Суперстан: Менин өмүрлүк жарым - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (12 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Менин өмүрлүк жарым мактайбыз

#21 Пользователь офлайн   mega777   25 Март 2016 - 13:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Таакс.Жолдошум ичпейт.Ичкен кишини да жактырбайт. Жаны таанышкан убакта уй-було куруп калсак таштайм деген убадасына азырга чейин бекем.
Чегеби? Чекпейт, анча мынча тартып коет<img src='http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/95.gif'
 class='bbc_emoticon' alt=':95:' /> .Бирок сасытып уйдо тургай машинеде да тутантпайт. Кайын атамдан азырга чейин бекитет.Бир убакта таштап коргон, башым апаатка кабылганда кайра алаксыш учун тартып алды.Денсолугуна эле зыян болбосо мага эч кандай зыян келтирбейт. Кээде аялдык кылып "чармегим тетири чайнап"оштон, төштөн суйлоп калганымда сыртка чыгып бир штук менен баарын жок кылып кулуп жайнап кирип келет.

Тетири жакка басабы?Диндар адам болгондуктан достору да чойросу да диндар адамдар.Мечитке, достору менен сауна, топко тынбай барып турат.Атабыз менен жума кундору гана кечинде чогуу конул ачып келебиз.Калган кундору дээрлик уйдо турбайт.Тунку саат 12деби,1де келеби дайым ачкычты жанына салып берем, уйкубузду бузбай озу кирип жатат.Артынан чалып, качан келесин кайда журосун деген оорудан алысмын Кудайга шугур.Бараар жерин, жанындагы досторун коруп туруп конулум да ток.
Ал эми мен бир жакка чыксам улам чала бербейт.Экообуз бири бирибиз учун конулубуз ток, ошондуктан артыбыздан сая тушпойбуз.

Камкорбу? Ашыкча камкор.Мага караганда үнөмдүү.Эркек кишинин жанында ар дайым акча жүрүш керек деген принципти туу тута кармайт.Ошого жараша акча тапканга да аракети зор.

Тууганчылбы? Ашыкчасы менен.Тууган дегенде ичкен ашыбызды чогуубуз менен жерге койдурат.Ошонучун тууган-туушкандын арасында бедели бар.


Кол которобу?Калп болбойун бир жолу жаакка жегем шуу дедирип.Бирок ага эки ача уч ача болуп сайраган тилимдин айынан.Казан аяк кагышат, бирок" эми токтотуп кал "дегенде токтотуп калам.Болбосо бир ударынан чыкпашымды билем.Жан керек да, жашаш керек))Кол котормок тугул аяп турат, бир эле созу токмоктогонго барабар.Мага караганда кыйла токтоо, сабырдуу.Абалды курчутпай бир штукту кармап сыртка чыгып кетет.Кайра эле козу деп жайнап кирет, эки мунот аран чыдайм анан кулуп жиберем.Ошо менен конец фильм.

Кайын энем асылабы?Апа деген созумдон жаныла элекмин.Ото жонокой адам.Оз кызындай болгонго бар аракетимди жумшадым.Кудайга шугур, ары тур деген соз укпадым.Эки баламды багып берип, турмушума кийлигишпеди. Айда жылда бир барам.Колундагы келиндерине нааразычылыктарын сыр тутуп айтып калат байкушум жакынсып.Кайнатам ата ордуна ата мен учун.

Кайынсиндилерби? Колумда алып журуп оз колум менен себин жасап куйоого бергем.Асылмак тугул ойдо карап суйлобойт.Кайра кээде эриккенде озум асылып коем.


Жолдошумдун чечкиндуулугу, бир суйлоп айтканынан кайтпаганы кайын журттун алдында абройумду кыйла которот.Ошого жараша мен дагы куйоомду туугандарынын козунчо да ашыра мактап, ашыра сыйлагандан жазбайм.Ата, апаларыбыздын козунчо деле эркелетип козу деп чакырат.Алгач уялып журуп азыр баары конуп бутушкон.

Автор бул темага рахмат.Жолдошумдун жакшы жактарын дагы бир жолу эскертип, ортодогу жакындыкты дагы жылытып койдунуз.Омурлук жарыбызды мактагандан жазбайлы.







Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 25 Март 2016 - 14:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Aijamal_95   25 Март 2016 - 14:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 800
  • Катталган: 30 Май 14
  • Соңку аракети: 22 Фев 2021 10:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан Жалал абад

Менда мактана кетей анда. Жолдошум жакшы ичпейт бирок кез кезде чегет. Мага камкор урбайт, сокпойт дайым эркелетет. Жолдошум м.н 5 жыл алдын танышкам. Менинда анында экинчи турмушубуз. Экобуз тен бири бириби3дин конулубузду карайбыз. Кудайым ушул турмушумду кут кылсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Shanson   25 Март 2016 - 14:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Баары эле күйөөлөрүн мактаптыр. Аялын мактагандар жок го, капырай? Сүрөт
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Uhtishka.   25 Март 2016 - 14:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 066
  • Катталган: 05 Февраль 16
  • Соңку аракети: 04 Авг 2023 19:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:МСК

Просмотр сообщения Shanson (25 Март 2016 - 14:29) жазган:

Баары эле күйөөлөрүн мактаптыр. Аялын мактагандар жок го, капырай? Сүрөт



Аял затыны ушул жерден байкасаныздар да болот) ).Канчалык кен пейил, куйоосу чындыгында ошондой муноздорго ээби же жокпу, барибир мактап, барына ыраазы болгон кен пейил жанбыз да) ))...
:crazy-girl:
Сам воздух родных мест-другой ,сам запах земли -особенный.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   kyrgyzstan00   25 Март 2016 - 14:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 691
  • Катталган: 19 Апрель 15
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2019 01:38

Иий,ушундай бактынардан жазбагыла,азаматсынар! Башынан окуп абдан суйундум ушундай эркек барбы?–деп. Эми озумо келсем,турмуш курганыма он уч жылдын жузу болду,мурунку жолдошум жок,уч кызыма илинип гана жашайм,мага карата жылуу созу такыр жок,качан болсо кынтык гана издейт,тушунбойм. Бул да болсо бешенеме жазылган тагдырымдыр. Бир гана мактай турган нерсем,кыздарын отто жакшы корот.Башка мактаанарлык нерсебиз жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   nurai92   25 Март 2016 - 15:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 19 Март 12
  • Соңку аракети: 10 Июн 2019 20:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Таакс, менин дагы колум кычышып кетти))).
Турмушка чыкканыма, жана жолдошумдун жары экенимден бактылуумун, жана Аллахка шугурлор келтирип отурам. Кээде отуруп кайсы жеримен Аллахка жагып ушундай бакытты мага насип этти экен деп да ойлоном. Альхамдулиллах, жолдошум менен эки дуйно бир болгум келет.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   janna9286   25 Март 2016 - 15:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 19 Январь 16
  • Соңку аракети: 15 Июн 2019 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Мен да мактанып калайын анда. Куйоом ичпейт бирок чегет, ашыкча тууганчыл тууган дегенде ичкен ашын жерге коюп жардамын аябайт уйдо отундарга чейин салып берет шаарда жер уйдо жашаган ежелерине, акчаны есеби менен иштетип чонтогундо дайыма акча журуусу керек ашыкча кийим кече кафе майда чуйдолорго коротпойт мага караганда сарамжалдуу, ишти майын чыгара кылат ептеп еле бутуп акча алсам дегендерди жаман корот пешене тер менен тапкан нерсе жугумдуу деп инилерин да ошого ундоп келет, иши жок отурбайт . Балдарына ото куйумдуу ата.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Woman.   25 Март 2016 - 21:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 23 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Июл 2019 12:39

Эркектер силерда мактагылада аялынарды. ))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   MOHAX   26 Март 2016 - 11:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 74
  • Катталган: 30 Март 15
  • Соңку аракети: 08 Апр 2016 10:51

Меен өзүмү өзүм мактап коёунчу,
Таак ичпейм чекпейм левый жактарга, жаман кыздарга барбайм,
Анда мындай жашоонун эмне кереги бар дебейсиңерби а у а хаха ха:77:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Allahtynkulu   26 Март 2016 - 12:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 03 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Мар 2017 13:39

Ичип ,чегип, намахрам кыздарга барып арам иштерди жасаган кызыктуу жашообу? Же бактылуу жашоонун бир болугубу? Астагфируллох.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   raia   26 Март 2016 - 13:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Мен жаштардын жазганын окуп отуруп,озумдун жаштыгым эсиме туштуу.Ар бир адам пешенесиндегини корот го ошонтсе да бул турмушта жакшылык да кыйынчылык да келерин,жакшы учурда кооп,кыйынчылыкта чогуп кетпей дайыма которо билиш керек экенин кыйытып кетким келди.
Анда эмесе мен чон атанарды мактап да учуру келсе саал жамандап да кетким келди анткени турмуш чындыгы.
Экообуз ал 22 ,мен 18 де баш коштук.Алгач босогону атаганда эле кайнагамдын аркалакты жогот деген соз менен мен астананы аттадым.Турмушубуз татаал жол менен башталса да экообуздун ынтымагыбыз, ай рыкчса ал кишинин чексиз мени суйоору менен кана биз катаал тагдырды женип чыктык.Бир сындырым наныбыз болсо да жок деп муйубай,жокту баркылганга, азаптуу турмушту,балалык байоо сезимибиз менен жаштыгыбыз менен жендик десек болот.ЭКООБУЗ бир болгондо ойундан башыбыз чыкпайт эле мага эмне кана ойундарды уйротподу,карта, домино,шахмат женилип женип ит жыгылыш болуп эле атаар элек.Кийин шаарга келгенде эрчишип барбаган жерибиз,сейил бактарыбыз калбаган.Эрчишип тенис да коп ойнойт элек.,канчага ойной элек билбедим го бир куну бир аксакал озбек чал келип кызым онуно,журум турумуна бул ойун шай келбей калат экен кызым бул ойун эркектер учун деп мени уяткарган кундон бала кезимден суйуп ойногон тенистен кол жуудум.
Бизде да тааруунулар болор эле бирок кобунчо менден болор эле...
Чон атабыз мени кызганар эле бирок эч мага сен деп суйлобойт эле.Мага соз айткан же карап тийиштик кылган адамды жанчып салат эле да такси менен уйго алып келер эле.Дайыма журогум тушуп коркор элем бирок уйдун босогосун атаганда эле мени эркелетип жакшы соз суйлор эле.Кинодо болобу? тиатырда болобу ушул жорук коп болот эле...Мен ойлонуп корсом,каталык менден кетип атыптыр.Мен чачымды остуруп,кийимимди оштукча кийине баштадым биздин чыр токтоду...
Биздин чон атабыз жаш кезинде ичкилик оозуна албаган,чекпеген бирок спортсмен эле.Бир тангааларлыгы бул соргунуп суйлонгон адаты бар экен эле,мен биринчи жолканда эле согунгон адамды жек корорумду эскерткем ошо ошо болду согунгонун таштады.43 жылдын ичинде эненди деп журогумду оорутуп сокподу,этимди оорутуп урбады.Жаш кезимде акесинин уйуно барбайм деп тилимди агытып жаагыма шапат жедим,журогум сыздап кетти бирок ойлонуп корсом айып менден кетти бирок ал менден кечирим сурап жаман акыбалда болду,мен озумду ынгайсыз сезгеним эсимде,жанылыштыгымды сезип жаман болдум.Бул катамды ондошко ойлонуп калдым.Эт менен тырмак ажырабагандай эки бир тууган да ажырабасына, ажырашса журоктору оорушун бир сездим,каталыгымды ондодум.
Экинчи шапаты эч айыпсыз уйдун астында,эки айлык наристемди которуп,турган жеримде,элдин козунчо жедим арадан торт жыл откондо ,эч айыпсыз достору менен мелдешип жегенимди укканда не кулорумду не ыйларымды билбей бирок чон атадан бир карыш ыраака кеткенимди сездим.Достору менен ичип отуруп уралбайсын, аялынды суйуосун,кол которо албайсын дешип мелдешишкен экен эле...Журогум тушкону ушунчалык колу ойдо которулсо,козуму жуумуп селейе тушо калчуу болдум ошондо озу ыйлап туруп кечирим сурады,мен ишендим.Созуно турду турмушумда эки жолу шапат жедим,мага ото сабак болдуу
Экобуз торт балалуу болсок да кыз жигиттей колтукташып бирге коп журор элек.,баары суктанар эле.Балдарын жанынан артык суйуп,балдары учун баарын жасаар эле.Ата энеси жок болгондуктан ,бир туугандарын ото жакшы корор эле ото камкор эле.Биз барганда мен атап кийим кечек берсем жаш баладай суйунор эле.ошонума раазы болот эле.Биз ото бактылуу жашадык.Иш десе ишибиз бар,эл катары тиричилигибиз бар,кыз десе кыз,уул десе уулубуз бар.Эл кордук,жер кордук жакшы жашадык...
СССР тарады ишсиз калдык ошол учурда 11 жан элек.Чон атабыз тартынып уялып журуп базарга чыкты,эмне кана сатып корбоду бирок эч жолу болбоду.Балдар жаш асты студент калганы мектепте...Менин кол чеберчилигим менен кана кун коруп калдык бул турмуш чон атабызга оор тийди.Ишсиз калганы оор тийеби кочодо кобуроок журуп шахмат,чечпеш ойундарына ооп кетти.Туну куну кээде тан эртен келет.Жаман жолго баспасына козум жетип турса да мен уктай албай кыйналаар элем,жаман адамдарга туш келип калбаса экен деп коркор элем...
Бирок эч сыр билгизбей келдинби,курсагын ачты го деп тозуп алар элем.Турмуш да бир аз жолуна тушуп,эки балам эки местада,жайма базарда соода кылып калышты.Менин тапканым тамак ашка жетип балдардын тапканы кийимге жетип бир аз оноло баштадык...
Жаманчылык бир келбейт экен удаа удаа ата энем отуп кетти,мен кайгынын сазына кирип кеттим.озумо келишим кыйын болду.Жылдар отуп чон атабыз уч бир тууганынан, жети жээнинен ажырады менден отуп ал куйутко кирип кетти.Куйуттун арак менен баса баштады.Арака ооп баратты.Бир кездеги бизге болгон суйуу очуп баратты.Козунон мээрим очуп баратты.Токтотушка мен алсыз болуп калдым,
Мен турмуштан ото кыйналдым,балдарым чонойуп эрежеге жеткенде,кудаа соок кутоордо турмуштун катаал жолунда турдум.Канчалык жек коруп баратсам да аны журогумдо актап,тазартып жууп турдум,мен ото кыйналдым.Арак деген жек сурду жек коруп,ушул арак олгурду изилдеп тапкан адам онбосун деп ойлонор элем...
Акыры айдын жарымы чыгып бизге ай да толду.Мына арак олгурду оозуна албаганына он жылча болду го.Биз жендик...
Азыр балдары машина алып берген,неберелер менен балдардын сыйын коруп,дагы да ынтымактын туу чокусунда жашап турабыз.Бир жолуу уч бирдей бир тууганынан айрылган жээни боздоп ыйласа,Чон атабыз минтип эл козуно ыйлаба,уят,анадан коро ээн жерге барып,эч ким жок жерде бакырып,бакырып ыйлап ал ошондо женилдейсин десе.Менин козумо машинасын токтотуп ээн жерде боздоп турган кебетесин элестеп ото жаман болдум.Куйут, айрыкча бир боордон ажыраган куйут чон атабызды жыгып баратканын сездим да неберелерин ортого салдым.Азыр ойлонушка да убактысы жок неберелеринин менчик шаферу...
Ошон учун турмуш бир калыпта журбойт экен да.Онгону кутсом да мен чон атам ичип,бизге азап берерин кутпогом.Ошон учун турмуштан баарын кутсо болот бирок чыдасан,сабыр кылсан баары отуп кетет,турмуш озу откунчуу...
Азыр эми кудайым берген омурдуу суруп атабыз,бир айылдын аксакалы,суйумду ата,суйкумдуу чон ата,таята,чон бир уй булоонун мээрбан атасы, арка тараптан жетелеп келген аялынын боорукер началниги

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 26 Март 2016 - 13:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   mirana9395   26 Март 2016 - 15:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 442
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 19 Дек 2021 21:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия Иркутск ♥♥Озгон♥♥

меники кээде гана ичип койот, келип эле жатып уктайт.чеккиси келгенде эле чегет, анысында сасыганын билип'калып чекбей эле койсонуз деп айтып алам.анда санда чексе да урушасын деп калат.куйумдуу боорукер курсагым ток болсо да мен корбодум жегени ич деп озу жедирип койот.Куйумдуу ата билем.жаман жери жок.мин жаман жери болсо да мактаганга аракет кылам.аны жакшы коромда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   zak81   27 Март 2016 - 21:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 11 Апрель 12
  • Соңку аракети: 18 Апр 2025 21:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Кандайсынар менин аялым отоо жакшы адам мен эмес туугандарым, кошуналарым жакшы корот 13 жылдан бери чогу жашап келе жатам бирок озумо келсем жаман жолго коп барам неге экенин озум билбейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   MOHAX   27 Март 2016 - 22:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 74
  • Катталган: 30 Март 15
  • Соңку аракети: 08 Апр 2016 10:51

Просмотр сообщения zak81 (27 Март 2016 - 21:40) жазган:

Кандайсынар менин аялым отоо жакшы адам мен эмес туугандарым, кошуналарым жакшы корот 13 жылдан бери чогу жашап келе жатам бирок озумо келсем жаман жолго коп барам неге экенин озум билбейм.

Көт экенсиң анда,кыскача айтканда,колдо бар алтындын баркы жок дейт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Shanson   28 Март 2016 - 18:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Карап көрсөм, эркектерден өтө аз пикир калтырышыптыр. "Мындай бовойт да", - деп туруп меням бир аз да болсо кемпиримди мактап кетейин ;)

Жаңы үйлөнгөндө "катыным" деп айтсам таарынымыш болгон. Акыры көнүп калды. Бирок, бул сөздү эле колдоно бербей "жубайым" , "өмүрлүк жарым", "келинчегим" , "аелим" ж.б. ага жагымдуу сөздөрдү аралаштыра берем.

Мен кээде отуруп таң калам, менин кабак-кашымдан эмнени ойлоп отурганымды, бир нерсеге кыжаалат болуп атканымды же бир нерсеге сүйүнүп атканымды билип коёт! Шумдугуң кууур дейм. Мүмкүн бардык эле аелдер ушундай чыгар, бирок, мен таң калып бүтпөйм. Чочуйм бир чети, секретный нерселерди билип койбосун деп )).

Кээ бирлер кайын энеси менен же кайынсиңдиси менен же кайнежеси менен келишпейт экен (ушуяктан окуп калып жатам). Биздин кожойке болсо кайнатасынан баштап кайнежелерин баарын колго алып койгон! "Келинжан" деп айланып-тегеренип турушат эй! Атам экөөбүз анча деле сүйлөшө бербейбиз (мүмкүн эркек болгондуктанбы? ). Бирок, атасы келини экөө чай үстүндө болсо да, телефондон ал-акыбал сурашканда да менден узак сүйлөшүшөт. Кийин мен келиним менен мындай сүйлөшө албасам керек.

Тамак жагынан болсо эч бир жалоб жок. Бир жаман жери күнүгө чалып же вотсап/фб аркылуу жазып "эмне тамак жасайын" деп тажата бергени болбосо.

Мен бирөө кино көрүп атса ортосунан кошулуп көрүп кетүүм кыйын. Мен үчүн кинону башынан баштап эч бир үнсүз көрүп ар бир сөзүнө түшүнүү керектиги өзүнчө эреже. Ошентип кино көрүп отурганда келип алып ортосунан "бул ким?" же башка суроолорду берип алаксыта бергенде ачуум келип кетет. Бир-эки жолу катуу айттым. Болбоду. Анан "бул жакшы киши", "бул жаман киши" деп айтып коюп акыры ушундай кылуу жагына токтолдук. Жакшы же жаман киши экенин билгенден кийин мага кошулуп унчукпай көрүп отурат. Кинону унчукпай, комментарий айтпай көрүү керек экендигин билип калган. Көрүп деле кыйратпайт. Жаман күйөөсүн кучактап уктап калат. Ошол кезде ичим элжиреп кетет...

Бир темада "өкүнбөйсүңөрбү? " деген суроо коюлган эле. Ошол суроого бул билдирүүм менен кенен-кесири жооп бере алдым деп ойлойм.

Кыскасы, мындай аел эч кимде жок, менде гана бар. Аны өзүнө да айтып турам. Бирок, бул жакты окубайт. Же, окуйттур, анысын билбейм. Окуп алса көөп кетип жүрбөсүн, кой, ушуну менен жыйыштырайын. )))
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Aigerim   29 Март 2016 - 15:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 42
  • Катталган: 29 Июнь 10
  • Соңку аракети: 26 Авг 2019 13:56
  • Жынысы:Аялзаты

Менда мактап кетейин.жолдошум ичпейт чекпейт,мээнеткеч колунан баардык иш келген боорукер адам.мага жана кыздарына мээримдуу куйумдуу ата.ооруп калсам куйполоктоп бат эле айыктырып койот.кыздарыбызды урушуп койсом урушпа катуу тийбе деп турат.минус жактарында айтып кетпесем болбостур:жини бат келет сабырсыз.жини келип турганда суйлобой турабыз жини таркагыча.Кол которобу:казан аяк кагышып турат.чынын айтсам эки жыл мурун бетке шапалак жегемин эмнеге экенин эсте жок андан бери кудай сактасын катуу уруш боло элек и болбой эле койсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Woman.   29 Март 2016 - 22:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 23 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Июл 2019 12:39

Просмотр сообщения Shanson (28 Март 2016 - 18:12) жазган:

Карап көрсөм, эркектерден өтө аз пикир калтырышыптыр. "Мындай бовойт да", - деп туруп меням бир аз да болсо кемпиримди мактап кетейин ;)

Жаңы үйлөнгөндө "катыным" деп айтсам таарынымыш болгон. Акыры көнүп калды. Бирок, бул сөздү эле колдоно бербей "жубайым" , "өмүрлүк жарым", "келинчегим" , "аелим" ж.б. ага жагымдуу сөздөрдү аралаштыра берем.

Мен кээде отуруп таң калам, менин кабак-кашымдан эмнени ойлоп отурганымды, бир нерсеге кыжаалат болуп атканымды же бир нерсеге сүйүнүп атканымды билип коёт! Шумдугуң кууур дейм. Мүмкүн бардык эле аелдер ушундай чыгар, бирок, мен таң калып бүтпөйм. Чочуйм бир чети, секретный нерселерди билип койбосун деп )).

Кээ бирлер кайын энеси менен же кайынсиңдиси менен же кайнежеси менен келишпейт экен (ушуяктан окуп калып жатам). Биздин кожойке болсо кайнатасынан баштап кайнежелерин баарын колго алып койгон! "Келинжан" деп айланып-тегеренип турушат эй! Атам экөөбүз анча деле сүйлөшө бербейбиз (мүмкүн эркек болгондуктанбы? ). Бирок, атасы келини экөө чай үстүндө болсо да, телефондон ал-акыбал сурашканда да менден узак сүйлөшүшөт. Кийин мен келиним менен мындай сүйлөшө албасам керек.

Тамак жагынан болсо эч бир жалоб жок. Бир жаман жери күнүгө чалып же вотсап/фб аркылуу жазып "эмне тамак жасайын" деп тажата бергени болбосо.

Мен бирөө кино көрүп атса ортосунан кошулуп көрүп кетүүм кыйын. Мен үчүн кинону башынан баштап эч бир үнсүз көрүп ар бир сөзүнө түшүнүү керектиги өзүнчө эреже. Ошентип кино көрүп отурганда келип алып ортосунан "бул ким?" же башка суроолорду берип алаксыта бергенде ачуум келип кетет. Бир-эки жолу катуу айттым. Болбоду. Анан "бул жакшы киши", "бул жаман киши" деп айтып коюп акыры ушундай кылуу жагына токтолдук. Жакшы же жаман киши экенин билгенден кийин мага кошулуп унчукпай көрүп отурат. Кинону унчукпай, комментарий айтпай көрүү керек экендигин билип калган. Көрүп деле кыйратпайт. Жаман күйөөсүн кучактап уктап калат. Ошол кезде ичим элжиреп кетет...

Бир темада "өкүнбөйсүңөрбү? " деген суроо коюлган эле. Ошол суроого бул билдирүүм менен кенен-кесири жооп бере алдым деп ойлойм.

Кыскасы, мындай аел эч кимде жок, менде гана бар. Аны өзүнө да айтып турам. Бирок, бул жакты окубайт. Же, окуйттур, анысын билбейм. Окуп алса көөп кетип жүрбөсүн, кой, ушуну менен жыйыштырайын. )))



Ииий сонун жазыпсызго. Бактылуу болунуздар.


Мен жаныма кайрылып койойунчу )) менида бииир мактап койбойсбу )))

Билдирүүнү түзөткөн: Woman.: 29 Март 2016 - 22:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Aijamalosh   30 Март 2016 - 10:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 210
  • Катталган: 15 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 19 Окт 2020 15:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Чексиз шугурлор.
уважаю всех кроме себя. Теперь все будет наоборот....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   EdikoKG   30 Март 2016 - 10:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 816
  • Катталган: 11 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 07:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтүү кыргыз жери. АЛАЙ))

Бул жерге мактанып, жазгандын эч бир кажети жок го. Кудай ыраазы, мен ыраазы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   31 Март 2016 - 01:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения witmoon (23 Март 2016 - 20:49) жазган:

Salam, forumchular.

Temalardy okusam baary ele turmushtan zapky korgndoi. Tiginisi kainyn jamandap, munusu kuioosun jamandap jatkan bildiruulor kop. Oiloit ekensin anan, turmush kurgan bir jyrgagan adam bar boldu beken dep.

Bul temaga turmush kurup azyrky maalda baary sonun bolup jatkandar jazyp ketsener boidoktorgo stimul bolsun ;) Misaly, "Men turmushka balanchanchy jyly chyktym. Myncha balaluu bolduk. Kuioom urbait / ichpeit / chekpeit / internette erotika korboit / kyzdar menen suiloshpoit / kainenem meni synabait / kaiyn sindilerim meeni chakpait / aialym meni ugat / tamak sonun jasait / toshokto bolso ort )) j.b.u.s.

Kyskasy, positiv bildiruulor.

Кхм, кхм деп мен баштайынчы :rolleyes:. Жолдошум экөөбүздүн турмуш куруп жашаганыбызга быйыл сегиз жыл болот экен. Сегиз жыл аралыгындагы оош-кыйыштарда бири бирибизди жөлөп-таяп эле келе жатабыз. Жолдошумдун жакшы жактары оголе көп экен. Ичкенде чогулган жерде татып коюшу мүмкүн, кээде суусап болбой кетип атса пиводон апкелип муздатып ичет. Чегет(таштайм деп убада берип жүрөт, бирок качан экенин билбей :tongue: ). Ушул убакытка чейин кол көтөргөн эмес, катуу сөзүн уккан эмесмин(точнее ошого жеткирген эмесмин, насип кылса жеткирбейм :күн: ). Албетте, менин деле кассетам тетири айланып, тилим буудай кууруй баштаганда сооротуп, кучактап, мени бал тили менен алдап коёт :менин жүрөгүм:. Эсеп жакшы жактарын айтып бүтө албайм :wub: . Кхм :oilonup2: дагы, өтөле эрке :crazy-girl: качан чоңоёс деп атып ичим эзилет :78: . Ошооо эстегенде дагы жаза кетем го.
Кайненем жакшыле,бирок анча мынча чагып турат, чакпаса көөп кетпеймби :) . Кайын сиңди мени менен иши жок. Өздөрү менен өздөрү алар.

Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (12 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 18:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: