Кеп "Махр" жөнүндө болсун.
Негизи эле көпчүлүк кыздарды ойлонтчу суроолордон болсо керек. (Алардын катарында мен да бармын)
"Махрга эмне алсам?"- деп ойлонуп жүрөм
(Махр – бул никенин талабы катары жигиттин кызга берүүсү зарыл малмүлк каражаты. Кыздын махр-калыңы ата-энесине эмес, өзүнө берилет. Кыздын калыңын кымбат баалуу зергердик жасалгалардан, акча, кийим ж.б. нерселерден берүүгө болот. Негизи махрдын өлчөмү никеге чейин белгилениши керек. Себеби ал нике талаптарынын бири. Ошентсе да, махр белгиленбестен кыйылган нике жарактуу болуп эсептелет. Мындай учурда махр белгиленип төлөнүшү кажет. Махр белгиленген соң аял киши өз ыраазылыгы менен белгиленген өлчөмдү төмөндөтүүгө да, толугу менен күйөөсүнө багыштап жиберүүгө да укуктуу.)

Супер-Инфо
super.kg
видео
















