Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында жардамга муктаж аксакал жонундо окуп калдым. Нурматов Абдыкалык аксакал 80 жашта экен. Азыркы учурда аксакалдын эки буту да иштебей баспай калыптыр. Уйдо кемпири экоо гана жашайт экен. Коляска болсо эшике кирип чыкканга деп кайрылган экен. Ушул тууралуу сиздер менен ой болушойун дегем арабызда кайрымдуу инсандар болсо.
- (2 )
-
- 1
- 2
Аксакалга жардам керек Кайрымдуулук
#2 12 Февраль 2016 - 10:39
Жардам колун сунуучулар 0777749097 номуру аркылуу байланышса болот. деп жазылыптыр.
#3 12 Февраль 2016 - 12:16
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында жардамга муктаж аксакал жонундо окуп калдым. Нурматов Абдыкалык аксакал 80 жашта экен. Азыркы учурда аксакалдын эки буту да иштебей баспай калыптыр. Уйдо кемпири экоо гана жашайт экен. Коляска болсо эшике кирип чыкканга деп кайрылган экен. Ушул тууралуу сиздер менен ой болушойун дегем арабызда кайрымдуу инсандар болсо.
Даректерин алып Кызыл Ай коомуна кайрылып корбойлубу, ошол жактан коляска алууга мумкунчулук бар.
marykaynsd.
com- бул ссылка эмес.
#4 12 Февраль 2016 - 12:22
Жалал-Абаддын Базар-Коргон айылында жашаган 80 жаштагы Абдыкалык Нурматов аксакал эки буту тең баспай калган. Эшик-эликке жөрмөлөп чыгам деп атып, баспай калган кезинде бир бутун сындырып да алыптыр. Турмуш шартка байланыштуу майыптык араба ала албай келет. Кезинде ден-соолугу сак болуп, кара жумушту катыра жасаган Абдыкалык аксакал азыр баспай калганына өкүнүп, карыганда ыйлады.
Анын каңырыгы түтөйт. Дыңгыттай жүрүп, бул жашка келгенде эки буту тең баспай калганына бир жылдай болгонун айтат. Эми кемпирине кыжаалат болот экен, аны кыйнадым деп. Улгайган кишинин көзүнөн жаш тамса, жүрөгүң эзилет экен.
Жубайы Күмүшай Нурматова менен 5 баланы багып чоңойтушкан. Алардын бирөө уул. Аны бөлгөн экен, өзүнчө жашайт. Кыздарынын да өзүнчө турмушу бар. Бир кызы Орусиядан 10 күнгө келип каралашып, кайра кеткени атыптыр. Ошентип үйүндө байбичеси экөө эле калат экен. Эшик-эликке чыгарууга ар кимди чакырып, жалдырайм дейт. Дайым эле жардамга келе бербейсе керек, ошентип жүрүп бир күнү бутун да сындырып алыптыр.
Үйү болсо көпчүлүк элдикиндей эле жупуну. Жаңыдан өзүнчө салынып, толук бүтө элек эки-үч бөлмөлүү кааналары турат. Алты саны аман кезинде кара жумуштун каймагын чыгара жасачу экен. Аны кошуналары айтышты. Өзү жашаган үйүнүн алдында атайын орундук коюп койгон. Жеткен жери ошол. Күндүн табы кайтканда гана верендасына көтөрүп киргизишиптир. Сыртты көрүп турганга жакындан бери эле ушул жеринде.
Майыптык араба тууралуу сөз болгондо чемирчеги кайрылды. Байбичеси экөөнүн пенсиясы 9 миң сом болгондуктан, “ал акча курсакка жетеби же даарыга жетеби?”,-дейт. Ошого майыптык араба дегенде ак эткенден так этет. Айыл өкмөттөн анча-мынча жардам болуп турат. Көмүр, ун, шекер алып турабыз дейт.
Биз кетээрде “Силерден жардам болобу өзү?”,-деп көзү жашылданган боюнча калды. Абдыкалык Нурматовдун сүрөтү менен интернеттеги социалдык тармакка жардам колун сунгандар барбы деп жарыялаганда, көпчүлүгү “лайк” баскандан башка эч нерсе айтыша эле. Керек болсо, парламентке добуш алабыз дешкен белгилүү саясатчылардын баракчаларына кошо жазылды. Популисттик болсо да жардам беришсе, жакшы болмок. Азыр Абдыкалык аксакал телефон чалууларды гана күтүп жатат. Жардам колун сунуучулар 0777749097 номуру аркылуу байланышса болот.

#6 12 Февраль 2016 - 14:29
Балдары окуп алып деле намыстанат болуш керек.
marykaynsd.
com- бул ссылка эмес.
#7 12 Февраль 2016 - 14:37
Болгону бир баласы бар экен калганыго кыз экен. Бирок болунуп чыгып кеткен жери жаман болуптурда.
Канткенде жардам берсе болот деп ойлонуп отурам. Кызыл жарым ай коому бар бирок ага мен барсам эле ме деп коляска бере койбостур деймда.
#8 12 Февраль 2016 - 23:04
Телефону аксакалдын номери бекен?
Единица салсам деле жардам болоор.
Единица салсам деле жардам болоор.
Никогда не сдавайся.
#9 13 Февраль 2016 - 12:55
Буйруса жардам колун сунабыз.Коляска канча турат болду экен?Билгендер болсо жаза кетсенер.
Анан Капле мырза сизге жакын жерде болсо аксакалдын жашоо шарты менен жакындан таанышып бере аласызбы?

Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#10 13 Февраль 2016 - 14:24
Kalafo.kg ошондой коляскаларды көрдум эле баасын сурап форумчулар чогулта койолу?таксилерден өзүм жиберип койом тааныштар бар.
#11 13 Февраль 2016 - 14:29
#12 13 Февраль 2016 - 14:34
Kalafo.kg ошондой коляскаларды көрдум эле баасын сурап форумчулар чогулта койолу?таксилерден өзүм жиберип койом тааныштар бар.
жакшы пикир. Батыраак билип,жаза койсон. Коп тукурсо кол болот дегендей,ар ким колдон келишинче жардамдашалы.
#14 14 Февраль 2016 - 13:21
#15 14 Февраль 2016 - 16:04
Коляска 7500 8000 турат экен, форумчулар келгиле топтошуп биримдуу болуп алып бере коелук, ар бирибиз 500 300 дон чыгарсак деле он миндей акча топтолок, айылдык кыз ушул кайрымдуулук ишин озунуз колго алыныз активдуу катышып келесиз. Бир гана батыраак аракеттенели.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
#16 14 Февраль 2016 - 20:29
Коляска 7500 8000 турат экен, форумчулар келгиле топтошуп биримдуу болуп алып бере коелук, ар бирибиз 500 300 дон чыгарсак деле он миндей акча топтолок, айылдык кыз ушул кайрымдуулук ишин озунуз колго алыныз активдуу катышып келесиз. Бир гана батыраак аракеттенели.
Ким топтойт бишкектен менда 500 берем
#17 17 Февраль 2016 - 23:37
Мен коляска таптым 9000дейт соодалашкан жокмун мүмкүн түшуп берет шартыбызды түшүндүрсөк
#18 18 Февраль 2016 - 05:36
Жакшы бирок ошончо чогулта алаар бекенбиз ? Коп тукурсо кол болот деп форумда кайдыгер эмес инсандар жардам берсе жетип калаар деп умут кылам.
#19 18 Февраль 2016 - 07:58
Кайтар заман бар баласы да балалуу болор анан билет болуш керек.. Канча акча топтолду же эми топтойбу?
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия