Суперстан: Баштан өткөн жүрөк сырларыбыз кыскача... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Баштан өткөн жүрөк сырларыбыз кыскача...

#21 Пользователь офлайн   bagira77   03 Май 2016 - 21:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 01 Январь 15
  • Соңку аракети: 16 Авг 2021 23:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жаза бер доппинг аябай сонун! Тарбия алчу окуялар экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   88inara88   04 Май 2016 - 03:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 27 Январь 13
  • Соңку аракети: 28 Авг 2016 13:13
  • Жынысы:Аялзаты

Ассалоом аллейкум деп окуямды баштайын.Айылдын кызы болуп чоноюп окууну бутуп,чон окуугада тапшырганы убак келди ошентип университетке тапшырып окуп калдым,уйдо чон кыз болгондуктан атам тарбияны катуу берчу мектепти буткунчо эчким менен суйлошпой жада калса вечер,дискотекагада барган жокмун,жаны жыл майрамда гана карнавалга чыкчубуз.мунозум жоош,назик катуу соз кото албаган,кыз болчум,университетде окуп биринчи курстуда аяктап калдык,баарыбыз эгзамен тапшырып айылга жонодук тез эле каникулда бутту,кайра экинчи курс болуп окууну уланта баштадык,группалаш кыздар бири байкесин,бири тайкесин таап жене кылабыз деп журушчу,артыман соз арткандарда аз болбоду окууну бутуп алайын эми гана экинчи курсмун деп эч ким менен суйлошпой журдум.Октябрь айы жалбырактар саргайып кузда келип калды окууга барабыз уйго келмей окшош кундор отуп жатты,бир куну уйго келип тушто уктап кетиптирмин тушумдо узун бойлу,ак жуздуу,чачтары кара,бир бала келип менин жанымда олтурат,экообуз суйлошуп олтуруп мен сени жактырып калдым деп айтып жаткан жеринен чочуп ойгонуп кеттим,ойгонсом тушум,ал баланын жузун эстеп калып кечке эки кун эстеп журдум,университетке барып терезенин жанында курбу кызым экообуз суйлошуп калдык мен тушумду ал кызга айтиымда терезеден сыртты карадым Мен тушумдо коргон бала досу менен сигарет чегип турган экен сразу дос кызыма карачы мен тушумдо ушул баланы коргом десем ишенбей койчу ай туштогу адамдын жузунда эстеп качы беле деп,ал менин байкем деп айттыда экообуз тен сыртка чыктык.Басып баратсак досу менен оздору келип Жылдыз кандайсын деп учурашып бул сулуу ким деп мени сурап бвштады,Жылдыз курбу кызым таанышып алыныз деп тааеыштырды. Ошентип таанышып калдык ага чейин тел номеримди сурады мен жок деп бербей койдум,конгуроо кагылып биз сабака жонодук алар кетишти,сабак бутуп уйго барып олтурсам телефонум чынгырай баштады мен-алоо десем,чон кыз мен Айжигит болом кандайсын деп созун уланта баштады,номеринди Жылдыздан алдым,сабагын бутуп уйго жетип алдынбы?-мен ооба рахмат мага чалбаныз мен суйлошо албайм деп очуруп салдым.Негедир журогум согуп тарс жарылып чыгып кетчуудой болуп уйкуда келбейт,эртеменен туруп универге коргону шашып бардым,дагы ошол сыртта сигарет чегип дос баласы менен турат,мени коруп башын ийкеп койду,мен сабака кирип бут денем титиреп оюмдун баары Айжигитте боло баштады( эмнеге мен тушумдо кордум,эмне учун жаныма таанышканы келди деп)Сабак бутуп кайра уйго бардым телефон чынгырап мен келдим сырка бир минотко чыгып коюнуз деп суранды мен чыкпайм деп очуруп салдым,телефон кайра кайра чынгырай берди журогум согуп телефондун трубкасын кармап суйлошо албай калтырайм макул азыр чыгам деп жооп берип,сыртка чыктым,карангы кирип жамгырда себелеп башдады,жолдо дарбазанын жанында кулуп кандай сулуу эмнеге жолукпай кача бересин мен сени жактырып калдым деп бетимен ооп койду.Мен сени тушумдо коргом деп соз баштады дал озун кара узун чачтарынды, узун бойлуу кыз сени коргом деп,башында ишенбедим мени тамашалап жататко Жылдыз менин тушумду айтып берип койгонгоо деп ойлопкойгом, ошентип суйлошо баштадык сабак буткончо кутуп олтурат,бирге обедь,кылабыз скамейкада ушакташып созубуз бутпой кайра бирге ужин кылып анан уйго алып келип коет.Бир куну Айжигит чынын айтсан ошондо сен мени тушундо коргон белен деп айтсам ооба эмне болду?эчнерсе менда сени коргом деп тушумду айттымда ыйлап жибердим,иии кучугум эмне болду эмне ыйлап жатасын деп сорото баштады(бул тушту бекеринен корбосок керек экообуз тен деп унчукпай калдым),ошол кезде ушунчалык катуу суйуп калганымдан ыйлап жаткан элем,сени жоготуп алгандан коркуп ыйлап жаткан элем.кундор зуулдап отуп жатты кыш да келди достору менен кай жака барса калтырбай алып кетчу,ушунчалык сыйлап эркелетип,менин жашоом бейиш болуп турган убагы эле.Жаратканга оо жараткан сага рахмат мени жашоого келтиргенине деп суйунуп айтчумун,коздорум балбылдап суйунучко батпай турган кези эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   poping.dance   04 Май 2016 - 03:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 439
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Дек 2023 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения 88inara88 (03 Май 2016 - 21:09) жазган:

Уландысын жазын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   88inara88   04 Май 2016 - 03:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 27 Январь 13
  • Соңку аракети: 28 Авг 2016 13:13
  • Жынысы:Аялзаты

Ошентип кай жерге барбайлы эгиз коозудай эрчип барар элек,ал тургай кочо койдо коргон жаш каарысы суктана карап ии шириндерим бактылуу болгула деп батасын бергендерда аз болбоду.Эшик суу жолдор муз экообуз жолдо баратып базардын чети адам коп,мен розовый тусто пальто кийип алгам музга тайгаланып жыгылып туштум,бут баржогум ыйлай,балчык элдин баары бизди карайт жугуруп келип ии эчнерсе болбойт деп ошол жерде бутумду арчый баштада мен жок озум арчыйм деп уялып унабайм-жоок кучугум карачы колунда тонуп калыптыр кел озум арчып берем дер эптеп тазаладык кетпеди,шапкаман бутума чейин ылай уйуно алып келди, азыр олтуруп тур мен тамак кылып берем жотолупда калыпсын деп мени тошоко оронто олтургузуп койду,ошентип уктап калыпмын турсам карангы кирип калыптыр,мен уйго барайын деп калдым макул азыр деп,мага жаны носки алып келип кийгизди жана бутунада суу откон болсо керек деп алгам деп айтты,пальтому шапкамы тазалап бут баржогуму даярдап коюп тамагыда бышыптыр,тамак ичип бутуп,мени уйумо жеткирди,уйго кирип негедир айрылып калчуудай журогум сезип оо кудай мени айырбачы деп ар дайым кудайдан тилек кылчумун.Ошентип жазда келди эгзамен башталып окуу бутуп каникул берди,экинчи курстуда аяктадык,Айылда кундо сагынам коргум келет телефон чалып сагындым дер ал жакта ал сыздайт,сабыр кылалы сентябрь келет деп журуп Сентябрда келди ал бешинчи курс болгондугуна байланыштуу практикага чыгып ошко кетти,чыдабай туну саат 2 де ооруп калдым десем келет,кайра мен ошко барам,сенсиз жашоом жоок деп бир бирибизге айтчу болдук.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   88inara88   04 Май 2016 - 04:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 27 Январь 13
  • Соңку аракети: 28 Авг 2016 13:13
  • Жынысы:Аялзаты

Эшикте суйлошуп олтуруп биз каарысакда бир бирибизди эркелетип жашайбыз ээ деп калды,мен эгер бирге болбосокчу десем баарибир сени бир куну издеп табам деп жооп берди.практикасы бутуп жаны жылдан кийин окуусуда бутуп калды бир гана эгзамендери калган,аларды майда тапшырабыз деп Бишкеке кетти,туну менен тан аткыча телефондо суйлошуп чыгаар элек,элдер эмнени суйлошосунор деп тан калчу.20 кун болбой Бишкектен кечиндеси келип калды мен келдим кучугум эшикке чык деп калды,чыксам турат эмне эртеле келдин,сени сагындым Бишкекте эч бир кыз сенин ордунду баспайт экен сенсиз жашоом жок деп айтып козуно жаш алды,бир жума туруп кайра кетти Бишкеке мына ушул кеткенде баары озгорду,апам токтот бербейм ал балага же мени же ошол баланы танда деген созу журогумду бычаксыз кести,телефон чалып апам берейт сага биз бирге болбойбуз деп айттым,кундор отуп чалсам албайт алса болок кыздар телефонуна жооп берип баштады,мен болсо ыйлайм суротун карап уктап кундузу кечке мин жолу тойбой карачумун,акыркы умутум Аллахдан болуп оо кудай мени айырсанда мейли бир ай бирге жашайын анан ажыратчы,жок он кун ,жоок жок дегенде бир кун деп ыйлап жалбарып сурап ыйлаар элем.мага Айжигит телефон чалдыда болду унут мени деп очуруп ошол бойдон жок болуп кетти.коргон тушум сени ушунчалык суйуп калаарым беле деп ыйлап акыры козумон жашда чыкпай калды,ооруп ойлоно берип арыктапда кеттим,псих боло баштап больницагада жаттым,бир жыл отту жок унуталбай журдум.ар дайым эстеген сайын мага кылган мамилен,боорукерлигин эстеп козумо жаш келчу,жашоом тозоко айланып барып издегим келчу бирок намысым жол бербеди,ошентип убакыт даары болуп эки жыл дегенде озумо келе баштадым.Турмушкада чыктым жашоом суз анын ар бир кылганын сага салыштыра бердим айла жок адамдын жаны катуу чыдамдуу экен баарына чыдадым,сени унутта баштап оз жашоомду баштап жашап калдым,бир куну сайыттардын биринде олтурсам курбу кызымды таап алдым,экообуз коопко суйлошуп Айжигит сени уйлоноордо коп издеди бирок сени таппады деп калды,азыр жакында эле уйлонду деп уйлогонундуда уктум,неге унчукпай кеткенинди ушул убака чейин ойлоп оюма жетпедим.ошентип суйуум жоопсуз калып калды.арадан 7 жыл отту дагыда болсо сени сагынганда сайыттардан издеп журуп таптым,суротунду коруп суйундум эми сага бактылуу жашоо каалайм,ошондо бирге откоргон бактылуу кундорду эчбир кунго алмаштырбас элем.(урматтуу окурмандар жашып ката жазгам болсом кечирим сурайм)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   baikanbek99   04 Май 2016 - 09:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 124
  • Катталган: 16 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2021 13:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:жалал-абад

аябай улгулуу окуялар экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Meku06   04 Май 2016 - 12:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 09 Февраль 16
  • Соңку аракети: 04 Янв 2017 20:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаливут

Эх кандай аянычтуууу эжеке сабырдуу экенс.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   luna007   04 Май 2016 - 13:46

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 26
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 17 Май 2016 19:10

Dopping теманызды улантыныз кутуудобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   mister.ailasyz   04 Май 2016 - 16:59

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 532
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 12 Май 2024 00:22
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения 88inara88 (04 Май 2016 - 04:22) жазган:

Эшикте суйлошуп олтуруп биз каарысакда бир бирибизди эркелетип жашайбыз ээ деп калды,мен эгер бирге болбосокчу десем баарибир сени бир куну издеп табам деп жооп берди.практикасы бутуп жаны жылдан кийин окуусуда бутуп калды бир гана эгзамендери калган,аларды майда тапшырабыз деп Бишкеке кетти,туну менен тан аткыча телефондо суйлошуп чыгаар элек,элдер эмнени суйлошосунор деп тан калчу.20 кун болбой Бишкектен кечиндеси келип калды мен келдим кучугум эшикке чык деп калды,чыксам турат эмне эртеле келдин,сени сагындым Бишкекте эч бир кыз сенин ордунду баспайт экен сенсиз жашоом жок деп айтып козуно жаш алды,бир жума туруп кайра кетти Бишкеке мына ушул кеткенде баары озгорду,апам токтот бербейм ал балага же мени же ошол баланы танда деген созу журогумду бычаксыз кести,телефон чалып апам берейт сага биз бирге болбойбуз деп айттым,кундор отуп чалсам албайт алса болок кыздар телефонуна жооп берип баштады,мен болсо ыйлайм суротун карап уктап кундузу кечке мин жолу тойбой карачумун,акыркы умутум Аллахдан болуп оо кудай мени айырсанда мейли бир ай бирге жашайын анан ажыратчы,жок он кун ,жоок жок дегенде бир кун деп ыйлап жалбарып сурап ыйлаар элем.мага Айжигит телефон чалдыда болду унут мени деп очуруп ошол бойдон жок болуп кетти.коргон тушум сени ушунчалык суйуп калаарым беле деп ыйлап акыры козумон жашда чыкпай калды,ооруп ойлоно берип арыктапда кеттим,псих боло баштап больницагада жаттым,бир жыл отту жок унуталбай журдум.ар дайым эстеген сайын мага кылган мамилен,боорукерлигин эстеп козумо жаш келчу,жашоом тозоко айланып барып издегим келчу бирок намысым жол бербеди,ошентип убакыт даары болуп эки жыл дегенде озумо келе баштадым.Турмушкада чыктым жашоом суз анын ар бир кылганын сага салыштыра бердим айла жок адамдын жаны катуу чыдамдуу экен баарына чыдадым,сени унутта баштап оз жашоомду баштап жашап калдым,бир куну сайыттардын биринде олтурсам курбу кызымды таап алдым,экообуз коопко суйлошуп Айжигит сени уйлоноордо коп издеди бирок сени таппады деп калды,азыр жакында эле уйлонду деп уйлогонундуда уктум,неге унчукпай кеткенинди ушул убака чейин ойлоп оюма жетпедим.ошентип суйуум жоопсуз калып калды.арадан 7 жыл отту дагыда болсо сени сагынганда сайыттардан издеп журуп таптым,суротунду коруп суйундум эми сага бактылуу жашоо каалайм,ошондо бирге откоргон бактылуу кундорду эчбир кунго алмаштырбас элем.(урматтуу окурмандар жашып ката жазгам болсом кечирим сурайм)

Апаныз эмне себептен каршы болду? Эмнеге Суйуунор учун курошпой эле женилип бердинер?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   poping.dance   04 Май 2016 - 19:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 439
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Дек 2023 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Болуп откон окуя

Жаркыраган кундун нуру козду уялта тийип
турганын эске албаганда, кун кечээкиден бир
аз суук эле. Шашып эле мектепти коздой
чуркадым. Анткени саат 9дан отуп калган эле.
Бешенеме биздин класста окуган кыздар
текшеруудо турган экен, эптеп алардын шаштын алып класска кирууго шашылдым.
Жаны жылга тактап айтканда 20 кун калган
эле. Кирсем эле класс жетекчибиз окуучулар
менен жаны жылдык кечени уюштуруп жаткан
экен, кечиккениме анча деле маани бербеди
окшойт айтор, сен ушул эле жерде болосунбу деги деп калды эжеке.
- Ооба албетте, ушул жерде классаташтарым
менен акыркы жолу чогуу отуралы деп койдум
(жылмая)
... Шашылып жатканымдан телефонумду уйдо
унутуп коюп келе бериптирмин, сабактан чыгып барып карасам толтура смс, чалуулар
келиптир. Чалган номурларга кайтарып
баштадым. Бир жат номур турган экен
досторум окшойт деп чалсам ун катпады. Аа
адашып тушуп калган тура деп койдум да, уй
иштери менен алектене кеттим. Эрте жазда апам айткан жумуштар эсимден
чыгып шаарга кетип жакында эле келгем,
ошондуктан короонун ичинде порядок деген
жок эле. Менден кичуу иним 6-класста окуганы
менен бир аз жалкоораак. Ошондуктан кечке
чейин отун куркып отурдум. Кулакка музыканы салып алып эч кимдин созун укмай жок. Бир
кезде апам келди Азамат сени досторун
чакырып жатат деп.
- Азыр апаке мына бутойун эле деп калдым, 10
муноттон сон залда жолугат экенсинер деп
айтып коёсузбу?-деп ишимди улантып жаттым. Анткени азыр чыгып кетсем кайра эртеге бул
ишке колум барбашын байкап турдум.
Ошонтип иштерими тездетип айтылган
муноттон 20 мунот кечигип залга бардым.
Барсам балдар кыйла топко кызып ойноп
жатышыптыр. Мен да аларга кошулуп алып ошол кечеси 12 ге чейин топ ойногонбуз.
Топтон чыгып курсак ач, женилген комманда
аш жасатып берет экен да эми деп кулуп
кеттик, анда алар макул жасаттырып беребиз
деп айылдын бир четинде жайгашкан сонун
ашканага бардык. Барсак тан атканча ачык болобуз дешкенин тамак жасаталы деп чечтик
да аш бастырдык. Бир кезде ха-ха тээп отуруп
дааратканага барып келейин деп сыртка чыгып
кеттим. Бошонуп келе жатып бир татынакай
сулууга козум тушуп калды. Ал ийдиш-
аяктарды жууп отурган экен. Анан анын жанына бастырып баруудан тартындым. Бул
кандай неме дебесин деп. Ошонтип аштан
кийин уйлорго тарадык.
Эрте менен дагы эле ошол корунуш. Мектепке
барып сабакты катырып жаттым. Жакшы
окугандарды артка отургузуп койгондугу учун 6 бала артта отурчубуз. Мен терезенин жанында.
Агай ал жакта бир нерселерди кубурап айтып
жатты, капысынан терезе жакка карасам кечээ
мен ашкананын кухнясында коргон кыз отуп
баратыптыр. Жанымдагы досума
- Эй Жаныш тиги кыз ким? Ушул жерде окуйбу? Же кандай?-десем,
- Оа доске, ал 10 -класска жаны эле келди.
Байкуштун ата-энеси каза болгондон кийин
таежесинин уйундо жашап жургон экен, кийин
болсо бул жакка Садык аке алып келген эле, -
деп калды. Аа досум рахмат деп жатсам агай мага карап
тигилип калыптыр. Азамат сен жакшы
окугандыктан сага катуу айткым келбейт,
бирок мындай кылганын туура эмес да, сабак
учурунда суйлошуп - деп калды. Оа агай
кечириниз деп кайра окуп жаттым. ... Ошонтип кундор отуп жатты, эртен жаны
жыл деген куну шаардан досторум чалып
калышты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   poping.dance   04 Май 2016 - 19:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 439
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Дек 2023 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Уландысы

Доске мен азыр шаарга баратам, ошол
жактан суйлошолу бул маселени? - деп
телефонду очурууго шаштым. Ошол куну шаарга барып жаны жылдык кечеге салют
анан да уйго торт алып келуум керек эле.
Карындашым торт дегенде озуну таштап салчу
да анткени. Ошонтип шаарга кеттим. Барып
досторду жолуктуруп калып, алар менен
клубка бардым. Чарчаганча жерди тээп ойноп кулуп кайттык.
... Мына 31-декабрь кун да жетип келди.
Шашылыш иштер менен журсом жанагы
ашканада коргон кыз дагы козумо чалдыгып
калды. Бул жон гана кездешип калуу эмес
окшойт деп анын жанына барууну чечтим. Колунда продукталар бар эле. Жанына барып
саламдашып, колундагы нерселерин алып
жардамдашып коёюн деп, маршруткага
жонодук. Аны жайгаштырып коюп ошол эле
жерден алчуумду алып айылга жол тарттык.
Ошонтип баратып жакындан таныша кеттик. Анын ар бир созу журокко октой эле тийип
жатты. Айтуусуна караганда аты Фатима 16
жашта, уйдо жалгыз перзент болгон экен. Ата
энеси автокырсыкка кабылып экоо тен ошол
куну жан беришкен. Аларды жерге берген сон,
таежеси аны озунун жанына алып кетет. Анткени атасы дет-домдо осуп чонойгондуктан
ата энеси жок болчу эле. Ошонтип ал жерде
бир канча жыл жашап анан тагасы ашкана
ачып, ошол жерге жардам берсинчи деп
эжесинен сурап алып келген экен. Тагдыр экен
мына мынтип аны менен кездешип жолугуп калдык. Айылга жетээрде анын номурун
сурадым. Ошонтип аны менен коштошуп
нерселеримди уйго алып кирип эле мектепти
коздой чуркадым. Анткени телефондун жанын
койбой чалып жатышкан эле классташтарым.
Ошонтип кеч да кирди майрамдык кече башталды. Сыртта карнавал болуп жаткан,
ошол жакка биз да чыктык. Ортодо танцаны эч
кимге бербей алып жаткам, бир кезде
жаныман Фатима отуп кетиптир аны байкабай
бийлей берген экем, смс жибериптир. "Жакшы
бийлейт экенсиз"- деп. Аны да укпай бир кезде женил бий башталып калды. Жанымда турган
кызды тартып бийге тушуп баштадык. Корсо ал
кыз мени жактырып жургон экен. Баягында
телефон чалып суйлобой койгон кыз
экендигин айтып мени тан калтырды. А мен
болсо эч кимге карабачум. Анткени сабакты бутуруп жакшы окууга тапшырып анан да бир
жумуштун башында отурсам деген ойлор
болчу. Шыбырап калды Азамат аке, жактырган
кызыныз барбы? Бирок чындыгын айтынызчы?
- деп калды. Анда мен: жок, азырынча эч ким
менен суйлошпой элемин деп койдум ага жылмая. Ал кыз менен бийлеп жатканымды
коргон Фатима ал экоо журушот турбайбы деп
тушунуп алып менин номурумду да очуруп
салыптыр. Аны майрамдын эртеси 1-январь
кунун билип жатпаймынбы. Ошонтип жаны
жылды да майрамдап, каникул да бутуп, сабак башталып дагы эле мектепке жол тарттым.
Кундор отуп жатты.
Уй иштерин бутуруп коюп шаарга кетмей
болдум. Анткени таякем чакырып жумуш бар,
бир аз жардамын керек дегенин сабакты да
жыйып турууга туура келди. Кундор отуп, мына мен куткон 25-май да келди. Акыркы конгуроо
аземинин ачылышы болуп, баарыбыз катар
тизилип турабыз. Куттукташып баары
белектерин беришип. Кечиндеси менин уйумо
чакырдым баарын. Майрамдын артынан чуркап
журушуп досторумдун эсинен да чыгып кетиптир. Бугун кош майрам эле мен учун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   poping.dance   04 Май 2016 - 19:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 439
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Дек 2023 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Уландысы

Анткени бугун жарыкка келгениме 18 жыл
болуптур. Ошонтип баары келишти, бироо
байкап калган экен колдорунда белектер,
эжекени да чогу ала келишиптир. Чогу отуруп
шандуу откордук майрамдык кечени. ... Фатима менен телефон чалып байланып
турдук, мектепте жолугууга эч болбойт эле.
Анткени мектептин тартиби куч эле. А
мектептен сыртта анын колу бош эмес болчу.
Ошонтип каникул да башталды.
...Экзамендер бутуп мен армияга жоноп жаттым. Аны уккан Фатима минут сайын чалып
жатты. Аны жоошутуп, коросун, корбогондой
эле отуп кетет 1 жыл. Болгону сен мени кутсон
болду деп жаттым козумо жаш толгонсуп.
Акырын алдап-нетип кеттим. Армияда журом. Телефонду алып коюшкан,
сураганда гана берип турушат ата-энеме
чалганы.
Бир кун кабар келди. Фатиманы болуп
кетишиптир деп. Аны угуп алып кана убакыт
отсочу. Убакыт учкан куштай отуп жатса да мен учун кылымдай сезиле берчу. Ошонтип бир
жыл да отту. Кайрадан уйлорубузго кайтып
келдик. Апакемди аябай сагынганымдан уйду
коздой шашчум, а оюм болсо бир жерде эмес.
Фатима бут баарын ээлеп алгандай. Ошонтип
кечиндеси Фатима менен жолукмай болдук. Мен кеткенде кат жазып турчу, сагынганын
айтып, анан да жуучу келгенден кийин такыр
кат барбады. Жооп да барбай калды. Эмне
себептен мындай болгонун сурасам
таежесинин уйундо жургондо бир аял келип
коздоп журчу экен. Окууну бутор жыл экенин билип жуучулукка барган экен. Ошонтип
угушумча той да жакындап калган экен. Уйго
келсем апам окууга документтеринди даярда
балам, таякен чалган экен деп калды. Апама
сыр бербечум, ичимде кандай куйут менен
куйуп жатканымды билдирбей эле коюга аракет кылып жаттым. Бир ишти дайындаса
аны аткарбай такыр эле башканы жасап
салып. Шаарда журом, коздорум уйку корбой
шишип калган. Фатиманын акыркы мени
унутун деп ыйлаганын эстеп озумду коёрго жер
таппай журдум. Мени коргон таякем да тан калды. Азамат сага эмне болду? Залга кеткен
боюнча саат бир канчада келесин, уктабай эле
кайра жумуштарын менен убарасын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   poping.dance   04 Май 2016 - 19:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 439
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Дек 2023 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Уландысы

Ичинде
кандай дарт бар? Мен да убагында сага окшоп
жаш болгом, тагдыр экен мага уул жазбаптыр,
бирок сени жээнимдей эмес оз уулумдай эле коруп калгам. Анан да дайым кулуп, жылмайып
журчусун, азыр болсо жылмаюн да озуно
жарашпай калыптыр мага айтып берчи эмне
болуп жатканын? - деп калды. Баарын токпой
башынан айтып бердим. Анда тагам; барып
тойду токтотолубу? Ал кыз сени жактырса баарибир тиги менен бактылуу боло албайт
го?-деп калды. Анда мен:
- жок таяке, коё бериниз. Ал байкушту ушунча
кыйнаганым жетээр. Айтыштарына караганда
жакшы жердин эле баласы экен-деп ушкуруп
алдым. Саат 11 болуп калыптыр залга барчу убакыт. Артыма сумканы артып алып залга
жонодум. Жолдо баратсам Фатима чалып
калды. Азамат аке шаарда болсонуз эртен
обеддерде жолугалычы? Сизге айтайын деген
бир созум бар эле. Аны азыр айтпасам кийин
арман кылып журбойун деп калды. Анын голосун укканда эле озумду жоготуп кыял суруп
кетиптирмин. Тренировка кылып жатсам
тренер келип калды. Сага чалып жатышат деп.
Карасам Фатиманын номуру. Кайтарып чалсам
жат бир кыз алды. Сиз Фатиманын кимиси
болосуз?-деп. Достору окшойт деп акеси болот элем десем, тез 15-больницага жетип келиниз
деп калды. Оозума келме келбей,
кийимдеримди кийип эле чуркап чыктым.
Барсам Фатимам жатат ону бозоруп. Эмне
болду деп сурасам жолдун четинде
бараткандар чалышты эле бизге тез жардам менен барсак бир аял карап отуруптур эсин
жоготуп койгон экен деп калды. Корсо мени
менен суйлошуп жатканда магазинге чыккан
экен. Кийин эле таежелери келишти. Аларга
сыр бербей озумду алып качып жаттым.
Анткени болуп койгон кызга келуу мен учун ото жаман бир иш болчу. Бул жерге Фатиманын
акыркы созун угайынчы деп келгем. Ошонтип
бир кыйла дегенде озуно келип уйуно алып
кетишти. Эртеси айтылган саатта куттум. Эсен
аман эле келсе экен деп ичимен тиленип. Бир
караганда байкабаптырмын мандайымда апакай койнок кийген кыздын отурганын.
Корсо ал менин Фатимам болчу экен.
- Кандайсыз Азамат аке? Иштериниз болуп
жатабы? Угушумча окууга тапшырыптырсыз?
Куттуктайм деп козунон шолоктогон жаш
кетти. - Эй эй эй, сага эмне болду? Мени акыркы жолу
коз жашынды коргозгону чакырдын беле?-
десем жоок тентек деп кучактап алды.
Кокурогумо жаш толуп, эмне кылаарымды
билбей менда кучактап турдум. Коздорумдон
жаштар кетти. Бирок ага билгизбегенге аракет кылып жаттым. Ошонтип эмнеге чакырганын
айтты. Корсо мен ага суйлошуп жургондо
цепочка таккан экен элем. Ал эсимде да жок.
Акыркы кундору кайгы менен болгондуктан
башымда эч нерсе калбай калыптыр.
- Мына ушул нерсе учун сиздин тынчынызды алдым. Мени кечирип коюнузчу, баарын
башкача элестетчуу элем деп ыйлап жатты.
Озумдун жан дуйномдо эмне кечип жатканына
карабастан аны сооротуп жаттым. Кой эми
Фатима, эртен тоюн. Сен бактылуу болушун
керек. Мен учун да бактылуу болушун керек - деп жаттым. Коштошуп колун булгап кете
берди. Мен да уйго кеттим. Барып таякемдин
машинасын алып айылга жонодум. Апам
жапкан ысык нандан жеп жашоодо кун уланып
жатканын сездим. Бирок Фатиманын тою
болуп жатканын, мен аны менен суйлошуп жургонумду апама такыр айткан эмесмин.
Анткени аларды уйлоном деп кыйнагым келген
эмес. Тагды жазса ушул экен да. Ошонтип чай
ичип болуп машинага чыгып отурдум. Бир
кезде загс отуп калды. Артынан калбай айдай
бердим мен да. Бир бакка жетишип видеочулар съемка алабыз деп токтошту.
Машинанын ичинде отургам бир кезде Фатима
дагы жерге кулап тушту. Дагы эсинен кетти
окшойт деп калдым. Бирок андай эмес эле.
Корсо ал акыркы жылдары ооруп жургон экен.
Ал оорусун жашырып эч кимге ун катпай журуп отушуп кетиптир. Карасам куе баланын
достору скорыйга чалып жатышты. Заматта эле
жетип келишти. Мен да анын артынан кошо
тушуп бардым. Кайсы больницага алып
бараарын сурап машинага отуруп ошол
больницаны коздой жол тарттым. Кетип жаттым, ичимде болгон дубаны окуп, ага
жашоо шыпаа тилеп. Менин артыман эле
скорый келди. Реанимация болумуно алып
кирип кетишти. Коп отпой таеже, таякелери
кешти. Мен да тура бердим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   poping.dance   04 Май 2016 - 19:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 439
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Дек 2023 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Уландысы.

Мен да тура бердим. Башка бироого
келгендей корсотуп. Доктор чыгып сабыр кылыныздар дегенин билем козумду ачсам бир
болмодо жатам. Корсо мен да эсимен кетип
калган экем. Фатима жашоодон коз жумуп, мен
мынтип больницада жатам. Конулго эч нерсе
сыйбай. Жанымда жаткан бала радио угуп
жаткан экен ал жактан "Ишенбейм айрылганыма" деп ырдап жатты. Мен учун
ырдалып жаткандай коздон молт-молт эткен
жашташ агып турду. Бир канча кундон кийин
больницадан чыгып Фатиманын мурзосуно
барып бата кылып, мага эмес, башкага да
буйрубайт белен? Мен го мейли эптеп айла табаар элем, бирок сен бактылуу болуун керек
эле го? - деп ыйлап жаттым.

Аягы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Zainka   05 Май 2016 - 02:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 12 Апрель 16
  • Соңку аракети: 04 Фев 2017 03:12
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Азаматсын poping. Дагы болсо жаза бер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   mawa.32   05 Май 2016 - 02:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 759
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2021 01:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Дагы жазгылачы?
)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   poping.dance   05 Май 2016 - 03:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 439
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Дек 2023 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Zainka (04 Май 2016 - 20:00) жазган:

Азаматсын poping. Дагы болсо жаза бер.

Попинг допинг башка башка, тема мага караштуу эмес
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Aksoola   10 Май 2016 - 16:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 30 Апрель 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2016 15:40

Мен да баштан өткөн сезим сырларын жазууну туура көрдүм... Азыркы учурда бир мекемеде иштейм. Окууну аякганыма буюрса он жыл болот (25.05.2016). Он жылдыкка барбай эле коюуну чечтим. Анткени ал жерден алгачкы тун сүйүүм менен кезикким келген жок. Анда, артка кылчайып, он-он беш жыл мурунку мезгилге көз чаптырсак... Ал классташ баламды 7-класстан бери эле жакшы көрчүмүн. Ал класстагы башка кыз менен кыз-жигит болчу. Мен аларды көрүп, өзүмдү ыңгайсыз сезе берчүмүн. Ага болгон сүйүүм айтылбастан, жашыруун бойдон калды. Азыркы учурда жигитим бар. Кудай буюрса, ушул күздө баш кошолу деп турабыз. Аны жакшы көрөм. Бирок ишенесиңерби, мурдагы жактырган классташым азыркыга чейин түшүмө кирет. Түшүмдө да эч качан бир боло албайбыз. Ойлоп койдум, демек, тагдыр экен да... Мүмкүн сүйүү деген ошондойдур, мүмкүн бир болуп калганыбызда аны азыркы учурга чейин аздектеп, жакшы маанайда эскербейт болчу белем? Айтор, ошол...
ПыСы. Жакында эле катталгам, анча жаза албай жатам. Бирок силер менен сыр бөлүшүп, кеңеш берчү күн алыс эместир... Рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 13 Июл 2025 05:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: