Негизи адам баласы өзүнө тиешелүү болгон жаман сапаттарын мисалга алсак, орунсуз сүйлөгөнүн,
тартипсиздигин,
ашыкча оройлугун жат адамга билгизүүнү каалабайт. Бирок, андай болгону менен "тилде сөөк жок" дегендей эле өзүбүз байкабай ашыкча сөз сүйлөп, бизди курчап турган жакындарыбыздын,
досторубуздун,
кесиптештерибиздин маанайын түшүрүп, таарынтып алышыбыз толук мүмкүн. Андыктан, мындай нерсени алдын алуу үчүн төмөндөгү кеп-кеңештерди эске алууңузду сунушталат:
Жакшы сөз жан эргитет
#1 08 Ноябрь 2013 - 00:19
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 08 Ноябрь 2013 - 00:20
Сырткы келбет тууралуу: Айтууга болбойт: "Сиз чарчаңкы көрүнүп турасыз" Эмне үчүн? Бул сөзүңүз менен сиз ал адамдын маанайын түшүрүп алууңуз толук мүмкүн. Ушул айтылган кебиңиз ал адамдын кебетеси начар, жаман көрүнүп тургандыгын айгинелейт.
Андан көрө: Жөн гана "Сизде баары жайындабы? Ден-соолугуңуз жакшыбы?"
- деген сыяктуу суроолорду берүүдөн маегиңизди баштаганыңыз дурус. Адамдын иштери жүрүшпөй же ал бир нерсеге кыжырданып турса, чарчоонун бул жерде эч кандай тиешеси жок. Андыктан, чын эле анын абалын билгиңиз келсе, иштерине кызыгыңыз. Айтууга болбойт: "Ай-ий, сонун болуп арыктап калыптырсыз!
" Эмне үчүн? Бул сөзүңүздөн кийин сиздин баарлашып жаткан адамыңыз өзүн буга чейин семиз болсом керек деген ойдо калат. Андан көрө: "Сиз абдан жакшынакай болуп көрүнүп жатасыз" деп анын маанайын көтөрүп, жакшы оюңузду билдиргениңиз оң болот. Эгерде чын эле сиз үчүн анын бул көрүнүшү абдан кызык болуп жатса, ушунчалык келишимдүү болгонунун сыры эмнеде экендигин сурап койсоңуз болот. Айтууга болбойт: "Мен бул нерсени эч качан кийбейт болчумун"
Эмне үчүн? Бул сөзүңүздү ал адам сын катары кабыл алышы ыктымал. Андан көрө: "Сенин кийимиң өзүңө абдан жарашып турат. Мен муну киймек эмесмин, анткени, менин бутум сеникиндей узун эмес" деген оюңузду билдириңиз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 08 Ноябрь 2013 - 00:21
Жумушта: Айтууга болбойт: "Бул менин милдетим эмес" Эмне үчүн? Эгерде жетекчиңиз сизден бир нерсени өтүнүп жатса, анда бул сиздин милдетиңизге кирээрин унутпаңыз. Андан көрө: Жетекчиңизге каршы чыкпастан, "буга чейинки жумушумду бүтө элекмин, андыктан, бул нерсени азыр аткара албайм" деген сөзүңүздү айтыңыз. Айтууга болбойт: "Менин сиз менен сүйлөшүүгө убакытым жок" Эмне үчүн? Бул эң орой сөз. Телефон аркылуубу же бетме-бет сүйлөшүүдөбү,
бул сөздү таптакыр колдонбоңуз.
Андан көрө: "Менин азыр маанилүү жумуштарым болуп калды эле, ошолорду бүтүрүп алган соң сизге өзүм байланышам.
Мен бошогондон кийин баарлашалы"
деген ойду билдиргениңиз оң.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 08 Ноябрь 2013 - 00:29
Жумушка кирүү үчүн жетекчинин кабыл алуусуна келгенде: Айтууга болбойт: "Менин мурунку жетекчим абдан начар киши болчу" Эмне үчүн? Бул ишкер сүйлөшүүгө кирбейт. Жаңы жетекчиңиз "качандыр бир кезде мен тууралуу да бирөөлөргө ушинтип айтат тура" деген ойдо калат. Андан көрө: "Мен алдыдагы жумушка даярмын. Кыйынчылыктар болсо, аларды жеңүүгө аракет кылам" деген оюңузду айтыңыз. Сизде ошондо гана баары жакшы болот. Айтууга болбойт: "Кандай ойлойсуз, мен сиздерге туура келемби? Эмне үчүн? Бул сурооңуз сиздин өзүңүзгө ишенбестигиңизден кабар берет. Андан көрө: Ошол фирмада болуп жаткан жанылыктар тууралуу сурап, кызыгууңузду арттырыңыз.
Айтууга болбойт: "Айлык маяна канча?" же болбосо "Иш убактысы канчадан канчага чейин, эс алуу кандай болот"? Эмне үчүн? Жетекчиңиз сизди жумуш эмес, акча жана эс алуу убактысы кызыктырат деген ойдо калышы мүмкүн. Андан көрө: "Айтыңызчы,
сиздердин фирмада жумуш күнү кандай тартипте өтөт?" деңиз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 08 Ноябрь 2013 - 00:29
Кош бойлууларга:
Айтууга болбойт: "Сиз кош бойлуусузбу?
" Эмне үчүн? Бул сурооңузга тетири жооп алып калышыңыз мүмкүн. Балким, ал жөн гана толуп жаткандыр. Андан көрө: "Сиз жакшынакай болуп калыптырсыз.
Байкашымча,
жолдошуңуз экөөңүздөр балалуу болууну пландаштырып жатат окшойсуздар"
дегениңиз дурус. Эгерде маектешиңиз менен анчалык жакын болбосоңуз,
биринчи сүйлөм менен эле чектелиңиз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 08 Ноябрь 2013 - 00:30
Үч эм же эгиздердин ата-энесине:
Айтууга болбойт: "Буларды кантип багып, кантип тойгузасыз?
" Эмне үчүн? Анын кыйынчылыгына андан бетер кыйынчылык кошосуз. Андан көрө: "Сиздердей ата-эне менен сыймыктанса болот, себеби, силер ушундай ийгиликке жетишип бактылуу ата-эне аталдыңар. Ким эле ушундай бакытка чөмүлүп, эгиз балдарды өстүрүп, багып жатыптыр..."
Сиздин ушундай жанга жагымдуу сөздөрүңүз жаш ата- энени кубандырып,
маанайын көтөрбөй койбойт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 08 Ноябрь 2013 - 00:31
Бала асырап алган ата-энелерге:
Айтууга болбойт: "Мындан дагы татынакай бала тандап алсаңыз болмок" Эмне үчүн? Бул сөздү сиздин айтканга акыңыз жок, анткени, бул сиздин ишиңиз эмес, кийлигишпеңиз.
Андан көрө: "Кандай гана жылдыздуу, сүйкүмдүү бала! Сиздин ушундай балаңыз бар экени абдан жакшы. Бул балаңыз менен сыймыктансаңыз болот".
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#8 08 Ноябрь 2013 - 00:33
Ажырашып кеткен жалгыз бой айымга: Айтууга болбойт: "Ал сенин теңиң эмес болчу" Эмне үчүн? Муну менен сиз ал адамдын табити начар экенин, туура эмес кадам жасаганын баса белгилейсиз.
Эгерде ал экөөнүн мамилеси жакшы болуп кетсе, өзүңүзгө эле жаман болуп, ыңгайсыз абалда каласыз. Андан көрө: "Ал колунда бар алтындын баркын билген жок" деп айтканыңыз туура. Айтууга болбойт: "Ал мага башынан эле жакчу эмес, ошондон кутулганың жакшы болду" Эмне үчүн? Сиз баарлашкан адам сизге таң калат. Анткени, экөө чогуу жүргөн учурда экөөнү көрүп суктанган учурларыңыз болгон. Андан көрө: "Сен жакын арада өзүңө ылайыктуу, түшүнүктүү тениңди табасың, андыктан, кайгырба"
деген ой-тилегиңизди билдириңиз.
Айтууга болбойт: "Сендей сулуу, татынакай, акылдуу кыз ушул убакка чейин жалгыз кантип жүрөт?" Эмне үчүн? Маектешиңиз бул суроону эки мааниде, "ушу сен соо эмессиң" деген мааниде да кабыл алышы мүмкүн. Андан көрө: "Сен сүйүктүүң менен жолугуп турасыңбы, мамилеңер жакшыбы?"
деген суроону бергениңиз жакшы. Эгерде ал өзүнүн жеке жашоосу жөнүндө ооз ачкысы келбесе, сөздү башкага буруп, башка темада сүйлөшүп, чер жазышсаңыздар деле болот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#9 08 Ноябрь 2013 - 00:38
салам Автор жакшы маалыматыныз учун рахмат : бул мамиле биздин жашообузда эн чон роль ойнойт биздин ийгилике жетишибиздин ачкычы десем болот оба ар бир адам озунун ичинде калап турган нерсени алгысы келет б. а да укусу келет ал туура созбу же жокбу мааниге ээ эмес жакшы суйло адамга комплимент айттуу булардын баары жан ергитчуу нерсе.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#10 08 Ноябрь 2013 - 01:48
Кайсы сайттан кочуруп атасын иним? Ссылкасын купуяма ыргытып койчу? Орусчасын окуш керек болуп атыр.
#11 08 Ноябрь 2013 - 09:57
Салам автор кенештерин жакты.Чынында жакшы соз жан эргитет.Айланадагы адамдарга аяр мамиле жасап, конулун которууго эмне жетсин.Озубуздун конулубузду которбосок болбойт го.

#12 08 Ноябрь 2013 - 11:15
kanat4ik (08 Ноябрь 2013 - 00:21) жазган:
Жумушта: Айтууга болбойт: "Бул менин милдетим эмес" Эмне үчүн? Эгерде жетекчиңиз сизден бир нерсени өтүнүп жатса, анда бул сиздин милдетиңизге кирээрин унутпаңыз. Андан көрө: Жетекчиңизге каршы чыкпастан, "буга чейинки жумушумду бүтө элекмин, андыктан, бул нерсени азыр аткара албайм" деген сөзүңүздү айтыңыз. Айтууга болбойт: "Менин сиз менен сүйлөшүүгө убакытым жок" Эмне үчүн? Бул эң орой сөз. Телефон аркылуубу же бетме-бет сүйлөшүүдөбү,
бул сөздү таптакыр колдонбоңуз.
Андан көрө: "Менин азыр маанилүү жумуштарым болуп калды эле, ошолорду бүтүрүп алган соң сизге өзүм байланышам.
Мен бошогондон кийин баарлашалы"
деген ойду билдиргениңиз оң.
Пахта коюшту билиш керек.
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#14 13 Ноябрь 2013 - 15:04
Jyluu suiloson, jylan iyinden chygat degendeida. Jakwy soz ukkandy baaryy kalaawat. Owon uchun tema jakwy eken.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#15 14 Ноябрь 2013 - 00:00
Улгулуу болуп кетпесем болду...)
Автор кенештеринизге рахмат.
Эрикпей да, зерикпей ушунун баарын жазып чыкканга да нерв керек экен. Ошол учун сизге темирдей нерв, манжаларынызга, козунузго куч-кубат, анан мээниздин чарчабашын каалап отойун.

В каждой шутке есть доля правды...
#16 23 Ноябрь 2013 - 00:29
Канатчик канча жаштасыз ушунча акылдуу жакшынакай создорду жазасын озун айткандай жан эргиткен.
#17 12 Апрель 2014 - 13:09
#18 12 Апрель 2014 - 13:40
Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет. Автор азаматсын өтө маанилүү тема ачыпсын.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#19 14 Апрель 2014 - 01:50
Жагымдуу жылуу туруктуу жана токтоол болсон баары жакшы корот жана сыйлайт
Как