Биздин коомдо катаны ондоо, адамдын жаман жагын биринчи коруп, ошого басым жасоо, коро албастык деген нерселердин тамыры бизге кичинекейибизден тарта берилген тарбиядан жана билим беруудогу баалоо системасы менен байланышы бардыгынан уламбы деген ой жаралды.
Баарыбызга белгилуу болгондой эле мектепте баалоо системасы орун алган. Бул система адамдын ката кетирген же кетирбегенине карата баа коюу менен окуучунун берген билимди канчалык денгээлде кабыл алганын корсотот. Бул корунуш бизге ушунчалык конумуш болуп калгандыктан, анын кемчиликтерине анчейин конул бура бербейбиз.
Эми коро албастыкка конул бурсак, бул кобунесе бироонун катасын чукуу жана анын жакшы сапаттарына эмес, начар сапаттарына басым жасап, кандай ката кетиргенине маани беруу болуп саналат эмеспи. Башкача айтканда, ал адамды кетирген бир жанылыштыгы учун начарга чыгарып салуу, басынтуу, адашканына суйунуу жб ушу бала бакча жана мектепке баргандан тарта калыптанган эмеспи деген ой кетет экен.
Балким эн алгачкы маалдан тарта баланын жетишкен ийгиликтерине кобуроок басым жасап, кубаттап жасаган кичинекей кадамдар чон озгоруулорго алып келе алабы дегеним да.
Силер кандай ойлойсунар?

Супер-Инфо
super.kg
видео



















