Суперстан: Энелердин эрдигин даңазалай... сынак старт алды - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Энелердин эрдигин даңазалай... сынак старт алды Суперстанда кезектеги сынак.

#21 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   15 Апрель 2016 - 03:29

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

-Апооув, мааам, маматайыым дегенде ар дайым — "ооу, кызым, ооув жаным балам, садаган болоюн шириним" — деген жоопту ар дайым, ар убак кулагыбыз угуп турсун!
Апа бул — үч эле тамгадан турган сөз, ичине бүтүндөй бир ааламды, жашоону, өмүрдү камтыйт. Дүйнөдөгү эң таттуу, эң ширин, эң—эң көп колдонгон сөз да ушул Апа....

Менин апам, менин маматайым, менин демим, менин дүйнөм асылым апакем, 1959- жылы, 30 — ноябрьда, Ош областынын Ноокат районуна караштуу Төөлөс айылында төрөлгөн. Он эки бир туугандын эң улуусу. Таятам менен таенемдин туң кызы, алар сегиз жыл перзенттүү болбой жүрүп, тиленип, суранып алган кыз. Өзүнүн артынан он бир тууганын алып келген ак жолтой кыз.
Мектепти, андан соң педагогикалык институтту аяктап, орус тили жана адабияты адистиги боюнча мугалим. Бирок, такыр башка эле тармакта иштеп калган.
Жыйырма алты жашында турмушка чыгып, 28 жашында мени,анан отуз жашында инимди тапкан. Бизге татыктуу тарбия берип, бойго жеткирди.55 жашында уул үйлөп "кайнене" — деген статуска ээ болду. Буюрса 57 жашында саналуу айлардан соң "чон эне" деген дагы бир ыйык статуска ээ болот.
Азыркы тапта, келининин колунан ыссык чайын ичип, атам экөө айылда.

Акыркы айларда, бир аз ден соолугу кыжаалат кылгандыктан, Москва шаарына жаныма чакыргам, азыр учактан түшөт. А мен мээримдүү апакемди бир кучак гул менен аэропортто күтүп отурам.
Толук он беш ай, тагыраагы 463 кун дегенде маматайымды көрүүгө көзүм төрт эмес сегиз.

Мына ушундай замандаш! Менин ааламда тендеши жок асыл апакем жөнүндөгү дил баяным.

Менин, сиздин, баарыбыздын апаларыбыз ар дайым аман болушсун бар болушсун! !!

Билдирүүнү түзөткөн: barpynynkyzy: 15 Апрель 2016 - 03:32

Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Janyla   15 Апрель 2016 - 09:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

" Ааламда теңдеши жок асыл апам "

Менин апам Сыдыкбаева Гүлмира 1965-жылы 10-ноябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылында жарык дүйнөгө келген. Таятам аскер адамы болгондуктан, балалыгы Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында өткөн. 10 бир туугандын алтынчысы. Чоң үй-бүлөдө эн кичүү уул төрөлүп, кубаныч толуп тургандан көп өтпөй, таятам бул дүйнөдөн өтүп кетет. 10 бала менен жесир калган тайэнем менен бирге өзүнөн кичүүлөрүн карашып, турмушка эрте жашынан бышып, чоноет.

Апам 17 жашка толуп, бой жеткен кезде Ысык-Көлдүн батыш жергесине ала качып кетет. "Таш түшкөн жеринде оор", демекчи, отуруп калат. Удаа-удаа эки ымыркайынан ажырап турганда, кайнененин каары ашыкча эле. Бул учурда 3-наристеси келерин билип, окуусун улантып калат.

Убакыттын өтүшү менен Балыкчы шаарына жер которушат. Кесиби менен иштеп, 3 кыз, 2 уул балага тарбия берип, жай турмушун өткөрүп жатканда, турмуштун соккусу менен үй-бүлө урайт. Тагдырдын жазганы белем, жалгыз бой эне 5 баланын камын көрүп, чаар-ала сумканы көтөрүп, элдин агымы менен коммерция менен алектенип, аталуудан кем кылбай ичинтип, кийинтип, окутуп, эрезеге жеткирип, кыздарын турмуш жолуна узатты. Азыркы учурда 3 неберенин тайэнеси, жана 4-небересин күтүп жаткан кези.

Баса, таятам апамдын ысымын Индиянын премьер-министри Индира Гандинин атынан Индира деп коет. Апам ысымды көтөрө албагандыктан, Гүлмира деп өзгөртүшкөн экен. Ошентсе да, апам турмуштун оор сыноолорун көтөрүп, кайраттуулугу менен жеңди, жана жеңип келет. Өтө мээнеткеч, жаны тынбаган, ак көңүл, сулуу, ошондой эле колунан көөрү төгүлгөн уз аял.

Ар бир мамлекеттин өзүнүн тарыхы болот эмеспи. Анын сыңары, апам башкарган кичи мамлекеттин тарых-баяны ушундай. "Тарых - эң жакшы мугалим, эң жаман окуучулары бар", дегендей, эң жаман окуучулары биз. Апамдын бизге чейинки өтүмүшү,өзүбүз чоогу баскан издердин, жакшы да, кыйын да күндөрүн көрүп, билсек да, "Эне сүтүн актоого" канчалык аракет кылбайлы, баары бир биз анын алдында карыз бойдон калабыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 15 Апрель 2016 - 09:55

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   ROUSE   15 Апрель 2016 - 13:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Асылымсыз, ыйыгымсыз, тан чолпонумсуз, жарык чачкан айымсыз, кунумсуз, баа жеткис эч кимге алмаштыргыз жашоомдогу кымбатымсыз, бейишимдин ачкычын таманына салып алып басып жургон периштемсиз! !!!! Апакайым сизге Аллахым ден соолук, узун омур берсин, ишинизге ийгилик берсин, жузунузго кубаныч бакыттын кулкусу кеткис болуп орносун, балдарыныздын журогуно бекем ыйман берсин, жаман коздон, жаман адамдардан корусун сизди апа! Суйуктуум суйкумдуум менин, эси жок кызыныздын кылыгын кандай кылсам кечире алаар экенсиз???
Апа, сиз берген ар бир тамчы сутунузду, уйкусуз бешик терметип откоргон тундорунузду, алтымыш тамырыныз сыздап толгоо азабын тарткан оорунузду, бизди остуром деп тарткан мээнетинизди кантип актаар экенмин? ??
Апакем Ысык-Колдун, Жаныл баатырдай, Курманжан Даткадай кызы. Кыргызстанда корунуктуу ишкананын башчысы. 1961 жылы торолуп, бала чагы кол жээгинде, мугалимдердин уй-булоосундо откон. Мектепте активист болгом, балерина болом деп кыяданчумун, ийилчээк элем деп эскерип калат. Жогорку билимди Белорусиядан алып, кийим тигуучу фабрикада инженер-технолог болуп иштеген экен ССР кулаганча. 1986-жылы атам экоо бирге тутун булатып, турмуштун оош кыйышын бирге басып отобуз деп кичинекей мамлекет тузушкон.
Баштарынан далай кыйынчылыктарды откоруп, Бишкек шаарынан жер тилкесин алышып торт кабат кылып уй салышты. Кундуз устага кирпич ташып, тамагын жасап, эки кичине балдарын карап жетишип дагы, ара чолодо сатканга кийим тигип куруу материалдарына акча кылчу экен. Тункусун бир заводко кароолчу болуп айлык учун иштеген. Апаке сиз жасагандын чекесин да кертип коро элекмин (((
1990 жылдары базар экономикасына ото баштаганда алдынкылардан болуп соода кылып, Россиядан товар ташыганга да улгурду. Азыр баардыгы шугур, торт баланын энеси, бир айыл эмес бир нече айылдын кадырлуу адамы. Бирок, бирок энекемдин женил эмес басып откон жолдорунан калган эстеликтери ден соолугунун начардыгы журогубузду ойуп келет.
Апакебай жаштыгымды берейин сизге оорубанызчы асылым менин!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   JenaOfisera   15 Апрель 2016 - 14:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 898
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 11 Авг 2020 22:48
  • Жынысы:Аялзаты

Менин асыл адамым Апакем 1969 жылы, гул жыттанган май айында куттуу Талас жергесинде торолгон,гулдой жайнаган кыз болсун деп атын Гулжан коюшса керек.Биздин уйдун куту,чырагы болгон энекем торт кыз,уч уулдун энеси,баатыр эне медалынын ээси,атакемдин суйуктуу жубайы,эки неберенин мээримдуу таэнеси.Жети баланы тарбиялоодо канча деген кыйынчылык, мээнет,жашоонун ысык суугу башынан отподу,барына шугур кылып,ак эмгек,мандай тер м.н балдарын чонойтуп келе жатат.Уйго барсам Апам жок болсо уй карангы,чай муздактай туюлат.Чон энем(кайненеси) 85жашка чыккан,сен жок мен уйдо отура албайм,айылдап барсан тез кел деп чай ичпей отурат,кыздарына барса тамагы окшошпой калды келинимдикине деп отурат.Кудайга шугур кылып ден соолук тилейм.Мындай мээнеткеч,эч кимге каттуу айта албаган асыл адам менин АПАМ!!! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Musabaeva.   15 Апрель 2016 - 17:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 773
  • Катталган: 22 Март 16
  • Соңку аракети: 10 Сен 2019 22:16

Саламатсыздарбы, форумчу достор,эжелер- агалар!Мен дагы көптөн ойлонуп отуруп жашоомдогу байлыгым болгон "сүйүктүү апакем"жөнүндө жазгым келди .
Апакем Мусабаева Мундузкан Нишанбаевна, Жалал-абад облустуна караштуу Барпы айылында1963- жылдын берекелүү күз айында,тагыраагы 12-октябрда төрөлгөн .Апакем бизге өзүнүн жаштык кезин көп айтып берет.Мына ошолорду эске алып жазып кетсем. Апам 7бир тууган,4 кыз,3уул.Апакем мээримдүү,ичинде кири жок суктанарлуу сулуу кыз болгон .10жылдык мектепти аяктагандан кийин,жогорку окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүк болбой,шаардагы клиникалардын биринде иштеп калат.
Ушул убактарда атам үйлөнөм андан башканын кереги жок деп өзүнүн эле айылындагы кыздын артынан жүргөн болот .Апам менен атам бир гана жолу жолугуп,апамды бир көргөндө жакшы көрүп эртеси алып качып кетет.Мына ошентип апакемдин келиндик доору башталат. Кабагым кашым дебей,башын бийик көтөрбөй,катуу сүйлөбөй,сабырдуулугу менен баарын женет.
1982-жылдары кош бойлуу,эки үйдүн түйшүгүн көтөрүп,кызматын кылып жүргөн убагы .1983-жылы эң чоң эжем жарык дүйнөгө келет.Атакемдин самаганы уул эле андан эки жылдан кийин экинчи жолу кыздуу болушат.Андан кийин төрт кызды жарык дүйнөгө алып келет.Бул жылдар аралыгында атакем капа болуп төрөт канага барбай койгон күндөрү болот.Апакем эмне кылсын болгон ызаасын көз жаш кылып чыгарат. Айтор үйгө ичип келип,чоң энеме эрээркеп ыйлаган күндөрү коп болот."жакшылыкты, сый-урматты кыз баладан көрөсүң,бул кылыгыңа өкүнөсүң,дагы да болсо кыз төрөй берсин"деп апакем,атакеме да жакшы сөздөрүн айтат.
Андан кийин1993-1995-1999- 2003 жылдарында кыз төрөйт.
Көптөн күткөн уулду 2005-жылы эгизи кыз менен уулду жарык дүйнөгө алып келет,ээх андагы атакемдин акыркы үмүтү эле,төрөт канага карындашы менен келип,айнектен эле кабар алып кетип калат,ким экенин сурабастан. Апам болсо эки көзү жашка толуп уул эгизи менен деп айта албай;бири ак,бир көк жемпир, шымын алып келгиле"дегенде гана эжем түшүнүп баарына сүйүнчүлөп чыгат.
(дагы да болсо көп жазгым келди,шарт боюнча кыска-нуска жазганга аракет кылдым.)
"Баатыр эне"наамын алган.Апакем азыркы убакта 10кыз 1 уулдун мээримдүү апасы, 12неберенин сүйүктүү тай-энеси.
Апакемдин өмүр баянын бир китеп, жада калса кино кылып тартып чыкса болгудай,чындыгында ошол нерсеге татыктуу жашоону башынан өткөргөн .
Жашоомдогу байлыгым" апакем"эч качан оорубаңыз,кана эле мүмкүн болсо жаштыгымды берээр элем. Баардык апалар аман болсун,оорубасын.

Билдирүүнү түзөткөн: Musabaeva.: 15 Апрель 2016 - 17:36

Мен ар дайым өзунө "ЖАЛГЫЗЫҢ"болгум келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   mawa.32   15 Апрель 2016 - 17:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 759
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2021 01:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Ааламда тендеши жок асыл апам.

Жаным апакемдин аты Калича 1971-жылы 15-апрельде Талас областына караштуу Токтогул районунда жарык дуйного келген (ал учурда Токтогул Таласка карачу). Алты бир туугандын эн улуусу. Убакыт отуп мектепти аяктактаар менен эле, ала качууга дуушар болгон. 1990-жылы кыздуу болгондон кийин кандайдыр бир себептер менен ажырашып кетишкен экен. 1991-жылы атам менен таанышып, бири-бирин жактырышып, коп тоскоолдуктарга карабай 1992-жылы баш кошушат. Албетте, тоскоолдуктар жаралбай койбойт. Таенемдер Жалал-Абат менен Токтогулдун жолунун алыстыгын айтса, бир жагынан тундук-туштук деген маселе куурчуп турган маал болсо. А атакем уйлоно элек бойдок, чон энемдер турмуштан чыккан аялды алып бербейбиз деп каршы болушкан экен. Мына ушундай кыйынчылыктарга карабай ортодогу суйуулору учун курошуп, бир уй булонун жарыгын очурбой, ынтыкатуу жашап келе жатышканына 25 жылдын жузу болду. Азыркы учурда апакем 1 уул, 4 кыздын мээримдуу апасы. 1 небересинин таенеси. Бугун 45 жаштын кырына чыгып, жарык дуйного келген куну.

Асылым, берекем апакем сизге канчалык мактоо айтсам да аздык кылат. Атам экоонуздордун бул дуйнодо, жаныбызда жургонунуздор биз учун чоон бакыт, байлык. Аллахым сиздерге узун омур, чын ден соолук берсин. БУГУНКУ ТУУЛГАН КУНУНУЗ МЕНЕН ЧЫН ЖУРОКТОН КУТТУКТАЙМ.

Билдирүүнү түзөткөн: mawa.32: 15 Апрель 2016 - 17:18

)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   JenaOfisera   15 Апрель 2016 - 17:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 898
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 11 Авг 2020 22:48
  • Жынысы:Аялзаты

JenaOfisera (15 Апрель 2016 - 14:15) жазган:

Менин асыл адамым Апакем 1969 жылы, гул жыттанган май айында куттуу Талас жергесинде төрөлгөн,гулдөй жайнаган кыз болсун деп атын Гулжан коюшса керек.Биздин үйдун куту,чырагы болгон энекем төрт кыз,уч уулдун энеси,баатыр эне медалынын ээси,атакемдин сүйүктүү жубайы,эки неберенин мээримдүү таэнеси.Жети баланы тарбиялоодо канча деген кыйынчылык, мээнет,жашоонун ысык суугу башынан өтпөдү,баарына шүгүр кылып,ак эмгек,мандай тер м.н балдарын чонойтуп келе жатат.Уйго барсам Апам жок болсо үй карангы,чай муздактай туюлат.Чон энем(кайненеси) 85жашка чыккан,сен жок мен үйдө отура албайм,айылдап барсан тез кел деп чай ичпей ,кыздарына барса тамагынар окшошпой калды келинимдикине деп отурат.Кудайга шүгүр кылып ден соолук тилейм.Мындай мээнеткеч,эч кимге каттуу айта албаган, асыл адам менин АПАМ!!! !!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Geran   15 Апрель 2016 - 21:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 413
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Янв 2021 12:25
  • Жынысы:Аялзаты

Менин жашоомдо үч сулуу аял бар.Алар:менин апам,апамдын көлөкөсү,апамдын күзгүдөгү элеси.

Жашоомдо жөлөк болгон,адамдык баралыма жеткирген апамдын ак эмгегинин урматына арнайм...

Зирек апам Тешебаева Райкан 1964-жылы Ноокат районунун Кенеш айылында,колхоз башкармасынын үйүндө жарык дүйнөгө келген.7 бир туугандын үчүнчүсү .
Жаштайынан чыйрак, көп нерсеге кызыккан,сулуу, эн негизгиси эч колунан китепти түшүрчү эмес экен.Таятам да апамды өзгөчө жакшы көрүп,мени ушул кызым тартты деп сыймыктанып калчу.
1981- жылы Ош айыл чарба техникумуна тапшырып,агроном кесибинин ээси болот.Андан айылга келип колхоздо иштеп калат.Көпчүлүк колун сурап келседа көнүлүндөгүдөй адам чыкпай турмушка кеч чыгат.
1991- жылы атам менен таанышып бири-бирин жактырып калып,атамдын үйүндөгүлөрү" отуруп калган кыз", өзүндөн бир жашка чон дегенине карабай июль айында апама үйлөнөт...
Кудайга шүгүр 25 жылдан бери ынтымакта жашап,үч уул,бир кызды татыктуу тарбиялап келе жатышат.Азыркы учурда мына-мына уул үйлөп,кыз чыгарам деп өзүнө батпай кубанып отурат...
Менин апам өтө мээримдуу,сабырдуу аял.Канчалаган кыйынчылыктарды кабагым-кашым дебей женип,атамдын, биздин жакшыбызды ашырып,жаманыбызды жашырып келе жаткан периште жан.Бактыбызга апам ар дайым бар болсун,эч качан оорубасын,деги эле бардык апалар аман болсун:)

Билдирүүнү түзөткөн: Geran: 15 Апрель 2016 - 21:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Gupa   15 Апрель 2016 - 23:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

А менин апам ошол апалардын майрамында 66га чыгат. Менин апакем абдан зирек, тырышчаак кыз болгондугун айткан окуяларынан байкайм. Өзү жалгыз кичүү ини-сиңдилери менен 1-класста эле жайлоонун өтүлүн алып түйшүктү көтөрө алган экен. А сабактан кандай окуганын 3-класстан 5-класска аттатып жибергенинен эле болжосо болот. Элдин баары караманча каршы кезде да өз көздөгөнүнөн кайтпай намаз окуп, орозо кармап жүргөн. 9-классты бүтүп мед училищеге тапшырган. Тууганчылык кылып апапакай, супсулуу (элдин айтымында) бийкечти алысыраак таякесине алып беришкен. Чоң энем өтө тың, талаптуу катуу койгон аял болгондуктан, энемдин кыялын көтөрүүгө, жалгыз баланын бүтүндөй түйшүгүн моюнга алганга туура келген. Аны менен кошо төрөтканада иштеп, канча ымыркайдын киндик энеси да болгон. "Больницага иштегенден кийин эле айылчы болуп калбадыкпы" деп күлүп калат кээде. Апам Баатыр эне да атыккан, жалгыз баланын жалгыз бойлугун жон териси менен сезген апакем 11 баланы жарык дүйнөгө алып келген. Тилекке каршы, тун кызын, эгиздин пайын, бир эркек ымыркайды жана дүйнөдө мен үчүн эң үлгүлүү инсан болгон эжемди Алла Тааламдын колуна тапшырган. Төрт баланын күйүтүн, атакемдин ден соолугуна байланыштуу маселени, ар бир уул-кызынын түйшүгүн көтөрүп, өзүнүн ден соолугун арткы планга таштап, кичине "ай" десек ары чуркап көрсөтүп, неберелерин бир колуна, бир колуна сүт куюлган кружка көтөрүп багып, баарын жеңип келди, буюрса. Атамдын үй-бүлөдөгү, коомдогу ордуна да апамдын салымы чоң деп ойлойм. Үркүн мезгилиндеги чоң-чоң ата, таенелеримдин окуяларын жомок кылып айтып бизге да ышкы берген. Маңдайыбызга атам экөө ар дайым бар болсун! Менин турмушта үлгү алчу адамым да, жөлөнөр-таянар тоом да, урабас бекем ишеничим алтын апакем. Мен катышуучу эмесмин, жазгым келди жөн гана.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 15 Апрель 2016 - 23:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   jemile   16 Апрель 2016 - 00:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Ааламда теңдеши жок асылым, жан апам!
Апам ай, "Апа", десем ыргып турган,
Көзүмдөн абалымды сезип турган.
Нанынын күйгөн жерин өзүнө алып,
Даана бышкан даамдуусун мага сунган!

Мен бир нерсеге өзгөчө таң калам, Мынчалык мээримге бай апалар? Ушунчалык жупжумшак назик колдоручу? Эркелеткеничи? Бөпөлөп, кастарлап, жылуулап, тойгузуп, чоңойтуп туруп, "Ме", деп нары ыйлап, бери күлүп кармата берди...А, менчи? :79: А, мен ошонун баарына эми башым жеткенсип, кадырын эми билип отурбаймбы. ..(балалык кезде эркелеп, кээде капа кылып коюп жүрө берет экенбиз, а, өзүң турмуш курганда, балалуу болгондо.... бул жагы түшүнүктүү го дейм)
Мен бул сынакта дагыда болсо апакемдин кадырына терең жетип, анын берген ак сүтүн канчалык баа жеткис экенин билем окшобойбу? Апакем, сиздин урматыңызга арнайм!

5 кыз, 2 уул. Айылдын бары "Мураттын сулуу кыздары" дешчү экен, Ошол Мураттын бир сулуу кызы менин апакем НАВАТ МУРАТОВНА Өзгөндүн атактуу Көлдүгүнөн. .. Балалыгы бактылуу өтүп, "атамдын эркеси элем, чоңубуз анан кичинебиз уул эле, ошон үчүн мен эшик ишин кылчумун, ат минип уй, кой кайтарып, кечинде келип эл жебегенди жеп жатып алумун, эже-сиңдилерим түн жарымга чейин жүн тытышчу", дейт.
Кийин окуп, акушер-гинеколог кесибин көтөрүп алып :) менин атакеме турмушка чыккан. 2 уул, 2 кызды чоңойтуп, 3бүздү тындырды.
Ал эми менден 15 жаш кичүү кенжебизди апам 47 жашында көргөн, элдер :"Айылдын барын төрөтүп, өзүн унутуп калган эле" деп аябай сүйүнүшкөн, азыр эми кенже уулун эркелетип атам экөө өмүр сүрүп жатышат...
Өзгөчө белгилеп айта кетким келет, апамды 15 миң калкы бар айылдын баары тааныйт десем жаңылышпайм, анткени 1985 -жылдан бери айылдын медайым-акушери. Нөшөрлөгөн жамгыр, кычыраган кышта да, түн жарымда род келсе "Адамдын жүзү ысык экен", деп 3.4 км машине барбаган айылга ат менен болсо да барчу..

Албетте, бул апамдын өмүр дарагынын бир жалбырагы гана жазылды.

"Алты кылым жашоо берип коймокмун,
Алтын балык болуп эгер жаралсам." , демекчи АПАКЕМЕ жарык жашоону каалап, канчалаган форумчулардын алдында таазим кылып рахматымды айтып, сөзүмдү жыйынтыктайм!

Билдирүүнү түзөткөн: jemile: 16 Апрель 2016 - 00:58

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   dina   16 Апрель 2016 - 03:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Ааламда теңдеши жок асылым Апам.

Менин жашоодо үч апам бар. Бири мени ушул жарык дүйнөгө алып келсе, экинчиси экинчи өмүр берип багып өстүргөн, үчүнчүсү сүйүктүүмдүн апасы).

Мен жарык дүйнөгө келгеден 1 ай өтпөй катуу ооруп оруканадан бала болбойт деп чыгарып койгон экен. Колунда 1 жарым жашар чыргоо кызы бар апам доктурдун сөзүнө стресс болуп, баары бир бала болбойт тура деп бакпай калганда чоң энем алып кеткен экен. Ошентип экинчи апам териге ороп, эчкинин сүтү менен айыктырып кыз кылып алган экен).
Бул сынакта мага экинчи өмүр берген асыл апам туураалуу жазгым келди.
"АПА" деген асыл сөздү укканда дайым сулуу болуп ак гүлдүү жоолугун салынып, сайма сайып олтурган апам көз алдыма келет. Жайкысын дайым жайлоого чыккандыктанбы, азыр тоолорду көргөндө апамды эстейм. Мени жанына отургузуп түрлүү башынан өткөн окуяларды кинодогудай кылып айтып берер эле. Жайдын күнү кийиз, өрмөк жасаганда мен да жасашамын деп талашып, бир бурчунда отурчум. Апам уз чебер жан эле. Кыргыздын боз үйүн көркөмдөп жасап республикалык иш чараларда боз үйдү тигип, оюм-чийим көйнөктөрүн кийип, сымбатына чыгып, дайым майрамдагыдай жүрчү. Апам жөнүндө айтсам менин өмүрүм да аздык кылчудай...
Апамдын балалык кези согуш жылдарына туура келет. Балалыгы жетимчилик, эч нерсеге жетпеген күндөрдө өткөн экен. Уй, кой кайтарып жүргөндөгү кыйын күндөрүнөн көп окуяларын сабак кылып айтып берчи. 14 жашында атам уурдап кетиптир). 5 уул 3 кызды жарыкка алып келген 3 бакма баласын тарбиялап чонойткон ал күчүнө азырга чейин таң берем.
Апамдын туулган күнүн дайым 8-мартта белгилечибиз. Бир жолу үй жыйнап жатып паспорту колума тийип калды. Кызыгып ичин ачып карасам 3.08.1939 деп турат. Анан, "апа сиздин туулган күнүңүз 3-августта турбайбы" десем "кана?" деп паспортун карап, "эк, балекетти баштабай отурчу" деп урушканын эстеп дайым жылмайып алам.
Мен эркектер менен эркектей чонойгондуктан апам мага кыз деген кантип отуруш керек экенинен баштап, тамак жасап, ийне кармаганга чейин үйрөттү. Жетимчиликтен көп азап тартып калгандыктан "жакшы окуп, эч кимге кор болбо" деп көптөгөн наасааттарын айтаар эле.
Мен 7-класс болгондо апамдын ден соолугу начарлап шаарга көп кетип баштаганда өз апама өткөрүп берген)
Жатып алып көп ойлоном, оюмдун башында акча топтоп атама, апама эстелик салдырсам дейм. Көзү тирүүсүндө жанында дайым болуп оор күндөрүн тең бөлүшө албаганыма кысылып, буулугуп кетем. Ошол убак артка келсе 3 айлык каникулда күндө үйүн жыйнап, тамагын жасап жанында болмокмун дейм. Ак эмгектерин көзү тирүүсүндө актай албадым... Эми биз да балдарыбызга татыктуу тарбия берип жашоодогу милдетибизди аткарсак эмгегинин 1 пайызын актаган болоор белек деп ойлоном. Пенделер дайым көзү жок адамды барктап калабыз. Ар бириңиздерге айтарым, көзү тирүүсүндө жакындарыбыздын көңүлүн орутпайлы...

Апакем көңүлдө өчпөгөн улук жан,
А бирок өмүрдө жоготуу бат экен.
Көшөрүп сураймын көктөгү булуттан,
Көрдүңбү каякта асылым апакем.

Кемитпей ордуңду келемин жашап,
Сезимде сен барсың апаке.((((

Билдирүүнү түзөткөн: dina: 16 Апрель 2016 - 03:21

Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   16 Апрель 2016 - 10:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Ааламда теңдеши жок асыл апам
Ар бир эле наристенин эң биринчи айткан сөзү "апа" болсо керек. Ооба, турмуштун эң биринчи кыйынчылыктарын көргөндө же кыйналганда, жада калса катуу корккондо да дал ушул сөздү айтабыз. Анткени, күлсөк кошо күлгөн, ыйласак кошо кайгырган апаларды жүрөгүбүздүн эң жакын адамы катары көрөт турбайбызбы.
Асыл апам быйыл кырк сегиз жашка толот. Бул убакыттын ичинде канча кайгы-кубаныч, жакшы-жаман, ак-караны көрдү бир өзүнө маалым, а мен болсо бул инсандын он жылдык гана өмүрүн билем башкача айтканда он жылдан бери тааныйм. Апам жети бир туугандын экинчиси. Жаш кезиненин эле атасынан ажырап турмуштун көп кыйынчылыктарын көргөн экен. Алты баланын түйшүгү эки адамдын мойнунда. Жаным апам "Апам кыйналып калат " деп жашы бир топко барганга чейин турмушка чыкпайт. Ошонтип 2006-жылы атакеме турмушка чыгат экен. Атамдын экинчи турмушу болгондуктан мен жети, иним беш жашта болуучу. Ал күнү атакем апамды кеч алып келгендиктен, биз уктап калган экенбиз. Эртеси күнү эртең менен босогодо кызыл туфли турат, жүгүрүп барып эжеме:"Мага дагы ушундай алып бересизби? " дедим. Ошол убакта төркү бөлмөдөн узун бойлуу, нур жүздүү, мурду кырдач, кой көз, бетинин он жагында бармактай калы бар аял чыгып :"Сен студент болгондо көөп алып берем ээ " деди. Андан бери канча суулар акты, канчанчы кыш өз ордун жазга алмаштырып берди. Бирок, Кудайым бул кишиге бир бала зар көрбөдү, "Балким Кудай ушул балдарды жакшы карап, мыкты тарбия бер дегендир " деп кайгырып калат. Каза болгон энемдин ордун алтын апам басты. Бизге бир жаман сөз же колу тийбеди анын ордуна ак жууп, ак тарап, кээ бир бир туугандарымдан албаган мээримди ушул адамдан алдым десем жаңылышпайм. Иним кичине кезинде "Апоу, мен чоңойгондо сизге көөп конфет, печенье алып берем ээ. Атам экөөңөрдү машинага салып алып көп жерлерге алып барам " дегендей менин да алтын апама болгон ыраазычылыгым ат көтөрө алгыс жүк. Апамдын ак сүтүн болбосо да ак эмгегин актоо менин милдетим жана парзым.
Алар барда биз сулуубуз, жашбыз, эркебиз. Апалар үчүн биз дайым балабыз :"Балам курсагың топку, тамак ичтиңби, жылуу кийиндиңби " деген сөздөрдү капарыбызга албайбыз, убакыт келгенде ал сөздөрдү да укпай калабыз. Ошондуктан алардын жүрөгүн бир ооз жакшы сөз менен жашартайлы, өмүрүн узартайлы, кеч калып калуудан корколу.

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   love2016kg   16 Апрель 2016 - 10:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 12 Фев 2019 06:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жарыгым жаным апам. Бул сынакта менда оз энекемдин эрдигин даназалап данктагым келет. Менин суйуктуу энекем 1960ж Баткен обл. Караштуу Лейлек районунун Комунизм айылында колхозчунун уй булосундо жарык дуйного келет. Апам 9 бир туугандын 8 чиси болгон. Тайтамдар 9 дан 3 суун эле жогорку окуу жайга окутат, апам окууга тапшырбаганына байланыштуу колхоздун талаасында пахта жыйнап иштейт. Атамда ошол талаада апам мн чогу иштеп таанышып жактырып калат, 1979ж. Атам апамды ала качып оз айылына алып барат. Ошол кундон тартып апама чон туйшук башына тушо баштайт. Апамдын кайн энеси каардуу аял болгондуктан энекемди койбой, уруш чыгара берет. Апам 4 кыздуу болот, кайн.журту бала торобойсун деп коп кордойт, апам алардан созуно карабай бактылуу атама ишенип жашайт. Апам мн атам кайн.журттан болунуп жашайт. 2 кызын чонойтуп турмушка узататда, 2 кызы колунда калат. Атам шахтада комур чыгарып иштечуу, 2005ж. 4-сентябрда уй булообуз каттуу кайгылуу окуяга учурайт. Апакемдин журогундо дак калат.. Кечки саат 00:25 те уйго кишилер келип атамды шахтадан таш басып каза болгонун айтат, апам ошол жерде катып ыйлап жиберет.. Апам 2 кыз мн калып суйуктуусун жоготуп жашоо карангыдай туулат.. Уйдо эркек бала болбогондуктан эшике чыгып эркектин ишин уйго кирип аялдык кызматын аткарат, кыздарын эч нерседен кем кылбай озу жебей бизге жедирип, озу кийбей бизге кийдирип чонойтот... Ошентип татаал жашоонун отконунда билбей, кыздарынын бой жетип калганында сезбей калат.. Менден чон эжемди ЖОЖ го окутуп турмушка узатат. Сабр тубу сары алтын деп бекеринен айтпаса керек, ошончо кыйынчылыктан кийин жакшы жашоо келип кыздары апамды иштетпей неберелерин жытын жыттап тайэне болуп отурат ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Гука   16 Апрель 2016 - 11:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 008
  • Катталган: 09 Апрель 08
  • Соңку аракети: 04 Мар 2018 02:35
  • Жынысы:Аялзаты

Ааламда теңдеши жок асыл апам

Учурда элүүго жашы чамалап, жашоонун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп,турмуштун тоодой кыйынчылыктарын сабырдуулук менен жеңип, кандай кырдаал болбосун акылдуулугу, кайраттуулугу менен каршы тура билген ажарлуу апакем 1968-жылдын кулжа айынын 9унда айтылуу Шекерге коңшу Көк-Сай айылында чабандардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жети бир туугандын бешинчиси. Атасы "Жайында төрөлгөн кызымдын дени сак, көңүлү назик, жүрөгү тунук болсун" деп атын Гүлмира коет. Балалыгы Совет дооруна туура келип, таятамдын " Таң эрте тур, ырыскыңдан куру калба, балтыр этиңди жаба кийин, чачыңды кыркпа" деген тарбиясы алдында өстү. 1975-85-жылдары ошол эле айылдагы орто мектепте окуп, артыкчылык аттестаты менен аяктаган. Ал жылдарды эстегенде апам Индия кинолорун калтырбай көрүп көлөчүн ыргыта бийлегенин:), сөз берметтерин иргеп кат жазышкандарын айтып калат. Башка жаштар сымал Москвада окугусу келген апам ЖОЖдын тапшыруу сынагында "Лениндин башын тааныйсыңбы? " деген суроого жооп бере албай калып, жогорку билимден куру калды. Көрсө СССРдин акчасында Лениндин башы түшүрүлгөн экен. Паракорчулук деген балекет ошол кезде эле бар тура. 1987- жылы үчтүн айынын 2синде айылга келаткан жеринен жүк ташуучу машина менен ала качат. "Окуумду улантам" деп ыйлап-сыктаган апамды таенем "таш түшкөн жеринде оор" деп отургузуп коет. Ошондо апамды ала качкан бейтааныш жигит - азыр менин ардактуу атам. Экөө ошол күндөн бери тагдырдын өйдө-ылдый калчаганына карабай бакыт кемесинде чогуу сүзүп келатат. Эки кыз, үч уулду эрезеге жеткирип, небере жыттап калышты. Ылайым, Аллахым ата-энемдин мындан аркы жашоосун да бакытка бөлөп, оору-сыркоодон алыс кылып, өмүрлөрүн узун кылсын. Алар бизге кичинебизде кандай мээрим токсо ошондой ырайым кыл, Аллахым!
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   kok-jar   16 Апрель 2016 - 12:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 656
  • Катталган: 01 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 02 Сен 2019 22:07
  • Жынысы:Аялзаты

Менин апакем...
Алтыным,жаным апакем жонундо соз баштасам эээх соз тугонбойт 1962-жылы Ноокат районунун Кок жар айылында бул жарык дуйного келген уй булоодо беш бир туугандын экинчиси мал чарба тамеки менен алектенип орто мектепти эле окуган.Апамдын алыыс таякелери озбекстанга кочуп кеткен болчу эгер кызыбызды ошолорго берсек мекенине кайтып келет деп менин атакеме узатышкан,ошентип атам мекенине келип калган бир туугандары ошол жакта калган.Мына ошол кундон тартып менин апам оз жолдошуна агада инида карындашта болуп алардын жоктугун билгизбей жашап келет учурда беш кыздын энеси,апам байкуш тороп буттупле жаны кыйналганын унутуп кызбы уулбу деп сурайткенле ошентип журуп беш кызды торогон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   kok-jar   16 Апрель 2016 - 13:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 656
  • Катталган: 01 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 02 Сен 2019 22:07
  • Жынысы:Аялзаты

Беш кызды нан жаап навайчылык кылып эч нерседен кем кылбай чонойтту.Азыркы учурда уч куйоо балалуу беш неберелуу болуп калган.Мектепте иштейт алдын тазалайт полун жууйт ак эмгек кылып белектерди алып бизден неберелеринен кабар алып турганды жактырат.Мен сиз менен сыймыктанам апакем эгер сиз менен коз жашым болгонузда сизди жоготпоо учун эч качан ыйлабайт элем.Сизге узун омур ден соолук каалайм сизди абдан каттуу жакшы кором.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Shaa-82   16 Апрель 2016 - 14:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 925
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2024 15:30
  • Жынысы:Аялзаты

Апакем! Алтын апам! Ардагым апам! Асылым апам!

Мен да башка форумчулардын энелер жөнүндө жазган улуу сөздөрүн окуп отуруп, толкунданып, жаным апам жөнүндө жазгым келди.

Алпештеп беш баланы өстургөн мээримдүү, дилибизге ыйман түнөтүп, татыктуу тарбиясын, тамактын даамдуусун берип келген боорукер АДАМ бар. Ал АДАМ- менин апам!

Апам Бурма 1956-жылдын 31-августунда Ноокат районундагы азыркы Кыргыз-Ата (мурдагы Тельман совхозу) айыл өкмөтүнөкараштуу, тоо таянган Эчки-Атар айылында колхозчунун үйүндө жарык дүйнөгө келет.

Адам өмүрү билинбестен өтө берет тура.

Кундөр айга, айлар жылга алмашып апам мектеп жашына жетип, колуна дептер, ручка, китеп алып мектепке келет. Ал кезде Эчки-Атарда 4 жылдык мектеп болчу экен. 1964-жылы ошол 4 жылдык мектептин босогосун аттап, 3-классты бүткөндөн кийин турмуш шарттарына байланыштуу Правда айылына көчүп келишет.

Балалык адам өмүрүнүн башаты.

Балалыкта баарынан кымбаты оюн.

Ал кезде азыркыдай телефон, интернет дегендер жок болчу, ак чөлмөк ойноп чонойгонбуз деп калат.

Ошентип Правдадагы Киров мектебин аяктап, Ош шаарына окууга тапшырганы келет. Ал кезде кичинекейинен атасынан ажыраган апакемди таенем 120 сом пенсиясын алып эле шаарга жол киреге берип жөнөтөт.Биринчи турда экзаменден өтүп, экинчи турдан өтпөй калган апакем,кийинки жылы келип тапшырам деп айылды көздөй жөнөйт. Бирок кийинки жылга жетпестен апакем Аллахтын буйругу менен үйүбүздүн куту болгон атакеме турмушка чыгат. Экөө үч кыз, эки уулга татыктуу тарбиясын берип, неберелеринин жытына тойбой,кылыктарына кубанып төрүбүздө олтурган кези. Атам менен турмуш куруп, түтүн булатканына мына 42 жылдын жүзү болду.

Ар кимге өз апасы өзү үчүн кымбат, табылгыс жан эмеспи. Апамдын асылдыгы, айкөлдүгү, кең пейилдиги, мээрбандыгы, берешендиги дагы көптөгөн сапаттарын айта берсем агарып таңдар, кызарып күндөр батат. Биздин, балдарыныздын, неберелериңиздин бактына атам менен аман эле болунуздарчы. Аллахтан силерге узак өмүрдү, ден-соолукту тилеп келем.

Апаларыбыз аман болсун!

Билдирүүнү түзөткөн: Shaa-82: 16 Апрель 2016 - 14:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Angel92   16 Апрель 2016 - 15:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Гүлдөгөн бакчам,
Бүтпөгөн дастан.
Мен үчүн АПАМ-
Күн,ай,жер,асман!

Эне-үйдүн куту.Баланын, үй-бүлөөнүн бактысы.
Үйүбүздүн куту,бактысы болгон апакем 1969-жылы,17-сентябрда Өзгөн районундагы Бостон айылында жөнөкөй адамдардын үй-бүлөөсүндө жетинчи наристе болуп жарыкка келген.Тайатам ыймандуу,гүлдөй жагымдуу,назик болсун деп бейиште өскөн Үрүнса гүлүнүн ысымын койуптур.Өзүнө тын,тыпылдаган чыйрак кыз мектепти "жакшы" деген баалар менен аяктап,1986жылы ОШМУнун педагогикалык факультетине тапшырат.Өзү тандаган кесипти сүйгөн апакем ЖОЖдун аяктап,1992-жылдан тарта ардактуу кесиби менен талыкпай иштеп,элге билим берүү менен ырахат алып келет.
Сүйүктүү апам 1кыз,2уулдун энеси.Айылдын ардактуу тургуну,жүздөгөн окуучунун күзгүсү,менин идеалым.
Тогуз ай курсагында, бир нече жыл кучагында,омур бою жүрөгүндө бизди сактаган энелер жөнүндө мактоо сөзү түгөнбөйт экен.Сөзгө чечен болуп,ак таңдай акын болсок да,энелердин эрдигин даңазалоого келгенде айтаарга,мактоого соз жетпейт тура.
Аман болсун ар бир жандын апасы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Aselya_9105   17 Апрель 2016 - 02:07

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 263
  • Катталган: 20 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 18 Июл 2023 10:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Ааламда тендеши жок асыл апам.

Менин бул дуйндо эч нерсеге тен келгис алтын апам Аманбаева Атыркуль Эмиловна 1965-жылы 30-декабрда Ыссык-Кол облусунун Тон районунуа караштуу Торткул айылында карапайым уй-булоодо жарык дуйного келген. 4 бир туугандын 3-су. Апамдан кийинки синдиси жарык дуйного келгенден 2 жыл отпой уй-булоодо чон жоготуу болуп, таянаар тоосу атасы (тайатам) катуу оорудан каза болот. Ошол кезде апам 7-8 жашта экен. Олгондун артынан олмок жок дегендей тайэнем озу жалгыз 4 баланы чонойтуп эрезеге жеткирет. Апам ошол жылдарын мындай деп эскерет: эжем окууну аяктап апама жардам беришим керек деп коншу шаарчага иштегени кетчу, агам болсо аскер кызматкерине чакырылып 3 жылга чет олкого (ал кезде алыс жактарга алып кетишчу экен) кеткен. Апам эртеден кечке жумушта, уйдун туйшуктору, синдим менин жоопкерчилигимде болчу деп. Апамдын ишине уйдон тамак жасап талаага алып барам, кээде сабактан бошоп калсам апамдын ордуна талаага чыгып иштей калчумун, балалыктын таттуу доорун сезбей, атанын мээримин корбой чонойдук деп калат. Ошентип апам 10-классты аяктаганда озу Каракол шаарына барып, училищалардын бирине тапшырып ал жакта окуп калып калат. Ошондо да алган стипендиясына дем алыш кундору уйуно белек бечкектерин алып, "апама жардам болсун" деп акчадан жардам кылып барчу экен. Училищени аяктап борбор калааны коздой жонойт. Жаштайынан оз алдынча чечим чыгарганды уйронгон апам шаарда бат эле ордун таап иштеп баштайт.Ошол жылдары апамды жактырып калган жигит пайда болуп, артынан 1 жылдан ашык калбай журуп, акыры Ат-Башыга ала качып кетет. Таш тушкон жери оор деп отуруп калат. Айылда бир аз болгон сон атам экоо шаарды коздой келишип жашоолорун улантышат. Биринчиси боюнан тушуп, 1,5 жылдан кийин мени, андан сон 3 жылдан кийин инимди жарык дуйного алып келген. Ушул жерден апамдын кучтуулугун айтып кетпесем болбос. Мен тубаса алдамчы муун ( в рожденный ложный сустав) деген диагноз менен торолуп, 1,5-2 жашыман баштап 7 жашыма чейин 7 операцияны башыман откоргом.АЛЛАХга шугур бутума туруп кеттим. Ошондогу мен учун деп далай аккан апамдын коз жашын, журок оорусун, эмгегин омур бою актай албасмын. Андан кийин апасынын тагдыры кайталанып 37 жашында куйоосунон (атаман) ажырайт. Баарыбызга албетте оор жоготуулардан болгон. Бирок апам бул оор сыноолорго сынган жок. Ата ордун жоктотпой Иним экообузду элден кем кылбай чонойтту, окутуп билимдуу кылды. Мен АЛЛАХка жана АПАма мин мертебе ыраазымын, анткени ошолордун аркасында мен бутума туруп басып, чуркап кеттим, окудук, билим алдык, оз наныбызды озубуз таап эмгектенге жарадык. Албетте апамдын аркасы менен.Эми биздин кезек, апабызды коколотуп, ошол кылган эмгектеринизди жок дегенде кичинесин болсо да актаарыбызды тилейм. Апаке, алтыным, ден соолугунуз чын болуп, омурунз узун болсун. Биздин Тилек экообуздун жакшылыктарыбызды короор кунунуз алдыда. Биз учун дайыма бар болунуз, АПАКЕ!!! Кудайым сизге куч кубат берсин.


Билдирүүнү түзөткөн: Aselya_9105: 17 Апрель 2016 - 02:12

Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде эрин нымдап алайын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   rnurzida   17 Апрель 2016 - 04:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Рая апанын сөздөрүнөн улам бир аз намыстандым жана бардыгыңыздардын жазганыңыздар шыктандырып, апама болгон сагынычымды күчөтүп жиберди да, мен дагы өз апам жөнүндө бир аз жазгым келди. Албетте, бул сынактан тышкары. Апаларыбызга ар бирибиз жазсак сүйлөм, айтсак сөз жетпейт эмеспи. Андыктан, туура түшүнөсүздөр деп үмүт кылам. Рая апанын, Гупа, Барпынынкызы жана менин жазгандарыбыз сынактан тышкары. Болгону биз да, апаларыбыз тууралуу, өз ой-толгообузду калтыргыбыз келди.

Ааламда теңдеши жок асыл апам.

"Ата-энебиз 12 баладан тирүү калган 3 кызыбыз деп бизди өтө эле эрке кылып, өлбөй, көздөрү тирүү болсо гана болду деп, айтканыбызды аткарып чоңойтуп коюптур. Ашыкча эркелик турмушта болбойт экен",-деп, балачагын, жаштык кезин эскерип калчу менин алтын апам 1951-жылы Өзгөн районунун айылдарынын биринде жарыкка келиптир. Балалыгын башкача, укмуш элестер менен эстейт. Ошентип, үйдүн кичүү, айтканынан кайтпаган таятам менен таянемдин эрке кызы мектепти аяктаган соң, мед.училищага тапшырып, Өзгөндө медайым болуп эмгектенет. Бирок, мугалим болуу көксөөсү күч болгондуктан, Фрунзе шаарындагы Маяковский атындагы кыз-келиндер институтуна тапшырат. Мугалимдик кесипти аркалоо каалоосу ашып-ташкан апам, өзүнөн 4 жаш кичүүлөр менен окууну намыс да көрбөстөн, окуп, билим алат. Окуусун аяктаган соң, 1978-жылы Ноокат районундагы Салиева атындагы мектептен, мугалимдик чыйыр жолун баштайт. 2 жылдан соң, Өзгөн районуна, өз айылына келип, жумушун улантат. Карьеранын артына түшкөн апам, жеке жашоосун кеч баштаптыр (ошондуктан мен жана иним апама небересиндейбиз, апам теңдүүлөрдүн туңгуч неберелери биз теңдүү). Кеч баштаса да, Жаратканым 4 наристе насип этиптир. Тилекке каршы, туңгуч кызы учуп кетет төрөлөөрү менен эле. Таянебиздин "Сенин да бир балаңды көрүп, анан өлсөм арманым жок эле" деген тилеги орундалбай, агам (апамдын 2-наристеси) таянемдин жетиси күнү (көзү өткөндөн жети күндөн соң) жарыкка келиптир. "Бир баламды көрбөй кетти" деген апамдын бир арманы ичинде. Таятабыз болсо, жадакалса апамдын турмушка чыкканына деле күбө болбоптур (апам студент кезде көзү өткөн экен).
Ошентип, апам агамдан соң мени, инимди жарыкка алып келет. Турмуштун чоң агымында эмнелер гана болбойт. Апам атабыз менен эки ача жолго кетишти (20жылдын жүзү болуптур). Ошондон тарта, сыртта ата, ичкериде апа милдетин аркалап, үч перзенти жалгыз чоңойтту. Элдеги оорчулук күндөрдө апам жалгыз болчу, биз кичине элек. Ошондой күндөрдө мага: "Сен бактылуу кызсың, агаң бар, иниң бар. Артыңдан издээриң бар" деп калчу (азыр да көп айтат ушул сөзүн). Менимче, кыйын күндөрдө эркек бир туугандын жоктук азабы өтсө керек. Кыз бир тууган жолдошунун көзүн караган адам болот эмеспи. Жардам колун сунууга анчейин кирише албайт.
"Атама рахмат, мени окутуп, дипломдуу кылып койгон, ушунун артынан нан таап жегенге мүмкүнчүлүк берип жатат Кудай" деп айтчу. Батаар күндүн атаар таңы бар дейт эмеспи, ал күндөр да өттү, апамдын балдары бой жетти, оорун колдон, жеңилин жерден алчу күндөрдү насип этти Аллахым апама.
37 жыл мугалимдик кесипти аркалай эмгектенген апам, көптөгөн райондук, облустук, республикалык ардак грамоталар жана "Эл агартуунун отличниги" төш белгиси менен сыйланып, азыр ардактуу пенсияда. Көчө-көйдө баратсак да, банкта болобу, ооруканадабы, базары болобу, кыскасы бардык эле жерде "Саламатсызбы эжеке, бизден эмне кызмат" деген апамдын окуучулары жайнайт :). Ошончолук кадыр-баркка, сыйга ээ болуунун артында талыкпаган эмгек, турмуштук көйгөйлөр менен кошо, өз ишин бирдей алып кеткен мээнеткечтик жатканын туюп турам. "Мугалимдин баласы дейт, өз баласын тарбиялап, андан соң окуучуларга тарбия бербейби же болбосо атасыз өскөнү үчүн ушундай да" деген элдин сөзүн алып бербегидей болгула", деп, болгон акыл-насаатын, тарбиясын берип, ата да, апа да болуп жалгыз өстүрдү алтын апам. Турмуштун өйдө-ылдыйында, ысык-суугунда жалгыз болгондук баарыбир өз таасирин берет тура, апамдын көп ооруга чалдыгып, бат-баттан ооруп калгандыгы ошондон го деп калам. Эх, сагындым апамды. Өткөн күндөрдү эстеп жазганга, көзүмө жаш толо түштү. Апамдын чыдамкайлыгына, мээнеткечтинине суктанам. Апакемдин турмушта көргөн ар бир оор күнүн, кыйынчылыктагы мезгилдерин бирден санап жазса, бир китеп болот го. Балким, басып өткөн эмгек жолун, жеке жашоосун бир китеп кылып чыгарып, өз атын калтырган, өзү эмгектенген мектептеги бөлмөсүнүн архивине калтырчу күн да келээр.
Өзү басып өткөн турмуш жолунан улам, көп акылдарын айтып келет. "Элдин курулай айткан сөзүнө көңүл бурба, андай сөздөр сага жабышып калбайт, тескерисинче, ошол оозуна алы жетпей, сын тагып сүйлөгөндөрдүн өз башына келтирип коет Кудай. Сөз жабышса, мына мага жабышмак, кезинде "саналуу гана көйнөгү бар, кыйналып балдарын бакпай, бир байыраак чал-палдарга эле тийип албайбы" деген сөздөр мага жугуп калмак. Болгону сабыр кылып, мейли, Кудай берээрин унутпасын деп койчумун. Аллага шүгүр, кыйналсам да жаман жолго баспай, арамдан тамак бербей, өз адал эмгегим менен, бирөөдөн бир жардам албай өстүргөн экенмин, элден балдарым жөнүндө жаман сөз уга элекмин. Ошондогу чиренгендердин кээ бирөөнүн балдарына күбөбүз, табалабайм го, таба эмес, тообо, аркасынан машакаты бүтпөйт. Кудайым ушул түз жолдон адаштырбасын силерди, ыраазымын балдарым" , деп калат. Апамдын ыраазычылыгын угуу баа жеткис сыймык, кубаныч.
Бир туугандарыма: "Ортоңордо бир гана кыз бар, көп эмес, жалгыз, ушул кызды өмүр бою сыйлап өткүлө, кызды сыйласаңар сый көрөсүңөр" , десе, мага : "Эркек бир тууганың бар бактылуусуң, артыңдан издээриң бар, ушуларды сыйлагын" деп акылын айтат. Эсимде, тээ бала кезде бир жолу бир туугандарым менен уруша кетип, бирөөсүн тебе койсом, аябай тилдеген апам. "Эркектин жадакалса жакасын тебелебейт, атыраңдап сүйлөбөйт эркекке, а сен кыз бутуңду көтөрөсүң, кыз бала боло туруп уялбайсыңбы эркектер менен тең тайлашкандан. Кыз бала эркектен дайыма жок дегенде бир тепкич ылдый турат. Мынтип тең тайлашканыңды, кол тийгизгениңди экинчи көрбөйүн" дегенинен жерге кирип кетчүдөй намыстанып, ыйлаган элем. Эх, апамдын ар бир айткан акыл-насаатын жазып отурсам, бир том китеп болот. Бизди ушул эрезеге жеткирген, тарбиясын берген, асылым апам быйыл Кудайым буйруса 65 жашка толот. Аллахымдан апама узун өмүр, чың ден-соолук, дөөлөттүү карылык тилеп келем.

Бардык апалар аман болсун. Оорубасын ылайым. Апаларыбыздын көзүнөн бакыттын, кубанычтын гана көз жашы агышын Аллахым насип этсин жалпыга. Аминь.

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 17 Апрель 2016 - 06:00

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:43

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: