Суперстан: «СУПЕР КЕЛИН» сынагы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

«СУПЕР КЕЛИН» сынагы Катышуучулардын тизмеси

#21 Пользователь офлайн   admin_superstan   26 Февраль 2016 - 13:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Нургүл

Оттой жанган Нургүл

Менин жаркылдаган келиним Нургүл сырттан үйгө кирери менен эле “апа, дарыңызды ичтиңизби, ооруган жоксузбу?” деп кайрылат. Андан кийин гана балдарына назар салат. Балдарына эмес, мага, кайын энесине жасаган камкордугуна эрип кетем. Жакшылыктарда, тойлордо кайын журтунун сыйына ээ болгон келиним дайыма көңүлдө. Нургүлдүн жасаган даамдуу тамагы, таза, тыкандыгы, жайдары мүнөзү, ачыктыгы, көтөрүңкү маанайы адамды эс алдырып турат. “Менин да келиним Нургүлдөй болсо” деп суктангандар көп. Кандай гана той-кече өткөрүлбөсүн “Нургүлдү чакыргыла” деген сөздү сөзсүз угабыз. Адамдын мүнөзүнө жараша мамиле жасоону билген эстүүлүгү, келиндерге тиешелүү кызматты бүт аткаргандыгы, усталыгы менен айырмаланып турат. Бир жагынан оорукчан кайненесин бакса, экинчи жагынан балдарынын түйшүгүн көтөрүп кабагым-кашым дебей турмуш куруп келет.Бирок эч качан чарчадым дебеген, карамдуу, камкор, кайраттуу менин келиним экени талашсыз. Нургүлүм менин жалгыз уулумдун келинчеги, чолпондой жанган татынакай неберелеримдин энеси, менин өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөгүм, сырдашым. Караңгы жерди жарык кылып уулумдун жалгыздыгын билгизбей уучун узарткан, нур чачкан, нурдай жанган жаркылдак келиним Нургүл.

Апаң Зоя.

Добушуңузду берүү үчүн бул жакты басыңыз.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Нургул.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   admin_superstan   26 Февраль 2016 - 14:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Айжамал

Кызым мага секелектей көрүнөт

Кызым Эсенкан кызы Айжамал 24 жашта, 3 баланын энеси, бир үйдүн кенже келини. Кызым 3 баланын энеси болуп калса деле мага дале секелектей көрүнөт.Неберелерим менен үйгө келгенде үйүбүз базар болот. Аларды көрүп эт-жүрөгүмэзилип, бакытка бөлөнөм. Айжамал жаш болсо да 3 баласына татыктуу тарбия берип, келиндик кызматын жакшы аткарып жатканына ишенем. Куда-кудагыйларым да дайыма ыраазы болуп батасын беришет. Кызымды келе жаткан майрамы менен куттуктап, үй-бүлөлүк бакыт каалап, аман-эсен төртүнчү неберемди жарык дүйнөгө алып келишин Кудайдан тилейм.

Айжамалыма

Уктабай кээде түндө ойгономун,
Айжамалым, мен өзүңдү көп ойлоймун.
Чыр салып баласы ыйлап жатабы дейм,
А балким, бир нерсеге капабы дейм,

Кудайым кызымды өзү колдосо дейм.
Уясын бирөө бузуп койбосо дейм,
Ардактап алган жары ар убакта
Көңүлүн оорутуп капа кылбаса дейм.

Ушундай кыштын узак түндөрүндө
Мага окшоп канча эне санаа тартат.
Уктабай түн уйкусун үчкө бөлүп
А балким, мени да апам ойлоп жатат.

Добушуңузду берүү үчүн бул жакты басыңыз.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Айжамал.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   admin_superstan   26 Февраль 2016 - 14:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Анара

Мен кайненемди келе жаткан 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайм. Ошондой эле бул сынакта кайненем жөнүндө айткым келди. Мен 2010-жылдын 1-ноябрында жолдошумдун үйүнүн босогосун аттадым. Ушу күндөн тарта кайнене менен келиндин мамилеси башталды. Азыркы учурда кайнене менен келиндин мамилеси глобалдуу маселе болуп калбадыбы. Биз, кайненем экөөбүз, ушул убакка чейин жаман айтышпадык, Кудайга шүгүр. Мен турмушка чыкканга чейин анча-мынчаны түшүнбөгөн, колумдан көп нерсе келчү эмес. Биринчи баламды төрөгөнчө оор иштерди кылдыртпай, нан жаптырган жок. Азыркы учурда да аяп турат. Кайненемдин 2 кайын эжеси, 5 кайын сиңдиси бар. Алар менен да ынтымактуу күндөрдү өткөрүп келет. Кайненемдин эң жакшы сапаты - аябай сабырдуу. Кайнатама да үнүн катуу чыгарып сүйлөбөйт, каяша да айтпайт. Мен кайненемдин сабырдуулугун жана сарамжалдуулугун өзүмө алгым келет. Экөөбүз эже-сиңдидей сырдашып, эч нерсени бирибизден жашырбайбыз. Ар убак кайненем менен кайнатам төрүбүздүн көркү, үйүбүздүн жарыгы, жашообуздун маңызы, бизге баш-көз болуп жүрө бериңиздер. Менин кайненем дүйнөдөгү эң мээримдүү, эң сабырдуу, идеалдуу, супер кайнене десем жаңылышпайм. Билбегенди үйрөтүп, өз кызындай көрүп тарбия берип келе жатканыңызга ыраазычылык билдирем. Мен сизди аябай жакшы көрөм. Сизди терең урматттоо менен келиниңиз Назира.

Добушуңузду берүү үчүн бул жакты басыңыз.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG-Анара.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   admin_superstan   26 Февраль 2016 - 14:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Фарида

Сиздердин супер келин сынагыңыздарга эжемдин келиндик кызматы, жашоосу жана кызыктуу жоруктарынан айтайын деп чечтим. Эжем Фарида Маматаева мындан 2 жыл мурун кайын журтунун ак босогосун аттап, ак жоолук салынып сүйкүмдүү келини болгон. Келиндин келген кези эстен кетпей эмеспи. Анын сыңарындай жаңы келин болуп баргандын эртеси кыш айлары болчу. Таң эрте караңгыда туруп эшиктин алдын шыпырып жүрсө апасы көрүп катуу чоочуп кетиптир. Апасы ойлосо керек кышында суукта шыпырмак беле деп. Азыр айтып күлүп калышат. Ошентип келиндик жашоосу башталат. Дагы бир жоругу апасынын гүлдөрүн киргизгенди унутуп үшүккө алдырганычы. Азыр эжемдин келин болгонуна 2 жыл болуп калды. Жолдошунун өмүрлүк жары, бир ширин кыздын апасы, кайын журтунун сүйүктүү келини. Мен эжемди көрүп бул жашоодо аялдык бакыт биринчи орунда турарын билдим. Ошондуктан Жараткан ар бир аялзатынын кучагына бала берсин деп тилейм.

Добушуңузду берүү үчүн бул жакты басыңыз.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG-Фарида.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   admin_superstan   26 Февраль 2016 - 14:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Мээрбан

Жакшы кабар жанга жагымдуу дегендей сиздердин “Супер келин" сынагыңыздарга көзүм түшүп көздөй болгон абысынымдын кыял жоругун жарыялоону туура көрдүм.
Абысынымдын аты Мээрбан. Кыларман келин билерман дегендей, кызматы менен жагып кайындардын кандай гана чабуулу болбосун айтылуу Акылкарачачтын акылындай акылы менен жеңишке жетишип отуруп, азыр анын катышуусуз маселе чечилбейт.
Жаңы келин болуп келген күндөрдүн бириндеги окядан айта кетейин. Кечкисин жарык өчүп, шам күйгүзүп кечки дастаркондо отурабыз. Чай демдөө үчүн келин тура калса шам өчүп калып жатпайбы. Анда кенже кайын сиңдиси "жеңе бул жагы кандай болду?" десе күлүп ушундай "менин шамалыма шам өчөт деп кырдаалдан чыкты. Аңгыча жарык күйүп калса кайната кайненени унутуп "ураа" деп кыйкырып алакан чаап жиберди. Анан кайра чочуп унчукпай отуруп калып жатпайбы. Келинден мындай иш аракетин күтпөгөн биз аябай күлдүк. Эмдигиче кайын сиңдилерим жеңемдин шамалына шам өчөт деп күлүп калышат.
Жакшы аялдын белгиси сыртта бийкеч үйдө күң дегендей жасаган ишине көзүң да, көңүлүң да тоёт. Чынын айтсам Мээрбанды комбайнга окшоштурам. Жараткан ушундай келинди ар бириңерге насип кылсын деп ич ичимден тилек кылам. Ылайым сага көз тийбесин абысынжан. Мактайын деген деле оюм жок эле, бирок элет жериндеги табиятынан өзгөчө жаралган жан экендигин айткым келди.
Жаманкеева Дамира

Добушуңузду берүү үчүн бул жакты басыңыз.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Мээрбан.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   admin_superstan   26 Февраль 2016 - 17:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сезим

Сезим-ашказанга мезим

Саламатсыздарбы? Биз үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Октябрь айында дагы бир бир туугандуу болдук. Дегеним, байкем өзүнүнү сүйүктүүсүнө баш кошуп, бизди татынакай жеңелүү, ата энемди келиндүү кылды. Жеңем биздин үйгө бат эле аралашып, келиндик кызматты эң мыкты аркалап жүрөт. Үйдө 90 жаштагы чоң атабыз жана 86 жаштагы чоң энебиз бар. Ошол адамдардын батасын алып, чайын берип жүрөт. Жеңемдин аты Сезим. Эң эле кызыктуусу чоң энем жеңемди “Мезим” дейт. “Мезимим, Мекум” деп да эркелетет. Биз болсо “Эне жеңемдин аты Сезим да”, десек, “Мейли, Мезимим ашказанга дары”, дейт. Ар дайым жеңем дартка даба болуп, биздин үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй, байкем экөө бактылуу болсо экен деген тилектебиз. Рахмат сиздерге, урматым менен Касиет Асекова.

Добушуңузду берүү үчүн бул жакты басыңыз.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG-Сезим2.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   mikana   26 Февраль 2016 - 21:44

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 19 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 24 Сен 2020 11:40
  • Калаасы:кыргызстан

мага отун жарып жаткан жакты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   aiturgasha   26 Февраль 2016 - 22:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Баары сулуу, акылдуу келиндер экен. Азаматсыздар!
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   aqua.94mema   26 Февраль 2016 - 23:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 01 Июль 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2020 18:07
  • Жынысы:Аялзаты

Мага эшек минге кыз жакты
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   mikana   26 Февраль 2016 - 23:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 19 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 24 Сен 2020 11:40
  • Калаасы:кыргызстан

учурдан пайдаланып баардык апаларды дегеле аял затын 8-март жаз майрамы менен куттуктап кетким келет. Өзүмдун апам Венераны да куттуктап баш ийип таазим кылам. Апа,билем,кантсем да ак сутунузду актай албайм,бирок аракет кылам. Мен да сиздин жолунузду жолдоп турмуштун ысыктыгына, сууктугуна чыдаган келин болгум келет. сиз эн эле супердин супперисиз.

Супер келиндерге ийгилик










  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Turgunai   26 Февраль 2016 - 23:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 07 Январь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 01:17

Просмотр сообщения admin_superstan (26 Февраль 2016 - 12:27) жазган:

Гүлжаз

Жүрөктүн түбөлүк ээси
Алтыным бир гана сенсиң,
Тартуулап тунук сүйүү
Кубантып мени келесиң.

Колу ң дан кармап бекем
Келечек к е умтулам,
Ардагым болду ң менин
Жалгыз мага буюрган .

Таарынып каласы ң бат
Э ркелеп назик жаным,
Жылмайып кайра күлсөң
Чеги жок кубанамын .

Те ң деши жок ааламда
Э неден кийинки сен,
Тү г ө нг үс ж ү р ө кт ө г ү
С ү й үү мд ү билеси ң сен.

Арнадым ө м ү р ү мд ү
Б айланып сага бекем,
Д ү йн ө д ө кымбаттардын
Бири болду ң сен эркем.

Жаркылдаган ү йд ү н куту алтыным,
К ү л ү птурса ң ошол менин бакытым.
О кшош болсо ң болду менин апама,
Мээрим т ө г ү п акыл айткан балдарга

Добушуңузду берүү үчүн бул жакты басыңыз.

Добуш берем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   gulkar   27 Февраль 2016 - 00:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 870
  • Катталган: 12 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2019 01:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргыз жерим!

Добуш бере албайт экем даааа....
Никогда не сдавайся.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   27 Февраль 2016 - 00:08

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 468
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Июл 2025 23:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения admin_superstan (26 Февраль 2016 - 12:58) жазган:

Александра

Келиним анык супер келиндеген аталышка татыктуу

Саламатсыздарбы, "Супер - Инфо" гезитинин жамааты!

Менин келиним анык супер келин деген аталышка татыктуу деп 100 пайыз кепил боло алам.Бизде жалгыз эркек уул жана 3 кыз бар. Ошол жалгыз балам жогорку окуу жайда 6 жыл бирге окуган  курсташ орус кызына үйлөнгөндө& nbsp; “кыргыздан кыз табылбай калдыбы ?” деп бир жума ыйлап жаткам. Кайнене болуп кылдан кыйкым таап бир ай сынадым. “Кыңк” деп өйдө карап үн чыгарган жок. Айткандарымдын баарына башын ийкеп, жер карап угуп "апа, үйрөтө бериңиз , мен сиздин айтканыңызды& nbsp; бүт үйрөнүүгө аракет кылам" деп бир ооз жооп берчү. Бара-бара ал менден үйрөнбөй эле мен жана кыздарым андан көп нерсени үйрөнө баштадык. Уйду шакылдата сааганы, тоонун боорундагы карды жиреп ат чапканы, тамакты түрлөп  даамдуу жасаганы, мейман тосордо дасторконду гүлдөтүп кооздоп, конокторго тыпылдап чай куюп чуркап жүргөнүнө тан берем . Анан да тазалыгы на сөз жеткис. үй жыйнаганда "чычкандын тешигинен" бери шашпай кырып жышып чыгат. Келгенине 3 жыл болду. Татынакай кыз, кара көз эркекти удаасынан төрөп берди. Күйөөсү  менен бир урушуп, катуу үн чыгарганын уга элекмин. Эрте келеби, кеч келеби жылмайып тосуп алат. Балдарына катуу үн чыгарбаган ушуну көрдүм. Бошобой жатса да жасап жаткан ишин токтото коюп, алардын суроолоруна да жооп берип, чекесинен сылап өөп турат. Айтор , баарыбызга кылган мээримдүү сый мамилесинен улам биз да аны жакшы көрүп калдык. Бирөө жөнүндө  айтып “ ооруп-кыйналып жатыптыр ” десең , көзүнүн жашы даяр. Акыркы нерсесин берүүдөн кайра тарпайт. Үй-б үлөдө  туулган күн болгон сайын дасторкон жайып, белектерин камдап турат. Ар бир баламдын туулган к үнүндө  мага да кошо белек берип "апа, бул сиздин да майрамы ң ыз" деп турат. Балдарын бала бакчага жеткирип коюп, жумуштары менен чуркайт . Кечинде баары жаткандан кийин түн бир оокумуна чейин архитектуралык долбоорлорду чийип акча да табат. Иши кылып бир мүнөт  бош отурганын көрбөйм . Ошентип "кайнене" болоюн десем да шылтоо таппайм. Эми "ата-апа, силерди Түркияга жиберем , эс алып келгиле ” деп акча чогултуп жаткан кези . Айтор, Александра келиним орус эле болбосо, анча-мынча кыргыздын келинине алмашкыс. “Энесин көрүп кызын ал ” дегендей , апасы мыкты аял. Иши кылып көз тийбесин. Отурган жерде кээ бир аялдар келиндерин жамандаса, мен мактанып эле отурам. Кайра өзүмдү  урушам, көз-сөз тийбесин деп. Туугандарым болсо “ унчукпай эле жыргап отура бер, сага Кудай мыкты келинди берди ” деп калышат. Кудайга шүгүр , ыраазымын. Келиниме, уулума, неберелериме бакыт, ден соолук, ынтымак каалайм, өсүп-өнүгө беришсин.

Таттыгүл, 56 жашта.

Добушуңузду берүү үчүн бул жакты басыңыз.


Жактыы. Добушумду да бердим. Ийгилик каалайм.
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   nelli   27 Февраль 2016 - 00:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 863
  • Катталган: 22 Май 12
  • Соңку аракети: 21 Окт 2020 22:20
  • Жынысы:Аялзаты

Кыргыздын салтынан бери оздоштургон орус кызы Александрага тан калдым. Добушум ушул бактылуу келинге
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   medina.   27 Февраль 2016 - 00:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Александрага бердим!
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Uulkan2288   27 Февраль 2016 - 00:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 21 Май 13
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 08:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апакемдин журогу

Александра добушум ушул келинге!
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   timurkg   27 Февраль 2016 - 00:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 165
  • Катталган: 21 Июль 11
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 06:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения barpynynkyzy (27 Февраль 2016 - 00:08) жазган:

Жактыы. Добушумду да бердим. Ийгилик каалайм.


+ мен да Сүрөт
Супер биз менен, арта калбайт!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   nurik2103   27 Февраль 2016 - 00:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 22 Январь 15
  • Соңку аракети: 28 Июн 2018 23:01
  • Жынысы:Эркек

Жакшыгүл эжеге бердим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   kirgizstan   27 Февраль 2016 - 00:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 014
  • Катталган: 08 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Дек 2020 14:03

Просмотр сообщения admin_superstan (26 Февраль 2016 - 14:09) жазган:

Фарида

Сиздердин супер келин сынагыңыздарга эжемдин келиндик кызматы, жашоосу жана кызыктуу жоруктарынан айтайын деп чечтим. Эжем Фарида Маматаева мындан 2 жыл мурун кайын журтунун ак босогосун аттап, ак жоолук салынып сүйкүмдүү келини болгон. Келиндин келген кези эстен кетпей эмеспи. Анын сыңарындай жаңы келин болуп баргандын эртеси кыш айлары болчу. Таң эрте караңгыда туруп эшиктин алдын шыпырып жүрсө апасы көрүп катуу чоочуп кетиптир. Апасы ойлосо керек кышында суукта шыпырмак беле деп. Азыр айтып күлүп калышат. Ошентип келиндик жашоосу башталат. Дагы бир жоругу апасынын гүлдөрүн киргизгенди унутуп үшүккө алдырганычы. Азыр эжемдин келин болгонуна 2 жыл болуп калды. Жолдошунун өмүрлүк жары, бир ширин кыздын апасы, кайын журтунун сүйүктүү келини. Мен эжемди көрүп бул жашоодо аялдык бакыт биринчи орунда турарын билдим. Ошондуктан Жараткан ар бир аялзатынын кучагына бала берсин деп тилейм.

Добушуңузду берүү үчүн бул жакты басыңыз.


Дообуш берем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   belleza   27 Февраль 2016 - 07:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 320
  • Катталган: 30 Июнь 11
  • Соңку аракети: 05 Июл 2021 11:35
  • Жынысы:Белгисиз

Александрага добуш берем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июл 2025 17:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: