Супер сулуу-2016. Бали аралына барчу сулууну чогуу тандайлы
#362 21 Июнь 2016 - 16:09
Таштанды жок жер калбай калды го. Суротко таштандысы жок жерде тартканда сонун болмок экен
#363 21 Июнь 2016 - 16:56
#364 22 Июнь 2016 - 15:28
Бул жуманын жеңүүчүсү - Жумадияр кызы Айнура
. Ал 95 добушка ээ болду.

#366 23 Июнь 2016 - 15:36
Айсүйкүм Жээнбекова
Жашы – 22
Параметри – 85-64-88
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Учурда – Борбордук Азия университетинин 4-курсунун студенти
«Сулуусуӊ деп койсо эле өзүмдү сулуу сезип албайм»
– Айсүйкүм, атыӊ өзгөчө экен, айтсаӊ, кесибиӊ юрист болсо кантип
алып баруучу болуп калдыӊ эле?
– Рахмат, атымды чоӊ энем койгон экен. Бул ат документ үчүн эле ыйгарылгандай. Анткени мени баары Айсана деп тааныйт. Мен «Айчүрөк» кыздар кыргыз-түрк лицейин бүткөндөн кийин журналистика факультетине тапшырып, кийин үйдөгүлөрдүн кеӊеши менен юридика жагына которулгам. Эмнегедир мени журналист кесиби тартып туруп алды. Учурда «Пирамида» телеканалында «Онлайн доктор» деген көрсөтүүнү алып барам. Мындан сырткары тил үйрөнүүгө кызыгам. Бул жаатта тажрыйба топтоо максатында Москва, Лондон шаарларында жашап келгем. Дүйнө таанымы кенен адамдарга суктанам. Кыргыз, орус тилдеринен сырткары түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйм.
– Көчө-белден «сулуу экенсиӊ» деп комплимент айткандар көп болсо керек, сулуу болуш үчүн эмне кылуу керек?
– Сулуусуӊ деп айткандар болот. Бирок мен өзүмдү аябай катуу сындагандыктан жетишкен жактарым менен кошо кемчиликтеримди да жакшы билем. Андыктан «сулуусуӊ» деп койсо өзүмдү сулуу сезип албайм. Балким, ал менин маанайымды көтөрүү максатында айткандыр. Сулуу болуш үчүн, биринчиден, ички дүйнөӊдү тазалаш керек деп ойлойм. Анткени ичтеги энергия бетке чыгат эмеспи. Түз жолдо жүргөн, пейили таза адамдарды карасаӊ сулуу болбосо деле жылдыздуу, жагымдуу болуп турат.

#367 23 Июнь 2016 - 15:42
Роза Алтаирова
Жашы– 19
Параметри– 85-65-89
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 53 килограмм
Учурда – КМКТАУнун 2-курсунун студенти
«Сынакка катышуунун өзү эле чоӊ жеӊиш»
– Роза, келечекте дизайнер болот турбайсыӊбы?
– Ооба, бул кесипке аябай кызыгам. Кичине кезимде эскирип калган кийимдерди таштабай кыркып, сиӊдилериме көйнөктөрдү тигип берип койчумун. Дизайнер болуу аялзаты үчүн эӊ керектүү деп ойлойм. Бир жериӊ жыртылып калса жамап, кооздоп ал кийимдин өмүрүн узартсаӊ өзүӊө пайда эмеспи. Андан сырткары шурулардан ар кандай сувенир, өзгөчө бижутерияларды жасайм. Үйдүн интерьерин да жасаганга кызыгып жүрөм.
– Бул сынакка кантип катышып калдыӊ?
– Сынак тууралуу гезиттен окуп, катышам десем апам бир аз каршы болду. Бирок менин аябай катышкым келип жатканын байкап, көӊүлүмдү кыя албай макулдугун берди. Өзүмдү өтө сулуумун деп ойлобойм. Бирок боюм силер койгон талапка жооп бергендиктен катышып, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Жеӊишке жетем деп өзүмө 100 пайыз ишене албасам да, аракет кылам. Өтпөй калсам таарынбайм. Анткени бул сынакка катышуунун өзү эле мен үчүн чоӊ жеӊиш.

#368 24 Июнь 2016 - 18:55
Экоонтеси мыкты сулуулар экен,Айсуйкумдун кийими кыска ошон учун минус ага,добушум Роза сулууга.
#372 24 Июнь 2016 - 23:38
Экоо тен жакшына кыз экен. Добушум Айсуйкумго.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#375 27 Июнь 2016 - 21:09
Экоо тен жакшынакай бирок Роза суротко тушуп атканда уялып аран тушкондойго
Ийгилик сулууларга
Ийгилик сулууларга
#376 28 Июнь 2016 - 09:02
Чачын кармап түшкөн мода го ээ
Добуш бере албайт экенмин катышуучуларга ийгилик!
Добуш бере албайт экенмин катышуучуларга ийгилик!
#377 29 Июнь 2016 - 15:17
#380 01 Июль 2016 - 08:56
Айгүл Саматова
Жашы– 23
Параметри– 85-61-92
Бою – 168 сантиметр
Салмагы– 56 килограмм
Учурда– Бишкектеги сулуулук салондорунун биринде визажист болуп иштейт.
«Кинодо роль жараткым келет»
– Айгүл, визажист болуп иштээриӊди билебиз, өз кесибиӊ тууралуу айта
кетсеӊ?
– Мен Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктагам. Кесибим дизайнер-технолог. Бирок бул кесибим менен иштеген жокмун. Кичинемден боёнгонго кызыкчумун. Ошондуктан визажисттик курска окуп, 3 жылдан бери сулуулук салонунда иштеп жатам. Андан сырткары бийге кызыгам, айрыкча латын бийин бийлеген жагат. Бош убактымда сууда сүзөм.
– Баамымда, чыгармачылыкка аябай жакын окшойсуӊ?
– Туура баамдадыӊыз, студент кезде көргөзмө-сынактарга модель катары чыгып жүргөм. Андыктан подиумда өзүмдү жоготпой, татыктуу баса алам. «Сулуулар сынагына катышпайсыӊбы? » деп тааныштарым көп айтышчу. Бул сынак менен катар башка дагы сулуулар сынагына катышууга чакыруу алгам. Эмнегедир бутум ал жакка эмес, силерге тартып туруп алды. Чыгармачылыкка жакынмын, клиптерге тартылып, кинодо роль жаратып, өзүмдү экрандан да сынагым келет. Албетте, бул иш менин колумдан келет деп ишенем.
_4.jpg)
_2.jpg)
_5.jpg)

_3.jpg)