Суперстан: Кыргыз-өзбек чек арасы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыз-өзбек чек арасы Чек ара маселеси

#101 Пользователь офлайн   manas93kg   19 Март 2016 - 20:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 383
  • Катталган: 31 Январь 12
  • Соңку аракети: 01 Июл 2018 11:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения kelechek.kg (19 Март 2016 - 19:46) жазган:

Эл ишенген ажообуз,3 4 жыл куто туралы Каримов олот ошондон кийин деле суйлошобуз, АШАнын созу,президент айта турган созбу ушул.Куноо Атамбаевде деле эмес,болгон адамдык денгээли ушул бсо не кылсын.Куноо Кыргыз эли озубуздо. Себеп: Атамбаевди мактап жактап алып келген ким? мына озубуз. Экиден урушуп болунуп,бир муштум бп туйуло албаган эл керегине жарайм,тикемен тик турам деп алдап эптеп парламентке, бийлике жетууну энсеген депуттатарда, шайлоолордо добушун арзыбаган акчага саткан,эртенки келечегин ойлобогон,жаш муундун Кыргызстандын келечегин саткан озубуздо КУНОдО.Биз ошондо эле сатып ийгенбиз жерлерди, кен байлыктарды, эртенки келечегибизди. Ата-бабаларыбыз айткан соз бар,болунбо Кыргыз болунбо,болунсон боору жеп кетет деген,ана болунгондун, эртенки келечегибизди тыйынга сатканыбыздын пайдасы.Боорулор чекеден жей баштаганы ушул.Буйруса Кыргызстандын пайдасына чечилет Аллахым озу жар болсун.

Кошулам сага 100%
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Atyn-kim-chyragym   19 Март 2016 - 20:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 848
  • Катталган: 27 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 12:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Се-яха

Бакиев убагында чекара бекем болгон.Анткени ал өзү ушинтип формачандарга дем күч берип турган.
Атамбаев Бакиевке окшоп кичине серозный турчу Маамлекет учун

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG_20160319_201043_0.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   stimyl.kg   19 Март 2016 - 20:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Кыргыз болуп туулган сон кыргыз жерибизге тиешелуу баардык нерселерди журогубуз менен сезет кабыл алат экенбиз. Эми эмне дейбиз... Озбектердин айтпай нетпей 38гектар жерибизди биздики деп басып алуусу, чындыгында ойлоно турган иш. Кантип эле айтпай нетпей баардык келишимди уруп ойнобой кирип келишет?
Айлажок баягы эле чабал эпсиз кыйкыргандан башкага жарабаган биздин окмотту куноолобой койо албайбыз да. Суйлошуулор журуп жатат журуп жатат эле дешет эч жыйынтыгы жок,менимче озбектер ортонун корозуп койушканго. Уят ото чон уят иш элин жоодон коргой албаган окмот. Эми дуйшонбуго чейин чечилбейт эртен дем алыш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   atai9292   19 Март 2016 - 20:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: 22 Июл 2025 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

.

Билдирүүнү түзөткөн: atai9292: 19 Март 2016 - 20:50

Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   jetinur90   19 Март 2016 - 21:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

ОБЕКСТАН ЧЫНЫНДА СОГУШТУ КААЛАБАЙТ,КОРКОТ. БИРОК КООП КЕТКЕНДЕ БИР НЕРСЕНИ КОРООРУ АНЫК. КЫЖЫРЫМ КАЙНАЙТ. МАСЕЛЕ 1-2КУНГО КАЛБАЙ ЧЕЧИЛИП,ЭЛДИ ЖАЙГАРАТ. ЧЕКАРА АРКЫЛУУ СУУНУН ПРОБЛЕМАСЫН ЯКЧЕТ,АНАН ТОСУП АЛГАН ЖЕРИН 10-15ЖЫЛДАН КИЙИН ТОСО ТЦРГАН ДОКУМЕНТКЕ КОЛ КОЮШУП САТЫШАТ. СЕБЕБИ УБАУЫТТЫН ОТУШУ МЕНЕН ЭЛ УНУТАТ'10 ЖЫЛДАН КИЙИН АБАЛ БАШКА БОЛОТ,КИМ БАР КИМ ЖОК ДЕП ОЙЛОП ЖАТАТ МЕНИМЧЕ. 9-МАЙДА МОСКВАДА САЙЫЛДЫ ЭЛЕ'БАЛКИМ КАРИМОВ ЭЛДИ ТОЛКУТУП КЕТИРГИСИ УЕЛИП АТКАНДЫР АТАЛАНЫ... КЫСКАСЫ УШУЛ МАСЕЛЕ ОН ЖАГЫНА ЧЕЧИЛБЕСЕ ПАРЛАМЕНТ,ОКМОТ, УШАКЧЫ КАТЫНДЫН КЕТЕРИ АНЫК. ЭОН КЕТИРБЕЙ ЭЛ ТАШБАРРАНГА АЛЫП ОЛТУРСО КАНА КИЙИНУИЛЕРГЕ САБАК БРЛСУН БУЛ МАНКА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   karamat1999   19 Март 2016 - 21:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 29 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2017 17:25

Баарынарга салам.Форумда бул тема барбы же жокпу,билбейм. Аксы районундагы Озбекстандын аракетин саясат болумунон окуп,куйгонумдон ушул жакка ачтым.Ал жакка жазайын десем,толук кандуу жаран эмес экенмин.Орттонуп кеттим,озбектер кыларга иши жок калганбы,же экономикасы ушунчалык осуп,Кыргызстанды басып алууну чечтиби?Окмот башчылар алгач чек араны тактап алса болот эле.Куйдургулор гооо.Аябай жаман эле создорду жазгым келди,бирок сабыр калдым.Кудайым бизди колдосунчу! !!Тополон, согуш деген нерседен сактасынчы! !!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   jetinur90   19 Март 2016 - 21:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

АЛАР УЧУН ЭЛ КЫРЫЛАБЫ,КАЛАБЫ ДУЙНОНУ СУУ КАПТАСА ОРДОКО П...Й ДЕГЕНДЕЙ ЭЛЕ СОЗ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   atai9292   19 Март 2016 - 22:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: 22 Июл 2025 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Тынар менен Борончунун ушул тамашасын көрүп алып таасирлендим
Түшүнүктүү болуш үчүн Тынар өзбекче сүйлөгөн экен мен кыргыча эле жазсам

Аббали ана эшшек болбосоң ошончо жерди сатаар белең! Эшшек да аркандалган жерине малды киргизбей тебетко. Сен эшшек кылбаганды кылдың эми эшеке окшоп эшек баскан жерде жүрө бер жетим!
Деген сатираны көрүп алып куудулдарга дагы бир жолу рахмат дедим

Билдирүүнү түзөткөн: atai9292: 19 Март 2016 - 22:16

Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   uikuchu7   19 Март 2016 - 22:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ЭМНЕГЕДИР...
■ "5-мартчылар" ("калпакчандар" )
■ 7-апрелчилер ("Баатырлар" , тирүүлөрүн айтып атабыз)
■ Фонго Кыргыз Туусун коюп алган миңдеген фейсбукчандар
■ Тил "күйөрмандары" , тарыхчылар, ЖОЖдордун жаштар комитеттери
■ Ыйманчыл, динчилдер (мекенди сүйүү ыймандан беле?
■ Элим үчүн, жерим үчүн деп төш каккан депутаттар
КӨРҮНБӨЙТ ДА?...

Кайда жүрөт миңдеген жылдан бери Евразияны бийлеген арстан жүрөк баатыр элдин урпактары?

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   beka1207   19 Март 2016 - 22:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 722
  • Катталган: 28 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 19:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Бу озбек мамлекети же бир созго тушунбойт экен,же бир диалогго келбейт экен,же телефон чалууларга жооп бербейт,булардын позициясы кандай акылым айран!
Деги кан тогулуп кырчын омурлор кыйылбай тынчтык жолу менен бутсо экен деп сабыр кылып туралы!
Болбосо киндик кан тамган жер учун кашык канды аябайбызго!
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Март 2016 - 23:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG


"Чек ара койгойу" темасы менен бириктирилди.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   uikuchu7   19 Март 2016 - 23:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ушу депутаттарга түшүнбөйм. Айрыкча тиги Мискенбаев дегенге. Куудулдарга күчүн чыгарбай келбейби дейм да ушундай жерге.
Таңгөрүү бул биздин аткаминерлерда айтыптырго чек ара маселеси Каримов өлгондө чечилет деп. Ошондо чек арабыздын такталышы үчүн биз Каримовдун өлүмүн тилешибиз керек экен да э?

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Atyn-kim-chyragym   19 Март 2016 - 23:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 848
  • Катталган: 27 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 12:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Се-яха

Бир суро бергим келдида силерге Кыргызтанда мына бизге чектеш Китай Казахстан Таджикистан Узбекистанга окшоп мына биздин жер деп салдаттарды койуп биринчи кадам таштаган учуру болгонбу?уккан билгендер барбы?ушу мага кызыкта
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   beka1207   19 Март 2016 - 23:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 722
  • Катталган: 28 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 19:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Atyn-kim- chyragym (19 Март 2016 - 23:12) жазган:

Бир суро бергим келдида силерге Кыргызтанда мына бизге чектеш Китай Казахстан Таджикистан Узбекистанга окшоп мына биздин жер деп салдаттарды койуп биринчи кадам таштаган учуру болгонбу?уккан билгендер барбы?ушу мага кызыкта

андай учур боло элек ачыгы!
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   jetinur90   19 Март 2016 - 23:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Просмотр сообщения Atyn-kim- chyragym (19 Март 2016 - 23:12) жазган:

Бир суро бергим келдида силерге Кыргызтанда мына бизге чектеш Китай Казахстан Таджикистан Узбекистанга окшоп мына биздин жер деп салдаттарды койуп биринчи кадам таштаган учуру болгонбу?уккан билгендер барбы?ушу мага кызыкта

УККАН ЭМЕС ОЙЛОГОН ДА ЖОКПУЗ АЗЫРЫНЧА АЛ ЖОНУНДО. КЫРГЫЗДЫН КЫРГЫХДАН БАШКАГА КУЧУ ЖЕТПЕЙТ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   dobrajelatel   20 Март 2016 - 00:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 405
  • Катталган: 31 Март 09
  • Соңку аракети: 19 Фев 2024 12:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бактылуулар калаасы.

Ирегелеш өзбек калкынын Шералы Жураев ысымдуу арген үндүү ырчысы менен бир курдай дүйүм даам жайылган дасторкон үстүндө итабар убакытка баарлашып калдым.

Чынымды айтсам, көңүлүмө түйүп жүргөн бир кептин учугун жандырып билмекке ынтызарлыгымдан улам, ыңгайын таап, жанына атайы жакындап барган элем. Анткени, асакелик атактуу абабыздын түп насили “түрк” уруусунан болоорун тээ илгериде кулагым чалып, эшиткеним бар эле. Кудай жалгап, ошол кептин чын-төгүнүн өзүм үчүн тактап алуунун, болгондо да ашулачынын өз оозунан угуунун оңтою келип турду ошентип.

Оболу “кыргыз баласы” экенимди билип, кыса-кыса кол алышып таанышкан соң Шералы аба саамга ойлонуп турду да, Алай тууралуу кеп салып калды бүйүрүмдү кызытып. Алыскы Алай тоолорунун мен эзели болуп көрбөгөн күр жайлоолорун бирден эргип санап, бала чагынын бир үзүмү ак жалтаң аскалардын, көк жалтаң зоокалардын койнундагы шалба-шибердүү өтөктөрдө өткөнүн эстеп ийди. Көрсө, жай сайын сүрө-сүрө мал айдап, көчүп-конуп жайлоого чыгышчу экен.

Гүлдүү чайнектеги демделүү көк чайдан алдыбыздагы көк чыныга утур кап ортолото куюп коюп, жайбаракат маашырлана ууртап, кыйлага кобурашып отурганыбызда, жана бир ыңгайын келтирип, сөздүн нугун ал кишинин тек-жайына бурдум. “Асакеден болом” – деди аксакал. “Опей, акетай, асакеликтериң чылгый эле “түрк” деген түптүү эл болот эмеспи?” – дейм. “Ооба, ооба, мен дагы түркмүн” – деди жарыктык киши тайсалдабай. “Түрктүн ичинен кимиси болосуңар?” – дейм кадаланып сурап. “Калтатаймын” – деди аксакал. “Атаганат! ” дедим ичимен армандуу. Жообун көңүлүмө түйүп койдум. “Кыргызстандын Өзбекстан менен чекаралаш райондорунда да “түрк” деген эл жашайт. Жыш жашайт. Силерден айырмаланып, алар “өзбек” деген атты туташ чанып, “кыргыз” да эмеспиз дешип, кыргыз бийликтеринен “түрк” деген көөнө атын кайтарып берүүнү талап кылышууда” – дедим. Ак эткенден так эте “өзбегим эле өзбегим” деп, өмүр бою өпкө-жүрөгүн садага чаап ырдап калган атактуу ырчы:“Билем, билем” – деп башын ийкегиледи. Экөөбүз тең жана бир саамга унчукпай, көк чайдан жарыша ууртап калдык.

Чокусуна ала допу кондурган башын утур-утур ийкегилеп калганында, аксакалды эмне түркүн ой каптады билбейм, Ферганалык түрк калкынын, түрк боордошторунун келечек тагдыры эмне деген сары санааны чектирди, аны да билбейм, а бирок маган:“Атаңгөрү, Жусуп Абдыракмановдун акылын айныбай укканыбызда, Шералы Жураев азыр кыргызча ырдап жүрмөктүр” деген ой кетти. Дагы бир жолу ичимен кайрып, “Атаганат! ” дедим. Анткени, көк жыттанган эски документтерден өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарында болуп өткөн бир окуянын таржымалы тууралуу окуганым — улуттук мамлекеттүүлүктү түптөөнүн тарыхый озуйпасы моюндарына илинген саясий ишмерлердин бир кылка муунун кызыл чеке түшүрүп талаштырган мындай бир факты эске түшүп, ошол фактынын тегерегиндеги каңырык түтөткөн окуялар элестеп кетип жатпайбы.

1924-жыл. Борбор Азияда улуттук жиктелүү процесси капыл-тапыл башталып, аймакты эзелтеден жердеген чоң-кичине элдердин курамынан азыркы алты улутту: казак, өзбек, кыргыз, түркмөн, тажик, каракалпак улуттарын айрым уюштуруу жана алардын идирек-кудуретине чактап өз мамлекеттик түзүлүштөрүн аныктап берүү долбоору жүзөгө кызуу ашырылып жаткан кез. Аталган алты улуттук түзүлүштүн чектерин ажыратып, чек араларын аныктап берүү иши татаал, өтө машакаттуу болгону белгилүү. Ошонун ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларын аныктоо өзгөчө түйшүк менен коштолгон.

Маселенин тамыры менен табияты мындай эле: келечекте “өзбек” жана “кыргыз” деп аталчу эки улуттун жайгашкан жерлерин ой-тоодон бери аралата аныктоодон сырткары, Фергананы байырлаган майдараак элдердин, атап айтканда, же өзбекке кошуларын билбей, же кыргызга кошуларын билбей, эки ортодо арабөк калган Ферганалык түрктөрдүн, кыпчактардын жана башка майдараак элдердин тагдыры талаш жаратып калат. “Өзбекстан” долбоорунун көсөмдөрү өктөө чыгып, “түрк-мүрк”, “кыпчак-сыпчак” дегизбей эле, баарын туташ “өзбек” же “көчмөн өзбек” деп атоону сунуштайт. Сунуштамак турсун, жүйөсү өтүп, Москваны ынандырып да ийишет. Са
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   dobrajelatel   20 Март 2016 - 00:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 405
  • Катталган: 31 Март 09
  • Соңку аракети: 19 Фев 2024 12:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бактылуулар калаасы.

Сунуштамак турсун, жүйөсү өтүп, Москваны ынандырып да ийишет. Саал мурдараакта эле жоголуп кете жаздап аман калган, эми өлүп-тириле өжөрлөнүп атып “автоном облус” деген статуска араңдан илинген кыргыздарың алардын жүйөсүнө көшөрүп көнбөйт. Автоном облустун жетекчилери кыпчакты да талашып, түрктөрдү да талашып, ал ортодо каракалпакты да талашып, ансыз да чиеленген маселени андан-ары ырбатат.

Ошол учурда “автоном облустун” башатында Сыдыков-Абдыракмановдун мууну тургандыктан, 1924-жылкы улуттук жиктелүү учурундагы эл талаш, журт талаштын башында да ушул кишилер турган деп эсептейм. Учурунда Азия менен Европаны бирдей аралап, бирдей дүңгүрөтүп, не бир замандарды баштан кечирген кайран кыпчак этносунун так жыйырманчы кылымдын ирегесине жеткенде өз ураанын чакырууга алы калбай деми сууп, үн катып өз таламын айтууга чамасы жетпей ындыны өчүп, жүдөңкү тартып, эми кара-кыргыз автоном облусу менен Өзбек ССРинин талашына кантип түшкөнүн кыябы келгенде жазаарбыз, бирок бул саам түрктөрдү талашуунун таржымалына көбүрөөк токтолууну эп көрүп турам.

Ошол жылдарга тиешелүү архивдик документтерди аңтарып калган адис катары айтпадымбы, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын ажыратуу өзгөчө түйшүк менен коштолгон, ал эми улуттук жиктелүү деген иш-чараны баштап алган Москванын айласын гана куруткан. Түйшүктүн масштабын ушундан билиңиз, кыргыз жетекчилери жалаң эле “түрк маселесине” байланыштуу Араван, Булак-Башы, Мархамат, Маняк, Кулу деген болуштарды бирин калтырбай, элестүүрөк айтканда, азыркы эле Анжиян менен Фергана шаарларынын арасын бүтүн бойдон өткөрүп берүү маселесин кабыргасынан коюп, кыйлага чейин Өзбекстандын айткан-дегенине ынабай коёт. Эмесе, ушул аталган болуштардын ар биринин тегерегинде айтылган эки тараптын жүйөлөрүнө айрым-айрым токтололу.

Оболу кыргыз облусунун жетекчилери этностук азчылыктарды дүңүнөн “өзбек” деп атай салууну макул таппай, “ата-жотодо жок андай жосунду кайдан тапкансыңар” деп нааразы болгондон, мындай жүйөсүн каршы коёт:“түрктөр жашоо образы боюнча кыргыздарга жакын эл жана өзбектер менен эч кандай байланышы жок” (Кыргызстандын Мамлекеттик Борбордук архиви. 20-фонд. 1-каттоо. 93-иш кагазы. 100-бет). Акыйкатында ошондой эле. Жарым көчмөн турмушта жашап, мал чарбачылыгы менен алектенген түрк уруулары материалдык маданияты жагынан да, рухий маданияты жагынан да кыргыздарга жакыныраак болчу. Аралаш жайгашкандан, айыл-кыштактары да, жаздоо-жайлоолору да чогуу болуп, өз ара интеграциялык жараяндын кучагында камыр-жумур жашап жатышкан.

Кыргыз облусунун жетекчилеринин жогоркудай жобону айтып, Москвага дейре угуза айгай салышына түрктөрдүн жүүнү тирүү урууларынын да чырылдап чыгышы себеп болгон. Колу жеткен жерлерге чейин кат ташташып, үнү угулган жерлерге чейин арызданып барышкан түрктөр кыргыз боорлору менен чогуу болууну жакташкан. “Турмуш-тиричилиги бир-бириникинен анчалык деле айырмаланбаган түрк менен кыргыз калкы тарыхый жактан таламдаш болгондон улам Кыргызстанга кошулууну өтүнүүдө,” – деген билдирүүнү окуйбуз архивдин жедеп саргайган эски кагаздарынан (Кыргызстандын Мамлекеттик Борбордук архиви. 20-фонд. 1-каттоо. 418-иш кагазы. 50-барак).

Маселен, Булак-Башы болушун алалы. Мындай аталыштагы жер азыр да бар. Өнүп-өөрчүп отуруп, азыр район статусуна ээ. Намангандан жыйырма чакырым алыста. Мына ушул жердеги түрктөр менен кыргыздарды чогуу алып санаганда калктын токсон пайызын түзөөрүн бетке кармаган кыргыз жетекчилиги Булак-Башыны олку-солкусуз Кыргызстанга кошууну өтүнөт. Булак-Башынын түрктөрү да ушуга көнгөн. Ал турсун Москвага, туура эле Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетине арыз жолдошкон. Бирок 1925-жылкы жаңыча усулдагы эл каттоого ылайык “түрк” аттуунун баары өңчөй “өзбек” деп каттоого алынат дагы, “кыргыздар жашаган айылдар азчылыкты түзөт” деген бүтүмдүн негизинде Булак-Башы болушу Өзбекстанга бириктирилген.

Мархамат болушун мисалга тарталы. Азыр ал жер “Мархамат району” деп аталат. Кыргызстандын Араван району менен чектеш. Кара-кыргыз облусун жетектегендердин эсебинде болуштун калкынын 8
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   dobrajelatel   20 Март 2016 - 00:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 405
  • Катталган: 31 Март 09
  • Соңку аракети: 19 Фев 2024 12:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бактылуулар калаасы.

Мархамат болушун мисалга тарталы. Азыр ал жер “Мархамат району” деп аталат. Кыргызстандын Араван району менен чектеш. Кара-кыргыз облусун жетектегендердин эсебинде болуштун калкынын 80-85 пайызын түрк менен кыргыз түзгөн. Ошондуктан Мархамат болушун Кыргызстанга кошуу маселесинде эки анжы ой болушу мүмкүн эмес деп санашкан.

Кулу болушундагы жагдай дагы ушундай. Адегенде облус жетекчилиги болуштун кыргыздар жашаган ондон ашуун кыштагын гана кошууну суранган. Бирок Ош округун билген кызматкерлер болуштун калкы чылгый эле түрк менен кыргыз экенин көзгө сайып көрсөтүп, чогуу санаганда “80 пайызга, айрым жерлеринде 100 пайызга” жетээрин аныктап чыгышкан (Кыргызстан Мамлекеттик Борбордук архиви. 21(жашыруун)- фонд, 2-каттоо, 26-иш кагазы, 38б- барак).

Тилекке каршы, Булак-Башынын мисалындай эле, Мархамат менен Кулудагы бир тууган түрк жана кыргыз калктарын чогуу кароо, аларды күчтөп ажыратпоо өтүнүчү Москвадагы үлкөн лөктөрдүн көңүлүнө илинбей калды, 1925-жылкы чукул эл каттоонун жаңычыл ыкмасы колдонулуп, түрк калкынын аты заматтын ичинде “өзбек” деген атка алмаштырылды дагын, Кыргызстанды Мархамат менен Кулу болуштарынан түңүлттү. Түрк калкын кошо түңүлттү. Артынан Маняк болушу да өтүп кетти.

Араван болушу тууралуу кеп өзгөчө. Анткени, ушу бүгүнкү күндөрү да Кыргызстандын айрым жетекчилери чала сабаттыгынан улам тилинен жаңылып, райондун улуттук курамы же андагы этностук жагдай тууралуу кеп козголгондо оозуна келгенди оттоп жүрүшкөнүнө күбөбүз.

Араван болушу бир-эки жылдын ичинде эле бирде Кыргызстанга, бирде Өзбекстанга өткөрүлүп, туруктуу статусу аныкталбай, элди да, бийликтерди да кыйнады. Ошондо кыргыз жетекчилиги мынамындай жүйөнү келтирип, айтканынан кайтпай койгон: болушта 4000ге жуук кожолук болсо, анын 1257иси – кыргыздардыкы, 616ысы – түрктөрдүкү, 1467иси – өзбектердики. Калганы – тажик, уйгур, лөлүлөр. Башкача айтканда, кыргыздар менен түрктөр көпчүлүктү түзүшөт дагы, өзбектер Аравандын 37 пайызын эле түзөт (Кыргызстан Мамлекеттик Борбордук архиви. 21(жашыруун) – фонд, 2-каттоо, 26-иш кагазы, 38б-барак). Мына ушундай аргументтерди келтирүүнүн натыйжасында гана Кыргызстан жетекчилери талашкан тараптарды кепке-сөзгө келтирип, Араванды эптеп кайрып алууга жетишкен. Албетте, кыргыздар менен чогуу болууну көздөгөн түрктөрдүн каалоо-тилеги да маселенин оң чечилишине көмөк болгон.

Деген менен, автоном облусунун Жусуп Абдыракманов баштаган жетекчилери канчалык күч үрөшсө да бир тууган түрк калкынын негизги массасын Кыргызстанга кошо алышкан эмес. Ошентип, Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетине чейин арыз артынан арыз жөнөтүп, канчалык какшанышса деле болбой урматтуу Шералы Жураевдин ата-бабалары кыргыздарга кошула албай калышкан экен. Ал эми, кошулганда кандай болмок? Анда, Шералы акебиз кыргызча-түркчө аралаштырып, заңкылдап ырдап жүрмөктүр. Атактуу ырчы менен маңдай-тескей отурчумда тээ илгери болуп өткөн окуяны ойлоп-эстеп ийгеним ушундан.

Түрк калкынын кийинки тагдыры кандай болду? Өзбекстан тарабында калгандарды билбейм, бирок Кыргызстан тарабында калгандар тууралуу кандай кам көрдүк? Арадан ондогон жылдар өттү. Баягыда чырылдап-ызылдап калып калган түрк элин эстеген советтик этнографтар (асыресе, Я.Р. Винников) элүүнчү-алтымышынчы жылдары Ош облусун аралап көрүшөт. Ошондо алар дагы эле “түркпүз” деп көшөргөн элди көрүшкөн. Паспортунда “өзбек” деп жазылышканы менен, “түрк” атынан түңүлбөй жүрүшкөнүнө күбө болушкан. Бирок Абдыракмановдордун мууну талашып алган элди боорго тээп, Советтик Кыргызстандын бийликтери аларды күчтөп “өзбек” деп жаздырууну кийинки жылдары деле уланта беришти.

Күчтөп жазуу эгемен заманда деле уланып жатканына өзүм да күбө болдум. Эл каттоодон кийинки мезгил болчу, Араван жакка жумуштап барган элем. “Төө-Моюн” деген каналдын жээгинде турсам, кетмен-айрыны арта көтөрүнгөн, аял-эркеги аралаш үч-төрт киши келип калды жаныма. Аркы-теркини кобурашып турдук. “Эл каттоо купулуңарга толдубу?” — деп кызыктым. “Түркпүз десек, кыргыздар бизди түк укпай койду”, — деди улуурагы эки көзүн жылтыратып. Чоң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   dobrajelatel   20 Март 2016 - 00:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 405
  • Катталган: 31 Март 09
  • Соңку аракети: 19 Фев 2024 12:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бактылуулар калаасы.

га толдубу?” — деп кызыктым. “Түркпүз десек, кыргыздар бизди түк укпай койду”, — деди улуурагы эки көзүн жылтыратып. Чоң акимчиликтин кишисинен бетер ак көйнөк кийинип, көз айнекти тартынып, колума булгаары папке көтөрүнүп турсам, ушул киши арыз-муңубузду угат, жеткирчү жерге жеткирет деген үмүттө айтты окшойт.



Арслан Койчиев, “Кутбилим” гезитинин баяндамачысы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   dobrajelatel   20 Март 2016 - 00:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 405
  • Катталган: 31 Март 09
  • Соңку аракети: 19 Фев 2024 12:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бактылуулар калаасы.

Келечекте биздин муун улуу муундун кылган катасын туздойт деп ойлойм. Канчалаган жерибизге тойбой биздин ыйык Аксыдан колун тартсын. Аксы миндеген жылдар боюу кыргыздын жери болуп келген. Байыркы Аксыкент тууралуу тарыхта дадилдер сакталып калган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 70 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 70, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 01:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: