Кимдир бирѳѳнүн ити да оорусуна шыпаа таап жаткан учурда,кээбир адамдар балдарынын дары-дармегине акча таппай жүрѳт.
"Ыйман казынасынын" асыл кенчи Кысса-окуялар,хадис-макалалар
#82 05 May 2016 - 17:30
Кээ бир учурда жалгыз адамдын кѳпчүлүккѳ баш ийбегени коомдусактап калуусу мүмкүн!
Эл дүрбѳсѳ,алар менен кошо чуркай бербей,акыл менен кеңешип иш алып барыңыз!

#83 05 May 2016 - 17:32
ОО,
ЖАРАТКАН,КӨР АЗАПТАН САКТАЙ КӨР!
Ойноп-жыргап жүрөбүз өлбөчүдөй,
Көңүлдөр ток ажал саатын көрбөчүдөй.
Көр азабын эстегенде ыйлап турам,
Пенде болдук "баарын билген"төлгөчүдөй. ..
Кумар коштоп сайрандайбыз өлбөчүдөй,
Буйрук келип дене- жанды бөлбөчүдөй.
Сурак берчү саатты такыр унутканбыз,
Акча, байлык жардам берип жөндөөчүдөй. ..
Эсиңе кел замандашым, өлүмдү ойлоп,
Ажал келет бир күнү айтпай жойлоп.
Кулдук ургун Жаратканга сажда кылып,
Азап болот азыгың жок жүрсөң тойлоп...
Жаткан жерден тыкылдатып жан дүйнөңдү,
Байкоосуздан кирип келет ажал тооруп.
Ошол кезде сыздап-ыйлап жалбарсаң да,
Эч ким сага көңүл бөлбөйт боору ооруп...
Балким көрбөйм таңдын атып жатканын,
Балким билбейм күндүн кантип батканын.
Оо, Жараткан! !! Көр азаптан сактай көр!!!
Мен билбеймин кандай сыноо катканың...
Автор:Жибек Акматбекова

#84 14 May 2016 - 14:07
ЭШЕККЕ ТЕҢЕЛБЕ!
Эшек менен түлкү талашып калышыптыр. Алардын талашы лимон жөнүндө болчу. Түлкү:
--Лимондун түсү сары,- десе эшек:
-Жок ,карамтыл, дейт экен. Экөөсү көпкө тартышып, акыры арстандан сурамай болушуптур. Алар экөө арстандын алдына келип лимондун түсү кандай деп суроо узатышат. Арстан түлкүдөн:
--Сен кандай деп жатасың,- деп суроосуна суроо менен кайрылат.
Түлкү:
--Мен анын түсү сары деп жатамын,-деген экен.
Анан арстан эшекке кайрылып:
--Сенчи ,эшек?-деп сураса, эшек:
--Мен аны карамтыл деп жатамын,- деп жооп бериптир. Ошондо арстан бир саамга ойлонуп туруп:
--Эшек туура айтат, лимондун түсү карамтыл,- деп чечкиндүү кесе жооп бериптир.
Анан эшек чунаңдап, түлкүгө карап бой көтөрүп, көрдүңбү дегенсип дардайып басып кетиптир.
Түлкү арстанга:
--Анын түсү сары го,- деп жалдырап карап калат. Анда арстан:
--Туура,- дептир.
--Анда неге карамтыл деп эшектикин туурага чыгардыңыз ,окумдарым,- десе.арстан:
--Өзүңдө да бир айып бар, ошондуктан!
--Ал эмне айып экен?
--Эшекке теңелгендигиң ,-деп, аны теше тиктептир.
Тыянак: ТҮЛКҮДӨЙ КУУ, АКЫЛДУУМУН ДЕСЕҢ ДА ЭЧ КАЧАН ЭШЕККЕ ТЕҢЕЛБЕ!
ЭГЕР СЕНИ ЭШЕК ТИШТЕСЕ, СЕН ДА АНЫ ТИШТЕБЕ!АНТКЕНИ АЛ ЭШЕК,АСЕН БОЛСО АДАМСЫҢ!

#85 14 May 2016 - 14:10
ЖАКШЫ CӨЗ
Күндөрдүн биринде падыша жан-жөкөрлөрү менен шаарды кыдырып жүрүп, жашы токсонго чыгып калган дыйкандын зайтун дарагын отургузуп жатканын көрүп калды.Падыша абышкага: "Эмне үчүн зайтун дарагын отургузуп жатасыз, бул дарак мөмө бергенче жыйырма жыл керек болот, а сиздин жашыңыз болсо токсонду таяп,ажалыңыз да жакындап калыптыр" -деди.
Карып калган дыйкан: "О, падышам! Ата-бабаларыбыз бак-дарак отургузду, мөмөсүн биз терип жедик. Биздин урпактарыбыз да мөмөсүн жесин деп дарак отургузуп жатам"-деп жооп берди.
Падыша: "Эң жакшы сөздү ушул абышка айтты,алтын бергиле!" -деп аскерлерине буйрук берди.
Абышка акчаны алаары менен жылмайып койду.
Падыша: "Эмне үчүн жылмайып жатасыз?" -деп сурады.
Абышка: "Зайтун дарагы жыйырма жылдан кийин мөмө берет, а менин дарагым азыр эле мөмө бере баштады"- деди.
Падыша: "Бул абышка дагы эң жакшы сөздү айтты,дагы алтын бергиле!" -деди.
Абышка акчаны алып кайра жылмайып койду.
Падыша таң калып: "Эмне үчүн жылмайып жатасыз?" -деди.
Абышка: "Элдин багы жылына бир эле жолу мөмө берсе, а менин дарагым эки ирет мөмө берди"-деди.
Падыша: "Бул абышка дагы эң жакшы сөз айтты,дагы калган алтынды бергиле "-деп аскерлерине буйрук берди да абышканын жанынан шашкан бойдон кетип калды.
Аскер башчы: "О, падышам! Эмне үчүн абышканын жанынан шашкан бойдон кетип калдыңыз?" -деп сурады.
Падыша: "Абышканын жанында таң атканча отурсамбардык акча түгөнүп, абышканын алтынга тете жакшы сөздөрү түгөнбөйт болчу"-деп жооп берди...
"Жакшысөз, жакшы иш, жакшы мамиле дайыма мөмөсүн берип турат".

#86 14 May 2016 - 14:16
НАСВАЙ ДАРТТЫН ЭНЕСИ
Эрке кыздай ат коюп,
"Нас" деп аны жүрүшөт.
Мээси кургап турса да,
Кыз сыяктуу сүйүшөт.
Төөдөй чоюп ооздорун,
Таңдайына салышат.
Чоң иш жасап салгансып,
Күлүп-жайнап калышат.
Кайырчыдай кол сунуп,
"Насты" сурап жүрүшөт.
Шалпылдатып түкүрүп,
Мастар сындуу күлүшөт.
Сасык жыты буркурап,
Өлүк сындуу сезилет.
Ошол ооздон сүйлөсөң,
Бардык кыздар секирет!
Чычкан басып насвайды,
Арам болгон денеси.
Уулап турган каныңды,
Насвай дарттын энеси!
Качан кыргыз уулдары,
Насвай чегип жүрчү эле?
Балит болуп шалпылдап,
Оозун булгап күлчү эле?
Болгон жери уу болгон,
"Нас" сулууңду тыштагын.
Мисвак менен тазалап,
Бейиш жытын жыттагын! !!
Эрке кыздай ат коюп,
"Нас" деп аны жүрүшөт.
Мээси кургап турса да,
Кыз сыяктуу сүйүшөт.
Төөдөй чоюп ооздорун,
Таңдайына салышат.
Чоң иш жасап салгансып,
Күлүп-жайнап калышат.
Кайырчыдай кол сунуп,
"Насты" сурап жүрүшөт.
Шалпылдатып түкүрүп,
Мастар сындуу күлүшөт.
Сасык жыты буркурап,
Өлүк сындуу сезилет.
Ошол ооздон сүйлөсөң,
Бардык кыздар секирет!
Чычкан басып насвайды,
Арам болгон денеси.
Уулап турган каныңды,
Насвай дарттын энеси!
Качан кыргыз уулдары,
Насвай чегип жүрчү эле?
Балит болуп шалпылдап,
Оозун булгап күлчү эле?
Болгон жери уу болгон,
"Нас" сулууңду тыштагын.
Мисвак менен тазалап,
Бейиш жытын жыттагын! !!
#87 14 May 2016 - 14:22
МАНДАРИН СЫНДУУ БӨЛБӨЙСҮҢ...
Жаныңда жүрсө жөлөгүң,
Жаздыкта жандаш өнөгүң.
Кетпесин тажап башкага,
Мээримге дайым бөлөгүн.
Эркектер эрке калк болот,
Жакшы күт ал да бөбөгүң...
Ажылдап турсаң жактырбай,
Башка аял нурдуу көрүнөт.
Жылуулук күтүп көчөдөн,
Мандарин сындуу бөлүнөт.
Кут качып куттуу үйүңдөн,
Көз жашың көлдөй төгүлөт.
Жалооруп карап көзүңдү,
Тандаган сенин өзүңдү.
Душмандай көрүп тилдейсиң,
Алгандай силкип өчүңдү.
Күйөөңдүн билгин кадырын,
Коштогон сенин көчүңдү.
Калкалап калың чатырдай,
Курсагын тургун ачырбай.
Куурчактай кылып кийинтип,
Сиз дегин "сен деп" чакырбай.
Теңелбей дайым сый жүрсөң,
Кармайсың эрди качырбай!
Көрсөтүп үлгү үйүңдөн,
Караба өйдө кайынга.
Ач калсаң дагы нан жебей,
Кайынга тамак дайында.
Сый деген кадыр көтөрүп,
Бардыгы болот жайында.
Салт менен динди сыйласаң,
Жамандык такыр көрбөйсүң.
Батасын арнап калың журт,
Жүрөктөн такыр өлбөйсүң.
Бакытка бөлөп күйөөңдү,
МАНДАРИН кылып бөлбөйсүң! !!
Автор: Жибек Акматбекова
Жаныңда жүрсө жөлөгүң,
Жаздыкта жандаш өнөгүң.
Кетпесин тажап башкага,
Мээримге дайым бөлөгүн.
Эркектер эрке калк болот,
Жакшы күт ал да бөбөгүң...
Ажылдап турсаң жактырбай,
Башка аял нурдуу көрүнөт.
Жылуулук күтүп көчөдөн,
Мандарин сындуу бөлүнөт.
Кут качып куттуу үйүңдөн,
Көз жашың көлдөй төгүлөт.
Жалооруп карап көзүңдү,
Тандаган сенин өзүңдү.
Душмандай көрүп тилдейсиң,
Алгандай силкип өчүңдү.
Күйөөңдүн билгин кадырын,
Коштогон сенин көчүңдү.
Калкалап калың чатырдай,
Курсагын тургун ачырбай.
Куурчактай кылып кийинтип,
Сиз дегин "сен деп" чакырбай.
Теңелбей дайым сый жүрсөң,
Кармайсың эрди качырбай!
Көрсөтүп үлгү үйүңдөн,
Караба өйдө кайынга.
Ач калсаң дагы нан жебей,
Кайынга тамак дайында.
Сый деген кадыр көтөрүп,
Бардыгы болот жайында.
Салт менен динди сыйласаң,
Жамандык такыр көрбөйсүң.
Батасын арнап калың журт,
Жүрөктөн такыр өлбөйсүң.
Бакытка бөлөп күйөөңдү,
МАНДАРИН кылып бөлбөйсүң! !!
Автор: Жибек Акматбекова
#88 14 May 2016 - 15:19
БҮТҮРҮҮ КЕЧЕЛЕРИНЕ ТЫЮУ САЛЫНДЫ
Буйруктун аткарылышын Билим берүү башкармалыктары менен милициякызматкерлери көзөмөлдөйт.
Быйыл мектеп окуучулары үчүн бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат. Бултууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө 23-июнда аттестаттар, ал эми9-класстын окуучуларына толук эмес орто билими тууралуу күбөлүк 20-июндатапшырылат.
"Бардык мектептерде бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат. Буларакет бүтүрүүчүлөрдүн жашоосу менен ден соолугуна кам көрүү максатындажүргүзүлүп жатат", — деп билдирет министрликтин маалымат кызматы.
Министрлик кече уюштурууга акча чогулткан мектептин мугалимдеринеадминистративдик чаралар көрүлүп, кызматтан бошотулушу да ыктымал экенинэскертет.
Эскерте кетсек жылдан жылга бүтүрү кечелери ысырапкорчулуктун чордонунаайланып, жаш балдардын спирттик ичимдиктерди ичип, бузулуусуна алып барыпжатат. Жылына кечелерден мас абалында унаа айдап,каза болгондордун саны өсүпкелүүдө. Андан сырткары каатчылык убагында, бул кечелери уюштурганга көптөгөнакча сарпталат.Максатсыз коротулган акча ысырапка алып келет.
Ата-бабабыз бекеринен,кор замандын башаты-ысырапкерчилик, деп айтпаса керек!
Балдарыбызга туура маалымат жеткизип,бул нерсенин зыяндуулугунтүшүндүрөлү, урматтуу ата-энелер!
Кайсыл бир мектепте кечелерге акча топтолуп жатса ички иштер органдарынакайрылыныздар!
Спутник агентигинен маалымат алып, даярдаган НуриетАбдулазиз

#89 14 May 2016 - 15:30

Кайсыл бир мектепте кечелерге акча топтолуп жатса ички иштер органдарына кайрылыныздар!
Спутник агентигинен маалымат алып, даярдаган НуриетАбдулазиз
Бул нерсени чондордун балдары урупта ойнобосо керек. Каалаган жерде бутуруу кечесин откорушот.

#90 14 May 2016 - 18:32
ТАШ жана АЛТЫН
Баласынын үйлөгөнүнө бир ай өткөн эне келинин жанына чакырып:
-Мен баламды 30 жылдан бери намазга тургуза албайт элем.Сенболсо 30 күндүн ичинде эле бул нерсеге жетиштин,-деп көздөрү жашылдана кайрылат.
Акылдуу келин кайын энесин сооротуп, мындай дейт:
-Энекем,таш жана кен жөнүндөгү окуяны уктунуз беле?Чон жолдунтак ортосунда өткөн-кеткен жолоочуларга тоскоол болгон чон таш бар эле.Бир күнүбир жолоочу аны майдалап,жолдон алып коюну чечти.Ал ташты күч менен урупжатты.Бирок, 99 жолку соккудан кийин ал кишиден күч кетти.Ошол убакта,жанынан өтүпбараткан киши ага жардамга келди да,керкини алып күч менен ташты урду.Таш майдабөлүктөргө бөлүндү эле,анын ичинен бир муштум алтын чыкты.Ташты майдалаганжолоочу дароо эле :
-Ташты мен майдаладым, ошондуктан алтын мага тийиштүү,-деп чыкты.
-Мен 99 жолу урганмын.Демек, менин да үлүшүм бар,-деп биринчиси да талаштан кемкалган жок.
Маселе чечилбеген сон,экөө казыга барышты.Аларды кунт коюп уккан казыбиринчисине алтындын 99 бөлүгүн,ал эми экинчи кишиге 1 бөлүгүн берип:
-Эгерде бул 99 жолу урбаганда,сенин бир жолу урганындан эчкандай майнап чыкмак эмес,-деп өз чечимин түшүндүрдү.
Сиз да 30 жыл үмүт үзбой баланызды намазга ойготтунуз. Менин бир жолку ойготконумда сиздин мээнетиниздин мөмөсү,-деп жооп берди акылдуу келин.
Кээде биз акылдуу болуп,жетишкендигибизди өзүбүздүн ганаженишибиз деп тааныйбыз,а чынында ага канча адамдын салымы бар экенинсезбейбиз.
Интернет булактарынанкыргыз тилине которгон, Кубанычбек кызы Салтанат

#91 14 May 2016 - 22:07
Жараткан Аллахтын алдында адамдардын эң мыктысы бол!
Напсиң үч үн адамдардын эң жаманы бол!
Коомчулук арасында адамдардын эркеги бол!
Али ибн Абу Талиб(Аллах анданыраазы болсун)

#92 17 May 2016 - 15:59
ТҮТҮНГӨ АЙЛАНГАН ФУТБОЛ АЯНТЧАЛАРЫ
Уйкусурап турган жаш жигит дароо эле тамеки кутусун издей баштады.Жастыктынастынан тапкан тамеки менен ширенкени колуна алып, короого чыгып “чырк” эткенширеңке жалынынын добушунан ырахат алды.Тамеки түтүнүнөн шаша ичине жутуп,тереңойго баткандай болду да,коңшулаш жайгашкан курулуштун жанына барды.Куруучуларкаттуу аракет менен балдар үчүн футбол аянтча куруп жаткан эле.Жаш жигиталардын башчысынын жанына келип:
-Байке,бул аянтчанын курулушун ким каржылап жатат?-деп кызыгып сурады.
Оозунан тамеки түтүнүн булгалаткан жаш жигиттин жүзүн карап, курулушбашчысы жылмая:
-Тамекини таштагандар коому куруп жатат,-деп жооп берди.
-Ошондой да уюм барбы?
-Ооба,уулум, бар.Ал уюмду сен жана мен түптөйбүз да!Билесиңби сен экөөбүз сүйлөшүптургуча жер бетинде ар бир 6 секунд сайын бир адам тамекиден улам көз жумат,алэми бир жылда Кыргызстандын калкына тең эл тамекинин таасиринен өз өмүрүнөн 20жыл эрте бул жалган менен кош айтышат.Эсептөөлөргө ылайык тамекиден ХХ кылымдаБиринчи жана Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгондордун санына караганда экиэсе көп(100 млн ашык) адам көз жумуптур.Жер бетиндеги 1,3 млрд адам,же болбосоар бир бешинчиси уулуу түтүндүн туткунунда!
Келечектеги адамзаттын эң чоң коркунучуна айланып жатат.Анткени планетабыздакүнүнө жаңы 100 000 адам чылым чегүүчүлөрдүн армиясын толуктайт.Өкүнүчтүүжагдай- биздин жаштарыбыз, анын ичинде болочокто эне боло турган кыздарыбыздынтамеки тарткандыгында. Дүйнө жүзү боюнча 300 млн аял тамеки тартканын эскеалсак,анда 300 млн бала майып болуп төрөлүп жатканын да эске алалы.Кыргызстандабир жыл ичинде тамекиден улам көз жумгандардын саны 12 000 адамдычапчыйт, бул деген бир орто айыл өкмөттү жер жутуп кеткен сымал көрүнүш.Адамдаркандайдыр бир кырсыктан 10-30 адамдын өлүмүнө мамлекеттин деңгээлде көңүлбуруп, жадагалса аза күндөрү катары мамлекеттик туу да түшүрүлүп турат,а бироккүнүнө 30-35 адам өлкөбүздө чылым чегүүдөн улам каза болуп жатканынакайдыгербиз.
-Айткан сөзүңүздүн баары туура,байке. ..Мен деле бул нерсенин зыяндуулугунбилем, бирок тамекини таштап салуу кыйын болуп жатат.Зыяны го бар деңизчи,абирок ушул тамекини таштасам эле футбол аянтча курулуп калмак беле....?
-Уулум,кайдыгер болбо!Менин колумдан эмне келмек эле деп жатасыңдаоюңда. ..Бекеринен, “башталат баары майдадан,байкабайт аны майда адам” дебесекерек эле залкар акыныбыз.Сен экөөбүзгө майда көрүнгөнү менен,санай келсеңэптүү эмес акча коротулат.АКШнын өзүндө эле тамекини жарнамалоого саат сайын 2млн доллар акча сарпталса,ошол саат сайын жер планетасында ачкадан 750 бала көзжумат.Бул не деген шумдук?Тамекиге кеткен максатсыз акча менен балдарыбызды дааман калтырып,өзүбүз да аман калмакпыз.Бирок сен: “ бул деген Америка да “,деп айтышың мүмкүн.Менөлкөбүздөгү тамеки тартууга кеткен чыгымдардын жөнөкөй арифметикасын чыгарыпберейин. Статистикага ылайык жалпы чегилген тамекинин санын бөлгөндө ар биржараныбызга күнүнө 3 даана тамеки туура келет экен.Бул жаңы туулган наристеденбаштап, кабырдын босогосун аттайын деп калган карыяга чейин.Биздин өлкөбүздү 6млн адам жашаганын эске алганыбызда, бир күнүнө 18 млн даана,же башкачаайтканда 900 000 куту тамеки чегилет.Ар бир тамеки кутусу орточо 40 сомдеп бааласак,анда бир күнүнө 36 млн сом акча асманга учуп жатат.Орточо жакшыбир шарты менен курулган кичи футбол аянтчасына 6 млн акча кете турганболсо, бир күндүк тамекинин акчасына 6 футбол аянтчасы курулмак.Бул деген биржылына Кыргызстанда 365*6=2190 футбол аянтча курса болот деген акыйкат.Демек арбир Кыргызстандын мектебине бирден заманбап,газон төшөлгөн футбол аянтчаны биржылдык чылымга керкет акча менен эле курса болот.Бул аянтчалар аркылуу жылына100 000 мектеп окуучуну тамеки капасынан футбол аянтчагатартмакпыз. ...Кыргызстандын ар бир жараны оозуна тамеки алып жатып, “мен өз балдарымдын футбол аянтчасын түтүнгө айлантыпжатам” деп ойлонуусу керек.Тамеки менен 1 л сүттүн баасы тең,демек тамеки тартыпөзүңдү жана жакындарыңды уулагандан көрө,үй бүлөөңө 1 л сүт алып келип берсеңден соолугуңа да пайда болмок!
-Рахмат,байке. ..жөнөкөй эле мисал менен көп нерсеге көзүмдү ачтыңыз.Бүгүнтөнбаштап тамеки кулчулугунан чыгам деп сизге жана өз напсиме убада берем!
Макаланы даярдаган Нуриет Абдулазиз

#93 18 May 2016 - 19:56
ЭРТЕҢ ДЕБЕ...
"Эртең" дейбиз алдап коюп жүрөктү,
Мына дагы азыгы жок күн өттү.
Жалган дүйнө тамагына тойсок да,
Дилибиз ач, напси бизди жүдөттү!
Шайтан дайым тороп коюп жолуңду,
Байлап турат дуба кылчу колуңду.
Азыр эмес, эртең дейбиз коркуу жок,
Ажал үчүн чеп кылгандай жонуңду!
Таңдар атып күн чыккандаунутуп,
"Эртең" дейбиз убаданы кайталап.
Кепилдик жок эмне болот бир азда?
Аны билбей биз жүрөбүз кайкалап.
Жеңил кылып мусулмандынбагына,
Ибадатты кабыл кылган Аллахым.
Бар болгону таза жерден оку деп,
Ачык кылган кулдарына Жаннатын!
"Эртең" дебей,карыганда деп айтпай,
Мына азыр туралычы катарга!
Намаз окуп жүрөк менен жалбарып,
Кунут менен ант берели жатарда!! !
Автор:Жибек Акматбекова
"Эртең" дейбиз алдап коюп жүрөктү,
Мына дагы азыгы жок күн өттү.
Жалган дүйнө тамагына тойсок да,
Дилибиз ач, напси бизди жүдөттү!
Шайтан дайым тороп коюп жолуңду,
Байлап турат дуба кылчу колуңду.
Азыр эмес, эртең дейбиз коркуу жок,
Ажал үчүн чеп кылгандай жонуңду!
Таңдар атып күн чыккандаунутуп,
"Эртең" дейбиз убаданы кайталап.
Кепилдик жок эмне болот бир азда?
Аны билбей биз жүрөбүз кайкалап.
Жеңил кылып мусулмандынбагына,
Ибадатты кабыл кылган Аллахым.
Бар болгону таза жерден оку деп,
Ачык кылган кулдарына Жаннатын!
"Эртең" дебей,карыганда деп айтпай,
Мына азыр туралычы катарга!
Намаз окуп жүрөк менен жалбарып,
Кунут менен ант берели жатарда!! !
Автор:Жибек Акматбекова
#95 19 May 2016 - 20:20
ЫСЫРАПКОРЛУК КЫЛБАГЫЛА!
Тиш жууган 3 мүнѳттүн ичинде орто эсеп менен жѳн гана агып турган 18 л суу кетет.Ошонунордуна стаканга 200 грамм суу алсаңыз деле,оозуңузду чайкаганга жетет.Булыкманы ѳзүңүзгѳ адат кылуу менен бирге жылына 6500-7000л суу үнѳмдѳйсүз.
Ыйык Курандын Аъраф сүрѳсүнүн 31 аятында :
«ЖЕГИЛЕ,ИЧКИЛЕ, БИРОК ЫСЫРАП КЫЛБАГЫЛА! АНТКЕНИ АЛЛАХЫСЫРАПКОРЛОРДУ СҮЙБѲЙТ» деген аятын эске тутуп жүрѳлү

#96 20 May 2016 - 11:05
‘Абдуллах ибн Хубайбмындай деген: «Ж
амгыр жаап жаткан жана караңгылык бүт тараптыкурчап турган
түндөрдүн биринде биз Пайгамбарыбызга(ага Аллахтан салам-салаваты болсун)биз үчүн дуа кылуусун суранганы бардык. Ал : “Оку!”,деп буйрук берди.Мен болсо:“Эй,Аллахтын Элчиси,эмнени окуйм?” деп сурадым.
Анда Жараткандын Элчиси(ага Аллахтан салам-салаваты болсун) мындай деди:
“ Эрте менен жана кечинде үч жолудан “аль-Ихлас”, “аль-Фалак” жана “ан-Нас”сүрөлөрүн окуганың, сени балээнин баардык түрүнөн сактоого жетиштүү болот” )”»(Абу Давуд, ан-Насаи, ат-Тирмизи).

#97 23 May 2016 - 11:41
Пайгамбарыбыз(агаАллахтын салам-салаваты болсун) мындай деген:
“Бирөөгө күч-кубаты жеткен адам күчтүү эмес,чыныгы күчтүү инсан ачуусу келгенде,өзүн ачууга алдырбаган адам”(аль-Бухари, Муслим рабаят)
Өзүңдүн элесиңди кайнап жаткан суу бетинен көрө албагандай эле,ачууланган убагыңда акыйкатты да көрө албайсын!

#98 23 May 2016 - 11:57
БАЛАМА
"Апа" деген үнүнуксам баламдын,
Жарык болмок тунжураган караңгым.
Жүрсөң керек бир "атанын" канында,
Көрбөйм сени! "Апа" дечү каралдым.
"Апа" десе кара көзүнжайнатып,
Эргийт элем ак сүтүмө майлатып.
Садагам деп, караанына жалбарып,
Күтөт элем ысык чайды кайнатып.
"Апа" дегенуул-кызыма жадырап,
Ай сыяктуу жарыгымды чачмакмын.
Күндөй болгон атакесин урматтап,
Адеп сактап артта калып басмакмын.
Көргүм келген жатканыңдыбешикте,
Кубанмакмын ойноп жүрсөң эшикте.
Бала бакча, мектебиңди көрбөймүн,
Ордум да жок куда берчү кешикте...
"Апа" деген үчтамганы урматтап,
Апакеме сагынычты жыйнагам.
Үч тамганы күнү-түнү аздектеп,
Канча жолу "апакелеп" ыйлагам...
Мурас калган апакемдинбешиги,
Сени күтүп сыздайт экен термелип.
Бул жашоомдун келет эле Бейиши,
Сен төрөлүп, АДАМ болсоң эр жетип.
Бут алдына жайып койгонжайкалтып,
Жаратканым сыйкыр толгон Бейишин.
АПА болбой ал урматтан кур калдым,
Балдарым ай, ошол болду кейишим...
Автор:Жибек Акматбекова
"Апа" деген үнүнуксам баламдын,
Жарык болмок тунжураган караңгым.
Жүрсөң керек бир "атанын" канында,
Көрбөйм сени! "Апа" дечү каралдым.
"Апа" десе кара көзүнжайнатып,
Эргийт элем ак сүтүмө майлатып.
Садагам деп, караанына жалбарып,
Күтөт элем ысык чайды кайнатып.
"Апа" дегенуул-кызыма жадырап,
Ай сыяктуу жарыгымды чачмакмын.
Күндөй болгон атакесин урматтап,
Адеп сактап артта калып басмакмын.
Көргүм келген жатканыңдыбешикте,
Кубанмакмын ойноп жүрсөң эшикте.
Бала бакча, мектебиңди көрбөймүн,
Ордум да жок куда берчү кешикте...
"Апа" деген үчтамганы урматтап,
Апакеме сагынычты жыйнагам.
Үч тамганы күнү-түнү аздектеп,
Канча жолу "апакелеп" ыйлагам...
Мурас калган апакемдинбешиги,
Сени күтүп сыздайт экен термелип.
Бул жашоомдун келет эле Бейиши,
Сен төрөлүп, АДАМ болсоң эр жетип.
Бут алдына жайып койгонжайкалтып,
Жаратканым сыйкыр толгон Бейишин.
АПА болбой ал урматтан кур калдым,
Балдарым ай, ошол болду кейишим...
Автор:Жибек Акматбекова
#99 23 May 2016 - 12:00
ЖАЛАЛ-
АБАДДА АКЫРКЫ КОҢГУРООНУН АРТЫКБАШ ШААН-ШӨКӨТТӨРҮНӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ
Жалал -Абад шаарынын коомчулугу , биринчи кезекте ата- энелер акыркы коңгуроо күнүндөгү артыкбаш шаан- шөкөттөргө тыюу салуу тууралуу бийликтердин көрүп жаткан чараларын колдоого алышат
Шаар мэриясы уюштурган жыйындын катышуучулары мектептерде өтүүчү акыркы коңгуроо иш-чараларынан башка жерлерде бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда өткөрүлүүчү ар кандай шаан-шөкөттөргө тыюу салуу тууралуу бийликтердин кескин чаралары кабыл алуусун жактырышты Ошондой эле бийлик өкүлдөрү тарабынан көрүлүп жаткан чараларга каршы чыккандардын, өзүмбилемдик жасагандардын мыйзамдуу жоопкерчиликтери тууралуу укук коргоо органдарынын өкүлдөрү айтып беришти.
Бул нерселердин баары ата-энежана мамлекет тарабынан бүтүрүүчүлөрдүн жаркын келечегине, коопсуздугуна жанаата-энелердин кызыкчылыгына багытталышы керектигин моюнга алышты.

Супер-Инфо
super.kg
видео