Башынан жазып чыгат окшойм кайра?
"АРМАН" Зуура СООРОНБАЕВА
#202 09 Май 2016 - 18:16
#203 09 Май 2016 - 22:45
Автор сүрөттөрүн болсо да илип коё беринизчи.
Сени менен бактылуумун)
#204 09 Май 2016 - 23:59
#205 10 Май 2016 - 08:22
Менда эптеп окуйн десем баш аламан жуктолуптур беттерин таап окуй албадым.
Автор сизди тушунобуз бирок эгер башкаларда туура корсо 10-бетке жуктогондорунузду кайра жазынызчы.

#206 10 Май 2016 - 13:30
#211 13 Май 2016 - 21:18
бызды силерден төлөтүп алат болчубуз. Бирок, анткен жокпуз.
- Бизди сотко бермек экенсиңер да. Сырганы бгып алгыла деп силерди зордодук беле? Жанакы Айымкан деген мастандыбы? Силерге сот эле керек болсо, мен да сотко берем. Бизге ыраа көрбөй, баланы жолдон адагатырган ошол кемпир.
Мен дагы баякыдай уруш чыгып кетет экен деп коркуп кеттим. Ошол убакта атам:
- Болуптур баатыр. Биз урушканы келген жокпуз, -деп апама карады. - Сырганын кийимин бербейсиңби?
Ой, байкуш абышка, чатактан аябай коркчу. Мен Сырганын кийимдери түйүлгөн түйүнчөктү, өзүнө сундум. «Биз эми кетели алдыңа кетейин. Жакшы тур!» -Кучактап -бетинен өптүм.
- Эмне, мени таштап кетесиңерби? - кызым ыйлап жиберди. - Жок, жок, мен мында калбайм, апа! Алып кеткиле мени таштабай! - деп этегибизге эрмешип, Айтыке экөөбүздүи улам бирибизге жармашып, ботодой боздоп турду. Эмне деп алдап, эмне деп соороторубузду билбей, өзүмдү-өзүм кармай албай титиреп, бети-башынан өөп, «Кой ыйлаба каралдым. Булар сенин бир туугандарыд тура. Сагынганда келип турабыз» деп акыл-насаатыбызды айтып, алдап-соолап, сооротоюн дегенче болбой, таякеси, аялына кыйкырды:
- Сырганы албайсыңбы, тигилер менен эзилиштирбей.
Аял жулкуна басып келип, кызды колдон алды:
- Болду, үнүңдү бас. Тапкан экенсиң оңой жерден апа менен атаны. Эй жашабагыр, булар сага эч ким эмес. - Аял Сырганы колумдан жулуп алып, силке кармап, эрин көздөй итерип жиберди. - Ээй, таяке сөрөй, кармабайсыңбы жээниңди.
- Өлтүрүп эле салуучу кыз болуптур. Мунун атасы Нургазы ушундай өз оюн өзгөгө бербеген кек бет неме болуучу. Ал, карма! - Эркек, кайра Сырганы аялын көздөй көмелөтө түрттү.
- Бул канчык бизге көнгөнчө, көрсөтөт экен го көргүлүктү. Өлүгүңдү көрөйүн албарсты. Кулагың угабы сенин. - Бизди көрсүн дегенсип кулагынан чоюп, дал ортого бир койду.
Мен чыдабай кеттим. Эримди карасам ал да өң даалаттан кетип, каны качып, күл болуп туруптур. Айтыкеге «унчукпа» дегендей белги берип, башымды чайкап, колунан тарттым. - Жүрү кеттик. - Анан тигилерге карап ачууландым:
- Ой айланайындар, балага теңелесиңерби? Өз кан, өз тукумуңар да. Жалгыз карындашымдан калган кызды бөтөн эл, бөтөн бирөөгө кор кылбай, «өзүм багып, өзүм өстүрөм» деп алып, ушундай да иш кыласыңарбы. Мындай кылсаңар, биз унчукпай кете албайбыз. Баланын абалын айтып өкмөткө арызданабыз. Калыстык кылса, бизге да, силерге да бербей, өкмөттүн багуусуна берсин. Билсеңер мен бул кызга силер кандай тууган болсоңор, мен да ошондой тууганмын. Сен Сыргага таяке болсоң, Нургазы менин таякем болуучу. Сырганын жетимдин ашын ичип, жетимдин кийимин кийип, көрүнгөндөн кордук көрүп, бактысыз болуп калышын каалабаймын. Туубасам да тутунуп, алты жылы асырап бактым бул кызды. Эне сүтүн бербесем да элик сүтүн бердим. ыЙлабай турган жерине тапшырып, санаабыз тынып, бул бала бир жаңсыл болмоюнча, Чүйдөн кетпейбиз.
- Энеңди урайын, догурунган, кетпесеңер эмне кылайын, тентип жүрө бергиле. Сотко беребиз деп мени коркутпай эле койгула. Тиреп турган асманЫҢар болсо таштап жибергиле. канымды кайнатпай жоголгула көзүмө көрүнбөй. Болбосо...
Дагы жаңжал чыгып, айыл үстүлүк кылып, кордук көрсөтүп коюшпасын деген ойду ойлоп, үй ээлеринин түрөпөтүнөн чочулап, Айтыкеге бурк эттим:
- Болду, булар сӨз уга турган адамдар эмес экен. Жүрү кетели. Балага боор ооруп, убал-сообунан биз коркконубуз менен булардын корко турган түрү жок. Басчы кылчаңдабай. ..
Биз Сырганын артынан издөө салып кеткен күНү кудай жалгап, баякы көптөн күтүп, көздөн учкан КИречилерибиз келип, Бишкекке жетип эле кайра тарТаарын айтып, камынып турушсун деп, балдарга табышТan кетишиптир. Ошентип, Сырга жөнүндө эч кимге барып ал-абалын билдире албаган бойдон жолго чыгууга аргасыз болдук. «Оозунан алдырган бөрүдөн бетер», баарыбыздын жылдызыбыз жерге түшүп, кабагыбызга каар жаап, бири-бирибиз менен сүйлөшпөй, урушкан адамдарча үнсүз-еөзсүз тунжурайбыз. Ичим ичиме катып, Сырганы эстеген сайын өзөгүм өрттөй жанып, жүрөгүм ооруксуп, өзүмдөн-өзүм алым куруп, көңүлүм карайгЫлайт. «Оо кудай, бала берсең да ырыс-кешиги, ата-энеси менен бер. Нургазы менен Гүлгаакынын тукуму ушинтип кор болоорун ким ойлоптур. Үч уктаса түшкө кирбеген иш эмес беле» дейм, өзүм менен өзүм сүйлөшүп, ичим шакардай кайнап.
Коз алдыма, биздин артыбыздан тигилерге ээ бербей, алардан суурулуп чыгып, чымын-куюн болуп «апалап» ыйлап жүгүрүп келаткан Сырганын карааны кайра-кайра тартыла берет. Кыздын үнүнөн Айтыке экөөбүздүн муунубуз бошоп, артыбызды кылчактап, карай беребиз. Сырганын артынан көздөрүнөн зил чычып, «кантээр экен» дегенсип, кекерлүү карап тургаН адамдардын карааны мага жан алуучу жЕлмогуздай суук да, көрксүз да көрүнөт. «Ай, байбиче, кылчаңдабай түз басчы» деген Айтыкенин үнүнө удаалаш артыбыздан калбай, ээрчип жүгүрүп келаткан Сырганын бети менен кеткенин көрүп:
- Олда кокуй күн ай, катуу жыгылды окшойт ээ, курган бала! - деп токтой калып ыйлап жибердим.
А тигилер болсо, жанакы турган жерлеринде, короо четине сайган каракчыга окшоп, кыймылсыз тургандарын көрүп, көзүмдүн жашын сүртүп алдым.
-Ыя Айтыке, кетсе мейли деп тим коюштубу дейм. Кайра барсак кантет. Сырганы чырылдатпай ала кетсек жакшы болот эле.
- Ай кокуй ай, сен да бир байкуш экенесиң, басчы жок сөздү айтпай. Сырганы да, бизди да эмне кылаар экен деп сынап, ачуусу менен акмалап турушканын көрбөй турасыңбы?
Жолдо санаам санга бөлүнүп, күчүмдү коз жашыма чыгарып, өпкө-өпкөмө батпай, өзүмдү-озүм токтото албай, байымдын айткан сөздөрүнүн кулагыма бири
кирсе, бири кирбей, бир күйүмдүү адамым жаңы өлгөн немеден бетер өңгүрөп ыйлап келаттым. Айтор, Сырганын элеси уктасам түшүмдөн, ойгонсом өдүмдөн кетпей турган бир кайгы болду. Ал дагы эле, бизден күдөрүн үзбөй, жол тозуп, күтүүдөн карегин кан чалый жүргөндөй болуп, эстеген сайын санаам сапырылат да турат. Мына ушундай шумдуктуу өксүктөр өткөн баштан.
«Ат айланып мамысын табат» дегендеи, арып-ачсак да, аман-эсен эли-журтубузга келип кошулгандагы кубанычыбызды бөксөртүп турган Сырганын орду толбос кайгысы болбодубу.
Сырга эженин көргөн күнүн, тарткан кордугун угуп ыйлагым келип, муунум бошоп тынчым кетип олтурдум.
- Кап, өкүнүчтүү экен ээ, аяш апа. Бири-биридиздер менен эне-баладай болуп, алынышып калган кезде ажырашкан турбайсыздарбы. «Баккан бала боор эт менен тең болот» деп элибиз бекер айтпаган экен, дедим мен Сырга эженин баякы босогодо жөлөнгөн бойдон, өзүнүн тирүүлүгүн унуткан немедей, муздай катып ыйлап турганына зээним кейип: - Кудайым ай, бул кишини мурда эле башынан өткөргөн азап менен тозок жеген экен, — деп бйлоп кадырыгым түгөдү.
- Башыбыздан ошондой окуялар өткөн балам. Мына, Сырга эжендин көзү, өз балдарымдан кем көрүүчү эмесмин. Сырганы көрбөгөн бойдон өлүп кетемин го дечүмүн армандап. Ыраазымын тагдырыма, аман-эсен көрүштүк.
- Кеч болсо да, табышканыдар жакшы болгон экен. Деги кандай болуп кезиктидер? Ыя апа, сиз издедидизби, же Сырга эжем сизди издедиби?
_ Мен издегендей болбой калдым. Бизди табыштырган жанакы сотто иштеген жаман неме болду. Ал кезде Султандын институттун акыркы курсунда окуп жүргөн учуру экен. Эбепке-себеп дегендей, бирге окутан биз жактык бир курдашы конокко чакырганып Сырга угуп, биздин аты-жөнүбүздү дааналап айтып, «ушул адамдарды издеп кор» деп табыштаптыр. Деги койчу, Сырганын биздин жерди унутпай, эстеп жүргөнүнө
[/size][/size]

:)
#212 13 Май 2016 - 21:34
ыраазымын.
Сырга эмес, мен өзүм Түмөн-Сайдан башканы билүүчү эмесмин. Мен бул кызды эстеген сайын өкүнө берүүчүмүн.
Кетип жатып, «Кокус издеп калсаң бизди ушул даректен табасың» - деп, жерибиздин атын тактап айтпаган турбайбызбы.
Эми ойлосом, күйүп-бышып жүрүп аларды айтуу эч кимибиздин эсибизге келген эмес экен.
-- А, Султан силерди кантип тааптыр?
- Тапты балам. Бир күнү эле боз үйдө кыйшайып жатсам, короодо балдар менен сүйлөшүп жаткан бир бөтөн адамдын үнү кулагыма шак дей түштү.
- Ай, иничек, Айтыке деген кишинин үйү ушулбу? - деген үндү угуп жаздыктан башымды көтөрүп тыңшап калдым.
- Ооба, ушул, - деди биздин бала.
- Сен кимиси болосуң ал кишинин?
- Небересимин.
- Ким бар үйүңөрдө?
- Чоң апам бар?
- Чакырып коёсуңбу?
- Жарайт байке, азыр.
Ошол саамда Кемелдин уулу боз үйдүн түрүлүү турган эшигинен баш багып, мага аста шыбырады:
-Чоң апа, сени тышта эки бала чакырып жатат.
- И, ал кайдакы балдар экен, меии чакырган? Өздөрүн кир дебейсиңби үйгө, - дедим эле, уулум артына кылчая карап:
- Байке, чоң апам силерди кирсин деп жатат, -деди.
Ошол саамда үн менен удаалаш, шыңгытгай болгон татынакай эки баланын кирип келатканын көрүп, жаткан жеримден шаша турдум.
- Саламатсызбы, тайене?! - деди, өмүрүмдө көрүп билбеген чоочун балдардын бирөө кош колун мени көздөй сунуп, нурланган жүзүнөн кубанычтын күлкүсү төгүлүп.
- Саламат алдыңа кетейин. - Баланын колун коё бербей бир саамга бүшкүрөй карап, «бул мени тайене деген кайсы бала болуп кетти» дегендей, бейтааныш балдарды алмак-салмак тиктеп туруп, жанымдан орун көрсөттүм. - Жогору өткүлө, мындай.
Баланын «тайене» деген сөзүнө ичим жылый түштү. Өз оюмда, тиги Бишкектеги кыз-күйөөнүн жакшы санаалаш жолдошторунун балдары го кантсе. Балакетиңди алайын ошондуктан «тайене» деп жатса керек деп ойлоп койдум.
- Мен сени тааныбай жатам да кулунум. Кайсы баласың? Кайдан келатасың? Жөн-жайыңды айта олтур.
- Сырганын баласымын тайене, Алматадан келдим.
- Сырганын?! - Жүрөгүм дүпүлдөй түштү. - Кайсы Сырга? Шашпай, жакшылап түшүндүрүп айтчы балам.
- Сырга деген кызЫңыздар бар беле, Чүйдө калган?
- Э кагылайын, эмне дейт? Балакетиңди алайын, балакетиңди алайын оозуңдан! Чын эле Сырганын баласысыңбы? Оо, кудай садагаң кетейин, эми эмне кылайын! Жараткан, жоголгонум табылып, кеткеним келген тура. Аксарбашыл! Мейнетиңди алайын, келчи бери! - Өзүмдүн эмне деп сүйлөп, кубанычтан эмне болуп кеткенимди да билбей калдым. Баланын эки бетинен алмак-салмак өөп, алмак-салмак жыттап, кайра-кайра жалынып жаттым. Анан тышта бейкапар ойноп жүргөн неберемди чакырдым. - А-а-й, Бообек, батырак чай чыныга суу сузуп келчи. - Мен баланы эшик алдына жетелеп барып, башынан суу тегерегип чачып, чыныны босогого көмкөрдүм. - Аңкайып алмак-салмак бизди тацдана карап турган неберемден сурадым: - Эй, Бообек! Бирдемеге түшүнүп жатасыңбы?
- Жок, чоң ana, эч нерсеге түшүнгөн жокмун.
- Түшүнбөсөң түшүнүп, билбесең билип ал. Бул бала, Чүйдө калган Сырга эжендин уулу тура.
- Кайсы Сырга эжем
- Уккан жок белең, айтчу элем го.
- Аа, билдим, билдим чоң апа. Баякы бир киши силерден талашып алып калган Сырга эжемби?
- Ии-и, ошол каралдым. Минтип уулу чоң жигит болуп, издеп келген тура бизди. А, катыгүн, мен ушундай келесоомун, атыңды сураган эмес турбаймынбы.
- Атым Султан тайене.
- Султан! О, Султан болгон атыңдан тегеренип кетейин. Сен бизди, кантип таптың, ошону айтчы?
- Таптым сураштырып. Бул жолдош баламдын атасына силер жөнүндө айтсам, аты-жөнүңөрдү жазып алган. Эртеси жумушка барганда сураштырып тактаган окшойт. Кечинде ушул даректи айтып келди.
- Ракмат, ырас сураштырып таап берген тура. Кагылайын каралдым, апаңдын багы ачылып жакшы жерге туш болгон го. Кайдасыңар деги?
- Алматада турабыз тайене. Мен ошол жакта окуйм.
- И, Казакстанда экенсиңер да. Турмушка казакка чыккан го. Кандай деги, Сырга дени сак жакшы жүрөбү? Ал кыз бизден бөлүнүп калганда майда жашын жашап, суук көзгө көрүнүп, тестиер болуп калган, бал-журандай болгон татынакай кыз эле. Бойго жеткенин да, келберсип келин болгонун да көрбөй калбадымбы. Иши кылып бактылуу болсо болду. Эче бир туугансың? Сыягы улуусу сен болсоң керек.
- Жалгызмын тайене. Апам менден кийин төрөбөптүр.
- Ата-а-а, жалгызмын дечи. Сага жолдош төрөп бералган эмес экен да.
- Апамдын сүрөтү бар тайене, көрөсүзбү?
- И, көрөм балам. Кана, берчи!
- Азыркы сүрөтү эмес. Мындан беш жыл мурда, мен орто мектепти бүтөөр жылы түшкөнбүз.
Султан ички чөнтөгүнөн, кастарлап каткан сүрөттү алып чыгып мага сунду. Мен колума алган сүрөттү суктануу менен тиктеп туруп, жүрөгүм толо түштү.
- Мына ушундай болмок. Өңдүү-түстүү, келишимдүү келин болгон тура. Атаңдын сүрөтү да барбы?
- Жок тайене, ал киши менен сүрөткө түшкөн эмеспиз.
- Барбы атаң?
Султан мукактана түштү.
- Бар тайене. Бирок, ал киши менен чогуу турбайбыз.
Жүрөгүм сестене түштү.
- Эмне үчүн?-
-Апам экөө ажырашып кеткен.
- Эмне, барган жери жаман беле?
- Апама күн көрсөтчү эмес. Билесизби, баякы силерден тартып алып кеткен таякеси, апамды казак кишиге токолдукка бериптир. Аябагандай кара ниет, таш боор, Кызыл камчы киши болуучу. Апамдан отуз жаш улуу экен. Байкуш апамдын калган канын ошол сүлүктөй соруп, айбанча мамиле кылып жүрүп, ден соолугун талкалап салды. Азыр апамды көрсөңүз тааныбайсыз, тайене. Аябай оорукчал. Мен окуумду бүтүп иштеп акча тапканча өлбөсө экен деп жүрөм. Тапкан-ташынганымдын баардыгын апам үчүн жумшап, жалгыз апам үчүн иштейт элем. Маскөөгө чейин алып барып догдурга көрсөтсөм деген тилегим бар. Жакшы дарыласа эле, жакшы болуп сакайып кетүүчүдөй болом. Аман ар жыл сайын курортко жиберип турат элем деп ойлойм. Апам, менин чоңойгонумду күтүп жүрүп, абышка менен кечирээк ажырашып калды. Мурдараак бөлүнгөндө болмок. Андан кетсе жан багалбачудай ойлогон тура. Апамдын сүйлөшүп жүргөн жакшы жигити болгон имиш. Ошого, кетип калат деп, апамды атайы эле ал жигиттен адаштырыш үчүн, Казакстандын Нарынкол деген районуна көчө качыптыр.
- Ошондой дечи. Сени көрүп, байкуш жетим жакшы күйөөгө барып, багы ачылган экен деп, кубанып териме батпай олтурсам, андай эмес беле катыгүн.
- Ооба, ошондой тайене.
- Апаң жөнүндө жакшы тилегиң, жакшы максатың бар экен. «Жаштын тилегени ысык тийген күндөй» дейт. Тирикарак, эстүү бала болгон көрүнөсүң, аман болсоң максатыңа жетээрсиң балам. «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет». Өткөндөгү өксүк күндөрдүн да кенемтеси толоор. Жемишиңди жээриңе аз калган тура.
- Апамдын айтуусу боюнча, мен силерди атайын издеп келдим, тайене. Мен да жалгыз болуп калдым. Апам да жалгыз.
Султандын сөзүн угуп олтуруп сөөгүм чагылды. Ушул маалда баякы «Сыргага мен ээмин» деген Гүлгаакынын агасы эсиме кайра-кайра түшүп туруп алды.

#213 13 Май 2016 - 22:04
- Сырганын таякеси барбы? Алар катышабы силер менен?
-Биз Чүйдө турганда келүүчү дейт. Казакстанга мен кичинемде көчүшүп, ал кишини билбей калдым Апам аларды такыр кеп салбайт. Таякесине караганда силерди оозунан түшүрчу эмес. Айтып, айтып келип ыйлачу...
- Оо, байкуш жетим, дейм, бирде толуп бирде бөксөрүп. Казакча таза сүйлөйт экенсиң. Мен сени адагенде казак экен деп ойлонтурмун. Кыргызча үйрөнө үйрөнө элексиң го.
- Үйрөнөм да тайене. Тилим казак жеринде, казак злинде чыкты. Окууну казак жолдошторум менен казакча окуп, казак тилинде бүттүм. Сөөгүм кыргыз болгону менен этим казак болуп калды, тайене. Апам да казакча сүйлөйт. Казак, кыргыз дегенибиз менен эки элдин айырмасы деле жок экен.
- Ооба, туура айтасың каралдым, айырмасы жок... Сырганын уулу бизди издеп келгенин угуп үрбөп-дүрбөп балдарымдын баары келишти. Кой союп түлөө өткөрдүк. Ошондон кийин бат эле Кемелдтн машинасы менен барып Алматадан Сырганы, Турдайым эжесин кошуп алып келишти. Айла жок, Сырганы көрүп сыздады жүрөгүм. Кайран балам, ачылган кызыл гүл эле, болбой калыптыр кантейин, убалы таякесине жетсин, -деп олтуруп калдым.
-Эмнеси болсо да, табышканыңар сонун эле болуптур, аяш апа, - дедим көңүлүм толкуп. Бирок Ашым атамдын досу Султан ата көңүлүмдөн кетпей оюма кайра-кайра кылт дей түшүп жатты.
- Сырга эже, Султанды оз атасы менен тааныштырар бекен, же тааныштырбас бекен! Кап, ата-бала бирин-бири билсе сонун болот эле деген ойдо, эжени кайра-кайра карай берем.
Ушул жерде мени эмне жөнүндө, ким жөнүндө камсыгып ой басып олтурганымды эч ким билген да, түшүнгөн да жок. Көңүлүмдө чатышкан жиптей чубалып жаткан бир иш, Султан атанын жүрөгү жарыла Сырга эже жөнүндө узун сабак соз кылып, арманын айтып түгөтө албай олтурган өкүнүчү эсиме түшкөн сайын, менин өз турмушум, өз сүйүүм, Наргүлгө алдангандагы шорум башымдан ашып кетип жатты. Эмне үчүн, биз ушул адамдардай бири-бирибизди сыилап сүйүшө албадык, дейм каңырыгым түтөп.
«Бир күидө бир жаңылык укпаса, кулагың дүлөй болот» деген сөздүн чындыгы бар неме окшобойбу. Мен Наргүлдүн айынан ары урунуп, бери урунуп жүрүп, ушундай татаал тагдырларга күбө болдум, эжеке Республикалык Жогорку сот менин ишимди тез бузуп, тез карады. «Ак менен кара жарышат акка кудай болушат» дегендей, алар мени түрмөгө бир күнү да кирептер кылып, жарты саат жаткырбай, алты жылды мойнумдан алып таштап, кара ниеттердин капканынан камырдан кыл суургандай сууруп алышты.
Мендеги болгон жаңылык ошол, эжеке. Hapгүл экөөбүздүн ортобуздагы турмуш ошентип ай айланып, жыл тегеренбей апаат болду. Институтка мурдагы академиялык отпуска алганы барган бойдон, экинчи айланып барган жокмун. Документтеримди арыз жазып университетке которттуруп, калган бир жылымды сырттан окуп бүттүм.
Али үйлөнгөн жокмун. «Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет» дегендей, Наргүлдөн кийин сүйүүгө да аял затына да, адамга да ишенбөө сезими пайда болду менде. Экинчи үйлөнөмбү, үйлөнбөй ушул бойдон кечил өтөмбү, билбейм. Деги, акыры үйлөнүшүм керек го. Бирок, качан үйлөнөм, кандай немеге үилөйөм али белгисиз. «Жыгылган күрөшкө тойбойт» дегендей, мен азыр мектепте иштөө менен айыл чарба институтунда сырттан окуп жатам. Ушул окуу жылы аяктаары менен мугалимдик ардактуу кесип менен биротоло коштошом деп турам.
Азыр мени, баякы атам баскан жол, атамдын ыйык тери тамган даркан талаа өзүнө чакырып тургандаи сезилет. Мен атамдай ак эмгектен баар тапкан дыйкан болгум келди. Атамдай эмгекчил, атамдай жоомарт, атамдай жайыл дасторкон, жер кадырын, эл кадырын билген, телегейди тең санаган, ички дүйнөсү кенен баба дыйкан боло алар бекенмин, билбейм. Сиздин, мен жөнүндө, менин турмушум жөнүндө ой толгоп, тынчсызданып жүргөнүңүздү кантип түшүнбөйүн, алтын эжем» деп жазыптыр.
Ошол бир кат келген бойдон, кайра баштан Акылбектен экинчй кат да албадым, кабарын да укпадым. Көрсө, ошондогу «сырттан окуп жатам» деген институтун ийгиликтүү бүтүп, максатына жеткең экен.
Баятадан бери менин сөзүмдү кунт коюп, эзиле yгyn олтурган шеригим серпиле түштү:
- Атаңдын көр-ү-ү, бул турмушта телегейи тегиз, бактылуу жашаган адамдар аз го дейм дүйнөдө. «Ушул адамдын эч бир арманы жок го» деген кишинин да, айта турган алты ооз арманы бар окшобойбу. Жаналы Султан менеи Сырга жөнүндөгү окуя укмуш экен. Сиз акыры, алардын эмне болгонун угасыз го. Кийин ошолорду мага жазып жиберсеңиз. «Жашыңда берсин мээнетти, карганда берсин дөөлөттү» дегендей, бечара келин, эми ден соолугунан ажыраса да, эңкейген кезде дөөлөттүү болсо экен десеңиз. Сиз кандай дейсиз, Султан экөөнүн үйлөнүп, бир чамгарактын алдында түтүн булатып алгандары эле туура болоор.
- Акылбектен кат алгандан бери мен дагы ошону ойлоочу болдум. Экөөнүн ортосун алтын көпүрөө болуп байланыштырып турган бала болгондон кийин, айыбы жок да.
- Баласы болсо, Иса оз атасы эмес экенин билет тура. Султан жөнүндө деле анча-мынча түшүнүгү бар экен. Акылы болсо, Сырга баласына жашырып-жаппай эле ачык айта берсе, ээ.
-Аа, катыгүн, андай кайраттуу, чечкиндүү эне болуу үчүн да эрк керек. Көрбөгөндөн кийин бирөөнүн сыртынан баа берип айтуу кыйып. Менимче Сырга кенедейинен жетим өсүп, кордукту көп көрүп, жалтаң болуп, жашык өсүп калса мындай татаал тагдырды таразалап чече алабы, жокпу ким билсин. Балким, Султан акылдуу киши, бул иштин амалын өзү табаар.
- Ким билет байкуштарды. Эмнеси болсо да, болоору болду го эмдигиче. Курортто кеп эле Бишкектен келген эс алуучулар жүрөт. Арасында сот баланы билгендер болду бекен?
-Аны эмне кыласың?
-Сурабайбызбы.
-Койчу, кагылайын, ошол кантип кеп болсун. Сураганда эмне деп сурайт элең?
Шеригим күлдү.
-Meн ушундай тынчы жок, шашмамын, замандаш. Сырымды билгендер, «Тобо, энеңдин ичине кантин жаттың экенсиң?» деп калышат. Башканы кой, кокусунан бир жакшы китеп жөнүндө угуп калсам, аны таап окумайын жаным жай албаган адатым бар. Жанакы Сырта мелен Султанды көркөм чыгарма кылып жазган киши болсо, кандай сонун чыгарма болор эле. Өзү да ошого ылайык окуя экен.
-Сен эми Акылбекти унутуп эле, эси-дартыңдын баары Сырга менен Султан болуп калды го дейм. Сүйүүго аябай ышкыбоз окшобойсуңбу. Акылбектин турмушу да көп кишиге окшобогон романтикалуу өмүр.
- Ошондой деңизчи. Чындыгылда мен Капаровдун мурдагы турмушун билбейм да. Ал жигитти ушул жерден көрүп, ушул жердей тааныдым. Жакшыны жакшы деш керек. Чындыгылда эле жакшы жигит экен. Ал бала жөнүндө, жанакы тракторчу жердеш кызы толук билиши керек. Айтымыңызга Караганда кудай урган кыздын атасы дүнүйөкор, мансапты жакшы көргөн киши экен. Ата-эне, ата-эне дейбиз, чындыгында кептин баары кыздын өзүндө болуш керек. Кетпей койсо болмок. Өзүнүн өзөгүнөн чыккан баласына таарынып, ата менен эне кайда кетет эле. Кудай урган кишилер, бөөдө жеринен баласынын убалына калган экен. Эми ошол Айтууган деген жигитке тийип, түбөлүк турмуш куруп кетсе болду. Акылбек бечера, чынынын сыныгындай болгон, кыздар эңсеп, келиндер ашык болуп, менин күйөөм болсо дегендей эле жигит экен. Жаратылыш бул балага баарын бериптир. Айтор ушул жерде, кары-жаш дебей, Акылбек, Акылбек дешип, дүрүлдөп ээрчип жүрүштү артынан. Карагул, Айтуугандын атасыныи даража-мансабына карата, Айтуугандын ата-энеси Карагулдун кыз-күйоосүнүн бийикте олтурганына карап, тактыдан түшпөөчүдөй

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 13 Май 2016 - 22:05
:)
#214 13 Май 2016 - 22:55
болуп алданган экен чиркин. Эми ошол дөөлөттүу адамдар дагы эле жетекчи, дагы эле республиканын бир четин чоюп турду бекен?
-илбейм, тааныштыгым жок алар менен.
Убактыны көрүп ордумдан турдум.
- «Сөз музоо эмизет, музоо таяк жегизет» дегендей, сүйлөшүп олтуруп тамак убагы болгонун да билбей калган турбайбызбы, ыя курдаш. Жүрү кеттик.
Менин сөзүмдөн улам, шеригим да колундагы саатты бир карап алып ордунан улутуна козголду.
- Жалаң арманы арылбаган өкүнүчтүү турмушту угуп олтуруп, башым ооруп чыкты. Атаңдын көрү дүнүйө, эгерде Наргүл менин кызым болсо, албайм десе болбой өзүм жеткирип, Акылбектин эшигинин алдына ит кылып байлап бермекмин. Ал баланын ыйманын көрүп туруп эле, адамдын ичи жылый турган экен. Ата болбой жерге кир, эне болбой жерге кир, кызынын башына конгон бакыт кушуи өздөрү учуруп жиберген тура. Эми ал келинге Акылбектей күйөө кайда-а-а!
...Алиги механизатор кыз, Акылбек иштеген чарбадан экен деп уккандан бери, эмне үчүндүр көзүмө жакшы көрүнүп калды. Таанышып сүйлөшкүм келет. Андан Акылбек жөнүндө сурап, анын турмушу жөнүндө уккум келип, эңсей баштадым. Ваннадан келип, дем алып жаткан болчумун. Тыштан кирген шеригим:
- Мен азыр, суу ичкен булактан алиги механизатор кызга жолуктум. Сиздин Капаровду таанырыңызды айттым. Көрсө ал кыз сыртыңыздан билет экен сизди. Сүйлөшүп туруп калдык. Акылбек мурда эле, ушул жерде кеп салып «Караколдо эжем бар, областтык газетада иштейт. Кетээрде барып учураша кетем» деп айтыптыр. Шашылыш кетпесе, ал иниңиз өзү эле сизге учурашууга бармак экен - деп калды.
Көптөн бери көрүшпөй, көздөн учуй, сагынткан бул баланын кабарын угуш мен үчүп өзүнчө эле бир кубаныч болду. Андан дагы мени эстеп «эжем бар» деген сөзү жүрөгүмдү жарылтып, көөдөнүмдү кок тирелтти. «Жакшыда жаттык жок» деген соз ушундай
жакшы адамдардан удам айтылып калса керек. Жанымдагы аялдан эстеген сайын, Акылбек жөнүндө улам бирдемени сурай берем:
- Мурда арык чырай, узун бойлуу бала эле. Толуптурбу?
- Арык эле го. Деги өтө кыржыгый эмес, чилетир жигит экен.
- Ак жуумал бекен?
- Жок, кара тору.
- Чилетир болсо, өз боюн түзүк алып жүргөн экен.
- Сиз, толук адамды жакшы көрбөйсүзбү?
- Жок айланайын, дегеле мен жеринен аял болобу, эркек болобу, өңгөчө жигиттердин богогу салаңдап, чүйлүсү чыгып, курсагы көмкөргөн казандай болуп, кемирчеги кайкалап турганын жакшы көрбөйм. Жаштын жаштай, жигиттин жигиттей болуп шьщкыйып, шамдагай, ийкемдүү жүрүшү жакшы. Арам эт байлап, ашык семирүү адамдын. кейпин кетирип, келбетин бузуп, эмгекке жарамдуулугун эрте төмөндөтүп, карылыкка эрте алып барарын кимдер билбейт. Деги андай «бок курсак» адамдар мага жакпайт. Семирүүнүн да чени, толо турган мезгили болот.
Ушул кезде эшик чертилип, кечээки мен көргөн кыз менен келин ээрчишип кирип келишти. Көздөрү оттой ойноктогон, кызыл торуусунан келген орто бойлуусу шаңк этти:
- Конокко келатабыз.
Мен жаздыктан башымды көтөрүп, күлө бактым:
- Келгиле! Келгиле! Конок келсе кой даяр. Атасынын көрү, азыр эле боз борукту көзүнө карабай көтөрүп чабабыз да соёбуз.
Келген меймандар менин сөзүмө түшүнүшкөн жок окшойт, экөө тең бирин-бири карап, ийиндерин куушурушту:
- Ой эжекебай, тамаша кылып жатабыз. Курортго дарыланып жүрүп, биз силерге козу сойдуруп жегендей ким элек деги. Эч эчтекенин кереги жок.
Жанымдагы шеригим да менин сөзүмдү коштоп кетти:- «Келгенче конок уялат, келгенден кийин үй ээси уялат» дегендей, силер жебеген козуну ким жемек эле. Өзүбүз деле бирөө келсе чогуу жейли деп жатканбыз союп. Силерди келет десе эле, бул киши сүйүнүп жаткан. - Аял мага карады. - Ушул жердей эле бата кылып мууздайбыз го. Иче-кардын эмнеге салабыз?
- Табылаар идиш. Мурда бата кылалы, алып келе бериңиз.
Жаштар челектей болгон тордомо коонду көргөндө күлүп жиберишти.
- Биз дагы чын эле бирдеме сойгону жатабы десек... - Каткырып күлүштү. Козуңар коон турбайбы. Ой биздин акылыбыздын ашынганы ай. Мен дагы козуну кайдан алышты экен деп коём.
Ортодо күлкү жаңырды. Коонду жарып салдык.
- Алгыла. Ырас эзиле бышкан, балдай таттуу коон экен. - Тамашага чалдык. - Бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы.
- Ырас эле, абдан ширин коон экен. Кечиресиз эже, сизден суроо суроого болобу?
- Эмне үчүн болбосун, албетте болот. Сурай бергиле.
- Сиз биздин агрономго, кандай эже болосуз?
- Кандай эжеси деп ойлоп турасың?
- Бул жерде сизди билгендердин баары эле, биздин эжебиз дейт. Ысык-Көлдөн турбайсызбы. Акылбек Капаровичке аяш эже болосузбу, же жээн-таяжелик жайыңыз барбы?
- Менин кандай эже болоорумду, элиңерге барганда, Акылбектин өзүнөн. сурагыла. Же силер менен сүйлөшпөйбү?
- Акылбектин жердеши менмин эже. Бул жанымдагы шеригим Чүй районунан. Капаров бой көтөрбөгөн жупуну жигит. Мени менен да сүйлөшөт, башкалар менен да сүйлөшөт.
Мен кызга карадым.
- Аа, Акылбектин жердеши сен турбайсыңбы. Менин бир гана өтүнүчүм бар сенден. Капаровдун кандай иштеп жатканын, кандай адис болгонун, эл-журтка болгон алымын айтып бере аласыңбы?
Механизатор кыздын жүзү жайнай түштү. Ал жаңыдан эле оозуна алып бараткан коондун тилимин столго кайра койду.
- Ой эжекебай, бир тууган болсоңуз да, болбосонуз да, Акылбектей иниси бар бактылуу киши экенсиз. Биздин совхозго адегенде, агроном болуп келген. Андан бери үч жылга жакын убакыт өттү. Жолунанбы, изиненби, иштеген ишиненби, айтор чарбанын иши оңоло баштады. Чынын айтсам жаңылануу, кайра куруу, тездетүү, кооператив, ижара дегендерди Акылбек жакшы түшүнсө керек. Азыр бизде кары дебей, жаш дебей, Акылбектин тилегин тилеп, батасын берген эле жан.
- Э кудай, чарбанын ишин тез эле кантип оңдоп жиберди экен ал? Агрономдун мойнундагы милдетин, иштей турган ишин билебиз го баарыбыз. Мисалы зоотехниктин ишине кантип, эмне деп кийлигише алат? Ал эми ветеринария менен кайнаса каны кошулбайт. Алар Акылбекке баш ийип бербейт да. Тоют боюнча зоотехник менен кептеш, кеңештеш болсо болоор, ал эми башкалардын агроном менен иши жок да.
- Билбейм, сопсонун эле иштетип жатат. Жыйналыштарда сүйлөгөн сөздөрүн уксаңыз, билээр элеңиз. Капаров деген эр жүрөк, тайманбас жигит. Ал, директор экен деп директордон, парткомдун секретары экен деп парткомдон коркпойт.
- Капырай де, укмуш го анда.
-Кемчилик болсо кийлигишет да.
- Аа, кемчилик болсо де. Баса ошондой десең. Бирок, ал директор, же болбосо парткомдун секретары эмес да.
- Туура айтасыз, директор да эмес, секретарь да эмес. Директор болбосо да совхоздогу элдик контролдун жетекчиси экенин айтам деп унутуп жаткан турбаймынбы. Кайсы жерде кемчилик болсо тайманбай, көзүнө көрсөтүп бетке айтат. Ал иниңиздии дагы бир жакшы жери, калыстыгы. Деги Капаровду эл жакшы көрөт. Айтканын айткандай, дегенин дегендсй аткарып турушат. Анын эң негизги жеңиши - иштин көзүн тааный билгендигинде. Анан тынчы жок. Кайсы убак

#215 13 Май 2016 - 23:19
та эс алып, кайсы убакта уктаарын билбейм, эртең менен да эмгек үстүндө, кечте да эмгек үстүндө, жумушчу менен жумушчу болуп, эл менен жүргөнүы көрөсүң.
Мал тоют менен мал болуп, тоют менен өсүп өнүгөт тура. Ар жыл сайын тоют топтоону чарба эки жылдык запасы менен ашыра орундаттык деп, жетекчилер ооз көптүрүп, көкүрөгүн өргө айдап жүрүшүп эле, жазга жетпей, жалмалоого тоют калбай олтуруп калуучу. Анан төл начар болуп, өлүм-житим көбөйүп, алган милдеттенме аткарылчу эмес. Акылбек бизге күздө келди. Келээри менен ишти адеп эле айыл чарба машиналарынын ремонтунан баштады. Дирекцияда, ремонттон эң биринчи чиркегичтүү тракторлорду чыгарууну мехпарктын инженерине тапшырма берилиптир. Ар жума сайын, иштин жыйынтыгы боюнча билдирүү жасалат экен, деген сөздөр бизге чагылгандай жетти. Муну жаңы агроном талап кылып жатыптыр дешти. Баякы, жазгы талаачылык жумушу башталганга чейин ремонтту бүтүрөбүз. Убакыт али эрте, деп, өзүбүздү өзүбүз сооротуп, ремонттун бүтүшүн талап кылган адам деле жок, жайма-жай, өз оокатыбызды жасасак жасап, жасабасак жок жүргөн мезгил, Акылбек келген күндөн баштап тарый баштады. Мен Капаровдун кабарын угуп, учурашууга дилгир болуп жүргөн кезимде, жыйналыш болот деп совхоздун клубуна алып келишти.
- Сен Акылбекти таанычу белең? - деп сурадым мен.
- Таанычумун. Биздин таанышканыбыз да өзүнчө эсте калаарлык окуя.
-Кандайча?
- Фрунзеге фестивалга барып, өзүбүз түшкөн мейманканада, бир Зыяда деген курдашымдын бөлмөсүндө олтурган болучумун. Ал экөөбүз репетициядан жаңы эле келгенбиз. Зыяданын чечинип, кийим которгону жатканын көрүп, күзгүнүн алдында чачымды тарап жаттым:
- Жүрү, тамак ичип келели.
-Ракмат, мен баралбайм, Каныш! - деди мени карабаган калыбында.
-Курсагың ачкан жокпу?
-Ачты. Бирок, азыр баралбайм. Билесиңби, Каныш, азыр мага бир жигит келиш керек! - кыз ушул создү айтаарын айтып коюп, акырын тилин чыгарып, чоктой кызара түшкөнүн күзгүдөн көрүп ичим жылый түштү. «Уяты бар, ыймандуу кыз» деп ойлоп койдум. Анан ал ошол замат, эки бетин кош алаканы менен басып, мага жалт карап күлүңдөй сүйлөдү: - Бетим ысып чыкты. Мен жиндимин деги, тим эле жигит деп коём. - Жигит эмес ал, киши. Сени ошон үчүн атайын ээрчитип келдим. Кыраакы эмес белең, сынчылык жайың бар. Байкап көрчү жакшылап, мага жуп болууга ылайыктуубу, же ылайыгы жокпу?
-Сынатканың го сынаткан. Жигит эмес, киши, деген сөзүңдү кандай түшүнүүгө болот? - дедим курдашымды таңыркай карап.
-Киши дегеним, улгайып калган деген сөзүм.
- Улгайганда канча жашта?
- Билесиңби, менин баякы өзүң көргөн агайым менен теңтуш. Экөө дос. Менден коп улуу.
- Аа, Элал агай мененби? Анда жаш эле го?
- Кайдагы жаш, отуздагы киши жаш болмок беле?
- Өзүң канчадасың? - деп сурадым. Анткени, курдаш болгонубуз менен Зыяданын жашын билүүчү эмесмин. Анын үстүнө экөөбүз «Ыр кесе», фестиваль, олимпиадаларга катышып жүрүп таанышканбыз.
-Менби? Жыйырмага чыктым.
- Экөөбүз тең турбайбызбы. Он жаштын улуулугу болбойт деп жүрүшпөйбү. Туура эле болот го.
- Койчу, кантип эле?
- Кээ бир кыздарды өзүң угуп, көрүп деле жүрөсүң, өзүнөн он жаш эмес, отуз-кырк жаш улуу адамдарга деле чыгып жаткандар болуп жатпайбы. Ал киши отузга чыкканча үйлөнбөгөн неме бекен?
- Аял алган. Ажырашып кетишиптир.
- Кокуй, кой анда, сынагандын балакетин аламбы сага киши келсе кетейин. Уят. - Шашып ордуман турдум. Зыяда мени колдон алды.
- Кетпейсиң. Мен ал кишини сага көрсөтөйүн, байкап көрсүн деп жатса, кызыксың.
- Улуу кишиниби?
- Кайта улууларды кичүүлөр кыйын сынайт. Соксоктобой олтуруп тур ЭМИ.
- Бул иш бир туугандарың аркылуу болуп жатабы, же өзү сөз айтып, үйлөнөм деп жатабы?
- Азырынча Касиет жеңемден башка эч ким билбейт. Кыргыздын жигиттери жактырган кызынын өзүнө даап сөз айта албаса, жеңесин салат тура ортого.
- А жеңең эмне дейт?
- Мен, ал кишини улуу, карыган неме десем, болбой жатпайбы. Он жаштын улуулугу болмок беле деп, сен айткан сөздү жеңем да айтат.
- Анда кептин баары өзүңдө калган тура.
- Акылбек байкени, өзүм деле жаман көрүүчү эмесмин. Анын мага жакпаган кемчилиги эле - улуулугу. Деги сен байкап көрчү.
- Мага жакса эле макул болосуңбу?
- Сага жакса эле макул болом. Акыл байкени биздин үйдөгүлөрдүн бардыгы жакшы көрүшөт. Ага турмушка чыксам, башкасынан да, апамдын кубанаарын билип турам.
- Мен билдим, сен ал кишини өзүң деле жакшы көрөт экенсиң.
- Кантии билдиң?
- Билдим. Ал кишинин атын атаган сайын, көңүлүң ачылып, каректериң чачырап, эки бетиң албыра түшүп жатат.
- Жакшы көрөрүн жакшы көрөм. Бирок, өзүмдүн сүйлөшүп жүргөн жигитим теңтуш бала.
Зыяданын сөзүн угуп чочуп кеттим.
- Оме-е-е-й кокуй, эмне дейт?! Башка сүйлөшүп жүргөн жигитиң бар беле?
- Ооба, эмне экен, жигитим бар.
- Кызыксың го, аны эмне кыласың эми?
- Эмне кылмак элем, бул кишиге бара турган болсом, аны таштайм. Мурда эле өзүм андан айнып жүрчүмүн. Кыз бойго жетип, акыл-эси толгондо, адамдын акыл-эсин, анын адамкерчилигин, түбөлүк түгөй боло алабы, жокпу деп, таразага салып, талдап калат тура. Тигиним теңтуш болгону менен, терең бала эмес. Ала көөдөнүрөөк неме. Анын үстүнө ичкенди жакшы көрөт. Анан дагы ал жигит, бир чал-кемпирдин кудайдан тилеп, адамдан сурап алган бакма баласы. Мени алып калса өз ата-энесиникине алып барат имиш. Мен анын ушул сөзүн угуп көңүлүм дароо кайт боло түштү. Кокустан барып калсам теске салып адам кылып аламбы деп ойлогом. Анын айтканына макул болсом эбак кетмекмин. Мына-ана деп кылчактап жүрүп ушул убакка келдим.
Мен баятан бери Зыяданын атын угуп олтуруп, чыдабай кеттим. Бир кезде Каныштын сөзүн бөлдүм:
-Зыяда эмне окууну бүтүптүр? Кайда иштейт экен?
-Бишкектеги сегизинчи кесипчилик- техникалык окуу жайын бүткөн. Азыр өзү жашаган айылдагы ательеде мастер болуп иштейт.
- Сөзүңдүи аягына чыкчы. Анан эмне болду? Акыл келдиби?
— Келди. Менин көзүмө улгайбаган эле, жаш жигиттей көрүндү. А дегенде Зыяданын, жанакы айткан берки сүйлөшүп жүргөн жигити деп ойлоптурмун. Элал агайдын теңтушу дейин десем, андан жаш өңдүү.
Толкунданган жигит биз менен учурашып бүткөндөн кийин бизге карады:
- Олтургула, эмне туруп калдыңар?
-Олтурабыз. Сиз олтуруңуз, байке, - деди Зыяда
Акылды карабаган калыбында, орундукту жылдырып.
- Концертти качан берет экенсиңер? Репетиция болуп жатабы?
- И, репетиция болду. Ошол жактан азыр эле келдик. Концертибиз эртең. Акылбек байке, бул кыз сиздин жердешиңиз, таанышып коюңуз.
Жигит мага карады.
- Кайсыл айылдан болосуң?
- Кош-Дөбөдөн.
- Оо, карындаш болот турбайсыңбы.
- Сиз да Кош-Дөбөдөн болосузбу? - дедим, бпздпи айылдан мындай жигитти көргөн жок элем деген ойдо.

#217 13 Май 2016 - 23:38
-
Кош-Дөбө менен Ак-Турпак бир чарба. Мен Ак-Турпактан болом. Кесибиң эмне? Кайда иштейсиң?
- Механизатормун, байке.
- Азамат турбайсыңбы. Ардактуу кесиптин ээсимин дечи. Кимдин кызысың?
- Төлөбаевди тааныйсызбы?
- Аа, Керимдин кызсыңбы? Тааныйм ал кишини.
Сөз узарып, Каныштын сөзү өтө майдаланып баратканынан, мен сөздү бөлүп дагы сурадым.
- Анан эмне болду, ток этер жерин айтчы, Акылбек ошол Элалдын карындашына үйлөндүбү?
- Ооба, Зыяда ошол аяш байкесине чыкты акыры. Ата-энесинин колунам той берип, чоң шаан-шөкөт менен алыптыр. Мага Зыяда ошентип жазган. Бирок, кийин экөөбүздүн байланышыбыз үзүлүп, катышпай калдык.
- Элалдын карындашына үйлөнгөнү жакшы болгон тура. Бактылуу болушсун. Ии де, ошентип өз чарбасына барып иштеп калган экен да.
- Ооба, ошондой болду.
- Сен менин жакындарымдын баарын билген жакшы кыз турбайсыңбы. Ат-а-а, кудай жалгагыр айе, Акыл менен Элалды көрбөсөм да, сени менен таанышканым жакшы болбодубу, - дедим мен, айтаарга сөз таппай бабырай сүйлөп. - Элал менен Касиет отпускага Көлгө, кайындарына барган сайын, биздикине тийбей өтүүчү эмес эле. Үч-төрт жылдан бери эмне үчүндүр келбей калышты. Бала-чакалуу эмелер мурдакыдай алыска чыга албай калышканбы, билбейм. Мен билгени беш кызы бар эле.
- Уга элек турбайсызбы, Касиет эже жакында уул төрөгөн.
- Уул төрөдүбү? Болсун, болсун. Эркек баласы жок эле, беш кыздан кийин бурулган экен да. - Ушул саамда Элалдын бир сөзү эсиме түшүп күлдүм: -«Менде эркек бала болбойт, тогуз кызым болот» дечү экен, бала кезинде.
- Кимге?
- Ата-энесине, бир туугандарына айтып тамаша кылчу го. Касиет окуусун бүтөөр алдында, мына-мына
ГОС берем деп жатканда төрөп калды. Мен Элалга кыздуу болгондугу менен куттуктап телеграмма берген күнү агаларынын баары үй-бүлөсү менен чогулуп апасынын үстүндө боло турган күндөрү экен. Элал телеграмманы алаары менен, айлына учуп жөнөйт. МурдагЫ бир барышында агаларынан кечирим сурап минтип айтыптыр: «Байкелер, мени кечирип койгула. Эгер мүмкүн болсо, мени апама келүүчү «шеринеңерден» убактылуу бошото турууңарды өтүнөм. Силерге окшоп алдымда аркыраган машинам болбосо, кол көтөрүп жол тозуп, томолонуп тоодон тоону ашып алыстан келүү кыйын экен».
Агалары Элалдын сөзүн угуп, «болуптур, колуктуң окуусун бүтүрүп келгенде кирерсиң» деп макул болушуптур.
Каныш мени карап, таңдана түшүп сурады.
- Элал байкенин агалары, апасы менен шерине жечү го. Кызык, энеси менен балдарынын шерине жегенин биринчи угушум.
Мен күлдүм.
Элалдын төрөдөй болгон торт агасы, эже-карындашы болуп сегиз бир тууган. Агалары дем алыш күндөрү, апасы менен учурашканы чогулуп келип, энесинин ден соолугун сурап, кеңеш-кебин угуп турушчу тура. Ошону шерине деп, бура сүйлөп жатпайбы. Алар үчүн бул күн өзүнчө майрам сыяктуу болуп, дасторкондун үстү дүйүм тамак-ашка толуп, самоорлор кайнап, казан асылып, топурап той берип жаткандан бетер батырап кетүүчү экен. Бул үй-бүлөнүн башкалардан айырмаланып турган ушундай езгөчөлүгү бар. Баарыбызда эле ата-эне, баарыбызда эле бир туугандар бар. Бирок, бала деп Элалдын ошол бир туугандарын айтыш керек, сиңдим. Атаңдын көрү-ү, эне сыйлоо мындан артык болобу. Дасторкон үстүндө, төрдүн төбөсүндө, балдарынын ортосунда ак көрпө жайыл болуп, оз бактысына өзү толуп, балпая тартып, маңдайы жаркып, эки бети дөолөттөн албырып турган байбиченин уландары тартип менен, адеп менен сүйлоп, ар кимнси өЗдөрүнүн иштеген иштери, жасаган жумуштары жөнүндө айтып, энесине «отчёт» берип турушат экен.
- Тобо-о-о, отчёт беришет экен дейсизби? Кызык. Иштеген жеринде эмне болуп жатканынан бери айтышат го?
-Ж-о-к, балдарынын мекемедеги иштеринде байбиченин эмне тиешеси болмок эле? Мен «отчёт» деп тим эле күчөтүп айтып жатам. Үй-бүлөлүк орчундуу иштер жөнүндө, келим-кетим боюнча кепкеңеш болот окшобойбу.
Ушул күнү менден алган кубанычтуу телеграмманын зери учурган Элал, апасы менен бир туугандары олтурган үйгө кирип баратып, улуу агасы, Кемелдин энесине «Сүйүнчү, апа!» деген сөзүн угуп, буларга да телеграмма келгенби деп ойлоп, эшик алдына токтойт.
- Ии, болсун, жакшы кебиң бар го каралдым. Берейин сүйүнчүңдү. Кана айтчы?
- Аяш уулуң Малик баласын үйлөп, той берип жатыптыр. Сизди ала келгиле деген экен, мен облуска барып кеч келип, бул жакка келип ала кетүүгө жетише албай калдым, ара, бизди кечирип коюңуз.
-Кут болсун. Жакшы болгон тура. Келинди кайдан алышыптыр?
- Көлдөн экен.
- Көлдөн алышыптырбы, же ала качып кетиптирби?
- Көлдөн алыптыр. Мурда Малик аялы экөө барып, келинге сөйкө салып, кудасы менен сүйлөшүптүр.
- Атаңдын көрү-ү, сөйкө салуу деген өзүнчө бир сөөлөт да. Бир кезде кыргыздын каада-салты кыйын болгон балдарым. А дегенде, «баланча жерде, түкүнчө деген кишинин сулуу кызы бар дейт» дешип, миш-миштен угуп ат арытып, алыстан келип көрүп кетишчү. Көргөн кыз, күйөө болуучу баланып көңүлүнө толуп, жактырып калса, ата-эне болочок кудасына келип макулдашып, тил табышкандан кийин сөйкө салышчу. Салт боюнча кудалашчу. Тогуздап калың беришчү. Ошондон кийин гана жанына кеп-сөз билген мыкты жигиттен күйөө-жолдош алып, күйөө бала колуктусуна күйөөлөп келүүчү. Мындай учурда кыздын жакшы көргөн жакын жеңеси кыз оюн баштап, бир айылдын жаштарын чогултуучу.
- Кыз оюыда кандай оюн ойношчу болду экен,байкуштар?
Апам, «Байкуштар» деген сөздү жактырбай, чыр-тыя түштү:
- Олда жамандар айе, байкуштар деп коет тим эле. Илгерки кыз-оюн шаан-шөкөттүү болучу. Силерчилеп ичкилик ичип калжаңдап мас болбой эле, жаштар бирин-бири көргөнгө, оюн-тамашага мас болушчу. Мисалы шакек салмай, жоолук таштамай, токту сурамай сыяктуу оюндар болоор эле. Жигит ырдап кызга, кыз ырдап жигитке токмок салуу, айкалышып жар көрүшүү. Ал эми алты бакан селкинчек тебүү деген да өзүнчө шаттуу, өзүнчө бир жаш кыялды обого серметчү көңүлдүү оюндун бири да. «Кыз куумайчы»? Кыздар кыз оюнга чакырылганда, өз бет алдынча ээн баштык кылып баса берүүчү эмес. Ата-эненин руксааты менен, болгондо да ишенимдүү жакшы жеңелеринин коштоосунда барышчу. Ал эми кызды күйөөгө берүүчү ата-эне кызга үй жасап, үй көгөрүп, той-тамаша менен узатчу. Ала качуу дегенди аргасыз жаштар гана жасашчу.
- Ыя, апа кыздарды ыйлатып, зордук менен чалга саткандар да оюн-тамаша менен узачу беле?
- Ии, шаан-шөкөт менен узабай анан. Чалга берүү болучу. Бирок, кыздын баары эле чалга кетүүчү эмес балам. Сакал-мурутту албай коё берсе эле, отуздагы жигит деле чалга окшоп калуучу тура. Азыр алты-мыштан ашкандар деле мулуюп, сакал-мурутун койбой жашпыз деп жүрүшпөйбү. Азыркы кыздар анык чалга өздөрү эле, кетип жатышпайбы. Атаңдын көрү, илгээркидей каада-салт менен кызды күйөөгө узатса азыркы заманда деле жарашат. Мен, кудай тилекке жеткирсе Зыядамды кол менен узатам.
- Көрөбүз апа.
-Өлбөй тирүү турсам, көрөсүңөр го, өлүп калсам айла жок. Баса, тойго эмне кошумча менен бардыңар.
- Акча-тыйын менен эле барып калдык, апа.

#218 14 Май 2016 - 00:37
-Акча-тыйын болгондо канча? - деди апам, уулун тиктей берип.
- Жүз сом.
- Мм, - деди апам, ичинен туюк үн чыгарып,- Начар барган экенсиңер «Бирөонүн тоогун жесең каз байла, казын жесең тай байла" дегеңдей, алардын тозгон бороонун силер тозо албапсыңар. «Берген баатыр эмес, алган баатыр" деген сөз бар балам. Жүз сом ашына казысы капьнп бч- 0Л10НД0, аньш атасы, кара - P бзэ альш кслт сойгон.
Жүз сом да кеппи. Сенин атаң каза болгондо, анын атасы, кара ашына казысы карыш бээ алып келип сойгон.
-Бээ!- деди көздөрү алая түшкөн агам. -Качанкы өткөн окуяны айтасыз да жарыктык.
-кой кулунум качанкы дебе. Атаң көз жумган учурда, алаканыбыз да жука, тартыш турмушта жашап жатпадык беле. Кыйналып-кысталып турган кезибизде белден ашырган адамдын эмгегин унутуп койсок кандай. Алар эмне, түгөнө албай жатканынан жасашыптырбы? аяш атаңдын бизге кылган эмгеги көп. Аталардын достугун улантуучу урпактары силерсиңер. өшон үчүн катыш, ошон үчүн дос.
Байкем шылкыч түштү.
-Аларды ойлобой эле!
-Эмне үчүн ойлонбой эле, ойлош керек. Шаарда жашап, шаарда иштеген жумушчу үчүн ушул сый эле жетиштүү болот десең керек. Колуңда жок болсо, жоктугунан болду дейт элем. айда алтын, күндө күмүш таппасаң да, түзүк эле турмушта жашап жатасыңар го баарың.
-кап, анда уят болгон турбайбызбы, ыя апа. Мына, сен өзүң катышпай, сенин кеп-кеңишиңди укпай өзүбүзчө болгондо эле, ушундай бир кемчилик чыкпай койбойт. Жумушчу деп кемсинтсем кудай урсун. Эми кетирген кемчиликти кантип оңдодук? Аяш атам деле карылыгы жетип, бакма болуп олтуруп калыптыр. атама жасаган кызматын, биз деле жасайбыз убагында. Оору экен.
-аа, кокуй, ал кишинин өлүмүн айтып жатасың го. Аны ажал билет. өрруп жаткан ал киши өлөорүн, таза турган мен өлөөрүмдү ким билет. Аны коё туруп, азыркыны ойлош керек. Кетирген кемчиликти оңдоонун жолу бар балам.
-Кандай жол?
-Келинди отко киргиз. Жолун жаса, мал энчиле...
байкем апамдын сөзүн угуп сүйүнүп кетти. кучактап өөп-өөп алды.
-Акылкарачачсың ээ, апа!
Апамдын сол жагында олтурган ортончу байкем, аптыга сүйлөдү:
-Биздикине өкүл кызыбыз төркүлөп келгени жатат. Эмне кылып узуатыш керек, апа? Байкем менен жеңеме окшоп, биз да кемчилик кетирип уятка калбайлы. Өзүңүз барып баш-коз болуп бериңиз. Биз сизди, өзүбүз менен бүгүн ала кетели деп келгенбиз.
Эшик алдында турган Элал, апасын агасы азыр эле алып кетчүүчүдөн бетер, үйгө атып кириптир.
-Атсаломуалейкум!
-Алекимасалам!
Элалды көргөн бир туугандары "келелбайм" деп суранып, руксаат аып кеткен бир тууганын ойдо жок жерден кирип келгенин көрүшүп, таңданышыптыр:
-Келбейм дебедиң беле? Деги тынччылыкпы?
-Э-э-й байкелер, баякы тогуз кыздын бирөө болуп калыптыр. Ошону сүйүнчүлөп келдим.
Энеси баштап Элалдын кызы менен куттуктап "бешик бооң бек болсун" айтышат. Олтургандар, бул баланын эмнеге шашылыш аңтаңдап жетип келгенин тушүнүшөт. Тмак ичилип бүтүп, чай келет. Чай үстүндө Элалдын улуу бир тууганы Кемел энесин карап:
-Апаке! уулдарыңыздын эң кенжеси Элал. Көкүрөк күчүгүңүз минтип кудай берип, өзү айтып, өзү ыроолоп тилеп жүргөн тогуз кыздын алды жарык дүйнөгө келип, баарыбзды кубандырып олтурат. Ушунча болуп, не уулдарыңыздын, не кыздарыңыздын бир баласын баккан жоксуз. Балабызды бакпацт деп эч кимибиз сизге таарынган жокпуз. Таарына турган акыбыз да жок. Ушул жерде сизден сурана турган бир иш болуп турат апа. Кыйналсаңыз да, эми Элалдын кызын бир айга багып бериңиз. Келин окуусун бүтүп алсын, - дептир.
Ошол саамда, Бүбайым байбичени тегерекетеп олтурган келин-уулдары, «энебизден эмне сөз чыгаар экен?» дешип, бардыгы алдыртан апанын жообун күтүп дымый түшүшөт. А, эне болсо балдарынын оюна түшүнгөндөй, аларды сыдыра бир карай алый күлүмсүрөй сүйлөйт:
- И, ботом, эмнеле мынчалык жалдырай түштүңөр, мени тиктеп. Элалымдын баласын бир ай бакпай ок тийиптирби мага. Балакетиңди алайыным ай, Касиеттен чочулап жүрчү элем. Ырас болгон тура аман-эсен эки колун бооруна алып алганы.
- Кандайча чочулап? - дейт балдары энесин суроолу тиктешип.
- И, тынчы жок эле байкуш келинимдин. Туңгуч неменин ичи да чоң эле. Эгиз төрөйбү деп да ойлочумун. Кыз төрөрүн мурда эле билгемин.
- Мурда эле билгемин дейсизби? Кантип?
- Эркек бала менен кыз баланын өзүнчө бир белгиси болот. Касиеттин курсагы ылдый болучу. Анын үстүнө эрди-башы калбайып, мойну жикирейип, кебетеси өзгөрүп кеткен.
Элал апасын таң кала аңкая тиктеп туруп, сураптыр:
- Тобо апа, сиз догдурдан кыйынсыз го дейм. А, эркек бала төрөчү аял кандай болот? Аны да билесизби?
- Ии, билбей анан. Уул төрөчү аял сынына чыгып, койкоюп келбеттүү болуп, өңү жукарып кетет. Эркек бала өр талашып, кемирчекти тээп жогору бүтөт. Кыз деген кызыл алтын да, ургаачынын туну кыз болгону эненин өзүнө жакшы. Аа, атаңдын көрүнүн балдары, мени Элалдын баласын бакканга барбайт деп жаткан экепсинер да. Мен аичалык таш боор катын эмссмин. Ар нерсенин шарты болот да балдарым.
Уулдары кубанганынан, энесине эмне деп айтаарын билбей:
- Ой апаке, сизди кантип эле таш боор деп ойлойлу. Жашы өтүп, баладан чоочун болуп калган кезинде, кантип багаар экен деп, өзүңүздү аяп жатпайбызбы - дешиптир.
Ошондон кийин арадан апта өтпөй Касиет төрөт үйүнөн чыга электе эле, Элалдын ага-жеңелери апасын адып күркүрөп келип калышты. Келгендер Касиетке барып, баласын көрүп, энесин калтырып, кайра тартышты. Алар кеткенден кийин Касиет бир-эки күндөн соң аман-эсен кызы менен терт үйүнөн чыкты.
Мен жумуштан келсем, байбиче тышта башын жууп жатыптыр. Көргөн көзүмө ишенээр, ишенбесимби билбей, карегимди карап токтодум. Али ак аралай элек капкара болгон олоң чач чылапчында төгүлүп жаткаНЫ мени суктандырбай койгон жок. Ал эми Бүбайым апанын узунчасынан келген жарашыктуу тырмагы, шадылуу сулуу манжаларына коштоп салынган алтын шакектер жарашып, колунун көркүнө көрк кошуп тургансыйт. «Өмүрүндө жамандык көрбөгөн, катуу-түлүк жумушка колу тийбеген, өз жанын өзү кастарлап жакшы баккан киши болсо керек» деп ойлоп койдум ичимден. Андан дагы өзү менен кошо ала келген чемоданын аңтарып жатканда, тыш кийимдери эле эмес, мен өзүм көрбөгөн импорттук көйнөк-көнчөктөрдү көргөндө өңгөчүм тартылып, карегим чачырап кетти. Ушул саамда байбиче, кимдир бирөөгө кеиди:
- Мени тим эле курортко жиберип жаткансып, салган кийимдерин кара. Бир сыйра которуп кийгендей эле бирдеме сал десем, башы жоктун кылганын. Бул жакта мен жылдап жатуучудан бетер ичти-тышты кылып, тим эле тогуздап салган тура...
Ушул саамда, Касиеттин баякы ай күнүнө жакындап калган кезиндеги айткан сөздөрүн эстедим. Дем алыш күнү болсо керек эле. Эртең мененки чайды даярдап коюп, балдарга карадым:
- Чай ичели, Касиет эжеңерди чакыргыла.
Кызымдын ички үйгө киргенинен чыкканы бат болду.

#219 14 Май 2016 - 00:59
-
Чай ичпейм дейт, апа. Касиет эжем ыйлап жатат.
«Ыйлап жатат» деген сөздү угуп чочуп кеттим.
- Эмнеге ыйлап жатыптыр?
- Мен кайдан билем.
Кызымдын айткан сөзүнө ишенбей өзүм турдум. Анан дагы «чай ичпейм» дегенине бушайман болдум. Бөлмөгө кирсем, чын эле Касиет ыйлап жатыптыр.
-Ой айланайын, эмне болуп кетти? Эмне, этиң ооруп калыптырбы, ыя кагылайын?
- Жок эжеке, тынч элемин. Шорум катып ГОС берээрде төрөп калат окшойм. Баланы ким багат деп ошого капаланып жатам.
- Ой кокуй ай, мен дагы эмне болуп кетти десе, «баламды ким багат» деп ошого кайгырып, капа болуп жаткан турбайсыңбы. Аман-эсен эки колуңду бооруңа алсаң, балаң багуусуз калмак беле? Элал төрөгөнүңдү укса алып келээр энесин.
- О-о-й эжеке, ал киши ушунча болуп эч бир баласынын баласын бакпаптыр. Кайненем менен чогуу турган абысынымдын алты баласы бар. Өзү он жылдык мектепте директор болуп иштейт. Ал жеңем жумушка кетип, балдары топуракка, баткакка оонап жатса да карап койбойт экен, эжеке. Элалдын апасы башкача аял, - деп айткан Касиеттин сөздөрүн ойлодум.
Келгенден бери байбиченин жакшы сакталган келбетин, баскан-турганын көрүп, сүйлөгөн сөздөрүн угуп, өзүм эле ичимден суктанып жүрүүчүмүн. Азыр да ошондогу Касиеттин айткан сөздөрүн ойлоп турдум. Ыpac эле бала бакпаганы, казан-аякка аралашпаганы, бизге окшоп күл чыгарып, от жакпаганы чын экен дейм ичимден. Кандай кылып ушул жөнүндө сурардын ыгын келтире албай жүргөндө сөздүн учугун тигил киши өзү баштап калды. Биздин катарыбызда кок менен кызылдан асемдеп, майдалап оюп, байчечекей, гүл кылып орто бүтүп калган шырдагын шырып ол-урган энеме Бүбайым апа:
-Э кудагый (Касиет колдун кызы болгондуктан энем экөө бирин-бири кудагый деп сүйлөшүүчү) бүл эмне? - деди.
Энем колундагы жасап жаткан ишин токтотпогон , калыбында, тигил кишини карабай туруп жооп берди:
-Шырдак. (Энемдиы үнүндө, шырдак экенин көрүп туpyn, бул мастан эмнеге сурап жатат, деген жактырбоо бар экенин мен дароо байкадым).
Кимге жасап жатасыз? Жаныңыз тынбаган, эмгекчил киши окшойсуз ээ, кудагый?
-Балдарыма жасап жатам. Эки колумду боорума алып, элчилеп бекер олтура албайм, кудагый, - деди кыртышы сүйбөй.
-Бекер олтура албасаңыз, аба жутуп ары-бери басыңыз. Күндүз бир маал уктап эс алыңыз. Карыган кезде, шырдак балакетимди алсын. Көздөн курч кетип билектен күч кетип турган кезде, ушул ар бир сайган ийне карекке кадалган тикен эмеспи. Ишенсеңиз, мен бала да бакпайм, иш да жасабайм. Өсөөрүбүз калбады, эки көзүбүз менен өлсөк экен. Карыганда, калган эчкинин Жашындай болгон аз күндүк өмүрдү кастарлап, жанды багыш керек...
Энем Бүбайым кудагыйынын сөзүн жактырган жок. Эстеген сайын «Какчаңдаган кара башыңды жегир, балдарымдын оокатын жасабаганда, балдарымдын балдарын бакпаганда эмне кылмак элем» деп көпкө чейин айтып жүрдү.
- Тобо, ырас эле аябай катуу киши экен ээ. Чтркин ай, балдары жакшы тура багына, ошолорго таянып, өз билгенин кылып жүргөн кемпир да. Сиз, эмне үчүн неберелерин бакпагандыгын сураган жоксузбу -деди Каныш мага.
- И, баса сурадым. Аны айтам деп унутуп жаткан турбаймынбы. «Бала бакпайм» деген сөзүн илип алып: «Э кудагый, азыркы келиндер, жанына күйүмү жок, какчаңдаган тили суук, төрөпейил кара боор кайненени жактырышпайт. «Келиндин курсагына бүткөн бала, кайнененин жонуна бүтөт» деп жүрүшпөйбү? Бир күнү келиндериңиз чай бербей коюп жүрбөсүн» - дедим тамашага салып.
- Бала бакпайт дешсе, ошол мага деген чайын бербей бекитип алышсын. Э-э-й, кудача, келиндеримдин менде нааразы боло турган кенедей да акысы жок
Ушул сегиз «желмогуз» өздөрү эле ушул бойдон асмандан түшө калыптырбы. Он ай көтөрүп, омурткам сыздап төрөп, жети аркар жылдыз батканча жети айланып эмизип, эрезеге жеткирип, илим-билим, тарбия-таалим берип, берендей болгон беш жигитти өстүрүп беш бейбактын колуна салып бердим. Карыдым, арыдым. Эс алуучу мезгилим жетти. Тууганды билген катын, бакканды да билиш керек. Мен ошондой кара мүтөз катынмын. Ал эмес, ушунча болуп бир жакка барганда бала ээрчиткен жан эмесмин. Айыл-апада аш-той болуп, же башка бир себептер менен бирөөнүкүнө конокко барып, калганда бирин көтөрүп, бирин жетелеп алып барган кемпирлерди кором. Анан алардын бири, алдында чырылдаса, бири артында ийинден май колу менен апчып, айласын алты кетирет. Ойлоп көрчү, мындай убакта кандай эне тынч алып олтуруп, үй ээсинин сыйлап берген бир чыны чайын боюна сиңи-рип иче алат. Куураган немелер, анысы аз келгенсип, үйдө калган балдары ачка жаткансып, устуканын ороп, момпосуй менен печенийден чөнтөктөрүнө солон киришет. Мен андайды жек көрөм кудача. Ошентип алып барган бир тиштем эт менен таттуу балдарга айлык азык, жылдык үнөм болобу. Өмүрүмдө, май чөнтөк болуп, бет аарчыма эт түйүп, балдарга таттуу салган катын эмесмин. Абысын-ажындарым «Жеңе, бала багып, казан-аякка илээшпей сеники туура экен. Азыр биздин, жакканыбыз от, жууганыбыз бок. Карыганда бала баккандан, чочконун торопоюн баккан жеңилирээк болчудай. Эмгегиңди эле уул-келин билип, ракмат деп койсочу, - деп калышат. Мен аларды укканда «Агаңдын көрүү, бири кем дүйнө» деп ичимден түтөп, бул келин деген атасы башка шүмшүк, кайнененин эмгегин баалап, «убал болду байкушка, эс алсын» дебеген ит тура катыгүн. Келини эмес, баласынан жылуу сөз укгпаган, шору шорподой кайнаган энелер толуп жатпайбы. «Сайып тал кылып, салып там кылган, беш-алты көөмүт өз үйүнөн, өлөң төшөгүнөн очоктун ордундай opyн буюрбай, карылардын үйүнө сүрүлүп жаткан кемпир-чалдарды көргөндө өзөгүң өрттөнүп, бала деген балакеттен көңүлүң үч көчкөн журттай түшөт экен. Келиндерим кектесе, мени кектеп, жаман көрсө, мени жаман көрөр эле. Бирок, менин багыма көтөрүмдүүлүгү көлүктөй жакшы келиндер туш болдубу, же өзүмдүн балдарым жакшы болуп чыкктыбы, кудай акы билбейм. Дөөлөтүмө көз тийбесенин, келин-уулумдун уучу. узарып, укум-тукуму өсүп, мага көрсөткөн урмат-сыйды, балдарынан көрсө экен деп кудайдан миң мертебе тилеп, батамды берип, алкышымды айтып олтурам. Баса, бир кызык. Күндөрдүн биринде мындай бир окуя болду. Мени тартып, ата сакалы ээгине бүткөнчө, бир жакка барса, балдарыма деп бир нерсе ыроолоп, эч нерсе колуна кармап келбеген балдарымдын адаты бар.
Кемел Маскөөдөн жаңы келген. Бир кезде, неберем, тыштан энтиге кирди:
- Апа, атам менен учурашабыз дешип кошуналар чогулуп келгени жатышат.
Келиң уулуна серпиле бир карап алып, анан күйөөсүнө таарына сүйлөдү:
- Уктуңбу, балаңдын сөзүн. Сен так эле апамдын өзүн тартыпсың.
— Уктум. Эмне дейсиң? Апамды тартпаганда сени тартайынбы?
— Алар кирсе, Кемелдип базарлыгы деп, дасторконго коюп, ооз тийгизгендей ала келген беш момпосуюң жок. Эл сен өңдөнүп андай чоң шаарларга барганда көтөрө албай, адам көрбөгөн сонундарды алып келишет экен, - деп айтып жатканын угуп, мыйыгымдан күлүп, «Ооба, сен айтканда эле, аткарылып калаар» деп койдум.
- Ой жетеси жаман акмак, бул жерде апамды кошо турган кандай жөнүң бар? «Эчтеке албай, куру кол кел» деп апасы үйрөттү деп турасың го акылмандык кылып. Мээңди урайын ит. Мен ошончо жерден сага момпосуй көтөрүп келишим керек экен да, ээ. Ошончолук эле конфет зарыл болуп турса, магазиндеи сатып келип дасторконго салып кой». - Meн, cөз ушуну менен эле бүтөт экен десем, жок, бүтподү Келинимдин үнү кайра чыкты.

#220 14 Май 2016 - 01:15
-
Деги сен адамдан башкачасың Кемел. Сага окшогон жетекчилердин аялдарынын кандай кийинип жүргөнүн билесиңби?
- Кандай кийинип жүрүшүптүр?
-Алар жалаң чет элдик, таңсык кийимдерди кийишет. «Кызыл-Туунун» башкармасынын бул эле Бишкектен аялына, складдан кандай пальто алып келип бергенин көрдүң го өзүң.
-Бир нерсени сага айтып коёюн, мен элчилеп, катыныма чет элдик чапан, көйнөк, батинке, байпак керек эле деп, эч качан, эч кимден сурабайм да, издебейм да. Эмне, жылаңачсыңбы? - деди Кемел.
Баламдып сөзүн угуп олтуруп, тарбия үй-бүлөдөн башталат деп ушун үчүн айтышса керек деп ойлодум. Бирок, мен күйөөгө жашымда келгеним менен, кайненемдин таалим-тарбиясын албай калдым. Куураганда, менде кайнене да, кайната да болгон жок. Экөө тең мен келелектен мурда эле жок болушуптур. Бир жакшы жери — күйөөм иштерман, тың жигит болуучу. Эркек бир туугандары жок, эки кыздын ортосундагы жалгыз бала экен...
Акылбек женүндө, мен өзүм сурап коюп, анан кайра Каныштын сүйлөп жаткан сөзүн бөлүп, Элалдын энесинин таржымалын узун сабак соз кылып айтып жатканымды сезе коюп, оюм дароо чачылып кетти.
- Капырай, Акылбек жөнүндө сүйлөшүп жатып эле, башка сөзгө өтүп кеткен турбайбызбы. Бул эже, кандай көп сүйлөгөн неме деп жатасың го, ыя Каныш!
- Жок, жок, эжеке, бул сөзүңүз жакшы соз болду. Элалдын энеси уга турган да, айта турган да жакшы жактары коп, нарктуу киши.
- Көрбөгөн кишиге караганда, көргөн киши жөнүндө уккан жакшы го дейм, - деди жанымдагы шеригим. - Кана, Акылды угалычы. Анда соз сенде Каныш.
- Эмнени айтып жаттым эле?
- Жыйналыш болот деп баарыбызды совхоздун борборуна алып келди дегенсиң.
- И, баса жыйналыш жөнүндө сүйлөп жатпадым беле. Клубдун ичи жык толгон. Трибунала сүйлөп жаткан сөздөрдү бири укса, бири укпай, эки-экиден күбүр-шыбыр, уу-дуу:
- Э, шумдук, Ак-Турпакка аштык айдайбыз деп жатышыптырбы?
- Айдайм деп жаткандар бар го, сыягы.
- Айдоо аянтын жаңы жердин эсебинен көбөйтүп, чарбаны оңдойм дегенди ким деген неме чыгарып жатыптыр?
- Капардын уулун таанычу белең?
- Тааныйм, Акылбектиби? Анан агроном айтса эле макул болуп калыптырбы, директор.
- Директор жок да. Анын ордуна убактылуу иштеп жаткандар макулдашса керек.
- Бул ишти чыгарган Акылбек деп жатышат го. «Жылкычым, жылкыңа карап ышкыр» дегендей, алына жараша ышкырса болмок экен, чунак бала. Мындан улуу, мындан билимдүү, көптү көргөн көк чокулар чарбаны оңдой алышкан жок эле. Бул уюшкан мадыра баштардын колунан эмне келээр дейсиң, дешип түркүн түрлүү сөздөр айтылып жатты.
Биз эмелеки сөз кылып, «тажрыйбасы жок, мадыра баш» деп теңибизге албай жаткан Акылбек трибунага чыгаары менен, баарыбызды өзүнө тартып алды. Анын конур үнү, орду менен сүйлөгөн сөздөрү дароо эле кулагыбызга жабыша калып жатты. Азыр эле дүүлдөп жаткан клубдун ичи, сүйлөп жаткан агрономдон башка жан киши жоктой тымтырс болду да калды. Баарынан да бизди таңгалтырган иш - совхоз өткөн акыркы эки беш жылдыктын ичинде мамлекетке канча сүт, канча эт, канча жүн бересе болуп калганын фактылар менен бөлүп, ар бирин өз-өзүнчө ташка тамга баскандай так айтып, так сүйлөгөндүгү болду. Ушундай кемчиликтердин натыйжасында береселер жыйылып отуруп, чарба мамлекетке коп суммадагы карыздар болуп калганын белгилеп өттү. Ар жыл сайын карыздан кутулуунун ордуна: карыздын үстүнө карыздын кошулуп жатышы чындап эле угуп олтургандардын үрөйүн учуруп салды. Дан эгиндеринен,
көп жылдык чөп мемен тоюттук өсүмдүктөрдөн түшүм жыйнап алуунун деңгээлинин төмөндөп кетиши, мал чарба продуктуларын өндүрүүнү артка тартып жатат деп белгиледи оратор. - Ал эми жумушчулардын жашоо, турмуш абалдары менен эч кимибиз эсептешкибиз келбей жатпайбы, - деди Капаров, - мен эч бир үйдөн маданияттуу, бакыбат, жеткилең турмушта жашап жаткан адамдарды көрө албадым. План, милдеттенме деп олтуруп, тукулжурап калганыбызды эмне үчүн эске албайбыз. Биз оболу элдин камын ойлоп, алардын турмуш абалын оңдоп туруп, андан кийин иигиликтүү ишти, баатырдык ачылыштарды талап кылышыбыз керек. Бир соз менен айтканда, тигиндей болсо да, мындай болсо да ар бир жылдын мол түшүмү үчүн күрөштү күчөтүүнүн бирден бир ачкычы механизаторлордун колунда тургандыгын айтпай коюуга болбойт. Техника - бул айыл чарбасынын кудайы. Биз ар кандай жумушту техникага таянып иштешибиз керек. Бул ишти жөнгө салбай туруп, турмушубузду да оңой албайбыз, чарбаны да алдыга жылдыра албайбыз, жолдоштор!
Айыл чарба машиналары ачык асмандын алдында дат басып, кудайдын боору ооругандай болуп, өз сапатын жоготуп жатканын көрүп төбө чачым тик турду. Аларга жайда жаан тийбегендей, кышта кардын алдында калбагандай кылып, сарамжалдуулук менен мамиле кылышыбыз керек. Антпесек, техникалардан тез эле ажырап, кол жууп олтуруп калабыз. Дагы бир сөз механизаторлордун эмгегин баалай билишибиз керек. Дегеле жалпы эле жумушчуларга адамдай мамиле, адамдай камкордук болбосо, ийгилик болбойт жолдоштор. Ар бир адамдын өндүрүмдүү иштешине шарт түзүшүбүз керек. Мехпарктын өзүндө ысык тамак уюштурулбаса, кычыраган кышта, механизаторлордун ремонтто иштеши өтө эле кыйын болоору, мен айтпасам деле түшүнүктүү эмеспи. Социалисттик мелдешти жогору коюу, алдыңкыларга сыйлык берүү, күжүрмөн баракча чыгаруу сыяктуу көп нерселер алдыда турат.
Мындан тышкары, даты бир айта турган сөз— короо алдындагы өздүк чарбабызды сарамжалдуу пайдаланууну колго албай туруп жарыбайбыз. Ар бир түтүндө, айдалбай ээн жаткан тердиктин бетиндей жер болбошу керек. Бул үчүн биз жакын аранын ичинде дирекцияда атайын карап, чечим чыгарышыбыз абзел....
Акылбектин сөзүнөн кийин олтургандардын ара-сында кол көтөргөндөр көбөйүп кетти.
- Менин суроом бар, - деди ордунан козголо берип кол көтөргөн жигит. - Эмне, мындан ары өз короо-жайыбыз үчүн да силерге жооп беребизби? Өзүбүзгө тиешелүү жерди айдайбызбы, айдабайбызбы, ал жерге жетекчилердин кандай тиешеси бар? Мунуң жарабаган ашык сөз болуп калды. Эми совхоздун жери бүтүп, биздин огородубуз калдыбы силер кийлигише элек. «Боёкчу, боёкчу десе, атасынын сакалын кошо боёгон экен» илгээри бирөө. Анын сыңарындай сен дагы, агроном, агроном деп койсо аша чаап баратасың. Мындай ишке биз жол бербейбиз, жолдош Капаров. -
Акылбек ордунан турбаган калыбында жооп берди.
- Туура айтасың, жериңерди өзүңөр үчүн иштетесиңер. Ракатын көрсөңөр өзүңөр көрөсүңөр. Огородуңар гүлдөп, базардан сатып алуучу жашылча-жемиштер өз колуңар менен өндүрүлсө жаманбы. Мага туура түшүнбөй жатасыздар. Качанка чейин эле алыш-корушу жок эт менен күн көрөбүз. Бул үчүн силерди башка республика, башка облустун дыйкандарынан үлгү алыш үчүн жер-жерлерге кезмети менен командировкага жиберишибиз керек. Эмгектен качкан, жатып ичээр жалкоонун баары бизге чогулуптур. «Үйүндө кашык айраны жок баласынын аты Жууратбек» дегендей, оозуңарды толтуруп сүйлөгөнүңөр менен адам кубанаарлык эчтекеңер жок.
- Меним суроом бар, - деди дагы бирөө
- Айыл чарба машиналарын, суу тийгизбей кантип сактоого болот? Бардык жерде биздей эле абал го?
Капаров күлдү.
-Ой азама-а-а-т, ушуга түшүнүгүң жетпей калдыбы Ал үчүн мехпаркка калканыч жасаш керек.