Айдоочу жини келсе газды басат, жүргүнчү жини келсе эшикти катуу жабат) Маршруткада болгон кызыктуу окуялардан...
#1 09 Май 2016 - 01:38
Баарыбыз,
көпчүлүгүбүз эле маршрутка менен каттасак керек тияк-биякка.
.. Ошол маршруттук таксидеги күбө болгон кызыктуу окуялардан жазабыз. Теманы коюшумдун себеби ушунда, бир жолу ушундай окуя болгон, жүргүнчү менен айдоочу айтыша кетти белгисиз бир себептен, анан айдоочу улам жини менен сүйлөнүп газды басат, туруп бараткан мен, мага окшогон дагы эки-үчөө жыгылып кете жаздап араң карманабыз,
аягында аялдамданан токтогондо тиги жүргүнчү түштү да, эшикти тарс жаап басып кетти)
Дагы бир окуя, ал кезде студент элем, сабактан чыгып бараткам, бир менден деле кичүү го, бала жаныма келип отурду да, коңурукту кош салып уктап койду, бир маалда башын келип мага жөлөп алды, улам кыймылдамыш болуп коём, туйбайт, анан маршрутка чайпалганда шарт алдыга жыла берсем, отургучка кулап кетти да, ойгонуп кетти, унчукпай туруп кеттим сыр билгизбец)
А бир окуяда, "Дордойго" барып базарлап аябай чарчадым, маршруткада улам көзүмдү ачсам болбой жумулуп алышып келаткам, бир маалда көзүмдү ачсам маршрутка токтоп туруптур, эч ким жок, шаша-буша туруп түшүп баратсам, айдоочу ордунда отурган экен, аябай чочуп кетти, реакциясы, жүзү, көзү азыр да эсимде)) "ооомееееей, ай!" деп алды да, кайра "уктап калыпсыңбы? " деп кала берди)
Ошол, эстегеним.
Дагы бир окуя, ал кезде студент элем, сабактан чыгып бараткам, бир менден деле кичүү го, бала жаныма келип отурду да, коңурукту кош салып уктап койду, бир маалда башын келип мага жөлөп алды, улам кыймылдамыш болуп коём, туйбайт, анан маршрутка чайпалганда шарт алдыга жыла берсем, отургучка кулап кетти да, ойгонуп кетти, унчукпай туруп кеттим сыр билгизбец)
А бир окуяда, "Дордойго" барып базарлап аябай чарчадым, маршруткада улам көзүмдү ачсам болбой жумулуп алышып келаткам, бир маалда көзүмдү ачсам маршрутка токтоп туруптур, эч ким жок, шаша-буша туруп түшүп баратсам, айдоочу ордунда отурган экен, аябай чочуп кетти, реакциясы, жүзү, көзү азыр да эсимде)) "ооомееееей, ай!" деп алды да, кайра "уктап калыпсыңбы? " деп кала берди)
Ошол, эстегеним.
#2 09 Май 2016 - 01:54
Сонун тема экен)) Мен кечке журом маршруткада.
175 базарларга барган учун эми адам тоолтура. Маршрутканын ичи олду-олду, кырды-кырды.
Аппак кеда кийип алсан, бироосу келип былчыйтып тебелеп кетет.Жинин келип турса да озунду кармайсын да, "атайлабады да" деп озунду сооротуп. Бир куну айдоочу катуу айдап бара жатып, машина чыга калдыбы, иши кылып тормозду басканда ичиндегилер каша-варенья болуп калдык. Анан баары бир ооздон суйлонушту.
Бир жолу болсо телефонум тушуп калыптыр маршруткага.
Колумда толо пакет бар болгон учун чонтогумдон кантип тушуп калганын байкабапмын.
Анан тушуп, магазинге киргенде эстедим. Конечныйына барып, алып келгем телефонумду.
Айдоочу суйунчу бер деп атып зорго берген)). Бир жолу болсо маршрутка кутуп турсам бир аял тушту. Обычно элдер жинденгенде эшигин катуу жабат го, ал аял болсо наоборот эшикти ачып туруп катуу туртту. Байкуш эшиги бир демке болду да, ундор чыгып кетти)) Айдоочу болсо согунуп атат. Тообо кылдыым деп койдум. Ар дайым пересадка кылам окууга барыш учун. Бир жолу Дордойдон келе жаткан маршруткага тушуп калдым. Анан эле башкача тутундор чыга баштады артынан. Бироосу айтты "байке орттонуп атат" деп. Журогум тушуп калган, маршрутка жарылып, орттонуп кетсечи деп)). Анан айдоочу башка маршруткага салып берген бизди. Аябай коп жазып жибердим окшойт, кызыктуу окуялар коп болот))).
♔ Aytku(love)a ♔
#4 09 Май 2016 - 10:39
Менин да эсиме тушуп кетти ... агам экообуз маршруткада кетип баратканбыз ..бишкекте ..орун жок болгондуктан туруп баратканбыз бир маалда маршрутка токтоп бир суннот кийинген сакалдуу молдо тушту ..отто таза адам экени сыртынан билинип турду ..даже обувь апапакай ..маршрут чайпалып бара жаткан бир кезде каттуу токтогондо байкабастан бутун тепселеп алдым ..жаман коргондой сезилип кетти мага сумкаман шаша буша салфеткам менен арчый койом деп сумкамы чачып алдым шарфымда мойнуман суйулуп тушту жаман жудодумгооо ... ангыча биздин остановкада келди ..баягы кишиге жон калбай жугунуп жугунуп коем кечириниз деп оозу ачылып эле мени карап кала берди ..тушкондон кийин агам мне болдун жаман жудодунго деп коет..азыр ошол абалымды эстеп кулуп калам..)
#5 09 Май 2016 - 11:05
Маршурткада баратсам жашы улгайып эле калган аял экен. Киевский Бейшеналиевага жеткенде маршуртка токтоп жургунчулорду алып жаткан. Жанакы аял баласынын пакеттеги кусундусун чалп эттирип эле эшигин ачып кочого таштап салды. Фуу аны коруп барчу жериме кантип тангалып атып жеткенимди да, билбей калгам.
)
#6 09 Май 2016 - 11:08
Анан бир жолу сабактан келатсам Советскийден апасы м.н жашы 4-5 тердеги бала маршуркадан тушуп туруп, кайра эшикти ачып "айдоочу байке пока" дегенде маршурткадагылардын баары каткырып калышкан.
)
#7 09 Май 2016 - 11:22
Менин жарым кунум маршрутка да Отот. Бирде сабактан чарчап чыгып настрой жок кетип аткам пешеход жанык турат(дом бытадагы мосттун пешеходунда гаи Болсо токтойт болбосо олдун дей берда) отуп барайтсам 125 маршрут сигнал басат менин жолум дегенсип былтыйып секин бастым дагы сигнал басып кыйкырындыле жиним келип Бир тепсем фары кырс деди айнектен башын чыгарып суйлонуп атат рас кылам Деп кыйкырып коюп жолуму улап баса бердим аркасында турган машинадагылар каткырып кулгон бойдон кетишти.
#8 09 Май 2016 - 11:30
Ошто былтырлары Бир Эле тралик каттайт Эле да точнее Бир каттам болчу,востокто конечныйдан чыгып биофака келгенде тушуш керек болуп калды 6 сом жалко Анан Тушуп калайлы адашып башка тралике чыгып алыппыз Деп Тушуп кеткенбиз шофёр тан калып тушунуп тушунбой калып кеткен ичиндеги адамдар каткырган бойдон калган
#9 09 Май 2016 - 11:35
Бир жолу университеттен чыгып 148-ге олтурдум.. Узуун спринтер экен, жанымды карасам универде чогу окуган бала турат.. Ал дагы кыйраткансып мен жакта жашайт.. Ичимен жаман көрчүп койдум аны, мен түшсөм эле ушу түшүп алат, эми дагы тиктешип барат экенбиз да деп.. Маршрутка каттуу скорость менен келип резко токтоткондо аран карманып келаткам чынын айтканда.. Бир убакта ушундай бир каттуу тормоз берди эле астынкы терезе жакка учуп барып бирөөгө чапташып эле калдым.. Шашып, оңдонуп, түздөнүп карасам жанагы бала күлүп карап турат..
Ушундай жаман ыссып эле чыккам.. Каткырып эле күлгүсү келди окшойт, карманып койгондой сезилди мага..


Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#10 09 Май 2016 - 16:58
Бир киши аялдамадан узап бараткан автобусту токтотуш үчүн артынан ышкырып, кыйкырып кууп жөнөптүр. Аны байкап калган айдоочу, байкушту аяп токтотуп эшигин ачып бериптир. Баягы унаанын артынан келатып чаңга оозу-мурду толгон неме, кирип эле чүчкүрүп-бышкырып атып, бир маалда байкабай арт жагынан да тыырк этип койо берип алыптыр. Анан байкуш уялганынан кайра эшик жабылгыча секирип чыгып кетиптир. "Ээ түшпөсөң койчу"-деп нааразы болгон айдоочу эшигин жаап жылайын деп атса эшик жактан бирөө "эмне бу кишини ушун үчүн күттүк беле?"- деп койот дейт.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#11 09 Май 2016 - 20:52
Бир жолу 100 го тушуп калдым. Ичинде отургучтарда эл, анан 2-3 эле бала туруп баратат. Шопурдун артында экран бар экен. Андан ар кандай рекламалар,
приколдор кетип атат. Бир маалда кулкумуштуу бир ролик кете баштады. Каткырып жибербейин деп озумду аран кармап отурам... Бир маалда арттан бироо чыдабай кулуп жиберди эле ичиндеги элдер кыраан каткырыкты бир салдык дейсин. Корсо баары аран карманып отурушуптур да
Реал чемпиооон!!!
#12 09 Май 2016 - 22:55
Ошский райондо жашачумун. Досум востокко чакырды кееч болуп калган. Маршруткада баратсам жанымда бир бала отурган. Улам телефонуна звонок келет. Албай очуруп коет. Бир маалда : "чон кыз трубканы алып, мен телди таап алдым, бербейм деп айтып койчу"- деди. Макул деп смело трубканы алып " да " дедим. Ээсине берип койгулачы телди дейт. Жок мен таап алдым десем, суйунчусун деле берейин ээсине кайтаргылачы деди. Жок мага тел жагып калды, бералбайм десем, хотя флешкасын бергиле деди. Омей сен кандай кызсын, флешканы бергени барганда мени таанып каласынго десем, анда бир белгилуу жерге таштап кетчи, флешкам ото керек деди. Койчу, башымы оорутпачы флешканы формат кылып салам десем, Кудайдан корксонор болоор эле , башы козумо садага деди. Унчукпайле очурдум. Анан тиги балага айттым. Если девушкан болгон болсо, акылдуу кызкен. Урушуп, согушпой тек гана Кудайга коюп койду десем кулгонле. Ова жакшы кыз деп.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#13 10 Май 2016 - 14:52
Кайсы бир радиодон маршрутканын айдоочуларын ырдатып жарыштырат го бир күнү шашып бир жерге кетип аткам 195-маршрутканы токтотуп чыксам радиодо 195-маршрутканын айдоочулары ырдап атыптыр аябай ырдашты анан кезекти (бир маршрутканын номерин айтып) ошолорго узатабыз деп бүтүрүштү, анан айдоочу телефону менен бирөөлөргө чалып "ээй сонун ырдадыңар,Паланча да сонун ырдады, Түкүнчөнү айтпай эле коёюн анан мынттиңер анан тигинттиңер"
деп сүйлөп бүтүп башкасына чалат анан аны да мактап жактап ошентип улам өчүрүп улам башкасына чалып куттуктап атты анан мен түшүшүм керек болуп эшигине келип "токтоп коюңузчу"
деп айттым токтобой өтүп кетти кайра айттым токтобойт кайра кайра айтсам деле телефондо каткырып сүйлөшүп мактап жактап эч эле токтобойт мен турам эшигинде какайып жинимдин келгенин айтпа катту айтсам деле укпайт айдап эле баратат акыры чыдабай калганда кыйкырдым "Байке бүгүн токтойсузбу?
" деп ошентип Логвиненкодон түшүшүм керек болгон жаным Советскийге жетеин дегенде түштүм жиним аябай келип кудуранып ар нерсени сүйлөнүп эшигин өллө каттуу жаап салдым "таарс!
" дегенинен өзүм да чочуп кеттим сынып калбадыбы деп. Негизи маршруткаларды абайлап жабам айдоочу жини келбесин деп бирок ошондо ачуум келгенинен өзүмдү баса албай калдым.
Билдирүүнү түзөткөн: Jadyrashka: 10 Май 2016 - 14:56
Внешность - это козырь , но не туз…
#14 10 Май 2016 - 16:46
Таксиде болгон окуяларды деле жазса болсо керек э?
Бир жолу апам экөөбүз маршрутка күтүп турабыз, же андан дайын жок. Бир маалда такси келди "Чыга бергиле 10 сомго алып барып коём " деп. Таксиге отурдук, кетип жатабыз. Бир болсо жүзгө коюп айдадыго, көчөлөр тар. Көрсө айдоочу мас экен. Апам отургандан баштаган " Ай, токтот, токтот дейм " деп. Центральный көчөдө пробка экен. Өзү эки катар машина турса, үчүнчү катарга кошулуп айдап кетип жатат, латокко түшүп калышыбызга аз эле калды.
Таксиден түшкөндө апам эшикти сындыра эле жапты го. Ичинде дагы бир жүргүнчү бар экен. Ал эже болсо " Силер го эчтеке эмес, мен оо ..... жерден баштап келе жатам " десе аябай эле күлдүм го. Ошондон баштап апам эч таксиге чыкпай калган, такси токтосо эле " 5 сом болсо дагы чыкпайм, кетебер" деп.
Бир жолу апам экөөбүз маршрутка күтүп турабыз, же андан дайын жок. Бир маалда такси келди "Чыга бергиле 10 сомго алып барып коём " деп. Таксиге отурдук, кетип жатабыз. Бир болсо жүзгө коюп айдадыго, көчөлөр тар. Көрсө айдоочу мас экен. Апам отургандан баштаган " Ай, токтот, токтот дейм " деп. Центральный көчөдө пробка экен. Өзү эки катар машина турса, үчүнчү катарга кошулуп айдап кетип жатат, латокко түшүп калышыбызга аз эле калды.
Таксиден түшкөндө апам эшикти сындыра эле жапты го. Ичинде дагы бир жүргүнчү бар экен. Ал эже болсо " Силер го эчтеке эмес, мен оо ..... жерден баштап келе жатам " десе аябай эле күлдүм го. Ошондон баштап апам эч таксиге чыкпай калган, такси токтосо эле " 5 сом болсо дагы чыкпайм, кетебер" деп.
:)
#15 10 Май 2016 - 18:11
Негизи, маршруткада жон кетпей ар жерин чукулааап кеткен адатым бар.)) Бир жолу ошол адатым кармап, отургучтун арт жагын кармап келе жаткам, анан эле колум домпойгон бир нерсеге урунду. Оюмда чехолдун топчу-сопчусу го деп аны ары-бери кайрып, тырмап, жиндидей эле болуп ойноп жаттым (ойлонуууп кетип аткам,негедир карап корбопмун). Анан эле сыйпалап-сыйпалап таппай калдым. Мындай карасам эч нерсе жок, бир эже мени карап кулуп жатыптыр. Корсо, ошол эженин бармагын ойноп келипмин.))
#16 10 Май 2016 - 18:32
Бир окуя дагы эсиме тушту..метродо болгон да ..жаза берейинчи ..москва..метро киевскаядан отуруп войковскийге бара жаткам..беларусскаядан переход кылып поездге туштум..кулагымда наушник музыка жанырып жаткан ..бир маалда алдыма эки кыргыз бала туруп калышты ..экоо бир нерселерди суйлоп мени карап кулуп коюп бара жатышкан мен калп эле эч нерсени тушунбогон адам болуп козумду жумуп коюп кетип аткам ..бир маалда ойго кирип кеттипмин "станция сокол" -дегенде шаша буша чыгайын деп калыпмын кайра токтоп калдым а войковскийге жете элек экенмин деп ..жанагы эки бала мени какшыктап эле жатып калды " ии туш бол тушпойсунбу " деп ..бир жагынан кулкум келсе бир жагынан озумо озум эиним келет ..ойлоп коем дагы шашканга жараша тушуп кала бербей деп ..кайра унчукпай наушникти кулака салдым да вы о чем дегендей ..станцияма жеткенде атып туштумго..))
#17 10 Май 2016 - 18:41
Бир жолу группалаш кыздар ызылдап маршруткага чыгып калдык.Анан эч кимди козго илбей суйлошуп,каткырып кеткенбиз.Бир группалаш кыз жаман катуу кулдуле бир аял "девушки это город"деп бизди уят кылган.Айдоочу дагы тушкуло ызылдайт экенсинер дегенде астоновкага жеткенде жол акы бербей эшигин катуу жаап тушуп кеткенбиз.Жол акыны берип тушойлук десек бара турган жерге жеткен эмеспизда))
Бул кылыгыбыз туура эмес экенин билсемда копчулукто айла жок экенда((
Бул кылыгыбыз туура эмес экенин билсемда копчулукто айла жок экенда((
Билдирүүнү түзөткөн: Geran: 10 Май 2016 - 18:44
#18 10 Май 2016 - 18:48
Бир жолу траликте кетип жатсам алдындагы траликтен авгон алып отуп кетсе болобу,
#19 10 Май 2016 - 19:14
#20 10 Май 2016 - 22:33
poping.dance (10 Май 2016 - 18:48) жазган:
Бир жолу траликте кетип жатсам алдындагы траликтен авгон алып отуп кетсе болобу,
Трамвай трамвайдан метро поезд алдындагы поездден авгон алып отуп кеткенин да корбодунбу эле ? ))
Биринчиден тролейбустар баардыгы мамлекеттик же кайсы бир мекемеге таандык. Алар тролейбус айдоочуларына айлык толойт. Айдоочуларга баарыбир адам чыгабы чыкбайбы алдында же аркасындагы коп адам ташып баратабы аларга кызыгы жок. Оздорунун кунумдук рейсин убактысы боюнча аткарат. Жеке менчик маршруттук автобус же кайсы бир мекемеге таандык автобусбу айлык албай план толтуруп иштесе, ошондо бири биринен оозуп адам толтурууга аракеттенмек. Ананда тролейбус зым чубалгы мн жургону учун артындыгы алдыга ото албайт болуу к.к