"Жайлоонун көркү керемет"- дегендей эле кооздугун сөз менен айтып бүткүс баян.
Кыргыз эли илгертеден жайындасы жайлоого чыгып,чатыр, кепе,кыргыз үйлөрдү тигип,эгин айдап,мал кармап келебиз .
Бизда убагында 2000-2006-жылдары, дайыма окуу жылы аяктаган убакта беш-алты мал менен чыкчуубуз.Айтор ойноп-күлүп жайлоонун түйшүгүн деле унутуп калабыз.Кыйратарлуу жумуш жок.Таңга маал 5-6да туруп уй сайбыз.Уктап калган болсок уй сааганы болбой калат чымындап))
Ыссык жууркандан туруш эле кыйын,таңкы уйку аябай ширин айрыкча жайлоонун суугунда,туруп алгандан кийин болду.Чатырдан чыксаң өзгөчө кооз.Сайдагы суунун ташкындап аккан үнү,түрдүү чымчыктардын сайраганы,салкын. А айлана болсо эки тоонун ортосу ,жалгыз биздин чатыр,ылдыйкы жакта долонун арасында аяш атамын кепеси)).Ыссык суу кайдан, чөөгүндөгү таштай муздак сууга бетини бир жуусан уйку умачтай ачылат.Анан жөнөйбүз челек,битонду кармап.Уй саап бүткөндө эки үйдөн эки жаш балдар тобу
Саат 11ге чейин сүттөрдү тартып,уютуп, даяр болгон каптагы сүзмөлөрдү бир эки чара, чарага салып эки сааттай курут кылып тоголоктойбуз, бардык ишти бүтүрүп коюбуз күн ысыганга чейин.Отунга барабызда баарыбыз бир кучак отун көтөрүп келебиз)))
Андан кийин оюн башталат.Тоо тараптан эшекти таап келип сууга жөнөйбүз булака,дагы ал менен отун алып келебизда ошол менен эшектин бир күндүк кызматы бүтөт,кетет каалаган жагына.Сайга түшөбүз кудайдын куттуу күнү .Токойго чыгып селкинчек куруп ойнойбуз.Биз жайгашкан жер тескей болгондуктан, карагай алмалар абдан көп болчу.Күңгөй тараптан келген адамдарга аппак киичинекей болуп чатырыбыз көрүнүп турат.Чатырдын эки жагын ачып коюп күңгөй тарапты караап жатмай.Тетрадь ручканы алып"адам, шаар,жаныбар" ойноп))Күңгөй тарап сыналгы сыяктуу (телевизор)Паланчанын үйүнө бирөө келди,же болбосо биздикине бирөө келатат деп күн ыссыкта жатабыз.
Апам менен биргебиз а атам болсо чыкчуу эмес жайында үйдө жалгыз калат иштери менен короо жайды карап.Бир эки айда бир кабар алган барабыз,атамда келип бизден кабар алып турчу.Алыстан атамын зил 53 машинасын көргөндө эле сай тарапка тушкүчөктү көзүбүз менен күзөтүп карааны көрүнбөй калгычакты карайбыз,сүйүнгөндөн.
Айтор айта берсем кызыктуу көз ирмемдер абдан көп .
Дээрлик балалык кезимдин бактылуу күндөрүнүн көп убагы кереметтүү жайлоодо өттү .Кызыктуу күндөрдөн жазып өтөм,убактым болгондо.
Форумда жайлоого чыккандар же болбосо жайлоонун жашоосун жакшы көргөндөр барбы?
Кызыктуу көз ирмемдерди биз менен бөлүшүп кетсениздер, жайлоого азыр жетпесекда кыялдар менен бир барып келели))

Супер-Инфо
super.kg
видео



















