Менда озумду жакшы эле баалайм,мен кыйынмын баары колумдан келет.Эч кимге коз каранды болбойм,баарын женем деп кунуно кайталап турам.
Кээде элдердин жинида келет
Өзүбүздү баалоону үйрөнөлү Самооценка жөнүндө кеп
#42 22 Май 2016 - 23:02
Er-jurok. (22 Май 2016 - 11:13) жазган:
Өзүн өзү баалоо деген түшүнүк ар кимде ар кандай экен да. Мисалы мындай, бизди Кудай Таала адам кылып,акыл эс берип,ошол эле кезде сулуу,ар түрдүү түс берип жаныбарлардан айырмалантып жаратты да.
Эми жаратып эле тим койбостон өзүнүн мыйзамдарын берип,ушул мыйзамдар менен жашасаң,ошол мен жараткан адам деген атка татыктуу болосуң деп койду.
Ал мыйзам Кураан шарият.
Ошол Кудай Тааланын ар бир айтканын берилүү,жана сүйүнүү менен аткарса дал ошол адам бактылуу болот,жүрөгүнө тынчтык келет,жашоосу ырахатга бөлөнөт. Муну ошол аткарып жүргөн адамдар жакшы билет,муну сөз менен айтууга мүмкүн эмес.
Бул адамдын өзүн өзү баалоосу.
Эми бул айтылгандардын баары тескери болсо,Кудайдын айтканын жасабаса,ал заттын кайтарган нерселеринен(арак, пиво,тамеки, уурулук,алдамчылык, )ушуга окшогон нерселерден тыйылбаса,бул адамдын өзүн өзү баалай албаган болот. Себеби бул инсан да.
Анан бир нерсени айта кетүү керек. Азыр психологдордун китептери адамдарды бузат. Ичин окусаң укмуштуудай сени аппак кылып, башка адамдардан өзүңдү бийик сезип,керек болсо Кудайды да унутасың баарын мен жасаймын,мен күчтүүмүн деп. Кудай Тааланын кудуретисиз инсан бир көзү жумулса ошол көзүн ачалбайт керек болсо.
Анан сен кантип күчтүү болосуң?!
Керек болсо дарактан бир жалбырак түшпөйт Аллаанын кудурети болбосо,жерден бир чаң көтөрүлбөйт, жараткандын кудурети болбосо.
Анан сен кантип кыйын болосуң?!
Анан сен кантип күчтүү болосуң?!
Кантип баарын өзүң жасайсың?!
Эгер адамдын колунда бир кудурет болгондо эчак Кыямат болмок. Баарын жараткандын буйругу менен жасайт адам.
Качан адам жараткандын мыйзамдарына баш ийип Кудайды тааныса,анан ал өзүн өзү жакшы тааныйт.
Дагы бир вариянты,адам баласы Кудайды жакшы тааныбаса,ал заттын кудуретин тан албаса, ал адам текебер болот. Мисалы мындай,шайтан алейхи наалатын Кудай Таала адамга сажда кыл дегенде,мен оттон жаралганмын, мен мындан бийкмин,бул топурактан жаралганга кантип сажда кыламын деп, текебер болот,бой көтөрөт менменсинет. Ушул кылыгы Кудайга жакпайт да,аны каафырга чыгарат. Себеби бой көтөрүү менменсинүү бир гана Кудайга таандык,калганы баары татыксыз, керек болсо периштелер да татыксыз.
Анан эле кылганын ишиң,айткан сөздөрүң баары шайтанский да,мен кыйнмын дейсиң,ал сенин кыйын экениңди билдирбейт, шайтан экөөң дос экениңди билдирет.
Шайтан ошентип мен кыйынмын деп,куугунтука айланган,ошон үчүн Кудай Таала шайтандын абройун эң төмөн кылды. Азыр бирөө бирөөнү урушса "шайтан" экенсиң деп урушат. Эч жерде уккан эмесмин "периште" экенсиң деп урушканын бирөөнүн.
Бул эмне себеп,так ошол бой көтөрүү менменсинүүнүн кесепетинен.
Мындай деген жакшы сөз бар ким өзүн өзү төмөн,жөнөкөй алып жүрсө Кудай анын даражасын көтөрөт,а ким өзүн өзү бийик сезип менменсинип, текеберденип жүрсө ал адамдын даражасын түшүрөт деген.
Ал эми эс алуу,өзүн өзү кароо,жакшы кийимдерди кийип таза жүрүү,жакшы жыпар жыттуу атырлады колдонуп жүрүү бул башка маселе.
Ошон үчүн улуу аалымдар,даанышмандар атагы чыккан адамдар эч качан бой көтөргөн эмес,тескеринчеси адамдардын эң төмөнү,эң жаманы мен болсом керек деп өздөрүнүн напсилерин ар дайым тарбиялап келген. Бирок ал адамдар ошол эле кезде мыкты кийимдерди кийишип,байлыгы бар,бийлиги бар,керек болсо падыша да болушкан.
Кыскасы мына ушундай.

Мунун бардыгын ким окуйи ухууу
жаримина чейин дагы окуй албадым зеригип
#43 24 Май 2016 - 16:46
Мен дагы озумду баалайм бирок элдин козунчо эмес, кузгунун мандайында туруп алып Аня сен мыктысын, озуно озун ишен, сенин колундан баары келет деп .