Суперстан: Мен... КЕЧИРИМ сурайм - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (12 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мен... КЕЧИРИМ сурайм :))

#1 Пользователь офлайн   Таллас   16 Октябрь 2010 - 19:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Баарыбыз эле жашоодо ар кандай каталарды кетиргенбиз, туурабы? Эстей берсең - жашоонун баары катадан тургандай сезилип кетет. Ошондой болгон күндө да ошол кылган нерселерди кайра дагы бир кайталап.. жанагы компьютердик оюндагыдай Reset кылып кайра башынан баштай албайсың. Же болбосо жагымдуу учурларды Save кылып сактап кайра-кайра кайталай албайсың. Бир келген жашоо кайра кайталанбайт. Бул турмуштун ачуу таттуусу бир эле жолу болот экен..

Ушул жалганда кылган кемчилик, каталарды эстеп... ошол кишилерден кечирим сурап алсакпы.. аларга угузбасак да.. (форумдан тышкары.. бул теманы форумдагы тшүшүнбөстүктөргө байланыштырбашыңарды суранам!)

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 16 Октябрь 2010 - 19:29

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Таллас   16 Октябрь 2010 - 19:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Мен баштап берейин..

Эжемден КЕЧИРИМ сурайм.

Биринчи же экинчи класста окуп жүргөн убагым. Үйдө каз-өрдөк деген көп эле. Айылдын ортосунда жашагандыктан каз өрдөктү башка кошуналардын короосуна кирип кетпөөсү үчүн мен аларды кайтарып турушум керек эле. Ошо аскердик тапшырманы алып чек арада жакшы эле тургам. Кашайып бир маалда оюнга кызыгып стратегиялык маанилүү тапшырманы эстен чыгарып ийипмин. Дал ошол маалда көчөдөн бир оор жүк ташуучу машине өтүп баратып биздин бир жөжөнү тепселеп кетти. Же анысы ошол замат өлбөй чалажан болуп аябай кыйналды. Атам келип калып "Өрдөктү ким кайтарып жатты эле?" - дегенде мен эч нерсе билмексен киши болуп: "Мен эмес", - деп кутулуп кеттим.. уфф, болбосо генералиссимус штрафбатка айдамак да буйрукту аткарбаганым үчүн. Анан "оор күнөө" автоматтык түрдө менден улуу эжеме оодарылды...

Анан ар жагындагы күнөөсүз жерден авторитардык режимдин "репрессияланып" кеткен жазакеринин алган айыбын айтпай эле коёюн...

Эстеп азыр бир күлөм дейсиииң. Буюрса, жакында айылга барам.. Ошондо эжемдин өзүнө айтып кечирим сурабасам..
Ошондой окуя.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 16 Октябрь 2010 - 19:42

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Аygerim   21 Октябрь 2010 - 11:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

жакшыле жазып баштайын дедим эле.....мен кечирим сурачу адамдар аявайле коооп экен....ошон учун кыскача эле менин кетирген куноолорумду и кетире элек куноолорумду кечирип койгулачы... :crazy-girl:
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   andormeda   21 Октябрь 2010 - 11:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 784
  • Катталган: 14 Май 08
  • Соңку аракети: 26 Окт 2023 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Би City - 3Dвятое царство

Эч кимден кчирим сурабайм! !! Сурасам кечиришпейт да, кечиргендей алар не дарыя беле???  :crazy-girl: :beee:
˙·٠•●♥●•٠·˙ Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Жолоочу_alucard_* 21 Октябрь 2010 - 12:12

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Кимден кечирим сурасан... Бир гана кудайдан сурайм =)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   MaRmeLaDka   27 Октябрь 2010 - 11:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 130
  • Катталган: 01 Июль 09
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2019 20:16
  • Жынысы:Аялзаты

Ата-энемден, жакындарымдан кечирим сурайм. Анткени билип-билбей аларга орой мамиле кылып койгон учурларым көп болгон. Тилекке каршы, жакын адамым аны укпай кетсе да, баары бир менин жан дүйнөмдө болгон өкүнүчтү сезер деп ишенем. Мени кечирип койгула! :cray:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Aydashka   27 Октябрь 2010 - 12:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Men jalgyz Alla-Taaladan kechirim suraim.OO,yraiymduulardyn yraiymduusu,kechirimduuAllah- taalam oilonup,oilonboi kylyngan kunoolorubuz uchun kechire kor pendelerindi,aldyna bargan kunu tozok otuna kuiduro korbo,beishten oorun bere kor!Bir gana Alla-Taalanyn jamaly tuboluk!
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Barika   05 Ноябрь 2010 - 18:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 505
  • Катталган: 15 Май 10
  • Соңку аракети: 31 Янв 2020 23:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:☆●Кыргызстан●☆

Мен кечирим сурайм бир гана жалгыз АЛЛАХтан.



☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Wonderfullgirl   05 Ноябрь 2010 - 19:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 366
  • Катталган: 11 Март 10
  • Соңку аракети: 16 Янв 2024 16:33
  • Жынысы:Аялзаты

Мен туугандарыман , ата-энемен ,досторуман кечирим сурайм кээде билип билбей капа кылып коем , анан кечирим сурай албай, кыйналып журо берем .Ушул адаттан кантип кутулса болот , кечирим сурайын десем эч эле сурай албайм эмне кылыш керек озу .Бирок бааририбир кечиргиле :капамын:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Адам   05 Ноябрь 2010 - 21:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 647
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 10 Июл 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Мен кечирим сурай турган адамдарым көп экен. Бирден-бирден аларды эстеп такташтырып анан бул жерге төгөт көрүнөм.

Баса, тиги бир гана Кудайдан кечирим сурайм дегендерге суроом пайда болуп жатат: силер эч качан адамдардын көңүлүн калтырган эмессиңерби? Адамдардан кечирим суроо менен Кудайдан кечирим суроо таптакыр башка нерселер го дейм да.


Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   MIRlan   05 Ноябрь 2010 - 23:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Мен эч кимден кечирим сурабайм. Кудайдан гана КЕЧИР МЕНИ деп коем болду! Чынын айтсам мен эч кимге жамандык кылган эмесмин.  Жалган десенер мени кудай уруп кетсин. Баарынарга бакыт таалай, ден-соолук, байлык ж.б. каалайм достор.  :күн:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Таллас   08 Ноябрь 2010 - 09:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения MIRlan (05 November 2010 - 23:28) жазган:

Мен эч кимден кечирим сурабайм. Кудайдан гана КЕЧИР МЕНИ деп коем болду! Чынын айтсам мен эч кимге жамандык кылган эмесмин. Жалган десенер мени кудай уруп кетсин. Баарынарга бакыт таалай, ден-соолук, байлык ж.б. каалайм достор.


Ой, ишендик!Сүрөт

Адамдын айтканына кошулам. "Адам көңүлү гүл" деп айтканыбыз менен ошол гүлдү кээде байкабастан тебелеп алабыз.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   adalsvards   08 Ноябрь 2010 - 09:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Акыркы күн баштанып, эмне эле болуп жатасыңар? :crazy-girl:

Пы.Сы. Жеке өзүм бирөөнөн кечирим сурагыдай ишке барган эмесмин... Таарынтсам дагы, анын себеби болсо керек! :күн:


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Таллас   08 Ноябрь 2010 - 09:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения adalsvards (08 November 2010 - 09:34) жазган:

Акыркы күн баштанып, эмне эле болуп жатасыңар? :crazy-girl:

Пы.Сы. Жеке өзүм бирөөнөн кечирим сурагыдай ишке барган эмесмин... Таарынтсам дагы, анын себеби болсо керек! :күн:


Ошо, акыркы күн качан келээрин эч ким (!) билбейт. Ошондуктан, "не бар, не жок".
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   ayza   25 Ноябрь 2010 - 13:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 514
  • Катталган: 26 Апрель 10
  • Соңку аракети: 14 Май 2016 07:22
  • Телефон:0700113540
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Катачылык ар кимден кетет.Андыктан ката кетирген адам кечирим да сурай билуусу керек.
Мен Суперчилердин алдында биринчи мугалимимден кечирим сурагам.Ал катачылыгымды эжем кечирген чыгар,бирок мен озумду-озум кечире албайм.
Адам абийирине кул,эркине бий болушу керек!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   amantur   25 Ноябрь 2010 - 14:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Мен бул жердеги форумчулардан кечирим сурап кетейинчи
Эгер билип билбей капа кылып алганымдар болсо кечирим сурайм.
Акыңарды адал кылгыла.
Кечиреалбайм десеңер айтканыңарды аткарайын, болгону кечиргиле...
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   OAN   25 Ноябрь 2010 - 14:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 31 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 12 Дек 2018 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

мен кечирим сурайт элем бир кыздан,козунчо айта албасамда кечирип койсунчу мени
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Strateg   25 Ноябрь 2010 - 23:04

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мен кечирим сурайт элем, бирок ал адамдар баары бир бул жакты окушпайт да, алар окубагандан кийин бул жерден кечирим сурагандын кажети жок деп эсептейм.
```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Аygerim   13 Январь 2011 - 20:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

Бугун агентке кирип кыздарга "для прикола" ар кайсыны жазып алып чыгып кеткем :crazy-girl: ......кайра мен киргичекти переживать :81: этип отурган кыздардан кечирим сурайм.....мен учун чачынар агарса боеп берейин, кечке ойлонсонор. ..макул...мен да эртен кечке силерди ойлонуп коёун...Озгочо, Айжылдыз мен тамашалап койгом...мага эч ким, эч нерсе айткан эмес :33: ...бироо бир нерсе айтсале "жанылыктар" деген темага жазам :97:
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   айжылдыз   14 Январь 2011 - 12:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 574
  • Катталган: 05 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 03 Ноя 2012 10:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен бир адамдан кечирим сурайын деп бул болумго келип калдым..Мени кечирип койчуу... :капамын:
ойлонбой иш кылып алыптырмын. ..ошон учун айтат да "Жети олчоп бир кес"- деп. Ушул шашма адатым, коп жерден зыянын тийгизет да... :70:

Билдирүүнү түзөткөн: айжылдыз: 14 Январь 2011 - 12:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (12 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 05:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: