Менин тема ачканымдын себеби мындан. Бишкек шаарындагы бала бакчаларга кезекке туруш үчүн жашаган жериңдин караган районуна карап турат экенсиң, анан ал кезек келсе келди 2-3 жылда, келбесе балаң чоңоюп, үйлөнүп калат экен. Анан дагы аларда гос жумуштарда иштегендердин балдарын биринчи өткөрүп, жеке менчик мекемеде иштегендердин балдары бакчага бара албай же ата-энесинин бири ишке кире албай жүрө берет. Анысы аз келгенсип, ал жактан кезегиң жетсе, бала бакчадан орун табылбай бир жыл жүрөт экенсиң. Дегеле гос жумушта анан частный жумушта иштейт деп бөлгөнү туурабы? Садик болбосо деле, башка жерлерде. Гос жумушта иштеген өз баласы, жеке менчиктегилер өгөй балдарыбы? Турмуш баарына бирдей го, бутка туруш керек жана башка.......
Мамлекеттик мекеме менен жеке менчик мекемелерде иштегендерди бөлүү
#4 17 September 2016 - 18:57
Менимче туура эмес да, шартына карайсын дегендей, азыр чондон тааныш кутуш керек болуп калды, бизде деле ушундай, медиктер беш жылда бир сертификатка окуйбузда, мамлекетте иштегендер оной отуп кетишет, биз журобуз артынан жалдырап коюп, эптеп отуп кетейинчи деп, билип, окусан деле .

Супер-Инфо
super.kg
видео









