И. МАРКУМ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ АБЗЕЛ?
Ислам дини адам баласын бул жашоодо ыйман келтирип, жакшылык иштерди жасаганга чакырат. Демек, ал жашоосунда өзүнүн мойунундагы Жаратканга болгон ибадат милдеттерин орундап, эл менен болгон мамилесин жакшыртып адал-арамга өтө кылдат мамиле жасашы керек. Ошону менен бирге адам баласы канчалык кылдат аракет кылса да, бирде болбосо бирде катачылык кетире тургандыктан Алла Таала тооба (кечирим тилөө)
каалгасын ачып койгон. Тооба каалгасы ар дайым көз жумганга чейин ачык. Андыктан киши уулу жасаган күнөөлөрү, ибадатындагы кемчиликтери үчүн Жараткан Аллага алакан жая кечирим тилеп, экинчи мындай кадамга барбоого сөз бериши керек. Эгер бирөөнүн акысын жеген болсо, ага акысын кайтарып берип адалдашуусу зарыл.
Асыресе, адам баласы бу дүйнөдө кылган адал эмгегинин үзүрүн, жасаган жакшылыгынын акыбетин акыретте ашыгы менен алат. Куттуу хадистердин биринде, адам көз жумган соң амал дептеринин жабылары, бирок бул дүйнөдө жасаган айрым бир
жакшылыктарынын сооптору жетип турары жөнүндө айтылат. Бул хадисте Пайгамбарыбыз мындай деген: «Адам баласы көз жумары менен амал дептери кошо жабылат. Бирок мына бул үч жакшылык үчүн дептер ачык болот: Анын биринчиси «садака-и жария» (элдин кызматындагы жакшылыгы. Маселен, көпүрө, мектеп, жол, оорукана салып койуу ж.б.),
экинчиси пайдалуу илим (алган илими менен манчыркабай,
элге ак кызматын өтөсө, илими менен ириде өзү жашап үлгү болуп, аны элге жеткизсе),
үчүнчүсү өзүнө дуба кылып турчу уул (уулун Ислам менен ыймандуулукка тарбиялап өстүрсө)» (Муслим, Васият, 14).
Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз дагы бир хадисинде мындай
деген экен: «Момун-мусулманга одүйнө салган соң артынан сооп катары келе турган
жакшылык иштеринин айрымдары төмөнкүлөр:
үйрөткөн илими, ыйман жолу менен тарбиялап чоңойткон уулу, мураска калтырган Куран китеби, салдырган мечити, атайын жолоочулар үчүн салдырган кербен сарайы, ачып койгон кудугу жана көз жумганга чейин атайын кайыр-садага үчүн бөлүп койгон каражаты» (Ибни Маажа, Мукаддима, 20).
Ошондой эле жакшылыктын арты жакшылык, жамандыктын арты жамандык болору жөнүндө Пайгамбарыбыз мындаи дейт: «Ким жакшылыкты аркалаи турган жол ачса,
анда ал адам ушул жакшылыгынын сообун алуу менен гана чектелип калбай, андан кийин ошол жакшылыкты аркалаган адамдардын сообунчалык сооп да табат. Ал эми ким жамандыкка ыктаган жол ачса, анда ал адамга өзүнүн ушул күнөөсүн көтөрүү менен бирге ошол жамандыктын аркасынан жүргөндөрдүн күнөөлөрүнчөлүк күнөөгө батат»
(Муслим, Илим, 15).
Ыйык Куранда мусулман баласына көзү өткөн мусулман боордоштору үчүн дуба кылып туруусу жөнүндө кыйыр сөз менен: «Алардан кийин келгендер мындай дешет: Оо, Жараткан!
Бизди жана бизден мурун ыйманга келген боордошторубузду кечире көр...
Жүрөгүбүзгө момундарга карата кек сала көрбө... Арийне, Сен Мээримдүү, Боорукерсиң!
»
(Хашр сүрөсү, 10) деп буюрулат. Бул аяттан дуба кылуу көзү өткөн мусулман
боордошторубузга паидалуу болорун баикасак болот. Ошондуктан алгачкы жылдардан
бери мусулмандар маркумдардын арбагына багыштап жакшылык иштерди жасап, дуба
кылышкан.
Эми сөз оролу көз жумган мусулман боордошторубуздун артынан кандай
жакшылыктарды кылсак болот?
а. Маркумдун карыздарын төлөө: Маркумдун мал-мүлкү карыздарына жетсе,
карыздар ошол мал-мүлкү менен төлөнөт. Эгер анын мүлкү карызына жетпесе,
мураскорлору же жакын туугандары карызын жаап маркумду кулпенде акысынан
куткарышса болот.
б. Аткарылбаи калган аирым ибадаттарынын орундалышы:
бул багытта ар
ибадаттын орундалышы ар башкача. Маркум тирүү кезинде орундаи албаи калган
ибадаттарын орундоо ибадаттын түрүнө жараша өзгөрөт. Бул учурда аирым бир ибадат
түрүнүн өзүн аткаруу мүмкүн болсо, аирымдарын аткаруу мүмкүн эмес. Маселен, көз
жумган адамдын ордуна намаз окуу же орозо кармоо менен аны окубаи калган намазынан
же кармабаи калган орозосунан куткаруу мүмкүн эмес. Асыресе, орозо ибадаты үчүн
кандаидыр бир себептүү орозо кармаи албаи калган күндөрү үчүн битир садага таратса
болот. Мына ушундаи таризде өлгөн адамды моинундагы бул озуипадан кутултса болот.
Ошондои эле тирүү кезинде мүмкүнчүлүгү боло туруп ажылык ибадатын
орундаталбаи калган адамдын ордуна ажылык ибадатын аткарса болот. Бул жаатта
карылыктын аиынан ажылыкка баралбаган атасынын ордуна ажылык озуипасын ордундаса
болобу же жокпу деген суроого Азирети Паигамбарыбыз орундаса болорун билдирген
(Тирмизи, Хаж, 86).
Зекет, кафарат сыяктуу карыздар маркумдун атынан төлөнсө, карыздан кутулган
болот.
в. Ибадаттын соопторун маркумга багыштоо: Жогоруда белгиленгендеи,
Алла Таала
мусулмандарды көз жумган боордошторубузга дуба кылууга үндөит. Бул өңүттөн аят,
хадистер дубанын маркумга паидалуу экенин аигинелеит.
Азирети Паигамбарыбыз маркум
үчүн берилген садагалар да ага паида алып келерин билдирген.
Маркумдун акырети үчүн жакшылык кылууда өтө кылдат болуу керек. Аитаиын
дегенибиз, элкөрсүн үчүн жасалган иштен маркумга сооп жетпеит. Асыресе, динибизде
өлгөндү атаиын белгилүү күндөрдө эскерүү, кыркы же ашы сыяктуу каадалар да жок.
Мунун ордуна маркум үчүн дуба кылуу, кедеи-кембагалдарга садага берүү, жетим балдарга
жардам берүү, Куран окуп сообун маркумга багыштоо сыяктуу иштерди аткаруу
алдаканча сооптуу. Маркум үчүн өкүрүп-бакырып,
бетибашты тытып ыилоо туура эмес.
Жашоо Алланын адамга ыроологон жакшылыгы. Өлүм да Анын тагдыры. Мусулман
баласы дүинөнү убактылуу, ал эми акыретти түбөлүк жашоо деп билип, ошого жараша
кадам шилтеши керек.
Кыскача Ислам негиздери (Мухтасар Ислам илмихалы). Абдуррахман Хачкалы ( Фикх илиминин доктору).
#61 03 March 2016 - 22:19
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#62 09 March 2016 - 16:51
К. КӨРҮСТӨН ЗЫЯРАТЫНА БАЙЛАНЫШКАН МАСЕЛЕЛЕР
1. Көрүстөнгө зыярат кылууга (баруу) болобу?
Тартибине, адебине жараша көрүстөнгө зыярат кылуу эркектер үчүн мустахап, аял
кишилер үчүн уруксат. Такыбаа адамдардын, ата-эненин жана жакын туугандардын
көрүстөнүнө зыярат кылуу мандуп (жакшы иш) болуп саналат.
Ислам дини жаңыдан гана телчигип келаткан жылдары, б.а. тавхид (Алла Тааланы
жалгыз деп билүү) ишеними жакшы тамыр алалбаи, бутпарастык ырасымдар күчүндө
турган кезде Азирети Пайгамбарыбыз көрүстөнгө зыярат кылууга тыйуу салган болучу.
Бирок белгилүү бир убакыттын өтүшү менен буга уруксат берген. Куттуу хадистердин
биринде төмөнкүчө буюрулат: «Силердин көрүстөнгө зыярат кылууңарга тыйуу салган
элем. Эми мындан ары зыярат кыла берсеңер болот» (Муслим, Жанаиз, 106; Абу Давуд,
Жанаиз, 77; Тирмизи, Жанаиз, 7; Насаи, Жанаиз, 100; Ибни Маажа, Жанаиз, 47). Асыресе,
Азирети Пайгамбарыбыз уулунун көрүстөнүнүн жанында ыйлап жаткан бир аялга сабыр
кылуусун өтүнүп, ага эч кандай тоскоол болгон эмес (Бухари, Жанаиз, 7, Ахкам, 11;
Муслим, Жанаиз, 15). Ошондой эле хадис китептердин биринде Азирети Аиша да бир
тууганы Абдуррахман бин Абу Бакирдин көрүстөнүнө зыярат кылгандыгы жөнүндө
аитылат. (Тирмизи, Жанаиз, 61)
Көрүстөн зыяратында, тилекке каршы, убакыттын өтүшү менен маркумдардан
жардам тилөө, алтургаи аларга жалынып-жалбаруу, табынуу сыяктуу Ислам динибизге түк шаикеш келбеген ырасымдар жүзөгө ашып келген. Исламдын алгачкы жылдары Азирети
Паигамбарыбыздын көрүстөнгө зыярат кылууга тыиуу салышынын бирден бир себеби дал
ушул болучу. Караңгылык доорунда көрүстөндөргө табынып, алардан жардам сурап,
буттарга (идол) сыиынуу кеңири кулач жаиган. Агезде жөөттөр да, христиандар да
өздөрүнчө ыиык деп эсептешкен адамдардын көрүстөндөрүн сыиынуучу жаига
аиландырып алышкан. Бутпарастык атактуу адамдардын аикелине сыи-урмат, таазим
этүүдөн башталып, натыижада бул сыи-урмат аларга табынууга алпарган. Дин Исламдын
максаты тавхид ишенимин жаиуу, Жалгыз Жараткан Алланы гана даңазалоо, Жалгыз
Өзүнө гана сыиынуу, Өзүнөн гана кечирим тилөө

#63 09 March 2016 - 16:57
2. Көрүстөн зыяратынын адеби деген эмне?
Көрүстөн зыяратынын адеби төмөнкүчө:
а. Даарат. Көрүстөнгө даарат алып баруу.
б. Акырет жашоосун, түбөлүк жашоо жөнүндө ойлоо, бу дүйнөнүн утурумдук гана
жай болгондугун, белгилүү убакыттан кийин өзү да мына ушул кара топуракка кирерин
унутпоо.
в. Көрүстөн зыяраты сөзсүз түрдө эле көрүстөндүн жанына чейин барып, ага кол
тийгизип, сылоо эмес. Көрүстөндөн бираз окчун туруу дурус.
г. Мүрзөгө барганда Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам)
үйрөткөндөй салам берүү: «Эй, момун-мусулмандар аймагынын эли! Силерге
салам (тынчтык, бейпилдик) болсун! Кудай буюрса, биз да силерге кошулабыз.
Жалгыз Алла Тааладан бизге да, силерге да кечирим тилейм!» (Муслим, Жанаиз,
104; Ибни Маажа, Жанаиз, 36).
д. Көрүстөндөгү маркумдар үчүн да, жаамы мусулмандар үчүн да Алла Таалага
алакан жайа дуба кылуу.
ж. Көрүстөндө жаткан маркумдардын жашоосунан сабак алуу. Эгер чоң Ислам
аалымы болсо, кантип Алланын жолунда жанаракет кылып илим алгандыгын, элге кандай
жакшылыгы тийгендигин ойлоп, алардан үлгү алуу.

#64 09 March 2016 - 18:33
3. Көрүстөн зыяратына барганда эмнелерге тыйуу салынат?
Бул жерде эң негизги мынабу «тавхид ишенимине шайкеш келбеген, адамды Алла
Таалага шерик кошууга алпара турган жагдайлардан оолак болуу» деген эрежени эсибизге
түйүп алуубуз керек. Буга эң биринчилерден болуп маркумдан жардам тилөө кирет. Ислам
дининде жардам жалгыз Алладан гана суралат.
Зыярат кылуу учурунда мүрзөдө намаз окууга болбойт. Мүрзөнү мечитке
айландырбоо керек. Ошондой эле көрдүн үстүнө шам жагууга да тыюу салынат (Муслим,
Жанаиз, 98; Абу Давуд, Салат, 24; Тирмизи, Салат, 236).
Көрдүн үстүнө отуруу да макирөө болуп саналат (Муслим, Жанаиз, 33; Тирмизи,
Жанаиз, 56).
Көрүстөндүн жанында дуба кылына турган болсо, башка учурдагыдай эле жалгыз
Алла Таалага гана алакан жайа дуба кылып, кечирим суроо керек. Маркумдардан бир нерсе
талап кылуу, суроо такыр туура эмес. Маселен, «атабабалардын арбагы колдосун» деп
айтуу сыңары. Бул тавхид ишенимине дал келбейт. Ошону менен бирге сырттан караган
адамдын туура эмес түшүнүп «маркумдан жардам сурап жатат» деген ойдо калышына
себеп болбоо керек.
Көрүстөн зыяраты учурунда үндү бийик көтөрүп, өкүрүп-бакырып ыйлабоо керек.
Азирети Пайгамбарыбыздын көрүстөнүнүн темирлерине асылып алып аны өпкүлөө
такыр туура эмес. Көрүстөндө зыяраттын тартибине дал келбеген сөздөрдү айтуудан, ошондой эле
ачууланып бой көтөргөн таризде басуудан этият болуп, адеп сактоо керек (Насаи, Жанаиз,
100; Тирмизи, Жанаиз, 46).
Мүрзөнүн ичинде жеңил же оор даарат ушатуудан оолак болуу зарыл (Насаи,
Жанаиз, 100; Ибни Маажа, Жанаиз, 46). Мүрзөнүн өсүп турган чөбүн чабуу, бакдарактарын
кыиуу макирөө болуп эсептелет. Ошону менен катар мүрзөнү тартипке келтирүү үчүн
мүрзөдөгү чөптөрдү, бак-дарактарды каңгып кургап калганда чаап-кыйса болот.
Маркумдун ыраазылыгын алып, андан жардам үмүтөтүү үчүн мал союп
курманчылык кылуу кескин түрдө арам иш болуп саналат. Анткени курманчылык бул
ибадат. Ал эми ибадат болсо Жалгыз Алла Таалага гана кылынат. Малды көрүстөнгө
алпарып, ошол жерде курманчылык кылуу Алла үчүн болсо дагы макирөөлүккө жатат.
Анткени бул аракет элди туура эмес түшүнүккө түртүп, жат жосунга айланып кетиши
толук ыктымал.
Бүгүнкү күнү айрым жерлерде көрүстөндөрдү Каабаны таваф кылгандай
айлангандар бар. Мындай аракет күнөө болуп, андан сөзсүз түрдө алыс туруу кажет.
Маркумдардан, арбактардан жардам тилөө ниети менен көрүстөндөргө, бак-
дарактарга чүпүрөк байлоо адамга зыянынан башка пайда алып келбейт. Көрүстөнгө,
күмбөзгө кол тийгизүүнүн эч кандаи пайдасы жок. Бул туура эмес. Айрым бир көрүстөн-
күмбөздөрдүн ооруларга шыпаа алып келерине ишенүү жана ошол жердеги таш, топурак,
бак-дарактарды ыйык деп эсептөө Ислам динине эч шайкеш келбейт.
Мусулман аялзаты сыртка чыгуу учурунда шариятта көрсөтүлгөн таризде
кийинүүсү керек. Айтайын дегенибиз, көрүстөнгө да жарым жылаңач баруудан оолак
болуп, шариятта көрсөтүлгөндөй кийинип баруу кажет. Шариятка ылайык келбеген
таризде кийинип баруу ал жердеги маркумдардын да тынчын аларын унутпашыбыз керек.
Күнөө менен сооп бир жерде болбойт. Мусулман баласы эң ириде арам жана күнөө
иштерден оолак болушу кажет.
Көрүстөнгө зыярат кылууну диндин абдан маанилүү шарты катары кабылдабоо
керек. Ашыкча маани бербөө керек. Себеби артка кылчаиып тарыхка назар салсак, мына
ушул көрүстөн зыяраты себептүү Ислам динибизге эч коошпогон көптөгөн адаттар, жат
жосундар пайда болгон.
Ошондой эле көрүстөнгө зыярат кылууну динибиздин орчундуу озуйпасы катары да
көрбөө керек. Мусулман адамдын парз-важип өкүмүндөгү милдеттерин орундатпай
калышына көрүстөнгө зыярат кылуу иши тоскоол болбошу керек.

#65 10 March 2016 - 13:43
4. Көрүстөнгө зыярат кылуунун пайдалары эмнелер?
Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын көрүстөнгө
зыярат кылууга уруксат беришинин бир топ себептери бар. Ырас, көрүстөнгө зыярат
кылууда көзү тирүүлөр үчүн да, маркумдар үчүн да көптөгөн жакшылык-пайдалар бар.
Алланын акыркы Элчиси (саллаллаху алеихи васаллам) да кезегинде Меккеге баратканда
апасы Аминанын көрүстөнүнө зыярат кылып ыйлаган. Анда тегеректеп отурган кутман
сахабалары да көз жашын чуурутпай кое алышкан эмес.
Көрүстөнгө зыярат кылуунун пайдаларын төмөнкүчө тизмектөөгө болот:
а. Адамга өлүмдү, акыретти эсине түшүрүп, акырети үчүн кам көрүшүнө себеп
болот.
б. Адамды такыбаалыкка багыттайт. Байлыкка болгон ашкере сүйүүнү басаңдатат.
Мал-дүнүйөнү адал жол менен топтоп, шарият боюнча (адал жолдорго, мисалы үи-бүлөнү
багууга) сарптоого, арам иштерден оолак болууга, жакшылык иштерди көп жасоого
түртөт.
в. Алланын сүйүктүү пенделеринин көрүстөндөрүнө, өзгөчө Азирети
Пайгамбарыбыздын көрүстөнүнө адепке ылайык зыярат кылуу жанга бейпилдик
тартуулаит. Азирети Пайгамбарыбыздын көрүстөнүнө зыярат кылуу үчүн сапарга чыгуу
мандуп болуп саналат. Хадистердин биринде: «Ким мен көз жумган соң мага зыярат
кылып келсе, мага тирүү кезимде келгендей болот» деп буюрулат.
г. Көрүстөнгө зыярат кылуунун иридеги максаты ал жердеги маркум үчүн, өзү үчүн
жана бүтүндөи мусулмандар үчүн да Жараткан Аллага гана алакан жая кечирим тилөө,
алардын жакшылыгын тилөө. Зыярат учурунда маркумдардын кечирилиши үчүн Аллага
дуба кылып, Куран окуп, жакшылык иштердин сообун багыштоо абзел. Дуба кылып
кечирим тилөөнүн маркумдар үчүн паидалуу болоруна мынабул аят далалат кылат: «Оо,
Жараткан! Бизди жана ыиманы менен бизден мурун көз жумгандарды кечире көр...
ыйман келтиргендерге карата жүрөгүбүзгө кыпындаи да кек (жаман ои) калтыра
көрбө...» (Хашр сүрөсү, 10).
Көрүстөнгө көчөт отургузуу өзүнчө сооп иш. Отургузулган көчөт же өсүмдүк
маркумдун азабынын жеңилдешине себеп болору жөнүндө хадистерде айтылган.
Христиандар сыяктуу көрүстөнгө «венок» алып баруу болбойт.

#66 10 March 2016 - 21:41
5. Маркумдар тирүүлөрдү угабы?
Көрүстөн зыяраты учурунда көрүстөндөгү маркумдун уккандыгы жана берилген саламды алары хадистер менен тастыкталган.
Абдуллах бин Умардын кабарлаганы боюнча, Азирети Пайгамбарыбыз Бадр
казатынан кийин казатта өлгөн Курайштын атка минерлеринин өлүктөрүнө үн салып:
«Жаратканыңар убада кылган азаптын чындык экенин эми түшүндүңөрбү? » деген эле.
Азирети Умардын: «О, Алланын Элчиси! Бул сезими жок өлүктөргө да үн катасызбы?»
деген суроосуна Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Силердин угууңар
булардын угуусунан жогору эмес. Бирок булар жооп бере албаит» (Ахмед бин Ханбал, II,
121) деп жооп берген экен.

#67 10 March 2016 - 21:49
6. Куран окуп, сообун маркумдарга багыштоо жөнүндө аалымдардын пикири
кандай?
Жалпыга маалым болгондой, Куран окуу бул ибадаттын катарына кирет. Көрүстөн
зыяраты өлүмдү, сурак берчү күндү эске салат. Бул темага байланыштуу «Фатва-иХиндийиа» китебинде: «Маркумду жерге койгондон кийин көрүстөндүн жанында отуруп Куран окуу жана маркум үчүн дуба кылуу мустахап (жакшы иш) болуп саналат» деп жазылат. Имам Азамдын окуучусу Имам Мухаммеддин пикиринде, көрүстөндө Куран окуу макирөө эмес. Көпчүлүк аалымдар ушул көз карашты кабылдашат. Окулган Куран маркумга пайдалуу .
Куран окуу чоң ибадаттардан болуп саналат. Азирети Пайгамбарыбыз Курандын ар
бир тамгасы үчүн он жакшылык / сооп болгондугун айткан. Куран жалгыз Алланын ыраазылыгы үчүн окулса, ибадат болот. Куран окуу үчүн акча талап кылуу такыр туура эмес көрүнүш. Анткени ибадат акча үчүн орундалбайт.
кандай?
Жалпыга маалым болгондой, Куран окуу бул ибадаттын катарына кирет. Көрүстөн
зыяраты өлүмдү, сурак берчү күндү эске салат. Бул темага байланыштуу «Фатва-иХиндийиа» китебинде: «Маркумду жерге койгондон кийин көрүстөндүн жанында отуруп Куран окуу жана маркум үчүн дуба кылуу мустахап (жакшы иш) болуп саналат» деп жазылат. Имам Азамдын окуучусу Имам Мухаммеддин пикиринде, көрүстөндө Куран окуу макирөө эмес. Көпчүлүк аалымдар ушул көз карашты кабылдашат. Окулган Куран маркумга пайдалуу .
Куран окуу чоң ибадаттардан болуп саналат. Азирети Пайгамбарыбыз Курандын ар
бир тамгасы үчүн он жакшылык / сооп болгондугун айткан. Куран жалгыз Алланын ыраазылыгы үчүн окулса, ибадат болот. Куран окуу үчүн акча талап кылуу такыр туура эмес көрүнүш. Анткени ибадат акча үчүн орундалбайт.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#68 10 March 2016 - 21:51
Л. ШЕЙИТТИК
Жараткан Алланын ак жолунда кара жанын карч уруп жүрүп көз жумган адам
шейит деп айтылат. Шейит адам үстүндөгү курал-жарактары алынгандан кийин
жуулбастан жаназа намазы окулуп, жерге койулат. Согушта жаракат алып, кийин одүйнө
салган адамга да шейиттик ырасымы жасалбайт.

#69 11 March 2016 - 00:46
XXIII. НАПИЛ НАМАЗДАР
Парз жана важип намаздардан сырткары Алланын ыраазылыгы үчүн окулган
намаздар «напил намаздар» деп аталат. Напил намаздарды негизинен Пайгамбарыбыз өзү
да окуп, жалпы мусулмандарды ага үндөгөн.
Азирети Пайгамбарыбыздын беш маал намаз менен кошо жана жума намазында
окуган сүннөт намаздары «раваатиб» деп айтылат. Мындан сырткаркы сүннөт намаздар
«мустахап же мандуп» намаздар делет.
Парз намаздар менен чогуу окулган сүннөттөр
Буга беш маал намаздын жана жума намазынын сүннөттөрү кирет. Аларды
төмөнкүчө тизмелөөгө болот:
1. Багымдат намазынын эки ирекет сүннөтү. Муну Пайгамбарыбыз калтырбай окуп,
ал жөнүндө «Багымдат намазынын эки ирекет сүннөтү бүт дүйнөдөн жана андагы бүт
нерседен артык» деген хадисин айткан (Муслим, Мусафириин, 96, 97; Тирмизи, Салат,
190). Багымдат намазын убагында окуй албай калып, күн чыккан соң каза кылуу учурунда
эки ирекет сүннөтү менен каза кылынат.
2. Бешим намазынын парзына чейин окулган төрт ирекет сүннөт менен парздан
кийин окулган эки ирекет сүннөт. Имам Азам агымы боюнча, акыркы эки ирекет сүннөттү
төрт ирекет кылып окуу мандуп. (Тирмизи, Салаат, 199, хадис No: 425). Хадистерде муну
төрт ирекет кылып окуу жөнүндө сунуштар бар. Бешим намазынын акыркы эки ирекет
сүннөтүн төрт ирекет кылып окуу учурунда биринчи отурумда «саллибаарик» дубаларын
окуп өйдө тургандан кийин «субхаанака» дубасы да окулат.
3. Асыр намазынын парзына чейин окулчу төрт ирекет сүннөтү. Бул «гаири муаккад» сүннөт болуп саналат. Пайгамбарыбыз бул сүннөттү кээде окуп, кээде окуган эмес. Мында да биринчи отурумда «салли-баарик» дубаларын окуп өйдө тургандан кийин «субхаанака» дубасы окулат.
4. Шам намазынын эки ирекет сүннөтү. Шам намазынан кийин эки ирекет намаз
окуу муаккад сүннөт болуп саналат. Алланын Элчиси бул сүннөттү кээде алты ирекет
кылып окуган.
5. Куптан намазынын алгачкы төрт ирекет жана акыркы эки ирекет сүннөтү.
Куптандын парзынан мурун окулган төрт ирекет намаз «гаири муаккад» сүннөт, ал эми
парзынан кийин окулган эки ирекети «муаккад» сүннөт болуп эсептелет. Куптан
намазынын алгачкы төрт ирекет сүннөтү асыр намазынын сүннөтү сыяктуу окулат.
6. Жума намазынан мурун жана кийин окулган төрт ирекеттик намаздар да «муаккад» сүннөт болуп саналат.

#70 11 March 2016 - 00:57
А. ТАРАВИХ НАМАЗЫ
Таравих намазы Рамазан айында гана куптан намазынан кийин багымдат намазынын убагы киргенге чейин окулчу напил намаз. Ал «муаккад» сүннөт болуп, жыйырма ирекеттен турат. Таравих намазынын 20 ирекеттен турушу Азирети Умардын
халифалык доорунда Набави мечитинде окулган таравих намазынын 20 ирекеттик таризине таянат. Хулафа-и Рашидин (Пайгамбарыбыздан кийинки алгачкы төрт халифанын) учурунда бул намаз 20 ирекеттен окулган.
Таравих куптан намазынан кийин окулат. Куптандан мурун окулса, аны кайра окуу
керек. Ал эми витир намазынан мурун да, кийин да окуса болот.
Таравих намазын жалгыз киши деле окуса болот. Ар бир экинчи ирекетте салам берүү дурус. Ошондой эле ар бир төрт ирекетте же 10 же 20 ирекетте бир салам берип окуса да болот. Таравих намазында кыраатты узун окуу абзел. Ошону менен бирге жамааттын абалына жараша аракет кылууну да эстен чыгарбоо керек. Намазды эрте бүтүрүү үчүн ылдам окуу макирөө болуп саналат.
Бул намаз сахабалардын учурунда ар бир төртүнчү ирекеттен кийин бираз тыныгуу болгондуктан «таравих» намазы деп аталып калган. Тыныгуу учурунда Алла Тааланы зикир кылуу (даңазалоо) же Пайгамбарыбызга салават айтуу мустахап болуп эсептелет.
Б. ТАХАЖЖУД НАМАЗЫ:
Тахажжуд намазы – бул түн жарымынан баштап багымдат намазынын убагына
чейин окулган напил намаз. Куранда Пайгамбарыбызга бул намазды окууга буйрук
берилген. Ал эми мусулмандар үчүн бул намаз сүннөт. Бул намаз Алла Таала тарабынан да,
Пайгамбарыбыз тарабынан да жалпы момун-мусулмандарга байма-бай сунуш кылынган.
Тахажжуд намазын ар бир эки ирекетте бир салам берип, жалпы сегиз ирекет кылып окуу дурус.
В. ДУХА НАМАЗЫ:
Духа намазы чак түшкө чейин окулчу намаз. Духа намазын эки ирекеттен он эки
ирекетке чейин окуса болот. Хадистерде Азирети Пайгамбарыбыз бул намазды төрт же
сегиз ирекет кылып окугандыгы айтылган.
Г. АВВАБИН НАМАЗЫ:
«Авваб» сөзү «тооба кылган, кечирим тилеген, Жаратканга баш калкалаган» дегенди туюнтат. Бул намаз экиден алты ирекетке чейин шам намазынан кийин окулат.
Пайгамбарыбыз аввабин намазын алты ирекет кылып окууга үндөгөн.
Д. ТАХЙЙИАТУЛЬ- МАСЖИД НАМАЗЫ:
Тахййиатуль- масжид «мечитке салам айтуу» деген маанини туюнтат. Мечитке киргенде окулчу эки ирекет мустахап намаз болуп эсептелет. Бул намаз макирөө учурларда окулбайт. Мечитке келген адам дароо кайсыдыр бир намазга ниет кылса, бул намазды окушу зарыл эмес.
Ж. ДААРАТ ЖАНА ГУСУЛДАН КИЙИНКИ НАМАЗ:
Даарат же гусул алган соң мүмкүнчүлүк болсо, эки ирекет намаз окуу мустахап болуп саналат.

#71 11 March 2016 - 01:13
З. САПАР НАМАЗЫ:
Сапарга чыгаарда же сапардан кайткан кезде эки ирекет намаз окуу сүннөт болуп эсептелет.
И. ИСТИХАРА НАМАЗЫ:
Истихара намазы кайсыдыр бир ишке кадам шилтей албай турганда ошол иштин оң
же терс болоруна руханий кандайдыр бир ишарат алуу үчүн окулган намаз. Истихара намазы эки ирекеттен турат. Ырас, мусулман баласы өзү чечалбаган кайсыдыр бир маанилүү ишин чечүү үчүн алгач ал иштин көзүн билген, ишенимдүү адамдар менен кеңешүүсү абзел. Бул сүннөт иш катары каралат. Кеңештен оң майнап чыкса, истихара намазына кажет болбойт. Ал эми оң майнап чыкпаса, истихара намазын окуу абзел.
К. ТАСБИХ (Жаратканды даңктоо) НАМАЗЫ:
Мусулман баласы тасбих намазын өмүрүндө жок дегенде бир жолу окушу абзел.
Тасбих намазын төрт ирекеттен турат. Аны жеке да, жамаат менен да окуса болот.
Л. КУСУФ НАМАЗЫ :
Арап тилинде күндүн тутулушу «Кусуф» деп айтылат. Пайгамбарыбыз күн тутулган
учурларда эки ирекет намаз окуп Жараткан Аллага дуба кылган. Кусуф намазы азансыз, кааматсыз жамаат менен окулат. Ар бир ирекетте узун
сүрөлөрдөн окулат. Намаздын акырында имам өйдө турган калыбында алакан жая Жаратканга дуба кылат.
Бул намазды жеке окуса да болот.
М. ХУСУФ НАМАЗЫ:
Ай тутулган кезде кээ бир аалымдардын пикиринде, эки ирекет намаз окуп дуба
кылуу мустахап.
Жер титирөө, чагылган, бороон-чапкын болгон учурларда да эки ирекет намаз окуп
Аллага дуба кылуу мустахап болуп эсептелет.
Н. ЖАМГЫР ДУБАСЫ:
Кургакчылык учурларда элдин ачык асман алдында топтолуп тооба кылып Алладан кечирим тилеп, Ага алакан жая дуба кылышы, жамгыр жаадырышын суранышы сүннөт.
Бул дубадан мурун эки ирекет намаз окуу мустахап.
О. НАПИЛ НАМАЗДАР ЖӨНҮНДӨ ЭКИ ООЗ СӨЗ
Напил намазды баштаган соң аны акырына чыгаруу керек. Эгер акырына чыкпай бузулса, Имам Азам агымы боюнча, аны каза кылуу важип болот.
Напил намаздардын ар бир ирекетинде кыраат кылуу (Фатиха жана кошумча сүрө окуу) парз. Напил намаздарда эки же төрт ирекетте бир салам берсе болот.

#72 11 March 2016 - 01:26
ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
ОРОЗО
I. ОРОЗОНУН МААНИСИ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫГЫ
Ислам дининин маанилүү негиздеринин бири – бул орозо ибадаты. Орозо – бул адам
баласы үчүн жаман адаттардан, напсинин азгырыгынан арылуунун жолу. Адамды рухий
жактан өзүн-өзү тарбиялоого үйрөтөт.
Орозо адам баласынын ар кандай күнөөлөрдөн оолак туруп, өз напсисин
көзөмөлдөөсү үчүн өтө ыңгайлуу ибадат болуп эсептелет. Адамзааданы жалкоолукка
жетелеген, ибадаттарын аткаруусуна тоскоолдуктарды жараткан жана анын көп уктоосуна себепкер болгон нерсе – бул шакабат, аша тоюнуу. Андыктан орозо кармоо жолу менен
адам баласы ачка жүрүүгө, шакабаттан алыс болуп напсисин көзөмөлдөөгө үйрөнөт.
Ошентип орозо кармаган адамдардын ач жүргөн адамдарга болгон аео, жардам берүү
сезимдери күчөйт. Асыресе, орозо арам иштерден оолак болууга, ыплас сөздөрдөн, ушак-айыңдан алыс болууга үйрөтөт.
Рамазан айында мусулман баласы орозо кармоо, Куран окуу, таравих намазын окуу
жана башка ушул сыяктуу ибадаттар менен руханий жашоосун жандандырат. Береги жандандыруу аракети анын бир жыл бою ушул калыбынан жазбай жүрүүсүнө шарт түзөт.
Орозо кармаган адам жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу менен гана
чектелбестен арам нерселерди кароодон, арам тамактан, жаман сүйлөөдөн, урушуудан
жана пайдасыз нерселер менен алектенүүдөн оолак болот. Ал убактысын туура пайдаланууну үйрөнөт. Болбосо орозо кармаган адам жеп-ичүүнү токтоткону менен башка
жаман адаттарын таштабаса, куттуу хадисте айтылгандай, жөн гана ач болгону болбосо ага
эч кандай деле сооп болбойт.
Орозо – адамдын эркин күчөйтөт, изги мүнөздөрүн калыптандырат жана ага
ырааттуу жашоону үйрөтөт. Адамды сабырдуу болууга үйрөтөт. Орозо байларга,
бардарларга кедей-кембагалдардын абалынан кабардар кылат. Адамдардын бири-бирин
туура түшүнүүгө, жардам көрсөтүүлөрүнө жол ачат. Орозо ошондой эле адамдын ден-соолугу үчүн да абдан пайдалуу ибадат. Азирети
Пайгамбарыбыз бул багытта: «Орозо кармагыла, ден-соолугуңарды чыңдагыла! » деген.
Мына ушунун баары динибиздин жалпы ибадаттары сыңары орозо ибадаты да адамдын,
коомдун дүйнөлүк жана акыреттик пайдалары үчүн парз кылынгандыгын айгинелейт.
Орозо ибадаты адамдын мурунку күнөөлөрүн тазалайт. Бул жөнүндө куттуу
хадисте: «Чын ыкласы менен жана сообун бир Алладан күтүп (үмүт кылып) Рамазан
айында орозо кармаган адамдын мурунку күнөөлөрү кечирилет» (Бухари, Савм – 6) деп
айтылат.
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Шабан айынын акыркы
күнү (Рамазан айына бир күн калганда) кутпа окуп кутман сахабаларына кайрылып:
«О, мусулмандар! Куттуу айга кирүүнүн алдында турасыңар. Бул айда миң айдан
да артык Кадыр түнү бар. Алла Таала күндүзү орозо кармоо менен өткөрүүнү парз,
түнкүсүн таравих намазын окууну напил кылуу менен куттуу кылган ай. Бул айда ким бир
жакшылык кылса, жөн учурларда бир парзды орундаткан адам сыяктуу сооп табат. Ал
эми парзды орундаткан адам башка айларда жетмиш парзды орундаткан адамдай сооп
табат.
Бул ай – сабырдуулуктун айы. Сабырдуулуктун түбү – бейиш.
Бул ай – жакшылыктын, жардам берүүнүн айы.
Бул ай – момун-мусулмандын ырыскысы көбөйгөн (ырыскысына береке кирген) ай.
Ким орозо кармаган бир адамга ооз ачырса, бул күнөөлөрүнүн кечирилишине, тозоктон
кутулушуна себеп болот. Ооз ачырылган адам тапкан сооптон эч кемибестен ага да
ошончолук сооп берилет» дейт. Сахабалар:
«Арабыздан кээ бирибиз орозо кармаган бир адамга да ооз ачырууга
мүмкүндүгүбүз жок...» дешет. Анда Алланын Элчиси:
«Алла Таала бул соопту орозо кармаган бир адамга бир курма же бир ууртам суу
же сүт менен ооз ачырган адамга да берет» деп жооп кайтарып кутпасын улантып:
«Бул айдын башы ырайым, ортосу кечирим, аягы тозок отунан кутулуу. Ким (бул
айда) буйругундагылардын жүгүн жеңилдетсе, Алла Таала аны кечирип, тозок азабынан
азат кылат.
Бул айда төрт нерсени көп кылгыла. Мунун экөөсү менен Эгеңерди ыраазы
кыласынар, экөөсүн баары бир кылбай коибойсуңар. Жараткан Алланы ыраазы кыла
турган эки нерсе мынабулар: бири «Лаа илааха иллаллах» деп Жараткандын
жалгыздыгына күбөгө өтүшүңөр, экинчиси Андан кечирим тилешиңер. Ал эми баары бир
кыла турган нерсеңер Алладан бейишти сурап, тозоктон кутулууну тилешиңер.
Ким орозо кармаган бир адамды тойгузса, Алла Таала аны менин абызыман (көлмө)
даам сыздырат. Ошентип ал бейишке киргенге чейин экинчи сууга зар болбойт» (Ибн
Хузаима, Сахих, Беирут, 1975, тхк. М.М.Азами, III, 191-192)

#73 13 March 2016 - 03:15
II. ОРОЗОНУН АНЫКТАМАСЫ
Орозо бул ибадат кылуу ниети менен саарлык убагынан баштап, күн батканга чейин
жеп ичүүдөн, жыныстык катнаштан оолак болуу.
Саарлык убагы куптан намазынын убагы чыгып, багымдат намазынын убагы
кирген учур.
Багымдат намазынын убагы кириши менен орозо башталган болот. Ооз ачар күн
батып шам намазынын убагы киргендеги учур.
III. ОРОЗОНУН ТҮРЛӨРҮ
А. ПАРЗ ОРОЗО
Ислам дининде парз орозо Рамазан айындагы отуз күндүк орозо эсептелет. Отуз күндүк орозо Куран, сүннөт жана ижма далилдери менен тастыкталган. Рамазан айында кандайдыр бир себептер орозо кармабай калган мусулман адам үчүн аны башка учурда кайра каза кылып кармашы парз. Асыресе, Рамазан айында орозосун атайын бузган адам үчүн анын каффаратын орундатуу да парз өкүмүндөгү иш болуп саналат. Рамазан
айындагы отуз күндүк орозо өзгөчө болгондуктан «муаййан парз» болуп саналат.
Рамазан орозосунан тышкары айрым бир себептерден улам мусулман баласы үчүн
белгилүү учурларда орозо кармашы парз болот. Маселен:
Жаңылыштык менен адам өлтүрүүдөн улам,
Касам (ант) бузуунун каффараты катары
Ажылыкта ихрам учурунда убагынан мурун сакал-мурутун, чачын алгандардын
жаза иретинде орозо кармоолору парз болот.
Б. ВАЖИП ОРОЗО
Назир орозосун кармоо важип болуп эсептелет. Назир – бул шарият жагынан мусулман баласына милдеттүү эмес кайсыдыр бир ибадатты (маселен, орозону) аткарууга сөз берип өзүнө милдет кылып алуу. Назир кылуу учурунда орозо күндөрү белгиленген болсо, (мисалы баланча айдын баланча күнү орозо кармайм деп), анда бул муаййан важип болуп, дал ошол күндөрү орозо кармоону талап кылат.
Напил орозо кармоо учурунда ооз ачылып калса, аны кийин кайра каза кылуу Имам Азам агымы боюнча, важип болот.
В. НАПИЛ ОРОЗО
Парз жана важип орозодон тышкары Алланын ыраазылыгы үчүн кармалган орозо напил орозо деп аталат. Азирети Пайгамбарыбыз көп учурда орозо кармап, үммөтүн да орозо кармоого үндөгөн.
Напил орозолордун эң кайырлуусу күн алыс кармалган орозо болуп саналат.
Тагыраак айтканда, бир күн кармап, бир күн кармабоо таризинде дайыма тутулган орозо.
Бул Давуд пайгамбардын орозосу болуп эсептелет.
Азирети Пайгамбарыбыз мусулмандарга ар бир айдын 13, 14 жана 15күндөрү орозо
кармоону сунуштаган. Ошондой эле жазма булактарда Пайгамбарыбыз дүйшөмбү жана
бейшемби күндөрү орозо кармоого өзгөчө маани бергендиги айтылат.
Асыресе, Шаввал айында алты күн, ажылыкка барбагандар үчүн Зулхижжа айынын 9-күнү, Ашура күнүнөн бир күн мурун жана кийин орозо кармоо жана Ражап, Шаабан айларында Рамазан айына даярдык көрүү үчүн орозо кармоо мустахап болуп саналат.

#74 13 March 2016 - 03:28
IV. ОРОЗО КАРМООГО ТЫЮУ САЛЫНГАН КҮНДӨР
Бул күндөрдүн айрымдары арам, айрымдары кандайдыр бир себептүү макирөө болуп эсептелет
А. ОРОЗО КАРМОО АРАМ БОЛГОН КҮНДӨР:
1. Орозо айттын биринчи күнү жана Курман айттын төрт күнү орозо кармоо арам.
Муну тахриман макирөө деп айткандар да бар. Себеби бул күндөр Алла Таала тарабынан
майрам катары белгиленген. Ошондуктан бул күндөрү орозо кармоо майрамга карама-каршы кадам шилтөө, майрамдабоо дегенди түшүндүрөт. Бул күндөрү орозо кармай баштаган адам орозосун бузушу керек. Кийин кайра бул орозосун каза кылышы кажет эмес.
2. Аял кишилер үчүн айыз жана нифас учурларында орозо кармоолору арам болуп саналат.
Б. ОРОЗО КАРМОО МАКИРӨӨ БОЛГОН КҮНДӨР:
1. Ашура күнү гана орозо кармоо. Ашура күнү орозо кармай тургандар ашура күнүнөн бир күн мурун баштап катары менен үч күн орозо кармайт.
2. Шабан айынын акыркы күнү аба ырайы бузулуп күн бүркөө болсо Рамазан айынын кирүү ыктымалынан улам Рамазан ниети менен орозо кармоо макирөө
3. Жума күндөрү орозо кармоо танзихан макирөө.
4. Удаама-удаа бир канча күн ооз ачпастан орозо кармоо макирөө.
V. ОРОЗОНУН УБАГЫ ЖАНА РАМАЗАН АЙЫНЫН БАШТАЛЫШЫ
Орозо Рамазан айынын кириши менен мусулмандарга парз болот. Азирети Пайгамбарыбыздын учурунда Рамазан айынын кириши асмандагы айдын көрүнүшү менен же күн бүркөө болсо Шаабан айынын отузунчу күнү менен эсептелчү (Бухари, Савм, 5). Ал эми бүгүнкү күнү Айдын жана Күндүн айланышын алдын ала эсептөө мүмкүнчүлүктөрү
жаралды. Мына ушул эсептөөнүн негизинде мусулмандардын диний башкармалыктары
намаз убакыттарын да, Рамазан айынын башталышын да белгилеп жарыя кылып келүүдө.
Рамазан айы «камарий» айлардан болуп саналат. Камарий айлардын башталышы
жана бүтүшү Айдын айланышына жараша белгиленет. Айдын айланышына жараша белгиленген бул айлар кээде 29, кээде 30 күнгө туура келет. Ошондуктан Рамазан айы кээ
бир жылдары 29, кээ бир жылдары 30 күнгө туура келет. Мусулмандар Рамазан айында
орозо кармоого милдеттүү болгондуктан бул ай 29 күн болгон жылдары 29 күн, 30 күн
болгон жылдары 30 күн орозо кармоолору керек. 29 күн болгон жылы 30 күн орозо кармоо
туура эмес. Анткени бул учурда же Рамазандан бир күн мурун, же айт майрам күнү орозо
кармалып калат. Ал эми айт күнү орозо кармоо күнөө болуп саналат

#75 13 March 2016 - 13:48
VI. ОРОЗОНУН ПАРЗ БОЛУШУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР
1. Акыл-эси жайында балагатка жеткен мусулман баласы үчүн орозо кармоо парз.
Маалым болгондой, эркек баланын түшүркөөсү, кыз баланын этек кирин көрүшү балагаттын белгиси. 15 жашка чыккан улан-кыздар мындай белгилерге тушукпаса да алар балагатка жеткен болуп эсептелет. Ошондой эле орозонун ибадат болгондугун түшүнгөн бала орозо кармаса, анын орозосу (сахих) толук кандуу орундалган болуп саналат.
2. Орозо кармоого күчү жеткен адамга орозо кармоо парз. Ал эми оор ооруга
чалдыккан адамга, орозо кармоого кудурети жетпей турганчалык алсыз карыяларга орозо
кармоо парз эмес.
3. Эч бир үзүрү (себеби) жок адамга орозо кармоо парз. Маселен, Рамазан айында
сапарга чыккандар үчүн орозо кармоо парз эмес. Сапар учурунда кармалбай калган
орозону Рамазан айынан кийин каза кылып кармоо керек. Асыресе, сапарга чыккан адам
орозо кармаса да болот.
4. Этек кири жана нифас учурунда аял кишинин орозо кармоосу арам өкүмүндөгү
иш болуп эсептелет. Аялдар бул күндөрү кармай албай калган орозолорун кийин каза
кылуулары зарыл.
VII. ОРОЗОНУН РУКУНУ
Рукун – кайсыдыр бир ибадаттын толук болушу үчүн сөзсүз түрдө орундалышы зарыл түркүк. Орозонун рукуну – саарлык убагынан (ооз жапкандан) баштап күн батканга чейин жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан оолак болуу. Андыктан орозо учурунда булардан бири жүзөгө ашса, орозо жараксыз абалга келген болот.
VIII. ОРОЗОНУН САХИХ БОЛУШУНУН (толук орундалышынын) ШАРТТАРЫ
1. Орозо кармоого ниет кылуу: Орозо ибадат болгондуктан ибадат кылуу ниети менен гана толук болот.
2. Аял кишинин этек кири жана нифас абалынан сырткары болушу: Бул учурларда
орозо кармоого болбойт. Орозо учурунда этек кири же нифас абалдары жараян этсе, орозо
бузулат.

#76 13 March 2016 - 13:51
IX. ОРОЗО КАРМООГО НИЕТ КЫЛУУ
Рамазан айындагы орозого күн баткандан баштап эртеси күнү шашке маалына
чейин (күн төбөгө келгенге болжол менен 50 мүнөт калганга чейин) ниет кылса болот. Күн
так төбөдө турган чакта орозого ниет кылууга болбойт. Күн чыккандан кийин орозого ниет
кылуу үчүн саарлыктан бери орозону буза турган нерсе жүзөгө ашпашы керек. Маселен,
бул учур аралыгында жеп-ичпеген болуу зарыл.
Рамазан айынын ар бир күнү үчүн ниет кылуу керек.
Күн бата элек кезде эртеңки күндүн орозосуна ниет кылууга болбойт. Эртеңки
күндүн орозосуна ниет кылуу үчүн күндүн батышы зарыл.
Каза, каффарат жана күнү белгиленбей назир кылынган орозолор үчүн саарлык
убагы чыкканга чейин ниет кылынышы керек.
Рамазан орозосун кармоо үчүн «орозо кармоого» деп ниет кылуу жетиштүү. Ниет
чын ыкластан кылынышы зарыл. Тил менен айтылышы мустахап болуп саналат
X. ОРОЗО КАРМОО УЧУРУНДА МУСТАХАП БОЛГОН ЖАГДАЙЛАР
Ибадаттар сырткы шарттары менен бирге чын ыклас менен орундалышы керек.
Ислам дининин буйругу ушул. Азирети Пайгамбарыбыз орозо ибадатына баиланыштуу
жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болсо да, тилин, көзүн ж.б. жамандыктан
сактабаган адамдын ач болгондон башка эч кандай соопко жетпесин билдирген (Бухари, Савм, 8). Ибадат ыкластуулук менен орундалат. Мусулман баласы күчүнүн жетишинче жаман адаттардан арылууга аракет жасайт. Орозо үчүн да чын ыкластуулук абадай зарыл.
Жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу албетте, орозо үчүн шарт. Ошону менен
бирге орозо учурунда мусулман адам жакшы иштер менен алектенип, тилин жалган
сүйлөөдөн, ушак-аиыңдан алыс тутуу менен, зикир кылып Жараткан Алланы даңазалоо
менен жандүйнөсүн аруулашы керек. Пайгамбарыбыз мындай деген экен: «Беш нерсе орозонун сообун жок кылат: жалган сүйлөө, гыйбат (ушак-айың кылуу), чагымчылык кылуу (эки адамдын ортосуна от жагуу), жалгандан касам ичүү, арамга шакабат менен кароо».
Орозо кармаган адам Куран окуп Алла Тааланы зикир кылышы керек. Рамазан айында күндүзү орозо кармап, түнкүсүн Азирети Пайгамбарыбыздын сүннөтү болгон Таравих намазын калтырбай окууга аракет кылышы керек.
Ооз ачаарда аша тоюнбоо зарыл. Ооз ачарга жалаң байлар гана эмес, кедей-кембагалдар да чакырылышы кажет. Зекетти Рамазан айында берүү абзел. Кедейлерге, жетимдерге, кароосуздарга жардам берүү менен коомдук биримдикти чыңдоо зарыл.
Мындан сырткары орозо кармаган адам төмөнкү мустахап жагдайларга да көңүл бөлүшү абзел:
Саарлыкка туруу: Пайгамбарыбыз мусулмандарга Рамазан айында эртең менен саарлыкка туруп тамактанууну сунуштаган. Ошону менен бирге саарлык тахажжуд намазына турууга да көндүрөт.
Ооз ачар алдында дуба кылуу. Бул учурда окулчу дубалардын бири куттуу хадистерде төмөнкүчө айтылат: «Оо, Жараткан Алла! Сенин ыраазылыгың үчүн орозо кармадым. Сен берген ырыскы менен оозумду ачтым. Сага ишендим. Менин орозому
кабыл кыла көр, күнөөлөрүмү кечире көр!» Орозо кармаган адамдарга, өзгөчө кедейлерге ооз ачыруу. Хадистердин биринде мындай буюрулат: «Орозо кармаган адамга ооз ачырган адам орозо кармагандын сообунчалык сооп алат» (Тирмизи, Савм, 82).
Жунуп болгон адам багымдат намазынын убагы киргенге чейин жуунушу мустахап болуп эсептелет.
Пайдасыз сөздөрдөн, ушак-айыңдан алыс болуу керек. Рамазан айынын акыркы он
күнү итикафка кирүү мустахап болуп саналат.

#77 14 March 2016 - 13:42
XI. ОРОЗО КАРМАБООГО УРУКСАТ БЕРИЛГЕН УЧУРЛАР
Эч бир себепсиз орозо кармабай койуу чоң күнөө. Рамазан айында орозону эч бир
себепсиз же атаийын бузуу каффаратты талап кылат. Ал эми төмөнкү жагдайларда орозо
кармабоого шариятта уруксат берилет. Бирок бул учурда кийин орозо кармабай калган
күндөрдүн ордун толуктап кармап койуу керек. Орозо кармабоого уруксат берилген
учурлар төмөнкүлөр:
1. Сапар: Шариятта көрсөтүлгөн аралыкка сапарга чыккан адам орозо кармаса да,
кармабаи койсо да болот. Бирок орозо кармаганы дурус.
2. Оору: орозо кармоого тоскоол боло тургандай оорусу бар адам орозо кармабаса
болот.
3. Ден-соолугу начар карыялар орозо кармашпаса болот. Бирок ар бир күн үчүн
битир садага берүүлөрү керек.
4. Боюнда болуу же эмчекте баласы болуу. Эгер боюнда бар аял орозо кармаган
чакта өзүнө же балага зыян келе турган болсо, орозо кармабай койсо болот. Кармабай
калган күндөрүн кийин каза кылышы керек.
5. Согуш майданындагы жоокерлер орозо кармашпаса болот.
6. Кысым көрсөтүлгөн учурда ооз ачууга уруксат бар.
XII. ЭТЕК КИРИ ЖАНА НИФАС АБАЛЫНДАГЫ АЯЛ КИШИНИН ОРОЗОСУ
Этек кири жана нифас абалындагы аял кишинин орозо кармашы жана намаз окушу арам.
Орозо учурунда этек кири көрсө, орозосу бузулган болот. Андан кийин шам
намазына чейин орозолорун улантуулары туура эмес. Рамазанда орозосун кармай албаган
аял киши тазалангандан кийин орозосун каза кылат. Ал эми бул учурда окубай калган
намаздарын каза кылуунун кажети жок.

#78 14 March 2016 - 13:49
XIII. ОРОЗОНУ БУЗУП, КАЗА КЫЛУУНУ ТАЛАП КЫЛГАН ЖАГДАЙЛАР
1. Желбеген нерселерди жутуп алуу. Маселен, таш, шагыл, алтын, күмүш сыяктуу
нерселерди жутуп алуу.
2. Даарат алуу учурунда жаңылыштык менен суу жутуп алуу. Мындай учурда ошол
күндүн орозосун кийин каза кылуу керек.
3. Тиштен чыккан кан түкүрүктөн ашыкча болуп, аны жуткан адамдын оозу ачылып
калат да, аны каза кылуу зарылчылыгы туулат. Эгер кан түкүрүктөн аз болуп түкүрүктүн
өңүн өзгөртпөсө, орозо бузулбайт.
4 Өзүнөн-өзү келген аз кусунду өзүнөн-өзү кайра артка кетсе, орозо бузулбайт. Ал эми өзүнөн-өзү келген кусундуну билип туруп жутса, аз да болсо, орозо бузулган болот.
Ошондой эле атайын ооз толтура кусуу да орозону жараксыз абалга алып келет.
5. Жубайын өбүү менен гана жунуп болгон адамдын орозосу бузулат.
6. Мурунга куюлган дары, кулакка тамызылган май сыяктуу нерселер орозону бузат.
7. Ооздон башка жол менен денеге кирген жана денеге азык-күч берген нерсенин
баары орозону бузат. Мындай учурда орозонун казасы талап кылынат.
8. Рамазан айында күндүзүн сайылган укол орозону бузат. Ийне менен дарынын
денеге кириши теринин сууну тартып алышы сыяктуу эмес. Андыктан оор коркунуч
болмоюнча уколду ооз ачардан кийин алуу абзел.
9. Унутуп калып жеп-ичкен соң «оозум ачылды» деген ой менен жеп-ичүү орозонун бузулушуна жол ачат.
10. Саарлык убагы чыккандан кийин «саарлык чыга элек» деген ой менен жеп-ичүү.
11. Күн батканга чейин күндүн батканын ойлоп ооз ачуу.
12. Кандайдыр бир үзүрдөн улам тамактануу, суу ичүү же болбосо дары колдонуу.
Маселен, оор ооруга чалдыккан учурда, сапарга чыккан кезде, кысым көрсөтүлгөн учурда.

#79 14 March 2016 - 21:53
XIV. ОРОЗОНУ БУЗУП, КАФФАРАТТЫ ТАЛАП КЫЛГАН ЖАГДАЙЛАР
Жалпыга маалым болгондой, орозонун рукуну – саарлык убагынан күндүн
батышына чейин жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу. Демек, ким эч бир
себепсиз билип туруп жеп-ичсе, же жыныстык катнашта болсо, анда ал адамга каффаратты
аткаруу парз болот.
Орозонун каффараты төмөнкүчө:
атайын бузулган бир күндүк орозо үчүн алтымыш күн орозо кармоо, буга күчү жетпесе, алтымыш күндүк битир садага берүү, башкача айтканда, алтымыш кедейдин бир күндүк тамак-аш муктаждыгын каржылоо. Эгер орозону себепсиз билип туруп бузган күнү ооз ачарга чейин оор ооруга чалдыкса, анда каффарат эмес, каза талап кылынат.
XV. ОРОЗОНУН МАКИРӨӨЛӨРҮ
Орозо ибадатына зыян бере турган, тактап айтканда, бузулушуна жол ача турган же
сообун азайта турган нерселерден алыс болуу керек. Бул нерселерди жасоо орозону бузбаса
да, сообун азайтат же бузулушуна жол ачат. Мындай аракеттерди жасоо дурус эмес.
1. Эч бир себепсиз бир нерсени жутпастан тек гана оозго алуу же чайноо. Эгер даамын татса, орозо бузулат.
2. Жубайы менен өбүшүү.
3. Орозо кармаган адамдын ден-соолугуна зыян алып келе турган нерселер макирөө
болуп саналат. Мисалы, кан алдыруу сыяктуу.
4. Орозо учурунда даарат алуу учурунда (өзгөчө ооз-мурунга суу алууда) этиятсыз аракет кылуу.
XVI. ОРОЗОНУН КАЗАСЫ
Рамазан айында кармалбай калган орозолорду рамазандан кийин каза кылуу парз өкүмүндөгү иш болуп саналат. Эскерте кетчү жагдай, айт күндөрү орозо кармоого болбойт.
XVII. КАФФАРАТ ОРОЗОСУ
Рамазан айында орозону билип туруп бузуунун жазасы каффарат. Каффараттан мына бул үч нерседен катары менен бирин аткаруу аркылуу кутулуу мүмкүн:
1. Кул азат кылуу
2. Эки ай удама-удаа орозо кармоо,
3. Алтымыш кедейди тоюндуруу.
Бүгүнкү күнү кул жок болгондугу үчүн катары менен экинчи же үчүнчү мерчемдеги шарттар
аткарылышы керек. Битир берүү үчүн орозо кармоого күчү жетпеген адам болушу керек.
Бирок Малики агымы боюнча, бул шарттардын каалаганы менен каффаратты аткарууга болот.
Каффарат орозосун кармоо учурунда ортодон эс алуу болсо, кайра башынан баштоо кажет. Ошону менен бирге аял киши үчүн эгер этек киринен улам ортодо ажырым болсо, каффарат бузулбайт. Бул учурда аял киши тазаланган күндөн баштап каффарат орозосун улантат. Эгер тазаланган күндөн баштабай кийинки күндөрү баштаса, каффараты бузулган болот да, кайра башынан баштоого туура келет. Ошондой эле мындан сырткары оору, сапар сыяктуу үзүр-себептер менен каффарат орозосунда ажырым болсо, кайра башынан баштоо керек.
XVIII. ОРОЗОНУН ФИДИЯСЫ
Орозонун фидиясы кармалбаган ар бир күн үчүн бир кедейди тойгузуу. Бул битир садагасы менен өлчөнөт. Орозонун фидиясы айыкпас ооруга чалдыккан адамдар же алсыз карыялар үчүн уруксат берилет. Асыресе, ден-соолугу чың адамдардын мурунку орозолору үчүн фидия берүүлөрү туура эмес. Тирүү кезинде кармалбаган орозонун фидиясы ал адам көз жумган соң берилет.

#80 28 March 2016 - 14:46
XIX. ИТИКАФ
Итикаф – бул белгилүү мөөнөт аралыгында белгилүү эрежелердин негизинде
мечитте же мечит өкүмүндөгү жерде ибадат кылуу.
Азирети Пайгамбарыбыз Мединага көчүп келгенден кийин жыл сайын Рамазан
айынын акыркы он күнү итикафка кирчү.
Көпчүлүк аалымдардын пикиринде, итикафка кирүү мустахап болсо да, Имам Азам
аалымдарынын пикиринде, муаккад сүннөт болуп саналат.
А. ИТИКАФТЫН ТОЛУК БОЛУШУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР:
1. Итикафка кирген адам мусулман, акыл-эси толук жана таза болушу керек.
Тагырак айтканда, этек кири, нифас жана жунуп абалдарынан тазаланган болушу кажет.
2. Итикаф үчүн ниет кылуу
3. Эркек адамдар жамаат менен намаз окулуп турчу мечитте иткафка кириши керек.
4. Назир кылынган (сөз берилген) итикафта орозо кармоо шарт. Напил итикафта
орозо кармоонун кажети жок.
Б. ИТИКАФТЫ БУЗГАН ЖАГДАЙЛАР
1. Жыныстык катнашта болуу. Итикафка кирген адамдын жубайы менен өбүшүүсү
же жыныстык катнашка алпарчу иштерды кылышы арам болуп эсептелет.
2. Эч бир себепсиз мечиттен сыртка чыгуу. Итикафка кирген адам муктаждыктарын
мечитке алып барышы керек. Даараткана, даарат жана гусул алуу муктаждыктары үчүн гана
сыртка чыгат. Напил итикафтарда себепсиз болсо да, мечиттен сыртка чыгуу итикафты
бузбайт.
3. Бир канча күн эс-учун жоготуу же акылынан ажыроо сыяктуу жагдайлар итикафты бузат
В. ИТИКАФКА КИРҮҮНҮН ТАРИЗИ
Итикафка кирүүгө сөз берген адам багымдат намазынын убагы киргенге чейин
мечитке барып «Оо, Жараткан Алла! Сенин ыраазылыгың үчүн сөз берген итикафты
орундоого ниет кылдым» деп ниет кылып итикафын баштайт. Канча күнгө назир кылып
сөз берген болсо, ошончо күн орозо кармаит. Итикафтын акыркы күнү шам намазынан
кийин итикафтан чыгат.
Итикафка Рамазан айынын акыркы он күнү кирүү сүннөт болуп эсептелет.
Итикафка кирген адам үчүн күчүнүн жетишинче намаз окуу, Куран окуу, Алла Тааланы
зикир кылуу, тооба кылып кечирим тилөө, жөнү жок сөздөрдөн, иштерден оолак болуу
мустахап болуп эсептелет. Итикафка кирген адам таза кийимдерин кийип, миск-атыр
себинүүсү абзел.

Супер-Инфо
super.kg
видео