Баарыбыз эле жашоодо ар кандай каталарды кетиргенбиз,
туурабы? Эстей берсең - жашоонун баары катадан тургандай сезилип кетет. Ошондой болгон күндө да ошол кылган нерселерди кайра дагы бир кайталап.. жанагы компьютердик оюндагыдай Reset кылып кайра башынан баштай албайсың. Же болбосо жагымдуу учурларды Save кылып сактап кайра-кайра кайталай албайсың. Бир келген жашоо кайра кайталанбайт.
Бул турмуштун ачуу таттуусу бир эле жолу болот экен..
Ушул жалганда кылган кемчилик, каталарды эстеп... ошол кишилерден кечирим сурап алсакпы.. аларга угузбасак да.. (форумдан тышкары.. бул теманы форумдагы тшүшүнбөстүктөргө байланыштырбашыңарды
суранам!)
Мен... КЕЧИРИМ сурайм :))
#1 16 October 2010 - 19:28
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#2 16 October 2010 - 19:40
Мен баштап берейин..
Эжемден КЕЧИРИМ сурайм.
Биринчи же экинчи класста окуп жүргөн убагым. Үйдө каз-өрдөк деген көп эле. Айылдын ортосунда жашагандыктан каз өрдөктү башка кошуналардын короосуна кирип кетпөөсү үчүн мен аларды кайтарып турушум керек эле. Ошо аскердик тапшырманы алып чек арада жакшы эле тургам. Кашайып бир маалда оюнга кызыгып стратегиялык маанилүү тапшырманы эстен чыгарып ийипмин. Дал ошол маалда көчөдөн бир оор жүк ташуучу машине өтүп баратып биздин бир жөжөнү тепселеп кетти. Же анысы ошол замат өлбөй чалажан болуп аябай кыйналды. Атам келип калып "Өрдөктү ким кайтарып жатты эле?" - дегенде мен эч нерсе билмексен киши болуп: "Мен эмес", - деп кутулуп кеттим.. уфф, болбосо генералиссимус штрафбатка айдамак да буйрукту аткарбаганым үчүн. Анан "оор күнөө" автоматтык түрдө менден улуу эжеме оодарылды...
Анан ар жагындагы күнөөсүз жерден авторитардык режимдин "репрессияланып" кеткен жазакеринин алган айыбын айтпай эле коёюн...
Эстеп азыр бир күлөм дейсиииң. Буюрса, жакында айылга барам.. Ошондо эжемдин өзүнө айтып кечирим сурабасам..
Ошондой окуя.

#3 21 October 2010 - 11:36
жакшыле жазып баштайын дедим эле.....мен кечирим сурачу адамдар аявайле коооп экен....ошон учун кыскача эле менин кетирген куноолорумду и кетире элек куноолорумду кечирип койгулачы...
Ibi victoria,ubi Concordia.
Бактылуумун. ..
Бактылуумун. ..
#4 21 October 2010 - 11:55
Эч кимден кчирим сурабайм!
!! Сурасам кечиришпейт да, кечиргендей алар не дарыя беле???
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#6 27 October 2010 - 11:35
Ата-энемден,
жакындарымдан кечирим сурайм. Анткени билип-билбей аларга орой мамиле кылып койгон учурларым көп болгон. Тилекке каршы, жакын адамым аны укпай кетсе да, баары бир менин жан дүйнөмдө болгон өкүнүчтү сезер деп ишенем. Мени кечирип койгула!
#7 27 October 2010 - 12:42
Men jalgyz Alla-Taaladan kechirim suraim.OO,yraiymduulardyn yraiymduusu,kechirimduuAllah-
taalam oilonup,oilonboi kylyngan kunoolorubuz uchun kechire kor pendelerindi,aldyna bargan kunu tozok otuna kuiduro korbo,beishten oorun bere kor!Bir gana Alla-Taalanyn jamaly tuboluk!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#8 05 November 2010 - 18:19
Мен кечирим сурайм бир гана жалгыз АЛЛАХтан.
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#9 05 November 2010 - 19:58
Мен туугандарыман , ата-энемен ,досторуман кечирим сурайм кээде билип билбей капа кылып коем , анан кечирим сурай албай, кыйналып журо берем .Ушул адаттан кантип кутулса болот , кечирим сурайын десем эч эле сурай албайм эмне кылыш керек озу .Бирок бааририбир кечиргиле
#10 05 November 2010 - 21:17
Мен кечирим сурай турган адамдарым көп экен. Бирден-бирден аларды эстеп такташтырып анан бул жерге төгөт көрүнөм.
Баса, тиги бир гана Кудайдан кечирим сурайм дегендерге суроом пайда болуп жатат: силер эч качан адамдардын көңүлүн калтырган эмессиңерби? Адамдардан кечирим суроо менен Кудайдан кечирим суроо таптакыр башка нерселер го дейм да.

Өзүң бол
#11 05 November 2010 - 23:28
Мен эч кимден кечирим сурабайм. Кудайдан гана КЕЧИР МЕНИ деп коем болду! Чынын айтсам мен эч кимге жамандык кылган эмесмин. Жалган десенер мени кудай уруп кетсин. Баарынарга бакыт таалай, ден-соолук, байлык ж.б. каалайм достор.
#12 08 November 2010 - 09:30
Мен эч кимден кечирим сурабайм. Кудайдан гана КЕЧИР МЕНИ деп коем болду! Чынын айтсам мен эч кимге жамандык кылган эмесмин. Жалган десенер мени кудай уруп кетсин. Баарынарга бакыт таалай, ден-соолук, байлык ж.б. каалайм достор.
Ой, ишендик!
Адамдын айтканына кошулам. "Адам көңүлү гүл" деп айтканыбыз менен ошол гүлдү кээде байкабастан тебелеп алабыз.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#13 08 November 2010 - 09:34
Акыркы күн баштанып, эмне эле болуп жатасыңар?

Пы.Сы. Жеке өзүм бирөөнөн кечирим сурагыдай ишке барган эмесмин... Таарынтсам дагы, анын себеби болсо керек!
Пы.Сы. Жеке өзүм бирөөнөн кечирим сурагыдай ишке барган эмесмин... Таарынтсам дагы, анын себеби болсо керек!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#14 08 November 2010 - 09:52
Акыркы күн баштанып, эмне эле болуп жатасыңар?
Пы.Сы. Жеке өзүм бирөөнөн кечирим сурагыдай ишке барган эмесмин... Таарынтсам дагы, анын себеби болсо керек!
Пы.Сы. Жеке өзүм бирөөнөн кечирим сурагыдай ишке барган эмесмин... Таарынтсам дагы, анын себеби болсо керек!
Ошо, акыркы күн качан келээрин эч ким (!) билбейт. Ошондуктан, "не бар, не жок".
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#15 25 November 2010 - 13:46
Катачылык ар кимден кетет.Андыктан ката кетирген адам кечирим да сурай билуусу керек.
Мен Суперчилердин алдында биринчи мугалимимден кечирим сурагам.Ал катачылыгымды эжем кечирген чыгар,бирок мен озумду-озум кечире албайм.
Мен Суперчилердин алдында биринчи мугалимимден кечирим сурагам.Ал катачылыгымды эжем кечирген чыгар,бирок мен озумду-озум кечире албайм.
Адам абийирине кул,эркине бий болушу керек!!!
#16 25 November 2010 - 14:35
Мен бул жердеги форумчулардан кечирим сурап кетейинчи
Эгер билип билбей капа кылып алганымдар болсо кечирим сурайм.
Акыңарды адал кылгыла.
Кечиреалбайм десеңер айтканыңарды аткарайын, болгону кечиргиле...
Эгер билип билбей капа кылып алганымдар болсо кечирим сурайм.
Акыңарды адал кылгыла.
Кечиреалбайм десеңер айтканыңарды аткарайын, болгону кечиргиле...
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#17 25 November 2010 - 14:56
мен кечирим сурайт элем бир кыздан,козунчо айта албасамда кечирип койсунчу мени
#18 25 November 2010 - 23:04
Мен кечирим сурайт элем, бирок ал адамдар баары бир бул жакты окушпайт да, алар окубагандан кийин бул жерден кечирим сурагандын кажети жок деп эсептейм.
```
#19 13 January 2011 - 20:02
Бугун агентке кирип кыздарга "для прикола" ар кайсыны жазып алып чыгып кеткем
......кайра мен киргичекти переживать
этип отурган кыздардан кечирим сурайм.....мен учун чачынар агарса боеп берейин, кечке ойлонсонор.
..макул...мен да эртен кечке силерди ойлонуп коёун...Озгочо,
Айжылдыз мен тамашалап койгом...мага эч ким, эч нерсе айткан эмес
...бироо бир нерсе айтсале "жанылыктар"
деген темага жазам
Ibi victoria,ubi Concordia.
Бактылуумун. ..
Бактылуумун. ..
#20 14 January 2011 - 12:13
Мен бир адамдан кечирим сурайын деп бул болумго келип калдым..Мени кечирип койчуу...
ойлонбой иш кылып алыптырмын.
..ошон учун айтат да "Жети олчоп бир кес"- деп. Ушул шашма адатым, коп жерден зыянын тийгизет да...

Супер-Инфо
super.kg
видео