Суперстан: Патриоттук ырлар жыйнагы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Патриоттук ырлар жыйнагы Окуганда журоктогу патриоттук сезимдерди ойготкон кыргызча ырлар

#1 Пользователь офлайн   belosnejka1   18 Июнь 2013 - 07:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 396
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Апр 2018 07:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Venera

Поэзияга кызыккан окурмандар бар деп ойлойм арабызда. Озгочо мага эн жаккан патриоттук сезимдерди жараткан ырлар дайыма журогумду ээлеп келет. Чыгармачылык таланты бар форумчу достордон ушундай ырлардан болушуп туруунарды суранат элем. " Кыргыз деп келгем дуйного, кыргыз деп отом дуйнодон" . Б. Сарногоев
Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Kubanychbekkagan   18 Июнь 2013 - 18:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 737
  • Катталган: 01 Июнь 07
  • Соңку аракети: 11 Апр 2014 14:09
  • Жынысы:Эркек

Мен кыргызмын, кыргыз болуп төрөлгөм,

Элим кыргыз, жерим кыргыз мен өскөн.

Каным кыргыз, жаным кыргыз болгон соң,

Жашап өтөм кыргыз бойдон дүйнөдөн!

(Кубанычбеккаган)


Гуд бай, форумчулар! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Rinatik94   19 Июнь 2013 - 12:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Кыргыз улут-кичи пейил улуттардан
Өз каадасын,өз тарыхын унутпаган
Манас бабам чыгып кыргыз калкымдан
Чыңгызымдай каймактары
калкыган
Комуз добушу кулакты бир жыргатат
Ырдабаган адамдарды ырдатат
Калпагын кийсем сонун болуп жарашат го
Башка улуттун жигиттери самашат го
Кыргыз жерим карыткан кылымдарды
Кыргыз элим баспай кеткен кылым барбы
(Rinatik94)

Билдирүүнү түзөткөн: Rinatik94: 19 Июнь 2013 - 12:47

Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Speznaz41   19 Июнь 2013 - 17:06

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 01:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олкодо

Чоку болот тоолордун бийик жери, Чокудай бол кыргызымдын жигиттери. Чок кармаган кол менен баатыр бол деп, Чон аталар остургон сени мени. Толкун болот дениздин терен жери, Толкундай бол кыргызымдын жигиттери,Токсон тогуз онордун ээси бол деп, Тоолук эне торогон сени мени. ( Б.Сарногоев. )
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   belosnejka1   20 Июнь 2013 - 06:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 396
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Апр 2018 07:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Venera


БИР ЖАКАДАН БАШ ЧЫГАР
Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар,
Бытыранды урууларга бөлүнбөй
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!

Узак мезгил сиңип келген сезимге
Урук, уруу керек чыгар кезинде...
Башыңда ой майдаланып баратса
Манас деген бабаң турсун эсиңде.

Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар
Элдин мүлкүн оп тартпасын алкыңар...
Так жүрсөңөр, ак жүрсөңөр ар иште
Дал ошончо көтөрүлөт баркыңар.

Эл байлыгын не кылсам да өзүмө...
Алам деген, жулам деген кезиңде,
Жаңы гана бешке чыккан өлкөбүз
Жаш балаңдай дайым турсун эсиңде.

Эмгекчи эл. Эл ичинде башчылар
Кай бириң карт, кай бириңер жашсыңар.
Ыйман менен, ызат менен, иш менен
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!

(Baydilda Sarnogoev)


Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   USSR   22 Июнь 2013 - 17:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жакшы тема экен.... Көптөн бери патриоттук багыттагы "Күйгөндөн ырдайм кыргызды" деген ырлар циклин баштай албай жүрөм... Илхам келип жатат го,бирок баягы эле көр тирилик кендирди кесип....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   doni89   23 Июнь 2013 - 21:08

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Мен кыргызмын кыраан Манас колдогон
Кыргыз болуп торолуп Ак бешике болонгом
Кыгыз атын,данкын очурбой
Жашап отом ааламдан



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Kg.lady   23 Июнь 2013 - 21:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Улуу Манас чон казатка баштаган.
Биз урпагы жоодон кайра кайтпаган.
Эркиндиктин жаны доордун тушунда.
Кыргыз элим буркутундой таптаган.

Кыйындыкты баштан кечип коргонбуз.
Орт аралап, толкун жиреп конгонбуз.
Жолборс журок кошунун биз турганда.
Алга карай осо берсин олкобуз.

Кармашканда кайрат берип утуру.
Беттеген жоо болбойт бизден кутулуу.
Кайра кайтпас ожорлук бар канымда.
Ал анткени биз Манастын тукуму....! !!
(АЛЫМЖАН ТОКТОСУНОВ). ....

Обонун кошо илип коюн десем,нота билбеймдаааааа;)/>

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 23 Июнь 2013 - 21:57


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   morther   23 Июнь 2013 - 23:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Чек арачылар ыры
Ар намыска шыктандырып улуу төр,
Ар убакта алга сүрөйт үмүттөр.
Көз ирмебес кыраан кылып таптаган,
Эрки күчтүү кыргыз элим мүнүшкөр.

Биз шумкарбыз аска тоого түнөгөн,
Азууларын урчуктарга бүлөгөн.
бОЛОТ ТЕКӨӨР АМАН КАЛБАС ТЕПКЕНИ,
Арсыз душман сүрүбүздөн жүдөгөн.

Жаттар келсе жер тиштетип жапырган,
Ызгырылтып чаңын көккө сапырган.
Кыраандыкты көрсөтөбүз душманга,
Шумкар болуп улуу тоодо жашынган.

Чекте туруп үйрөнөбүз жоо сырын,
Эрдигибиз жашагандай көп кылым.
Тубөлүккө түнөк тапкан жүрөктөн,
Жоо сүрдөткөн кулунубуз кыргыздын! (Алымжан Токтосунов)

Билдирүүнү түзөткөн: morther: 23 Июнь 2013 - 23:59

Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   belosnejka1   29 Июнь 2013 - 08:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 396
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Апр 2018 07:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Venera

«Түндүкмүн деп элирбей,
Түштүкмүн деп көбүрбөй
Ортосунан оң-солдун,
Мен чыккам деп сөгүнбөй.
Уруум да кыргыз деп,
Улутум да кыргыз деп,
Жүрөлүкчү бөлүнбөй…» B. Sarnogoev

Билдирүүнү түзөткөн: belosnejka1: 29 Июнь 2013 - 08:25

Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   belosnejka1   30 Июнь 2013 - 08:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 396
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Апр 2018 07:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Venera

Зайырбек Ажыматов " Кыргыз болгум келет"Ушул күнү негедир кайыкты дил,
Урпактар э-эй биздеги айыпты бил.
Кыргызмын деп мен азыр турган менен,
Кыргыздарга окшобойм байыркы бир.

Кадыр, каада бул күндө кайда калган,
Кайран кыргыз өз баркын жайлап алган.
Манас биздин бабабыз деген уят,
Майдаланган калк үчүн майдаланган.

Биз бир кезде тоолордой бийик элек,
Биз бир кезде майда эмес, ирик элек.
Жакшылыктар башталып биздин элден,
Жаратканга жардамчы билик элек.

Калбаганбы уруктук кайрандардан,
Карайлаймын нускасын тангандардан.
Бир кезекте аттиң ай, бир кезекте,
Бийик эле ар кыргыз пайгамбардан.

Улуу мыйзам сакталып жазылбаган,
Уютулуп улуу журт чачылбаган.
Ар бир жаран өзүнүн ордун билип,
Асыл наркын — насилин качырбаган.

Арамдыкты сындырып түзөчүбүз,
Адалдыкты, актыкты күзөчүбүз,
Сактап турган теңдикти баардык жерде,
Окшош болчу Теңирге мүнөзүбүз.

Кыргыздардан кыргыздар туулбаган,
Кыйын мезгил өтүүдө шуулдаган.
Кыргыз болгум келет эй, Кыргыз болгум,
Кыргыз болуу дүйнөлүк улуу наам!

Билдирүүнү түзөткөн: belosnejka1: 30 Июнь 2013 - 08:46

Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Sagy   16 Октябрь 2013 - 22:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 751
  • Катталган: 15 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 31 Янв 2017 11:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:г.Бишкек

Кыргыз...
Мен акын эмес, атак данкка малынган,
Мен ойчул эмес, акылым ашып ташкан.
Мен мусулман, Аллах деп журок каккан,
Манастан айланган, кыргыз кандан жаралган...

Эй кыргызым, тообо кыл, жашаган жерине!
Эсин барда ибаадат кыл, оку намаз мечитте.
Эртен эле бир кун келет элиме,
Эки рекет намаз энсеп сен кетпе.

Кыргызым, кантет сенин балдарын?!
Кымыз эмес, коньяк издеп калганын!
Кочодо калган, бир сомго жалынган балдарын коп,
Кыргыз эмес, аракеч баласы, ушулбу кыргызым.?

Уулдарын коп, акча дегенде элин саткан,
Унутуп намысты, ачык эле таштанды чачкан.
Эмгек кылбай, элге жете албай, кыргызым бай!
Сумкесине таштандыдан салып алган..

Кыздарын коп, ботон элге куда курган,
Кыргыз жетпей, намыс бекитпей эрге жабышкан.
Мусулманбы жокпу, эчкимдин иши жоктой,
Байлыгына пул, озуно кул болуп калган..

Башка улут кулот бизге устуртон карап,
Бир сомго денесин саткан кыздарды кармап!
Башын кайда? Ыйман кайда? Намыс кайда?!
Баары кыргыз учун, акча, байлык астында...

Биз кыргызды Курманжан датка корсо асып салмак,
Манас баатыр, бириктирип КЫРГЫЗ кылмак.
Пайгамбарыбыз (С.А.В) ыйлап жышып бата бермек,
Аллах улук, болбосо эбак эле тытып салмак..

Кийими жоктой, кыска чупурок оронгон,
Кыйналды кыргыз, эсин жыйбай жоголгон.
Ким кунолуу десе, ажо деп баарын шылтаган,
Кыргыз эмес, киргизге эбак айланган.

Абышкалар маараке шылтап арак ичсе,
Балдарына куюп, стакан кагып, бата берсе,
Мына кыргыз, ачык сенин абийрин!
Кеч эмес, ойлонгун, эсине келгин!

Оштуксунбу, Колдуксукбу, же Таластан,
Ишин эмне ким кайдан, баары чыккан кыргыздан!
Тарбиян кана балдарына бир бол деген?
Тундук туштук заман, тээ артта калган!

Болун дагы ! Жетпегенсип Оштогу коз жаштар!
Кул бол, пул бол, дуйного шылдын кыргыздар!
Ботон эл, урпагына жашоо курса,
Балким бизге, урпагыбыз жашоо курар!

Оз жерине ээ боло албаган коен сымал,
Озгого берип буттук, берчу дагы не бар?
Акча десе, энесин саткан манкурт эмес,
Ачка болсо да, абийир жапкан кыргыздар.

Мактангым келет кыргызмын деп, ботон элге,
Мен кыргызмын! Кыргыз эли дайым бирге!
Намыска бек, байлыкка умтулбаган,
Мына менин кыргызым, Аллах берсе береке.

Оо кыргызым, куруп кетпесин тукумубуз,
Бир бололу, бактылуу болсун журтубуз.
Манас ата, кыргыз деп Кытайды басканда,
Болунгонго кандай биздин укугубуз?..
Киргиз, суйлоп корчу таза кыргызча,

Ким билет, балким кылбас ашыкча.

Киндик канын тамса Кыргызда,

Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   belosnejka1   26 Ноябрь 2013 - 14:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 396
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Апр 2018 07:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Venera

Окуган сайын кабарды,
Коздон жаш тамып, жер эне,
Кайда кетти уулдарын?
Таштап сени кимдерге?
Ишенич жок эч кимге
Кантип жашайм бул жерде?
Тоноо, мунтуу, зордуктоо
Болуп жатса элимде...
Эн ишенген адамын
Доктур болот дечу эле..
Кайдан чыкты мындайлар?
Бала сатчу немелер...
Эн ишенген агайын
Сени коргойт дечу эле..
Кайдан келди мындайлар?
Кыз урдоочу немелер...
Кайда барам сени таштап
Кагылайын жер эне,
Болуп жатса мунун баары
Менин оскон жеримде...
Качан.. Биз да журобуз
Коркпой басып кечинде
Качан.. Биз да гулдойбуз
Жапандардай жер эне...
Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Nurtilek97   11 Январь 2015 - 18:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 24 Апрель 14
  • Соңку аракети: 10 Сен 2016 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кара кулжа

Дагы жазгылачы жакында бизде сынак болот эле "эр жигит эл четинде" деген керектуулорун алайын!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   11 Январь 2015 - 18:57

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Мен кыргызмын тарых жолун улаган,
Менменсинген ата-бабам урпагынан.
Бийик кармап желегимди желбиреткен,
Бул омурдон отом сыймык, данк менен.

Кыргызмын кызыл желек которгон,
Мен кыргызмын жети жерди болбогон.
Кыргызмын кыраан болчу келечекте,
Мен кыргызмын кыргыз учун жашап келем.

Менин жерим кыргыз элим жылдызым,
Менин намысым мен дуйного таанытып келем.
Башты бийик которуп мен тартынбастан,
Башкаларга кыргызмын деп мактанып келем.

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Tasma2014   15 Январь 2015 - 03:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 59
  • Катталган: 19 Июнь 14
  • Соңку аракети: 24 Апр 2023 11:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Тоодо жашап сырын тарткан жылдыздын
Мен уулумун таза кандуу кыргыздын
Жигит болуп торолгон сон ааламга
Асабасын бийик кармайм кыргыздын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Tasma2014   15 Январь 2015 - 03:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 59
  • Катталган: 19 Июнь 14
  • Соңку аракети: 24 Апр 2023 11:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Кок тиреп монгу каптап турат башын
Тазалык аруулук бар тоого жакын
Башка элдин алтынына алмаша албайм
Ала Тоомун тырмактай кара ташын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Nurtilek97   15 Январь 2015 - 21:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 24 Апрель 14
  • Соңку аракети: 10 Сен 2016 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кара кулжа

Артып барат ата журтун коркому/Кимдер болойт гулго биздин олкону/Биз болойбуз ата журту гулзарга/Биз болобуз ата журтун эртени/.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   jaskaaa   06 Апрель 2015 - 14:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 67
  • Катталган: 25 Март 15
  • Соңку аракети: 19 Дек 2023 14:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара-балта.

Кыргыз-деген тарыхын бар эй адамзат
Кыргыз-деген бир "улутсун" алакандай!
Алакандай кыргыз элим болунбогун,
Ар намысты ыдыратпай бек кармагын!

Кыргыз деген тилин бар эй кыргызым
Кылымдарды карытып жашап келген!
Тилинде тантырабай так суйлогун
Чанып кетип кыргыз тилин кордобун!

Кыргызыма куйуп бышып Манас баатыр,
Кыргызымды Манас баатыр коргогон!
Кыргыз жерин душмандарга аралатпай,
Кыргызымды Манас ата сактап келген!

Билдирүүнү түзөткөн: jaskaaa: 06 Апрель 2015 - 14:37

[font="Arial Narrowмш"][/font][color=дм" #00FF00"][[color="#00FF00" ][/color]/c[color="#2E8B57" ][/color]olo[color="#00FFFF" ][/color]r]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   admin_superstan   06 Апрель 2015 - 15:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Кыргызстан жонундо ырларды жазабыз!" жана "Кыргыз" темалары менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 20:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: