Жашы – 19
Параметри – 82-62-87
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Учурда – Социалдык өнүктүрүү институтунда 3-курста окуйт
«Сынактын финалына өтүп, ата-энемди кубанткым келет»
– Нурайым, бир учурда окуп да, иштеп да жетишип жатасыӊбы?
– Мен биринчи Финансы техникумун бүтүргөм. Учурда Социалдык өнүктүрүү институтунда сырттан окуйм. Өзүмдүн кесибимди аркалап Финансы министрлигинин мамлекеттик карызды көзөмөлдөө бөлүмүндө иштеп жатам. Сырттан билим алгандыктан окуум жумушума тоскоол болгон жок.
– Биздин сынакка сүрөтүӊдү өзүӊ эмес, курбу кызыӊ жөнөтүптүр. ..
– Курбу кызым менин сулуулар сынактарына кызыкканымды жакшы билет. Ошондуктан мага айтпай эле сюрприз кылып сүрөттөрүмдү жөнөтүп коюптур. Сынакка чакыруу алганымды билгенде аябай сүйүндүм.
– Мурда да сулуулар сынагына катышып көрдүӊ беле?
– «Супер сулуу-2013» сынагынын жеӊүүчүсү Орункүл Шабралиева уюштурган сынакка кабыл алынгам. Бирок бошобой катыша албай калдым. Буюрса, бул сынактын финалына өтүп, өзүмдү татыктуу көрсөтүп, ата-энемди кубанткым келет.





