Кыргызстаным ырларым сага
#1 24 Май 2017 - 00:58
Кел кыргызым сактайбыз
Ак сүтү менен келген бирге энемдин,
Эне тилим- сен ыйыгым, керегим.
Сен барың да Улуу Кыргыз элим бар
Сен үчүн жан аябайм, каным дагы беремин!
Жаңырдык эле "Эгемен" жолу төшөлүп,
"Киргиз" делген Кыргыз болуп өзгөрүп.
Манас атам жашап өткөн биздин жер
Кел кыргызым, жакшы жолго түшөлүк!
Жети бабам, Чыңгыз атам сүйлөгөн
Кыргызымды Кыргыз кылып сүйрөгөн.
Кел кыргызым тилибизди сактайлы
Көз жумуп, өтүп кеткиче дүйнөдөн!
Маңкурт болбой Эне тилди сактайлы,
Жарды кылбай Кыргыз тилин барктайлы.
Күн, Ай менен жашташ келген биздин тил
Кел Кыргызым, жоголбойлу, тилди барктап жашайлы!
#2 24 Май 2017 - 00:59
Сен жөнүндө ыр саптарын уга бердим,
Сырдуусуң, баарынан ыйык Кыргыз жерим.
Тоолоруң турса асман тиреп
Топурак,сууң бул - менин демим.
Ыйыктыгыңар качан Ата- Журтум
Ырларда дайым келет жаза бергим.
Сен жөнүндө ыр тизмегин окуй бердим,
Сен гана көрктүүсүң жалгыз Кыргыз жерим.
Карагай,токойлоруң черди жазса
Комузуң,күүлөрүң бул - менин демим.
Алтын көлүң дайым кучак жайса
Ар дайым келет сени мактай бергим.
Сүйөм сени жалгыз гана Кыргыз жерим,
Сымбаттуу баарынан сенин элиң.
Чыгаан уулдар жалгыз сенден чыкса
Чынгыз ата, Манас бабам - менин демим.
Кереметсиң, керегимсиң Кыргыз жерим
Кыргызмын деп мүнөт сайын келет айта бергим.
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 01:01
#3 24 Май 2017 - 01:01
Күндө эле баарыбыз көрүп эле жүрөбүз,
Жыгылса бирөө кокустан ага деле күлөбүз
Жардам берип кол сунбасак жардыга
Ата Журтту анда кантип сүйөбүз?
Айткылачы, Ата Журтка кантип анда күйөбүз?
Асманыбыз барат күндөн күнгө түнөрүп,
Арак ичип жаш-кары турат бакта сүйөнүп.
Жаштарыбыз карыларды сыйлабайт
Бараткандай ыйман-адеп түгөнүп
Бараткандай ынтымак жолу бүтөлүп.
Убакыт токтоп турбайт билсең мелжиреп,
Убайым тарткан жанмын мен деле сенчилеп.
Ушундай кыргызымда качан бар эле
Улууларга каяша айтыш келжиреп?
Уят сөз сүйлөп, сөгүп аны тепкилеп?
Апкаарам ыр жазаарда кармап калем,
Баарыңарга жакшылыкты каалай берем.
Кыргызым токчулукта жашаса дейм
Кайгы билбей, кубанычта жыргап кенен.
Эске алып, бар экенин жашоо ченем.
Ким сезмек, келечек, күндөр кандай
Капилет сүйүү, жарк эткен күйгөн шамдай.
Калбаса дейм Кыргызым батып сазга
Күч бергин Жаратканым баарына океандай,
Калбаса экен караан болуп жалгыз талдай.
Алыста, Кыргызым, ылай сөздөн, жаманаттан
Алыстагын арам ойдон жана кыянаттан.
Ар Намыс, абийирди бийик сакта
Артыбызда из калсын, калган эле бизге да аталардан.
Артыбызда мурас калсын, жеткен эле бизге да бабалардан!
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 01:03
#4 24 Май 2017 - 01:04
Баратам алга карап, артымда изим калбай,
Болот экен бул жашоодо көңүл калмай.
Биз кетсек кийинкилер не деп айтат
Бош кеткен мезгилим болот эми кандай?
Калаксыз калган кайык менен деңиздемин,
Көрүнбөйт, тээ алыста менин бараар жерим.
Күнүмдүк бүткөн ишке канааттанбайм
Көзгө түшсө маңдайымдан чеке терим.
Сыр бар го атышында ар бир таңдын,
Саат жылат, а милдеттерим дале арбын.
Суктанаарлык иш кылсам Кыргызыма
Салган жолун ары улап аталардын.
Турмуш деген учу жок деңиз сымал,
Тайманып калак шилтеп өткөн сыңар.
Тайбай,чөкпөй алга жылганым менен
Термелем, артымда менин эмне калаар?
Терең ойлойм, туура жолду көрсөтчү,
Тирүү адам күн өткөрүп эле өлмөкпү?
Тоскоол болсо да уланталы замандаш
Тээ байыркы аталардан калган өрнөктү.
Айткандарым балким ката, жаңылыш,
Ак пейил менен болдум аны жазымыш.
Улуулардын жолун жолдоп ар убак
Унуталы алга жылып, эгер болсо таарыныч!
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 01:06
#5 24 Май 2017 - 01:07
Мезгил жылат, заманыбыз картайбай,
Түбөлүктүү эмес экенбиз аттиң ай.
Баа жеткис бул өмүрдө жаныңды
Кымбат экен десем –
Ар мүнөтүңдү акча санап калгандай.
Мезгил жылат, убакыттар саналбай,
Түбөлүктүү экен бир гана Жер, Күн, Ай.
Баасыз келген бул өмүрдө сүйүүңдү
Кымбат экен десем –
Аны дагы акча карап калгандай.
Мезгил жылат, жаш экен деп карабай,
Кумарым турат алигиче тарабай.
Жарык берген бул жашоого энеңди
Ыйык экен десем –
Акча үчүн таштап кетет кантип ай?
Эх, мезгил өтөт, өтө берет шашып ай,
Адам барат күндөн күнгө карып ай.
Бул жашоодо эң керегиң ишенген
Досуң экен десем –
Акча үчүн кетет тура сатып ай.
Эй адамзат, акчага эмне мынча кул болдуң,
Акча үчүн маңкурт болдуң, мал болдуң.
Жаралган соң бул өмүргө бир жолу
Ойлон адамзат –
Кечээ ким элең, бүгүн эми ким болдуң?
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 01:09
#6 24 Май 2017 - 01:17
“Биссмиллях" болсун сөзүмдүн башында,
Бул сөздү айтып жүр, ар күнү адатыңча.
Бир күн келээр, башты жерге салган
Бул жашоо көз ирмем, өтөт көз ачканыңча.
Бул жашоо беш мүнөттүк өмүр делет,
Байкабастан адам жүрөт элеп- желеп.
Бир тууганым, чакырам ыйман жолго
Беш убак намаз, чындык жашоого керек.
Таза болсоң, ак болсоң даарат менен
Табигат ачат сага койнун кенен.
Таң заардан азан үнүн угуп
Тазарат жан дүйнөң ыйман менен!
Тарыган өмүр шашса алда кайда
Тазарат жан дүнүйөң Ислам менен!
Мейли кедей, болгун бай, кечке кутур
Ме сага деп өмүр кайтпайт бизге утур.
Менменсинип жүргөн менен баарыбир
Менин,сенин бараар жериң эки метр чуңкур!
Сапырып бул жалганды жүргөн менен
Сенин,менин бараар жерим эки метр чуңкур!
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 01:18
#7 24 Май 2017 - 01:19
Жыйырма биринчи кылым дешип баарысы,
“Жип” минсе эле болуп калгансып анын бактысы.
Жигиттери чач өстүрүп, боенуп
Гу Чжун Пёлор болду окшойт алардын жарчысы.
Ачык дене, көрүнүп турат сандары,
Чечиндиңер , кийим деле калбады .
Кирпик чаптап, “тату” деген көбөйүп
“Заманбап” дешип, бирин бири арбады.
Батышты туурап кыска, кыска кийгени,
“Клуб” дешсе, калбайт экен эч кими.
Мода болуп күндөн күнгө кайдагы
Виски, Текила жана дагы Мартини.
Эх, Кыргызым, оң жолго түшсөк болбойбу,
Ыймандуусуңар деп же бизди бирөө кордойбу?
Капысынан душман кирсе мекенге
Же эмне “Martini”, “Retro-metro” бизди коргойбу?
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 01:20
#8 24 Май 2017 - 01:21
Мезгил өтсүн, сезимдерди карытсын
Сапар тартып нечен жылдар арылтсын.
А менин суранаарым Алладан
Адамдар адам бойдон калышсын.
Жарык болуп жылдыз сымал жанышсын
Бакыт издеп ай ааламга барышсын.
Бир гана суранаарым алардан
Түбөлүккө адам бойдон калышсын.
Сен жараткан бардыгына калыссың,
Сен жараткан бардыгынан алыссың.
Тизе бүгүп бир сенден суранаарым
Адамдар адам бойдон калышсын.
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 01:22
#9 24 Май 2017 - 01:23
Кыргыз , Кыргыз, кандай таттуу угулат
Кыргыз жери бейишимдей туюлат!
Кылымдарга жашай берет түбөлүк
Кыргыз эли намыска бек турушат!
Кыргызым бөлүнбөгүн эки жака чачырап
Кыраан элбиз дилибиз биздин агыраак!
Кырчындай бол санжыраны улаган
Кор кылбагын башың да турат ак калпак!
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 01:24
#10 24 Май 2017 - 01:25
Ыйманы ң бар болсо тунук суудай
Алга умтул таза бойдон буз улбай .
Кек сактабай жүрөгүңдүн түбүнө
Сабыр кылгын бирөө менен урушпай!
Бир тууганым аман болгун абайла
Баары болот бул турмушта , жалганда.
Ыйык сакта, туу туткун намысты
Алсыздардан жардамың ды аянба!
Бейпил жаша, бул жашоодон бакыт таап,
Өмүр кетет улам сайын ыраактап
Бакыт кушу өзү келет колуңа
Улууларды турсак гана урматтап!
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 01:26
#11 24 Май 2017 - 01:27
Айла барбы алыс кеткен жылдарга,
Арман ыры ырдалбачы, ырдалба.
Алдаса да үмүт жакшы көрүнөт
Арман кылба, жашоо барда, ыр барда!
Кеткен ишке кейиштин не кереги,
Келип кетчү конокпуз да себеби.
Улам, улам жаралбайбыз кайрадан
Убайым тартпа, эртеңки күндүн бар белеги!
Ансыз да өмүр кыска, курбум андагын,
Адамдарга жакшы сөзүң арнагын!
Жүрөктөр кайгырууга тийиш эмес
Ойно-күл, бакыт кушун досум кармагын!
Бир гана кейибечи сен курдашым,
Билчи, күндөр тизмектешип турбасын.
Биз дүйнөгө бир эле келебиз
Өмүрдө жүрөктөр жылуу сөздү тындасын!
Мезгил менен айыгып жүрөктөгү жараттарым,
Мен эми дагы канча ыр жаратамын?
Ак куулардын канаттарын кайрый көрбө
Ал менин жазыла элек барактарым!
Мен эми дагы канча ыр жаратамын,
Дагы канча жазыла элек барактарым?
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 01:27
#12 24 Май 2017 - 01:29
Кыргызым, кагылайын калың журтум,
Кыйышпас кыйындыкта сенсиң кутум.
Кай жакта жүрүшөт кайран элим
Кыраан эле кыргызым сенин уулуң.
Бир кезде калмактар чабуулунан,
Айрылып кыргызым көп атуулунан.
Чоочун көздөн сактап эл-жерин
Чогултуп Манасым бир журт кылган.
Анда да жоголбой эч ыйман-салты,
Жоолор кетти,кубанып кыргыз калкы.
Эзелки бабалардын рух дүйнөсү
Элиме мурас болду, калды даңкы.
Ошентип жылдар өтүп, ай айланып,
Орустар да келишти байыр алып.
Кыйнашып элимди баш көтөртпөй
Калган эле кыргыздын шору катып.
Анда да кыргызым бир чачылыптыр,
Бүтө элек жара кайра ачылыптыр.
Эркин элим, эркин кыргыз
Эрмек болуп оруска басыныптыр.
Көрбөсөм да андагы кыргыз канын,
Көөдөн туйлайт, эзилип менин жаным.
Ар жерде калган кыргыз сөөгү
Азыркылар неге сезбейт ата-баркын?
Ал күндөр эми баары алыс калды,
Алтын тамга тарыхтын барактары.
Азабы элдин унуткарып
Тилектери башка нукка багытталды.
Ала-Тоо элим алып эгемендик,
Күч алып ого бетер берешендик.
Пейили кенен кыргызым ай
Конокторго эми биз тебелендик.
Кен-байлыктар чыгып Мекенимден,
Тоноп жатат коноктор бизге келген.
Өзгө эмес өз уулдарың
Сатып жатат, сатып жатат жерлерден.
Өрткө салып өзүбүз өзүбүздү,
Жоготуп да баратабыз сөзүбүздү.
Ушундай болуп кете берсе
Кага албай калабыз төшүбүздү.
Сенделип жүргөн же элибизди,
Жоготуп баратабыз эсибизди.
Европа, батыш баарын туурап
Секске да айланттык кечибизди.
Жашоого бүгүнкү эл кайыл баары,
Жада калса саймабыз сайылбады.
Чала сүйлөп кыргызча эптей албай
Бузулушту мырзасы да айымдары.
Кыргыз сезим жоюлуп каныбыздан,
Каада-салт унутулду жаныбыздан.
Көп нерсеге мани бербей
Көбүп кетти уулдарың саясаттан.
Душмандан коргоп берген асыл Жериң,
Сууруп алган сук көздөн ыйык Көлүң.
Мураска калган эле өзүңөрдөн
Сактап кала албаган бизге өлүм!
О, жараткан кандай дагы чечимиң?
Кечирим сурайм, Ата-Бабам кечирим.
Дилинен алыстаган Кыргыз үчүн
Манас Ата, кечирим сурайм кечирим!
Кечирим сурайм бабалар кечирим!
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 01:33
#13 24 Май 2017 - 01:34
Таш боор тагдыр, жазганың эмне?
Азиздер жүрөт, убалы кимге?
Шоола да көрбөйт, караңгы дүйнө
Тагдыр ай мынча кыйнайсың неге?
Эч кимге барып айта албай муңун,
Дудуктар жүрөт, айыбы кимде мунун?
Томсоруп анан өтөбү жашап
Тагдыр ай эритчи жүрөктүн музун.
«Балам» деген сөздү угалбай анан,
Дүлөйлөр жүрөт, аттиң ай арман.
Теңсиздик кылба, сураарым ушу
Баарына бирдей карачы Аллам!
Өмүрдүн баркын тебелеп күндө,
Адамдар жүрөт, теңелип күнгө.
Шүгүр кыл бүгүн шүгүр кыл
Соолуйт сууну деле куйбаса гүлгө!
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 01:34
#14 24 Май 2017 - 01:35
Алга умтулуп, жашай бер темине,
Окшобой тоонун салкын желине.
Татыктуу бол замандаш
Сыймыктанткан жер ааламды элиңе.
Максатка жет, жумшап күч болгон,
Тайып кетпе, адал иш, түз жолдон.
Элиң үчүн, Ата-Журт деп, Мекен деп
Эмгектенсең эмне келбейт бул колдон?!
Элдер айтса жакшы деп жакшысын,
Эмгек менен ар бир адам такшылсын.
Учтап, учтап алат ошондо
Топ сыяктуу томолонгон бактысын.
Эмгектен, алгалай бер ишиң тынгызбай,
Ата-Журтуң, элиң турат Кыргыздай.
Татыктуу бол замандаш
Жарык чачкан таңкы Чолпон жылдыздай!
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 01:36
#15 24 Май 2017 - 01:55
«Куруп кетсин» деп ушул заманаңар,
Иштеп жүрөт, өзгө жерде анан алар.
Тээ алыста алыстан Мекенге күйүп коюп
Арасында мага окшош бир балаңар бар.
Кайда гана алып барбайт заманаңар,
Окуп жүрөт чет элде канча жандар.
Тээ алыста алыстан Мекенин сүйүп коюп
Арасында ыр жазган бир балаңар бар.
Мезгил менен көтөрүлсүн даражаңар,
Артка бир жылмайып анан карасаңар.
Тээ алыста алыстан Мекени көздөн учуп
Сагынып ырлар жазган бир балаңар бар.
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 01:56
#16 24 Май 2017 - 02:43
#18 24 Май 2017 - 11:04
#19 24 Май 2017 - 11:19
Билем сенин келбетиңе суктанып
Алыс жактан арзып келет көргөнү.
Толкундарга мага окшоп арбалып
Аз эмес дейм издеп сени жүргөнү.
Ажарың күндөн-күнгө артылып
Ысык-Көлүм, кооздугуңа сөз жетпес.
Өмүр бою каректерде тартылып
Көргөндөрдүн жүрөгүнөн эч кетпес.
Мына кайра берекем сага келдим
Бүгүн да ырыңдан кур калбадым.
Түбөлүккө чүрөгүм жашай бергин
Муздаба, Ысык-Көлүм муздабагын!
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 11:19
#20 24 Май 2017 - 11:20
Ысык-Көлүм, татынакайсың секелек,
Перисиң сен он сегизге келе элек.
Толкундарың нурларга чагылса
Ысык-Көлүм, кереметсиң керемет!
Кереметиң күндөн күнгө ачылып,
Түн ичинде жылдыз дагы чачылып.
Сенден гана кубат алам, чер жазам
Келгенимде мен өзүңдү сагынып.
Жамгыр жааса бир өзүңө себелеп,
Көрдүң беле түндө көлүм керемет.
Ай жаркырап көлдө жатат
Жылдыздар да көл үстүндө мемиреп.
Көрдүң беле таң атканын көлүмдө,
Айтып жатам күн шооласы жөнүндө.
Көл бетине көрк кошуп ансайын
Көлүм керемет, Ала-Тоонун төрүндө!
Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 11:21