Суперстан: "АК ТЕРЕК, КӨК ТЕРЕК" дебаттык талкуусу! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"АК ТЕРЕК, КӨК ТЕРЕК" дебаттык талкуусу! Супер форумдун, супер талкуу жараткан форумчулары үчүн!

#41 Пользователь офлайн   mega777   16 Май 2016 - 20:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения Vazir (16 Май 2016 - 18:13) жазган:

Дээрнинен да таасир этет бул пикиринизди туура эмес деп айта албайм бирок, калыптаанусун дээринде бар деп же Хандын тукуму хан болот деп айтып коюуу туура эмес. Дээр деген бул жон гана " момо" аны кантип туз остуруу бул тарбия, багбанчыдан коз каранды тагыраагы ата энеден коз каранды, кыйшык осуп калаган сон аны кесип кана кутуласун.


Кыргызда "Дээринде бар мунун!" "Дээринде жок!"деген бекеринен айтылбаса керек.Ошол бир туп момонун деле дээри-тамыры бекем болсо эч кандай коомдогу-сырттагы бороон,шамал жыгып тушо албайт го дейм.Ошол сынары дээринде жок баланы "аа демектен бооо "десен деле баарыбир куюлган калпына,дээрине карай кетет.Дээринде жакшы бала сырттан канчалык жаман чойро,тескери тарбия таасир этпесин кыйшайса тиги момого окшоп кыйшаяр бирок негизги тамырын жоготпойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Daud   17 Май 2016 - 00:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Дээринде бар деген созду генинде бар деп тушундум. Албетте гендин да таасири бар. Ошондуктан да баланын тарбиясы болочок тугоюнду тандаганда башталат деп айтышат кээ бир акылмандар. Бирок дээринде болсо эле болду, ага башка нерсе таасир этпейт же дээринде жок баланы канчалык суйросон да мойнунан жетелеген ит ууга жарабайт дегенге окшоп, андан ийгилик кутууго болбойт деген ой да туура эмес деп эсептейм.

Болгону дээринде бар баланын дээринде жок балага караганда бир аз артыкчылыгы болот. Бул кээ бир балдардын физикалык тузулушу башкалардыкына караганда жакшыраак болгону сыяктуу эле деп билем. Мисалы кээ бир балдар торолгондо эле салмактуу, сооктору жоон болот. Эгер бул бала чонойгондо спорт менен машыкса андан жакшы спортчу чыгышы мумкун. А эгер машыкпаса ага берилген дене тузулушко карабай андан барибир спортчу чыкпайт.

Ошол сыяктуу эле балдарда ага ата энесинин генинен откон кээ бир жондомдуулуктор болот. Бирок ал балага туура тарбия берип, ал жондомдуулукту туура багытка буруп турбаса анда анын бул жондомдуулугу ага эч кандай пайда бербейт деп эсептейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   windom   17 Май 2016 - 00:51

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 03 Январь 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 18:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шылдырап аккан тунук булак боюндагы боз уй

Салам,урматтуу айымдар жана мырзалар! Учурдагы биз талкуулап жаткан теманын негизги озогун " БАЛАНЫН ТАРБИЯЛУУ ОСУШУ ДЭЭРИНЕНБИ ЖЕ КООМДУН,АТА ЭНЕНИН ТАРБИЯСЫНАНБЫ" деген маани тузот экен. Асылзат айымдар жана албуут жигиттер мен сиздерди толугу менен ишендирип кете алам баланын мыкты адам аталышынын негизин албетте тарбия,коомдун таасирлениши тузот. Эч кандай дээринен коз каранды эмес.

Созум куру болбосун учун жогоруда жазып откон бир мисалымды терендетип сунуштоону эп кордум.
Мисалы; бир уй-булоодо эч кандай дин жок,жалган дуйнонун жарыбаган байлыгына манчыркап жашашат, Колдун кири аталган коп байлыгына ишенип, текеберленишет, адамдарды байлык,бийлигине карап болуп,мамиле жасашат. Сыноо дуйнодо мына ушундай бир уй-булоо кун кечирип жатышты. Айлар жылга алмашып аларга Аллахым балакандай бобок берди. Ал бобок "боорун жерден которгон" кезден баштап,бала бакчада диндар уй-булоонун перзенти менен чогуу журду, мектепке чогуу барды. Мына ушул досунун себепкер болуусу астында ал озуно динди кабыл алды. Ыйман жолуна тушту. Алсыз пенделерге жардам берди,байлыкты, бийликти эмес, илимди жогору койду. Жан дуйносун байытты.

Демек бул перзенттин кандай болуп калыптанышына коом таасир этти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   gulkar   17 Май 2016 - 01:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 870
  • Катталган: 12 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2019 01:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргыз жерим!

Дээринен да, ата-энесинин тарбиясы да,и жанында курчаган адамдардан да коз каранды.Бир эле жакты алып караганда болбойт.Ата- эне улгулуу тарбия берген кундо деле,достору тентек болсо аларга ооп кетет да,уйго киргенде койдон жоош болуп чыга калышат.Достору жакшы болсо,уйундо ызы-чуу боло берсе,баланын кулк мунозу озгорот.Дээринен болгондо адам темир эмес да,баардык шартка,жашоого озгоруп кетиши мумкун.Ошондуктан ар тараптуу колдоо керек.
Никогда не сдавайся.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   windom   17 Май 2016 - 01:08

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 03 Январь 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 18:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шылдырап аккан тунук булак боюндагы боз уй

Дагы бир мисал; айымдар сиздер айтып жаткан баланын "ДЭЭРИН" шылдырап аккан тунук булактын башы ( козу ) деп салыштырып, элестетели. Ал булак оз нугунда кое берсек агып келип балким ылай сууга кошулду. Эгер ага арык казып, нугун буруп балким кереметтуу Ысык-Колдой колго кошуп койсок болот.

Демек урматтуу кымча бел кыздар, бала дээринен булактагы таптаза суудай, акылдуу ыймандуу торолсо да,оз нугунда барып ылай сууга кошулган булак сымал озунун чойросунун таасири астында жаман жолдорго тушуп, кир суудай "булганыч" адамга айланып калуусу толук мумкун. Эгер анын нугун буруп,арык казып колго кошкон сынары эле туура тарбиялап, келечекке болгон багытты туура берсе балким чайпалган кол сымал суктанаарлык, таза коомго кошулуусу айныгыс кеп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   17 Май 2016 - 01:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Ва Алейкум Ассалам, баарынын саламын топтоп бир алик алып коеюн))

Тарбия бул ар бир адамга чоң же кичине экенине карабай керек. Бул нерсе эң биринчиден уйдун башкаруучусу катары атада болуусу кажет. Ата бул уй булонун тарбия очогу, ага карап уй було мучолору оздорун туздошот. Ал аялын тарбиялайт. Демек эркек адам тарбияны озунон башташы керек. Ар бир адам, кун сайын озун бугунку кунго караганда эртенки куну жакшыраак адам болууга умтуулуусу кажет. Аракетсиз откон кун текке кеткен убакыт.

Экинчи адам бул уйдун энеси. Эгерде акыл эстуу, тарбиялуу уул кыздарды куткун келсе аялды жакшылап тандоо керек. Жана аялды келген кунунон баштап ошол уйдун шартына жараша тарбиялоо. Аял куну кечке уй иштери менен алектенип уйдо болгондуктан, анын балдардын тарбиясынын негизги булагы десек болот.

Тарбия кандай берилет? Тарбияны кээ бирки адамдар соз менен айтып тушундурууго аракет кылышат, бирок, бул жолу эффектифдуу эмес. Аны озу улгу катары корсотуу керек, наристе айткандан эмес коргонунон кобуроок кабыл кылат. Кылган жакшы иштери учун белек же жакшы соз аркылуу мактап кою, жаман иштери учун эскертуу.

Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuxammet: 17 Май 2016 - 01:41

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Respect.   17 Май 2016 - 03:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Просмотр сообщения mega777 (16 Май 2016 - 20:30) жазган:

Кыргызда "Дээринде бар мунун!" "Дээринде жок!"деген бекеринен айтылбаса керек.Ошол бир туп момонун деле дээри-тамыры бекем болсо эч кандай коомдогу-сырттагы бороон,шамал жыгып тушо албайт го дейм.Ошол сынары дээринде жок баланы "аа демектен бооо "десен деле баарыбир куюлган калпына,дээрине карай кетет.Дээринде жакшы бала сырттан канчалык жаман чойро,тескери тарбия таасир этпесин кыйшайса тиги момого окшоп кыйшаяр бирок негизги тамырын жоготпойт.

Ошол эле учурда "мунун ата-энеси жакшы адамдар эле, бул кимди тартып калган" деген сөздөр да айтылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Respect.   17 Май 2016 - 03:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Тарбия берүүдө ата-эненин салымы чоң, азыркы убакта көпчүлүк ата-энелер акча, бийлик, байлык деп жүрүп балдарын тарбиялаганга убактысы жок болуп жатат. Тарбиясы жок балдардын басымдуу бөлүгү ошол бардар үй-бүлөдөн чыгат. Жашынан эмне кааласа ошону алып берип, айтканын аткарып мындайча айтканда көөп кетишет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Respect.   17 Май 2016 - 03:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Баланы жашынан барды бардай, жокту жоктой, анча мынча ач калып, ток калып, ак-караны айырмалай ала турган кылып тарбиялоо керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   ere   17 Май 2016 - 08:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 874
  • Катталган: 16 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Июн 2025 10:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:KGZ

Бир акылман айткан экен балдарынызга кантип тарбия бересиз дегенде менин жасаган иштеримди коруп байкаган балага озу тарбия деген экен.
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.

Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.

Бакыт - деген телегейи тептегиз,

Там-Туң баскан наристенин кадамы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Kg.lady   17 Май 2016 - 12:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Негизи тарбия жөнүндө сүйлөөгө келгенде дайыма тарткынчыктайм. Анткени менин жөжөлөрүм али кичине,бирөөнын тарбиясынада да кээде сын айтуудан айбыгам. Себеби меникида каз-катар жетилип келе жатат. Жөжөнү күздө сана дейт, жеке мен үчүн күз келе элек.
Ошентсе да оюмду айта берейин.
Бала губка сыяктуу, көргөнүн, укканын баарын өзүнө сиңире берет. Мейли үйдөгү болсун, мейли көчөдөгү болсун.Бул нерсени мен кыздарымдан байкайм. Сыртка чыгып дайыма бирге ойноп жүргөн жаш балдардын манераларын кээде өзүнө сиңирип алат. Сүйлөгөнүн, жүрүм-турумун айтоор, майда деталдарына чейин. Кээде оюңа келбеген сөздөрдү сүйлөп таң калдырат.
Мына ушул сыяктуу нерселер улам күн өткөн сайын калыптанып отуруп, бир мүнөздү пайда кылуусу мүмкүн Ата-эне ошол сиңирип жаткан нерсесин талдап-таразалап туура жолго салып туруучу маяк болушу керек.
Балага эч качан акыл айтып туура багыт бере албайбыз, акылды айтып-айтып өзүбүз ошол нерсени аткарбасак бала кайдыгерликке үйрөнөт.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 17 Май 2016 - 12:55


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   aijan   17 Май 2016 - 14:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Менин пикирим кайда кошулат, билбедим, чынында. "Имхо" деп туруп баштай берейинчи:
Имхо, менимче, балага уч нерсе таасир берет. Эн негизги муноздун пайдубалы балада торолгондо эле болот. Бала актай барак сымал сапсим таптаза торолбойт. Ал озунун темпераменти, мунозунун эн-эн негизги белгилери менен кошо торолот. Мисалы, айрым балдар торолгондон шок, бир ордунда турбаган, физикалык активдуулугу куч, шарт-шурт кыймылдаган, ошого жараша эмгенде катуу, кагып эмип, уйкусу катуу, анча-мынча нерсени тоготпогон бала болуп торолот, башкалары баамчыл, физикалык тараптан анчейин активдуу эмес, бирок кыялы менен жер кезген, бир эмип, бир эмбей, маанайы озгорулмо, уктаганда деле кулагы "шырт" эткенди уккан, "териси жука" болуусу мумкун. Эми варианттары толтура.

Анан бала кичинекейинде ата-эненин таасири куч. Бала али коомго аралаша элек болгондуктан, коому ата-эне болот да, алардын айтканы, кыймыл-аракети, бирдемеге болгон реакциясы бала учун улгу болот. Бул маалда алар ата-энени ката кетирбеген укмуш акылдуу жан корушот, оздорун болсо ата-эненин, айрыкча эненин болугу катары корушот. Керек болсо озун "мен" дебей, атынан айтып учунчу жак менен суйлошот, мисалы, "Айдай суу ичет" дегендей. Болжол менен уч жаштан ары гана оздорун оз алдынча болуу процесси башталат да, бала чоноюп, коому, чойросу кенейе баштайт.

Бала бакча, андан сон мектепке баргандан тарта ата-эне да адаша турганы алардын абройун ылдыйлата баштайт. Мына ушул маалдан тарта баланын жеке коз карашы калыптанып, акыл-эси толугу менен чонойгончо курбуларынын жана ал лидер туткан адамдардын пикири чон мааниге ээ болот да, ушулардан бала улгу алат. Ошого бул маалда деле ата-эне балага жакын болуп анын лидерлкр катарына кируусу маанилуу. Жалан гана бир тараптуу( ата-энеден балага) эмес, баланын да пикирин уга билуу, чогуу бир пикирге келишуу тарбия тараптан абдан чон мааниге ээ.

Дагы маани бере турган нерсе, кимдер менен бала кобуроок убакыт откорсо, ошолордун таасири чон. Ошондуктан ата-энелер балдарына убакыт болгондо анын сапатына эле эмес, санына да маани беруу керек. Жонокойлоткондо, жекшемби куну бир ирет паркка алып чыкканга караганда кунуно жарым саат- бир саат болсо да пикир алышып, конул болуунун таасири чон. Албетте, жумуштун арты менен жекшемби кундору гана корушууго мумкун болсо айла жок, бирок убакыты бар болсо анда кунуно баарлашып турган жакшы.

Билдирүүнү түзөткөн: aijan: 17 Май 2016 - 14:44


Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Gupa   17 Май 2016 - 17:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Менин оюма бир нерсе келди, бирөөгө аял тандамакчы болушуп, анан аялдын сийген жерин барып карашып, бул аялдан желмогузу да, башкасы да төрөлөт, анан барып баатыры да төрөлөт деген го, мунун түпкү берейин деген ою энеден көз каранды дегениби?

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Gupa   17 Май 2016 - 17:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Дагы бир мындай пикир калтырайын деп чечтим) Эми түйүлдүктөн кийинки курактар, өспүрүм курак жөнүндө. Чоң ата, чоң эненин колунда чоңойгон бала таланттуу, билерман, эми чоң аталардын жомогун көп уккандан чыгармачыл болуп чыгат. Бирок көбүнчө түнт, тартынчаак, ээрчиме болуп чоңоюп калат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Gupa   17 Май 2016 - 17:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Анан жогоруда бардар үй-бүлөнүн баласы көбүнчө тарбиясы жок болот деген пикир калтырган турбайбы укам) Баланы тарбиялоодо бала алам деген нерсесин алдырып чоңойтуш керек деген пунктту окугам, бул нерсе балага максатын ишке ашырганды үйрөтөт, алдыга умтулуп, кыйынчылыктарды жеңе билүүнү да үйрөтөт экен. Бирок ак-караны айырмалай билүү үчүн ата-энеси түрткү болуп турушу керек. Ал эми, тескерисинче, кедей үй-бүлөнүн баласы тарбиялуу болот деген да болбойт, анткени бала дайыма каалаганына жете албай, башка курдаштары жеген, ичкен, ойногон нерсени ойной албай өзүн кем сезип жүрүп, ал баланын ою да бузулуусу мүмкүн, психологиялык жактан да жабыркашы мүмкүн.
Мен бир жигитти көрүп, ушундай пикирге келгем. Ал өзүнүн апасы өтүп кетип кичинесинде, атасы башка бүлө менен, таежесинин колунда чоңойгон. Ал көп тентектик кылган, уурулук кылган экен убагында, жалган айткан. Таежесинин өзүнүн баласы бар, бирок ал ууру кылбаган. Мен ушул нерсеге таежесин күнөөлөйм, анткени ал жетим калган баланы сиңдимдин баласы деп бооруна алганы менен, өзүнүн баласы менен тең карабаган болуш керек, бала тиги жеткен нерселерге жеткиси, алгысы келип, анан уурулукка баргандыр деп. А жалганчылыгы, атасына бир барып, кайра таежесине бир барып жүрүп, ортодо эки жактын эки башка пикиринен жалган айтканга мажбур болгон, ошентип жалганчылыкты да үйрөнгөн.

Биз, кыргыздар баланы "сен сүйлөбө, агаң же эжең сүйлөсүн, сен кичинесиң, сен оюнуңду билчи, сабагыңды окучу" деген сыяктуу сөздөр менен чектей беребиз. Жыйынтыгында бала өзүнүн жеке пикири жок, башканын оюн ээрчиме, тартынчаак болуп чоңоёт.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Cholpon94   17 Май 2016 - 17:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 52
  • Катталган: 18 Май 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2017 21:36

Баланы кичинесинде уруп урушпаш керек, чонойгондо мееримсиз болуп калат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   jetinur90   17 Май 2016 - 17:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Просмотр сообщения Gupa (17 Май 2016 - 17:05) жазган:

[size="3"]Менин оюма бир нерсе келди, бирөөгө аял тандамакчы болушуп, анан аялдын сийген жерин барып карашып, бул аялдан желмогузу да, башкасы да төрөлөт, анан барып баатыры да төрөлөт деген го, мунун түпкү берейин деген ою энеден көз каранды дегениби? Энеден да коз каранды дегени. Аялдын заара ушатканынан да байкап,эгер заарасы жерди оюп жиберсе напору кучтуу болуп)) ден соолугу мыкты,жатыны таза жана чон,баланын организми ар тараптан кемчиликсиз кенен жетилет экен туйулдукто деп баамдашкан. Эскилердин усулу кантсе да сонун да,карачы. (Алымбек Курманжанды аларда андыткан дешет)
Анан эненин заарасын мин андыса да Айгыр начар болсо айла жок да)) Бул усулду атактуу Амир Темир да колдонгон дешет балдарына келин тандоодо. Айткан созу бар,мен учун бала тарбиялап,келин тандоодо мамлекеттин иши бир тен,уй-буломдун койгойу бир тен болду. Болочок келиндин келбети кандай,мунозу, саламаттыгы кандай,ата-энеси, генинде кандай адамдар откон,кандай кеселдик бар,баарын суруштуруп, тандап анан уйлонттум уулдарымды деген. Айтканындай кийин урпагынан канча баатыр,саясатчы, илимпоз чыкты.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   jetinur90   17 Май 2016 - 17:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Просмотр сообщения Gupa (17 Май 2016 - 17:07) жазган:

Дагы бир мындай пикир калтырайын деп чечтим) Эми түйүлдүктөн кийинки курактар, өспүрүм курак жөнүндө. Чоң ата, чоң эненин колунда чоңойгон бала таланттуу, билерман, эми чоң аталардын жомогун көп уккандан чыгармачыл болуп чыгат. Бирок көбүнчө түнт, тартынчаак, ээрчиме болуп чоңоюп калат.

бир гана чыгармачыл эмес,башка тараптан да мыкты эле болот. Тунт,тартынчаак, ээрчиме болот дегенине анчейин кошула албайм. Эрке,боорукер, айтканын бербеген ожор десен жарашмак. Кары менен оскон бала даана болот,бала менен жургон кары бала болот деп бекерге айтпагандыр элибиз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   jetinur90   17 Май 2016 - 17:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Просмотр сообщения Gupa (17 Май 2016 - 17:09) жазган:

Анан жогоруда бардар үй-бүлөнүн баласы көбүнчө тарбиясы жок болот деген пикир калтырган турбайбы укам) Баланы тарбиялоодо бала алам деген нерсесин алдырып чоңойтуш керек деген пунктту окугам, бул нерсе балага максатын ишке ашырганды үйрөтөт, алдыга умтулуп, кыйынчылыктарды жеңе билүүнү да үйрөтөт экен. Бирок ак-караны айырмалай билүү үчүн ата-энеси түрткү болуп турушу керек. Ал эми, тескерисинче, кедей үй-бүлөнүн баласы тарбиялуу болот деген да болбойт, анткени бала дайыма каалаганына жете албай, башка курдаштары жеген, ичкен, ойногон нерсени ойной албай өзүн кем сезип жүрүп, ал баланын ою да бузулуусу мүмкүн, психологиялык жактан да жабыркашы мүмкүн.
Мен бир жигитти көрүп, ушундай пикирге келгем. Ал өзүнүн апасы өтүп кетип кичинесинде, атасы башка бүлө менен, таежесинин колунда чоңойгон. Ал көп тентектик кылган, уурулук кылган экен убагында, жалган айткан. Таежесинин өзүнүн баласы бар, бирок ал ууру кылбаган. Мен ушул нерсеге таежесин күнөөлөйм, анткени ал жетим калган баланы сиңдимдин баласы деп бооруна алганы менен, өзүнүн баласы менен тең карабаган болуш керек, бала тиги жеткен нерселерге жеткиси, алгысы келип, анан уурулукка баргандыр деп. А жалганчылыгы, атасына бир барып, кайра таежесине бир барып жүрүп, ортодо эки жактын эки башка пикиринен жалган айтканга мажбур болгон, ошентип жалганчылыкты да үйрөнгөн.

Биз, кыргыздар баланы "сен сүйлөбө, агаң же эжең сүйлөсүн, сен кичинесиң, сен оюнуңду билчи, сабагыңды окучу" деген сыяктуу сөздөр менен чектей беребиз. Жыйынтыгында бала өзүнүн жеке пикири жок, башканын оюн ээрчиме, тартынчаак болуп чоңоёт.

ар ким жерди оз карышы менен олчоп,акылынын жетишинче ойлонот да туурабы?
Эми мен да пикирине кошулбаган жерлеримди жаза кетейин жаман корбо. Алам дегенин алып бере берсен берсен жейм бербесен олом деп коркутсачы? Тек кой,алам дегенин бираз чонойгон кезде иштетип оз мээнетине ал деп уйротсо,бала озуно ишенип осот беле? Менимче жаман жери жок да э мунун? Анан баягы ууру бала боюнча. Баланы эч ким айтпайт жалган суйло,уурда деп. Бирок именно ушуну кылат барып. Отко айдасан бокко качкан сапат. Ал генинен да адамдын. Бироо шок,бироо токтоо болот. Шок баланы тескеп турса акылына келгенде озу эле резко токтолуп,озун озу контролдоп алат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   jetinur90   17 Май 2016 - 17:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Анан тема боюнча да башка элдердин тарбиялык усулдарынан жазалы,улгу алалы. Мисалы еврейлер уйлонордон 2 жыл алдын ичимдик ичпей,ар тараптан организмин тазалайт экен. Дагы бир жагдай,мисалы чыныны бала сындырып алса биз кыйкырып баланын журогун тушуробуз. Чечкинсиз,коркконунан жалган суйлоо ушундан пайда болсо керек. Жогорудагы окуяны еврейдин баласы кылса,ал акырын суйлоп,балам, чыныны сындырып койдун го,эми тамакты эмнеге куюп ичебиз деп тушундурот экен. Жаман улут болсо да,тарбияны тарбиясыздан уйронсок да болот го. (Гулипанын акыркы пикири менен бир мааниде болуп калды,туура созду кантип четке кагайын)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: