XXII. ТЕРС КУЛК-МҮНӨЗДӨН ООЛАК БОЛУУ
Жакшы сапаттар оң, жаман сапаттар терс ахлак болуп эсептелет. Ислам дини адам баласынан ириде жаман сапттардан,
терс кулк-мүнөздөн,
арам иштерден оолак болууну талап кылат. Б.а. жамандыктан оолак болуу жакшылык кылуудан биринчи талап кылынат. Жогоруда белгилеген напси тарбиясынын негизги бөлүгүн терс ахлактан алыс болуу түзөт.
Мусулман «адам» атка татыктуу Аллага жакын кул болууга умтулуп, анүчүн эң ириде жүрөгүн кара көөлөрдөн тазалашы кажет.
Жогоруда белгиленгендей,
жүрөктү кара көөлөрдөн тазалоо үчүн арам иштерден алыс болуу зарыл. Мунун башында арам тамактан оолак болуу турат. Андан соң күнөө иштерден алыс болуу шарт. Адам баласы күнөө иштерге баруу менен толук момун- мусулман боло албайт. Күнөө иштерге барып «менин жүрөгүм таза» деп айтуу менен адам өзүн-өзү алдаган болот.
Мусулман адам мусулманга жарашпаган терс кулк-мүнөздөрдү,
сапаттарды ташташы керек. Ал өзгөлөргө кек сактабашы, арам ойлобошу да керек. Анткени ал кек сактоонун, бирөөгө арам ойлоонун кылган жакшылыктарын бөөдө жокко чыгарарын анык билет. Азирети Пайгамбарыбыз «кызгануу – бул от-жалын отунду жалмаганы сыңары жакшы амал-иштерди жалмайт» деген.
Мусулман баласы өзүнүн жана карамагындагы адамдардын материалдык муктаждыктарын адал жолдон камсыз кылышы керек. Мал-мүлктү адал жолдорго сарптоо, Алла жолунда каржоо, эл-жерине, өз мамлекетине пайдалуу иштерге колдонуу, кембагалдарга жардам берүү сыяктуу аруу максаттар менен табууга аракет жасашы зарыл. Болбосо жүрөгүнө акча үчүн гана күйүп-жануу ышкысы орун алып, сараңдыкка жол ачышы толук ыктымал. Сараңдык болсо терс сапаттардын бири. Мусулман адам киреше табууда да, аны сарптоодо да кылдат аракет жасашы керек. Сараңдыкка да, ысырапчылыкка да жол бербөөгө тийиш.
Мусулман текеберликтен оолак болууга жанүрөшү кажет. Өзүн бирөөдөн жогору сезип бой көтөрбөшү зарыл. Себеби ал чыныгы жогорулук Алланын алдында болгондугун билет. Муну тек Алла Таала гана билет. Бой көтөрүү бул өзүнчө рухий илдет. Ал адамды акырындык менен кемирип олтуруп акырында чоң жоготууга тушуктурат.
Мусулман адам ушак-айың айтып, бирөөнүн артынан сөз сүйлөбөшү зарыл. Бирөөнүн катачылыгын эл алдында эмес, өзүнө жылуу мамиле, жатык тил менен түшүндүрүп,
ага жардам берүүгө аракет кылышы кажет.
Мусулман адам берген сөзүндө бек турууга тийиш. Бирөөнүн жакшылыгын унутпай, адамгерчиликтүү,
кайрымдуу болушу керек. Адамдарга да, Аллага да ыраазылык билдирүүнү билиши керек. Азирети Пайгамбарыбыз «адамдарга ыраазылык билдирбеген адам Аллага да ыраазылык билдирбейт,
шүгүр келтирбейт» деген. Ошондуктан дайыма жакшылыкка жакшылык менен жооп берүүнү үйрөнүү зарыл.
Мусулман көрсөтмөлүүлүктөн,
мактануудан алыс болушу кажет. Себеби ал жасаган иштерин тек Алланын ыраазылыгы гана үчүн жасап, эл көрсүн, эл уксун деген ниет менен жакшылык кылбашы керек.
Мусулман бирөө жөнүндө жаман ойлобошу зарыл. Бул арап тилинде «суу-и зан жаман ой» деп айтылат. Жаман ой дагы өзүнчө дарт.
Азирети Пайгамбарыбыздан адамдарды тозокко түшүрчү нерселер тууралуу суралганда:
«Ооз (тил) жана жыныс мүчө! (б.а. оозуна алы жетпөө жана жыныстык арзууга алдануу)» деп жооп кайтарган (Тирмизи, Бирр, 62). Пайгамбарыбыз бир хадисинде:
«Элге терс мамиледе болгон адам бейишке кире албайт» (Тирмизи, Бирр, 29/1946) деген. Абу Хурайранын айтуусу боюнча, Пайгамбарыбыз:
«Көз жумган соң бушайман болбогон адам болбойт» дегенде сахабалар: «анын бушаймандыгы эмнеде, о, Алланын Элчиси?» деп сурашат. Анда Алланын Элчиси: «Жакшы адам дагы да көп жакшылык кылалбаганына,
ал эми жаман адам болсо, ошол жамандыгынан кайта албаганына бушайман болот» деп жооп кайтарган (Тирмизи, Зухд,59). Куран мусулман баласына жарашпаган терс сапаттарды эскерип, алардан алыс турууга үндөгөн. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:
сараңдык, бирөөгө жалган жалаа жабуу, жасаган жакшылыгын колко кылуу, бирөөнү ушактоо, эл ортосуна от жагып бузукулук чыгаруу.
Кыскача Ислам негиздери (Мухтасар Ислам илмихалы). Абдуррахман Хачкалы ( Фикх илиминин доктору).
#201 28 January 2017 - 00:26
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#202 28 January 2017 - 01:01
XXIII. ДҮЙНӨ МАЛ-МҮЛКҮНӨ АШКЕРЕ СҮЙҮҮ БАПЕСТЕБӨӨ
Утурумдук мал-мүлктү түбөлүк бакытка алпара турган каражат катары кабылдоо өтө чоң каидыгерлик. Бул дүинө да, андагы мал-мүлк, баилык да бир күнү жок болорун, адам баласы акыретте тек амал-иштери менен гана каларын эстен чыгарбоо абзел. Утурумдук баилыкка, мансапка, атак-даңкка ашыгуу, аларды бүт нерседен жогору коиуу адам баласын жаман жолго кадам таштоого түртүп, адал-арамды ылгабаи өмүр сүрүшүнө себеп болот. Напсинин, азгырык шаитандын, акчанын, бииликтин кулуна аилантат. Чыныгы момун-мусулман болушуна бөгөт болот. Зулумдукка жол ачат, акыикаттан, адилеттүүлүктөн таидырат. Мына ушул себептерден улам куттуу хадистерде да дүинө мал- мүлкүнө ашкере сүиүү бапестөө ар түрдүү жамандыкка себеп болору билдирилген. Мусулман түбөлүк жашоо катары акырет жашоосу экендигине ишенет. Ошондуктан ал баилыкты жүрөктөн оолак кармап, мал-мүлктүн, атак-даңктын кулуна аиланбашы кажет. Мунун бардыгын теске салып, мал-мүлктү адал жолдон таап, адал жолго колдонуп, жалпы элге кызмат кылышы зарыл. Аяттарда төмөнкчө буюрулат: «Жалганчы дөөлөт ээлерин Мага коиуп, аларга бираз мөөнөт бер. Анткени биздин астыбызда алар үчүн кишендер, тозок оту, (кекиртегине) тыгылуучу (өтө ысык) тамактар жана жан чыдагыс азап бар!» (Муззаммил сүрөсү, 11-13)
«Силер бул дүинөнүн жашоосун артык көрөсүңөр. Бирок акырет жашоосу эң жакшы жана түбөлүктүү» (Алаа сүрөсү, 16-17)
«Ким бизди эстөөдөн баш тартса жана дүинө жашоосунан башка жашоону каалабаса, сен да алардан баш тарт. Алардын илимден алчу үлүшү ушунчалык гана! Чындыгында, Эгең жолунан адашканды жана туура жолдогуну да Билүүчү» (Нажм сүрөсү, 29-30).
«Тили жана кыимыл-аракети менен каибат кылуучуга азап болсун! Ал малдүинө топтоп, аны санады. Топтогон мал-дүинөсү аны түбөлүктүү кылат депоилоит. Жок! Ал сөзсүз «быркыратуучуга» (тозокко) ыргытылат. Быркыратуучу эмне экенин билесиңби? Ал Алланын жагылган оту!» (Хумаза сүрөсү, 1-6).
Укба бин Амирдин аитуусунда, Алланын Элчиси:
«Мен акыретке силерден мурда барам жана силер үчүн даярдык көрөм, силердин Алла жолундагы кызматтарыңарга күбөгө өтөм. Силер менен жолуга турган жаиыбыз Кавсар абызы (көлмөсү) болот. Мен азыр ал жерди көрүп турам! Мен силердин Аллага шерик кошууңардан санаркабаим (б.а.Аллага шерик кошпошуңарга ишенем)! Бирок мен дүинөнүн миң кубулма лаззаттарына (мал-мүлк, баилык, биилик ж.б.) азгырылып, бири- бириңер менен чатакташып кетишиңерден корком!» (Бухари, Магази, 17; Муслим, Фадаил, 31; Абу Давуд, Жанаиз, 68-70; Насаи, Жанаиз, 61) деген. Мына ушул хадистин дагы башка төмөнкүчө варианттары бар: «Мен силердин дүинө азгырыгына алданып бири-бириңер менен мушташып, бири- бириңерди өлтүрүшүңөрдөн, силерден мурдагылар сыяктуу жок болуп кетишиңерден корком» (Муслим, Фадаил, 31)
«... Мен ырасында силердин баилык топтоо үчүн бири-бириңер менен урушуп жаңжал чыгарышыңардан корком» (Бухари, Жанаиз, 71)
Андыктан өзгөчө бүгүнкү күнү мусулмандар мал-дүинө маселесине өтө кылдат мамиле жасашы кажет. Мусулман адам адал жолдон топтогон малмүлкүн Алланын ак жолунда (үи-бүлөсүн багууда, элге кызмат кылууда) колдонуу менен бул дүинөдө да, акыретте да паида алып келген мал-дүинөгө аилантышы зарыл.

#203 29 January 2017 - 22:25
ОН АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
ЧОҢ КҮНӨӨЛӨР
I ЧОҢ КҮНӨӨ
Чоң күнөө кескин далилдер (Куран, сүннөт жана ижма) менен чоң күнөө болгондугу, арам кылынгандыгы жана аны жасаган адамга жаза берүү зарылчылыгы билдирилген күнөөлөр эсептелет. Мындан сырткаркы жат иштер кичине күнөөлөргө кирет. Ошону менен бирге Исламга ылайык келбеген жат иштерди чоң жана кичине күнөөлөр деп бөлүүнүн өзү дурус болбогонун айткан аалымдар да бар. Чоң күнөөлөрдүн өзгөчөлүгү «жаза талап кылуу, тозок азабына карата эскертүү алуу, каргыш алуу, жасаган адамдын «фасык-бузуку» атанышы». Парз жана важип иштерди аткарбоо да чоң күнөөгө кирет.
Чоң күнөөлөрдүн арам кылынгандыгы багытында аалымдардын ортосунда эч кандай талаш жок. Буга көптөгөн аят-хадистер далил. Маселен, «Эгерде силер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн өзүңөрдү тыйып-сактасаңар, кичине күнөөлөрүңөрдү кечиребиз жана силерди бейишке киргизебиз» (Ниса сүрөсү, 31) «Алар оор күнөөлөрдөн, бузукулуктардан чегингендер жана ачуусу келгенде кечиргендер» (Шууро сүрөсү, 37) «Оор күнөөлөрдөн жана ыпластыктардан сактангандардын бир аз кичине күнөөлөрү болсо, аларга Эгеңдин кечирими шексиз кең!» (Нажм сүрөсү, 32) деген аяттар кичине чоң күнөөлөргө ишарат жасаган аяттар. Асыресе, чоң күнөөлөр өз ара тизмелениши далилдердеги айтым-сөздөргө жана күнөөнүн жеке адам өңүтүнөн болсун, коомдук өңүттөн болсун, айтор, анын зыянына, залакасына жараша иликтенет.
Хадистерден да «чоң күнөө» сөзүн кездештирүүгө мүмкүн. Алсак, Абдуррахман бин Абу Бакир атасынын мынабу окуяны айтып бергенин билдирет: Алла Элчисинин жанында болчубуз. Ал үч жолу мындай деди: «Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оорлорун айтып береиинби? Аллага шерик кошуу, ата-энеге баш ийбөө жана жалган күбө болуу...» (Бухари, Адаб, 6; Иман, 16).
Дагы бир хадисте чоң күнөөлөр «мубиикаат – ойрондотуучу, жок кылуучу» сөзү менен колдонулат: « Алланын Элчиси: Жок кылуучу жети нерседен оолак болгула! деди. Алар кайсылар, о, Алланын Элчиси? – деген суроого ал төмөнкүчө жооп кайтарды: Аллага шерик кошуу, сыйкырчылык, Алла Таала арам кылганына карабастан жөнсүз адам өлтүрүү, жетимдин мал-мүлкүн жеш, сүткорлук (процент акча алып-берүү), душманга кол салуу учурунда согуштан качуу, ар-намыстуу таза момун аялдарга зина күнөөсүн таңуулап, жалган жалаа жабуу»
Дагы башка хадисте чоң күнөөлөр төмөнкүчө тизмеленет: «Аллага шерик кошуу, жөн жерден адам өлтүрүү, таза аялга зина күнөөсүн таңуулоо, зина кылуу, душманга кол салуу учурунда качуу, сыйкырчылык, жетимдин мал-мүлкүн жеш, мусулман ата-энеге баш ийбөө, сүткорлук (пайыз алып-берүү), уурулук кылуу жана арак ичүү» (Бухари, Васаиа, 23; Муслим, Иман, 141-146; Абу Давуд, Васаиа, 10) Чоң күнөөлөр булар менен гана чектелүү эмес. Төмөнкү терс иштер да Исламда чоң күнөөлөр катары кабылданат:
1. Аллага шерик кошуу. Бул күнөө мусулман адамды динден чыгарат.
2. Адам өлтүрүү.
3. Намазды таштоо
4. Зекет бербөө
5. Себепсиз орозо кармабоо
6. Мүмкүнчүлүгү боло туруп ажылыкка барбоо.
7. Сыйкырчылык менен алектенүү
8. Пайыз (сүткорлук, процент акча) алуу же берүү
9. Метрден жана таразадан алдоо
10. Элдин мал-мүлкүнө туура эмес жолдон кол салуу
11. Уурулук кылуу
12. Пайгамбарыбызга жалган сөз же аракет таңуулоо. Маселен, жалган «хадис» ойлоп табуу. Ошондой эле хадистерди четке кагуу, Пайгамбарыбыздын сөздөрүн төмөн көрүү да чоң күнөөлөргө кирет.
13. Согуштан качуу
14. Зина кылуу
15. Ата-энеге баш ийбөө, аларга акаарат келтирүү
16. Кийим кийүүдө аврат жерлерди ачык алып жүрүү.
17. Пара алуу же берүү
18. Жөн жерден жетимдин мал-мүлкүн жеөө
19. Мураскорго өз акысын бербөө
20. Мамлекеттик казынага туура эмес жолдон кол салуу
21. Өзүн-өзү өлтүрүү
22. Бузукулукка чакыруу же жамандыкка жол ачуу
23. Мунафыктык кылуу. Мусулман адам сыяктуу көрүнүү, эки жүздүүлүк.
24. Жасаган жакшылыгын колко кылуу.
25. Наалат айтуу
26. Мусулман коомчулугуна кыянаттык кылуу
27. Көзү ачыктык, бүбүчүлүк кылуу же ушул иштерди тастыктоо.
28. Тууган-туушкандар менен болгон байланышты үзүү
29. Атайын билип туруп диний өкүмдөрдү бурмалоо
30. Чагымчылык
31. Эркек адамдын алтын тагынышы жана жибек кийим кийиши.
32. Мусулмандарга каршы колго курал кармоо
33. Алладан башка бирөө үчүн курмандык чалуу
34. Кутман сахабаларга, өзгөчө алдыңкы сахабаларга акаарат келтирүү
35. Жума намазына барбай өзүнчө намаз окуу. Мусулмандарды бөлүп-жаруу, мусулмандардын ортосуна от жагуу
36. Сотто акыйкатты биле туруп адилетсиз өкүм чыгаруу
37. Бузукулукка жол ачкан (маселен, сойку кана, кумар оюун залдары ж.б.) мекемелерди иштетүү, алардын жарнак-көрнөктөрүн жайуу.
38. Аялдын эркекке, эркектин аял кишиге окшоого аракет кылышы.
39. Гомосексуализм
40. Башкаруучулардын элге зулумдук кылышы, элдин акысын жеп, укугун тепсеши.
41. Спирттик ичимдик ичүү
42. Жалган күбө болуу, жалган касам ичүү
43. Калп айтуу
44. Кумар ойноо же ойнотуу
45. Эл арасында бузукулук чыгаруу
46. Таза аялдарга жалган жалаа жабуу
47. Талап-тоноочулук
48. Кан ичүү, тарп, доңуз этин жеөө
49. Зааранын кийимге чачырап-чачырабашына анчейин көңүл бөлбөө
50. Эки адамдын ортосундагы сүйлөшүүлөргө жашыруун түрдө кулак төшөө
51. Алла Таала тыюу салган нерселер менен соода кылуу.
52. Чектен ашуу, бирөөнүн укугун тепсөө.
53. Мусулмандарга зордук-зомбулук көрсөтүү
54. Алланын азабынан коркпоо
55. Алланын ыраакымынан, кечириминен үмүт үзүү
56. Бой көтөрүү, менменсинүү, мактануу
57. Мусулмандарды жашыруун түрдө көзөмөлдөө, алардын айрым бир катачылыктарын ачыкка чыгаруу.
58. Көрсөтмөлүүлүк. Өзгөчө ибадатты эл көрсүн үчүн кылуу.
59. Парздарды орундатпоо – бул чоң күнөө. Бүгүнкү күнү тилекке каршы, буга маани берилбей келет. Мусулмандар өздөрү да, балдары да эмненин арам-адал болгондугун билиши жана аны үйрөтүшү – бул парз өкүмүндөгү иш. Себеби мусулман баласы эмненин парз болгонун билип аны орундоого жана эмненин арам болгондугун билип алардан алыс болууга милдеттүү.
Куранда жана сүннөттө ачык-айкын түрдө көрсөтүлгөн күнөөлөрдү күнөө катары кабыл албоо адамды мусулманчылыктан чыгарат, Кудай сактасын! Бул жагдайга өзгөчө көңүл буруу кажет. Адам баласы күнөө жасашы мүмкүн. Андан арылуунун жолу Жараткандан кечирим тилөө. Кимдир бирөө бирөөнүн акысын тепсеген болсо, ал адам менен адалдашуусу (акысын төлөшү же ал адамдын ыраазылыгын алышы) керек. Психологиялык жактан эс алуу үчүн арам, күнөө иштерди жеңил-желпи кабылдоо же «күнөө эмес» деп айтуу ыймандын кетишине себеп болот. Ошондой эле аалымдар кичине күнөөлөрдү этибарга албоонун өзү чоң күнөөгө кирээрин айтышкан.
Күнөөнүн кечирилишинин биринчи жолу – бул чын ыкластан тооба кылуу (бушайман болуп Жараткандан кечирим тилеп, экинчи ал ишке барбоого сөз берүү). Алла Таала тооба кылгандарды кечире тургандыгын бир топ аяттарда билдирген. Бул жөнүндө жогоруда маалымат берилди. Асыресе, аят-хадистерди эске алган аалымдар беш маал намаз, орозо, ажылык, умра, даарат сыяктуу ибадаттар кичине күнөөлөрдү тазаларын айтышкан. Көпчүлүк аалымдар «Эгерде силер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн өзүңөрдү тыйып-сактасаңар, кичине күнөөлөрүңөрдү кечиребиз жана силерди бейишке киргизебиз» (Ниса сүрөсү, 31) деген аятты далил тутуп, чоң күнөөлөрдөн сактанып алыс болууга аракет болгон чакта, кичине күнөөлөр кечирилээрин билдиришет. Хадистерде «Толук кандуу кабылданган ажылык ошол жылкы катачылыктарды жууп тазалайт» (Муслим, Хаж, 437; Муватта, Хаж, 65), «Шейиттен чыккан алгачкы тамчы кан анын бардык күнөөлөрү үчүн каффарат болот» (Ибн Маажа, Жихад, 16), «Алла Таала жума намазын окуган адамдын эки жума ортосундагы күнөөлөрүн жаап коет» (Абу Давуд, Салаат, 127, 229; Муслим, Тахара, 14), «Ким (орозонун) сообуна ишенип, акыбетин Жараткан Алладан күтүп Рамазан айында орозо кармаса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет» (Бухари, Иман,
28) – деп буюрулат. Береги хадистерде айтылган күнөөлөр кичине күнөөлөр болуп эсептелет. Болбосо, эч бир ибадат адам өлтүрүү, зина кылуу, арак ичүү сыяктуу чоң күнөөлөрдүн кечирилишине себеп боло албайт.
Чоң күнөөлөр шариятта көрсөтүлгөн жаза жүзөгө ашырылган соң кечирим тилөө менен кечирилет. Асыресе, кичине күнөөлөр улам жүзөгө аша берсе, ал чоң күнөөгө айланат. Ошондуктан чоң же кичине күнөө болсун, аны «Алла Таалага баш көтөрүү» деп билип, ар дайым андан оолак болуу кажет.
Чоң күнөөлөрдүн башында орун алган «Аллага шерик кошуу» адамды каапырлыкка алпарары бышык. Бул жаатта эч бир талаш жок. Ал эми мындан сырткаркы чоң күнөөлөрдү жасоо мусулман адамды Исламдан чыгарып-чыгарбашы багытында Ислам аалымдары ар түрдүү ой-пикирлерин айтышкан.
Бул багытта Ахли сүннөт аалымдарынын пикири төмөнкүчө: Чоң күнөө мусулман адамды ыймандан чыгарып, каапырлыкка алып барбайт. Чоң күнөө жасаган мусулман адам «аасий – күнөөкөр» болуп саналат. Ал эми мындай күнөөнү адал деп билүү, шылдың- келекеге алуу кескин түрдө каапырлыкты талап кылат.
Ислам аалымдарынын пикиринде, ыйман – бул жүрөк менен ишенип тастыктоо. Момун-мусулман адамдын ыймандан чыгышы үчүн жүрөгүндөгү тастык өзгөрүшү кажет. Жүзөгө ашкан кайсыдыр бир чоң күнөө тастыкты өзгөртө турган мааниде болбосо, аны жасаган адам ыймандан чыкпайт. Жүрөктөгү тастыктын өзгөрүшү тигил же бул күнөөнү «күнөө эмес» деп билүү же анын өкүмүн шылдыңга алуу аркылуу жүзөгө ашат. Шарияттын өкүмдөрүн келекеге алып, жеңил желпи кабылдамайын, арамды адал, адалды арам катары эсептемейин жүрөктөгү тастык өзгөрбөйт. Ал өзгөрбөгөн соң каапырлык талап кылынбайт.
«Алла Таала өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт. Мындан башка күнөө иш кылгандарды эгер кааласа кечирет» (Ниса сүрөсү, 116) деген аятта шерик кошуу эч кечирилбеши, ал эми мындан сырткаркы күнөөлөр эгер Алла Таала кааласа кечирилери билдирилет. Эгер чоң күнөөлөр каапырлыкка алпарса, анда аятта «маа дууна заалик – мындан тышкаркылар. ..» деген айтым колдонулмак эмес. Асыресе, чоң күнөө жасаган мусулман адамдар каапыр эмес, күнөөкөр болгондугун билдирген көптөгөн аяттар бар. Алардын айрымдары төмөнкүчө:
«О, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) орнотулган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Мындан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар» (Маида сүрөсү, 90)
«Эгер момундардан эки тайпа бири-бири менен согушушса... .» (Хужурат сүрөсү, 9) «О, ыйман келтиргендер! Чын жүрөктөн, чыныгы тооба менен тооба кылып Жаратканга багыт алгыла!» (Тахрим сүрөсү, 8). Бул аяттарда байкалгандай, Алла Таала чоң күнөө жасагандарга «О, ыйман келтиргендер» деп кайрылууда.
Ошондой эле Азирети Пайгамбарыбыз зина кылган же арак ичкен адамдарды мусулман катары көргөн, аларды динден чыкканын айткан эмес.

#204 29 January 2017 - 22:49
II. АЙРЫМ ЧОҢ КҮНӨӨЛӨР ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА ТҮШҮНҮК
А. АДАМ ӨЛТҮРҮҮ
Ислам дини жашоо укугун адам баласынын эң маанилүү укугу катары кабылдайт. Андыктан эч ким жөнсүз бирөөнү өлтүрүүгө укугу жок. Себепсиз адам өлтүрүү арам болуп, эң чоң күнөөлөргө кирет. Куранда бир адамды куткаруу бүтүндөй инсаниятты куткарган сыяктуу, ал эми бир адамды өлтүрүү бардык адамдарды өлтүрүү сыяктуу болору айтылган (Маида сүрөсү, 32). Бул багытта мындан башка аяттарда төмөнкүчө буюрулат: «Эгер ким мусулман адамды атайлап өлтүрсө, анын жазасы – тозокто түбөлүк болот. Ал Алла Тааланын каарына калып, каргышына тушугат. Алла ага чоң азап даярдап коет» (Ниса сүрөсү, 93) «Алла Таала арам кылган (тыйуу салган эч күнөөсү жок) жанды укуксуз (жөнсүз) өлтүрбөгүлө» (Исра сүрөсү, 33).
Куттуу хадистерде чоң күнөөлөрдүн башында «адам өлтүрүү» турары белгиленген. Азирети Пайгамбарыбыз коштошуу кутпасында мындай деген: «... жаныңар, мал- мүлкүңөр жана ар-намысыңар ыйык. Буларга кандай зордук-зомбулук болбосун – баары арам» (Бухари, Илим, 37, Хаж, 132). Өзүн-өзү өлтүрүү да чоң күнөө. Эненин боюндагы баланын өлүмүнө себеп боло турган иш-аракет да арам. Мисалы, эненин боюндагы баласын алдырышы. Бир топ аятта «балдарыңарды кедейликтин дартынан өлтүрбөгүлө! » (Анаам сүрөсү, 151; Исра сүрөсү, 31) деп буюрулат.
Согуш учуру болсо да согушка катышалбаган карыяларга, аялдарга жана балдарга кол салууга болбойт.
Өлүм жазасына ылайыктуу болсо да, аны мамлекеттик соттон башка эч ким өлтүрө албайт. Ошондуктан кун кубалоо чоң күнөө.
Атайын адам өлтүрүүнүн жазасы эгер көз жумган адамдын туугандары кааласа «кысас» (канга кан) өкүмү жүзөгө ашырылат. Катачылык менен адам өлтүрүүнүн жазасы – кун жана каффарат. Асыресе, бул адамдын Алла алдындагы абалы анын тообасына жана Алланын кечиримине байланыштуу болот.

#205 13 May 2017 - 14:57
Б. АРАК ИЧҮҮ
Адам баласы азгырылган терс жосундардын башында спирттик ичимдиктер жана баңги заттар турат. Адамдагы эң кымбат нерсе – бул анын акыл-эси. Ошондуктан акыл-эс менен тыгыз баиланышы бар башка баалуулуктарга, маселен, адамдын ар-намысына, жанына, мал-мүлкүнө доо кетирүү ыктымалы жогору болгондугу үчүн арак ичүү чоң күнөө болуп эсептелет.
Куранда мындаи буюрулат: «О, момундар! Арак, кумар, (сыиынуу үчүн) орнотулган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шаитандын ыплас иштери. Мындан сактангыл! Мүмкүн кутулаарсыңар» (Маида сүрөсү, 90).

#206 13 May 2017 - 21:54
В. СҮТКОРЛУК (пайызга акча берүү)
Чоң күнөөлөрдүн бири – бул сүткорлук. Паиызга акча берүү да, алуу да шариятта арам болуп эсептелет. Бул жөнүндө «Арам киреше» бөлүмүндө кеңири маалымат берилген.
Сүткорлук туурасында Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Сүткорлук кылгандар (кыяматта) мүрзөлөрүнөн жин тииген киши сыяктуу турушат. Буга алардын: Чындыгында соода сүткорлукка окшош» дегени себеп. Алла сооданы адал, сүткорлукту арам кылган...» (Бакара сүрөсү, 275), «Силер адамдардын мал-мүлкү аркылуу көбөисүн деп берген паиыз (акчаңар) Алланын алдында көбөибөит. Алланын ыраазылыгы үчүн берген зекетиңер эселенип көбөиөт» (Рум сүрөсү, 39)
Сүткорлуктун арам болгондугуна карата көптөгөн хадистер да аитылган. Алардын биринде мындаи делет: «Абаилагыла! Караңгылык доорундагы сүткорлуктун бардык түрүнө тыиуу салынды. Өз акчаңар өзүңөрдүкү (андан ашыкчасы силерге адал эмес). Мына ушуну (эске алып) аракет кылсаңар, бирөөнүн укугун тепсебеген да, өз укугуңарды коргогон да болосуңар» (Бухари, Буиуу, 79).

Супер-Инфо
super.kg
видео