Менин жашоом телегейи тегиз, эн соонун жашоо болчу. Мандайга жазганын коробуз тура. Азыр ошол жашоомдун бир улушу да калбагандай сезилет... Биз 4 кыз 1 уулбуз. Ата энем бири бирин аябай суйуп турмуш курушкан. Ошондуктан да торолгонумдон бери алардын талашып, тартышканын коргон эмесмин. Бирине бири ойдодо обок, ылдыйда жолок болчу. Эжелеримдин баары окууну бутуп, экоосу орусияга иштегени кетишкен. Бироосу ЖОЖго тапшырды. А мен мектеп окуучусу элем. Алтын балалыктын аруу кундору менен алпурушкан секелек кыз элем. Ошол кундору бир эжем орусиядан келип, жигити менен тааныштырып калды. Болочок жездем аябай келишимдуу,
боорукер жигит болчу. Ал мени карындашым деп жакшы корчу. Арадан убакыт отуп, эжем кайра орусияга кетти. Ошондо жездем чалып кабар алып турчу. Бир куну сени менен иним таанышам деп жатат деп мени Руслан менен тааныштырды.
Мен анда 10- класста окуучумун. Ал кезде интернет деген жок болчу. Кундо телефон чалып, суйлошчуубуз.
Бир майрамдын урматы менен экообуз центрде жолугуштук.
Болочок жездемдин алысыраак тууганы болчу. Кыскасын айтканда экообуз бири бирибизге жактык. Ал шаарда окуйт эле. Кыз жигит болбосом да, дос сыяктуу суйлошчуубуз.
Ошондой кундордун биринде, бизге суук кабар келди. Туугандар уйго келип, топтолушуп оздорунчо башкача боло башташты. Аны апам эчак эле сезип, кайсы балам , эмне болуптур, тынч бекен деп санаага алдырып тынчы кетип атканын корунушунон билинип турчу. Бир кезде атамдын эжелери окуруп, бакырып эле кирип келишти. Артынан кепинге оронгон адамдын денесин которуп киришти. Корсо орусиядагы эжем , ишинен чыгып , жолду кыскартам деп жолдон отуп баратып, машина сузуп кетиптир.Бир машина Эч нерсесин калтырбай тебелеп кетсе , экинчиси сузуп барып дарака илип коюптур. Эхх, аны айтып жатып, эжем эске тушуп кетти. Эжем сулуу, жонокой, табармаан кыз эле. Апам озун жоготуп, арандан озуно келтиришти.
Атамдын акыбалын жазып тушундуро албайм.... Ошентип боздоп, боздооп эжекемди жерге бердик. Бул бизге ото чон сокку, кайгы болду. Коопко чейин озубузго келе албай журдук. Атам эжемден айрылгандан кийин озун карабай, бизден жашынып коп ыйлачу болду. Адам кайгысын ичине жуткандан коро, бироо менен болушсо кыйлла женилдесе керек эле. Бирок атам андай кылбай, ич ичинен эзилип журуп, катуу ооруп, сол буту колу иштебей , тошокто жатып калды. Каражат жагынан да тартыш боло баштады. Анткени 2 эжем иштеп, тынбай акча салчуу. Азыр барыбыз уйдо болуп калдык. Атакемди больницага жаткырдык. ЖОЖдогу окуган эжем да окуусун заочно кылып, орусияга кетишти. Менда мектептен коп калчу болдум. Апам атамды карап больницада.
Мен иним менен уйдо. Айтмакчы, эжемдин жаназасына жездемда келди. Аябай ыйлап, ал да жаман болду. Кийинчерээк мага чалып, конул айтып, жардам керек болсо тартынбай кайрылышымды айтты. Кыркында да, жылдыгына да келди. Руслан да ошол каргашалуу кундордо мага жолок болуп, сырдашаар адамым болду. Окуудан келсем уйдо апам ыссык тамагы, атакем кучагы менен тосуп алчу. Азыр бары озгорду. Уй мени жалгыз тосуп алат. Анда да капалуу, кандайдыр муздактык бардай. Уйдо телевизор сайылбай , музыка угулбай калган. Ээнсиреген уйдой эле. Инимди чон апамкынан алып келип, тамагын берип жетелешип больницага жоночуубуз.
Бир куну барсак, апам ыйлап атыптыр. Келбегиле эми деди. Иним ыйлады, анда атамды алып кетели деп. Апам мени козу менен ымдап, алып кет деди. Корсо байкуш атам, суйлой албай калыптыр. Колдон, буттан эми болсо тилден калыптыр. Иним кундо барып, атам менен эркелешип суйлошчу да. Ошого апам алып кет деген экен. Мына ушундай кунары жок кундордун бири дагы отуп жаткан кез эле... Авам келип, бир адамдык тошок салып кой , тынчыраак болмого деп кетти. Коп отпой эле атамы алып келишти. Врачтар больницадан чыгарып коюшуптур, жылыш болбойт деп. Баягыле апама оор болду. Жаш, кайраттуу апам заматта чачына ак тушуп, жудоп баратты. Эжемдер атамы кай жака алып барып болсо да сакайтууга аракет кылгыла деп оздору жебей бизге акча салып жатышты. Бирок атамдын омуру аз калган ээкен. Мен 11-классты бутоорго бир ай калганда бизди таштап кете берди. Айла жок жер чапчып, чынырып , жарым жетим болуп кала бердик. Мен мектептеги сынактарга катышып, ЖОЖго отууго сертификат алган элем. Ал нерседа ойго келбей, уйдогу куйут менен болуп журуп, ОРТ тестирлоого катышпай калдым. Такыр окуу жонундо унуттум. Эжем да окуусун таштап койду. Бир эле оюбуз апам. Ушул апам оорубаса экен, кыйналбаса экен деп тиленип калдык. Эжемдер кайра орусияга кетишти. Анткени атакемдин акыркы сапарга узатабыз деп карызга батып кеткен элек. Кыргыздарда олум деле той сыяктуу бир далай акчаны чапчып отуп калган тура. Эхх мына ушундай... Уйдо апам мен иним эле калдык. Айылдагы досторумдун бары окуу жайга тапщырды. А мен жон гана айылда журуп калдым апама колоко болуп.
Соолуган гүл.
#2 02 May 2016 - 13:31
Руслан менен суйлошуп бир азда болсо алаксыйт элем. Кочого чыксам бары мени аялуу карап, боору оорушчу. Ал нерсе мени ого бетер ойго салып, кыйначу. Ошондой кундордо Руслан мен сенин жанында болом дайыма, жардам керек болсо тартынба. Мен сени бактылуу кылам деп жанымда болду. Тынбай смс жазчу. Озунду кыйнаба , ыйлаба, жашоо алдыда. Сыноого сынба жаным. Бул кундор да отуп кетет , кыскасы мага поддоержка берип турчу. Апам бир аз тумоолоп, давлениеси которулуп, больницага жатып калды. Акча жок. Эжемдерге айтсак эптеп карызга сурап болсо да салабыз дешти. Бирок аларда и так эле ал жакта карызга батып кетишкен эле. Жездем чалып ал акыбал сурап калды. Суйлошуп атып, ыйлап жибердим. Эмне болду дедиле апам ооруп больницада экенин айттым. Коп узабай эле жетип келди. Бут даары, уколдорун тамак ашын алып берди. Ушундай кундордо тууганыбызда жардам бербей качып калганда, бизге почти бейтааныш адамдын кылган камкорлугу мени жибитип турду. Жездем менен кошо Руслан да келиптир. Неге мага айтпадын, мен деле колдон келген жардамды бермекмин, сураныч мени оз жакынындай корчу, сени жана уй булоонду оз камкордугума алам дегенде буркурап дагы ыйлап жибердим. Анын коздору бардык нерсени айтып турчу. Мени суйушун, мага боору ооруп атканын... Ооба мен ушунчалык байкуш элем. Алсыз канаты сынган кополок сыяктанчуумун.
#4 02 May 2016 - 17:14
Кандай окунучттуу кайрат кылыныз "АЛЛАХЫМ"
сабыр берсин,булардын баарын журогунузду оорутуп жазыш кыйын болсо керек озунунузду колго алып улантаарсыз деген ойдомун.
#6 03 May 2016 - 08:02
Апам жездемди чакырып, эми башка келбе, сен суйгон Динара бул ааламда жок. Сени коргон сайын кызымды эстеп сыгылып атам, алтын башын аман болсо , жакшы кызга жолугуп, бактылуу болушуна тилектешмин балам, ушунча кылган жакшылыктарына Алла ыраазы болсун- дептир. Жездем да башын ийкеп, ун созу жок чыгып кетиптир. Кээде жездем менен сырдашып суйлошуп калчуумун. Айтымына караганда эжем менен 4 жыл суйлошкон экен. Ошого ага да эжемдин жоктугу кыйынга турду окшойт.
#7 03 May 2016 - 08:06
Онойчулук менен бизден алыстаган жок. Ошол куну апам мени Руслан менен суйлошуп турганымды коргон экен. Жездемдерди узатып Больницага кирсем, апам мени урушту. Атасы жок, кызы кочого чыгып алыптыр же атасы олгону менен иши жок балдар менен суйлошуп журот деп соз кылат. Ойлонбойсунбу?
Атан тируу болгондо озу силерди тарбияламак.
Мен эми жалгызмын. Кай бирине нетейин деп урушуп атып ыйлап жиберди. Апамы бекем кучактап кечирип коюн апаке, сизди уят кылбайм деп соз берем деп менда ыйлап жибердим. Корсо апам ошол кундон тарта, белин бекем бууп, кайраттуу аял болом деген чечимге келген экен. Эки уч кундон кийин больницадан чыкты. Мурункудай ыйламсырап,
коп ойлончуу болбой, бир конулу ачык журо баштады. Мен Руслан менен мамилени узойун дегем, бирок ал буга уруксат бербеди. Ого бетер мени короп, оз камкордугуна ала берди. Олбогон жанга жаз келет дегендей , арадан ай айланып жыл отту. Апам айылдын башындагы заправкага ишке кирди, карыздардан кутулалы деп. Эжемдер каршы болду иштебен деп. Бирок апам конбоду. 2 кун иш 1 кун дем алыш эле. Бирок сутка болчу. Кундузу мен иштеп, кечинде апам иштечу. Озум эле иштейм сиз уйдо болун десем, кыз баласын тунку сменде иштегенин болбойт деп койду. Ошентип, озубуздун тамагыбызга озубуз таап жеп жаттык. Эжемдер карыздардан кутула башташты. Мен аябай тунт болуп, эч бир кызга кошулбай уй иш болуп журуп " жапайы" адам сынары болуп калыпмын.
#8 03 May 2016 - 08:19
Жада калса классташ кыздарымдын да тойлоруна барбай койдум. 8-март эле. Руслан жолугууга чакырды. Барбайм десем анда уйуно барам деди. Келбе десем да ынабай койду. Же апамдан сурай адбайм. Сураганга бет чыдабайт. Телефондо суйлошуп атканымды коруп калган экен. Уйго кирсем ким чалды деди. Жалган айталбайт элем , анткени атам олуп баратсанар да жалган суйлобогуло дечу. Руслан чалды дедим. Не дейт дедиле жолугалы дейт дедим. Барып кел деди. Уккан кулагыма ищенбей апамы тан калып карадым. Жоок апа, мен барбайм дедим десем. Бар барагой, эртерээк кел деди. Суйунуп кеттим. Бул менин биринчи жолу кочого чыгышым эле. Кийинип кетейин деп атсам апам ыйлап жатыптыр. Эмне болду апоов дедим. Сенин да жолуна тоскоол болуп койдум окшойт. Конулуно жакса суйлошо бер. Ойлоп корсом эч жака эч кимге кошулуп барбапсын. Мен да жаш болгом. Атан менен суйушуп жургом. Алланын буйругу экен, атандын олумун пеш кылбайын сага деди. Ыйлап отуруп аран чыктым уйдон.
#9 03 May 2016 - 09:10
Ошон учун пенде экенбиз да, бирде ойдо бирде томон, сабыр кылыныз, бир туугандан айрылгандан каттуу кайгы жок, тушунуп турам сизди. Мумкун болсо уланта бериниз, эстеп жазышыныз да кыйын болуп жатса керек.
#10 03 May 2016 - 12:56
сабыр кыл автор,, Баары жакшы болот,, эми апанды жакшы кара,,,колунардан келсе апанарды иштетпегиле,
,,айдын 15куну жарык 15 куну карангы дегендей Сенин жарык кундорун алдыда!!
!
В темные времена хорошо видно светлых людей..
#11 03 May 2016 - 21:57
Жараткан аллахым сиздерге сабыр канаат берсин. Атаныздын жаткан жери жайлуу болсун.
Альхамдулиллах мен бактылуумун.
#13 04 May 2016 - 15:48
Негедир беерилуу менен окуп козумо жаш келди журогум сыздап кетти.))
Улантыныз автор
Улантыныз автор
#14 04 May 2016 - 16:16
буулугуп турган жаным ыйлап жибердим..кудайым жаныбызды бышык кылып жаратыптырда ушундай кайгыларды которсун деп эмне дейм сабыр жана сабыр((((((
Сагынуу. ......
#17 04 May 2016 - 20:58
Отуп кеткендердин жаткан жери жайлуу болуп ,карангы гору жарык болсун.Билип -билбей кетирген куноолорун Аллах озу кечирсин!
Автор энениздин денсоолугу темирдей бекем болуп силердин бактынарга аман болсун!
Т.б уланта бериниз ,окуп жатабыз.
Автор энениздин денсоолугу темирдей бекем болуп силердин бактынарга аман болсун!
Т.б уланта бериниз ,окуп жатабыз.
#19 06 May 2016 - 10:12
Русланга жолуктум. Алгач жоо басып айландык. Мен уйдон ыйлап чыкканга маанайым жогураак журдум. Аны даро сезе койду. Колумдан кармап, бул жашоодо жалгыз эмес экенимди, мени кадырлап суйо турган адам бар экенин, жакшы кундор алдыда экенин айтып мени аз да болсо жибитти. Анан кафеге барып тамактандык.
Андан чыгып бутикке кирдик. Мага узуун койнок алып берди. Канчалык каршы болсом да , алып колума карматып койду. Апама жоолук иниме фудболка алып берди. Мен озумду бечара сезип, Русланга жиним келип кетти. Озубуз деле алып алабыз кийимди, эмнеге ушундай кыла бересин? Же акчасы жок жпрым жетим деп боорун ооруп атабы?-дедим.
Билбейм негедир ушу создор оозумдан чыкты. Ал мени колумдан тартып кучактап, башка соз айтсан да ушу созду айтпачы. Мен сени жакшы ошого камкор болгум келет деди.
#20 06 May 2016 - 10:13
Ооба мен да Русланда жакшы корчуумун. Бирок мен аны билдиргим келчу эмес. Анын ата энеси орундуу жумуштун кожоюндары болчу. Озумду ага тен сезбейт элем. Ошентип айланып уйго кайттым. Мен келеерим менен апам кечки сменге кетти. Иним экообуз калдык. Тыптынч. Мурда бул убакта атам телевизор коруп, апам биздин сабагыбызды карап, озунчоле ызы чуу болчуубуз. Откон кундун баркын эми билип жатам.... Бир куну сабактан келсем апам ойлуу отуруптур. Корсо Эжеми россияда алып качып кетишиптир.
Озу суйлошкон жигити экенле. Апам звонок кылып, кала бер кызым эгер суйлошуп жургон болсон, конулуно жакса, мени ойлобо. Козум барда оз ордунарды таап алганынар жакшы. Кудай билет дагы канча омурум калды, бактылуу бол кызым - деди. Ал жакта башка тууган эжемдер да бар эле. Ошолор артынан барып, эжеми турмуш жолуна узатып коюшту. Кийинчерээк тойду откоробуз дешти. Ошентип эжем да озунчо бир уй булоолуу болуп калды. Андан кийинки эжем жалгыз иштеп калды. Апам кудаа кутобуз, уй жайды ондойлу , эженди эл катары тоюн откоруп узаталы деп калды. Анда мен да кетейин, эжеме шерик болуп иштейин десем, ойлонуп королу деди. Бирок апамды таштап кетким келбеди. Айла жок ушугга жашоо туртуп атты. Бары мн кенешип мен да Москваны коздой жонодум. Руслан кетпе, ишке киргизем дегенине карабай , жакшы коруп сагынышымды билсемда, арманымды ич ичиме жутуп, кете бердим.

Супер-Инфо
super.kg
видео















