199*-жыл,**-август айы,тан агарып,элдердин кунумдук жашоосу башталганда менин жалгызым апам мени жарык дуйного алып келген.Таята таяэнемдин биринчи небереси болгонумданбы айтоор аябай кубанышыптыр.
Атам мага ***** деген ысым ыйгарат.Ошентип биз роддомдон чыктык.Чон энем аябай таш боор аял эле.Апама корбогон кунду коргозот.Анысы аз келгенсип,атам да ичип алып,апама кол которуп,коп эле кордукту коргозот.Акыры бул нерсе ажырашуу м.н аяктайт.
Апамдар 5 бир тууган,Апам эн чону.Биз барганда тайкелерим,
тайэжелерим аябай кубанышкан.
Мен анда 9 айлык наристе элем.Ошентип кундор отуп,атам келип мени алып кетем деп чыр чыгарчуу адат чыгарган.Бирок Таятам сурдуу,токтоо киши болгондуктан мени алып кетпеген.Тайкелерим атам келгенде мени жуктун (жыйылкан тошок) артына бекитип койушканы азыркыдай эсимде.
Апам аябай сулуу,аракетчил,
колунан баары келген,шустрая.
Коп жерден жуучулар келген,кызын деле кошо алып кетебиз деп.Бирок апамдын конулу эркек,кайнене аттуудан калып калган болчу.Мен 5 жашка толгондо Апам Россияга кетет.
Мен тайларымдын колунда журдум.6 жашка чыкканда мектепке баргам.Мени эч нерседен кем кылбай бойго жеткиришти.
Апам ар 2 айда акча салып турчу.Анда тел биздин айылда бир эле адамда бар эле.Апам чалганда,Тайкелерим 10-15 кундо бир мени суйлоштургону алып бараар эле.Апамды аябай сагынып,баары уктаганда ыйлачуумун.
Баары менин конулумо караса деле,апамдын мээримине жетпейт эле.Апам 1 жылда бир 10-15 келет эле.Ал убакта самолёт м.н каякта,поезд м.н 3-4 кундо барат эле,Эми кутконумду айтпагыла.Тамагымдан тамак отпой,уйкум келбей.Эжемдер чачтарымды турлоп,жаны койнокторумду кийгизип койушат эле.Менден бактылуу Адам жок.Андай куткондо кочобузго машина да келбей койчу.Апамды аябай сагынып кутконум м.н сыр берчуу эмесмин.Алыскы жолдон чарчап келип Апам байкуш келип эле уктап калат эле.Баш жагындаа апамдын чачын сылап,суйунуп отураар элем.Кайра качан кетес деп кундо сурачумун,тажаганыман эмес,кетпейм дешин кутчумун.Кайра кетет.Ошентип окшош кундор отуп жатты.Тайкелерим,
эжелерим бойго жетишип баары уй-було курушту.Айылдын жашоосун айтпасам деле билесиздер.
Талаа иштери жакчуу эмес.Уйго женелерим келип,иштен кичине болсо да арылам десем,наоборот атандашуу Эми башталды.Мен анда 6-7 класста окучумун.Тайнем мени такыр урушчу эмес эле.Барган сайын уруша баштады (женелерим уруштуруп койчу).Ошентип 2 тайкемдин балдарын чонойттум урушун да уктум,алкышын да уктум.Кээде баарынан тажаганыман жашагым келбей кетчу.Мен тендуу кыздар кочо таптап ойносо,мен уйдогу жумуштардан кочого даже чыга алчу эмесмин.Апам дайымкыдай 1 жылда бир келет.Тайта тайнемдин конулу деп,кыйналганымды апама билдирчуу эмесмин.
Тайнем мени урушканы м.н мени аяп,тайке,женелеримен коруп турчу.9-классты аяктап,англис тилине кызыкканыма Апам колледжге тапшырттырды.
Оз Кучум м.н окууга оттум.Студенттик кундорумдо ач калдым,кеч калдым.Анда менде паспорт жок эле (15 жашта элем).Апам акчаны тайтама салат.Алар мага акчаны олчоп эле берип койушат.Ал акчасы же проездге же тамагыма жетпей кыйналдым.сецияларга билимим жеткени м.н акчам жетпейт.5-6 ай окуганда,Апам келди.Ошондо биринчи жолу апама ачылып сырымды айткам.
16 жашка чыгып,паспорт алдым.Москвага апамдын жанына келдим.Келип эле бир жерге уборкага ишке кирдим.Эми кыйналганымды эстесем озумо озум боорум ооруп кетет.Бирок мен учун айылдагы ажаандарга (женелериме) Караганда бул жакта пол жууп жургонум жакшы эле.Аябай назик Жан болгонум учунбу? Уборкада кечке Колумду сууга салып,шишип,
ооруй баштадым.Апам акчандын кереги жок,ден соолугун керек мага деп иштен чыгарып Алды.
Ошентип баарын оздоштуруп,
жакшы ишке орношуп алдым.16 жашыман чыныгы жашоого,тирилике аралаша баштадым.Кыйналсам да за то алтын АПАКЕМ жанымда)
Мен откон жашоом м.н эмнени айткым келди,адам баласы эч убакта бироого коз каранды болбосун экен.Анан дагы ар перзенттин оз АПАСЫ жанында болсун.
Атамды коргон эмесмин,мени баары "Атана окшошсун"
дешет.Апамдан бир да жолу Атам жонундо сураган эмесмин.Апакемдин Эски жаратын козгогум келбейт.
Баракча 1 - 1
Мен жөнүндө...
#2 06 Март 2016 - 17:46
Азыр Москвадамын.
8-9 айда бир КG га барып турам.Эртен оз мекеним Кыргызстанга сапар тартам))кудай буюрса.
#4 06 Март 2016 - 19:20
Жараткан озу жар болсун! Бактылуу болушунузга тилектешмин замандаш!
#5 06 Март 2016 - 19:30
Эми апаныз менен бирге болунуз. Бактылуу болунуз.
Адам сырткы дуйнону озгортуудон мурун озун озгортууго тийиш.
#7 06 Март 2016 - 20:27
Эми мындан арыда бактылуу кундорду откор

Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
#8 06 Март 2016 - 21:05
Бактылуу кыздардан бол. Мекенге кайтуу кандай соонун. К стати апан менен келесинби?
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#9 06 Март 2016 - 21:12
#10 07 Март 2016 - 01:04
Апаң бар кандай бактылуусуң))) Ак жол сага

Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
#11 07 Март 2016 - 01:21
#12 07 Март 2016 - 01:51
Менин тагдырыма окшоп кетет экен. Айырмасы апам дүйнө салып мен атам менен катташып калдым.
Дүйнөдө жыргап жашаган эч ким жок. Ар кимдин өз проблемасы бар. Адам өзүндөгү өкүнүчтүү нерсени эстеп, ага чөгө берсе жашоосу уланбай, күчтүү болуу зарыл.
Дүйнөдө жыргап жашаган эч ким жок. Ар кимдин өз проблемасы бар. Адам өзүндөгү өкүнүчтүү нерсени эстеп, ага чөгө берсе жашоосу уланбай, күчтүү болуу зарыл.
Внешность - это козырь , но не туз…
#13 09 Март 2016 - 21:13
Ммм..атан менен катташсан жакшы го дейм тартынбай эле апандан сурай бер.."эрди катын урушат ээси кеткен болушат" дегендей сенин куноон жок..атаны ыраазы кылыш керек..жаман болсо деле жакшы болсо деле сенин атанда..ммм.
.анан 16жашында норм эле иш баштагансын ..мен 5кл иштеген экем.. Ийгилик сага..
#14 10 Март 2016 - 10:57
Мени бир нерсе тан калтырды 9 айлык кыз баса элек кыз кантип эстей алды ошол убагын?
#15 10 Март 2016 - 16:02
#16 10 Март 2016 - 16:40
Jadyrashka (07 Март 2016 - 01:51) жазган:
Менин тагдырыма окшоп кетет экен. Айырмасы апам дүйнө салып мен атам менен катташып калдым.
Дүйнөдө жыргап жашаган эч ким жок. Ар кимдин өз проблемасы бар. Адам өзүндөгү өкүнүчтүү нерсени эстеп, ага чөгө берсе жашоосу уланбай, күчтүү болуу зарыл.
Дүйнөдө жыргап жашаган эч ким жок. Ар кимдин өз проблемасы бар. Адам өзүндөгү өкүнүчтүү нерсени эстеп, ага чөгө берсе жашоосу уланбай, күчтүү болуу зарыл.
Туура айтасын . эч качан чогуп калбашы керек .
Авторго ак жол
#17 10 Март 2016 - 23:04
Баракча 1 - 1