Урматтуу эже-сиңдилер бозо, жарма жасаганды үйрөтүңүздөрчү.
Бозо, жарма жасаганды үйрөтүңүздөрчү.
#2 05 February 2017 - 11:16
Сатып алгандан коро, үйдө өзүң жасаган пайдалуу болсо керек деп үйрөнөйүн деп жатам.
#4 10 February 2017 - 21:00
Мен жарманын эң оңой түрүн жасайм. Эң биринчи (7-8литр максым чыгат) малдын майын (чоң кашыктын башындай) майда туурап сызгырып алам (базарда тоң май деле сатат, ошол деле болот, чүкөдөй болсо жетет) сызгырылып бүткөндө сызыгын алып салам да кызып турган майга орто чыны (илгерки калың, оюулары бар чынылар болчу эле го, кеседен кичирээк, чай чыныдан чоңураак) менен бир жарым чыны арпа талканды салып кызаргыча кууруйм, базардан куурулганын деле сатып алса болот. 7-8 литр сууну кайнатып алып талканды салып чалыш керек, бөлтөктөрү калып калбагандай болуш керек, кайра бир сыйра кайнап чыккыча жанынан чыкпай карап туруу ЗАРЫЛ(!), болбосо ташып төгүлөт. Кайнап чыккандан кийин отту орто кылып койгон оң, татымына жараша туз кошуп талкан жарылгыча кайнатыш керек. Эми жарма бышты, иче берсенер болот, ал эми максым кылыш үчүн ушул жарманы муздатып (муздак эмес, жылуу кылып), ага 2 аш кашык ун салып, ачыткы (ШОРОнун максымы болсо андан сонун) куюп, жакшылап чалып, капкагын жаап, жылуу бөлмөгө коюп, жарым саат сайын чалып коюп турсанар аябай сонун болуп көбүрүп чыгат, ал ачыганынын белгиси, максым даяр!
Нет идеальной жизни, но есть идеальные моменты. ;-)
#5 10 February 2017 - 21:01

#6 14 February 2017 - 18:32

Чооң рахмат эже зерикпей жазганыңыз үчүн. Колуңузга береке.
#7 15 February 2017 - 15:31
Бозо учун 1чыны тааруу.1чыны акшакка 4литр сууну куюп ботко кылып бышырабыз.Оттон чыгарып.муздатып.
угуттан салып.аябай эзип бетин жаап 6саатка коюп коебуз.Андан сон сузуп алабыз.Бозо даяр.
#8 16 February 2017 - 00:21
Мен да бозо салганды уйронгум келет.Кененирээк жазгылачы рецебин.Угут дегенди каерде сатат?
#9 18 February 2017 - 15:53
Угут буудайдын ондурулуп мясуробкадан откорулгону.
Ошто болсонор радио-узелге жетпей.момо-
жемиш сатылган жерде сатылат.Озун ондурсон деле болот.Буудайды таза жууп ак кавучук сеткага салып кун тийген жерге илип 1жумадай суу себип турсан буудай агарып онот.Ошону мясуробкадан откоруп.кургатып кургак идишке салып аласын.4.5беш литр бозо учун 2кашык угут салсан жетет.
#10 19 February 2017 - 09:27
#11 19 February 2017 - 09:35
Жарманы мен сууну кайнатып,талканын салып дагы кайнатып муздагандан кийин сүзмону чалып айран кылып салып коеом эң сонун болот. Силер башкача кылат экенсинер. Малдын майы тон май кошуп.

Супер-Инфо
super.kg
видео