Суперстан: "АРМАН" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"АРМАН" Зуура СООРОНБАЕВА

#81 Пользователь офлайн   jasgul   05 Апрель 2016 - 22:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Marjan90   06 Апрель 2016 - 08:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 249
  • Катталган: 28 Январь 16
  • Соңку аракети: 11 Мар 2020 10:41

Улантынчы автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   06 Апрель 2016 - 19:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

коюп калып турса болобу.Мурдум кан жыттана түштү. Чалкамдан жыгылып баратып, темтеңдей түшүп түзөлдүм. Мурдумдан кан атып кетти.

- Кана, мушташабызбы? ! - деди, мени көздөй жүткүнүп турган Айтууган. -Даярсьщбы?

- Даярмын, - Артка бир аз чегине берип, Айтуу- гады бет талаштыра кандай сүзгөнүмдү өзүм да бил- бей калдым. Ал ошол замат, ылаачын тийген коёндой көмөлөнүп кетти. Аны өзүм кайра жакадан алып тур- гузуп, кулак түпкө коюп калайын дегенче болбой, ортобузга кимдир бирөө түшө калды.

- Болду, токтоткула чатагьщарды. Бир кыз үчүнэр өлөбү, ыя? Кыргызда кыз кырылып калгансып, акмактар. - Айтууганды эки киши арыжетеледи. Мени даты бирөөлөрү кармады. - Кызыл ала болуп, ушул кантипадамкерчилик болсун.

- Коё бергиле, мени жасаган кудай ушул болсо да, жанагы айткан сөзү үчүн бул итке корсетом. Жооп бериш керек ал...

Менин жүрөгүмдү күйгүзүп, канымды кайнатып тур­ган иш Айтуугандын жанакы Наргүл жөнүндө айткан жагымсыз сөзү болду. Ошол маалда жаалданып, ачуу бүркүп келаткан кайнатамды көрүп ичиркенип кеттим.

- Бул жерде эмне болуп жатат. Кызыл-алакьшып

Айтууганды кимидерсабадьнар? «Ит менен куда болсо

бок менен той болот»деген ушул. Булардьш сырын билем да мен. Бүлөдөн айланган акмактар, Наргүлүмдөн садага кетсин. Бул өндөнгөн күйөөнү кесир болбосун, топурактан жууруп алам.Айткыла, Айтууганды кордогон ким?

- Эч ким кордогон да жок, эч ким сабаган да жок. Акылбекке ал өзү биринчи кол салды. Экөөнүкү шайма-шай болду. Анын мурду да кан жалады,мунун мурду да кап жалады.

Угуп койгула, Айтууган үчүн бириң змее, баарың жоон бсрссиц. Соттолосуңар. Эй башы жоктор, ал баланын ким эксиинбилесицерби, деги. Кайда Наргүл, алып чыккылачы бери. Ой, ырысы жок, шордууба­лам, ушул жсти ага, жсти тукуму жакшылык корбогон томаяктардап эмпспипрахатын кором деп ойлоду экен. Зордукчуларга олүм!

коюп калып турса болобу.Мурдум кан жыттана түштү. Чалкамдан жыгылып баратып, темтеңдей түшүп түзөлдүм. Мурдумдан кан атып кетти.

- Кана, мушташабызбы? ! - деди, мени көздөй жүткүнүп турган Айтууган. -Даярсьщбы?

- Даярмын, - Артка бир аз чегине берип, Айтуу- гады бет талаштыра кандай сүзгөнүмдү өзүм да бил- бей калдым. Ал ошол замат, ылаачын тийген коёндой көмөлөнүп кетти. Аны өзүм кайра жакадан алып тур- гузуп, кулак түпкө коюп калайын дегенче болбой, ортобузга кимдир бирөө түшө калды.

- Болду, токтоткула чатагьщарды. Бир кыз үчүнэр өлөбү, ыя? Кыргызда кыз кырылып калгансып, акмактар. - Айтууганды эки киши арыжетеледи. Мени даты бирөөлөрү кармады. - Кызыл ала болуп, ушул кантипадамкерчилик болсун.

- Коё бергиле, мени жасаган кудай ушул болсо да, жанагы айткан сөзү үчүн бул итке корсетом. Жооп бериш керек ал...

Менин жүрөгүмдү күйгүзүп, канымды кайнатып тур­ган иш Айтуугандын жанакы Наргүл жөнүндө айткан жагымсыз сөзү болду. Ошол маалда жаалданып, ачуу бүркүп келаткан кайнатамды көрүп ичиркенип кеттим.

- Бул жерде эмне болуп жататТ^Кызыл- ала кьшып

Айтууганды кимидерсабадьщар? «Ит менен куда болсо,

бок менен той болот»деген ушул. Дулардьш сырын билем да мен. Бүлөдөн айланган акмактар, Наргүлүмдөн садага кетсин. Бул өндөнгөн күйөөнү кесир болбосун, топурактан жууруп алам.Айткыла, Айтууганды кордогон ким?

- Эч ким кордогон да жок, эч ким сабаган да жок. Акылбекке ал өзү биринчи кол салды. Экөөнүкү шайма-шай болду. Анын мурду да кан жалады,мунун мурду да кап жалады.

-Угуп койгула, Айтууган үчүн бириң змее, баарың жоон бсрссиц. Соттолосуңар. Эй башы жоктор, ал баланын ким эксиинбилесицерби, деги. Кайда Наргүл, алып чыккылачы бери. Ой, ырысы жок, шордууба­лам, ушул жсти ага, жсти тукуму жакшылык корбогон томаяктардап эмненин рахатын кором деп ойлоду экен. Зордукчуларга олүм!

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 06 Апрель 2016 - 19:14


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   06 Апрель 2016 - 19:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Кайнатамдын суук сөзүн угуп, чыдабай кыйкырып жибердим:

- Ай, айланайындар апама айткылачы, Наргүлдү алып чыксын. Эки айылды Кызыл кыргын түшүрбөй куугуyчуларга өзү чыгып, өзү жооп берсин. Элчилик болбой калды го.

Наргүл чыр-чатакты көрүп, уу тилдерди угуп, менден мурда эле өзү келаткан окшойт, үнүн угуп санаам тына түштү. Кыз атасын көрүп ыйлап жиберди:

-Атакебай, кечирип кой мени, ынтымакка келиңиз. Бул жерде эч ким күнөөлүү эмес. Мен Акылбекке оз каалоом менен келдим.

Кайнатам кызын көрүп бурк этти. Көздөрү алайып, өңү кубарып турду.

- Бас бери. Эмне ыйлайсың? Көзүңө ак түшүп эле калсачы сенин. Шерменде кылдың го эл-журтка. <Куш жаңылып торго түшөт, эр жаңылып колго түшөт» деген ушул. Сени тигил жакта баардыгы күгүп жаты-шат. Жүрү кеттик.

- Коё бер атаке, мен эч жакка кетпейм.

- Ээй башы жок, Айтууган жаман жигитпи ыя? Өлүп калып жүрбө байкуш.

Өлтүрсөң өлтүрүп сал. Бул үйдөн сөөгүм чыкпаса, өзүм чыкпайм. — Наргүлгө тырмышып, жылаңбаш жүргөн кайсыл аял десем, өз энем экен.

- Айланайын Карагул, билесиң го, Акылбегим он баланын улуусу, төл башым эмес беле. Ал эмес ушул үйдө атын Акылбек деп өзүң койдуң эле го. Жер каратпа баламды. Капар менен жан кайышпас дос эмес белең. Өлгөндүн арбагын, тирүүнүн кадырын сыйла. Жетим-жесир деп бизди чанба. Ата ордуна ата бол Карагул. Акылбек да жетилээр, өсөөр, адам болоор. «Корунгон тоонун ыраагы жок>>.

- Болду, качанкы бир жомокту айтып башымды оорутпа сен. Өссө өзүнө. Мен оз баламдын тагдырын өзүм чечем, өз баламды өзүм билем. Сен өз баланды өзүң бил, уктуңбу?! Менин кызымды бере турган жерим, күтө турган куда сөөгүм башка.

Антип үзүл-кесил сүйлөбө, Карагул. Катуу айтып кажышып, минтип бири-бирибиздин көңүлүбүздү

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 06 Апрель 2016 - 19:22


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   06 Апрель 2016 - 19:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

калтырышпайлы. Эки бала өздөрүн өздөрү билишип, Акылбек Наргүлдү жактырып, Наргүл Акылды жактырып кол кармашып келип калышыптыр. Эки бала-ны ыйлатпай, элчиликке кел, Kapaiyn. Айланайын, башым тартуу, малым тартуу.

- Билем мен, Наргүлүмдүн ким менен сүйлөшүп, жүргөнүн. Баламды азгырды да жанагы сенин акылы жок уулуң. Азыркы заманда бузуку менен зордукчулга жол жок экенин кандай түшүнбөгөн немесиңер. Э түшкө кирүүчүдөй болбой жоголчу нары.

Алдында эки колун бооруна алып, Карагулдан жак-шьшык күтүп, мөгөдөй салбырап турган апамды түртүп жиберди. Апам жыгьшып кегги. Ал жаткан жеринен ту-ралбай жатып, бутунан кучактап буркурап ыйлап жатты.

- Айланайын Карагул, антип айтпа. Өзү макул болбогон, өзү сүйүп жактырбаган көңүлсүз кызды Акылбек алып кел бейт болучу.

Кайнатам апамдын кош колу тийер-тийбестен эле, чок басып алгандай бутун ачуулу тартып алды.

- Э канчык, жогол нары менин аягыма жыландай оролбой.

Апам даты эле тургандарга ызалуу үн менен жал-дырады:

- Ой, эл, оо журт, эмне карап турасьщар, Карагул-га бир ооз сөзүңөр отпей калдыбы? Эки баланы эки жерде сыздатпай, алдагы келинди кетирбей алып кал-гыла, кагылайындар.

Апам башын көтөрүп, ордунан турам деп обдулуп баратып, кайра жер кучактай жыгьшды. Көрүп турган козүмө ишенбей, дене боюмдан жан кетип, дабдырак-тай гүштүм: Арабыздагы алты кадам аралык, алты чакырымдай созулуп кеткендей туюлду мага. Мен ылдам эле басып баратам дегеним менен басалбаптырмын. Тек гама басып баратам деп ойлогонум менен, турган ордумда жерди таптап турганымды, качан Ашым атам-дын ачуулу үпү чыкканда гана билдим. Ал киши, түндө эл тара ганда эле, ошолордун чинде биздикине келгсн жээнп менен бүтүшө турган жумушу чыгып калып кошо ксткеи. Качан келип калганын билбейм, атамдын үнүн угуп аласала сү^үнүп кеттим.

- Ой иттин баласы, ал жерге сени бирөө кадап койдубу, эмне турасың, баспайсыңбы? Э, кысталак акмак, баласы кызымды ала качып келди деп, куда-гыйын күнөөлөп, кудагыйына кол салган кайсы элдин салтында бар. Бол, бат, догдур чакыр. Оорукчал неме өлүп кетпесин шорубузду кайнатып. -Ашым атам ар жакта китеп баштыгын жонуна артынып, уруш-жаң-жалды сонуркап карап турган өспүрүмдү карай кый-кырды. - Ай, Кайыптын баласы!

- Эмне чоң ата!

- Айланайын, барып догдурду чакыр үйүнөн. Киши катуу ооруп жатат де. Анын ары жагындагы участка-лык милициянын үйүнө баш багып, чатакты дааналап айтып, тез чакырып кел.

- Мен окууга баратам чоң ата, кечигем го.

- Кечикпейсиң. Милициянын үйү да, догдурдун үйү да жолуңда. Бул жерде эмне болуп жатканын көрүп жатасыңбы? Бар айланайын, кечикпейсиң.

Чоң атамдын сөзүн угуп, атаа, милицияны чакыр-бай койсо болот эле, чунак киши, - деп ойлоп, бирок каршы боло алган жокмун. Апамдгш жанына келип, башын көтөрөйүн деп баратып, чоң атамды көрүп жүрөгүм оозума тыгылды. Ашым атам түз эле ар жакта үйүлүп жаткан отундун жанына барып, бир сокмоктуу кок союлду колуна алып, кайнатамды көздөй басып келаткаиын, көрүп эмне кылаарымды билбей ката түштүм. Ал киши Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи группадагы кантузияга чалдыккан майыбы болуучу. Наргүлдү машинаны коздой, кежелтип жете-леп бараткан кайнатам, Ашым атамды көрүп токтой калды. Мен Наргүлдү алар кандай коё бергенин билбей калдым. Бардыгы туш-тушка чачыла беришти.

- Азыр сени өлтүрүп, машинагңы өрттөп сала элегимде жогол бул жерден. - Союлду ойнотуп турду. - Алып кет кызыңдын. Акылбектин сага кереги жок болсо, мага да сенин кызыңдын кереги жок.

- Ташта союлду. Сен мени өлтүрсөң, сени ким өлтүрөөрүн билесиңби ыя?

-• - Мени эч ким өлтүрө албайт. - Атам өз көкүрөгүн өзү койгулады. - Сен эмес, мени Ата Мекендик согуш-

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 06 Апрель 2016 - 19:26


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   06 Апрель 2016 - 19:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

та төрт жылы салгылашып, немистер өлтүрө албаган, сен өлтүрө алмак белец? Мени өлтүрөм деген фашист-тердин өздөрү өлүп, өздөрүнүн сөөгү сөпөт, устуканы упат болуп талаада калган. Кудайынды кара Карагул, «кемибейм деген хандын да татым тузу кемиген экен». Ушул бойдон азылууга алдырбай, тумшуктууга чокутпай, алдым-жуттумдук менен кемибей, бөксөрбөй, мелт-калт бойдон чардап өтөм деп турасыңбы? «Кысасыз кыямат болбойт». Карагул, өлбөй тирүү турсам көрөрмүн сени да? Таянган тооң да кулаар, ишенген кожоң да сууга агаар. Силердей отоо чөптөрдүн да тамыры жулунаар. Башканы унутсаң да, Капарды уну-та турган эмес элең. Арбак урсун сени. - Союлун ойнотуп Карагулду көздөй уламдан-улам акырындык менен жакындай басты. Өңү өчкөн кайнатамдын үрөйү учуп, шашкалактап артына кетенчиктей берди. Анткени, Ашым атамдын согуштан каны бузулуп келгенин баары билүүчү. Ал киши ачуусу келгенде өлөөр-тири-лээрин билбей, акыл токтото албай эсин жоготуп коюучу. Ошон үчүн эч ким ага каршы сүйлөй алчу эмес. Кайнатам кетенчиктеген сайын , Ашым атам да улам демитин, союлун ойноткону улам күчөп баратты. Жүрөгү түшкөн эл экөөнүн ортосуна арачага түшмөк турсун, алды-алдынан туш-тушка кача беришти. Ошол маал-да бирөө жыга койгонсуп, кайнатам өзүнөн өзү жерге кыйган теректей болуп кулап түшкөнсүдү. Өңү өчүп, каны ичине тарткан Ашым атамдын үнү барк этти:
-Сенин ишиң адам эмес, кара жерге да жаккан жок. Төшү гтүктүү кара -жер, чанач чапкандай чалкаң-дан көтөрүп чапты го. - Атам ар жакта, тигилердин машинасынын жанында селейип турган шофёрго карап күчөпө сүйлөдү. - Алгыла бул иттин сөөгүн. Менин ордума жараткан өзү жазалап жаткан соң, эми бул малгунга кол көтөрбөйм. Союлун ыргытып жиберди...

Кайнатамдын бели мертиндиби, же буту сындыбы, айтор ок жеген аюдай болуп, жыгылган жеринен козголо албай кокуйлап жатты.

Мен али да, дагы алда кандай болуп кетет деп кооптонуу менен Ашым атамдыи этегине эрмешип, жакасына жармашып жалынып жаттым.

- Атаке айланайын, болду эми, жүрүңүз үйгө!

Менин колумду серпип салды.

- Ээй, арсыз жетим, мен ушулардын кылыгын көрүп туруп, кантип үйгө барам, кантип тынч алам, ыя?! Мен сен үйгө кубалагандай, бул жерде эч күнөө кылган жокмун.

- Туура, эч нерсе кылган жоксуз, билип турам ата. Келиниңиз ооруп жатса, үйгө кирбейсизби, жүрүңүз.

- Коё бер мени тартпай. Тетигил Карагул деген итти көрүп туруп, атаң эч жакка кетпейт. Жоголсун тигилер мурда.

Ашым атамдын согуштан алган айыкпас дарты бар экенин билсем дагы, мынчалыгын көрө элек бол-чумун. Жанакы көрүнүшүн ойлоп, азыр да санаам тынбай коркуп турдум. Бир заматта көздөрү чанагы-нан ыргып кетүүчүдөн бетер, каректерин кан тээп, өлөөр-тирилээрин билбей өзүн жоготуп койду. «Эркек туумак, кыз туумак эсте болсун» деп илгери бир жа-ман катын айткандай, бул кишиге мындан ары мын-дай чуулгандуу ишти угузуш да, көргөзүш да жара-байт экен деп ойлодум.

Ушул маалда ортончу карындашымдын «Байке, апам жүрөгүм деп чыдабай жатат» деген сөзүн илип алган Ашым атам селт дей түштү.

- Мына ушундай болмок. ^Азыр эле Кайыптын баласын догдур чакыр деп жибердим эле, айткан эмес го чунак. Бар, тезирээк догдур чакыр.

Биз киргенде апам жүрөк тушун кош колдои ба-сып, бөлмөдө аркы-терки илбий аяк шилтеп туруптур. Бозала болгон бөбөктөрүм менен карындаштарым апам экөөбүздү алмак-салмак жаштуу көздөрү менен жал-дырай тиктешет.

- Эмне, догдур чакырайынбы ыя апаке!

- Валидол берчи мурда.

- Азыр апа, азыр. - Мен диванга жаздыктарды каттап бийик коюп, апамды каруудан алып жетелей бастым. - Жатчы, догдур жүрөк ооруганда башты бийик жаздап, тынч жатыш керек дечү эмес беле. Баскам болбойт да. Эчтеке ойлобо, апаке. Баары жак-шы болот. - Аста жаткырып, ички үйгө кирип, сура

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 06 Апрель 2016 - 19:32


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   06 Апрель 2016 - 19:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

ган дарысын алып, тилинин алдына салдым. Чыда. Тыштагы жаңжал басылсын апа. Анан дароо догдурга алып барам.

- Кайнатаң кете элекпи даты эле? - алсыз үн катты.

- Кетип жатышат.

- Акем Карагулга кол салдыбы?

- Тажатып жиберди да. Ал киши өзү жыгылып кетпегенде, башын жара чабат беле, ким билет. Ашым атам ачуусу келгенде коркууну да, аёону да билбей калат экен, ээ апа.

- Кантузия болгон адам ушундай болот тура.

- Коркунучтуу экен.

- Дети эмнеси болсо да, Карагулдун бели мерти-нип, буту-колу сынбаса эле болду.

- Билбейм эмне болгонун, туралбай жатат. Жаз-дым басып алып бир жерин кокустатып алды го.

- Мени да кудай жараткан. Ушул колумдан ак май, кызыл чайымды эчен ичти эле, тузум урсун. Ылайым өпкө-жүрөгү үзүлүп өлүп кетээр күнү кайда. Чоң атаң болбосо көрөт элем сени. Жаман сөз жаман тура. Ырас жүрдүм эле, оңбой калдым окшойт. -Апам эрдин тиштеди. - Ай балам ай, балам. Ушул Доңуздун кызын бекер эле алган экенсиң. Кайда аның?

- Билбейм апа. Өзүм да өкүнүп, эмне кылаарымды билбей турам. Алсаң алып кет деп тим койсок болмок экен.

Энемдин аяк жагында турган карындашым апама карады.

- Жеңем үйдө, апа. Анда эмне күнөө?

Туура айтасың каралдым, баса, Акылбек менен жеңеңде эмне жазык. - Мага жашылдана карады. -Кагылып кетейин кулунум ай, сага Карагул кайрым-дуу ата болбой калды. Сөзгө келээр дедим эле, келбе-Ди сөзгө. Алып кетем деп эшик-терезени кыйратып жатканда эле, кызын алып чыгып, колуна салып бер-сең болмок. Сени капа болуп, сынып калат деп аяба-дымбы. Башыц аман болсо муунуң сайын, жүүнүң сайын колукту. Балдарынын келечегин ойлобогон киши турбайбы. Көрөсүң го, мындан сага да, бизге да жакшылык жок. Өз баласынын ажарына карап аябаган, кимди аяп, кимди сыйламак эле. Кокус Наргул кетем десе жолун торобо, балам. Мындай немелерден эрте кутулганыбыз оң.

- Олда апакебайым ай, Наргул кетем деп жаткан жери жок да! - дедим шылкыйын.

- Ой кудай ай, сен учун ата-энесинен кечмек беле/! Айтты го, жанакы Айтууган деген бала алмак тура бул келинди. Куйуп-бышканына Караганда ата-энеси мансаптуу, мартабасы бийик немелер болсо керек.

- Апаке, тынчтанчы. Сага йындай учурда коп сүйлөөгө, капа болууга, жарабасын өзүң билесин, да. -Айтууган жөнүндө уккум келбей кетти.

- Ракмат балам, көңулүмду которуп, кабагымды ачтьщ го!..

Апама ачык айтпаганым менен көңүлүмдө озум эле, Айтуугандын созунон улам, Наргулдон кечип тур-дум. Кокус, кетем десе «Бар, кете бер» деп атасынын артынан Айтууганга 'кошуп берип кутулгум да кслип кетти. Бирок, намыс деген намыс экен. Апам айткандай айыл-апага, тели-теңтуштардын алдында созго солтук, кепке кемтик болоорумду ойлоп, эмне кылаа-рымды билбей тегеренип турган кезимде, Ашым атам Ивановду ээрчитип кслип калды. Ал киши биздин участкалык милициябыз болуучу. Кара кылды как жарган калыстыгы менен кадыр-баркка ээ болгон ЖӨНӨКӨЙ, жакшы адам. Ал дароо мени какшыктады:

- Куш боо бек болсун баатыр! Ай, ай, ай, тушунуктуу жаштар да ушундай иш кылабы? Бул кыргыздар кыз ала качканды качан коёсуңар деги. Ата-эне менен кеңешип, макулдашып, ыраазылык менен үйлөпүүгө болбойбу силерде? Качанка чейин эле, келе бакан, куу союл болуп жаңжалдашып жүрөсүңөр. Тигилердин айтымында, бул кыздын сүйлөшкөн жиги-ти, бара турган жери башка турбайбы. Ата-энеси, ага-тууганы баары билет экен. А сен болсоң...

- Жок, Борис Иванович, кыз уурдап жинди белем. Кызды макулдугу менен эле алый келгем. Ал мага суйлошуп жургон башка жигити бар экенин айткан эмес. Ишенбесеңер кыздын өзүнөн деле сурацыз. Ата

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   06 Апрель 2016 - 19:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

энеси сыртынан, кызыма айтпай бүтүм чыгарып жүргөн иш болсо, аны билбейм.

- Кайда ал кыз?

- Үйдө.

Тыштан үндөр угулду. Кимдир бирөө ачык турган алиги терезеге келии, Ивановго муштумун кезеди.

- Жолдош Иванов, сен калп эле кайпактаба, уктуңбу? Бул жерде айыл үстүлүк кылып, буларга жан тартпай, калыстык кылышың керек. Болбосо биз районго, ал болбосо облус же республикага чейин арызданабыз. Кокустан, бул киши уурдагыч, күнөөлүү адамдарга жан тартчу болсоң, өлбөгөн жерде калышабыз.
«Айыл үстүлүк» деген сөзгө милиционердин ачуусу келе түштү.

- Түшүнүк кат жазгыла дебедим беле. Пай, пай, пай айыл үстүлүк деген соз эмне соз? Кызык эле адамсыңар.

- Жазылат да түшүнүк кат. Биз Карагул атаны ооруканага жеткириш үчүн «Тез жардамды» күтүп жатабыз. Өзүң көрдүң го. Булар кызын зордуктап ала качып келгени аз келгенсип, атасын сабап, бутун сындырып олтурушат. Менимче күнөөлүүлөр бир эмес, эки статья менен соттолушу керек. Деги сен ким менен сүйлөшүп жатканыңды билесиңби? - деди Күнтууган.

-- Билип жатам, - деп жооп берди Иванов, - сен тигил «Байрак» колхозунун башкармасынын торагасы Залимбековдун баласысың. Чыны, сени биринчи көрүшүм.

- Айтууган экөөбүз бир тууганбыз. Билет турбайсыңбы.

Бириндин атьң Айтууган, бириндин атың Күнтууган. Жагымдуу жакшы атыңар бар экен.

Баякыда биздикинде болгонуңду билесиңби?

- И, иш боюнча болгомун.

- Он иштен тескери жыйынтык чыгарганыңды да билесиңби?

-Билем. Бирок, ошондо ак безертип, канча киши-нин убалына калганыңарды, силер да унутпасаңар керек. Мен туура чечим чыгаргамын.

- Жок, туура иш кылган эмессиң. Күнөөлүүнүн бетин башка киши ачкан.

-Ал силерге сатылган өз кишиңер болучу.

- Жетишет жолдош Иванов, коп эле былжырай бербе. Деги сен, Наргүлдүн жездеси областтык партия комитетинин биринчи катчысы экенин билесиңби? Мага ушуну айтчы.

- Билем, билем. Дагы эмне дейсиң?

- Айтууган областтык жетекчи кызматка көтөрүлүп жатат. Аны да билесиңби, же биле элексицби? Кийин өкүнүп калып жүрбө.

- Уккам.

- Жакш-ы-ы. Ырас аны да билет турбайсьщбы. Ошондой ДОС, биз көчөдө жүргөн көптүн бири эмес-пиз.

- А, сен өзүң эмне кылып, бул чатакка аралашып жүрөсүң?

- Аралаша турган иш болсо аралашам да. Эми мени тергейин дедиңби?

- Сени тергесе эмне экен? Суроого болбойбу?

- Жок, жолдош Иванов, сен мени тергей да, сурай да албайсың. Бул чатак үчүн жооп берериңди унутпа. Ашымды баш кылып буларды камаш керек. - Күнгуу-ган ачуулуу бурулду.

- Бул бала мае эмеспи? - деди Иванов.

Жок, бул соо эле. Берки Айтууганы мае болуучу. Мансабына манчыркап, таянган тоосуна чиренип жылан-дыи башын чыгарып, сес көрсөткүлөрү бар, - деди тур-гандардын бири. - Атавдын көрү-ү, ушул көпкөн иттер-дин желин чыгарып койсо, сопун эле болоор эле. Бирок...

- Сиз кол салдьңызбы, ыя Ашыке? - деди Иванов.

- Кимге?

- Карагулга.

- Жалпайта чаап салайын дегенмин. Бирок, тийген жокмун. «Бардырбасың бардырбас» дегендей, балдарды аяйт экенсиң. Тим эле коркок билиш кылайын

дегенмин. Иши кара да, таптаза, түптүз жерден өзү мүдүрүлүп жыгылды. Кудая тобо, адам жыгылып, бир жери кокустай турган деле жер эмес болучу. «Кыла мыктан бут сынат, буламыктан тиш сынат» болду.

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 06 Апрель 2016 - 19:47


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   06 Апрель 2016 - 20:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

- Алар сизден көрүп жатпайбы. Уктуңуз го.


- Жок, жок, тийген жокмун. Урсам урдум, чапсам


чаптым деп эле айтат болчумун. Эмне болгонду эл көрүп турбайбы. «Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн» дегендей, эми булар ушинтип догурунушат!


- Ушунун баарын, көргөнүңүздү көргөндөй, болгонду болгондой кылып, кыска, так, түшүнүктүү кылып жазып бериңиз.


Апам бышактады:


- Ак ийилет, бирок сынбайт. Башкалар калыстык кылбаса да, эми сен калыстык кыл, Борис балам. Келин колдо турат. «Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн» дегендей, билесиң го өзүң.


- Билем aпa, коркпоңуз. Келиниңиздин көзү түз, колуңузда тургандан кийин, акыйкат баары бир силер жакта болот. Кантип эле күнөөсүз адамдарды күнөөлүү деп кармап берели. Акыйкатталат.


- Деги Акылбектин колуктусу менен сүйлөшүп, колунан кагаз алып койгула. Кокустан атасынын сөзүн сүйлөп, бүлө болбойм десе кармабагыла. Ал кыз мурунтан эле Айтууган менен сүйлөшүп жүргөн неме го.


Ашым атам бул сөздү угуп чочуп кетти.


- Келин кетти дегенче, Акылбек түрмөгө түштү деп кой. Кептин баары келинде калды. Эси болсо ойлоноор, бирөөнүн убалына калбайын деп. Наргүлгө кокус жаман айтып, көңүлүн калтырбагыла.


Мен Наргүлдүн биз олтурган бөлмөгө качан киргенин байкабай калыптырмын. Үнүн угуп жалт карадым. Ал ыйлап жиберди:


-Мага туура түшүнгүлө, атам сөзүмдү укпай жатса эмне кылайын. Ачуусу да тараар, кепке да келээр. Кантип эле ушул бойдон карарып калсын. Мына, түшүнүк кат. Кимге берейин, сизгеби Борис Иванович.


- Ооба, мага.


Наргүл мага, анан апама карады.


- Силер Айтуугандын сөзүнө ишенбегиле, Акылбек. Мен ага турмушка чыгууга макул болбой койгондугум үчүн, атайы атамдын өзүн баштап келин өч алып жатат. Айтуугандын атасы менен атам дос. Куда-

сөөк болуу жөнүндө ортодо көптөн бери сөз жүрүп келген.

Наргүлдүн сөзүн угуп, эмелеки Айтуугандын айткан жагымсыз дооматы көөдөнүмдү тиреп турса да, аялыма ишенбей коё алган жокмун. Балким Наргүлдүкү туурадыр деп ойлодум. «Акылбек аялын Айтууганга тарттырып жибериптир» деген сөздүн чыгышынан уялып «Атасынын көрү, кимдики чын, кимдики калп көрө жатаармын» деп ойлоп, сокур намыстын кулу болуп турдум.

Апам бир кезде колуна жансыз кармап турган калеми менен кагазды мени көздөй көңүлсүз ыргытып койду.

- Жазган жоксуңбу, ыя апа? - дедим актай кагазды көрүп.

- Жок, жазган жокмун. Жазгым келбеди балам.

Баарыбыз апамды тиктеп калыптырбыз. Тээ бир

кезде, Ашым атам шилекейин ирмей жутуп сурады:

- Э балам, жазган жокмун дегениң кандай?

- Мага туура түшүнгүлө акебай, «Таздын көөнү болбосо, кыздын көөнү жокпу» дегендей, айдай болгон баласы, минтип биз деп, Акылбек деп турса, кантип жазам? Эки баланын кадыры үчүн жазгым келбеди. Жакшы эле жүрөгүм муздап, дилим карарды эле. Бирок, чын-чынына келгенде жамандыкка баралбайт экенмин. «Дос айрылат сөөк кайрылат» дегендей, Карагул бизди чанып кайда барат дейсиңер.

Апамдын сөзүн угуп, «Ачуулунун алдынан чыкпа" деген сөздү ойлоп, соороно түштүм. «Жаңылбас жаак үдүрүлбөс туяк болбос». Жаштык кылып Айтууганга азгырылса азгырылып алданса алданып калгандыр. Киши өлтүрсө деле кечирилет турбайбы, - дейм ичимден. Өткөн күндөрдөгү мүнөттүк ракаттын миң жылга бергис сезими менен жүрөгүбүз сүйүүгө толгон минуталарды эстеп кеттим. Мен анын наристедей кыз бойдон экенин, же жубан болуп менден мурда бузулуп калганын ажыратып билбей калганыма гана өкүндүм. Бул өктөөсү көп өкүнүч мастыктын кесепетинен болуп кеткенин ойлоп өзүмдү өзүм жемелей берем. Бирок.

болoopy болуп, боёосу кангандан кийин өкүндүң эмне,


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   06 Апрель 2016 - 20:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

өкүнбөдүң эмне. Колуң менен жасаганды, мойнуң менен көтөрүшүц керек. Апам айткандай, кызы мен деп мында турганда, атасы туйлап кайда бармак эле, - деп ойлоп, көңүлүбүз бир аз тынчый түштү. Апамдын кечирими, ишимдин оңолгону деп, төлгө кылып да койдум. «Оо, менин айланайын айкөл апам, башка энелер да өзүңө окшоп кең пейил, кечиримдүү болот болду бекен? Ушинтип өзүмдү өзүм сооротуп, бир аз көңүлүм жай боло түштү. Ошол кезде апам мага кайрылды:

- Акыл, деги сен кайнатаңа ороңдоп катуу айтып, тил тийгизген жоксуңбу?

Шаша жооп бердим.

- Жок, жок апаке, ал жагынан кадырыңыз жан болсун. Мен ал кишиге каяша сүйлөп, катуу айтмак турсун, жанына жакын жологон жокмун.

- И, ырас кылыптырсың балам. - Ар жакта бүрүшүп ыйлап олтурган келинине карады. - Наргүл, сен да капа болбо айланайын алтыным. Бул дагы болсо пендечилик, балдарым. Тирүүлүктө ар кандай өөдө-ылдый иштер ортодо боло берет. Унут болоор бул күндөр.

Жылдызы жерге түшүп, кабагына кар жаап, өңү өчүп олтурган Наргүл, башын салмактуу көтөрүп, жашын сүрттү:

- Ай таң, ишенбейм. Биз ал киши менен ата-бала болбой калдыкпы деп коркуп турам. Ким билет кандай болоорду. Атам, дөөлөттүү адамдарды жакшы көрөт. А Акылбек менен сиздин колуңузда эмне бар?

Апам келинин элее карап, ойго бата түштү:

-Койчу балам, ата менен эне, башкаларга карарып, башкаларга кара мүртөздүк кылса да, кан-жанынан бүткөн өз баласына өмүр бою кыстарын тигип, кара ниеттикке бара албайт го ыя, кагылайын.

«Көрүнгөн тоонун ыраагы жок" дейт. Акыл да өсөөр, мансапка да жетээр.

Келини Токтокандын сөзүнөн чыга албаган Ашым атам, кош мурутун алмак-салмак чыйратып, өңү өчкөн калыбында бир точкадан коз албай, телмире жер тиктеп олтуруп, бир оокумда башын салмактуу көтөрүп, улутуна дем тартып, апамды карап өкүндү:

- Атаңдын көрү-ү, бири кем дүнүйө ай, ушунун баары Капардын жоктугунан болуп жатат. Болуптур балам, сен айткандай эле болсун. Ылайым балаң бала, кудаң куда болуп кетсе эле болду. Мен, Ивановду деле чакыртпайт болчумун. Жаңжал күчөп, айнек-терезени талкалашып, уу-чуу көбөйүп баратканынан чуркатпадымбы баланы. Киши өлүп кетет экен деп корктум.

- Аа, мен кудалар чакырткан экен десем, сиз чакырттыңыз беле?! - деди апам.

Иванов түшүнүк каттарды алып, районго кеткендей болду.

Биздин үйдөн кубаныч менен күлкү баарыбыздан бироголо качкандай, кабагыбызга кар жаап, маанайыбыз пас. Башка баш кошулуп, келин алып келгендей кебетебиз жок, өзүбүздөн өзүбүз бозала болуп олтуруп калдык. Баякы бири-бирибизге айтып жеткире албастай болгон жан жыргаткан жакшы сөздөрүбүз айтылбай, жүрөк жарылган ысык сүйүүбүз салкындап, суу сепкендей боло түштү. Эмне үчүндүр ал менден, мен андаи сактангансып, сырыбызды жашырган бир тунгуюкка капталгандай болдук да калдык. Тек гана бири-бирибизди алдап-соолап көңүл улоочу алдамчы сөздөр ортобузда далдалчы боло калып жаткансыйт.

Кайнатамды ошондо эле шаардагы облусттук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырышыптыр. Ашым атам биздин кесепетибизден милицияга бир сутка камалып чыкты. Ал кишини Ивановдун катышуусуз эле шаардык ички иштер бөлүмүнөн атайын машина менен эки-үч киши келин алып кетишкен. Алар Наргүл экөөбүздөн, кайталап дагы түшүнүк кат алышкан.

Биздеги бир жаман иш, апамдын ден соолугу жакшы болбой жатты. Ары айтып да, бери айтып да ал кишини ооруканага жаткыра албай койдук. Өзүнүн каалоосу боюнча өзүбүздүн медпункттун врачы дарылап жатты. Кайнатамдын чатагы биз үчүн айыкпас дарттан жаман болду. Наргүл экөөбүздүн кечээ эле сүйүүгө толгон бактыбызды кимдир бирөө колубуздап жулуп кеткенсип, эңсөөбүз сууп, көңүлүбүз чөгө баш-

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   jasgul   06 Апрель 2016 - 20:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

рахмат кооп жазчы сураныч
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   06 Апрель 2016 - 20:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

тады. Бири-бирибизден ысыгыбыз сууп, сонунубуз таркабайт деген оюбуз ордунан чыкпай калгандай болгон, бир ишенимсиз санаа көөдөнүбүздү кысып, жүрөгүбүздү өйүп, муунтуп баратты. Ошентип, үйлөнүү үлпөтү да болбоду, улуттук салт боюнча никебиз кыйылган боюнча ЗАГСка туруу оюбузга да келбей калды. Бул жөнүндө кеп-сөз да болбоду. Эми менин чоң коркунучум апам болуп калды. Врач менен медсестра ээрчишип чыгып кеткенден кийин апамдын үстүнө кирдим.

- Эмне дейт врач? Каныңдын басымын өлчөдүбү?

- Өлчөдү. Бүгүн кайра көтөрүлүп калыптыр. Көбүнчө балакеттин баары жүрөгүмдө окшойт. Деги алды-артымдап көпкө тыңшады. Ооруканага жатпасаңыз болбойт деп кагаз таштап кетти.

- Анда тил алып, ооруканага эле барчы.

Апам мени жашылдана карады.

- Ооруканага барганда эле мени сакайып кетет деп турасыңбы? Бул жүрөк оору менен кандын көтөрүлгөнү капалыктын залдарынан болуп жатканын, догдурсуз эле билип турам. Бул эки дарттын дабасы да, дарысы да көңүлдүн куунактыгы менен санаанын тынчтыгы, балам. Сенин тагдырьщды ойлоп олтуруп, сакая албай калдым го дейм. Куураттың го мени кулунум. Оору-канага барганда силердеп санаам тыңгылыктуу болбосо балакетти айыгамбы. Баятадан бери сенден бирдеме сурайып деп сурай албай турам. Сырыңды жашырбасаң айтам.

- Жашырбайм, апа. Эмне сурайын дедиң эле?

Колуктуң деги өз ыктыяры менен келди беле?

Көзүм ачыла түштү.

Олда апакебайым айе, өз ыктыяры менен келбегенде, зордук менен келди деп турасыңбы? Андай болсо, кетет эле да атасы менен. Түшүнүк катты кандай жазганын деле уктуң го.

- Билбейм балам, элдин сөзүн угуп эсим ооп, капа болуп олтурам. Анан тигил Айтуугандын сага «Наргүл менип катыным болчу» деген сөзү кандай?

- Ой, жок апа, мен Айтуугандан андай сөздү уккан жокмун. Андай бузуку сөздү сага ким айтып

жүрөт? Бирөөнүн никелүү аялын ала качып жинди белем. - Апамдан Айтуугандан уккан сөзүмдү жашырып койдум.

- Ай таң, булардын ортосунда бир балакет бар го деги.

- Койчу апа, балакет-салакети жок эле турах.

- Деги ылайым эле ошондой болсун. «Катын албай кайын ал» дейт. Наргүл менен жашаган күндө да кайын журтуң жарашпай калды сенин. Карагулдун кебетесин көрүп, суук сөзүн укканда эле, алып кеткиле деп колуна салып берсек болмок тура кызын. Мындай болоорун ким билди. Эртеден кечке уйкудан көзү ачылбай, өлгөн немедей жатат эле жатат. Ушул кантип болсун. Менин абалымды көрүп туруп... -Башын чайкады. - «Уяты жок уйкучу. ары жок кулкүчү» экен да.

- Апа, туура түшүнсөң боло, анын да санаасы бир жерде болбой жатпайбы. Билип туруп сүйлөйсүң да. Анда эмненин жыргаган уйкусу дейсиң. Капалыктан жатса керек.

- Аа балакетиңди алайын, миң актаганың менен, бул бизге күйүмдүү бүлө болбойт. Көрөсүң го, айтты-койду дебегин.

- Койчу апа, өзүң араң жатып, санаага санаа кошуп, тим эле ой жоруй берет экенсиң. Ооруга өзүң оору кошот турбайсыңбы. Анан кантип ден соолугуп оңолсун, - дедим көңүлүм буй болуп. Капалыктан баш көтөрө албай ооруп турган адамга мындан башка кандай сөз таап, кандай жооп айтышым керек эле.

Мен апам жаткан бөлмөдөн чыкканымда, Наргүлдүн аркы үйгө илгиртпей, шып коюп кирип кеткени көзүмө булак дей түштү. «Бул эмне, биздин сөздү тыңшап турганбы?» деген ойдо, артынан кирдим. Наргүл мени карабай, терс бурулуп турган калыбында бурк этти:

- Эмне, энең экөөң мени жамандап жатасыңар. Көргүңөр келбесе кетип да калам. Уктум баарын. Мага Айтууганды эмнеге жабыштырып жатат энең? Ал жөнүндө саган айткан жок белем, тийбей койгонумду.

-Апам да укканын айтып жатат. «Кулак укса

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   06 Апрель 2016 - 20:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

курсак кайнайт». Ушул үйгө киргенибиз жарым айдан ашып баратат. Ошондон бери үстүнө кирип абалын сурап койбосоң, бир чайнек чай кайнатып бербесең, таарынат да анан. «Какаганга муштаган» болуп, тигилер тигинтип жатса. Ашым атамды бекер эле каматышты. Уккан элдин баары жерге түкүрүп жатат.

- Сооп болду. Коё бердирбей, дагы камата турса болмок. Ал киши, эмне үчүн атамдын бир ачуусун көтөрүп, кечирип койбойт. Мен жакшы силерге, атам жаманбы. Дагы мен жүрөгүмдүн буйругунан чыга албай сен үчүн калдым. Айтууган эмне, жаман жигитпи? Билимдүү десе билимдүү, тектүү десе тектүү, жакшы атанын баласы. Суу да, аккан арыктан агат. Мен байлык менен мансапты көздөсөм, атам артымдан келгенде эле, Айтууганды ээрчип кетип калат болчумун. Силер, итаалыдай ажылдап, адамды билбейт турбайсыңарбы. «Итке темирдин баркы жок» деген ушул. Мен үчүн чыгымыңар чыгып эчтекеңер корогон жок. Атамдын артымдан келгенин айың кылып, алдына кечирим сурап басып да барбадыңар. Ден соолугун суроо эч кимиңердин оюңарда да жок.

Наргүлдүн сөзүнө жооп кылып айтууга сөз толуп жатты. Бирок, айтышып, сөздү ырбаткым келбеди. Айтууганды айтканда эчси-эчен жакка тартып жибере жаздап барып токтодум. Сабыр кылып өзүмдү кармадым. Ошентсе да эчен-эчен «Айтуугандан арманда калсаң, азыр да кеч эмес, барып тийип ал» деген сөз тилимдин учуна келип, бүйрүмдү кызытып турду.

Билип туруп айтасың да. Атаңдын астына баргыдай болдукпу! Барган күндө да, ушундай шарттан кийин, бизди ким эле сүйүп, кабыл ала коймок эле. Адамдын көңүлү кызыл гүл! Бири-бирибиздин көңүлүбүчдү жөнү жок калтырышпайлы. Ай айланып, жыл тегеренбей жатып эле тилиң да чыгып, бетиң да ачылып кетти.

-Чынымдм айтайынбы, капа болбойсуңбу?

-Капа боло турган жумуш болсо капа болом, капа болбоп тypraн жумуш болсо капа болбойм. Айтып көрчү угайын.

- Билесиңби, сен менин көзүмө мурункудай көрунбөй, уламдан-улам суук көрүнүп баратасың. Жүрөгүмдө эңсөө да, күсөө да, кубануу да жок. Сен түнөктөгөн көөдөнүм аңылдап бош калгандай сезилет. Анын ордун, жөнөкөй эле бир аяздуу шамал ээлен алгандай муздап бараткансыйт.

Наргүлдүн сөзүн угуп жүрөгүм уйгу-туйгу боло түштү. Мындан мен эле сууп, көңүлүм калып баратам десем, бул дагы болбой калган неме турбайбы. Ошон үчүн кошо айтышып, ошон үчүн көтөрүмү жок болуп, жеңилип кеткен экен да, деп ойлоп иренжип турсам да, шек алдырбоого аракеттендим:

- Бири-бирибизден көңүл калгандай, ортобузда анчалык деле, эч нерсе болгон жок да, Наргүл. «Атам артымдан кууп келди» деп эле, арабыз ажырап калабы?

- Айттым го чынымды. Балким, ошол артымдан келгендердин таасири болсо керек. Эмне үчүндүр азыр сен жөнүндө, сен экөөбүздүн бирге жашап, бирге өткөрүүчү келечегибиз жөнүндө эч нерсе тилебей да, ойлобой да калдым. Сага караганда Айтууганды көбүрөөк ойлоп, көбүрөөк эстеп баратам.

Күтүүсүз жерден уккан бул жагымсыз сөздөрдөн жүрөгүм дирт дей түштү. Дене боюм калтырап, оозума эч нерсе кирбей ичим сыйрылып кетти. Кез көрүнөө кордоп, кан чыгарбай мууздап турган бул азезилдин кемсинтүүсүнө өзүмдү кандай алдырып жибергенимди да билбейм.

- Кайра айтчы? - дедим, манжаларым бир түйүлүп, бир ачылып.

- Эмне уккуң келип турабы?

- Ооба, уккум келип турат. - Канчалык чыдамкай болсом да бул сапар өзүмдү кармай албай кеттим. -Эх, шерменде, ушундай жүзү кара канчык экенсиң да, дөбөттөрдү дүрбөтүп артыңдан ээрчиткен! Түү, бетиң курусун. Билем сага кандай алданганымды. Уккамын, Айтууган башка кызга ооп, сени талак кылып таштап кеткенде, мага тийип мөрөй алганыңды.

- Аны угуп туруп эмне үчүн үйлөндүң мага?

- Жолдошторуң, көрө албастык кылып, ич тарлык менен айтып жатат деп ойлогом. Көрсө...

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   06 Апрель 2016 - 20:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Ушундай окуядан кийин чүнчүп, өңүмөн азып, басынып кеттим. Баякы силердикине барган кезде экөөбүз тең ушундай күнгө туш болуп, бири-бирибизди көргүбүз келбей, олку-солку тартып турган кезибиз болучу. Анда мен бул сырды оозум батып айталбадым. Айтсам кийин айтаармын деп ойлодум. Алексей Андреевичтикинде патирде турганда да Наргүл акөөбүз өтө ынтымаксыз, салкын жашадык. Ажырашып да кете албадык. Ошол мезгилде бизди сотко чакырган повестка келип калды. Алаарыбыз менен жөнөп кеттик. Биз барганда апам ооруканада экен. Сыягы соттун кабарын угуп өтө кайгырып кетсе керек. Мен үйгө кеч барып, ал күнү баралбай, апама эртеси эртең менен эрте келдим. Энемдин биринчи кабатта жатканын айтып, иним мени түз эле ошол палатанын терезесине баштан барды.

- Ой, ордунда жок го, кроваты бош турат. Үйгө чыгарып жиберген го ыя, байке! - иним мени карады.

Жамандыктан жыт алгансып, денем муздай түштү. Биз айнекти чертип, жанаша кроваттагы аялдан сурадык.

- Бул киши кайда?

Аял мукактана түшүп, тайсалдай жооп берди.

- Башка палатага которуп кеткен. Врачка кайрылгыла.

Иним экөөбүз жарыша чуркап ординатордук бөлмөгө суроо-сопкутсуз эле кирип бардык. Ондой берди болуп дарылоочу врачы ошол жерде экен. Алар бизди карап бирдеме дегенче болбой, мен озуна сурадым.

-Кечиресиз доктор, онунчу палатадагы жүрөк орулуу аялды кайсы палатага котордуңар эле?

-Ал кишинин эмнеси болосуңар?

-Экөөбүз тең баласыбыз.

-Кайрат кылгыла, ал киши түндө каза болуп калган. Инфарктын экинчи кайталанышы экен. Ооруканага убагында жеткирген эмессиңер...

Кулагым чуулдап, көзүм караңгылап, темтеңдей түштүм. Meн апамдын ажалына Наргүлгө үйлөнгөн экенмии деген ойдон өзөгүм өрттөнүп, аягымдан жан кетип турду...

Биз апамдын сөөгүн алып барганда Наргүл үйдө жок болуп чыкты. Көрсө ал апамдын каза болгонун угар замат эле, эжесиникине кийим-кечегин бүт бойдон алып кетип калыптыр. Ошол күнү биз ооруканада сөөктү алалбай жүргөн кезде Наргүлдүн энеси келип, башка бирөөнүкүнө чакырып, кызы менен шашылыш сүйлөшүп кеткен имиш. Экөөнүн эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн эч ким билбейт. Сыягы сөөк келгенче бул жерден кетип калууну ошол энеси баштаса керек...

«Уят өлүмдөн катуу» неме тура. Наргүл канчалык женил ойлуу, канчалык" тажаал болсо да, анын мага тийгизген таасири энемдин күйүтүнөн ашып түштү. Анын мен билбеген Айтууган менен көмүскө чаташып калган чатагынан көңүлүм калып турса да, намыс күчүмдөн Наргүлдүн бардык күнөөсү аргасыздан башымдан учуп кетти. Ушул мезгилдеги бир гана максат жок дегенде апамды акыркы сапарга узатып алганга чейин, душман көзүнө үйдө туруп бериши зарыл болду. Бул канчыкты кандай жол менен артынан барып, келсе келгенин көрүп, келбесе келбегенин көрүп, бир сүйлөшүп келүүнүн айласын таппай, акыл кошчу адам жок тегеренип турган кезде, атамдын эжесинин кызы күйөөсү менен апамды угуп келип калышты. Мен аларды эч нерсе уга элек болсо керек деп ойлогом. Бирок, «Жамандык жерге жатпоочу» неме тура. Эжем менен жездем Наргүлдүн кеткенин бизден мурда угушуптур. Эжем мени элден бөлүп чакырып алып, кейиди:

- «Өлгөндүн үстүнө көмгөн" ушул. Кайненеси минтип жатса, колуктундун кетип калганы кандай?

- Ушундай болду эжеке.

- Ушундай болду! Кап, жаман жерге жолугуп калган турбайсыңбы. Мен аларды башынан билем. «Атасы жаман ала-була, энеси жаман эзели оңолбойт» деген ошол. Энеси эринен өткөн шайтан эмеспи.

- Апамды узатканча туруп турса болоор эле. Артынан барсам эмне болот? Анын үстүнө соттон мурда кетип калганы жаман болбодубу - дедим жылдызым жерге түшүп.

Эжем өңүм өчүп, мөгөдөй салбырап, айлам кетип, амалым түгөнүп, күнүм түн болуп турганымды көрүп

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   gulmira96   08 Апрель 2016 - 00:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

Уландысын кутуп атабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   jasgul   08 Апрель 2016 - 13:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

СүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Апрель 2016 - 18:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

боору оорудубу, же соттун боло турганын көрүп чочуладыбы:

- Балакети ңди алайын ым ай, куурган экенсиң го. Барсаң бар. Деги бир барыш парыз, Өзүң жалгыз барам деп ойлобо катыгүн. Жездеңе айтып кеңешип туруп үчөөбүз баралы. Оболу мурун кандай барышты сүйлөшөлү. Мурун-кийин эч кимиң алдына бара элексиң. Куру кол кирип барганда болбойт. «Курукелген күйөөдөн куурай терген күң өөдө» деген сөз бар. Ашым таякем эмне дээр экен. Чогулуп сүйлөшөлү. ..

... Ошол эле түнү миң сом бир кой алып эжемменен жездем болуп Наргүлдүн эже- жездесиникине барып түшт үк. «Малды көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр» дегендей адегенде сөзгө келбей жатып, акчаны көргөндөн кийин гана аял бир аз жумшара түштү. Анан сиңдиси экөө көздөрү менен сүйлөшүп, бир демге тиктешип тургандан кийин эпке көнүмүш болду:

- Кагылайын сиңдим, биз сени бул балагабайлап- матап берген жокпуз. Өзүңсүйүп, өзүң барган экенсиң. Эми мындан аркы өз тагдырыңды да өзүң чеч. Буларга кандай жооп айтасьң ?

- Мен кош көрүп, Акылбекке барганым менен ата-энем кош көрбөдү. Алар кош көрбөгөн жерде, менин турганым туура эмес экен.Жок, барбайм.

Жээн эжем түйшөлө түштү.

- Кой айланайын, антпе. «Бал кудукту тапкан да

сен , таткан да сен», дегендей, Акылбекти тапкан да

өзүн, качкан да өзүң. Сен үчүн эмне деген тополоң болуп жатат. Эми ошол тополоңду басуучу да өзүңсүң, айланайын. Акылбекти ая. Кайненеңдин каза болгонун угуп, көрүп туруп кетип калганың уят.

- Мейли уят болсо.

- Антпе, каралдым. Жүрү кийин.

-Айттым го барбаймын деп.Убара болбогула.

-Эч убарасы жок. Антпе кагылайын. Өлгөндүн арбагы н сыйлабаса ң да, күйөөңдүн кадырын сыйлабайс ыңбы. Сен болбосоң болобу. Келин кайда дебейби эл.

- Десе дей берсин . Барбайм дедим,барбайм.

- Э кудай, кете турган болсоң эмне келдиң эле, Акылга.

- Ага иниңиз күнөөлүү.

- Акылбек күнөөлүү? !- эжем мага карады. Эмнедеген сөз? Макулдугу жок, өзүңө көңүлсүз кызды алып келдиң беле, катыгүн.

- Жок эжеке, андай эмес. «Өтө кызыл бат оңуп, өтө ысык бат суурун» билген эмес турбаймынбы. - Мен Наргүлгө атыла карадым. - Эй,эмне деп жатасың? Мен сага кайсыл жагынан күнөөлүү болуп калдым? Айтпайсыңбы ачык. Өзүң эле мени өлгүдөй сүйүп, «Сени сүйгөнчөлүк эч кимди сүйүп көрө элек болуучумун» депуйгактай жабышып жатып келбедин беле. Болбосо аял алуу менин үч уктасам түшүмө кирбеген иш болуучу.

- Сен мени мас болгончо ичирдиңби, ичирдиң. Андан кийин мастыктан эмне болду?

- Эмне болду эле?

- Менин ошол алсыз абалыдан пайдаланып, турмушумду буздуңбу, буздуң. Кыз башым катын болду. Анан сениээрчибегенде, итти ээрчийминби?

Ачуудан тамагым буулуп, оозума сөз кирбей туттуктум. Өзүмдү кармай албай титирепкеттим. Оозума кандай сөз киргенин өзүм да билбей калдым.

- Сага дабаа жок экен. Анык канчыктын канчыгы турбайсың бы. - дедим муунум титиреп, - кай­сыл бетиң менен уялбай ушул сөздү айтып олтурасың . Мени биринчи көргөндө эле, өзүң ээрчип албадьң бы. Сенин сөзүң боюнча, айылда окуп жүргөндө эле, сыртымдан сүйүп, ашык болуп жүрүп жете албай арманда калган кыз ким эле? Бети жок, мени жолдон чыгарганы ң аз келгенсип,эми күн өөсүз адамды күнөөлүү кылып атаңа жолдош болоюн деген экенсиң. Аракты мен оозуңа куйгансып, мас кылып алып дейсиң. Айтуугандын туткунуна түшкөнүңдү айткың келбейт ээ. Болуптур кудай тапсын эсебиңди.

- “Бөөдө каргыш бөрүгө жетпейт» дейт. Каргай бер.

- Бөөдө каргышпы?

Ордумдан тура калып, Наргүлгө жакындай басын ыктытып турдум. Ушул маалда эжем, чатак чыгып кетет деп корктубу, дароо мени каруудан алып, өзүн көздөй тартты.

-Акылбек! Алдыңа кетейин,ачууланып кызуу кандуулук кылбай, жай сүйлөшөлүчү.

- Бул жүзү кара менен эмнени сүйлөшөт элек. «Уялбагандап өзүң уял, коркпогондон өзүң корк» дейт. Жүргүлө ке ттик.

- А Наргүлчү! Куру кол кетебизби?

- Эмне Наргүл! Уккан жоксузбу, Наргүлдү. Ушун ча акмак болуп, ак жеримден кылмышкер болуп турганым да жетишет. Мындай сүлүк курттан эрте жарыкта кутулганым оң окшойт, эже. Бул болбосо апам көмүлбөй калат беле. Ушундайда ачыма айланып, тогума толгонбогон аял да аялбы. Бул эр жигитке жолдош болуп бере албайт.

-Кой антпе. Ачуусу келгенде адам оозуна эмне кирип, эмне чыкканын да билбей калат каралдым. «Бир колундун ачуусун,экинчи колуң менен карма» дейт. Экөөң тең ойлонуп иш кылгыла. Кийин оозуңарды карманып, өкүттө калбагандай болгула.

Эжемдин сөзү кулагымдын сыртынан кетип жатты. Көңүлүмө уюбаган мындай далдалчы акыл-насаатты уккум келбей, чыгып баратып Наргүлгө бурулдум:

- Сен ушундай бузулган шуркуя экенсиң да. Акыры оозуңду карманаарс ың. Koш...

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 08 Апрель 2016 - 18:55


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Апрель 2016 - 19:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

«Эки доочу бир келсе амалыңдын кеткени , эки оору бир келсе ажалындын жеткени»дсгендей, өлгөн энемдин күйүтүнөн да, Наргүлдүн кордугу жаныма батып кетти.

Повестка боюнча апамды коёр күнү сот болмок. Өлүмг ө байланыштуу, ал күнү болбой калды. Экинчи келген повесткада мындай деп эскертилиптир: «Эгерде бул сапар келбесеңер, иш боюнча сот силердин катышууң арсыз эле өкүм чыгарууга аргасыз болот». Аны окуп, андайболсо да, мындай болсо да баары бир соттолом деп ойлодум. Наргүл кетпегенде балким бири-бирибиздиксчиришип ата-бала болот белек, ким би­лет. Ал эми азыр болсо тагдырдынтаразасы кайда оору белгисиз болуп, кудайдын колундагы иш болду да калды.

Кечинде Борис Иванович келип абалды түшүндүрдү:

- Карагул актоочу жалдаптыр. Силердин ишти карачу сот шашылыпкомандировкага кеткен имиш. Бүгүн дагы сот болбой калыптыр.

- Аныгын билдиңизби? Биз баралы деп камынып жатпадык беле?

-Билдим. Убара болбой эле койгула барып.Силер аракет кылбай жатып алдың ар. «Улукка парабергенче, бара бер» дейт. Ойлобогула, Карагул оңой жоо деп. Анын таянган тоосу бийик. Өз боюна ишенге н үчүн ушундай болуп жатат. Айтууганга катынтабылбай калды деп турасыңбы? Кеп анда эмес. Кептинбаары даража менен мансапта. Булар бири-бири менен чырмооктой чырмалышканнемелер.

- Актоочу жалдаса деп жатасыз го мени. Баары бир акыйкат болбойт го.

- Тааныш изде. Сот менен сүйлөш.

- Күнөөм болбосо делеби?

- Болбосо деле. Күнөөсүз экениңди билип жатабыз. Алардыною боюнча Ашым да соттолушу керек.

- Кандайча?

- Карагулдун бутун сындырган ошол киши турбайбы.

- Койсоңузчу, Борис Иванович, андайболгон жок да.

- «Калп ты чындай айтса, чын чыдайалбай чыга качыптыр» дегенди билесиңби? Иш менен тааныштың беле?

- Жок, тааныш эмесмин. Мен баякы бойдон эле кетипкалбадымбы. Тергөөчүгө айткам баарын. Ийне-жибине чейин жазып алган. Наргүлэкөөбүздүн түшүн үгүбүздөн кийин, ишти жаап салган экен деп ойлогом.Сотко беришкенин повестка баргандан кий­ин гана билдим. Ашым атама да эчтекедебептир. Баякы бойдон ал киши да эч нерсе билбей калды.

- Билбесеңер ошол анда. Айтып коёюпбалакай, ишиң жаман. Аялың эмне үчүн кетип калды? Жок дегенде сот болуп, ары-бери болгончо карман турсаң болмок. Карагулдун чырагына май тамызгы эми табылган турбай бы.

-Сиз кандай дейсиз? Наргүл баякы тергөөчүгө мурда бергем көрсөтмөсүн өзгөртө алабы? А түшүнүк каттычы?

-“Чыгалбай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле» дегенде й, кеткен катыната-энесинин сөзүн сүйлөбөгөндө, эми сенин сө зүңдү сүйлөмөк беле. Түркүн түскө салып кошолонтуп, жамандыкты жамгырдай жаадырат да.Мурда «Акылбекти сүйдүм-тийдим» десе, эми «өлтүрөм» деп коркутканынан, айт дегенин айтып, жаздегенин жазгамын» дебейби. Буларда жан бар дейсиңби.

Борис Ивановичтин ушундай сөздөрүнөн кийин, айтса айтпаса төгүнбү, деп санаам санга бөлүнүп калды. Ошонун эртеси Ашым атам экөөбүз сотко бардык. Биздин ишти карачу сот бир жумадан кийинкелет экен. Делону эч кимге бербей, бекитип кетиптир. Борис Иванович бирадвокаттын аты-жөнүн ай­тып: «Ошол жигит силердин ишти карачу сот мененжолдош. Экөөинститутта бирге окуп, бирге бүтүптүр. Жактоочу жалдасаң ошонужалдап, сотко орточу кылып ошонун өзүн салгыла» деген.

Адвокат менен сүйлөшүүчү адам өзүбүздө барболуп чыкты. Ашым атамдын шаардагы курулуш уюмдарынын биринде прораб болупиштеген кайниси адвокат менен жакын жолдош экен. Иштин жагдайын айтса, «сот келгенде сүйлөшөлү» деп макул болду.

Баякы, сотко повестка менен чакырылыпкелген бойдоң окууга да барбадым.Келээрим менен апамдын өлүмүнүн үстүнөн чыктым. Окууга мүмкүнчүлүгүм болбой калганын билип, шартымды айтып,берсе берер, бербес окуудан чыгып калаармын деген ойдо, бир жылга академиялыкотпуска сурап, институтка арыз жазып жибердим. Убакыт деген суудай неме тура. Ары-бери караганчаарадан аркырап ай өтүп кетти. Баякы прорабжигит сүйлөшкөн адвокат, сот менен сүйлөшүш учүн он беш миң сом сурап турса болобу.

-Ишин чатак тура, жигит, - деди мени менен сүйлө шүп олтурга н адвокат, - ушул өң-түс, кебете- кешпир менен сүйлөшпөй туруп да кыз ала качабы? Бул деген киши уурдаган дык экенин билесиңби? Адам деген адам. Ал талаада жаткам дөңгө ч эмес. Же жал­ган айтамбы?

- Сиз туура эмес түшүнгөн турбайсызбы, - депкелатканымда, ал менин айтайын деген сөзүмдү аягына чейин чыгарбай бөлүп кетти.

-Эмнеге туура түшүнбөйм? ! «Уурусу куч болсо,ээси өлөт» деген сен болуп турасың бы дейм. Мен, сенин делоңду атайын сурап алып иш менен таанышыпчыктым. Ачык сүйлөшөлү. Мен сотту көндүрдүм. Ал менин тилимден чыкпайт. Сотуңар эмики дем алыштын экинчи күнү болот. Он беш миң сомдон он беш тыйын кемитпей маган алып келесиң.

Акчанын санын угуп делдее түштүм. Мынчалык коп сурайт экен деп ойлогонэмесмин.

- Он беш миң дейсизби?

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 08 Апрель 2016 - 19:01


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Апрель 2016 - 19:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Эмне, он беш миңда көп деп турасың бы? Айтып коёюн, ошондо да сот макул болсо, ушулсуммага.

-Албетте көп. Мынча акчаны кайдан табам? Күнөөсүз жерден күнөөлүү болгонум аз келгенсип, эми анын үстүнө он беш миң сом берейинби? Бизде мын­чалыкбайлык жок.

-Эй балакай, адамдын алтын башын азаптан да, абактан да азат кылып алыпкалуу оңой-олтоң иш деп турасың бы. Мындай орчундуу иш эмес эле, бир баланы окууга өткөрүүнүн баасы канча болуп жатканын билесиңби?

-Канча экен?

-Маселен университеттин укук факультетине бакандай болгон 20 миң, экономфакка 15 миң, мединститутка 12 мин сом. «Куру аякка батажүрбөй т» баатыр акеси.

Кыйкырып жибериптирмин.

-Жалган. Калп айтып жатасыз.

-Кыйкырба. Берсең мен үчүн эмес, өзүң үчүн бересиң. Бербесең соттолосуң.

-Мындан көрө соттолгонумжакшы.

Ушул кезде телефон шыңгырап, биздин сөзүбүздү бөлүп кетти. Адвокат трубканы кулагына такай берип корс этти.

-Алло! Ким керек? Сот дейсизби? Сот жок. Трубкадагы үн «Соттун жоктугун билем» деди окшойт. Адвокат ачуулуу,жаны кашая сүйлөдү . -Эй, соттун жоктугун билсең , эмнеге сурап жатасың? -Трубканы рычагка так койду. Телефон кайрадан шыңгырады. Адвокат бир демгеаппаратты үнсүз кумпая тиктеп туруп өзүнчө сөгүндү: «Энеңдурайын акмак, соттун жогунбилем деп коюп, кайра сурап жатканын эмне деп түш үнүүгө болот? Башы ордунда неме эмес бул.Тынымсыз үстөккө- босток чырылдап жаткантелефонду тээ бир оокумда кайра алды. - Алло! Эмне, эмне? Трубканы эмне үчүн илип койдуң, дейсиңби? Кандай дейсиң?! Ооба, тааныган жокмун, и тааныгым да келбейт. - Ошол саамда адвокаттын үрөйү учуп, бир заматта өзгөрө түштү. Ордунан тура калып, үнү калтаарап өзүнчө эле бир алсыз макулук кейиптенип, трубканы улам бир кулагына такап, алактапкалды. - Обком партиядан дейсизби? Аа, Масалбек Саратанович, сиз белеңиз. Кечиресиз, кечиресиз, «тааныбастысыйлабас» деген ошол. Мен сизди байкабай эле, кечирип коюңуз. Бизге телефон чалгандар көп. Тим эле тажатып жиберишет. Ошолордун бири болсокерек деп ойлогон турбаймынбы. Телефондон үнүңүз таанылбайт экен. Кечирип коюңуз,өтүнөм Масалбек Саратанович. Кандай, ден соолугуңуз жакшыбы? Бала- чака аман-эсен турабы? Ажаргүлдү курортко кетти деп Карагул байкем айтты эле. Кандай, жакшы дем алыпкелдиби? Кандай дейсиз? — Адвокаттын үрөйү уча түштү. Стулга отура калып,кайра турду. - Кечи­ресиз, аксакал! И, кулагым сизде. Адвокат айласы түгөн үп, туюкка капталган немедей кайпактап, өңү өчүп, бир бозоруп, бир кызарып, өзүнө келалбай калтаарып турду.

- Аны билем, аксакал. Алардын иши сот келээри менен каралышы керек. Магапредседатель ошентип айткан. Тигил кабинеттерде эч ким жок бекен? Билбе йм, жана олтурушкан баары эле. Алиги кыз ала качкам күнөөлүү жигит мага келиптир. Ооба, бул жерде олтурат. Адвокат жалдайм дейт го. Да-а, ошондойболуптурбу? Мен бул ишти сизден биринчи угуп олтурам. Аа, отпускага кетип жаткан турбайсызбы. Жарайт, айтам сөзсүз. Де м алышка чейин келип калса, сизге барсын бы? Аа, түшүндүм, прокурор мененбайланышыш керек экен да. Макул МасалбекСарат анович!

Адвокат трубканы ордуна илип, үстүндөгү оор жүктөн жеңилдейтүшкөндөн бетер, катуу бир үшкүрүп алып, столго өзүн шалак таштап, маңдай терин сүрттү. Анан бир демден кийинмага сурдана карады:

-Аялың кетип калган турбайбы?

Мукактана түшүп күңк эттим:

-Ооба, байке, кетип калды.

-Сен өзүң өлалбай жүргөн балас ыңбы?

-Эмне болду, байке!

-Атаң дын башы болду. Эжесиникине, аялың дын артынан куба барып «өлтүрөм», «жоготом», «баарың ды кырам» деп, бычак сууруп, чатак чыгарганьщ кандай?

-Ким айтты ошону?

-Азыр мен ким менен сүйлөшкөнүмдү билесиңби?

-Жок, билген жокмун. - Билип туруп, билбейм деп койдум.

-Билбесең обкомдун биринчи катчысыменен сүйлөштүм. Ошолорго чейин угулуптур чууң. Муну кандай дейсиң? «Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт» дегеношол . Актанып, жанталашканың менен, айыбың араандай ачылып калыптыр.Эгерде кыз сени чын жүрөгү менен сүйгөн болсо, минтип сени тозокко салып коюпкетпейт эле. “Өлсөк бир чункурда ,тир үүболсок бир дөбөдө бололу» дебейт беле. Андан да, кайненеси өлүп жатса, күйүмдүү аял, кан жутуп, кара кийип турган күйөөсүн таштабайт болуучу. Э-э-й, жигит, жигит, «капка шибеге катылбайт» дегенушул.

Ишимдин оңбой калганын түшүнүп, эмне деп айтаарымды билбей, ачууга буулуп, ордумданатып турдум. Эки колумду чөнтөгүмө салып, адвокаттын маңдайына келип токтодум.

-Дагы эмне дейсиз? Акты кара, деп жалган жалаа менен айыптап сотт огуңар келсе, соттой бергиле. Мен эми адвокат да жалдабайм, ырайым сурап соткопара да бербейм. Алыңар жетсе, мени атып жибергил е. Артыма тез бурулуп, эшикти тарс жаап чыгып кеттим.

Ошол бойдон экинчи жардамсурап сотко да барбадым, адвокат да жалдабадым. Сот болот деген күнү биздин үйдөн бөбөктөрүм менен карындаштарым,

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Апрель 2016 - 19:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

кошуна-колоң, тели-теңтуштарым, Ашым атам баш болуп туугандарыбыз бүт чогулуп, бир короо кишисоттун иш карачу мекемесине келдик. Ал эмес, мага сот болоорун угуп келишкен,ата- энемди таанып, билгендос-тамырларын көрүп, бир толуп, бир бөксөрүп турдум. Эл көп. Чогулгандарды н ичинде Карагулга карата кажынган үн дөр, ачынган сөздөр уу-дуу, күбүр- шыбыр. Биздин үйдөгүлөр менен туугандарымдын кайда турушканын көпчүлүктүн ичинен таппай калдым. Аларды алыстан коз чаптырып издегеним болбосо,атайылап караган деле жокмун. Анткени, алардын муңайым жүзүн, жаштуу көздөрүн көргүм келбей жүрөгүм тилинет. Апамдан ажырап Наргүл кетип, менин соттолоорум бир туугандарым үчүн түбү жок кайгы, орду толбос жоготуу болучу. Мен өзүмдү, самандай сапырылгансанаадан бир мүнөт да алыстата албай, шордоп турдум. «Ушин тип аял алып, арадай жерге чарадай жыйын кылып» азапкатүшкөнчө өлүп калуу абзелдей сезилди. Эми кандай күн, кандай турмуш бо­лот,дейм ичимден. «Ашым атам өзү эле жарым жандуу, оорукчал неме, балдаргаыдыш берип такат кыла алар бекен?!» деген ой-санаанын желесин тартып турган көйгөйлүү көңүлүмдү кимдир бирөөнүн тааныш үнүселт эттирди. Тургандардын баары үн чыккан жакка жалтбурулду.

-Акылбек!

Мени коздой келаткан Элалды көрүп көздөрүм ачыла түштү. Кубанганымдан кандай кыйкырып жиберг енимди да билбей калдым.Мага Элал эмес эле, өлгө н агам тирилип келаткандай сезилип кетти.

-Эл-а-а-а- л!! - элди жоолоп аттап-буттапкелаттым. -До-с- у-у-м!

Экөө бүз кучакташып калдык. Ананколубузду кармашкан калыбыбызда бир демге тиктешип турдук.Эреркедимби, өзүмдү өзүм кармай албай, тула боюм бошоп, көөдө нүм кө к бууга толуп чыкты.

- Кандай, ден соолугуң жакшыбы? Эмне балакет болуп кетти? Meн сенин кабарыңды угуп чыдап тура алган жокмун. Апаң да каза болуптур. Аза кайырлуу болсун.Эмне үчүн кабар берген жоксуң?

- Бералбай калдым,Элеке. Мына мындай чуулгандуу күндө, акыл-эсим ордундаболду дейсиңби? - Ыйлап жибердим. - Тогуз толгоо бир келген,. кырсыктуу күнгө туш болдум, досум. Бактысыз экенмин.

Шордоп калдым.

- Наргүл кетип калган турбайбы?

- Кеткенде да апам каза болгон күнү кетти.

- Акылсыз экен ээ, чиркин .

-Айтпа, акмактык мындан артык болмок беле.

-Окуяны уктум. Деги өзүңжөнүндө сот-пот менен сүйлөшүп көрдүңбү?

- Сүйлөшө албадым. Бирөөгө айтсам кишинин кунунан ашык сурайт. Булардын кекиртегикернейден да чоң окшобойбу.

- Кернейден чоң болгондо канча экен?

- Он беш миң.

- Иттер го.

- Иттен да жаман экен буларың . Жемекей ликке

көнгөн немелер экен баары.

- Мен бул балакеттен кутула албай калдым окшойт. Ак болсом да намыс үчүн берет элем. Маркум атам байлык жыйнабайкете бериптир. Айла жок, маңдайга жазганды көрөрмүн.

- Байлыгың болбосо, башың аман болсун. Байлык да кеппи?

- Жок Элеке, бул турмуш сен экөөбүз ой логондой эмес экен. Адамда байлык менен мансап болбосоадам катарына кошулбайт тура. Карагул деген өзүнчө эле дөө экен. Ага-ини, урук-тууганы, бала-чака, кызкыркыны өскөн түптүү дүмүр тура. «Атанын даңкы менен кыз өтөт» десе, ишенчү эмес элем. Бул сөздүн жүйөсүнө, өз башыма иш келгенде түшүндүм. Эрге тийгенине карабай, Наргүлдү алабыз деп артынан этектеп жүргөндөрдү көрүп, жанымдан түңүлдүм. Көрсө, мунун баары келечектеги мансап-максатдегендер үчүн тура.

- Карагул дөө болбой кара жерге кирсин. Баякы эле көрүп жүргөн Карагул. Аны дөө кылып жаткан кыздары. «Уул жакшысы урмат,кыз жакшысы кымбат» деп элибиз бекер айтпаган тура. «Кара кыздын агынан эмес,багынан» деген ушул. Мен буларды башынан билем. Жанакы МасалбекСаратанович деген обкомдун биринчи катчысы, баякы жылы окуусун бүтүп келип, өз айлында экономист болуп колхоздо иштеп жатканда Карагулдун кара кызы ошолжердеги он жылдык мектепке практикага келип калат. Масалбек Ажаргүл менен ошол жерде таанышып үйлөнөт. «Таянган тоосу бийик болсо, ыргыткан ташыалыс түшөт» дегендей, ошол эле жылы баш калаада иштеп, республиканын бир жагын чоюптурган таякесинин аркасы менен көтөрүлүп, бат эле Саратанович болуп оозго кирип, көзгө көрүнүп чыга келет. Анан ошондон кийин уламдан улам көтөрүлгөндөн көтөрүлүп олтуруп, мына ушулдаражага чейин өсүп жетет. Менин билишимче Саратановичтин бул постуда олтурганы он жылдан ашып кетти. Карагулдун кыздары жездеси Масалбектин аркасы менен биринин аркасынан бири ооматтуу жерден оруночок алып, сүлкүлдөп чыга келишти. Алардын сөзү менен айтканда, орду жарашпай, атанын арнамысын сактабай, эл караган бетин жер каратып олтурган, акылсызы Карагулдун беш кызынын кенжеси, эки уулунун эжеси Наргүлү, Акылбек деген сайда саны жок бирөөгө чыгып, кайгы жокто кайгыга салып олтургандагы кербези ушул.

- Элал тигил кишинин сөзүн угуп, башын чайкады:

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 08 Апрель 2016 - 19:07


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 19:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: