүүгө болот. Памперсти
алгандан кийин, бала жылаңач жата
турушу керек. Бул баланын жука
чурайы “аба жутушу” үчүн зарыл.
Анан кийин баланын алаасын
нымдандыруучу крем менен майлап
коюу туура.
Оң жактары:
Нымды соруу менен баланын териси
үчүн жайлуулукту түзүп берет.
Колдонууда жеңил.
Терс жактары:
Зааранын заматта сорулуп кетиши
баланын заара кылуу процессин
сезбей калуусуна жеткирет.
Башкача айтканда, рефлекс
иштелип чыкпай калат. Дал
ошондуктан дайыма памперс менен
жүргөн бала горшокко өз алдынча
заара ушатууну көп убакытка дейре
үйрөнө албайт.
Дайыма памперс менен жүргөн бала
заарасын кармап турууну, токтотуп
калууну таптакыр билбей калат. Бул
акырындап энурезге (зааранын
токтобой калышы) алып келиши
мүмкүн.
Окумуштуулардын айтуусунда,
памперсти көп колдонуу уул
балдарды кийин тукумсуздукка
алып келиши ыктымал. Анткени
памперстин жука чурайды ысытуучу
таасири бар. Демек, баланын умасы
(урук калтасы) да ысыйт. Бул анын
ичиндеги жумуртканын нормалдуу
өсүшүнө зыян тийгизет. Ошентип,
кийин бала тукумсуз болуп калышы
мүмкүн.
САПАТСЫЗ ПАМПЕРСТЕН АБАЙЛАҢЫЗ!
Сапатсыз памперс начар кийим
сыяктуу эле аллергияга алып келет.
Алтургай жыныстык мүчөлөрдү
сезгентип, ооруга чалдыктырышы
да толук мүмкүн. Андыктан көчөдө
арзан сатылган памперсти албаган
оң. Памперсти дарыканалардан
маркаларына карап, сертификатын
сурап, анан сатып алуу зарыл.
Арзан памперстер заараны жакшы
сиңирбей, сапатсыз материалы
абаны өткөрбөй, денени кысат.
Мындан тышкары терини
дүүлүктүрүп, кычыштырат.
Арзандарынын көбү калың болуп,
бала жөрмөлөгөндө, басканда,
ойногондо тоскоол болуп жүдөтүп,
чүнчүтөт.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
Памперстин зыяндуу жактары аны
күн-түндөп колдонууда, сапаты
начарларын пайдаланууда
экендигин билдиңиз окшойт. Демек,
памперсти чеги менен сапаттуусун
колдонсо, зыяны жок.
ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?
Памперс – энелер үчүн ыңгайлуу
буюм. Түндө туруп баланын алдын
улам кургактабайсың, бир жакка
чыкканда да жалаяктарды додо
кылып алып жүрбөйсүң. Бирок
ошол оңой колдонулуучу буюмдун
зыяны жокпу? Ушул тууралуу сөз
козгойлу.
ПАМПЕРСТИ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Памперс – адамды кир жуугандан
жана үтүктөөдөн куткарчу буюм.
Андыктан ата-эне балага көбүрөөк
көңүл бура алат. Бирок бардык
учурда эле ата-эне цивилизациянын
бул жетишкендигин туура колдоно
бербейт.
Ымыркайга биринчи ирет памперс
кийгизгенден соң сөзсүз түрдө
терисинде кызаруу жокпу, текшерүү
кажет. Эгер кызаруу билинсе, анда
башка маркадагы памперске
алмаштыруу керек.
Памперс – сейилдөөдө, бейтапканага
каттоодо алмаштыргыс буюм.
Болгону, аны бир күндө 4-6 саат гана
кийгизүүгө болот. Памперсти
алгандан кийин, бала жылаңач жата
турушу керек. Бул баланын жука
чурайы “аба жутушу” үчүн зарыл.
Анан кийин баланын алаасын
нымдандыруучу крем менен майлап
коюу туура.
Оң жактары:
Нымды соруу менен баланын териси
үчүн жайлуулукту түзүп берет.
Колдонууда жеңил.
Терс жактары:
Зааранын заматта сорулуп кетиши
баланын заара кылуу процессин
сезбей калуусуна жеткирет.
Башкача айтканда, рефлекс
иштелип чыкпай калат. Дал
ошондуктан дайыма памперс менен
жүргөн бала горшокко өз алдынча
заара ушатууну көп убакытка дейре
үйрөнө албайт.
Дайыма памперс менен жүргөн бала
заарасын кармап турууну, токтотуп
калууну таптакыр билбей калат. Бул
акырындап энурезге (зааранын
токтобой калышы) алып келиши
мүмкүн.
Окумуштуулардын айтуусунда,
памперсти көп колдонуу уул
балдарды кийин тукумсуздукка
алып келиши ыктымал. Анткени
памперстин жука чурайды ысытуучу
таасири бар. Демек, баланын умасы
(урук калтасы) да ысыйт. Бул анын
ичиндеги жумуртканын нормалдуу
өсүшүнө зыян тийгизет. Ошентип,
кийин бала тукумсуз болуп калышы
мүмкүн.
САПАТСЫЗ ПАМПЕРСТЕН АБАЙЛАҢЫЗ!
Сапатсыз памперс начар кийим
сыяктуу эле аллергияга алып келет.
Алтургай жыныстык мүчөлөрдү
сезгентип, ооруга чалдыктырышы
да толук мүмкүн. Андыктан көчөдө
арзан сатылган памперсти албаган
оң. Памперсти дарыканалардан
маркаларына карап, сертификатын
сурап, анан сатып алуу зарыл.
Арзан памперстер заараны жакшы
сиңирбей, сапатсыз материалы
абаны өткөрбөй, денени кысат.
Мындан тышкары терини
дүүлүктүрүп, кычыштырат.
Арзандарынын көбү калың болуп,
бала жөрмөлөгөндө, басканда,
ойногондо тоскоол болуп жүдөтүп,
чүнчүтөт.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
Памперстин зыяндуу жактары аны
күн-түндөп колдонууда, сапаты
начарларын пайдаланууда
экендигин билдиңиз окшойт. Демек,
памперсти чеги менен сапаттуусун
колдонсо, зыяны жок.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!

Супер-Инфо
super.kg
видео











