Эми коро албастыкка конул бурсак, бул кобунесе бироонун катасын чукуу жана анын жакшы сапаттарына эмес, начар сапаттарына басым жасап, кандай ката кетиргенине маани беруу болуп саналат эмеспи. Башкача айтканда, ал адамды кетирген бир жанылыштыгы учун начарга чыгарып салуу, басынтуу, адашканына суйунуу жб ушу бала бакча жана мектепке баргандан тарта калыптанган эмеспи деген ой кетет экен.
Балким эн алгачкы маалдан тарта баланын жетишкен ийгиликтерине кобуроок басым жасап, кубаттап жасаган кичинекей кадамдар чон озгоруулорго алып келе алабы дегеним да.
Силер кандай ойлойсунар?
Балким эн алгачкы маалдан тарта баланын жетишкен ийгиликтерине кобуроок басым жасап, кубаттап жасаган кичинекей кадамдар чон озгоруулорго алып келе алабы дегеним да.
Силер кандай ойлойсунар?
Негизи, мугалим - педагог гана болбостон психолог да болуш керек. Б.а. ар бир окуучуга индивидуалдык мамиле кыла (индивидуальный подход) билиши керек. Кээ бир окуучуларды, сиз айткандай, жакшы жактарын белгилеп, ийгиликтерин айтып мактасан, ал андан да осконго, онукконго аракет кылат. Кээ бирлери тескерисинче, мен кыйын турбаймынбы, мен ансыз деле деле баарын билет турбаймынбы дешип, изденбей коюшу мумкун.
Бул ата-энелерге да тиешелуу болуп калат окшойт, бардык эле балдардын кабыл алуу, эске тутуу, сезимталдыгы жана мумкунчулугу бирдей эмес да.
Бул жерде кемчилик баалоо системасында эмес, мугалимдин профессионалдуулугунда, менимче.
Анан, коро албастык кобунчо дээринен болуш керек, айлана-чойрого карап, озуно карата жасалган мамиледен коро албастык сапаты калыптанган адамдар аз эле пайызда болуш керек.

Супер-Инфо
super.kg
видео















