Суперстан: Энелердин эрдигин даңазалай... сынак старт алды - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Энелердин эрдигин даңазалай... сынак старт алды Суперстанда кезектеги сынак.

#1 Пользователь офлайн   rnurzida   11 Апрель 2016 - 04:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург


Биссмилла деп энелерди даңтап, мактап, улуулугун, баа жеткис эмгегин, дегеле сөз менен айтып бүткүс апаларыбызды даңазалачу сынагыбызды баштадык.

Сынак 4 шарттан түзүлдү. Алар;

1."Ааламда теңдеши жок асыл апам" деген теманы аркалай апакелерибиздин өмүр баяны. Бул жерде кыска жана нуска болушу шарт!

2."Апа, сага кандай мактоо жарашат, апа, сенден ким сыймыкты талашат?"
Албетте, апаларды мактап, даңктап 5 куплеттен ашпаган өздүк калемге таандык ыр.


3."Оорубасын энелердин жүрөгү". Бир эле өзүбүздүн апабыз эмес, жалпы энелер жөнүндө баян. Коомчулуктагы айрым мисалдар менен коштолсо да жакшы болмок.

4."Мен дүйнөнү апам менен тааныгам". Сиз кандай апанын уулусуз же кызысыз? Балалыгыңыздан кызыктуу жана күлкүлүү бир үзүм окуя.


Сынакта өз апаларыбыз жөнүндө гана жазабыз. Эгерде чоң эне, таянелери өз апасынын ордунда болгондор болсо, анда алар да баяндашса болот. Сынакка бардык тайпадагы (конок, жаран, аким ж.б.) форумчулар катыша алат.

Сынактын ар бир шарты үчүн бир апта убакыт берилет. Ар бир шарт үчүн добушту мазмуну жагынан жалпы форумчулар берет. Ал эми грамматикалык жактан калыстар тобу баалап, жалпы добуштарды эсептеп, бизге жарыялашат.

Экинчи тур башталганда биринчи шарт үчүн добуштар бериле баштайт. Жаран статусуна ээ болгон жана билдирүүсү 100дөн ашкан (10-апрелге чейинки билдирүүлөрү) гана форумчу добуш берүү укугуна ээ. Эгерде негизги ниги менен жазганга мүмкүнчүлүгү жок, бирок конок тайпасындагы ниги форумчуларга белгилүү, билдирүүсү 100дөн ашкан форумчу болсо, анда добуш бере алат. Сынактын катышуучулары да каалаган катышуучуга же өзүнө добуш бере алат.

Сынактын биринчи шарты боюнча тапшырмалар 17-апрель саат 00:00дө токтотулат. Демек, 17-апрель саат 00:00гө чейин жазып бүтүшүбүз керек. Андан кийинкиси кабыл алынбайт.

Бул темада жалаң гана сынактын шарттары (тапшырмалар) жазылууга тийиш! Ашыкча билдирүү жазбайбыз! Сынак боюнча ой-пикирлерибизди төмөнкү темага жазабыз!
http://www.super.kg/ ...showtopic=93270


Баарыңыздарга ийгилик!




Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 22 Апрель 2016 - 03:54

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   rnurzida   11 Апрель 2016 - 04:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

1-шарт. "Ааламда теңдеши жок асыл апам" деген теманы аркалай апакелерибиздин өмүр баяны...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Asema06   11 Апрель 2016 - 21:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 25 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Авг 2016 23:07
  • Жынысы:Аялзаты

Менин апам- аты Зейнеп 1968 жылы Ош обласына караштук Кара-суу районунда туулган, сегиз бир-тууган апам тортунчусу, жети кыз.бир уул,апам кичинесинен эле алма терип таэнемдерге жардамдашчуу акча табышып, убакыт отуп атам менен таанышып бири-бирин жактырышат, ошентип турмуш курушат жыл айланып кыздуу болушат. Андан кийин апамдын боюнда жети жылдан кийин болот, ошол жети жылдын ичинде, апам абдан жаман болуп журот, анткени врачтар башка торой албайсын дешкен. Бирок атам чон-энемдер эч нерсе дешбейт, жети жылдан кийин апам уул торойт, андан сон ууда ууда эки кыз, дагы жети жылдан сон дагы бир уулду бул дуйно алып келет 39жашында,апам абдан эле турмушка тың анткени жайлоо чыгышчуу экен ошол жактан жылкы саап, уй саачу экен.кийинчереек
дыйканчылык кылышчуу,андан сон кайра биз чонойгондо жайлоого чыгышкан, азыр дагы чыгышат.апа бизге курут майын жиберип турат, биз алыста болгонубузга карабай. Апам азыркы учурда суйуктуу таэне, жана мееримдуу апа, биздин уйдун шам чырагы.
[
quote][/quote]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Asema06   11 Апрель 2016 - 21:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 25 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Авг 2016 23:07
  • Жынысы:Аялзаты

Мен болгону 15жаштагы кызмын, колумдан келишинче, угушум боюнча жаздым.менин уккандан уга элегим коргондон коро элегим коп болсо керек деп ойлойм.15жаштагы кыздын колунан келиши ушул окшойт,анткени эч эле коркомдоп жаза албай койдум, болгонун болгондой жаздым.эгер ушул жазганым гезиттен чыкса абдан кубанмакмын. Жана дагы умутумду узбойм.колумдан келишинче катышканга даярмын апам учун мееримдуу апам учун, мен апамды абдан сагындым.
[
quote][/quote]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   admin_superstan   11 Апрель 2016 - 22:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Бул темага, автор эскерткендей, сынактын катышуучулары тапшырмаларын ГАНА жазууга тийиш! Теманы булгабагыла, суроо-жооп үчүн атайын тема бар, эскертүү баарыңарга! Кимде-ким эскертилгенине карабай темадан сырт билдирүү жазса БАНга кетет. Тема тазаланды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   aiturgasha   12 Апрель 2016 - 01:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

1970-жыл. Берекелуу куз айы. Дыйканбаевтердин уй булоосундо перзент кутуп жаткан кез. Коптон куткон кун келип, тагыраагы 13-октябрь куну айдай сулуу, мээримдуу апам Фарида торолгон.
Мен апакемдин омур баянын кооздоп айта албашым мумкун. А бирок, тош кокурогумду каккылап, башымды бийик которуп, ушунчалык сыймыктануу менен алтыным апам жонундо сиздерге баяндап бере алам.
Апам 9 бир туугандын учунчусу. 6 кыз , 3 уул. Тайнем мугалим болуп, таятам шафер болуп иштеген. Апам бой жетип калгандан бери, эки эжеси турмушка чыгып, уйдо синди-инилерин карап, уй тиричилигине тын, казан-аяка жакын болуп чонойгон. Мектепте да мыкты окуп, ийгиликтерге жетишкен. Таятам ушул сапатына баа берип, жогорку окуу жайына окуутуну каалап жургондо, айылдагы жакшы уй булоонун баласы, менин суйуктуу атакем алып качып кетет. "Кыздын бараар жери куйоо" дегендей таятам акыл калчап, ойлонуп, апамдын ыраазычылыгы менен ак батасын берип, турмуш жолуна узатат. " Жакшы кыз айылдан чыкпайт" дегендей эле таятам менен таенем оздорунчо суйунушуп калышат.
Аллахтын буйругу менен атакем экоо бир жаздыка баш кошуп, тутун буулата башташат. Коп отпой , 1990- жылы эн алгачкы наристесин жарык дуйного алып келет.
. Апам жогоруда айтып отконумдой, тиричиликке тын аял болгондуктан, кайын журттун да мактоосуна арзыган келин болот. Азыр атакемдин жароокер омурлук жары, 3 кыз 2 уулдун мээримдуу апасы, 3 неберенин боорукер таенеси.
Апакеме бар учун, жашообуз шанга болонуп, дуйнодо эч кимден таппаган мээримине чомулуп, бактылуу жашоодо жашап жатабыз. Аллахым ден соолук берсин, оорубаныз жаным апа...:kiss2:
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   kaidasyn   12 Апрель 2016 - 01:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 31 Мар 2025 01:30
  • Жынысы:Эркек



Ааламда тендеши жок алтын апакем.



Ар-бир адам баласы озунун бул дуйного алып келген апасын канчалык жакшы коруп мактаса да,апанын жаш кезибизде эркелеткен созуно тен келбес! Апа деген кандай сонун адам экеннин азыркы тируу кезибизде билбестирбиз. Бирок,таасирдуу создорду укканда же жашоодон кыйналганда биринчи апаларыбыз эске тушот.Апаларыбыз учун жакшы иш кылабыз дейбиз а бирок,ал жакшы ишке кубо болбой бул дуйнодон отуп кеткен апалар канча? Мен да оз апам учун жакшы бир иш кылуу учун,жана апама кутулбос бир белек кылуу учун бул сынакка катышууну чечтим.
Менин апам 1968-жылы,17-ноябрьда "Кара-суу" районуна караштуу айылдардын биринде жарык дуйного келген.Жана ошол айылда чонойгон,атам экоо баш кошуп 2-кыз,3-уул тарбиялашкан. Апамдын колунан коп онор келет,атам эл адамы болгонуна байланыштуу жаш кезибизден бизди апам коп караган.Уй иштерин кана эмес,эркек иштерин да кылып бизге татыктуу тарбия берген.
Апамды эстегенде биринчи эле анын жылуу мамилеси,кылган тамагы,жана башка коптогон жакшы жактары эске тушот.Мен азыркы учурда алыс жакта болсом да ар-жолу суйлошуп калганда балам ден-соолук берсин сага,балам жакшы иште,балам жакшы адам бол! Деп алыс жакта болсо да, журогу мен деп согуп,ою мен жакта экенине абдан кубанам.Мен учун апамчалык эч-ким куйбосун чет мамлекетте иштеп журуп билдим.
Айылда бирге жургондо коп нерсени туура эмес кылаар элем,жумшаса тил албайт элем.А азырчы? Азыр ошол созду айтаар апам жынымда жок! Балам курсагын токбу деген адам жок! Баары озу менен озу ооруп атасынбы? Оор ишке кабыласынбы? Менин козум менен айланган апам жанымда жок. Апкемди эстеткен тоолор да жок,баары башка зангыраган имараттар,жолдо батбас машинелер,апамды эстеткен айылдагыдай жер жок.Ошентсе да апамдын бул дуйнодо бар экенине мин мертебе шугур..
Алыста журуп апакее мен сизди жакшы кором!
Апакее мен сизди суйом!
Апаке сизди сагындым деп ичимден кайталаганым менен,апакемдин жанына барганда бир да соз чыкбай калат.Жашасын апам жана баардык апалар!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Woman.   12 Апрель 2016 - 11:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 23 Апрель 15
  • Соңку аракети: 10 Июл 2019 12:39

Ааламда тендеши жок асыл апам!


Алтын апам, менин кунум, айым, жарыгым, кымбаттуум. ..
Салам достор, менда силердин катарынарда апакемди мактап жазгым келди!
Алтын апакемдин аты Канайым, 1952-жылы,Кара суу районунун, Папан айылында торолгон. Ата-энесинен эрте ажырап,турмуштун ысык-суугуна эрте бышкан. Буюрса бул жылы 64 жашка толгону турат. Уй булодо 3 бир тууган. Бир эжеси, бир иниси бар. Кызыгы, атам таэжем менен суйлошуп журуп эле, анын синдиси апама уйлонуп калган экен. Апам учурдун баатыр энеси,6 кыз, 2 уулга татыктуу тарбия берип, оз уяларына учуруп, 24-небересин жана 2 чебересинин жарык дуйного келишин кутуп,бактылуу каарылыктын доорун суруп жаткан кез.
Билесинерби, менин апам абдан кучтуу аял заты. Себеби, менин апам башынан коптогон кыйынчылыктарды откоргон.
Апам суукту суук, ысыкты ысык дебей, оз жанын карч уруп, уй-було, бала-чака,тиричилик баарын бир алып кете алган. Апамдын озунун айтуусу боюнча, ээн талаада(жайлоо эмес) кой кайтарып тундосу жалгыз калчу экен. Атам болсо ал учурда мамлекеттик кызматта иштеген. Байкуш апакем, кайнеже, кайнысиндилердин кылыктарына да бир топ чыдады жана чыдап эле келе жатат.
Кээде туруп тан калам, апам мунун баарына кантип чыдап жашайт болду экен деп. Себеби атамдын мунозу абдан оор, апам болсо атамдын тилин таап суйлогонду билет. Талаанын иши, уйдогу жумуш, ашкана, малдарды кароо боюнча алдына адам салдырбайт.
Эне уйдун куту деген ушул тура!
Апам айылчылап кеткен болсо уйубуз кадимкидей ээнсиреп калат, иштер бутпой калат, тамагыбыздан оокат отпой калат.
Булардын баарын, козумдо жаш, кокурогумдо сагынуу, куса менен жазып жатам. Албетте, канча жазсамда апам учун аздык кылат!
Биздин бактыбызга бар болунуз апаке, мен сизди абдан-абдан сагындым!

Билдирүүнү түзөткөн: Woman.: 12 Апрель 2016 - 11:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Supsuluu   12 Апрель 2016 - 13:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 008
  • Катталган: 16 Июнь 11
  • Соңку аракети: 11 Апр 2025 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

Ааламда тендеши жок менин Апам! Асылым апакем, жарыгым апакем. Сиз учун жаным курман.
Апам жонундо ыр турундо жазгым келди.

Ордолуу Ош шаарынын бир четинде.
Кулжа айынын жыйырма бири кечинде.
Көз жарып келген апаң бул ааламга.
Деп айтканы тайатамдын эсимде.

Балалыгы өткөн Ош шаарында.
Жапалактын Кеңеш, Орке айылында.
Уч ини, үч сиңдини бирдей карап.
Ата-эне, агасынын көз алдында.

Он тогуз жаш толуп турган курагында.
Ноокат жерден жуучу келген колун сурап.
Жолдошуна бир көргөндө жылдыз жанып.
Турмуш жолун кеткен экөө андан улап.

Татыктуу тарбиялап уул-кыздарды.
Узүрүн көрүп азыр турган убак.
Опол тоодой тирегибиз болуп бизге.
Мээрим төгүп, кеп кеңешин айтып турат.

Алтымышка таяп калды курагы да.
Балпайып төрүбүздөн орун алып.
Уул үйлөп, кыз чыгарып, небере көрдү.
Эң алгачкы чебересин күткөн убак.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Topcubai   12 Апрель 2016 - 15:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Ойлонуп ойлонуп отуруп,акыры апакем тууралуу жазууну эп кордум.

Ош областынын алыскы Лейлек районунун(Мурда Ош областына карачубуз) Кулунду айылында,1964- жылдын кереметтуу жаз айынын 26-майында,Колхоздун башкармасы менен Колхоздун жонокой гана жумушчусунун уйундо бир уул бир кыздан кийин жарык дуйного келген.наристенин ынаалаган уну уй ичин шанга болоп,наристенин бул дуйного торолуусуно комокчу болгон,азыркынын тили менен айтканда акушерка айым биринчи болуп башкармага суйунчулоп чыгат.Башкарма дагы кубанганынан чонтогунон Лениндин суроту чапталган кырмызы акчадан экини берип,кыз же уул экенин дагы билбей эле "менин тукумум буйруса уланат,мен буйруса уул кыздан бай болом"-деп оз ичинен кубанып,короосундагы байланып турган кара айгырды минип алып,карангы болгонуна карабастан Колхоздун малы жайылып жургон жайытка чейин чаап барып,ал жактагы чабандарга суйунчулоп, андан кийин пахта талаасындагы кароолчуларга чаптырып,ал жактагыларга дагы суйунчулоп, акырында ичиндеги кубанычын айылга кайра бастырып келе жатканда жолуккан авто унаа ондоочу мастерге суйунчулойт. Ал мастер дагы куттуктап,акырында "кызбы,уулбу? "-дегенде, эми гана эсине келип,уйго карай жонойт.Уйго келип,суйуктуусу менен жаны гана бул дуйного келген наристени улбурогон таш чырактын жарыгынан коруп,ары жакта бышылдап уктап жаткан беш жана уч жаштагы уул кызынын жанына жата кетти.Тилинин учундагы суроосун беруудон айбыгып,оз ичинен "эгер уул болсо Толкунбек,кыз болсо Толгонай коём"-деп кайталап жатты.Эртеси куну гана билди кыз экенин.Кечиндеги ниет кылган ысымды ыйгарды наристеге.

Толгонай кичинекей кезинен эле чыйрак осту,кичинекей болсо дагы апасына жардам берип,уй ишине эрте аралашып,уйдун ичи эле эмес,короосун дагы таза кармап,ата-энесинин суймончук кызына айланды.Толгонайдан кийин Колхоздун башкармасы менен Колхоздун жумушчусу торт уул эки кыздуу болду.Толгонай биринчи классты ошол эле айылдагы Ленин орто мектеине 1971-жылы барып,ал мектепти 1981-жылы аяктап,колхоздо эле калып иштоону ойлоп жургондо,алардын уйуно жуучу барып,алар калынын бычып,кыштын ызгаардуу суугунда омурлук жолдошуна баш кошуп,ал экоосунун ортосунда 1983-жылы уул торолуп,тунгуч перзентине кайын энеси менен кайын атасы Авазек деген ысымды ыйгарышат.Авазбекке болгону 6 ай толгондо,оорубай сыркабай эле бул жалган дуйнону таштап кете берет.Апаны баладан айрыган кандай азап болоорун бир гана Толгонай сезди го дейм.Канча кун оозуна наар албай,жада калса суу дагы ичпей,уктаса тушунон,кундузу онунон баласынын кыткылыктаган уну,эмчек сурап жалдыраган козу,быйтыган колдору кетпей туруп алды.Эстеген сайын коз жашын колдору менен сыгып алып,жумушка алаксып кетээр эле.Толгонай менен куйоосу андан кийин бир уулдуу болгондо,таянаар тоосу болгон атакеси дагы бул жалган дуйнону таштап кете берет.Кара кийип,эч нерсеге конулу чаппай жургондо,боюна бутуп калып,курсагындагы наристесин эсен-аман жарык дуйного алып келууну ойлоп,белин бекем бууп,баардык болуп откон окуялар туш сымал болуп,коз ачып жумганча отуп кетет.Ай куну жетип,кыз торойт,жыл айланбай дагы боюна бутуп,дагы кыз торойт.Куйоосунун жумуштарына байланыштуу айылды таштап,райондун борборуна кочуп келип,тыным албаган жаны балдар бакчасына кирип,ал жерде тарбиячы болуп иштеп журуп,ал жерден чыгып кетип,бир канча жыл уйдо кожейке болуп,уул кыздарына таалим тария берип журуп,эки мининчи жылдары аэропортко жумушка кирип,азыркы кезде дагы ошол жерде иштеп журот.Алтын апам тууралуу канча коп жазсам дагы аз,эгер мен суротчу болгонумда, сиздин элесинизди таштан чегип скульптор жасамакмын. Эгер мен ырчы болгонумда, сиздин элесинизди музыканын ыргагына салып,симфония жаратмакмын. Сиздин таалим тарбиянызга рахмат алтындай болгон апакем!Сиз бар,уйубуздун жарыгы очпойт.Билем, сиздин таманыныздын астында бейиштин жыты буруксуп турганын,билем, сизди мин жолу Каабага чейин которуп барсам дагы бир тамчы сутунузду,бир кундук тун уйкунузду мен учун бузуп,мени караган тунунузду актай албашымды.Ошол учун сизге арнап ушул кичинекей чакан эмгегимди сизге арнадым.Сиздин эн жаман баланыз Топчубай.

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 13 Апрель 2016 - 13:07

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   biznes   12 Апрель 2016 - 19:25

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 182
  • Катталган: 22 Январь 16
  • Соңку аракети: 29 Май 2025 10:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Албетте, эне жонундо канча соз жазсак да ал энеге тендеше албайт. Ошентсе да биз оз энебизде данктап, мактап келебиз.
Менда апам жонундо баяндай кетейин. Апамдын аты Урякан.1961-Ж Токтогул районуна караштуу Кара-Тектир айылында туулган. Таэне,таятамдар койчу болгондуктан апамдын балалыгы тоодо, кой артында откон экен. Аны менен бирге окууну да бирге алып кетип, жакшы окуган экен. Окууну бутуп доктурдун окуусуна тапшырат. Ал жакта буткондон кийин атама турмушка чыгып, 5 балалуу болушту.
Апам кээде ооруп калат... Мен кунуго апамдын ден-соолугун Кудайдан ар дайым тилейм. Апам мээримдуу, боорукер айтор бардык жакшы сапаттарга ээ. Азыркы учурда кээ бир адамдар энесин карылар уйуно таштап кетип жатышат. Албетте, бул жат корунуш. Тогуз ай бою ичине которуп, бизди жарык дуйного алып келген, бополоп чонойткон энелердин коз жашын агызбай колдон келишинче сыйласак...
Менин энем тамашокой дагы. Биз ар дайым экообуз бироолорду туурап, тамашалашып кызыктуу кундорду откоробуз.
Билесинби менин жаным ким экен?
Кунум айым бар байлыгым энекем.
Жердин бети канча таарып турсада,
Эне койну бут ааламга кен экен.
Апаке мен сизди жакшы кором!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   nargis   13 Апрель 2016 - 16:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ооба мен ушул даражага жеткирген апамдын ар бир созу .Мен айылга барсам баары сенин апан акылдуу жан эле деп айтышат .Анткени апам улууну урматтап кичууну сыйла эч качан дареметине же сырткы келбетине карап адамдарды болуп мамиле жасаба дечуу.Ар дайым сабырдуу выдержку бол,буроонун кебин уга бил сен келечекте аялсын ,эркектен эч убакта соз талашпа ,ар бир ишинди козомолго ал дечуу.Раазымын сага апакебайым сиздин ар бир айтканынызды аткарып мен бул жашоодо бактылуу уйбулоонун катарын толуктадым. Айрыкча сиздин ,кызым жаман аял жашында кетем карыганда олом деп кокутат барган жеринде эч качан кетем деген соз айтпа дегениниз мени турмушта коп жолу сактап калды.Мен озунузго раазы экенимди билээр бекенсиз.Мен сиздин айкандарынызды ар дайым аткарам.Жайыныз жаннатан болсун менин асыл апам .Бул дуйнодо эн кымбатым элениз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Shalunka1215   14 Апрель 2016 - 00:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 716
  • Катталган: 30 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2024 11:43
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:орусия

1962-жыл 28-январь айы кычыраган кыш мезгили.Озгон районуна караштуу Жалпак-таш айылында Аманкан деген суйуктуу таенем,мээримдуу боорукер Гульбар апакемди жарык дуйного алып келет.Уй булодо 4бир туугандын эн кенжетайы.Атасынын эркеси,эжелеринин жанындай коргон бир боору,агасынын суйуктуу карындашы болот. 1965 -жылы апам 3 жашка толгондо тайатам бул дуйно менен кош айтышат,таенем 4 баласын оор кундор менен чонойтот.
Балдарын турмушка тын кылып тарбиялайт. Апам бой жктип Чолпонбай Тулобердиев атындагы мектебин эн жакшы баа менен аяктайт.
1981-83жылдары Оштогу советтик соода техникум окуу жайын бутурот.
83жыл совет аймагына келип сов.бут.комбинатта иштеп баштайт,ошол эле жылы атакем апамды ала качып кетет.Ошентип жашап калышат,3кыз 1уулду болушат. Алтындай апакеме таазим этем. Бир кем дуйно деген ушу экен,мен балалуу болуп сиз небере эркелете турган чагыныз эле. Аллахым сиздин куноолорунузду кечирсин. Бейиш торунон орун насип этсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   baku24   14 Апрель 2016 - 01:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 433
  • Катталган: 16 Январь 12
  • Соңку аракети: 16 Апр 2021 10:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

Менин апам
Ааламда тендеши жок алтын апакем мага эне эле эмес, мугалимим дагы.
Ал 1957-жылы 25 февраль куну абасы таза, тоолору курчаган Каракулжа жергесинде жарык дуйного келген. Омур таржымалында эки уул уч кызды тороп остуруп тууруна кондурса, коптогон мектеп окуучусун тарбиялап мектеп уясынан учурган мыкты педагог, жолдошуна суйуктуу жар болуп учурда эмгек оргосуно чыгып, неберелеринин бал тилдерин угуп, бактылуу кун кечирип турган учуру. Апамдын мунозу уйдо аябай жумшак балдарым деп турса, мектепте сурдуу мугалим эле.
Эсимде эрке кыз болуп озумдон чон кыздарды уруп, апама арызданып уйго келишкенде, апамдын мектептеги сурдуу мунозун эстеп, алар апама жолугуп арыздангыча эле "таяк жейт экем" деп ыйлап алгам. Корсо апакем калыстык кылып, керек учурда оз баласын коргоп да алат экен. "Эмнеге ыйлайсын мен сени урушпасам, алар сенден чон болуп оздору сага тийиштик кылып,кайра оздору таяк жеп атса"-деп мени бешенемен сылап "оз жемин жедирбеген ожор кызым" деп эркелеткени.
Мугалимдин балдары дегенге татыктуу болуп мектепте мыкты окуганга тырышчуубуз. Апкем бизди, эрте менен озу жумушуна шашып жатса да сут чай ичирмейин мектепке жиберчу эмес. Бой жетип оз алдыбызча турмуш куруп тиригилик кылып калсак да май-курутун, асел-кымызын бизге деп ташып турат.
Ар дайым гезит беттерине чыккан белгилуулордун энеси жонундо баяндарын окусам,оз энемди элестетип окуйм. Мен эле эмес баардык окурмандар элестетип окуса керек. Анткени буткул энелер ошондой мээрмдуу болот эмеспи.
Эненин кадырын эне болгондо билесин дегендей толгоо тартып, кыйналып жатып, апакемдин кыйналып бизди жарык дуйного алып келгенине, деги эле буткул аял затынын ушул оор, ары бактылуу мунотторун жоон - терим менен сездим. Кыйналып жатып "ушунча азап тартып тороп дагы деле торой беришеби" дегенимди уккан мээрбан айымдар эртеси "ыы кандай экен эне болуш кайра - кайра торой бергин келе бекен" деп уяткарышты. Чынында энелик мээримини ойготуп, чолпулдатып ууз сутуну эмип жаткан баланы карап бардык тарткан кыйынчылыктарын унутта калат турбайбы.
Учурда москва жергесинде кор тиригиликтин айынан энекем менен уулумдан алыста сагынып жургон убагым. Иштеп акча таап журсок да суйлошкондо "курсагын ачпайтабы" деп сурай бергени ары кулкумду келтирсе, ары ыйлагымды келтирет. Москванын химикат тамактарына соргок кызым тойбой калып атса керек деп ойлоп жургон го, эээх апакем.... Жаратканымдан ден-соолугунуздун чын болуп. балдарыныздын сый урматында узаак омур сурун.

Билдирүүнү түзөткөн: baku24: 14 Апрель 2016 - 01:51

Турмуш- бул чоон мектеп!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   raia   14 Апрель 2016 - 09:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Энекем козун барда айта берчуу жомогум элен,козун откондо айтып бутпос арманым элен...
Менин энем учунчу кыз болуп 1927- жылы Ыссык -Колдой керемет жерде,желден аттуу урууда торолгон.Энем 13 жашында куурчак ойноп отурган жеринен,ырым кылып авам менен чон апам уурдап кетишкен дешет.Ошонтип энекем,озу билбей,же бир корбой Балыкчы калаасына саяк уруусуна келин болуп тушот.Ырым кылганы тайэнем 20 тороп бирок 7 кыз,бир уул аман калат.Эки уулдан бала корбой 14 жашар кенже уулунан умут кылып,чон атам менен чон энем,энемди кыздан артык корушкон дешет.
Мээрбаным энем эркелеп кетпей,эстуу жан болгон дешет.Татардын небереси болгон учунбу аппак,узун бойлоруна топ келип узун суналган чачы,келишимдуу келбеттуу,ото токтоо акылдуу келин болгон дешет.Чон атамы коруп калдым бирок эсимде жок,авам раматылык козу откончо энемди"Ырыскым, кутум,"-деп пешенесинен ооп учурашар эле...
Балага зар бир чон уй- булоого 16 жашка чыкканда кыз тартуулайт. Экинчиси бойунда барында чон энем жанына чыкырып алып"Балам мен сага раазымын,менин сапарым карып барат,ичинде кумонун бар,кыз болбу уул болобу мени энем деп сыйласан акене,эки дуйно балам эмес деп бер балам.Кыз албаган туугандан кыз алып,каргышка калышкан,алар балалуу болбойт"- деп керез калтырып чон энем коз жумат.Эненин созун жерге таштай албай экиге чыканда уулун акесине берет.Корсо авам ошон учун ырыскым десе керек...
Энем сарамжалдуу, колунан коор тогулгон чебер жан эле.Бир изи жок аппак матиралга келиштирип саймаларды саят эле,эки бетин бирдей кылып,бир кат жиб менен сайган саймалары,токуган торлору,селде жиб деп койот эле,аппак болуп жибек сыйактуу болор эле.Токуган торлору азыркы тюлга окшоп,терезесине илип алар эле..Кураган курактарына соз жетпейт.Шырыган шырдагы,ар тустуу арламентуу ала кийиздери,ошондой эле бычмачы жагы да бар эле.Эл мага суктанса,мен магазинден кийимин кийбей армандар элем...
Ак койдун жунунон тегиз ийрип жемпир согор эле....
Ашкана жагына да ото уста жан эле.Азыркыга чейин балдарым тай энем жасаган манту,пряшкилер, беш бармак,чучук сурсутконун, сары журмо сактаганын эстеп калышат...
Энем бизге жалынбайт эле бирок козунон мээрими тогулуп,балдарын ото жакшы корор эле.Бизди урушуп,уруп катту айтпайт эле бирок ото каттуу, бир суйлогон ,айтканынан кайтпаган оор жан эле.Уйумо коноко келгенде баарын сарасеп салып,баарын журогунон откорор эле да кетеринде отургузуп алып" Кызым буларын жакшы деп жакшы жагымды айтып,жакпаган жагымды акыры айтып,эне коргон кыз эмес,эндик сурткон бет эмес демекчи,эне коргон кыздай бол,мени уятка калтырба "-деп тизгинимди тартып койор эле...
Энем мага эне эле эмес устазым болду,чеберчилигинен бир шингил мага калтырып ууз аялга айлантты.Турмушумда устатым болуп,акыл калчаганды, чындыкты тике караганды,адал менен арамдыкты,турмушта кыйынчылыкта которо билгенди негизи адам болууну мага уйротту.Бала тарбиясында, айрыкча келин тарбиясында мага акылманым болдуу.
Келин алдым деп суйунчулогондо. "Балам келинге мээриминди чачсан,келинин сага журогун ачат"- деген созу али кулагымда турат...
Менин кайраттуу,мээрбан апакем,турмуштан 27 жашында калса да атакем башын атаса да,журогундо жакшы коруп ардактаган, чындап суйгон жарын омур бойуу сыйлап,эч кимге алмашпаган. ..
ЭНЕм менин айтып бутпос армадарым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Janyla   14 Апрель 2016 - 12:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

" Ааламда тендеши жок асыл апам "

Менин апам Сыдыкбаева Гулмира 1965-жылы 10-ноябрда Ысык-Кол облусунун Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылында жарык дуйного келген. Таятам аскер адамы болгондуктан, балалыгы Жети-Огуз районунун Ак-Терек айылында откон. 10 бир туугандын алтынчысы. Чон уй-булодо эн кичуу уул торолуп, кубаныч толуп тургандан коп отпой, таятам бул дуйнодон отуп кетет. 10 бала менен жесир калган тайэнем менен бирге озунон кичуулорун карашып, турмушка эрте жашынан бышып, чоноет.

Апам 17 жашка толуп, бой жеткен кезде Ысык-Колдун батыш жергесине ала качып кетет. "Таш тушкон жеринде оор", демекчи, отуруп калат. Удаа-удаа 2 ымыркайынан ажырап турганда, кайнененин каары ашыкча эле. Бул учурда 3-наристеси келерин билип, окуусун улантып калат.

Убакыттын отушу менен Балыкчы шаарына жер которушат. Кесиби менен иштеп, 3 кыз, 2 уул балага тарбия берип, жай турмушун откоруп жатканда, турмуштун соккусу менен уй-було урайт. Тагдырдын жазганы белем, жалгыз бой эне 5 баланын камын коруп, чаар-ала сумканы которуп, элдин агымы менен коммерция менен алектенип, аталуудан кем кылбай ичинтип, кийинтип, окутуп, эрезеге жеткирип, кыздарын турмуш жолуна узатты. Азыркы учурда 3 неберенин тайэнеси, жана 4-небересин кутуп жаткан кези.

Баса, таятам апамдын ысымын Индиянын премьер-министри Индира Гандинин атынан Индира деп коет. Апам ысымды которо албагандыктан, Гулмира деп озгортушкон экен. Ошентсе да, апам турмуштун оор сыноолоун которуп, кайраттуулугу менен женди, жана женип келет. Ото мээнеткеч, жаны тынбаган, ак конул, сулуу, ошондой эле колунан коору тогулгон уз аял.

Ар бир мамлекеттин озунун тарыхы болот эмеспи. Анан сынары, апам башкарган кичи мамлекеттин тарых-баяны ушундай. "Тарых - эн жакшы мугалим, эн жаман окуучулары бар", дегендей, эн жаман окуучулары биз. Апамдын бизге чейинки отумушу,озубуз чоогу баскан издердин, жакшы да, кыйын да кундорун коруп, билсек да, "Эне сүтүн актоого" канчалык аракет кылбайлы, баары бир биз анын алдында карыз бойдон калабыз.

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   samaro4ka   14 Апрель 2016 - 15:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 07 Август 11
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2019 18:40
  • Жынысы:Аялзаты

Ааламда тендеши жок -асыл апам.
Мин тогуз жуз алтымыш тортунчу тортунчу жылдын май айы. Айлана кызыл-жашыл койнок кийген убак. Май айынын он сегизинчи кунундо таятам Семетей менен тайэнем Маликанын кубанычына кубаныч кошуп, менин алтын апакем Мактымхан жарык дуйного келиптир. Мактымхан байыркы кыргыз легендаларында ото сулуу, алтын чачтуу айым катары суроттолот. Апамдын туулуп лскон жери, айтылуу Курманжан Датка энебиз чыккан- Алай жергеси. Кичнекейинен турмуш- тиричиликке тын, чыйрак кыз болуп чонойуптур. Орто мектепти аяктап, башка курбу-классташтары сыяктуу эле, Ош шаарына келип оккусун андан ары улантат. Ошентип, турмуштун дагы бир жаны барагы ачылып, апакемдин студенттик кундору башталат. Ошондой кундордун биринде атам экоо таанышып, жылдыздары келишип, ата-баба салтын улап, ата-энелеринин ак батасын алып баш кошушат. "Убакыт зымырык куш" дейт эмеспи, андан бери зымырап 33жыл отуптур. Апакем 3кыз,2 уулду жарык дуйного алып келип, баарыбызга татыктуу тарбия берди. Коп жылдар боюу мектепте мугалим болуп иштеп, бизден башка дагы канчалаган улан кыздарды тарбиялады. Апам озу созго чечен аял. Апакемдин мээримдуулугун, акылмандыгын, сабырдуулугун карап отуруп, уч-кыйыры корунбогон, чексиз океанга салыштырам. Турмуш деген турмуш да:жакшылык, жамандык болот, кыйынчылык болот, кубанычтуу кундор болот. Ушул нерсенин баары башынан отсо да , апам кайраттулугунан, кен пейилдуулугунон, акылмандыгынан жазган жок. Бугунку кундо апакем торубуздун корку, уйубуздун куту, беш неберенин суйуктуу чон эне, тайэнеси. Биздин бактыбызга бар болунуз апаке.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   admiral   14 Апрель 2016 - 18:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 650
  • Катталган: 14 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Мар 2024 05:37

Жаркыным жаным апам,
Жалгызым,кунум апам
Жылмайып кулуп турган
Ал менин алтын апам..������������������

Белекке жашоо бердин....
Ак сутун мага бердин...
Тун уйкун мага арнап,
Мээримин тогуп келген..������������������


Ээрчите жетеледин,
Алдейлеп,бополодун
Отсо да канча жылдар..
Сен дале озгорбопсун. ..❤❤❤

Бой жетип калсам дагы..
Озуно секелекмин. .
Апаке бир озунду....
Эч кимге тенебеймин. .������������������

Энелерди сыйлаш керек..!! !
Козу барда..!! !Убагында! !
Бейиш деген сулуу жер!!!
Эненин таманы астында

♥ ЭНЕКЕМ ♥

Энемди эстеп жүрөмүн
Сагынам нурдуу күлгөнүн,
Энем бар жашоом жапжарык
Энекем сизди сүйөмүн.

Ыйласам кошо ыйлаган
Эч убак милдет кылбаган,
Мээримин төгүп ар убак
Тажабай мени тыңдаган.

Аллахтан мен суранам
Күнөөсүн кечир энемдин,
Эшигин ачып бейиштин
Киргизсе экен деп тилеймин.

Энени барктай билели
Кадырын дайым сезели,
Кызматын кылып талбайлы
Өкүнүп кийин калбайлы!

♥ ОЮМ ДА, КӨҢҮЛҮМ ДА ДАЙЫМ СИЗДЕ! ♥

Эмизип ыйласам да түн ичинде,
Сооротуп, эркелетип чоңойттуңуз.
Чонойдум бой жетилип мына эми,
Бул үчүн сиз көп эмгек короттуңуз.

Энекем бейиш сенин таманыңда,
Жеткирген пайгамбарым муну мага.
Энеке жүрүңүзчү ден соолукта,
Сурайын дуба кылып жаратканга.

Энеке өмүрүңүз узун болсун,
Жүзүңүзгө ар убакта күлкү толсун!
Урматын кыз-келиндин көрүңүзчү,
Толтуруп бакыт шаңга төрүбүздү.

Айтылган каалоо тилек баары сизге,
Жараткан дем-күч берсин демиңизге.
Энеке сиз ушуну унутпаңыз,
Оюм да, көңүлүм да дайым сизде!



АЛЛАХ Ата-Энелерибиздин өмүлөрүн кылымдык жана кылымдык өмүрлөрүндө дендерин сак кылсын!
Эки дүйнө бактылуу кылсын ааамммииин! !!

....★★★Бир нерседен корксок "АПА" дейбиз.... ..Уйго келип, жок болсо "АПА" дейбиз..... Ооруп калсак "АПА" дейбиз....Карагылачы апанын бул жашоодо керектуу зат экенин.....Ин Ша Аллах "АПАЛАРДЫН ОМУРУ УЗУН БОЛСУН....★★★
Энем жок бакыттын кереги жок!
Апамсыз бейиштин себеби жок!
Энем болсун бакытымдын кубосу!
Апам болсун бийишимдин мучосу!

Энем бар бакытта бар ырыс да бар,
апамдын бутунда бейишда бар,
энем бар бул жашоодо арманым жок,
апам бар эч нерсенин калганы жок!

Энесиз YйдYн ичи жарык болбойт,
энесиз Yйго барсан конYл толбойт.
Канчалар мээрим тогYп турса дагы, оз энендин
мээриминдей мээрим болбойт!

Энеден сурашыптыр: кайсы баланызды кобуроок жакшы коросуз?
- "Кичинесин чонойгончо, ооруганын сакайганча, уйдон чыкканын кайтып келгенче, БААРДЫГЫН журогум сокпой калганча" дептир
ЭНЕЛЕРДИ убагында сыйлайлы!

Билдирүүнү түзөткөн: admiral: 14 Апрель 2016 - 18:43

Өлүм бул жашоонун бүтүшү эмес, балким жаңы жашоонун башталышы!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   aijan   14 Апрель 2016 - 22:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Ааламда тендеши жок асыл апам.

Менин апам озгочо жан. Таятам менен таенемдин балдары токтобогондуктан, ар бир жашап кеткен баласын ото бапестеп багышкан экен. Апам эки кыздын кенжеси, анан да артынан эки уул ээрчитип келгендиктен, таятам уулдарын аяп жанына апамды учкаштырып алчу экен дайыма. Балким ошондуктандыр, балким башка себептендир, апам атасынын кызы болуп эркин чоноюптур. Сон окууга баш-оту менен киргенин мындан билиниз, алгачкылардан болуп Кыргызстандын тоолуу айылынан Крымга барып пионерлагерде чет тилинен котормочу болуп иштегенге улгуруптур. Андан кийин кичи мекенинде "Пионерлер уйун" да бир топ жыл жетектеп журуптур. Азыр деле апамды жакындан тааныган айылдаш эжелерим кулуп калышат: "Биз балдарыбыз менен жудоп, турмуш менен алышып жургондо, сенин апан узун тизеден ылдый олон чачын бир орум кылып артына таштай тыкылдап жумушуна жоногонун коруп калаар элек,"- дешип.

Анан апамдын да турмушка чыгып, бала жытын жыттаган маалы келди, эки кыздын энеси болгону менен элдер апамдын жудогонун дегеле корушпоптур. Тилекке каршы, атам экоо биз мектепке кадам кое электе эле эки айрым жолго тушушкон. Ошондон тарта жеке жашоосун жыйнаштырып салып, сыртта эркектин, уйдо аялдын милдеттерин аткарып аталуудан артык кылып чонойтту бизди апам. Апамдын башынан кандай кун отуп, эмне деген гана кыйынчылыктарды корбосун, эч бир алдан тайып кол жайып отуруп калганын корбодум. "Ажыраштым" деп ата-энесине оорун салган жок ошондо деле, тескерисинче, аларга арыз-мунун такыр айтчу эмес. Токсонунчу жылдары эртеден кечке тобосу менен жер казса да адал иштеп, эч бир арам нерсеге жолобой ак бакты бизди. Балким бизге корсотпой ыйлап- сыктагандыр, бирок биздин алдыбызда кайгыга алдырчу эмес, аябай чарчаганын корчубуз, кыйналганын сезчубуз, чебелектегенден болок колубуздан бирдеме келсе кана! Ошол маалдар эч эсимен кетпейт го. Синдим экообуздун бар "белегибиз" эле жакшы окуу болчу, бул деле апамды кубанталы деген оюбуз болсо керек, арты жаман болгон жок, минтип азыр узурун коруп жатабыз. Бул учун да апама рахмат.

Мурда борбордо окуп жургонубуздо апамды анан туулган жеримди сагынаар элем. Жакында апам да борборго кочуп келип, келгенде да колу гул жаны короосун корктондуруп, кудум кичи мекенимдин болукчосун которо келгендей, болгон сагынычымды тарката койду. Апамдын хоббилери коп иштегенине карабай коп. Илгеркидей саймага, токуганга козу жетпегени менен, таятамдан калган дарак кыйыштыруу, багбанчылык, гул остурууго болгон кызыгуусу дагы деле кучундо. Жетекчиликти калтырганына ото коп жыл отуп, суйуктуу карапайым жумушунан узурлуу эс алууга чыкканы менен, дале уйдо бутту сунуп эс алып отургандардын катарында эмес, сергек, азыркы жаны адресинде да эл арасында сыйга татып, тордон орун алып, акыл-насаатын берип келген эл адамы.

Азыр эми небереге тунуп, алардан айланып-тегеренип бутпойт. Апамдын ушул кундорго жеткенине суйуном. Азыркы эмгегинин узуру кайтып, сый коро турган маалынын болушунча узак болуусун, кайратынан жазбай, ден-соолугунун бекемдигин чын журогумдон тилейм.

Апалар бар болсун, омурлору узак болсун, алар бизге ойдодо обок, ылдыйда жолок, алар бар турганда биз жалгыз эмеспиз.

Билдирүүнү түзөткөн: aijan: 14 Апрель 2016 - 22:38


Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   sagyn91   15 Апрель 2016 - 02:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 041
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 24 Май 2016 01:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Ааламда тендеши жок асыл апам.


Ооба дуйнодогу эн эле баалу аталган нерселер конулумду алса да апамдын конулундой, мээриминдей болуп бералбайт экен.
Билем апа деген соз улуу зат экендигин. Балким билип туруп билмексенге саларыбыз шексиз.

Менин айым, кунум, асыл апам. Мээримин кундун нурундай Жан дуйномду шанга болоп куч кубатынды бересин. Апа сизсиз биз жашообузду элестете албайбыз , карангы , тунгуюк, элестетуунун озу жок, элессиз тушунук.

Менин жашоомо жарыгын ар дайым чачып турган, ааламдын кол жеткис байлыгынан да кымбат болгон апакемдин аты Гулзат.Кара- Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак а/о нун Кенжекул айылында 1971-жылдын берекелуу болгон куз айында Сентябрдын 13- куну эсепчинин уй булосундо торолгон. Апамдын уй булосу 5 кыз, 1 уулдан турат. Апам кыздардан учунчусу.Кенжекул айылындагы орто мектептен билим алган.
1991- жылы атам жактан Таятамдын уюно кудаа тушуп барып чон той менен апамды турмуш жолуна узатышат. Ошинтип атам экоонун жашоосундагы жаны ак барактар ачылат.Жыл айланып 1992- жылдын 8- сентябрында мени жарык дуйного алып келет. Арадан жылдар отуп мен уч жашка толгондо 1995- жылдын 8- сентябрында инимди жарык дуйного алып келген. Эки уулга ак сутун, тун уйкусун, тарбиясын берип келген. 2002-ж апрель айында биз куткон биздин уйдо кыз тагыраагы карындашыбыз торолгон.
Учурда асыл апам уйубуздун кожойкеси...

Эчнерсеге алмашкыс асылым, менин сыймыгым болгон апакем. Биздин бешенебизге ар дайым бар болунуз. Эч убакта оорубаныз, омурунуздун узун болуусун бир Алладан тилеп келебиз. Сизге канча мактоо соз айтсам да аздык кылат. Апаке бассам да, турсам да ардайым эсимдесиз. Дайыма айткан алтын создорунуз, кенештериниз, эсимде.
Апаке буйруса Эл сыймыктанган, Кыргызымдын алдынкы эр азаматтарынан болууга аракет кыламын.Сизди сыйлаган уулунуз Нурсултан.

Билдирүүнү түзөткөн: sagyn91: 15 Апрель 2016 - 02:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: